Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#41 Пользователь офлайн   Debi   25 Сентябрь 2011 - 21:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (25 Сентябрь 2011 - 10:51) жазган:

Жооп берсеңиз эле болгону, качан жооп берүүңүздүн айырмасы жок. Жооп бергениңизде мына бул суроого да кошо жооп берип өтсөңүз жакшы болоор эле.


Сиздер Иса бул Кудай (же Кудайдын уулу) дейсиздер. Бул айтылган сөзгө кандай далилиңиздер бар?

Мен Библиядан Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес, инсан жана пайгамбар экендиги айтылган бир нече саптарды таптым. Алар төмөнкүлөр:

5 Ибо един Бог, един и посредник между Богом и человеками, человек Христос Иисус, (Первое послание к Тимофею 2:5).

3 Сия же есть жизнь вечная, да знают Тебя, единого истинного Бога, и посланного Тобою Иисуса Христа. (От Ионна 17:3)


19....Они сказали Ему: что было с Иисусом Назарянином, Который был пророк, сильный в деле и слове пред Богом и всем народом; (Лука 24:19)

11 Народ же говорил: Сей есть Иисус, Пророк из Назарета Галилейского. (Матвей 21:11)

Биринчи эки сапта Кудайдын үчөө эмес бирөө экендиги жана ошондой эле биринчи сапта Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес инсан (адам) экендиги айтылып жатат. Ал эми 2-3-4- саптарда Исанын (алейхис-салаам) пайгамбар экендиги айтылып жатат.

Эми сизге суроо Исанын (алейхис-салаам) Кудай экендиги жана Кудайдын үчөө экендиги Библиянын кайсы жеринде жазылган? Эгер ушундай жазуу бар болгон болсо бул мен жогоруда айтып өткөн саптарга каршы келбейби? Кудайдын сөзү бири-бирине каршы келбеши керек эле го.




Машайакчылык эч качан Кудайды учоо деген эмес, дебейт дагы, Библиянын эч жеринде Кудай учоо деп жазылган эмес. Сиз келтирген аяттарга каршы келген аяттар да жок.
Анткени, мындай деп жазылган:
Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.

Бул аятта УЛУУ СЫР тууралуу айтылып жатат. Ал СЫР Адам болуп адамдардын арасында жашаган, Пайгамбар болуп элге Кудайдын эркин уйроткон, бул адамдын акылына сыйбас улуу чындыкты Руху менен Аны таза журок менен издегендерге ачып берген Кудай Озу экендиги болчу.

Анын Кудай экендигин айтып турган аяттардан:

"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).

Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле(Жкн. 14).

Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.Кол.1:17.

Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
...Сөз адам болуп, биз менен жашап турду... (Жкн,1).


Сүйүнчү! Таптым бакытты жаным эңсеген,
Кайсалап издеп, канчалар таппай дегдеген.
Көксөөсү суубай көңүлдөр калып акыры,
Нечендер аны өксүгөн тейде жок деген.

Бар экен бакыт өксүгүм бүтүн бүтөлдү.
Бактымды эми бүтүндөй айтып бүтөмбү?
Баратам кайда, келатам кайдан дечү элем,
Дарегим таптым, түбөлүк жолум түзөлдү.

Күнөөкөр болуп күкүрт көл – тозок отуна
Кыйылган жанды кыйа албай Өзү келиптир!
Ааламдын ээси айланып адамзатына,
Кунума менин Өзүнүн жанын бериптир!

Жараткан Өзү башпаанам эми билемин,
Жарасы бүтүп, жай алып жаным жыргады.
Боштугу толуп боштондук алган жүрөгүм,
Чыныгы, таза сүйүүнүн ырын ырдады!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   achi   25 Сентябрь 2011 - 21:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 07 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Дек 2013 21:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения zoxanzavr (25 Сентябрь 2011 - 21:03) жазган:

Айтынызчы, Мекке шаарындагы жайгашкан кара ташка эмне учун карап намаз окулат? Ал таш эмне болгон таш?

Ал таш эмес Ибрахим алейк салам менен уулу Ысмайыл курган мечит жер жузундо экинчи жолу курулган мечит. Биринчисин Нух алейксалам курган аны АЛЛАХ асманга которуп кеткен деп укам,жер жузун суу каптаган дейт андан сон. Меккедеги ал жон гана кара таштан курулган мечит ал эч нерсе мес анын колудан эчнерсе келбейт.Калганын Талас байке айтып берер!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 11:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Деби силер канча пайгамбарды эрчийсинер бир Иса бир туруп муса же силердин кудайынар эки жуздуубу? Ананда силер эмне учун акыркы пайгамбар болгон Мухаммад (С.А.В) Эрчибейсинер? Анан сураныч деби кайдагы бир маанисиз озунуздун кыялынызды жазбасаныз Аллах Таала сизге ыйман берип Исламга киргизсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Debi   26 Сентябрь 2011 - 11:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Падышалар таржымалынын уландысы.

Мына ушундай кереметтүү, кудуреттүү падышасы болуп туруп, башка элдердин падышасына көз арткан ысрайыл элинин жаңылыштыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Эсиңизден чыга элекпи, алар Кудайдын пайгамбары болгон Шемуелге, бизге башка элдердикиндей падыша шайлап бер дешкен эле. Эми ошол Ысрайыл элинин алгачкы падышасынын шайланышы, анын иш-аракеттери аркылуу Кудай бизге эмнелерди айтар экен?
Болочок падыша Израилдин Бенжемин уруусунан чыккан, Киш аттуу атактуу адамдын, жаш, келишимдүү уулу Шабул эле. Ыйык Жазуудан окуйлу: Бенжемин уруусунда Киш деген атактуу киши бар эле... Анын Шабул деген жаш, келишимдүү уулу бар эле. Ысрайылдыктарда андан келишимдүү эч ким жок болчу. Ал узун бойлуу эле, элдин баары анын ийнинен келчү. Шабулдун атасы Киштин ургаачы эшектери жоголуп кетип, Киш өз уулу Шабулга мындай деди: «Тур, кулдардын бирөөнү алып, эшектерди издеп кел». Алар Эпрайым тоосу менен Шалиша жеринен өтүштү, бирок табышкан жок. Шаалим жеринен өтүштү, ал жактан да таппай коюшту. Бенжемин жеринен да өтүштү, бирок таба алышкан жок. Алар Зуп жерине келгенде, Шабул жанындагы кулуна: «Артка кайталы, атам эшектери үчүн эмес, биз үчүн кабатыр болуп жүрбөсүн», – деди. Бирок кулу ага: «Ушул шаарда Кудайдын кишиси бар, ал – кадырлуу адам. Ал эмнени айтса, ошонун баары ордунан чыгат. Азыр ошол жерге баралы. Балким, ал бизге кайсы жол менен барууну көрсөтүп берер», – деди. Шабул кулуна: «Барса баралы, бирок ал кишиге биз эмне алып барабыз? Анткени баштыгыбыздагы наныбыз түгөндү, Кудайдын кишисине алып барчу белегибиз да жок. Эмнебиз бар?» – деди.
Окурман, ушул жерден бир нерсеге көңүлүңүздү бургум келет. Шабулдун жүрөгүндө Кудайдын кишисине куру кол барбай, белек ала баруу ниети болгону Кудайга карата урматы болгондугунан кабар бергенсийт. Нарк насилдүү адам гана ушундай жакшы иш кылмак. Мындай мүнөз адамда туруктуубу же жокпу, адамдагы жакшы сапаттар туруктуу болушу үчүн эмне керек билүү үчүн, муну белгилеп жадыбызда сактап туралы.
Кулу Шабулга мындай деп жооп берди: «Менин колумда чейрек күмүш шекел бар. Мен аны Кудайдын кишисине берем, ал бизге жол көрсөтүп берет»… Шабул кулуна: «Туура айтасың, жүр баралы!» – деди. Анан Кудайдын кишиси бар шаарга жөнөштү. Алар шаарга бет алып, жогору көздөй жөнөшкөндө, суу алганы чыккан кыздарга жолугуп, алардан: «Бул жерде көрөгөч барбы?» – деп сурашты. Кыздар аларга мындай деп жооп беришти: «Бар, ал алдыңан чыгат, бирок шашыл, анткени шаарга ал бүгүн келди, себеби эл бүгүн бийик жерге чогулуп, курмандык чалмак. Аны шаарга киргениңерде, ал тамак жеш үчүн бийик жерге жөнөй элегинде табышыңар мүмкүн, анткени ал келмейинче, эл тамакка отурбайт, себеби ал курмандыкка бата сурайт, андан кийин чакырылгандар тамак жей башташат. Жөнөгүлө, ага азыр жолугасыңар». Алар шаарга жөнөштү. Шаардын ортосуна киришкенде, бийик жерге бет алган Шемуел алардын алдынан чыкты. Шабул келерден бир күн мурун Теңир Шемуелге мындай деп билдирген: «Бенжемин жеринен эртең ушул убакта Мен сага киши жиберем. Сен аны Менин элим Ысрайылга башкаруучу кылып майла, ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат, анткени Мен элимди көрдүм, анын боздогон үнү Мага жетти». Шемуел Шабулду көргөндө, Теңир ага мындай деди: «Мен айткан киши ушул. Бул Менин элимди башкарат». Шабул дарбазанын жанына, Шемуелге келип, андан: «Көрөгөчтүн үйү кайда, мага айтып коёсуңбу?» – деп сурады. Шемуел Шабулга: «Көрөгөч менмин, менин алдымда бас, бийик жерге жүр. Бүгүн силер мени менен тамактанасыңар, сени эртең менен коё берем, жүрөгүңдөгүнүн баарын сага айтып берем. Ал эми үч күн мурда жоголгон ургаачы эшектериңен кам санаба, алар табылды. Ысрайылдагы баалуу нерсе кимге таандык? Сага жана атаңдын тукумуна таандык эмеспи?» Шабул ага: «Мен Ысрайылдын эң кичине уруусу Бенжеминдин уулу эмесминби? Менин үй-бүлөм Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинекейи эмеспи? Сен муну мага эмнеге айтып жатасың?» – деди. Шемуел Шабулду жана анын кулун бөлмөгө киргизди да, отузга жакын чакырылган кишинин арасынан аларды биринчи орунга отургузду. Анан Шемуел ашпозчуга: «“Өзүнчө алып кой”, – деп, мен сага берген устуканды алып кел», – деди. Ашпозчу сан этти жанындагысы менен алып, Шабулдун алдына койду. Шемуел мындай деди: «Бул сага калтырылган, алдыңа коюп, же. Анткени мен элди чакырганда эле, бул ушул убакытка чейин сен үчүн сакталып турган». Шабул ошол күнү Шемуел менен бирге тамактанды. Алар бийик жерден шаарга түшүштү. Шемуел Шабул менен үйдүн чатырында сүйлөштү. Эртеси күнү эртең менен эрте Шемуел Шабулга: «Тур, мен сени узатайын», – деп, үйдүн чатырына чакырды. Шабул туруп, Шемуел менен үйдөн чыкты. Алар шаардын четине жеткенде, Шемуел Шабулга: «Кулуңду алдыга баса бер де», – деди. Ал алдыга кетти. «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын эмне деп айтканын айтып берейин», – деди.


Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 26 Сентябрь 2011 - 11:46

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 15:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Ал жер ыйык жер ошон учун,zohanzavr сиздин сууронузга келсек мен мурунку пайгамбарлар ишенбейм деген жокмун аларга ишенем бирок аларды эрчибейм эмнеге себеби алар Аллах тарабынан жиберилген акыркы пайгамбар эмес ошон учун, сиз менин суроомо так жооп берсениз жакшы болот же жооп таппай калдынызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 15:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Урматтуу Деби сиз темага тиешеси жок создорду жазбасаныз жана берилген суроого так жооп берсениз сиздин жазып Падышалар дейби ошонуз бизге кереги жок керек болбойт дагы теманын аталышы Библияга суроом бар деп турат чындап библияны окусаныз аны Курани Керимденда таза деп ойлосонуз анда неге жооп бербей жатасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   shaitanmoskvalik   26 Сентябрь 2011 - 16:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 21 Январь 11
  • Соңку аракети: 19 Окт 2013 23:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ОШ

Кыргыздар абайлагыла билбестен КУДАЙДЫН каарына калып журбогуло
Для женщины красота важнее ума, потому что мужчине легче смотреть, чем думать.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 17:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Себеби алар Аллах тарабынан эн акыркы пайгамбар болуп Мухаммад (С.А.В) гана жана аны ээрчуу айткандарына ишенуу 2 дуйнонун бактысына жеткирет андан башка жолду туура деп тапсан анда чоон жанылыштыка жол берген болобуз, сизге суурону кайталап отсом сиз эмнеге акыркы пайгамбар болгон Мухаммад (С.А.В)ды эрчибейсиз эмнеге журоко бул дуйного тынчтык алып келген 2 дуйнонун бакытын берген Ислам динин карманбайсыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 17:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Себеби алар Аллах тарабынан эн акыркы пайгамбар болуп жиберилген эмес акыркы пайгамбар Мухаммад (С.А.В) гана жана аны ээрчуу айткандарына ишенуу 2 дуйнонун бактысына жеткирет андан башка жолду туура деп тапсан анда чоон жанылыштыка жол берген болосун, сизге суурону кайталап отсом сиз эмнеге акыркы пайгамбар болгон Мухаммад (С.А.В)ды эрчибейсиз эмнеге журоко бул дуйного тынчтык алып келген 2 дуйнонун бакытын берген Ислам динин карманбайсыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   oppanki   26 Сентябрь 2011 - 19:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 17 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 16 Дек 2016 02:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:waar4a

Бисмиллях! Жетишту бизге Аллах,туура жолго буйруган жана жалгандан чындыкты анык баяндап берген!Алхамдулиллях! Темага келсек.Аллах субаханаху уа та'ала Куранда айтты:"Иудейлер да,христиандар да,сен алардын динине ээрчимейинче ыраазы болушпайт.(Аларга): "Аллахтын жолу - акыйкат жол!" -деп айт.Эгер сага маалымат(вахий) келген сон алардын конулдорун ээрчисен,анда сага Аллахтан тарапкер да,жардамчы да болбойт." Кантип Аллахтын созун жалганга чыгара аласынар? Аллах субаханаху уа та'ала Куранда силердин жанылганынарды баяндап мындай дейт:"Китепти окуп алып деле иудейлер:" Христиандар туз жолдо эмес" - дешет,ал эми христиандар: "Иудейлер туз жолдо эмес", дешет.Алардын ушул создорун эч нерсени билбегендер да кайталашат. Алардын ортосунда талашып жаткан нерселери тууралуу Аллах Кыйамат кунундо Оз окумун чыгарат." Иса алейхи салам оз элине кайрылганын Аллах Куранда айтты:"Марйам уулу Иса.:"Эй,Исраил уулдары! Мен силерге мага чейин жонотулгон, Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу элчи тууралуу суйунучтуу кабарды угузууга жиберилген Аллахтын элчисимин" Кантип бул создорду жалганга чыгарып жатасынар?Андан дагы азыр карманып жаткан дининер Кудайга жана Иса алейхи саламга тийиштирип жатканынар ото окунучтуу жана ачууга тийбей койбойт.Аллах Куранда айтты: "Мен адамдар менен жиндарды озумо ибаадат кылыш учун гана жараттым" дагы Аллах Куранда "Чындыгында, ар бир коомго: "Аллахка гана сыйынгыла,Андан башка сыйынып жаткан нерселерден алыс болгула", - деп айтуу учун пайгамбар жибердик." (Нахл 36 аят) Аллах эч качан Исага сыйынгыла жана Иса алейхи салам Аллахка мага жана менин энеме сыйынып дуалар менен кайрылгыла деген эмес.Аллах Куранда :"Аллах озуно уул алды"- дешти.Ага-аруулук. "(Бакара 116 аят) дагы Куранда Аллах:"Чындыгында, Мен-Аллахмын. Менден башка кудай жок!Ошондуктан Мага сыйын.Ошентип Мени эстоо учун намазды толук аткар"Ошондуктан Аллахка шерик кошпой сыйынуу керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Debi   26 Сентябрь 2011 - 20:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Эскертуу: кызыкпагандар окубагыла :).

Байкадыңызбы окурман, алдын ала билдирген белгилер менен, Кудай Шемуел пайгамбарга Шабулду жолуктурду. Шабулга да Шемуел аркылуу белгилүү бир шарттардын аткарылышы менен белги берип, аны Кудай Өз элине падыша шайларын айтат. Кудайдын буйругун аткарып жаткан Шемуел пайгамбардын сөзүнө көңүл буруңуз, өзгөчө жыйынтыгында маанилүү учур камтылган. Шемуел зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куйду (ысрайыл элинде адам Кудай тарабынан бир орунга шайланганда, пайгамбар анын башына зайтун майын майлоо менен дайындачу), анан аны өөп, мындай деди: «Теңир сени Өз мурасын башкарууга майлап жатат. Азыр сен менин жанымдан кеткенден кийин, Бенжемин жериндеги Селсахтан, Рахелдин бейитинин жанынан эки кишиге жолугасың, алар сага мындай дешет: “Сен издеп жүргөн ургаачы эшектер табылды, атаң эшектерин ойлобой эле: ‘Уулум эмне болду?’ – деп, силер үчүн тынчсызданып жатат”. Андан өткөндөн кийин, Табор эмен багына келесиң, ал жерден сага Бейтелге, Кудайга бара жаткан үч киши кезигет. Бири үч улак, экинчиси үч нан, үчүнчүсү бир чанач шарап көтөрүп алган. Алар сени менен саламдашып, сага эки нан беришет, аны сен алардын колунан аласың. Андан кийин пелиштилик күзөт тобу турган Кудайдын дөбөсүнө келесиң. Ал жерден шаарга киргенде, бийик жерден түшүп келе жаткан бир топ пайгамбарга жолугасың, алар пайгамбарчылык кылып бара жатышат, алардын алдында забур ырдап, дап кагып, чоор тартып, гусли чертип бара жатышат. Ошондо сенин үстүңө Теңирдин Руху түшүп, алар менен кошо пайгамбарчылык кылып, башка адам болуп каласың. Ушул жышаандар ордунан чыкканда, колуңдан эмне келсе, ошону кыл, анткени Кудай сени менен. Анан сен менден мурда Гилгалга бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалуу үчүн, мен да ал жерге, сага барам. Мен сага баргыча, мени жети күн күт, ошондо мен сага эмне кылышың керек экендигин айтам». Шабул бурулуп, Шемуелдин жанынан кетейин дегенде, Кудай ага башка жүрөк берди, ошол күнү ошол жышаандардын бардыгы орундалды (1Øåì.10:1-9).
Ошол күнү ушул айтылган белгилердин бардыгы аткарылгандыгы, Шабулдун үстүнө Кудайдын Ыйык Рухунун түшкөнү Ыйык Жазууда баяндалат. Шабул, аны башка эмес, Кудай Өзү падышалыкка шайлаганын толук түшүнүп, бекем ишенишине бул айкын далил. Кудайга болгон бекем ишеним, бүтүндөй бир элдин башында турган адамга абдан керек экенин билген Теңир, аны атайын ушундай жолдордон өткөрсө керек. Ал Теңирдин буйругу менен жүрсө, ал баштап жүргөн элге да таасири болуп, алардын да Кудайдын жолунда жүрүшүнө өбөлгө болот эле да. Бул азыркы учур үчүн да өтө маанилүү нерсе. Азыркы учур гана эмес, падыша шайланган күндөн баштап, маанилүүлүгүн жоготпой турган иш деп ойлойм. Бул тууралуу сөзүмдүн аягында да кеңири токтолсом дейм. Азыр сөздү өз нугунда улай берели. Көңүлүңүздү өзгөчө Кудайдын Шабулга Ыйык Рухун түшүргөндүгүнө бургум келет. Кудай Теңир Анын бийлигин четке каккан элден коргоочу, сактоочу, кам көрүүчү колдорун тартып алган жок. Шемуел аркылуу алардын каалаганындай падыша койду да, анын акыл ойун Ыйык Руху менен Өзү башкарууну чечти. Өз элин аяды. Адамдын алсыз бийлигине калтыргысы келбеди.
Шемуел Шабулду падышалыкка дайындаганда, элдин арасынан “бизди сактачу ушул бекен” дегендер да болуптур. Шабул болсо байкамаксан болуп койгон экен. Буга ага Кудайдын Руху түшкөндүгү, Кудайдын буйругу менен коюлгандыгын билгендиги жардам берген десек болот. Ысрайыл элин душмандардан коргоого Кудайдын Ыйык Руху Шабулду кандай шыктандырганын Жазуудан окуйлу: Шабул падышалыкка дайындалгандан кийин эле болуп жаткан окуя. Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады (Жабеш ысрайылдын бир шаары). Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти. Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди.

Бир ойду тиркей кетели. Нахаштын саясаты – кадимки кулк-мүнөз. Адамдагы десек да болот, коомдогу десек да болот. Күч кубатка ээ боло баштаган мамлекеттин жер планетасындагы ээлигин кеңейтүүгө болгон далалаты. Адамдагы болгон сайын болсо деген ач көз напси. Билими, акылы, күч-кубаты жагынан алдыга озуп барган адамдын ээлиги өзүнөн алсыздардыкына караганда көбүрөөк болору табигый, мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Бирок ошол озгон адам Кудайын унутуп калып, бийлик, мансап кумарына алдырып, өзүнөн алсыздарга муштум көрсөткөн куу союл болбостон, тирек боло турган арка жөлөк болушу абзел эле. Кудайын унутуп калып... кептин баары ушунда жатат. Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөр майда өлкөлөргө жардам көрсөтүп келет. Кимиси кандай кызыкчылыкты көздөп жатканы Кудайга белгилүү. Кудайын унутпаган адамды бул суроо анча тынчсыздандырбашы керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 27 Сентябрь 2011 - 11:24

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Жалпы баарыңарга салам!
Мен жокто бул тема “гүлдөп” кеткен го?

Жакшы эле тема бир багытта кетсин, тагыраак айтканда суроо-жооп эле болсун деп тема ачаарда “ушундай башаламандык болуп кетпесе экен” деп мындай деп жазган элем:


Просмотр сообщенияТаллас (16 Сентябрь 2011 - 19:20) жазган:

Бул тема аябай кызыктуу болот деген ишеничтемин. Анткени, арабызда "Библияны" эңкем дегенде он жолу окуган адамдар бар! Ошол адамдарга менин суроолорум, албетте, бар. Башка форумчулардын да суроосу бар болушу керек. Мисалы бирин-экин форумчулардын кызыгуусун байкадым. Кызыкпагандачы? ! Библия негизи эле кызык китеп да. "Эң көп басып чыгарылган жана эңкөп тилге которулган" деп да жүрүшөт.

Кыскасы, бул жерде суроо-жооп, талкуу бир гана Библия китеби тууралуу болсо жакшы болоор эле. Темадан тышкары сөздөрдү дал келген тема ачып ошондо талкууланса. .

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 20:41

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан ойлодум эле: “Акыл-эси ордунда, жетишээрлик билими бар, адамдар менен сүйлөшүүнү билген адам менин койгон, койгондо да кабыргасынан койгон суроолорума далилдери менен жооп берер”, деп. Бирок, менин үмүтүм, мен кооптонгондой эле таш кааптыр. Бир чети мындай болоорун да күткөндөй болгом, себеби, мен Деби айым сыяктуу адамдар менен сүйлөшүп келгем, алар менен мурда-кийин “сүйлөшүүлөр”, дискуссия болуп келген. Ошондон улам, машайакчылар сөздү дайыма башка жакка бурууга маш экенине күбө болгом. А Деби айымдын бул форумдагы жазгандарын окуп, Тему белгилеп кеткендей “үтүр, чекити ордунда жана граммотно” жооп берип жатканынан мен байкуш башка нерсени үмүт этиптирмин да.. Аттиң десе.

Кара эми, мен жакшы эле суроо-жооп максатында ачкан тема “Пайгамбарлар тарыхы болуп” деформация болуп кетиптир. Кыргыздын ушундай абалга айтылган макалын аргасыздан эстейт экенсиң: “ “Төө” десең, “бээ” дейт” деген.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 20:41

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Балким, бул менин темама Деби айымдын ачкан темасынын бириктирүүсүнө info `нун жаңылыштыгы себепкердир. Эгер, ошондой болсо, info `дон суранып кетээр элем. Инсан – жаңылыш кылуучу. “Жаңылбас жаак болбойт” дегендей. Ошондуктан, Деби айымдын ачкан темасын кайра бөлүп койсоңуз, болбосо, мен жана башка форумчулар суроо бере турган жана Кудай жалгап, балким (жана дагы бир жолу “балким”) Деби айым жана башкалар жооп берише турган тема такыр эле “булганып” бул жакка жазылган нерселер темадан ат чабым алыска алыстап кетиптир.

СУРАНЫЧ: Деби айымдын “Библия мындай дейт” деген темасына башка ат коюп анын жазгандарын ошол жактан улантса. (мисалы, “Библиядагы пайгамбарлар тарыхы” же "Библияда айтылган пайгамбарчылыктар " деген же болбосо башка, иши кылса дал келээр ат таап, балким, Деби айым кырдаалдын мындай өнүгүп кеткенине өзү да капа болуп, дал келген ат таап коёттур, мен жок дегенде ушундан үмүт этейин, жана ал жок дегенде ушул жерден бир жакшы иш кылсын!).

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 20:45

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 20:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Таллас байке бул жерде биздин сурообузга жооп бере албай коюшту жана жооп берүүнүн ордуна кайдагы бир жаш балдардын жомогун айтып жатышат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Zverchik (26 Сентябрь 2011 - 15:51) жазган:

Урматтуу Деби сиз темага тиешеси жок создорду жазбасаныз жана берилген суроого так жооп берсениз сиздин жазып Падышалар дейби ошонуз бизге кереги жок керек болбойт дагы теманын аталышы Библияга суроом бар деп турат чындап библияны окусаныз аны Курани Керимденда таза деп ойлосонуз анда неге жооп бербей жатасыз

Ушуну мен да сурап жана талап кыламын!

Просмотр сообщенияZverchik (26 Сентябрь 2011 - 20:45) жазган:

Таллас байке бул жерде биздин сурообузга жооп бере албай коюшту жана жооп берүүнүн ордуна кайдагы бир жаш балдардын жомогун айтып жатышат

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 20:47

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Debi (19 Сентябрь 2011 - 09:49) жазган:

Таллас никтер менен кирем деп журчу эле, неси болсо да.

Бул жерге Баксид жооп бериптир )).

Цитата

Мына, мен азыр сен эмнени угут деп жатасын деп сурайм да, менин жазгандарым угут эмес экенин аныктоого отом, анан пайдасы жок создор дагы башталары мумкун
.


Бул жөнүндө мен жогордо жазып кеттим – сиз башка тема ачып ошол жактан улантсаңыз жакшы болмок эле. Сиз айтышыңыз мүмкүн: “Мен ачкан теманы info келип бириктирип салды”, - деп. А сиз темага башка ат коюп көрөөсүз, балким?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 20:49

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Programmer   26 Сентябрь 2011 - 20:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Таллас дос сага суроом бар эле случайно сен дагы башка динге откон жоксунбу?
Библия жонундо тема ачканын учун сурап жатам?
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Сүрөт

Деби айым, сиз да бул жерде отурасыз, менин суроолорума жооп жазып коёсузбу?
Же койгон шарттарыңызга бексизби?
Айтмакчы, ошол шарттар жөнүндө өзүнчө дагы сөз болмокчу..

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 21:07

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Debi   26 Сентябрь 2011 - 20:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Оздорун оздору сооротуп, оздорун оздору кубаттап(жок нерселер менен болсо дагы), озун озу жооткотуучуларга дагы бир жолу айтып койойун(бул акыркысы), убактымды текке короткум келбейт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: