Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#61 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 20:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Programmer (26 Сентябрь 2011 - 20:51) жазган:

Таллас дос сага суроом бар эле случайно сен дагы башка динге откон жоксунбу?
Библия жонундо тема ачканын учун сурап жатам?


Кам санаба!
Сен теманын башын окусаң, окуганда да ынтаа коюп окусаң, өзүңдүн берген сурооңо өзүң уялып калышың да ыктымал.

Библия - аябай кызык чыгарма. Ошол чыгарма жөнүндө аны ондон ашык жолу окугандардан жооп алайын дедим эле. Кызыккан суроолор көп. Оголе көп. Мен азыр берген жана Деби айым кайсы бир шарттарга таянып жооп бербей жаткан суроолор - бул болгону ошол мен берчү болгон суроолордун башы эле. Айсбергдин төбөсү деп да айтсам жарашат. Ошондуктан, мындай суроолордун баарына Деби айым жооп берип салса - мен чексиз кубанычка бөлөнмөкмүн!

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 21:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Кызык болдуго укмуш жомокторду үтүр точкасына чейин туура жазган сабаттуу Деби айым жонокой суроого жооп бере албашы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщенияDebi (26 Сентябрь 2011 - 20:54) жазган:

Оздорун оздору сооротуп, оздорун оздору кубаттап(жок нерселер менен болсо дагы), озун озу жооткотуучуларга дагы бир жолу айтып койойун(бул акыркысы), убактымды текке короткум келбейт.


Албетте, сиз үчүн текке корогон убак!
Анткени, сизде жооп жок. Буга бардыгы күбө болушту. Эгер сизде жооп болгондо, минтип темадан чыгып кызыл тилдүүлүкө салып, анан кайдагы шарттарды коюп отурбай өзүңүзгө "ыйык" болгон нерсени колдоп, коргомоксуз. А сизде коргоно турган жабдык жок, ошондуктан темадан чыгып, форумдун этикасына каршы иш кылып анан да аргументтүү жазып жаткандарга асылып, "өзүн өзү жооткоткондор" деп күлкү келтирээрлик сөздөрдү жазып мени кубантып да жатасыз бир чети. Ошонуңузга да шүгүрчүлүк!

Биз дагы жолугушабыз деп ойлойм!

Сиз азыр дагы качып кеттиңиз, (т.а., "колдонуучудан" "конокко" өттүңүз). А мен Таластагы "кулчулуктан" Сүрөт бошоп келдим. Эми биз бул теманы дагы мындан ары улантабыз!

Сизге аманчылык тилеп Таллас.

P.S. Мен азыр чыгып жатам. Бирок, Кудай аманчылык берсе, бир-эки сааттан кийин кирем. Эгер мен жокто, балким (жана дагы бир жолу "БАЛКИМ" ) жооп берип калсаңыз, сиздин жоопту "жиликтейбиз" .

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 21:04

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 21:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Zverchik (26 Сентябрь 2011 - 21:02) жазган:

Кызык болдуго укмуш жомокторду үтүр точкасына чейин туура жазган сабаттуу Деби айым жонокой суроого жооп бере албашы


Антип эми көп кодулай бербегиле, эми. Анан айтат: "Көптөп кетишти", анан "Баары мага жабылды" , "тиги-бу" , "Жабылбасаңыр жооп берем", "Мен убактымды текке коротпойм" ж.б.у.с. Сүрөт

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Zverchik   26 Сентябрь 2011 - 21:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Таллас байке булар биздин суроого жооп беришпейт бере да албайт себеби алардын дининде жана китебинде карама каршылыктар көп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Pirat   26 Сентябрь 2011 - 22:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 460
  • Катталган: 30 Май 11
  • Соңку аракети: 12 Май 2013 22:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Оруся

Таллас мусулман болсон анда Куран жонундо тема тузбойсунбу. Мен дагы Программерге кошулам. мага да Библия жонундо тузгон теман тушунуксуз андан коро Куран жонундо тема туз. мусулман болгондуктан.
Бир топ форумчулар Таллас башка динге отту деп ойлоп журушуптур . эми эч кандай башка динге отпосон биздин Хадис жонундо дагы куран жонундо толтура кызыктуу темалар деп ойлоп тузсон баарыбыз Таллас азмат деп айтмак элек.

Билдирүүнү түзөткөн: Pirat: 26 Сентябрь 2011 - 22:34

Ас саламу алейкум !!! 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Таллас   26 Сентябрь 2011 - 23:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Pirat (26 Сентябрь 2011 - 22:30) жазган:

Таллас мусулман болсон анда Куран жонундо тема тузбойсунбу. Мен дагы Программерге кошулам. мага да Библия жонундо тузгон теман тушунуксуз андан коро Куран жонундо тема туз.


Пират аке, бир ачууңду мага бер эми..
Мен, альхамдулиЛлях, мусулманмын жана мусулман болуп жанымды алууну бир Аллахтан тиленип жалбарам.

А бул жерде тема ачканымдын себеби, мен башкаларга окшоп теманын атына жараша жазуунун ордуна улам бир жерден кодулап ар кайсынын башын бир чокуп отурбай "конкреттүү түрдө бир беткей жана бир багытта диалог болсун" деп тема ачкан элем. Теманын өзүндө жазылып тургандай, "Библияга суроом бар". Анткени, ошол Библияны окуп, окуп тим болуп калбай башка бирөөлөрдү да машайакчы болууга үндөгөнсүгөн форумчулардан ошол өздөрү окуган Библияда эмне дегендер жазылгандан кабары барбы же жокпу, ошону билүү максатында ачкан элем. Суроо берсем, же кашайып жооп беришпейт, алардын жооп берүүлөрү үчүн менин адеп-ахлак көрсөткүчүм жетишсиздик кылып жатыптыр десеңиз. Мен айтып кетем бул жерден: "Эгер менин диним, менин китебим жана менин пайгамбарым ушундай кандайдыр бир суроолор аркылуу алардын тегине жана өзүнө күмөн туудурган жазуулар болсо, сөзсүз түрдө эч кандай шарт коюп отурбай, "сен мындай болушуң керек", "менин жооп берүүгө убактым жо-ок", ж.б.у.с. балдарды алдагансыган "отмазкаларга" чыкпай жата калып жан дилимден коргомокмун. Аны үчүн, эгер ошондой суроолор болуп калса бул жакка жазышсын деп атайы тема да ачтым. Анткени, сен, Пират акеси жана мен тутунган дин: Ислам дини - эч кандай күмөнгө ээ эмес жана ал кемчиликсиз Аллах тарабынан адам баласына акыркы жолу жиберилген Туура Жол.

Просмотр сообщенияPirat (26 Сентябрь 2011 - 22:30) жазган:

Бир топ форумчулар Таллас башка динге отту деп ойлоп журушуптур . эми эч кандай башка динге отпосон биздин Хадис жонундо дагы куран жонундо толтура кызыктуу темалар деп ойлоп тузсон баарыбыз Таллас азмат деп айтмак элек.

Эми-и, "ой күлүк". Теманы кунт коюп окуган адам өзү түшүнөт, менин кайсыл жээкте жүргөнүмдү.
А мени, кимдир-бирөө "азамат" деп айтуусуна муктаж эмесмин. Тескерисинче, мен бул иштерди "кимдир-бирөө мени мактасын" же "кимдир-бирөө мени азамт экен деп ойлосун" деп жазып жаткан жерим жок. Анда мен утулуучулардан болуп калам. Мен, тек гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бул жерде, дооматтарга жооп берүү менен бирге, "кызыктуу" факттардын четин гана чыгаруудамын.

Ошондуктан, мени далыга таптап, анан "туура кылып жатасың, азамат" деп айтуудан алыс болгула демекчимин.

Ал эми, Куран жана Хадистер тууралуу ушул эле бөлүмдө жайнаган темалар бар. Аларды көбөйтө бергенде да майнап жок. Болгону кээде-кээде жаңыртып турууга аракет кылам.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Сентябрь 2011 - 23:49

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Таллас   27 Сентябрь 2011 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Пират, мисалы, сага көчөдөн Дебиге окшогон бирөө жолугуп кызыл тилдүүлүккө салып, "Куранда Аллах аялдарды урууга үндөйт", "мусулмандар кайдагы бир ташка сыйынат" ж.б.у.с. "далилдерин" келтирип атса, сен билген нерселериңди айтып баштасаң, сеникин "не канает, мен деген Библияны эле признаю" деп турса, анда эмне демексиң?

Андан көрө Программер экөөнөр мында жазылган аргументтерди кунт коюп окуп, балким жазып алгыла. Мусулман экенсиңер, мусулман болуп ооз жүзүндө айта бербей, иш жүзүндө да далилдеп, өз диниңерди ыйманыңарды коргой билгиле. Мен силердин теманы окуп окубай эле мени "христиан болуп кеттиби?" деп күмөн санооңордон улам силердин зээниңер жайындабы деген ойго келип жатам. Сураныч, теманы башынан окуп чык. Анан, балким, оюң өзгөрөттүр.

Менин сөздөрүм катуу тийсе кечир.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы биздин кундорго сабак болор падышалар таржымалынын уландысы.

Сөзүбүздү улап, Жазуудан окуйлу. Басып алууну көздөгөн Нахашка Жабештиктер мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге эч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз».
Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады. Өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «Элге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти. Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды.

Демек, окурман, бул адилетсиздикке Шабулдун каарын Кудайдын Ыйык Руху козгоду. Козгогондо да, Ысрайыл элин буга каршы түп көтөрүлтө тургандай кылып козгоду. Андан ары Шабул элди амондуктарга каршы баштап чыгып, Кудай аларды Ысрайыл элинин колуна салып бергендиги тууралуу баяндалат. Ошондо эл Шемуел пайгамбарга: “Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” дегендер ким, ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз дешкен экен. Буга карата Шабулдун мамилесин Ыйык Жазуудан окуйлу: Бүгүн эч кимди өлтүрүүгө болбойт. Анткени бүгүн Теңир, Ысрайылды куткарды.
Өзүнө каршы ойлуу адамдардын сөздөрүн эсине албай, айкөлдүк кылганы, аларга жеңиш берген Кудайга табынуу иретинде болду. Эң башкысы бул жеңишти аларга Кудай бергендигин ал жакшы билген. Бүгүнкү эл башында, ажолук тактыны мелжеп турган адамдар үчүн белгилеп койо турган дагы бир нерсе, Шабулдун такты үчүн эмес, элин коргоо үчүн бел байлаганы. Анын жыйынтыгы кандай болду?
Ошондон кийин Шемуелдин көрсөтмөсү менен Ысрайыл эли Гилгалга барышып, Шабулдун падышалыгын жаңыртышты. Жазуудан окуйлу: Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди. Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда, Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү, анан ошол жерде, Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты. Жашоодо тактыны эңсеп да, тактыга татып да падыша болгондор бар. Бирок, тактыга татып падыша болгондор гана тарыхта жакшы наамга ээ болушат. А тарыхта жаман наамга ээ болгонуна кайыл кылган тактыга умтулуу – бул, билгенге кумардын кылтагына түшүп, адам деген наркынан айрылуу болот. Бул дагы бир кыстырма болду, сөзүбүздү андан ары улайлы.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 27 Сентябрь 2011 - 11:34

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Daud   27 Сентябрь 2011 - 13:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (25 Сентябрь 2011 - 20:32) жазган:

Контекстте эч кимдин укугу тепселбегени ачык айкын эле корунуп турат. Окуган чыгарсыз. Козу
ошол жерге эле чалдыгып калып, тыянак чыгара койгон го деп ойлоюн десем да, чындыкка коошпой турат. Башкаларын аттап отуп, сиздин оюнузду ырастагыдай жерлерди алып алгандай ой калтырып жатасыз. Анда сиздин кызыкчылыгыныз Библиядан кынтык табуу болуп калат. Анан мындай ниет менен окуган адам озуно пайда кыла албай каларын айта кеткеним он.

Контекстти келтирейин:

Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын. Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат. Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес. Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса, анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.

Бул жерде эгерде "кыз кааласа да, каалабаса да" деген шарт бар болсо, сизче ойлогонго негиз болот эле. Анын устундо башка бир жерде мындай дейт:

Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын. Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн (Чыгуу 22,16-17)

Бул аяттан улам кыз созсуз тийиши керек деген шарт жок экени белгилуу. Ошондуктан фантазияныз текке кетип калды десек болот. "Мыркымбай" деген статусту тааныбайм. Адамдын сырткы корунушу сулуу болсо, мен ага сулуулуктун бир гана пайызын берем. Негизги коонорбос сулуулук адамдын жан дуйносундо болот.


Текстин кайсы бир жерин үзүп алууну сизден үйрөндүм десем болот. Сиз да Кураандын аяттарын айтканда окуган адамдар аны жакшы билишет деп ушундай кылып жатпадыңыз беле.


Мен сиз келтирген саптардын баарын окуп чыгып анан жазганмын. Кааласа да каалабаса да деген шарты жок эле Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт деп айтылганы үчүн ушинтип айткан болчумун. Эгер кыздын каалоосу эске алынса анда эгер кыз кааласа деген сөз болушу керек эле да. Ал эми сиз далил катары келтирген Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын. Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн (Чыгуу 22,16-17) деген саптарда зордуктоо жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Аны азгырып анан аны менен жаткан болсо деп айтылып жатат. Бул жерде көрүнүп тургандай кыз күчкө салынып зордукталган жок. Балким азгырылып бул ишке барды. Б.а. бул ишке азгырылып өзү ыраазы болду. Бул нерсе зордуктоо деп аталбайт. Бул бузукулук деп аталат.


Анын үстүнө бул жерде да кыздын ыраазычылыгы жөнүндө сөз болуп жаткан жери жок. Тескеричинче атасы ыраазы же ыраазы болбосо деп айтылып жатат. Эгер атасы ыраазы болсо, кыз ошого турмушка чыгуусу керек деген сөз чыгып жатпайбы? Акча да атасына берилет. Кызына сокур тыйын да көнгөн жок.

Дагы бир кызык жери убадалашкан кызды зордуктаганы үчүн өлүм жазасы берилип, убадалашпаган кызды зордуктаса элүү шекел күмүш берсин деп жатат. Бир эле кылмышка эки түрдүу жаза. Бир эле айырма убадалашкан же убадалашпаган кыз болсо деген сөздө.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Pirat   27 Сентябрь 2011 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 460
  • Катталган: 30 Май 11
  • Соңку аракети: 12 Май 2013 22:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Оруся

Просмотр сообщения Таллас (27 Сентябрь 2011 - 01:20) жазган:

Пират, мисалы, сага көчөдөн Дебиге окшогон бирөө жолугуп кызыл тилдүүлүккө салып, "Куранда Аллах аялдарды урууга үндөйт", "мусулмандар кайдагы бир ташка сыйынат" ж.б.у.с. "далилдерин" келтирип атса, сен билген нерселериңди айтып баштасаң, сеникин "не канает, мен деген Библияны эле признаю" деп турса, анда эмне демексиң?

Андан көрө Программер экөөнөр мында жазылган аргументтерди кунт коюп окуп, балким жазып алгыла. Мусулман экенсиңер, мусулман болуп ооз жүзүндө айта бербей, иш жүзүндө да далилдеп, өз диниңерди ыйманыңарды коргой билгиле. Мен силердин теманы окуп окубай эле мени "христиан болуп кеттиби?" деп күмөн санооңордон улам силердин зээниңер жайындабы деген ойго келип жатам. Сураныч, теманы башынан окуп чык. Анан, балким, оюң өзгөрөттүр.

Менин сөздөрүм катуу тийсе кечир.



Катуу кеткенсинго жинденип эч кандай жаман ой менен жазган жокмун.
Озум деле 5 маал намазга жыгылган мусулманмын. Даватка баарын турат.
Соз менен гана эмес менен иш жузундо деле ашыра алам.
Мен мусулманмын мусулман болуп жаралганыма сыймыктанам.
Азыр арабча уйронуп жатам.
Жон гана эмне учун Библия жонундо тема туздум дедим эле.
Башка динге отту деп экообуз тамашалап койгонбуз досум экообуз сен жинденип ичин куйуп кетти.
Бул баарынан чон куноо.
Мен эч кандай деле сени жаман соз менен жазган жокмунго озун эле жинденип жатасын. Сенин да зээнинин оз ордундабы деп ойлоп кеттим.
Бул тема мага анча эле жаккан жок. Мен учун ыйык китеп бул Куран. Библия эмес.Сүрөт Библия христиандардыкы.

Билдирүүнү түзөткөн: Pirat: 27 Сентябрь 2011 - 14:30

Ас саламу алейкум !!! 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Programmer   27 Сентябрь 2011 - 14:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Просмотр сообщения Таллас (26 Сентябрь 2011 - 20:56) жазган:

Кам санаба!
Сен теманын башын окусаң, окуганда да ынтаа коюп окусаң, өзүңдүн берген сурооңо өзүң уялып калышың да ыктымал.




Мен сени башка динге өттү деп күнөөлөгөн жокмун. Жөн гана тамаша катары жазганбыз Пират экообуз. Анан аябай жинденип кеттинго жаман сөздөрдү жазып Тамашаны көтөрө албайт экенсин. Уялган жокмун окудум теманды. Ар бир диндин өз орду бар деп эсептейм.
Баары бир биздин ишенгенибиз бир гана Кудай.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 27 Сентябрь 2011 - 14:09

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Daud   27 Сентябрь 2011 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (25 Сентябрь 2011 - 21:17) жазган:

Машайакчылык эч качан Кудайды учоо деген эмес, дебейт дагы, Библиянын эч жеринде Кудай учоо деп жазылган эмес. Сиз келтирген аяттарга каршы келген аяттар да жок.
Анткени, мындай деп жазылган:
Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.

Бул аятта УЛУУ СЫР тууралуу айтылып жатат. Ал СЫР Адам болуп адамдардын арасында жашаган, Пайгамбар болуп элге Кудайдын эркин уйроткон, бул адамдын акылына сыйбас улуу чындыкты Руху менен Аны таза журок менен издегендерге ачып берген Кудай Озу экендиги болчу.

Анын Кудай экендигин айтып турган аяттардан:

"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).

Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле(Жкн. 14).

Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.Кол.1:17.

Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
...Сөз адам болуп, биз менен жашап турду... (Жкн,1).




3 Сия же есть жизнь вечная, да знают Тебя, единого истинного Бога, и посланного Тобою Иисуса Христа. (От Ионна 17:3). Бул жерде Кудай бир деп айтылып жатат. Ал туура экенине экөөбүз тең ишенип жатабыз. Кудай бир жана Ал, Исаны жөнөтүп жатат.Демек Иса (алейхис-салаам) Кудай эмес. Себеби Исаны Кудай деген болсок, анда Кудай экөө же Кудай Өзүн-Өзү жөнөтүп жатат деген сөз келип чыгат. Бул эки сөз тең эч бир акылга сыйбаган нерсе?

Себеби бул жерде Кудайдын бир экендиги баса белгиленип айтылып жатат. Ошондой эле Кудай өзүн өзү жөнөтүп жатат деп айтуу да туура эмес. Себеби жөнөтүү деген сөз бирөөнүн башка бирөөнү жөнөткөнүнө айтылат эмеспи?


Ал эми өзүн-өзү жөнөткөн деген сөз жок. Анын ордуна өзү келди деген сөз колдонулат эмеспи? Бул жерде Кудай өзү келди деп айтылбай жатат. Тескерисинче Кудай Исаны жөнөткөндүгү жөнүндө айтылып жатат.

Андан сырткары Исанын ошол жалгыз Кудайга баш ийүүчү экендиги жөнүндө мынтип айтылат: 3 Хочу также, чтобы вы знали, что всякому мужу Христос, жене глава - муж, а Христу глава - Бог. (1-е послание коринфнам 11:3).


Ал эми сиз айткан "Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30). деген саптан Иса Кудай деген маани чыкпайт. Мунун мааниси менин айткан сөздөрүм Кудайдын буйруктарына каршы келбейт. б.а. мен Кудай мага билдирген нерселерди гана айтам. Б.а. Кудайдын да менин да буйруган нерселерибиз бир. Мен эмнени буйруган болсом демек аны Кудай буйруду деп билгиле деген маанини гана билдирет.


Муну мен кайдан алып жазып жатам. Мына бул саптарды караңыз

а около девятого часа возопил Иисус громким голосом: Или, Или! лама савахфани? то есть: Боже Мой, Боже Мой! для чего Ты Меня оставил? (Матв 27:46). Эгер Иса Кудай болсо, анда ал бул жерде кимге кайрылып жатат? Өзүнө өзүбү же аны жөнөткөн Кудайгабы?

Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле(Жкн. 14).

бул да жогоруда мен айткан мааниден башка маани эмес.

Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.Кол.1:17.

А бул саптар болсо жалгыз Кудайды сүрөттөгөн саптар. Чындыгында Ал Баарынан мурда бар болчу. Ал эми Иса кийин пайда болгон (төрөлгөн). Рождество деген майрамды майрамдаганда дал ошол Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап журүшпөйбү.






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Текстин кайсы бир жерин үзүп алууну сизден үйрөндүм десем болот. Сиз да Кураандын аяттарын айтканда окуган адамдар аны жакшы билишет деп ушундай кылып жатпадыңыз беле."

Бул жерде узуп алганынызды мойнунузга алгансызбы? Анда мага шылтаганыныз туура болбой калып жатат. "Жаман адаттарды" :) кандай уйронуп алдыныз? Тактап кетейин, балким уйронуп аласыз. Мен узуп алган эмесмин. Анткени ал жерде "Ургула" деген создун алдында аны актай турган мазмун деле жок. Ал эми сиз келтирген аятта сиздикиндей тыянак чыгарбаганга дагы бир себеп бар, ал создор эркекке карата айтылгандыгы. Бул жерде эркектин тандоо укугу жок, ага карата так кесе айтылган корсотмо. Ал эми кыз каалабаса жашабай койсо болору айтпаса деле тушунуктуу нерсе.

"Дагы бир кызык жери убадалашкан кызды зордуктаганы үчүн өлүм жазасы берилип, убадалашпаган кызды зордуктаса элүү шекел күмүш берсин деп жатат. Бир эле кылмышка эки түрдүу жаза. Бир эле айырма убадалашкан же убадалашпаган кыз болсо деген сөздө".

Мындан жогорураакта бирин зордуктоо, бирин бузукулук деп аныктагансыз. Кайра эки кылмыш бирдей болуп калганы кандай?

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 27 Сентябрь 2011 - 21:10

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 21:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Убадалашпаган кыздын башы бош болуп, аны булгаган адам аялдыкка алып жашасын деген соз болуп жатат да, бизче айтканда. Мындай корунуштор биздин учурда деле кездешет эмеспи. Ал эми башка бироо менен убадалашып койгон кызды зордуктаган адам кызга карата эле эмес, кыздын убадалашып койгон жигитине да жамандык кылып жатпайбы. Анан айырмасы "болгону эле" дегидей эмес да.
Балким, бул суроом орундуубу, орунсузбу деп турсам дагы кызык болуп жатат. Эмне учун Библияны жаратпоонун аракетин кылып жатасыз?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 21:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"ургула" деген создун устундо коп талкуу журду. Тему деген форумчу сураганынан жаза койдум эле, Курандан козумо оон учураган жерин. Аялды уруу бул коомдогу ото терс корунуштордун бири. Ушунун айынан коптогон балдар жашоолорунда омур бою кетпей турган из калган жан дуйно жарааттарынан жабыркап келишет. Алар чоъойгондо да ачуулуу болуп, нервдери жука болуп, коркок муноз калыптанып калат. Мындай терс корунуш ыйык делген китепте болгону менен ошол учун дагы макул боло алган жокмун.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 21:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кудай Өзүн-Өзү жөнөтүп жатат деген сөз келип чыгат. Ушул келип чыккан соз туура, мен ушуга ишенем. Кудай муну Оз Созундо ырастап жатат. Кудай Созундо ырастаган нерсени мен жок, андай болбош керек дегидей киммин? Кенедей акылыма ааламга сыйгыс Зор Эгедерди сыйдырууга аракет да жасабайм. Менин туболукто Кудай менен болуп калышымды билуу учук акылыма сыйган чындыктар жетиштуу. Мага даана ачык болуп турган нерсе: мен олумго гана татыктуу куноокормун. Кудай мага карата улуу суйуусу менен мени олумго кыйбай, менин кунумду толой турган Курмандыкты берди. Озун Озу берди! Мен мурда айтып кеткен СЫР ошол! Аны мага Кудай Оз Созу аркылуу, Ыйык Руху менен ачып берди. Адам Уулу, Кудай Уулу деп аталган Ыйсада катылган сыр ошол. Доот менен Аюбка кошулуп:

«Сен унутпагыдай, адам ким? Озуњ келип тургудай, адам баласы ким?» (Забур)

"Сен ушунчалык баалагыдай, коњул бургудай, адам баласы ким?" (Аюб) деп Анын Улуулугунун алдында журогум менен чоголоп таазим кылуудан башка эч нерсе кыла албайм!

Ким элем мен? Бир күнөөкөр пендең элем.
Жаңылыш жаралгандай ойлоп алып,
Бүтөрүн бул жашоонун өлүм менен,
Күнөөнүн жолдорунда баскан кенен.

Жакшы жашап айырмасы неде дегем
Ансыз да келер башка өлүм деген
Ал кезде мен Теңирди билбептирмин
Мен үчүн азап тартып жанын берген.

Таң калып азыр деле сурап келем
Сен мени ушунчалык сүйгөн белең?
Бүт күнөөмдүн жазасын мойнуна алып,
Ордума Сен өлгүдөй мен ким элем?

Ким элем мен, ай ааламдын Падышасын
Ырга кошуп эл алдында ырдагандай
Көз салып менин ар бир кадамыма
Сен Өзүң менден жүзүң бурбагандай

Адамдын акылына сыйгыс, чексиз
Сүйүүңө башымды ийип таазим этем.
Сен мени ушунчалык сүйгөн болсоң,
Ушул улуу сүйүү үчүн жашасам дейм!

***

Сүйүүнү Сенде гана боло турган
Мен башка бардыгынан издептирмин
Күтүүдөн көңүл үшүп чарчаганда
Эх, дүйнө, ушунчалык кир дептирмин

Бакытты башкаларда болбой турган
Табам деп издей берип жүдөптүрмүн
Жок жерден жок издеген жолоочудай
Куру эле кыйнап жанды үрөптүрмүн

Билбептирмин бөксөөсү жүрөгүмдүн
Сенин гана сүйүүңдүн орду экенин
Ал сүйүүдөн күнөөнүн азабынан
Адашып жүргөнүмдү сезбептирмин

Өзүңдөн алыс жүрүп өзүмдү да
Чынында ким экеним көрбөптүрмүн
Өзгөдөн издеп күткөн сүйүү менен
Өзүм да сүйө албасым билбептирмин

Азыр мен ар күнүмдө көрүп келем
Сүйүүңө татыбаган пенде экеним
Татыксыз кезде сүйгөн жалгыз гана
Теңирим ырайымдуу Сен экениң!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Debi   27 Сентябрь 2011 - 21:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы.

Окурман, ошол жерде бардыгы көңүл ачышты деп окудук. Бирок, Ыйык Жазууну улантып окуганыбызда, Ысрайыл элинин Кудайдын падышалыгынан да, адамдын падышалыгын артык көргөнү, ошого карабастан, Кудайдын ысрайыл элине мээримин төгүп турганы, Шемуел пайгамбардын жүрөгүн өйүп жатканы байкалат. Өзү карылыкка моюн сунуп турганын ойлоп, Кудайдын падышалыгын барктабаган эл эми менин көзүм өтсө кандай күндө болот деген санаага батып турган Шемуел, ошол эле учурда Ысрайыл эли кандай кылганда багытын тууралаарын көрүп турду, пайгамбар да. Анан элге кайрылды.

«Мен силердин айтканыңардын баарын угуп, үстүңөрдөн падыша койдум. Мына, падыша алдыңарда жүрөт. Мен болсо карыдым, чачым агарды. Уулдарым да силер менен. Мен жаш чагымдан ушул күнгө чейин силердин алдыңарда жүрдүм. Мына мен: Теңирдин алдында, Анын майланган адамынын алдында айткыла, кимдин өгүзүн алсам, кимдин эшегин алсам, кимди таарынтсам, кимди кысымга алсам, кимден пара алып, көзүмдү жумуп, ишин жаап койсом, кайтарып берем». Алар: «Сен бизди таарынткан жоксуң, кысымга алган жоксуң, эч кимден эч нерсе алган жоксуң», – деп жооп беришти. Анан ал аларга: «Силер менден эч нерсе тапкан жоксуңар, буга бүгүн Теңир жана Анын майланган адамы күбө», – деди. Алар: «Ооба, Теңир күбө», – дешти.
Кандай дейсиз окурман, абийири таза эмес адам ушундай деп айта алат беле? Мына ушул сөзү Шемуелдин элдин алдында канчалык ак болгонун айгинелеп турат. Ананчы, эл эмес Кудай алдында ак жашагандыктан гана пайгамбар боло алмак да. А Кудай алдында ак жашаган адамдын элдин алдында актыгы, ак эместиги тууралуу сөз деле болбосо керек. Ар бир кылган ишин Кудайдын алдында текшерген адам, адамдардын алдында таза эмес болушу мүмкүн эмес. Байкадыңызбы? Шемуел өзүнүн элдин алдында таза экенин даана билген. Буга анын элдин жообунан кийин айткан сөзү күбө. Актыгына Кудайдын Өзүн күбөгө тартуу үчүн, оо, кандай гана деңгээлде ак болуу керек. Шемуел ошого даай алган экен, демек, ак болуу адам баласынын колунан келет экен да! Ал ак экенине ишенген, ошентсе да, элден сурап жатат. Демек, кандайдыр бир түшүнбөстүк болгондур деп, алардын да оюн угуп, алар менен да эсептешкиси келип жаткандыгын көрсөк болот. Биздин эл башындагы адамдарга кандай гана жакшы таалимдер, кандай дейсиз? Улантып окуйлу:
Ошондо Шемуел элге мындай деп кайрылды: «Мусаны жана Арунду дайындап, ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан Теңир күбө.
Эми болсо бул жерге келгиле, мен Теңирдин алдында Анын силерге жана ата-бабаларыңарга кылган бардык жакшы иштери жөнүндө айтып, силерди айыптайын.

Окурман, эми ал айыптаганы жатат. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, айыптардын алдында ал адамдардын алдында өзүнүн актыгын дааналай кетти. Эмне үчүн деп ойлойсуз? Менин түшүнгөнүмчө, өзү ак адам гана башкаларды айыптай алат жана анын айыптоосу таасирдүү болуп, жакшы натыйжа бере алат. Коомдун өнүгүүсүнө бул зор өбөлгө болот эле. Бул да абдан сонун сабак.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 27 Сентябрь 2011 - 21:42

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Daud   28 Сентябрь 2011 - 12:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Сентябрь 2011 - 21:07) жазган:

"Бул жерде узуп алганынызды мойнунузга алгансызбы? Анда мага шылтаганыныз туура болбой калып жатат. "Жаман адаттарды" :) кандай уйронуп алдыныз? Тактап кетейин, балким уйронуп аласыз. Мен узуп алган эмесмин. Анткени ал жерде "Ургула" деген создун алдында аны актай турган мазмун деле жок.

Мен үзүп алдым деп туура эмес айтып алыпмын. Негизи эч нерсени үзүп алган жерим жок. Мен эки сапты толугу менен жазганмын. А сиз бир саптагы сөздөрдүн ичинен кээ бир сөздөрдү түшүрүп салгансыз. Балким сиз үчун актай турган деле мазмун жоктур, бирок тартип деген бар да. Бирден кийин эки дегендей. Сиз дароо эле үчкө өтүп жатасыз.

Ал эми сиз келтирген аятта сиздикиндей тыянак чыгарбаганга дагы бир себеп бар, ал создор эркекке карата айтылгандыгы. Бул жерде эркектин тандоо укугу жок, ага карата так кесе айтылган корсотмо. Ал эми кыз каалабаса жашабай койсо болору айтпаса деле тушунуктуу нерсе.

Демек кээ бир нерселерди Кудайдын көрсөтмөсүсүз эле өзүбүз түшүнүп алат экенбиз да?


Мындан жогорураакта бирин зордуктоо, бирин бузукулук деп аныктагансыз. Кайра эки кылмыш бирдей болуп калганы кандай?

Сиз Библияны менчелик да түшүнбөйсүзбү деген ойлор келе баштады мага. Мен бузукулук деп Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калың ын тө лө п, кыздыаялдыкка алсын. Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үч ү н канчакалы ң берилсе, ошончо кү мү ш тө лө сү н (Чыгуу 22,16-17) деген саптарды айтканмын.

Ал эми зордуктоо деп Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алыпзордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өл ү м жазасынатартылсын. Кызга болсо тийбегиле, анын өл ү мгө тете кү нөө сү жок. Эгерде аны өл ү м жазасына тартса ңар, анда бул өз жакынына кол кө тө рү п өлт ү ргө нгө барабар болуп калат. Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талааданжолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгонэмес. Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордукт ап жатканда, үст ү нө н бирөө л ө р чыгып калса, анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел кү мү ш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аныменен өм ү р бою ажыраша албайт. (Второзаконие 28-29) деген саптарды айтканмын. Бир эле кылмышка эки жаза дегенде мына ушул (Второзаконие 22:28-29) саптар жөнүндө айтканмын. Ал эми биринчи турган (Чыгуу 22, 16-17) сапты зордуктоого кошкон жок элем.









  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Daud   28 Сентябрь 2011 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Сентябрь 2011 - 21:15) жазган:


Балким, бул суроом орундуубу, орунсузбу деп турсам дагы кызык болуп жатат. Эмне учун Библияны жаратпоонун аракетин кылып жатасыз?


Мен кимдир бирөөнүн сөзүн башка бирөөгө жабыштыргандарын жактырбаймын. Ал эми адамдардын сөзүн Кудайдын сөзү деп айткандарды укканда төбө чачым тик турат. Библияда болсо адамдардын сөзүн Кудайга жабыштырышат. Эгер Библия Кудайдын сөзү болсо төмөндөгү сөздөрдү ким айтып жатат? Кудай Өзүбү же башка бир адамдарбы?




3 Ибо я первоначально преподал вам, что и сам принял, то есть, что Христос умер за грехи наши, по Писанию, (1-е послание Коринфянам 15:3). Эгер Иса Кудай болсо жана Библия анын сөзү болсо анда бул жерде сүйлөп жаткан ким?

11 Когда я был младенцем , то по - младенчески говорил, по - младенчески мыслил, по - младенчески рассуждал; а как стал мужем, то оставил младенческое. (1-е послание Коринфянам 13:11) Кудай мен младенец болгонмун деп айтышы мүмкүнбү?


12 Прочим же я говорю, а не Господь: если какой брат имеет жену неверующую, и она согласна жить с ним, то он не должен оставлять ее; (1-е послание Коринфянам 7:12)Бул жерде Кудай эмес мен айтып жатам деп адашпасам Павел Кудайдын сөзү деп эсептелген китепке өзүнүн сөздөрүн кошкондугун мойнуна алып жатат. Эми биз Павелдин сөзү менен Кудайдын сөзүн кантип айырмалап алабыз? Балким ал башка жерлерге да өз сөзүн кошкондур??? Сиз Кудайдын сөзү деп жүргөн сөздөр балким Павелдин же Иоанндын сөздөрү болуп жүрбөсүн.


32 И что еще скажу? Недостанет мне времени, чтобы повествовать о Гедеоне, о Вараке, о Самсоне и Иеффае, о Давиде, Самуиле и (других) пророках, (Евреям 11:32). Бул жерде дагы бир канча нерсени жазайын деп жаткан экен, бирок анын убактысы жок экен имиш. Кудай качан убакытка муктаж болду эле?






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 02:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: