Бул теманы неге "Саясат жана коом" бөлүмүнө ачып салдың деп кинелөөчү чоңдорго жана башкаларга:
Бул бөлүмдүн атында "коом" деген сөз бар үчүн жана ошол коомго коомчулукта болуп жаткан окуялардын кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар экенигин эске алып коюуңарды өтүнөм.
Анда темага өтсөм.
Кечээ үйгө жетейин деп калгам. Нан алганы дүкөнгө баратсам, бир бала саат сурап калды. Мен убакытты айттым.
Анан ал:
-"*** (эми бул жерде анын дайыма колдонуп жүргөн төл сөзү кетти), эртерээк жапса экен ушул катрандарды!
Кара, бүгүн да уттурдум.
Мен:
-Канча?
Ал:
-2000.
Мен:
- Рас болуптур!
(ичимден айттым да).
- Э, досум, таштабайсыңбы ушунуңду!
(Андан башка эч нерсе айткан жокмун, анткени, дүкөнгө жакындап калгам.
Ал:
- Брат, 10 сом, 20 сом болсо бере турчу, жолго акча жок!
Мен:
- Жок! (Бар болучу, бирок, мен "Сендейлерге акча жок" деген мааниде айттым да басып кеттим.
Урдум ушул оюнуңду! Казино, оюн автоматтары жабылабы же кала береби?
#1 01 October 2011 - 14:32
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 01 October 2011 - 14:35
Өкүмат оюн автоматтарын,
казинолорду 2012-жылдын 1-январынан тарта жабууга карата мыйзам кабыл алыптыр.
Бул жаңылык коомчулукта ар кандай ойлорду жаратууда. Көбү макулдугун билдирип, өкмөткө ыраазы болуп жатса, азыноолагы (казино ээлери жана ал жакта иштегендер) каршылыгын билдирип, пикетке чыгып: "Пенсия, пособиелерди мына биз каржылап жатабыз", - деген сыяктуу сөздөрүн айтышууда.
Ушул мыйзам туура эле кабыл алындыбы?
Эгер туура кабыл алынса эмнеге?
Биз казиносу жок пенсия төлөй албай калабызбы?
Мен көп угам уттургандарды, бирок, уткандарды эшите элекмин. Деги кимдир бирөө-жарым утканбы казинодон?
Бул жаңылык коомчулукта ар кандай ойлорду жаратууда. Көбү макулдугун билдирип, өкмөткө ыраазы болуп жатса, азыноолагы (казино ээлери жана ал жакта иштегендер) каршылыгын билдирип, пикетке чыгып: "Пенсия, пособиелерди мына биз каржылап жатабыз", - деген сыяктуу сөздөрүн айтышууда.
Ушул мыйзам туура эле кабыл алындыбы?
Эгер туура кабыл алынса эмнеге?
Биз казиносу жок пенсия төлөй албай калабызбы?
Мен көп угам уттургандарды, бирок, уткандарды эшите элекмин. Деги кимдир бирөө-жарым утканбы казинодон?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 01 October 2011 - 18:04
Мен деле уккам ошондо эле. Азыр чуть что сразу эле пикеттке чыгышты адат кылып алышты, мындай корунушко тан калуунун деле кажети жок. Жабышса туура кылат. Бул казино менин байкемдин тубуно жеткен! Мен дагы за!
#5 01 October 2011 - 20:29
Казино-эскиче кумаркана!
Ал-жалаң гана кыргыздар эмес, жалпы адамзат үчүн балээ. Андыктан, аны жабуу керек гана эмес, зарыл жана парз!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#6 01 October 2011 - 22:38
Albette jabuu kerek, uwulardyn ayinan kop ele kylmywtar bolgon
adam olturuulor
urdap taloo
arakka berilip ketuu
bankrot boluu
ayalin akcha berbeysin dep saboo bulardyn baardygynyn birde bolboso keede ortogo chygywyna sebepchi bolot, demek jabuulary ele ong!
Bul oyundarga kop uchurda kalktyn jumushka jaraktuu bolugu azgyrylat, shaardyk jash baldar, studentter, ishtegender demek olkonun jumush kuchuno da ziyan keltiret, je ayildan kelgen ak -sakalduu akybyshkalardyn oynogondorun korduk bele...
Erkekter az kelgensip bir uydun kutu bolgon jash kyzdar da al jaktan chykpay kaldy go akyrky kundordo, ah...
Kazinolor jabylsyn! kazinnocular ketsin!

Mekenim - Kyrgyzstan!
#7 02 October 2011 - 12:38
жакшы болот арам ишканалардын жабылышы туура деп ойлойм
Ас саламу алейкум !!!
#8 02 October 2011 - 13:14
Арамдан тушкон киреше адал болмок беле... башкасы деле жетет, казинодон жарытылуу деле каражат тушпойт мамлекетке.
.. копчулугунуку комускоо, жашыруун... кыскасы ЖАБЫЛГАНЫ ЫРАС БОЛУПТУР...!
!!
...кайда барсаң мамайдын көрү...
#9 02 October 2011 - 15:32
Эх кудай сактасын экен да ушул казинону ойногондон,
мен да берилик кетет белем билбедим.Бир турк менен аны кузотуп казиного бардым, ошол куну анын ооматы келгенби отурган автоматынан эле утуп алып жатты, мен да кызыгып кетип жанымда отурган бир кыргыз кишиге уйротунузчу кантип ойнойт дей коём деп андан согуш уктум. "ойнобогун уйронгонго да кызыкпагын,
мына уйронгонго кызыгам деп уй, семья, машинамдан айрылдым дагы деле таштай алган жокмун" дейт, анын айтканына жакшы конул бурбай берки турктун уткан акчасы менен сауналарга бардык. ресторандарды тоготпой жакшыларын тандап журуп отурдук,менин ошол туну негедир уйкум да келбей койду уйронуп ойногум келип,эртеси куну кеч кирээрин куттум чыдамсыздык менен, куткон убактым да келди, барып чонтогумдогу 2000сомду салдым да уттуруп отуруп калдым, бирки турк да уткан акчасынан 3эсе коп акчаны уттруп акчасы жок уйго кайттык, Турк жол киресин да уттуруп салыптыр Турциядан акча салдырып анан кетти. мен ошондо жанагы кишинин айтканын эске алып ойлондум да анын бетин ары кылсын деп ошондон бери коргум жок казинону...
Жаап эле салагны жакшы,же налогдорун 2эсе которуп салышы керек, ошондо чыдабай оздору жабышат хозяиндери. ....
Жаап эле салагны жакшы,же налогдорун 2эсе которуп салышы керек, ошондо чыдабай оздору жабышат хозяиндери. ....
Ашка-аш, ташка-таш,жанга-
жан, канга- кан.......
#10 02 October 2011 - 21:32
Жаап эле салагны жакшы,же налогдорун 2эсе которуп салышы керек, ошондо чыдабай оздору жабышат хозяиндери.
....
Болду, эми, эч кандай салык палыгы жок эле жабылат окшойт. Кудайга шүгүр!!!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 02 October 2011 - 22:06
ушул ишти биздин окмот ишке ашырып, айткандай эле бут баарын жаап салышса, менин анда ошол окмотко ишенимим пайда болмок. жон эле соз болуп кала бербей. ушундай пайдалуу закондорду кабыл алышып, ишке ашырышса, эл колдоп, ишенип, стимул пайда болмок да.
.....
#12 02 October 2011 - 23:49
Роза апежебиз жабылбайт,жабам деп эч ойлонбогула дегенин эмне корбодунорбу?
Кыргызстандан эли бай оруся жааб салыды. Бизде да жабылышы керек!
#13 03 October 2011 - 10:26
Мыйзамдаштырып жапкан менен жашыруун иштетиле берет болуш керек деген ой келеиватат да.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#14 03 October 2011 - 16:57
"Биз пенсияны төлөп жатабыз, биз кетсек аларды ким жабат?" - деп shasi айым айткандай догурунушууда
1) Эгер ошондой логика менен уланта турган болсок, анда эртең наркобарондор митингге чыгышат: "Ой, биз өкмөттүн чөнтөгүн алеки заматта толтурабыз" , - деп.
2) Анан бүрсүгүнү сойкулар чыгат: "Биз деген бойдоктордун сообуна калып жатабыз!" - дешип.
3) Анын эртеси анан адамдын органдары менен соода кылгандар чыгат: "Ой, бул жөн эле жерге чирип жатпайбы, андан көрө оорукчан адамдардын керегине жарасын", - деп..
1) Эгер ошондой логика менен уланта турган болсок, анда эртең наркобарондор митингге чыгышат: "Ой, биз өкмөттүн чөнтөгүн алеки заматта толтурабыз" , - деп.
2) Анан бүрсүгүнү сойкулар чыгат: "Биз деген бойдоктордун сообуна калып жатабыз!" - дешип.
3) Анын эртеси анан адамдын органдары менен соода кылгандар чыгат: "Ой, бул жөн эле жерге чирип жатпайбы, андан көрө оорукчан адамдардын керегине жарасын", - деп..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 03 October 2011 - 23:22
Бул маселени баштап койушту эми аягына чыгаарын бир кудай билет.Элди эптеп алдап туруш керек да.Жабылса канаа канчалаган үй бүлөөлөр бузулуп жатат,бузулуп жатат деп койобуз ошого барган акчасы жок байкуштардын мээси жогу ичти ого бетер күйгүзөт ал эми колунда барлар(алар деле элдин эмгеги менен байыгандар)бармак түгүл бара берсин аларга сооп жок.Ал эми жолуна акчасы,нанга акчасы жоктор жакшылап ойлонушса болмок"каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр"
болбой.Ар ким алына жараша иш кылса көптөгөн маселе чечилчүүдөй.
Менин ойумча жаппайт болуш керек ал да акчалуу чиновниктердики да бизде болсо коррупсия гүлдөгөн да акча ыргытып бул законду токтотуп койушар.
#17 08 October 2011 - 00:30
Ошол казино, оюн автоматтарын жабылышын 100% колдойм.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#18 10 October 2011 - 11:15
Мен да жабылуусун 200% колдойм. Жакында эле бир досум кой, кирбе десем болбой мен Москвага келе бергенден кийин кирип 30мин сомун уттуруп жиберип эми ичип журот. Мунун баарын жаап, жок кылуу керек. Алар именне психикасы начар адамдарды алдап, талап тоношууда.
#19 10 October 2011 - 13:31
Арам оокаттан адал оокат адамга бат сиңет. Жабылышына мен макулмун. Колдойм!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#20 10 October 2011 - 17:06
Жабылсын,
андан тушкөн кирешесиз деле башка жолдор менен Кыргызстанды,
кыргыз элин бага ала турган президент келет куда кааласа....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...

Супер-Инфо
super.kg
видео