Суперстан: Атактуу акындарыбыздын сезим тамчылары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атактуу акындарыбыздын сезим тамчылары

#1 Пользователь офлайн   jaina   24 Август 2011 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 05 Июнь 07
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 20:07

Кыргызымда кандай залкар таланттар бар. Бул жакка атактуу акындардын өзүңүзгө жаккан ырларын жазсаңыздар болот.

Сабырдын түбү - сары алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jaina   24 Август 2011 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 05 Июнь 07
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 20:07

Омор Султанов_ Арзуу ырлары
Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн,
Күлгөндө жазгы гүлдөй жайнап кеткен.
Мен сени сүйгөн жокмун сөзүң үчүн,
Кайгыны көкүрөктөн айдап кеткен.

Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн,
Жигиттин талабына жооп берген.
Жок, сени сүйгөн жокмун оюң үчүн,
Ак нурдай Ай алдынан кармап келген.

Мен сени сүйгөн жокмун сырың үчүн,
Эч качан, эч кимдерге жандырбаган.
Бар туруп айтаар сөзүм, каруу күчүм,
Бактысыз сени карап жалдырагам.

Мен сени сүйдүм сүйүү бардыгынан,
Жаркырап, жаңыланып, сезим гүлдөп.
Көңүлдө жан көшүлткөн жашыл ыраң,
Бүрдөбөй калган багым кайра бүрдөп.

Сабырдын түбү - сары алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aydashka   25 Август 2011 - 13:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ташиев Нургазы
ӨМҮРҮ КЫСКА МАХАБАТ


Сезимим сен тарапка көчкөн менен,
Сен жаккан сүйүү оту өчкөн менден.
Сен деген таттуу ойлор талкаланып,
Сен деген таттуу ойлор өчкөн мээден.

Ал күндөр азыр бизден абдан алыс,
Албырып турган жүрөк азыр жалгыз.
Алдыга шашкан сайын убакыттар,
Арттагы убакыттар бизге калыс.

Бейтааныш адамдардай сапар улап,
Бейубак жолугаарбыз даа бир убак.
Ээлигип шамал кууган камгак болуп,
Эл ичин каптап өтөөр даа бир ушак.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Janyla   26 Август 2011 - 11:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

А.Осмонов
Шота Руставели" Жолборс терисин жамынган баатыр"

Суйуунун-козу корбос турлору бар,
Суйуунун-кулак укпас ундору бар.
Суйуунун-кыш болсо да,жайдан жыргал,
Узулбос-башка адамга гулдору бар.
Суйуунун-арфаларга бербей турган,
Озунун тарта турган куулору бар.

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Janyla   26 Август 2011 - 22:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Алыкул Осмонов
"Аялга"

Суйгум келет жаш жандырып,жаш болуп,
Жашымды алдап,жаш кайындай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отунан
Чыккым келет,жанып чыккан таш болуп.

Суйгум келет,мин мертебе жанылып,
Суйгум келет.суйгонумо жалынып,
Оз кучунду оз кучумо багынтып,
Суйгум келет кээде озуно багынып.

Копкок асман жерге тушсо жарылып,
Кыян журсо жердин усту тарылып,
Ал кыяндан отор элем кыйналбай
Бир коз караш кубатынды жамынып.




Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Debi   16 Сентябрь 2011 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кетсен кеткин эми мага баары бир
Сенден сулуу, мени менен жаны бир
Жаш жигитти суйуп алам дагы бир...
Деги эмнени айтып жатам очошуп?
Озунду эле суйом, суйом баары бир.

***

Мага азыр, башымды жолоп алып, мойнунан бек кучактап,
Ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо ошол болсун, атын да айтпай койсун,
Болгону, болгону эле, мен ыйлап буткучокту чачымдан аста сылап,
Ийинин тосуп койсун.

Элпектенип эч кимди туурабасын,
эбиреп, конулумду улабасын.
"Эмне болду, айтчы" деп сурабасын.
Баары бир жооп бере албайм,
Бут денем талып турат,
Баягыдай бакыт издеп чыккан элем,
Ошол сапар мына азыр карып турат...

Рахат деген айымдыкы эле, фамилиясын унутуп жатам, "Озумду издеп" деген ыр жыйнагынан. Узундулор келтирдим, ал китепти да бироо сурап алып, ким алганын унутуп коюп, таппай калгам.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 16 Сентябрь 2011 - 20:44

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Shahinia   23 Сентябрь 2011 - 07:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 05 Март 09
  • Соңку аракети: 23 Сен 2011 07:23
  • Жынысы:Аялзаты

Олжобай Шакир
"АРЗУУ"
Кездер болду ашык болуп сыртындан,
жолугам деп далай жолу умтулгам. Ажарына тик кароодон айбыгып,
сага жазган канча катым жыртылган!

Кездер болду сага барып атайы,
колду берсем кетирчудой катаны...
Колокондой журуп,журуп артындан
Алыстады канча мезгил катары!

Кездер болду колго алам деп озумду,
тике карап жоодураган козунду:
Ун-созу жок уяндыгым бар эле, тилим буулуп жеткиралбай сезимди!
Ойдун тубу жок. Создун чеги жок.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   serche   29 Сентябрь 2011 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Элегия

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган чоочун үйдө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай жабыла күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү беоестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.


Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк – уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

Салижан Жигитов

Билдирүүнү түзөткөн: serche: 29 Сентябрь 2011 - 16:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   05 Октябрь 2011 - 12:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Шайлообек Дүйшеев.
Сагынуу

Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшогон бир да жылдыз таба албай.
Санаа менен күн батырып келатам,
Сага окшогон бир да гүлдү таба албай.

Карегимди жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.

Адам жоктур бул дүйнөдө сүйбөгөн
Ашыктыктын алоосуна күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Ажыратты мерез мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   05 Октябрь 2011 - 12:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

serche (29 Сентябрь 2011 - 16:52) жазган:

Элегия

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү беоестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Салижан Жигитов

Рахмат, serche!

Мен ушул текстти таппай жүрөт элем.
Муну Аксуубай Ата(м)баев деген обончунун салган обону менен Асанкалый Керимбаев созолонткондо аябай муңдуу ыр болуп келишип калганын жалпыңар эле баамдасаңар керек.


Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Октябрь 2011 - 13:07

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   dina   05 Октябрь 2011 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Сөзү: Ж.Мамытовдуку


Издейм сени


Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   USSR   05 Октябрь 2011 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Debi (16 Сентябрь 2011 - 20:42) жазган:

Кетсен кеткин эми мага баары бир
Сенден сулуу, мени менен жаны бир
Жаш жигитти суйуп алам дагы бир...
Деги эмнени айтып жатам очошуп?
Озунду эле суйом, суйом баары бир.

***

Мага азыр, башымды жолоп алып, мойнунан бек кучактап,
Ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо ошол болсун, атын да айтпай койсун,
Болгону, болгону эле, мен ыйлап буткучокту чачымдан аста сылап,
Ийинин тосуп койсун.

Элпектенип эч кимди туурабасын,
эбиреп, конулумду улабасын.
"Эмне болду, айтчы" деп сурабасын.
Баары бир жооп бере албайм,
Бут денем талып турат,
Баягыдай бакыт издеп чыккан элем,
Ошол сапар мына азыр карып турат...

Рахат деген айымдыкы эле, фамилиясын унутуп жатам, "Озумду издеп" деген ыр жыйнагынан. Узундулор келтирдим, ал китепти да бироо сурап алып, ким алганын унутуп коюп, таппай калгам.

Жакшы ыр экен,журокко жеткидей. Автордун талантына таазим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2011 - 22:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

УССР, ооба, мага да абдан жагат. Тиги баягыда деген жерин "баягыдай" деп коюптурмун, автор кыжалат болбосун, непада коруп калса.

Калмураттын ыры

Оо анда коктом эле, коктом эле
Жаны эле жамгыр тогуп откон эле
Капкара карагаттай козун менен
Карадын кирпик какпай копко неге

Сейилдеп бакка келсем айтамагым
Сен ошол коз карашын кайталадын
Мээримин чачып турсан коз нурунан
Мен неге байкабадым, байкабадым

Болгондур байкабастык тагдырымда
Тагдырдын тайыздык же тардыгы да
Сезимге от тутантып да караса
Мен эми кайыл элем бардыгына

Негедир ошол жазды эстей берем
Эстейм да андай жазга жетпей келем
Алиге сеникиндей коз карашты
Аттин ай, мен эч кимден сезбей келем...
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kggirl85   09 Октябрь 2011 - 09:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 09 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2013 19:28
  • Жынысы:Аялзаты

Мен бул ырдын авторун көптөн бери издеп жүрөм ким билсе жазып койсоңуздар сураныч.
Элегия...

Биз окууну бүтөөр жылы жайында,
сен экөөбүз асфальт менен айылга, келгенибиз
Эсиңдеби....

Ажарланып кызыл нур жүзүң,
айтаарыңдай кызык сыр,
акырын ийилдиңда кулагыма дедиң сен;
"Жүгөрүлөр бала кармап калыптыр" .

Андан бери жүгөрүлүү жаздын канчасын узатып,
канча кыштын каарына карыктым.

Жүрүп-жүрүп жолугуштук жолдо ошо ,
жүгөрүдөй бала кармап алыпсың...
Кыргызстанды сагындым!!!.. ........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   meykin   10 Октябрь 2011 - 00:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 04 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2011 11:57

"Сезимдер орт каптаган эгин талаа,
Себелеп очурууго коз жаш жетпейт" Бул ырды билгендер барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Debi   10 Октябрь 2011 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

meykin (10 Октябрь 2011 - 00:09) жазган:

"Сезимдер орт каптаган эгин талаа,
Себелеп очурууго коз жаш жетпейт" Бул ырды билгендер барбы?

оо суйуу, бул дуйного салдын балээ
Караанын адамзаттан четтейт, четтейт

уландысы ушундай эмес беле? илгери бир жерден коруп жазып алдым эле, ал жазгандарым жоголгон.
азыр оюм да озгорулуп калгандыктан эстеп жургонго аракет кылбаптырмын. Ыр озу жакшы жазылган бирок, суйуу четтебейт экен, адам озу суйуудон четтейт тура.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aydashka   14 Октябрь 2011 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.

Менде айып жок… төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, “күнөө өзүңдө” деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Nurkg   25 Октябрь 2011 - 16:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 15 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2011 14:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Шайлообек Дуйшеевтин "Сакта" деген ыры болсо жазып коюнуздар. Сураныч.
Кыбыраган кыр ашат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   birkemduyno   17 Ноябрь 2011 - 20:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 14 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2012 20:55
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Karea


"Koshtoshy"
Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.


Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.


Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы, Кимге керек ата эненин көз жашы.
Эгер “кел!” деп ата мекен чакырса,
“Аманбы” дан “кош” деп айткан сөз жакшы.

*********************************************
" Yilabachy"
Билесиң го
Кансыз согуш болбосун?!
“Кан”–деп учат,
“Жан”–деп учат коргошун.
Кан майданда
Каза болгон көрүнөт,
Каалап тийген,
Кадыр шерик жолдошуң.
Эрдин эри
Кармашууда тандалат,
Эрлер чыгат,
Эл эрчитип алгалап.
Октор учат, эрегишкен кезекте,
Ажал издеп,
Этек жеңди жалмалап.
Ошол кезде,
Балким бир ок жаңылган…
Кимди билет?
Кимди тандайт?
Ал урган.
Кара кийдиң,
Кайран, эрден айрылып,
Сөгүлчүдөй бүт кайышып кабыргаң.
Кайрат кылчы,
Кара көзүн аарчычы,
Саамайың жый!
Садагасы сабырлан.
Жашык болуш
Жаман адам белгиси.
Күйпөл жүрөк,
Күйүткө бел алдырган.
Ыйлабачы!
Мончок жашың төкпөгүн.
Эмне мынча,
Эзип ичти өрттөдүң?!
Турасың го,
Элестетип, элжиреп,
Коштошордо,
Колуң кысып өпкөнүн!!
Ыйлабачы!
Кара чачың жайбачы,
Кайрат кылчы,
Катуу белиң байлачы.
Кайрылгысыз,
Колдон учкан шумкардын,
Кагылайын,
Кайдан болсун айласы.
Ыйлабачы!
Ирмебечи жашыңды,
Сар оорусуң,
Санааң жаман басыңкы.
Койчу жеңе!
Эрлер учат күрөштө,
Ант да ушул,
Шарт дагы ушул азыркы.
Ырас аяш!
Ичиң бышат жалындап,
Коңултактайт,
Бир капшытың аңылдап.
Бирок ойлон,
Өзүң эстүү адамсың,
Канча ыйласак,
Эми кайдан табылмак.
Дагы ойлончу!
Не болмокпуз, немецке–
Үйдө жатып,
Бак таалайдын,
Баары жогун алдырсак.
Ыйлабачы!
Тырмабачы!
Сулуу беттин анарын,
Кийбе!
Ташта!
Кереги жок каранын.
Жыл оңолот
Кемтик толот,
Жаш кетет,
Жашын тиле
Эмчектеги балаңын.
Тетигине!
“Кек кетирбейм”–дегенсийт,
Дүңгүрөтүп атып жаткан жарагың.
Оң бурулчу!
Карабачы жүгүңдү.
Ыйлабачы
Муңдуу созуп үнүңдү.
Жеңиш тиет,
Эрдин өчүн алабыз:
Каткырасың
Кайра ачасың гүлүңдү.
Тили чыгып,
“Аталаса” каралдың,
Унутулар,
Кан жутканың бүгүнкү.
Ыйлабачы!
Кайгыны ичке батыргын,

***************************************
"Beshigim meken"
Бешигим мекен ырысым,
Өзүңсүң өткүр кылычым.
Өзүңсүз жашап жанмын деп,
Өткөргөн күнүм курусун.


Атасың, тууган энесиң,
Ар дайым көздө элесиң.
Ааламга даңктуу чокуң бар,
Ай өпкөн күмүш төбөсүн.


Сан байлык жаткан жериңден,
Сары өзөн, салкын төрүңдөн.
Замандын күүсү коштогон,
Сары-Челек, Ысык-Көлүңдөн.


Созулуп жаткан Соң-Көлүм,
Соолбос алтын чөйчөгүм.
Көгүлтүр түбүн тиктесем,
Көрүнүп турат эртеңим.


Алыста жүрсөм өзүңдөн,
Айырмам болбой жетимден,
Түндүктөн чыккан түрүлүп,
Түтүнүң учат көзүмдөн.


Көркүндөй гүлдүү белестин,
Көңүлүм куунак мен өстүм.
Көкөлөп учкан торгойдой,
Көгүңдөн канат элеттиң.


Сууңду ичтим кашкайган,
Сулууңду сүйдүм назданган.
Күүлөнүп учкан жебедей,
Күлүгүң чаптым тапталган.


Эмгеги сиңген немедей,
Тузуңду таттым ченебей.
Карызмын сага. Өзүңдө–
Калган жок акым кенедей.


Күч курап сансыз сайлардан,
Күрпүлдөп аккан дайраңдан,
Балыгың болуп сүзө албай,
Баратат өтүп кайран жан.


Көрсөткөн анча пайдам жок,
Колумдан келбейт айлам жок.
Кош мамаң берген сүттү актап,
Көзүмдү жумсам арман жок!

****************************************
" Aial zaty"
Адамдарды аял багат бешикте,
Аалам сыйлайт аял үнү эшитсе.
Чынында эле бир немедей болосун.
Чыгып эле бир азга эле кечиксе.




Тирүүлүктүн тил эриткен ширини,
Жамандыкка жаба албайбыз бирине.
Ааламдашуу маселесин бириктейт,
Аялдардын бүгүн мына билими.


Жашоодогу ар мүнөттүн туткасы,
Жаңы жаны келчү күндүн устасы.
Алчылантып алга карай сүрөгөн.
Аял биздин жүрөгүбүз кыскасы.


Күнүмдүктүн күн караткан өкүлү,
Күүлөп турат күндө жаны эсини.
Ар намысты алып келет талашып,
Ар аялдын ар күн жазган чечими.


Көр оокаттын аркагы да эриши,
Аял менен көрктүү нарктуу эл ичи.
Энелерге көз каранды деп келем,
Элди карай оомадынын келиши.


Аял сөзүн укпаган бир киши жок.
Адам эмес аял менен иши жок.
Маани бербей келе берсе аялга,
Мамлекет өзү дагы күчү жок.


Баарыбыздын балдан таттуу энебиз,
Баарыбыз тен эмне десе көнөбүз.
Жашырбастан ашырбастан айталы,
Жарыктыкты эне аркылуу көрөбүз.
CHingiz Aitmamatov. E-mail 1990180@mail.ru Tel;010-3147-5633
Korea,


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   dina   26 Январь 2012 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жыпара Исабаева

***
Саргайып санаага батпайлычы,
Азапты арт жакка таштайлычы,
Кечигип жолуктук ансыз дагы,
Бардыгын кайрадан баштайлычы.

Сапардан кечигип жолукканым,
Эртерээк билбейм не жолукпадын?
Алдыда ким билет канча омур бар,
Суранам журокту оорутпагын.

Коодонго коп санаа алган толуп,
Коздорго кусалык, арман тонуп.
Озундон башкага конулум суз,
Озунсузз бут омур жалган болуп.

Ансыз да омур аз. Майдаланбай,
Конулго чакырып кайрадан жай,
Тагдырдын тамаша, сыноосунан,
Кел, отуп коробуз тайгаланбай.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: