Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1161 17 Сентябрь 2011 - 17:18
#1162 18 Сентябрь 2011 - 03:16
#1163 18 Сентябрь 2011 - 18:40
Ушунча жылдан бери келбеген таятана тез каттап калдынго дединиз, Чындап баргым келчу, барсам эле ыйлап эле журогумду эзчу эле, ошонун ордуна мен алып кетпейби деп, Ошондо Айна таяжем айтпады беле 75-тен ашкан абышканын жан дуйносун кыйнап чанда келе бербегилечи деп...... ошону учун гана барчу эмес элем, эмне мага тууган керек эмес дейсизби, хотя сиздей туугандан алыс эле болуш керек го.
Ошондо айткан создорунуз жок журогумдун ичине кирип зыркылдатып жатат дагы эле, ээх кантип адам баласынан ушундай суук создор чыгат... Дагы бир жолу кыйкырып айткым келет МАГА СИЛЕРДЕН ЭЧ НЕРСЕ КЕРЕГИ ЖОК. Ээх экинчи ошол кок-арт жергесине басып барбай.... кош бол менин тая журтум......... .
Таята жаткан жерин жайлуу болсун, ошол сизге берген 80жашты кудайым мага да, карындашыма да берсин ылайым... Бизди кором деп аябай аракет кылыпсыз мен да окунум бир коруп калбаганыма. ..........
ТУНУЛУП УШУЛ ЖАШООДОН
ОО ДУЙНО КЕТТИ ДАГЫ БИР ЖАН
#1164 19 Сентябрь 2011 - 12:52

#1165 19 Сентябрь 2011 - 13:04
Жеңиш - менин тагдырым.
#1167 25 Сентябрь 2011 - 00:40
мен коп деле сурабайм кудайдан, мен сени коридордон, же кочодон коруп калсам, бир гана сенин коз карашынды кармап калып, анан кирпиктериндин учуна озумдун коз карашым менен бир нече секундга тийсем ошол мага жетиштуу болоор эле, ошондо мен сени сыйкырлап салат элем, анткени мен сени баардыгына кызганам, а балким сен, менин коз карашымдан баарын окуп, журогун баардыгын сезип, башкача согуп калат?
балким менин чырайым суук, кыялдарым да акылсыз, бирок баарибир мен кыялдарыма так ишенем, жан дуйном жайында эмес,кан тамырымдын согуусу да тынч эмес, буга себеп-сени менен болгум келген менин жиндидей каалоолорум. калын элдин арасынан сени кором, озумду жондон жок жек кором, кыялдуу тундорумду суу каптап, мен ошол сууда чомом. Чындап баардыгы ушундай болгонсуп озумду кароону да унуткам. Ошол мен сени коруп калган кунум курусун!
#1168 26 Сентябрь 2011 - 02:55
кАроче, журок ооруватат...
#1170 26 Сентябрь 2011 - 14:53
Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 26 Сентябрь 2011 - 14:57
#1171 28 Сентябрь 2011 - 04:57
#1172 28 Сентябрь 2011 - 12:42
Билдирүүнү түзөткөн: Rabiga: 28 Сентябрь 2011 - 12:44
#1173 28 Сентябрь 2011 - 20:57
Бүгүн биринчи жолу ага боорум ооруду. Күткөн эмесмин. Кубанычымда чегим жок. Эми башым катып жатат. Кайсы бир тасмада "эгерде сага бирөө жагып калса, ордуңда туруп, күтө бербе, ага карай кадам ташта" деп айтылат. Мен бүгүнкүсү менен экинчи кадам таштадым. Барган сайын бул аралык жакындап барат. Мейли, мен күткөндөй тез болбосун, бирок ушул ортодогу аралыктын жакын арада жок болушуна ишенгим келет. Анткени ар кимден алыс болуп, чек ара коюп, эч кимди жакындатпай, баары үчүн чоочун жашоодон тажадым. Ишенгим келет, таянгым келет, бактылуу болгум келет...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#1174 28 Сентябрь 2011 - 21:09
#1175 29 Сентябрь 2011 - 00:26
#1176 02 Октябрь 2011 - 12:21
Шашылып чуркайм. Эстеп отурсам, экөөбүздүн курбу болуп жүргөнүбүзгө он жылдай болуптур. Жаңы таанышканыбызда сенин ушунчалык оптимист адам экениңе таң калгамын. Он биринчи классты аяктап, баягы күндө жолугуп, кун сайын чогуу болуу сааттар соңуна чыкканын билгенде,сендей досторумдун көп болушун кааладым. Бирок мына баары бир сен жалгыз бойдон калдың. Мен буга кубанычтамын. Анткени ошол жалгыз адам дагы көбүндө таптакыр жок болсо керек. Кийин тапкан көптөгөн досторумдун арасынан кээ бирлери мени жалгыз жакын досум деп билишет. Мен бирок анте албадым.
Бир гана сага ачыла алам. Баарын төкпөй чачпай айтып бере алам. Сени менен сүйлөшкөндө "керемет жашоонун" азырынча жомок гана экенин мойнума алам. Дайыма айта бересиң "качан чоңоесуң?" , "убакыт карап отурбайт" , "чогуу бактылуу бололу" дейсиң. А мен чайналган кассетадай "бир аз... дагы бир эки жыл... азыр мен даяр эмесмин" деп кутулам. "Окудуң, иштеп жатасың, сага дагы эмне керек?" деген жоопсуз суроолорду жаадырганда, "билбейм. .." деп гана шашылам. Балким чындап эле убакыт жеткендир. Көз жумуп башка жашоо баштоо зарылдыр. Билбейм. Чын, менде андай муктаждык пайда боло элек. Же кийин кеч болуп калабы? Баары окшош суроону кайталаганда, мен аргасыз ойлорго жетеленем. Азырынча каалабайм, даяр эмесмин, чын айтам деген сөздөрүм барган сайын негиздүүлүгүн жоготуп барат.
Байкатпай... атайын... кызыңды мага жакындатып көрүү менен сынайын дейсиң... Мен ал жөжөнү ушунчалык жакшы көрөм... жаш балдар периштедей эмеспи... мага ого бетер ынтылат... чоң дүкөндүн ичинде чогуу жүрдүк... демейде мен улуу катары аны колунан жетелешим керек эмеспи? жок... ал мени колумдан кармап, таттуулар сатылган бөлүккө чуркадык... мен туш келди ар таттууну кармалай, жөжөгө көрсөтө бердим... бажырайган көздөрүнөн ал дагы эмес, бул дагы эмес экенин түшүнүп жаттым... бир мезгилде бир текчеге токтоду да, быйтыйган колдору менен момпосуйдун баштыгын алды... өзүмдү алсыз сезип кеттим... жашоомдун ушул моментте боткого айланганын түшүндүм... мен эмнеге токтолорумду аңдай элекмин... жөжөчө да жокмун... мага эмне жагарын билбейм... кассага жакындадык. .. төлөдүк... ачып бер деди... анан ичинен бирөөнү алып чыгып, прям оозума салып берди... анан мени кайрадан колуман кармап, эшикти көздөй жөнөдү... бир гана жөжө түшүндү... мен дале чоңое элекмин...

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 02 Октябрь 2011 - 12:23
Жеңиш - менин тагдырым.
#1177 04 Октябрь 2011 - 12:33

#1178 05 Октябрь 2011 - 04:43
#1179 05 Октябрь 2011 - 12:32
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1180 05 Октябрь 2011 - 13:24