Programmer (26 Сентябрь 2011 - 20:51) жазган:
Библия жонундо тема ачканын учун сурап жатам?
Кам санаба!
Сен теманын башын окусаң, окуганда да ынтаа коюп окусаң, өзүңдүн берген сурооңо өзүң уялып калышың да ыктымал.
Библия - аябай кызык чыгарма. Ошол чыгарма жөнүндө аны ондон ашык жолу окугандардан жооп алайын дедим эле. Кызыккан суроолор көп. Оголе көп. Мен азыр берген жана Деби айым кайсы бир шарттарга таянып жооп бербей жаткан суроолор - бул болгону ошол мен берчү болгон суроолордун башы эле. Айсбергдин төбөсү деп да айтсам жарашат. Ошондуктан, мындай суроолордун баарына Деби айым жооп берип салса - мен чексиз кубанычка бөлөнмөкмүн!