Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#901 Пользователь офлайн   temu   20 Сентябрь 2011 - 13:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кундор билинбей отоор арадан

Суйуу кайрылып келер кайрадан

Жаркырап гул жайнап бакчада

Угуулар мукам ундор куштар сайраган



Мен таарынбайм жообу жок суйууго

Ал суйуу жолуга бербеседа кунуго

Терен коз караш менен карап тагдырды

Тушкум келбейт обу жок куйууго



Себеби бул жашоо бир келет

Кайгыра берсен байкалбай отуп кетет

Карып коз жумар алдында

Байкуш кыйналды бул деп Ким сезет


temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#902 Пользователь офлайн   temu   20 Сентябрь 2011 - 13:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сенсиз шаар мага бөтөн сезилет

Махабатым сагынычка кезигет

Үмүт менен күтүп мен сени

Сүйүү бүрү ачылбай кечигет



Сезимди муздаткан сагыныч

Жүрөктөгү тагдырга болгон таарыныч

Экөбүздү кошпой жарыктыкта

Кала берет өткөн күн кайрылгыс



Кайдыгер сүйүү кайыгы

Турмушубуз кай жерден тайыды

Бирге болбой экөбүз

Сүйүгө канжар сайылды


temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#903 Пользователь офлайн   temu   20 Сентябрь 2011 - 13:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аруу тилек менен жашап келем

Махабатты сенден самап келем

Жоопсуз суйуго кабылбасам деп

Сенден жылуулук каалап келем



Тура суйуу жок деп айтчу элем

Арийне каталыгымды эми сезем

Кечир деп мен адашканыма

Махабатка баш ийип мен келем.




temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#904 Пользователь офлайн   dina   26 Сентябрь 2011 - 13:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

БАКЫТЫМСЫҢ

Жашоого жыргаш үчүн жаралгандай,

Жанымда сен калганын унуткардым.

Жер кезип издеп сени тыным албай,

Жетишет далай жанга урунганым.



Тоготпойм өзүң барда көр турмушту,

Толкун эмес тоо болуп жирегеним.

Көзү жаман бирөөнүн сөзү жаман,

Көз тийип кетпесе экен тилегеним.



Ансыз да уяң сылык мүнөзүм бар,

Суранам апкаарытып сүрдөтпөчү.

Бак-дөөлөт болуп өзүң турган кезде,

Бактымды башкалардан издетпечи.

Н.Өмүрбаева

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 26 Сентябрь 2011 - 13:48

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#905 Пользователь офлайн   dina   26 Сентябрь 2011 - 13:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

БИР ТОГОЛОК КАР

Кайтар кезде сабак бүтүп мектептен,
Карды кармап турар элең камынып.
Өтөр элем мен жаныңдан шашыла,
Жука жааган жаңы карга чалынып.

Кирер маалда коргонумдун ичине,
Уруп ийсең бир тоголок кар менен.
Оттон кошуп тоголоктоп койгондой,
Оорубастан ысый түшчү бар денем.

Эстебейсиң азыр мени сагынып,
Ээрип кеткен карга окшотуп унуттуң.
Бир тоголк кар деп жүрсөм жаңылып,
Бир тоголок сүйүү менен урупсуң.

Н.Өмүрбаева
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#906 Пользователь офлайн   dina   26 Сентябрь 2011 - 13:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

БАКЫРАҢ КӨЗ



Билинбестен мезгил келди кош дешер,

Бирге жүрүп бир ойногон жай калып.

Бакыраң көз туткун болуп калгансыйм,

Баёо сылык мүнөзүңө байланып.



Кур намыстын кулу болуп экөөбүз,

Курудук ээ ачылбаган сандыктай.

Көлдөн узап көрүнбөстөн кетерсиң,

Көзү менен сүйлөп турган жанды укпай.



Жолдорубуз башка экенин билсем да,

Жоготууга кыйбай сени курудум.

Көргүм келип көп жыл эстеп жүрөрмүн,

Көлдөй болгон көздөрүңдүн тунугун.

Н.Өмүрбаева
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#907 Пользователь офлайн   dina   26 Сентябрь 2011 - 13:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

БИР КАЛЫПТА СЕБЕЛЕЙТ ЖАМГЫР ДАГЫ



Бир калыпта келебиз жазылалбай,

Бирибизден бирибиз окчун басып.

Барк албасым чынында экөөбүзгө,

Басканыбыз жарашмак колтукташып.





Арзуунун тартпас үчүн азап-муңун,

Аракет кыларым бар эстебеске.

Жакшына жашап кетсин тилегеним,

Жаңы үйлөнгөн жубайлар кече кечте.



Бир калыпта себелейт жамгыр дагы,

Бир сезимди уютуп жүрөгүмө.

Ырга айлантып кайтамын ушул күндү,

Ырга толгон ырыстуу түнөгүмө.



Бир калыпта себелейт жамгыр дагы,

Бир сезимди уютуп жүрөгүмө.

Н.Өмүрбаева
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#908 Пользователь офлайн   dina   26 Сентябрь 2011 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

ЫСЫК-КӨЛҮМ

Тартуулап эргүү, жыргал Ысык-Көлүм,

Кошкондой болдуң өмүр өмүрүмө.

Жаныңдан чыккыс болуп калбас белем,

Жакканда бир уулуңдун көңүлүнө.



Коштошуп кетээримде үйдүн ээси,

Колумду кысып айтты келип тургун.

Төрүндө Ысык-Көлдүн ушулардай,

Төрөлбөй калганыма кейип турдум.

Н.Өмүрбаева
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#909 Пользователь офлайн   kjigit   26 Сентябрь 2011 - 15:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 25 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 11:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Азат Жуманазар(Кошчиев)
АХАТАЙГА! !!
Сенсин менин махабатым-Рахатым,
Жашоомдун таптым сенден ырахатын.
Бул дуйного алып келип алпештеген,
Ата-Энене мин мертебе Рахматым!

Омурдун дайраларын кечип келем.
Сага кана сырларымды чечип берем.
Тагдырым талап кылса бир корууго
Ойлонбостон журогумду кесип берем.

Сезимимди алоолонтун ээлей берип.
Онумдо эмес тушумдо канат керип.
Кечээ да журуптурбуз Ала Тоодо,
Жетелешип махабаттын гулун терип.

Азат Жуманазар(Кошчиев)
САГЫНЫЧТУУ КЫЯЛ
Сагынуу бул омурдун кызыгыбы?
Махабаттын дагы бир ыйык сызыгыбы?
Кусалык он колума калем берип,
Сызып келем тугонбогон умут керип.

Булут жарып асманга мен учкум келет.
Шамал сымал сени коздоп сызгым келет.
Сылап отуп,чачтарынды жыттаганда
Жан дуйномдон кусалыктын уусу кетет.

Тарап кетти сен арнаган жылуулук
Ушуп кеттим таппай сендей сулуулук
Чумкой берем элесине журокту,
Ушул адат мени абдан жудотту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#910 Пользователь офлайн   kjigit   28 Сентябрь 2011 - 00:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 25 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 11:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ойдун узум шамалы.

Ойлономун,булут каптап башымды.
Кез келди деп эсептеймин жашымды.
Ууга чыккан жолборс сымал комдонуп,
Мончогумду издейм серпип кашымды.

Санаа тартам,сапырылып келечек.
Тагдыр жибин издейм сабыр керектеп.
Тан беремин шооласына умуттун,
Ишендирген бактым менин келет деп.

Суусамыр Кайсары
.
Кымыздын мен жытын абдан сагындым.
Кыялымда айыл коздой агылдым.
Жашыл торлор,кой жайылган адырлар,
Казык болуп туболукко, жан дуйномо кагылдын.

Ат жалында, аба жарып
Шамал менен курошкон.
Курбуларым эстен кетпес,
Ойноп,кулуп бирге оскон.

Суйгом алгач, ай нуруна жуунуп
Жан дуйномо, сезим багы курулуп.
Балалыгым мээримине зар болом,
Бул турмуштун толкунуна урунуп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#911 Пользователь офлайн   temu   01 Октябрь 2011 - 13:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек



Жанеркем
Жанеркем ээледин эми эсимди
Жалындай суйуу ээледи сезимди
Журоктогу махабатты арнасам
Жалдыратып сезбей кеттинби


Кол сунуп сага жеталбадым
Кош деп сага айталбадым
Керемет суйуудон умут узуп
Кантейин жаным кетеалбадым


Арзуум сен эми журоктосун
Акылымда кадимки суроттойсун
Албуртап суйумду арнасам
Анчалык эмне кыйнап ортойсун


Берекем сенсин эми махабатым
Бел бууп сагынычтан тажабадым
Берилип сезимимди арнасам
Бир коз карашын менен да карабадын.




temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#912 Пользователь офлайн   Барс   09 Октябрь 2011 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда


Тирүүлүк белгилери


Жаз сыяктуу жаңырасыңбы?

Жаза басып, жаңыласыңбы?

Көпчүлүктүн көңүлүн буруп өзүңө,

Коңгуроодой жаң урасыңбы?



Гүл чечектей жарыласыңбы?

Гүлкан болуп жагыласыңбы?

Жүрөгүңдү чаап, жөн-ак бир кызга,

Жүдөп-жүдөп, жалынасыңбы?



Жаратканга табынасыңбы?

Жаш балача таарынасыңбы?

Туш келгенде араа сөздөргө,

Дарак сындуу таарыласыңбы?

Анда Сен-тирүүсүң! !!


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#913 Пользователь офлайн   beka123   09 Октябрь 2011 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Курманжан Датканын айылы

Капкара болгон коздорун,
суйкумдуу сенин мунозун,
жан дуйномду ээритет,
жагымдуу сенин создорун,
саламатта журо бер,
конулун сенин чокпосун!
кандайсынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#914 Пользователь офлайн   beka123   09 Октябрь 2011 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Курманжан Датканын айылы

Суйлошкум келет сен менен,
кечинде жатып уйдо мен,
чалсам досум бар дейсин,
кыйнадын жаным мени сен!
кандайсынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#915 Пользователь офлайн   beka123   09 Октябрь 2011 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 09:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Курманжан Датканын айылы

Жамалын сенин жайнаган,
жузундон сенин айланам,
жаркылдап дайым журо бер,
жаз гулундой жайнаган,
жамалына жан жетпейт,
жаркылдап кулуп жайнаган,
жаным сени сагынам,
жузундон суйуп албасам!
кандайсынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#916 Пользователь офлайн   Likvidator   10 Октябрь 2011 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Эки коздон башка коз жок адамда,
Элде бирок сан жетпеген коздор бар.
Бир тилинен башка тил жок адамда,
Бирок анда эмне деген создор бар.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#917 Пользователь офлайн   aruu   13 Октябрь 2011 - 14:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Август 08
  • Соңку аракети: 12 Июн 2015 17:54
  • Калаасы:ОШ шаары

Просмотр сообщения USSR (21 Июнь 2011 - 19:32) жазган:

Түбү жок сансыз ойлор
Жолбун иттей
Жандүйнөмдүн эшигин
Түнү менен тырмалаган. ..
Көрүнбөс көзгө
Бекем жиптей
Көөдөнүмдү көтөрүлтпөй
Байлап, чырмап, тушап алган...
Күндөр өтүп
Тегирменден чууруп түшкөн
Буудай сымал баары тегиз бырчаланган. ..
Жашоо жалган
Катып калган эски нандын
Күкүмүндөй ушаланган...
өмүрүмдү башка бирөө
Жашап бүтүп койгон сындуу
А мен болсо...
Бул дүйнөгө адашып бир
Келип калган сыяктуу туталанам... .
Жамгыр төгөт
Кулак төшөйм ыргагына акырын
Ортобузда талаа, токой
Айыл-шаарлар, эсепсиз көп чакырым...
Качтым алыс
Дагы кайда? Мындан ыраак
Кайда барам? Жетпей туру акылым...
Бир күн келээр
Күз даамданган жытыңды
Жүрөгүмө терең-терең катып туруп,
Күн нурундай желбиреген саамайың
Карегимдин тереңине чөгүп, тунуп,
Бери карап жылмайып
Көкүрөгүм оор үшкүрө улутунуп,
Уктап кетем...
Кош айтышып мени менен жылуулук....
Ага чейин
Күз түспөлдөш көркүң барда,
Күн мээримдүү көзүң барда
Таштап кетпес мени ушул тирүүлүк...
........
Жамгыр дале жаап жатат...
Тажабайт...
Ар бир тамчы ысымыңды
Улам-улам кайталайт... .
Күз даамданган, күз түспөлдөш аруу кыз
Бир басалы? Колчатырды ачыңыз.....


Азамат экенсиз, ырыныздын ар бир сабы журоктун теренинен чыгып, салыштырууларыныз козду умачтай ачат. Азаматсыз!!!

Билдирүүнү түзөткөн: aruu: 13 Октябрь 2011 - 14:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#918 Пользователь офлайн   USSR   13 Октябрь 2011 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aruu (13 Октябрь 2011 - 14:45) жазган:

Азамат экенсиз, ырыныздын ар бир сабы журоктун теренинен чыгып, салыштырууларыныз козду умачтай ачат. Азаматсыз! !!
Чоон рахмат! Сиздей ыр чеберинен мактоо угуу- мен учун ото чон мааниге ээ.
Куш келипсиз, сиздин ыр саптарынызга оло суусап турган убагыбыз..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#919 Пользователь офлайн   Likvidator   13 Октябрь 2011 - 21:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жаны толгон айдын аппак денеси ,
Жай баракат колдо сузуп жаркырайт.
Бирок анын колго тушкон элеси ,
Бирде сынып, бирде туйлап калтырайт.

А сен жаным , жерде сузгон кемесин,
Айдай жузун алыстан да жаркырайт.
Бирок дайым менде жургон элесин,
Бирде туйлап , бирде кыйнап калтырайт .

Чайыт ачкан эн татына гул элен ,
Чанагында булбул гана туногон.
Жапжаш элен ышкы отуна кана элек,
Жаркын жузун мынча эмне жудогон?

Азгын тартып аппак жузун сапсары,
Айтчы гулум кандай балээ каптады?
Жел соктубу жаш шагынды сындырып ,
Же тийдиби чолдун ыссык аптабы ?
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#920 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   14 Октябрь 2011 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Ыйлаба, ыйлабагын
Сооротууга сөз табалбай
Эзилип, кыйналамын
Жашооңун оор күнүндө
Жалгыз сени таштабаймын
Ээрчишкен эгиздердей
Жаныңда жүрөм дайым
Күнүң батып турган кезде
Болойун толгон айың
Караңгы каптаганда
Болойун аткан таңың
Суук түшкөн жан дүйнөңдү
Жылытайын болуп жалын
Бир эле жылмайууңа
Бар дүйнөмдүн берем баарын

Унуттуруп азаптарың
Айыктырып жараларың
Өчүрүп тагдырыңдың кара тагын
Ачып берем жашоонун апапакай,
Жапжаңы, так түшпөгөн барактарын!

Бир эле суранаарым ыйлабачы
Өзүңдү, мени дагы кыйнабачы...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 05:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: