Арсыз суйуу.
Бугун дагы сени кордум, баягыдай элесин. Шамал желбиреткен саамайын, кулку чайган нуржузун, тырмагынды тиштемей адатын, бир гана коз айнегин жок, мумкун линза колдоноорсун торкунун билбейм.
Ар маал сени келип акмалап карамай жашоомдогу адатка айланып бараткансыйт,
жакын барганга, кол сунуп учурашканга даабайм, алсызмын.
Асен сезеербекенсин байкуш журок дукулдогонун,
аргасыз аралыкта айлам кеткенин,алсыздыгымды,
куноомду, озумду озум жемелегенимди,
сезер бекенсин?
Ошол сен экообуз баш кошкон куну даушинтип журогум алеп –желеп болуп, озумду бир башка ааламда жургондой сезгенэлем,
ошол куну да сенин ай жамалына арбалып алсырагам.
А сен ошол аруу сезимди сездин беле?
Жок.Сен ал учурда такыр башка ойлор менен алек элен, нур жузунду жаш чайып,капастагы чымчыктай тыбырчылап,
кошого артында мени жектеп отурдун. А менбайкуш жетине албай бактылуумун.
Ошол кошогодогу коз караш, жек коруу экообуздун турмушубуздун акыркы кунуно чейин коштоду.
Менин сага деген асыл сезимимди,тилегимди,
ойлорумду билгин да уккун да келбеди.
Айласы канча, акыры моюн сунат деп кучкосалып ала качтым.
Жок.Мен ойлогондой болбоду, кундор отту, айлар кечти, бирок сен такыр эле айтканындан кайтпадын, жузундон кулку очту, суз тарттын, муздадын.
Убакыт ото соолуй баштадын, сени корупжурогум сыздады, а бирок конул калбады.
Кунарсыз,суз кундор отуп жатты, сен кыйналдын мен чайналдым. Билип турдум оз куноомду,курган журок сени кое бергиси келбеди. Бакыт тартууласам дейм, алым келбеди,кучум жетпеди.
Кулкунду сагындым.
Акырытурмуш экообузду айры жолго салды. Капысынан кайра жолуктук. Сен баягыдай эле жагымдуусун,
суйкумдуусун,
суйуктуусун.
-Кечир дедим башым шылк дей тушту.
Жан дуйном эншерилип кетти. Кучагыма кыскым келди. Ызаам, ыйым, арманым, оксугум алкымыма такалып соз айттырбады.
Жердин катуулугун айт.
Сен кабак чытып барып ЖАРК эттин.
-Койчу унутчу, откон отту да- дедин.
Булуттуу асманымда кун чыккандай эле болду. Курган журок зырп этти. Дымып бараткан сезимди сенин бир созун, бир учкунун кайра дурт эттирди. Суйуудо ар жок экен да.
Арсыз суйуу. Бугун сени дагы кордум.
#3 07 October 2011 - 13:39
Эх баякы эле улуу махабат.Улуу бул сезимди махабаттын даамын татткан адам гана билсе керек.Жетпеген суйуу мына ошол барктуу, наздуу ошондо гана суйуу кандай татту у жана кандай ачуу экенин туйуп билебиз да негедир.
принцесса
#4 10 October 2011 - 10:04
Теманын аягы жок, эмне деп жазарымды билген жокмун, жетпей келген махабаты чагылдырган,
башында айым экен дейин десен аягында жигитин жазганы го, автор тушунуктуу жазып кетсе, жакшы болоор эле!
#5 12 October 2011 - 08:51
Раздвоение личности деп ойлобогула бул жон гана ой толгоо.........
....
эч кандай максат- паксты жок эле ильхом келегдеги бир ой............. менин эмес менин каарманымдын суйуусу.....арманы. .....
эч кандай максат- паксты жок эле ильхом келегдеги бир ой............. менин эмес менин каарманымдын суйуусу.....арманы. .....
#7 12 October 2011 - 14:30
#10 03 October 2016 - 15:45
Мен тушунгонум боюнча кыз баяндап жаткандай. Ошон учун айтат да сен эмес сени суйгон адамдын жанында бол деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















