- Кайсы көчөдө жашайсың?
- ЧОТБАЙ көчөсүндө..
Бир караганда Ленин, Фрунзе, Белинский дегенге караганда "вполне"
кыргызча ат ээ?
Бирок, Чотбай деген ким?
Ал эмне кылды эле анчалык бир көчөнүн атын анын урматына койгудай?
Маселе дал ушуда.
Келгиле, азыркы учурда коомчулукта массалык түрдө жүрүп жаткан ат алмаштыруу процесси тууралуу сүйлөшүп көрөлү..
- (2 )
-
- 1
- 2
Кайсы көчөдө жашайсың? - ЧОТБАЙ көчөсүндө..
#1 06 October 2011 - 08:32
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 06 October 2011 - 08:42
Менин жашаган көчөмдүн аты кыргыз элине таанымал бир адамдын атында эле. Анын үстүнө да кыпкыргызча.
Бирок, мындай аттан менин айлымда бир эмес эки көчөгө коюлган, ошондуктан адамдар "баланча түкүнчө деген көчөдө жашайт" дегенде дайыма адаша беришет эле. Анан "адамдар адашпасын"
дедиби же башка себептер мененби, айтор, биздин көчөнүн атын башка атка алмаштырышты.
Ал үчүн, албетте, алгач жамаатты чакырып кой союлуп, боорсок бышырылып дегендей бардыгы программа менен башталды. Анан курсакка май барып, телегейиң тегиз болгондон кийин аксакал, көксакалдан бери ыраазы болуп чакырган үйдүн ээсинин суроосуна макулдук берип анысы менен батасын кошо берип көчөнүн атын алмаштырууну чечишти.
Мен бул ишке эч кандай ич күйүмдүүлүгүм жок. Муну болгону тек гана мисал катары жазып жатканым. Тескерисинче биздин көчөнүн атынын алмаштырылганына эч кандай каршылыгым деле жок. Мейли, ошол аты коюлуп жаткан адамдын эч кандай деле эмгеги жок болсун, мейли ал татыксыз болсун, бирок, анын балдары татыктуу адамдар эле. Бери дегенде эле ар дайым жаандан кийин ылай, ботко болуп машине дагы араң жүрчү көчөнү даңгыратып коюшту. Аллах ыраазы болсун эгер алардын ниети элдин ары-бери жүрүшүн жеңилдетүү болсо. Көчөнүн бир тарабы чуңкурлары көп болгондуктан ал жактан машине тургай велосипед менен араң кирээр элек, азыр жакшы болуп калган. Менин жеке эсептөөмдө 200-300 миң сом каражат сарпталган болушу керек. Канчалаган камаз шагыл түшүрүлүп, тапталып, бир топ сооп иш кылышты. Азамат менин акелерим (айылдаштардын баарын (улууларын) "аке" дейсиң да).
Дегеним, азыр Кыргызстандын көпчүлүк аймагында болуп жаткан ушуга окшош иш-аракеттерге коомчулуктун кандай ою бар?..
Мисалы, айталы, жакында бир мектепке Р.Шаботаевдин ысымы ыйгарылды. Балким, ал, бейиши болгур, көзү өткөндөн кийин (!) туугандары мектебине жардам бергендир, бирок, ал тирүү убагында кандай татыктуу иш кылды эле?
Ушундай сыяктуу маселелер да.

#3 06 October 2011 - 08:45
Өзүмдүн оюмду билдирип кетсем.
Эч кандай "кыргыздар улутчулдукту башташып, башка улуттагыларды басмырлап жок кылуунун аракетинде" деген сыяктуу алибетте көтөрүлүп чыга турган ызы-чуудан чочуланбай эле жанагы Григорьевка, Юрьевка, Полтавка, Ново-Покровка, Ново-Павловка деген сыяктуу кыргыз элинин канын ичкен помещиктердин ысымын алып жүргөн жер-суулардын аттарын толугу менен кыргызчалаш керек. Бирок, кыргызчалаганда көрүнгөн Чотбай, Балтабайлардын жана акчасы барлардын атын коё бербестен, татыктуу инсандардын ысымын ыйгаруу зарыл деп эсептейм!

#4 06 October 2011 - 08:52

100 % кошулам сага! Көчөлөрдүн аттары кыргызча болсо! Сосновка дагы бар экен. Мисалы мен эң популярдуу ЛЕНИН аттуу көчөлөрдү да алмаштырса каршы эмесмин.
#5 06 October 2011 - 09:08
Соңку жаңылыктардан:
Бишкекте "Анкара" деген көчө пайда болду!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 06 October 2011 - 09:14
Ооба, бизде андай көчөлөр көп:
Москва;
Алматы;
Ташкент;
Душанбе;
Ашхабад;
Киев;
ж.б.; (улантып кетсеңер да болот, статистика үчүн)
Эми, Анкара. Жакында, балким, Рио-де-Жанейро.
Айтмакчы, украиндер, бир чоң көчөсүнүн атын "Ч.Айтматовдун атына койбойлубу? Кыргыздардын килтейген бир көчөсү Украинанын борбор калаасынын атын алып жүрөт", - дешип жатканын кулагым чалды эле. Мындай, эки элдин ынтымагын, улуттар аралык мамилесин чыңдай турган иш-аракеттер, албетте, колдоого алынаарына шек жок.
Москва;
Алматы;
Ташкент;
Душанбе;
Ашхабад;
Киев;
ж.б.; (улантып кетсеңер да болот, статистика үчүн)
Эми, Анкара. Жакында, балким, Рио-де-Жанейро.
Айтмакчы, украиндер, бир чоң көчөсүнүн атын "Ч.Айтматовдун атына койбойлубу? Кыргыздардын килтейген бир көчөсү Украинанын борбор калаасынын атын алып жүрөт", - дешип жатканын кулагым чалды эле. Мындай, эки элдин ынтымагын, улуттар аралык мамилесин чыңдай турган иш-аракеттер, албетте, колдоого алынаарына шек жок.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 06 October 2011 - 09:21
Теманын атына байланыштуу:
Кийин, оо кийин, Кыргызстанда бир көчөнүн аты генерал Чотбаевдин ысымын алып да калышы мүмкүн экен 
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#8 06 October 2011 - 09:54
Орусча бойдон аты калган кочолор мындай турсун, кыргызча ысым алган кочолордун дале орусчасынан кутула албай келгенибизди кантебиз? Бишкекте мисалы ,дале болсо советская,карпинка,
дзержинка деген аталыштар эбак эле кыргызча ысымдарга ээ болсо да эскиче аталып келуудо. Же Абдрахманов менен Байтик баатырдын кыргыз элинде кадыр баркы ушунчалык паспы? Атугул, ыраматылык улуу акыныбыз Боконбаевдин атын алып жургон кочону "Боконбаева"
деп айтабыз, бейиши болгур Жоомарт акын тиги дуйнодо бушайман жеп жургондур, кантип "аялга"
айланып кеткенине тушуно албай... Кеп кочолорду кыргызчалатууда эмес, кептин баары эл ошону озуно синирип,тиешелуу денгээлде маани бергенинде болуп жаткан жокпу?
#9 06 October 2011 - 09:58
Талкууланып жаткан маселе актуалдуу экен.
Эң биринчиден, региондордогу кээ бир айыл-кыштактарда көчөнүн аты эле эмес, көчөнүн өзү дагы жок жерлер кездешет экен. Шайлоо сыяктуу иш-чаралар өткөн кезде ал аябай эле кедергисин тийгизет. Биринчи кезекте мына ошондой маселени чечиш керек. Адресиң кандай деген суроого айылынын атын айтып, калганын билбей ийинин куушуруп калгандарга.
Ал эми көчөнүн аттарына келсек тиги Американын көчөлөрүндөй кылып (же биздин эле Ак-Босого жаңы конушу) номерлеп коюу туура го дейм. (Ак-Босогодо ошондой экен, Чүй 1, Чүй 2 ж.б.)... баарына түшүнүктүү болмок жана эч ким таарынмак эмес. кайра-кайра өзгөртүүгө деле себеп болмок эмес.

#10 06 October 2011 - 09:59
Орусча бойдон аты калган кочолор мындай турсун, кыргызча ысым алган кочолордун дале орусчасынан кутула албай келгенибизди кантебиз? Бишкекте мисалы ,дале болсо советская,карпинка,
дзержинка деген аталыштар эбак эле кыргызча ысымдарга ээ болсо да эскиче аталып келуудо. Же Абдрахманов менен Байтик баатырдын кыргыз элинде кадыр баркы ушунчалык паспы? Атугул, ыраматылык улуу акыныбыз Боконбаевдин атын алып жургон кочону "Боконбаева"
деп айтабыз, бейиши болгур Жоомарт акын тиги дуйнодо бушайман жеп жургондур, кантип "аялга"
айланып кеткенине тушуно албай... Кеп кочолорду кыргызчалатууда эмес, кептин баары эл ошону озуно синирип,тиешелуу денгээлде маани бергенинде болуп жаткан жокпу?
Айтканыңызда калет жок.
Мен да маршруткага түшкөндө жакшы эле аракет кылам кыргыз аттуу көчөлөрдү кыргызча эле айтууга, мисалы, ошол эле "Бөкөнбаев көчөсүнөн" , - деп, айдоочу орус болсо дагы. Эми, бул жерде шаардыктардын орусташып кетүүсү жана элеттик кыргыздардын шаардыктарга окшошуу аракети кесепетин тийгизүүдө го дейм.
Ал эми элет жерин айта турган болсок, мен жакында айылга барып келдим: мурунку орусча ат алып жүргөн жер-суулардын аттары эбак эле кыргыз аттары коюлуп, эл дагы көнүп калгандай, мисалы, Ключевка деген айыл бар эле, аны Боо-Терек деп коюшкан. Эми аны элдин көпчүлүгү эле "Боо-Терек" , "Боо-Терекке" , "боо-теректик" деп айтып калышыптыр
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 06 October 2011 - 10:02
Мага Ак-Өргөө жаңы конушундагы көчөлөрдүн аттары жагат. Тим эле кыпкыргызча да: Алты бакан, Селкинчек ж.б.у.с.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 06 October 2011 - 10:25
#13 06 October 2011 - 10:25
Ошто болсо 5-октябрь Оштун күнүнө карата жаңы көчө ачылды, аты Ак-Буура.
#14 06 October 2011 - 10:33
Азыркы жаңы конуштардын баары эле кыргызча атка ээ болуп атат. Мисалы Алтын-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата, Келечек, ж.б.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#15 06 October 2011 - 10:35
Айтканыңызда калет жок.
Мен да маршруткага түшкөндө жакшы эле аракет кылам кыргыз аттуу көчөлөрдү кыргызча эле айтууга, мисалы, ошол эле "Бөкөнбаев көчөсүнөн" , - деп, айдоочу орус болсо дагы. Эми, бул жерде шаардыктардын орусташып кетүүсү жана элеттик кыргыздардын шаардыктарга окшошуу аракети кесепетин тийгизүүдө го дейм.
Ал эми элет жерин айта турган болсок, мен жакында айылга барып келдим: мурунку орусча ат алып жүргөн жер-суулардын аттары эбак эле кыргыз аттары коюлуп, эл дагы көнүп калгандай, мисалы, Ключевка деген айыл бар эле, аны Боо-Терек деп коюшкан. Эми аны элдин көпчүлүгү эле "Боо-Терек" , "Боо-Терекке" , "боо-теректик" деп айтып калышыптыр
ж.б.у.с.

#16 06 October 2011 - 12:18
Айыл жерлеринде деле абал укмуш эмес. Айыл окмотко акча толосон болду тируу болсон коюп коесун. Кандай кызмат кылдын, ошол айылга бир чынар тиктинби деп сурап койон киши жок. Россиядан балдары иштеп келеби же ар жагынан бардар жашайбы акчасы болсо тутамдап барып кочого ысымын ыйгарышат, той берет дунгуротуп,
болду Эшпай Ташбаев кочосу болуп аталып кала берет. Анан дагы бир корунуш. Бишкектеги киргиздериндин кочонун аттарын туура жазгандарына куйуп олосун киши. Б.Батыра кочосу, Насиридин Исанов кочосу. Беишенелиев кочосу дегенде жанында ручка болсо боюн жетсе барып ондоп салгын келет! Бубусара Бейшенелиева кочосубу же Шукурбек Бейшеналиев кочосу экенин билбейт экем.
#17 06 October 2011 - 13:37
Ош шаарында чон бир кочо Алишер Навои боюнча калууда. Бул философ Кыргазстанга кандай салымын кошконун чындыгында билбейм, бирок Ош жергесинде чон оорун ээлейт болуш керек, себеби кочонун аты менен эле чектелбей Озбек Драм театрдын аты дагы ушул аталышта. Негизи эле Оштун айланасындагы озбек тугандар турган жаны конуштарда кочолордун аттары озбек инсандардын аттарында экени талашсыз.
#19 06 October 2011 - 14:15
Биздин айылдын чоң көчөсү мурун Ленин көчөсү болчу...азыр өзгөртүп кыргыздын ысымын берген.
Дагы бир көчө бар Пушкина боюнча калууда.Калган көчөлөр Тоголок молдо,Токтогул деп илгертен бери аталып келет.
Анан:"Одноклоссники" деген сайтта да көчөлөрүбүз, мектепттин аттары эски боюнча "обновить" этип жаңыллап коюш керек.Ким кылат билбейм?
Айыл жергесинде аттары жок көчөлөргө ат коюлуп,номеринен бери бар.Кыйналбай табасың

#20 06 October 2011 - 15:41
Айылыбы же кочосубу баарын Кыргызча аттарга которуш керек . " Улутчул " деп айткандарга " Ооба , Улутчулмун"
деп эле айтыш керек . Ала- Тоонун чокуларына Путин , Ленин - деп ат беруулорду токтотуш керек .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео