Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#81 Пользователь офлайн   Daud   28 Сентябрь 2011 - 13:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Сентябрь 2011 - 21:20) жазган:

"ургула" деген создун устундо коп талкуу журду. Тему деген форумчу сураганынан жаза койдум эле, Курандан козумо оон учураган жерин. Аялды уруу бул коомдогу ото терс корунуштордун бири. Ушунун айынан коптогон балдар жашоолорунда омур бою кетпей турган из калган жан дуйно жарааттарынан жабыркап келишет. Алар чоъойгондо да ачуулуу болуп, нервдери жука болуп, коркок муноз калыптанып калат. Мындай терс корунуш ыйык делген китепте болгону менен ошол учун дагы макул боло алган жокмун.

Аялды уруу терс көрүнүштөрдун бири экендиги туура. Бирок Кураандагы ургула деген сөздүн мааниси ал терс көрүнүшкө бир грамм да дал келбейт. Балдардын психикасына таасир эткен терс көрүнүш ал күнүгө уруш-талаш, бири-бирин сабамай ж.б. көрүнүш. Ал эми Кураандагы уруу ал насаат айтылып, төшөгун бөлгөндөн кийинки, жеңил желпи уруу. Албетте урган убакта балдардын көзүнчө урбайт. Сиз Исамдагы аялдардын укугун билбегениңиз үчүн гана урууну акылыңызга сыйдыра албай жатасыз. Аялдардын укугу чексиз болбосо да, аябай эле чоң. Ошончо укук ээси болуп туруп, күйөөсүнүн укугун тебелеген аялды чындыгында акырын гана уруп коюу бир топ эле жеңил жаза.


Сиз Кураанда аялыңарды ургула деген аят бар үчун аны Кудайдын сөзу эмес деп айттыңыз. А өзүңүз Библиядан аялдарды урбагыла деген сөздөрдү таап бере аласызбы?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Debi   28 Сентябрь 2011 - 13:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Сиз Библияны менчелик да түшүнбөйсүзбү деген ойлор келе баштады мага".

Озунуздон кетип баратасызбы деген ойлор келе баштады мага.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Debi   28 Сентябрь 2011 - 14:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (28 Сентябрь 2011 - 12:48) жазган:

Мен кимдир бирөөнүн сөзүн башка бирөөгө жабыштыргандарын жактырбаймын. Ал эми адамдардын сөзүн Кудайдын сөзү деп айткандарды укканда төбө чачым тик турат. Библияда болсо адамдардын сөзүн Кудайга жабыштырышат. Эгер Библия Кудайдын сөзү болсо төмөндөгү сөздөрдү ким айтып жатат? Кудай Өзүбү же башка бир адамдарбы?

3 Ибо я первоначально преподал вам, что и сам принял, то есть, что Христос умер за грехи наши, по Писанию, (1-е послание Коринфянам 15:3). Эгер Иса Кудай болсо жана Библия анын сөзү болсо анда бул жерде сүйлөп жаткан ким?

11 Когда я был младенцем , то по - младенчески говорил, по - младенчески мыслил, по - младенчески рассуждал; а как стал мужем, то оставил младенческое. (1-е послание Коринфянам 13:11) Кудай мен младенец болгонмун деп айтышы мүмкүнбү?


12 Прочим же я говорю, а не Господь: если какой брат имеет жену неверующую, и она согласна жить с ним, то он не должен оставлять ее; (1-е послание Коринфянам 7:12)Бул жерде Кудай эмес мен айтып жатам деп адашпасам Павел Кудайдын сөзү деп эсептелген китепке өзүнүн сөздөрүн кошкондугун мойнуна алып жатат. Эми биз Павелдин сөзү менен Кудайдын сөзүн кантип айырмалап алабыз? Балким ал башка жерлерге да өз сөзүн кошкондур??? Сиз Кудайдын сөзү деп жүргөн сөздөр балким Павелдин же Иоанндын сөздөрү болуп жүрбөсүн.


32 И что еще скажу? Недостанет мне времени, чтобы повествовать о Гедеоне, о Вараке, о Самсоне и Иеффае, о Давиде, Самуиле и (других) пророках, (Евреям 11:32). Бул жерде дагы бир канча нерсени жазайын деп жаткан экен, бирок анын убактысы жок экен имиш. Кудай качан убакытка муктаж болду эле?


Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет
Ушул создорду Ыйсанын Пабыл деген шакирти Тиметей деген шакиртине жазган. Мен бул создорду Кудай Созу деп кабыл алам, анткени мындай деп жазылган:
Андан сырткары, бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, таңкы жылдыз жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар. Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

Пабыл ажырашпоо тууралуу Тенир Озу корсотмо берген жерлерди Теъир мындай дейт деп айтып жатат, ал эми озу айткан жерлерде Тенир эмес, мен айттым деп жатат. Бул Тенир минтип айтпайт болчу дегенге жатпайт. Ошол сиз келтирген болумдун эн акырында Пабыл коптогон корсотмолорду берип, созун "менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм" деп бутурот. Пабыл Рухка толгон, Кудайдын ыйык адамы экенин Инжилде коп жолу коро алабыз. Демек ал создорду Пабыл озунон эмес, Кудайдын Рухунун жетеги менен айтып жатат. Ошондуктан анын создору Кудай Созунун ичине кирген. Анан да ал кез биринчи гана кылым болгондуктан Пабыл "Кудай созу деген китепке озунун созун кошконун мойнуна" албай эле турат. Ал кезде баарынын устунон тымызын бийлик кылган Эгедер, Жаны келишимдин китеби болгон Инжилди Озунун Рухунун жетеги менен жаздырып жаткан кез болчу.

«Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам»(Жеремия)

Кудай Оз Созуно коз салып турат. Библия Кудайдын Созу экенин боркумдой кором. Библиядагы создор болгону учун Курандагы создор бар.

Жогорудагыдай критерийлер менен карай турган болсонуз Куранды кантип Кудайдын Созу дей аласыз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Debi   28 Сентябрь 2011 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы.

Шемуелдин сөзүн улантып окуйлу: Жакып Мисирге келгенден кийин, ата-бабаларыңар Теңирге боздоп кайрылышты, ошондо Теңир Муса менен Арунду жиберди. Алар ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыгып, ушул жерге отурукташтырышт. Бирок алар өзүнүн Кудай-Теңирин унутуп коюшту. Ошондо Ал аларды хатсордук аскер башчы Сисранын, пелиштиликтердин жана Маап падышасынын колуна салып берди. Булар алар менен согушушту.
Замандаш, мына муну баса белгилей кетким келет: Бирок алар өзүнүн Кудай Теңирин унутуп коюшту. Адамдын тарткан азаптарынын дээрлик көпчүлүгүнүн себеби ушул. Жеңилүү, жерин тарттыруу, башкалардын үстөмдүк кылуусу эмнеден болорунун себептеринин бири катары эске түйүп койуу абзел. Бирок, туура кабыл алган адамдарга натыйжасы жакшы болот. Дегеним, андан аркы аяттарда эл күнөөсүн мойнуна алганын окуйбуз, көңүл буруңуздар: Бирок алар Теңирге: “Биз күнөө кылдык, анткени Теңирди таштап, Ашейралар менен Баалдарга (бутпарастардын жасалма кудайлары) кызмат кылдык. Эми бизди душмандарыбыздын колунан куткар, ошондо биз Сага кызмат кылабыз”, – деп боздоп кайрылышканда, Теңир Жеруп-Баалды, Баракты, Иптахты жана Шемуелди жиберип, силерди курчаган душмандарыңардын колунан куткарды. Анан силер коопсуз жашадыңар.
Мына бу аяттарда Шемуелдин айтып жаткан ойунун өзөгү жатат го дейм, көңүл буруңуздар: Бирок Амон падышасы Нахаштын силерге каршы келе жатканын көргөнүңөрдө, падышаңар өзүңөрдүн Кудай-Теңириңер экенине карабастан, “Жок, биздин үстүбүздөн падыша падышачылык кылсын”, – дедиңер. Ысрайыл элинин падыша сурашына Шемуелдин карыганы бир себеп болсо, Амон падышасы Нахаштын сес көрсөтө башташы да бир себеп болгон экен. Бирок ааламдын Эгедери алар менен экенин иш жүзүндө билишсе, Нахаштан коркушмак эмес эле. Жашоодогу кыйынчылыктардын себебин билүү жөпжөнөкөй, макулсузбу окурман?

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Debi   28 Сентябрь 2011 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Эф.5:28


эч бир эркек озун озу урбаса керек, айтмакчы, акырын уруп коюу деген кандай? Анда сылап коюу деп эле жазбаптыр.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 28 Сентябрь 2011 - 15:20

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Таллас   28 Сентябрь 2011 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ай, Деби эжекеси аай, темадан таптакыр эле алыстап кетипсиз да!

Менин суроолорум толтура эле, жок дегенде жооп берип койсоңуз жакшы болот эле.

Ал эми "Кудайдын сөздөрү" жана "ыйык рухтун жетеги" деген түшүнүтөрдү өзүнчө "жиликтейбиз" . Албетте, далилдери менен! Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 28 Сентябрь 2011 - 16:00

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Daud   28 Сентябрь 2011 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (28 Сентябрь 2011 - 15:19) жазган:

Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Эф.5:28


эч бир эркек озун озу урбаса керек, айтмакчы, акырын уруп коюу деген кандай? Анда сылап коюу деп эле жазбаптыр.


Библияда айтылган боюнча адам өзү сүйгөн адамдарды уруусу керек. Далилби? Мына:

6 Ибо Господь, кого любит, того наказывает; бьет же всякого сына, которого принимает.
7 Если вы терпите наказание, то Бог поступает с вами, как с сынами. Ибо есть ли какой сын, которого бы не наказывал отец?
8 Если же остаетесь без наказания, которое всем обще, то вы незаконные дети, а не сыны. (Евреям 12:6-7-8).

Эгер сүйгөн адамды уруу керектиги жөнундө Библияда айтылып жатса, сиз эмнеге Кураанда эркектердин аялдарын уруусуна таң калып жатасыз? Сүйгөндүгү үчун да урат экен деп ойлонсоңуз, Библияга ылайыктуу иш туткан болоор элеңиз.

Акырын уруп коюу менен сылап коюунун айырмасы бар. Сылап коюу бул аны эркелетип жаткан убакта болот. Ал эми акырын уруп коюу бул анын кылган ишине нараазы экениңди билдирип жаткан убакта болот. Бул жерде сырткы көрүнүштөрү окшош (100% эмес албетте) болгону менен эмоциялар жана жүздөгү мимикалар айырмаланып турат.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 28 Сентябрь 2011 - 16:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Daud   28 Сентябрь 2011 - 16:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (28 Сентябрь 2011 - 14:29) жазган:


Пабыл ажырашпоо тууралуу Тенир Озу корсотмо берген жерлерди Теъир мындай дейт деп айтып жатат, ал эми озу айткан жерлерде Тенир эмес, мен айттым деп жатат. Бул Тенир минтип айтпайт болчу дегенге жатпайт.

Демек Пабыл Кудай айта турган сөздү өзү айтып коюууну чечиптир да? Ошондо Пабылдын сөзү Кудайдын сөзү деген сөз келип чыгабы же Пабыл Кудай дегенби?

Ошол сиз келтирген болумдун эн акырында Пабыл коптогон корсотмолорду берип, созун "менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм" деп бутурот.

Бул жерден көрүнүп тургандай Пабыл да өзүн Кудай деп ойлой баштаган го. Себеби сиз Исанын атам менин ичимде деген сөздөрүн келтирип, аны Кудай деп айттыңыз эле. Пабыл болсо менин ичимде да Кудайдын руху бар болсо керек деп өзун Кудай сезип бараткандай.

Пабыл Рухка толгон, Кудайдын ыйык адамы экенин Инжилде коп жолу коро алабыз. Демек ал создорду Пабыл озунон эмес, Кудайдын Рухунун жетеги менен айтып жатат. Ошондуктан анын создору Кудай Созунун ичине кирген.

Маселенин баары ошондо болуп жатпайбы, Пабылдын сөздөрү Кудайдын сөздөрүнө аралашып кеткен.

Кудай Оз Созуно коз салып турат. Библия Кудайдын Созу экенин боркумдой кором. Библиядагы создор болгону учун Курандагы создор бар.


Библия болгону үчүн эмес, Кудай болгону үчун Кураан бар.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (28 Сентябрь 2011 - 16:40) жазган:

Библияда айтылган боюнча адам өзү сүйгөн адамдарды уруусу керек. Далилби? Мына:

6 Ибо Господь, кого любит, того наказывает; бьет же всякого сына, которого принимает.
7 Если вы терпите наказание, то Бог поступает с вами, как с сынами. Ибо есть ли какой сын, которого бы не наказывал отец?
8 Если же остаетесь без наказания, которое всем обще, то вы незаконные дети, а не сыны. (Евреям 12:6-7-8).

Эгер сүйгөн адамды уруу керектиги жөнундө Библияда айтылып жатса, сиз эмнеге Кураанда эркектердин аялдарын уруусуна таң калып жатасыз? Сүйгөндүгү үчун да урат экен деп ойлонсоңуз, Библияга ылайыктуу иш туткан болоор элеңиз.



Атасы баласын уруу менен аялды уруунун айырмасы кыйыр турундо бир эмес бир нече жолу айтылды. Ошентсе да, жаза десе эле урууну тушунуп(кандай жаза бар экенин аяты менен келтирдим эле), болбой эле тигил аяттардан "уруу керек" деген маанини коруп жатсаныз, менде башка соз жок.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 00:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Пабыл ажырашпоо тууралуу Тенир Озу корсотмо берген жерлерди Теъир мындай дейт деп айтып жатат, ал эми озу айткан жерлерде Тенир эмес, мен айттым деп жатат. Бул Тенир минтип айтпайт болчу дегенге жатпайт.

Демек Пабыл Кудай айта турган сөздү өзү айтып коюууну чечиптир да? Ошондо Пабылдын сөзү Кудайдын сөзү деген сөз келип чыгабы же Пабыл Кудай дегенби?

Ошол сиз келтирген болумдун эн акырында Пабыл коптогон корсотмолорду берип, созун "менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм" деп бутурот.

"Бул жерден көрүнүп тургандай Пабыл да өзүн Кудай деп ойлой баштаган го. Себеби сиз Исанын атам менин ичимде деген сөздөрүн келтирип, аны Кудай деп айттыңыз эле. Пабыл болсо менин ичимде да Кудайдын руху бар болсо керек деп өзун Кудай сезип бараткандай.

Пабыл Рухка толгон, Кудайдын ыйык адамы экенин Инжилде коп жолу коро алабыз. Демек ал создорду Пабыл озунон эмес, Кудайдын Рухунун жетеги менен айтып жатат. Ошондуктан анын создору Кудай Созунун ичине кирген.

Маселенин баары ошондо болуп жатпайбы, Пабылдын сөздөрү Кудайдын сөздөрүнө аралашып кеткен.

Кудай Оз Созуно коз салып турат. Библия Кудайдын Созу экенин боркумдой кором. Библиядагы создор болгону учун Курандагы создор бар.


Библия болгону үчүн эмес, Кудай болгону үчун Кураан бар".

Бурмалоонун жаркын мисалын корсотуптурсуз. Мухамеддин багып алган баласынын аялын алганын деле, шибеге баштыкка катылбай жатса да :88: моминтип жымсалдай берсениз тан калбай турган болдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 29 Сентябрь 2011 - 00:24

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы:

Жазууну улантып окуйлу:
Ошентип, өзүңөр тандап, өзүңөр талап кылган падышаңар мына. Теңир үстүңөргө падыша койду. Эгер Теңирден корксоңор, Ага кызмат кылсаңар, Анын үнүн уксаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыкпасаңар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышаңар да Кудай-Теңириңерди ээрчип жүрөсүңөр.
Бул алардын көз алдында жаңы гана ырасталды. Кудай Шабулду падыша коюп, ал аркылуу ысрайылды Нахаштын үстүнөн жеңишке ээ кылды. Алар эгемен эл бойдон калды. Шемуел андан ары мындай дейт:
Эгер Теңирдин үнүн укпасаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыксаңар, анда Теңирдин колу ата-бабаларыңарга каршы болгондой, силерге да каршы болот. Эми ордуңардан тургула, Теңирдин силердин көз алдыңарда жасай турган улуу ишин көргүлө: Азыр буудайды оруу-жыюу маалы эмеспи? Бирок мен Теңирге кайрылам, Ал күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрөт. Өзүңөргө падыша сурап, Теңирдин алдында кылган күнөөңөр кандай чоң экенин ошондо билесиңер жана көрөсүңөр». Анан Шемуел Теңирге кайрылды. Теңир ошол күнү күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрдү. Ошондо бүт эл Теңирден жана Шемуелден абдан коркуп калды. Бүт эл Шемуелге кайрылды: «Биз өлүп калбашыбыз үчүн, Кудай Теңириңдин алдында кулдарың үчүн сыйына көр, анткени өзүбүзгө падыша сурап, күнөөлөрүбүздүн үстүнө күнөө кошуп алдык». Шемуел элге мындай деп жооп берди: «Коркпогула, силер күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла.
... күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла.
Кымбаттуу окурман, Теңир дайым кечиргенге даяр, күнөө кылып, кайра күнөө кылып, кайра дагы күнөө кылып жатсак да, кечиргенге даяр. Теңирден эле четтебесеңер болду. Кайра эле Теңирге жармашып, Теңирдин алдында жолуңарды түздөгүлө. Бирок, биз билишибиз өтө зарыл болгон бир чындык бар. Ал – бул ырайымдын бүтөр мезгили бар экендиги. Муну сиз билишиңиз зарыл жана Кудайдын ырайымынан ажырап калбоо үчүн биринчи кезекте чара көрүшүңүз керек. Кандай чара көрүшүңүз керек экенин билүү үчүн, азыр биз падышалар таржымалын талдап окуп жаткан Библия китебинин экинчи чоң бөлүгү болгон Жаңы Осуятты – Инжилди окушуңуз керек. Башкасын кечеңдетсеңиз да, муну кечеңдетпеңиз.
Кудай, Кудай болуп туруп, бизге кичипейилдик кылат десем жаңылыштык болбос. Адамдардын ыгына көнүп, аларга падыша шайлап берди. Ошондон кийин дагы алардын жолдорун оңго багыттап жатат. Элди падыша башкаруусунун опурталдуу жактарын Шемуел аркылуу көрсөтүп, кандай болгондо бул абал коопсуз болорун алдын ала айтып берип жатат. Адамзатына болгон анын сүйүүсүнүн тереңине көз, кененине сөз жетпес.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 29 Сентябрь 2011 - 00:30

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 10:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Debi (29 Сентябрь 2011 - 00:24) жазган:


Мухамеддин багып алган баласынын аялын алганын деле, шибеге баштыкка катылбай жатса да жымсалдай берсениз тан калбай турган болдум.


Дагы кайталайм: багып алынган бала эч кандай кандан жаралган баладай болбойт. Сиз генетикадан кабарыңыз бар чыгар. Анан да бул "бала", тагыраак айтканда белгилүү сахаба Зайд ибн Харис, байкагандай өзүңүз деле, атасынын аты - Харис. Ал кул болуп анан пайгамбарыбыз аны бала кылып багып алып ага Зайд ибн Мухаммад деп атап башташканда элдер, Аллах тарабынан "Мындай кылбагыла" деген мааниде аят түшкөн. Ошондон улам кайра аны адамдар Зайд ибн Харис же которуп айтканда Харис уулу Зайд деп атай башташкан.

Сиз багып алган баланын аялына нике кыйылышына ушунча "кызыктыңыз" , мен сизге Библияңыздан багып алган бала мындай турсун, өз канынан жаралган жана бир ата, бир энеден туулган Библия чыгармасынын каармандарынын окуяларынан кабар берейин. Сиз билеттирсиз, а, балким, билбейттирсиз. Мен эмнеси болсо да ошол "окуялардан" бир шиңгил таштап коёюн дедим.
Тосуп алыңыз анда:

1. "Бытие" китебинин 35 бабынын 22-стихинде атасынын аялы менен болуусу.
21 И отправился Израиль и раскинул шатер свой за башнею Гадер.
22 Во время пребывания Израиля в той стране, Рувим пошел и переспал с Валлою, наложницею отца своего. И услышал Израиль.


2. "2-Падышачылык" китебинин 13-бабынын 10-14-стихтеринде бир туугандардын "иши".
10 и сказал Амнон Фамари: отнеси кушанье во внутреннюю комнату, и я поем из рук твоих. И взяла Фамарь лепешки, которые приготовила, и отнесла Амнону, брату своему, во внутреннюю комнату.
11 И когда она поставила пред ним, чтоб он ел, то он схватил ее, и сказал ей: иди, ложись со мною, сестра моя.
12 Но она сказала: нет, брат мой, не бесчести меня, ибо не делается так в Израиле; не делай этого безумия.
13 И я, куда пойду я с моим бесчестием? И ты, ты будешь одним из безумных в Израиле. Ты поговори с царем; он не откажет отдать меня тебе.
14 Но он не хотел слушать слов ее, и преодолел ее, и изнасиловал ее, и лежал с нею.


Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 12:38

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 10:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

3. "2-Падышачылык" китебинин 16-бабынын 21-22-стиххтеринде мындай кызык бар:

21 И сказал Ахитофел Авессалому: войди к наложницам отца твоего, которых он оставил охранять дом свой; и услышат все Израильтяне, что ты сделался ненавистным для отца твоего, и укрепятся руки всех, которые с тобою.
22 И поставили для Авессалома палатку на кровле, и вошел Авессалом к наложницам отца своего пред глазами всего Израиля
.


Буларга эмне деп түшүндүрмө бере аласыз?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 10:13

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Оппа, zoxanzavr жооп жазып жатат дейт го.. Мен түшүмбү же өңүмбү биле албай жатам. Элдер, жардамга! !

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 10:25

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия чынчыл Китеп. Библияда куноонун бардыгы оз аты менен аталып жазылган. Адамзаттын жийиркеничтуу куноолору эч кандай жымсалданган эмес. Библиянын чындыгын алар дагы дааналап турушат! Ошол куноолор жазылып, ал куноолордун кесепети кандай боло тургандыгы Кудайдын кара кылды как жарган дегенде да адамдын тили менен жеткире айтылбаган калыстыгы Аны тааныгысы келген адамга ташка тамга баскандай айкын корунот. Кээ бироолордун коздорундогу шайтандын линзалары аркылуу алар Кудай ошондой кылгыла дегендей корунуп калып, ак караны ажырата алышпай баштары маъ. Кудайга чын диттерин бурса эле бардыгы жай жайында болмок. Кудайдан аларга ырайым сурайм.

Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту.

Анан Жакып уулдарын чакырып: «Чогулуп келгиле, силерге алдыда эмне болорун айтып берейин.
2Жакыптын уулдары, чогулуп келгиле, кулак салгыла, атаңар Ысрайылды уккула», – деди.
3«Рубейин, менин тунум! Сен менин күч-кубатымсың, күчүмдүн башатысың, кадыр-баркың артып, кудуретке жеттиң.
4Бирок сен суудай ташкындадың, ошондуктан тунгучтугуңдан айрыласың. Анткени атаңдын жаткан жерине кирип, төшөгүн булгадың.


***

1Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дөөт Жойапты өзүнүн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жөнөттү. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дөөт болсо Иерусалимде калган.
2Бир күнү Дөөт кечке жуук төшөгүнөн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жүрүп, сууга түшүп жаткан бир аялды көрдү. Ал аял абдан сулуу эле.
3Дөөт анын кайсы аял экенин билүүгө киши жиберди. Ага: «Ал – Элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты.
4Дөөт аялды алып келүүгө кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял өзүнүн таза эместигинен тазаланды). Анан ал үйүнө кайтты.
5Аялдын боюна бүттү. Ал Дөөткө киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды.
6Дөөт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дөөткө жиберди.
7Урий келгенде, Дөөт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жүрүшү тууралуу сурады.
8Анан Дөөт Урийге: «Үйүңө барып, бутуңду жуу», – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди.
9Бирок Урий өз мырзасынын кулдары менен падыша үйүнүн дарбазасынын жанында уктады, үйүнө барган жок.
10Дөөткө: «Урий үйүнө барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дөөт Урийден: «Жол жүрүп келдиң. Эмне үчүн үйүңө барган жоксуң?» – деп сурады.
11Урий Дөөткө: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жүйүт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жүрсө, мен үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин өмүрүң менен, сенин жаның менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди.
12Дөөт Урийге: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең мен сени коё берем», – деди. Ошентип, ошол күнү да, эртеси күнү да Урий Иерусалимде калды.
13Дөөт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дөөт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен өз төшөгүнө жатканы кетти, үйүнө барган жок.
14Эртең менен Дөөт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди.
15Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эң катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, өлүмгө дуушар болушу үчүн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда өлсүн».
16Ошон үчүн Жойап өзү курчап алган шаардын эр жүрөк адамдары турган жерге Урийди койду.
17Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дөөттүн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да өлдү.
18Жойап Дөөткө согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат бериш үчүн киши жөнөттү.
19Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жүрүшүн айтып бүткөндө,
20падыша ачууланып, сага: “Эмне үчүн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?
21Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким өлтүрдү эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде өлбөдү беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыңар?” – деп айтса, сен: “Кулуң хеттик Урий да өлдү”, – де».
22Чабарман Дөөткө келип, Жойап эмне үчүн жибергенин, согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди.
23Ошондо чабарман Дөөткө мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык.
24Ошондо жаа тарткычтар кулдарыңа дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан кээ бирөөлөрү өлүштү. Алардын ичинен кулуң хеттик Урий да өлдү».
25Дөөт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш үчүн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту күчөтүп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер».
26Урийдин аялы күйөөсү өлгөнүн угуп, күйөөсүн жоктоп ыйлады.
27Аза күтүү убактысы бүткөндөн кийин, Дөөт киши жиберип, аны өз үйүнө алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул төрөп берди. Бирок Дөөттүн бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болчу.

1Теңир Натанды Дөөткө жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен.
2Бай адамдын абдан көп майда жандыктары, бодо малы бар экен.
3Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка эч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоңойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.
4Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал өзүнүкүнө келген жолоочудан өз койлору менен өгүздөрүн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет».
5Дөөт ошол адамга абдан кыжырланып, Натанга мындай деди: «Теңир тирүү! Муну кылган адам өлүмгө татыктуу.
6Ал бул кылганы үчүн, таш боордугу үчүн козунун ордун төрт эсе төлөп берсин».
7Ошондо Натан Дөөткө мындай деди: «Ошол киши сенсиң. Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам.
8Сага мырзаңдын үйүн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жүйүт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын үстүнө дагы көп нерсени кошуп берет элем.
9Теңирдин алдында жаман иш кылып, Анын сөзүн эмнеге барк алган жоксуң? Хеттик Урийди кылыч менен өлтүрдүң, анын аялын өзүңө аял кылып алдың, аны амондуктардын кылычы менен өлтүрдүң.
10Мени барк албаганың үчүн, Урийдин аялын алып алганың үчүн, эми сенин тукумуңдан эч качан кылыч кетпейт.
11Теңир мындай дейт: Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам, өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат.
12Сен жашыруун жасадың, ал эми Мен муну бүткүл Ысрайыл алдында ачык жасайм».

13Ошондо Дөөт Натанга: «Мен Теңирдин алдында күнөө кылдым», – деди. Натан Дөөткө: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң.
14Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт», – деди.

10Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты үйдүн ички бөлмөсүнө алып бар, мен анын сенин колуңдан жейин», – деди. Тамар бышырган нанын агасы Амнондун ички бөлмөсүнө алып барды.
11Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: «Кел, карындашым, мени менен жат», – деди.
12Бирок кыз мындай деди: «Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтүү ишти кыла көрбө.
13Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен өзүң да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуң. Падыша менен сүйлөш, ал каршы болбойт, мени сага берет».
14Бирок ал анын сөзүн уккусу келген жок, күчкө салып зордуктап, аны менен жатты.


21Акитопел Абышаломго: «Атаңдын үй кайтартып койгон күң аялдарына кир, ошондо бүт ысрайылдыктар атаңа жек көрүндү болуп калганыңды угушат, сени менен болгондор да күч алат», – деди.
22Ошондо Абышалом үчүн үйдүн төбөсүнө чатыр тигишти. Бүт ысрайылдыктардын көзүнчө Абышалом атасынын күң аялдарына кирди.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 29 Сентябрь 2011 - 11:58

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы

Ошентип, Ысрайыл элиндеги кыйчалыш кырдаалда саясий абалды Кудай Өзү турукташтырды. Израилдин биринчи падышасы болуп шайланган Шабулдун бийлигин Кудай Өзү бекемдеген дедик. Мына ушуга дагы бир аз токтололучу. Бул үзүндүгө көңүл бурсаңыздар. Шабулдун атасынын бир тууганы бир нерседен шекигенсип сураган экен.
“Шабулдун атасынын бир тууганы: «Айтып берчи, Шемуел силерге эмне деди?» – деп сурады. Шабул атасынын бир тууганына: «Ал бизге: “Эшектер табылды”, – деп айтты», – деп жооп берди. Бирок Шабул ага Шемуелдин падышачылык жөнүндө айткан сөзүн айткан жок.
Эшектер табылды деп айтканы ырас эле. Анткени Шабул Шемуелге атасынын жоголгон эшектерин издеп жүрүп жолуккан. Шемуел: “Эшектер тууралуу кам санаба, алар табылды” деген. Айтканындай эле, эшектери табылган. Бирок, Шемуелдин Шабулга айткан кебинин негизи бул эмес эле. Агасы эшектин табылганын айтканынан сырткары да, пайгамбар Шабулга бир маанилүү кеп айтканын туйгансып сурап жатат. Шемуел Шабулга Кудай аны өз элине падышалык кылууга тандаганын айткан. Муну эмнегедир Шабул агасына айтууга батынбады. Дагы бир учурга көңүл бурсаңыз. Жазуудан окуйлу: “Шемуел элди Теңирге, Миспага чакырды. Ошондо ал Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым. Силер болсо бардык кыйынчылыктардан, азап-кайгыңардан куткарган Кудайыңарды четке кактыңар да, Ага: “Биздин үстүбүзгө падыша кой”, – дедиңер. Эми өз урууңар, тукумуңар менен Теңирдин алдына келип тургула».
Пайгамбар элдин падыша сураганын ашкерелөөсүн дагы да улантып жатат.
“Анан Шемуел Ысрайылдын бүт урууларынын келишин буйруду. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү. Бенжемин уруусуна тукумдарга бөлүнүп келүүнү буйруганда, Матрий тукуму көрсөтүлдү. Матрий тукумунун эркектери келгенде, Киштин уулу Шабулдун аты аталды, аны издеп таппай коюшту. Анан Теңирден дагы: «Ал бул жерге келди беле?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Ал жүктүү арабалардын арасында жашынып турат», – деп жооп берди”.
Анын падышалыкка Кудай тарабынан тандалганы Ага мурда эле белгилүү болгон. Кызык... Ал эмнеге жашынып калды экен?
Жогорудагы эки учурдан, Шабул өзүнө өзү ишене алган эмес экендигин көрсөк болот. Азыркы кезге ылайыктап айтканда, ал эч качан президенттикке өз талапкерлигин коймок эмес. Ошентсе да анын башка атаандашы жок эле. Ананчы, ал кездеги саясий абал ошондой эле да. Израил элин пайгамбарлары аркылуу Кудай Өзү жетектеген. А ошол кезде башка элдерде падыша бийлеп, ал элдер падышалыктын дөөлөт-сөөлөтү, мансабы эмне экенинин даамын татып калышкан десек болот. Анан албетте, тактыга умтулуу, ага жетүүгө ынтызарлык, далалат талапкерлерди таптап турса керек. А ысрайыл эли ал кезде андайга жете элек болчу десек болот. Андан ары улантып окуйлу.
“Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Ал элдин ортосуна турду. Бардык эл анын ийининен келчү. Анан Шемуел бүт элге мындай деди: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган эч ким жок». Ошондо бүт эл: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты. Шемуел падышачылык укуктарды элге айтып берип, китепке жазып, Теңирдин алдына койду. Анан бүт элди коё берди, ар кимиси өз үйүнө тарады. Ошондой эле Шабул да өз үйүнө, Гибага кетти. Кудай жүрөгүн козгогон эр жүрөк адамдар аны менен жөнөштү”.
Байкасаңыз, “Кудай жүрөгүн козгогон эр жүрөк адамдар аны менен жүрүштү” дейт. Кудайдын Шабулдун бийлигин Өзү бекемдеп жатканынын дагы бир белгиси. Бул жерде биз үчүн катылган бир сабакты көрүп жатам.
Бүгүнкү күндө президенттикке кайсы бир талапкерди элдин, же бийлик бутагындагылардын көпчүлүгүнүн колдошу анын утушуна зор өбөлгө эмеспи. Аны колдогон адамдардын жүрөгүн козгогон Кудай болорун, көп колдоого ээ болгон адам билип коюусу абзел экен. Колдоону адамдардан эмес, адамдардын жүрөгүн козгогон Кудайдан күткөнү туура болору да түшүнүктүү болот эле ошондо. А Кудайдан колдоону, Кудайдын алдында жолун тууралап жүргөн адам гана күтө алат да. Мындан төмөнкүдөй тыянак чыгарсак болот: Эл башына келүүгө ниеттенген адам, өз жолун Кудай алдында текшерип, тууралашы керек. Анткени Кудай, тиешелүү адамдардын жүрөгүн ал үчүн да, ага каршы да козгоп койо алат. Падышанын баары эле ошентип такка келиптирби деген суроо туулушу мүмкүн. Ооба, Кудайдын эркине таптакыр каршы келген иштерди кылган адамдар такка келген учурлар да болгон. Мындайга жол бергенинде Кудайдын, сөзсүз, Өзүнүн планы болгон. Бирок, Өз жолун Кудай алдында текшерип турган адам, Кудайдын батасына жана колдоосуна ээ болмок да, анын бийлигин Кудай Өзү бекемдемек. А Кудай бекемдеген падыша, элине Кудайдын батасы болуп, элинин бакубаттыгын камсыз кылмак. Кеп падыша эле болушта эмес, кандай падыша болушта эмеспи. Падыша болуп туруп, душмандын колунан эмес, өз элинин колунан сүрүлгөндө, анын падышалык даражасынан эмне калат? Ага караганда катардагы өз эмгегин өтөп жүргөн адамдын абройу артык эмеспи.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:05) жазган:

PR иштерин азыраак жургузсонуз. Ачкан теманызга кирип окугандан кызганасызбы я?


Жок, ал кызгангандык эмес, сүйүнгөндүк эле. "Менин суроолорума жооп жазып жатабы?" - деп сүйүнүп кеткем да..

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 12:10

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Debi (29 Сентябрь 2011 - 11:52) жазган:

Библия чынчыл Китеп. Библияда куноонун бардыгы оз аты менен аталып жазылган. Адамзаттын жийиркеничтуу куноолору эч кандай жымсалданган эмес. Библиянын чындыгын алар дагы дааналап турушат! Ошол куноолор жазылып, ал куноолордун кесепети кандай боло тургандыгы Кудайдын кара кылды как жарган дегенде да адамдын тили менен жеткире айтылбаган калыстыгы Аны тааныгысы келген адамга ташка тамга баскандай айкын корунот. Кээ бироолордун коздорундогу шайтандын линзалары аркылуу алар Кудай ошондой кылгыла дегендей корунуп калып, ак караны ажырата алышпай баштары маъ. Кудайга чын диттерин бурса эле бардыгы жай жайында болмок. Кудайдан аларга ырайым сурайм.


Сүрөт
"Жакшы" түшүндүрмө экен..

Анан да ошол "чынчыл" Китепте бир "чындык" жазылган: "Христиандардын кудайы - Кудайбы же шайтанбы" деген.. Сиз билсеңиз керек ал жерди. Эгер билбесеңиз - мен жан дилимден жазып бергенге даярмын.

Менин билишимче эч бир динде Кудай менен шайтан синоним түшүнүктү бербейт эле. А ошол "чынчыл" Китепте экөө бир түшүнүктү берип калганы айран таң калтырат да эй!

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 12:11

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:10) жазган:

"чон кишилердин" ишине кийлигишпестен, тек гана байкоо салып олтурам.


Калп айтпаңыз! Илибой форумчу билет, теманын ылдый жагындагы колдонуучунун аты кыйшайып калганда - "ал жазып жатат" дегенди түшүндүрөөрүн. Каратып туруп беш өрдөктү учурганды да койбойсузбу эми..

Мен дал ошондой баш тартып кетүүлөр болоорунан кооптонуп сүрөттү атайы далил кылып чаптабадымбы? .

Өзүңүздү жок дегенде бир жолу "чоң" сезип жооп жазып койсоңуз деле болот. Эч ким урушпайт. Балким, сиздин жоопту талдашышат. .

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 29 Сентябрь 2011 - 12:18

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Strateg   29 Сентябрь 2011 - 12:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:05) жазган:

PR иштерин азыраак жургузсонуз. Ачкан теманызга кирип окугандан кызганасызбы я?


PR силердин кызыкчылыгыңарда болуп атат, урматтуу "миссионерлер" :хаха: . Өзүңөдү индеецтерди христиандыкка айлантып аткан эр жүрөк миссионер сезип атасыңарбы? Болбосо Библия темасына баягы 5өөңөр кирип алып эле талаша берет экенсиңер. Башкалардын бул темадан :коңурук:
моминткиси келет. ;)


Андан көрө Куранга эмне сурооңор бар десеңер, жакшы болмок.


```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 16:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: