Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#121 Пользователь офлайн   Debi   13 Октябрь 2011 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Окуяны Ыйык Жазуудан улантып окуйлу. Эл ага: «Аны өлтүргөн кишиге мына ушундай кылынат», – деп, жанагы эле сөздөрдү айтты. Дөөттүн улуу агасы Элийап анын эл менен сүйлөшүп жатканын укканда, Дөөткө ачууланып: «Бул жерге эмнеге келдиң? Талаадагы бир аз койду кимге таштадың? Сенин текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин да билем. Сен салгылашты көргөнү эле келдиң», – деди. (Адам онуно карайт, Кудай журогуно карайт" деген эсиме тушту).
Кызык, агасы Дөөттү мынча эмне жектеди экен? “Текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин билем” деп, ал өз ойлогонун туптуура деп эсептеген. Бирок ал катуу жаңылып жатат. Дөөттү бул жакка атасы жибергенин окубадыкпы. Ушул көрүнүштөн улам, бирөө тууралуу андай экен же мындай экен деп, кандайдыр бир бүтүм чыгаруу жаңылыштык болорун көрсөк болот. Мындай ишке эч качан шашылбаңыз. Бир адам тууралуу жакшы же жаман пикирге келип алуудан таптакыр эле алыс болуңуз. Себеби бардыгынын чындыгы жалгыз гана Кудайга белгилүү. Сиз тууралуу деле туура эмес тыянак чыккан учурлар көп эле кездешкен да. Сиз ага кандай мамиле кылдыңыз эле? Мүмкүн сиз ызаланып, кыжалаттангандырсыз. Дөөттүн буга териккени анчейин байкалбайт. Себеби ага маанилүүсү анын жүрөгүн Кудай көрүп тургандыгы эле. Эгерде Кудай анын жүрөгүнөн жамандыкты, текебердикти көрүп турган болсо, капа болууга жүйөө болмок. Ал агасынын айыптоосуна анчейин маани бербей бурулуп кеткен экен. Дөөттөн үлгү алалы. Жазууну андан ары окуйлу.
Дөөттүн айткан сөзүн угуп, Шабулга айтышты. Шабул аны өзүнө чакыртты. Дөөт Шабулга: «Андан коркуп, эч кимдин көңүлү чөкпөсүн. Бул пелиштилик менен кармашууга сенин кулуң чыгат», – деди. Анын бекем ишеничи тамшандырат да, таң калтырат! Ал али салгылашка чыга элек. Бирок, элди боло турган жеңиш менен тынчтандырып сооротууда. Шабул Дөөткө: «Бул пелиштилик менен кармашууга сен бара албайсың, анткени сен али жашсың, тигил болсо жаштайынан жоокер», – деди. Бирок Дөөт Шабулга: «Сенин кулуң атасынын коюн кайтарып жүргөндө, койлорго арстан же аюу тийип алып кеткенде, артынан кууп барып, кол салып, анын оозунан сууруп алчумун. Эгер ал мага секирсе, мен аны желкесинен алып, кармашып жатып өлтүрчүмүн. Сенин кулуң арстанды да, аюуну да өлтүргөн, тирүү Кудайдын аскерин шылдыңдагандыгы үчүн мына бул сүннөткө отургузулбаган пелиштиликти да дал ошондой кылат», – деди. Дөөт дагы мындай деди: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат». Ошондо Шабул Дөөткө: «Бар, Теңир Өзү сени менен болсун», – деди. Шабул Дөөткө өзүнүн кийимин, башына туулга, үстүнө соот кийгизди. Дөөт кийимдин сыртынан кылычын курчанып, басып көрдү, анткени ал мындай куралданууга көнгөн эмес эле. Анан Дөөт Шабулга: «Мен муну менен баса албайм, анткени көнгөн эмесмин», – деп, баарын чечип салды. Анан Дөөт колуна таягын алып, арыктан беш жылмакай таш тандап алып, аларды жанындагы малчы баштыгына салды. Анан баштыгы жана колундагы салмоору менен пелиштиликке каршы алдыга чыкты.
Окурман, Дөөт булардан тышкары дагы бир өтө баалуу нерсе менен куралданган эле, ошол курал эмне экендигин эми өзүңүз баамдап көрүңүз. Жашоо бул күрөш эмеспи. Ал баалуу курал менен сиз да куралданып алсаңыз, жеңиш дайыма сиз тарапта болот.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 13 Октябрь 2011 - 22:05

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Debi   14 Октябрь 2011 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Пелиштилик да алдыга чыгып, Дөөткө жакындады, алдында курал көтөрүүчүсү келе жатты. Пелиштилик Дөөттү көргөндө, жекире карады, анткени Дөөт жаш, кызыл жүздүү жана келишимдүү жигит эле. Анан пелиштилик Дөөткө: «Мага таяк көтөргүдөй, мен итминби?» – деди. Пелиштилик Дөөткө өзүнүн кудайларын оозанып каргыш айтты. Пелиштилик Дөөткө: «Бери кел, сенин денеңди асман куштары менен талаа жырткычтарына салып берейин», – деди. Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин атынан келе жатам. Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет. Ошондо бул жерге чогулгандардын баары Теңирдин кылычсыз, найзасыз куткарарын билет...
Окурманым, Дөөт колуна пелиштиликтикиндей найза да, кылыч да, калкан да алган жок. Анын колундагы сырдуу курал эмне экендигин байкай алдыңызбы? Адегенде таймаштын жеңүүчүсүн билип алып, анан алардын куралын баалаганыбыз оң болот го. Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдынан чыкты. Дөөт баштыктан таш алып, салмоорго салып, пелиштиликти маңдайга соккондо, таш анын чекесине батып кетти, ал бети менен жерге жыгылды. Ошентип, Дөөт салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди, ал пелиштиликти өлтүрдү. Дөөттүн колунда кылыч жок эле.
Окурман, бирок анын колунда баа ченегис куралы бар эле! Теңирине болгон терең ишеними, таянычы. Кудайына башка бирөөлөрдүн акаарат келтиргенине кызганычы. Анын пелиштилик алпка айткан сөздөрүнө дагы бир жолу көңүл бурсаңыз:
«Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин атынан келе жатам. Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет. Дөөттүн ушул сөзүнө өзгөчө басым жасагым келет. Ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет. Ким Кудайды жүрөгүндө ыйык тутса, ал Кудайдын каалоосу, эрки эмне экенин билет. Дөөт Ысрайыл эли аркылуу Кудай Теңир Кудайынан адашкан бүткүл адамзатка Өзүн тааныткысы келерин билген да, аны аткаргысы келген. Кудайдын бар экендигин, күчүн, башкаларга, Кудайынан адашып жүргөндөргө көрсөткүсү келген. Анын душманына эч жеңдирбес куралы мына ушулар болчу. Бир насаатчы айткандай, Дөөттүн колундагы ташты Кудай багыттады. Дөөттүн жүрөгүн көрүп турган Кудай Өзүнүн күчүн, кудуретин көрсөтүү үчүн, мына ушул Дөөттү тандап алды. Атаганат, ар бир адамда Кудайга карата мына ушу Дөөттүкүндөй бекем ишеним, ынтаа болсо Кудай Өзүнүн Улуулугун, кудуретин жашырбайт эле да, адам баласы Кудайына азыркыдан алда-канча жакын болот эле. Шабулду эле алалычы. Кудай андан Дөөттүкүндөй ишенимди көрүүнү каалаган жок дейсизби? Эсиңиздеби, аны падышалыкка койгондо, ага башкача жүрөк да бербеди беле. Бирок ал адамдык каалоолорун канааттандырууну биринчи орунга коюп, Кудайынын буйругун ыйык тутуу менен орундаган жок. Эл башында турган адамдын Кудайдын буйруктарын так аткаруусу абдан маанилүү эле. Анткени ал аркылуу Кудай бүтүндөй элге өз жетегин көрсөтүп, ээрчитип жүрмөк. Алар үчүн кам көрүп, аларды коргомок, сактамак. Алар менен болгон мамилеси аркылуу башкаларга таанылмак. Шабул ага эскертүү катары берилген мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгында ишенимсиздигин гана көрсөтө алды. Бактыга жараша Кудай Теңирибиздин мүмкүнчүлүгү адамдын ишенимсиздиги менен эле чектелбейт. Кудайдын адамдарга өзүн таанытуу иши ошону менен эле токтоп калган жок. Азыркыга чейин уланып келет. Кудайдын мына ушул улуу ишинин алкагында тарыхта не деген гана улуу окуялар болду дейсиз. Алардын маанилүү бир катары, биз азыр барактап отурган Дөөттүн өмүр жолунда камтылган.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 14 Октябрь 2011 - 20:50

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   baksid   15 Октябрь 2011 - 14:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

В прямом эфире по испанскому телеканалу шел диспут. Дискутировали женщина-христианка и защитник Ислама (сам, впрочем, не мусульманин) на тему: "Что несет нам Ислам?" Христианка настаивала, что Ислам - это религия жестокости, насилия и ужас-ужас, мужчина защищал Ислам.

И вдруг он говорит: "да, действительно, я начинаю понимать, Ислам - жестокая религия. Вот у меня здесь есть Коран (вынимает из-под стола большую открытую книгу), могу зачитать из него несколько цитат".

Начинает читать: "Истреби все, что есть у этого народа; не давай пощады ему, предай смерти от мужа до жены, от отрока до грудного младенца, от вола до овцы, от верблюда до осла".

Зал восклицает: "Какой кошмар!"

Христианка: "Какая жестокость! Это и есть то, о чем я говорила! "

Защитник Ислама (читает из другого места): "А в городах этих народов, которых Бог отдает тебе, не оставляй в живых ни одной души - уничтожь их всех".

Христианка: "Это же просто Квентин Тарантино! " (В зале слышатся одобрительные возгласы).

Защитник Ислама: "Ой, подождите, я, кажется, что-то перепутал. Да это же Библия!" (Закрывает книгу. На обложке написано: "Библия" ).

В зале устанавливается тишина. Женщина выпучивает глаза и теряет дар речи.



P.S. Кыргызчага которуштун кажети жок го дейм


Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Таллас   15 Октябрь 2011 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Мага ушул ыкма жагат да жагат. Мен да ушул ыкманы колдоноюн деп суроо менен баштасам, аягы, эъ Сүрөт болуп кетти окшойт. Албетте, суроолорум толтура. Бирок, бир дагы (!) суроомо жооп ала албагандан кийин алардын берүүнү убактылуу (!) токтотуп турайын дедим.

Анан да менин бул темама не по теме жазылгандарды INFO 'дон бөлүп коюусун сурандым эле. Жооп жок Сүрөт


P.S. Баксид аке, бу, сиз дагы менин стилим ди менчиктештирип баштапсыз да, байкасам. Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 15 Октябрь 2011 - 18:22

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Таллас   15 Октябрь 2011 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения baksid (15 Октябрь 2011 - 14:58) жазган:

1. Начинает читать: "Истреби все, что есть у этого народа; не давай пощады ему, предай смерти от мужа до жены, от отрока до грудного младенца, от вола до овцы, от верблюда до осла".

2. Защитник Ислама (читает из другого места): "А в городах этих народов, которых Бог отдает тебе, не оставляй в живых ни одной души - уничтожь их всех".



Дал ушул суроолор Кыргызстандагы миссионерлерге берилген. Ошол мен башында жазып кеткен "Ничего с-себе" деген сөздү ошолор айтышкан, дал ушул суроо берилгенде.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 15 Октябрь 2011 - 18:21

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Таллас   15 Октябрь 2011 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Деби эже, сиз болсо пайгамбарлар тарыхын эми уланта берсеңиз болот. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 15 Октябрь 2011 - 18:22

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Debi   15 Октябрь 2011 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”» (1Шем.15:3).

Ооба, Кудай так ушундай буйрук кылган. Мунун себебин тушунуу Кудай Созун тушунгусу келген адамга жопжонокой. Бул тууралуу "Падышалар таржымалында" учкай кеп болгон: Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды. Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди. Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди.
Кудай эмне үчүн ал элди кырып салууну буюрду экен? деген суроо туулбай койбойт. Шемуелдин бул сөзү ошол суроого жооп деп ойлойм. Демек алар тиешесин алышкан экен.


Дагы бир мисал:

Сенин чек араңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың. Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө. Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».(Чыг. 23:31-33)

"...Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот». Кептин баары мына ушунда жатат.

Кудайдын адамдарды кырганы тууралуу Куранда да жазылган. Ушул темада же ушул тектуу темалардын биринде Куранда кандай баяндалганын жана Библияда кандай баяндалганын келтирдим эле. Кудайдын Содом менен Гомораны кыйрата тургандыгын билген Ыбрайым пайгамбар да бизге окшоп, кантип эле Кудай адамдарды кырып саласын, алардын арасында адил адамдар бардыр деп нечен ирет сураган(оз созум менен жаздым). Кудай алардын арасында 10 адил адам болсо мен кыйратпайт элем деген. Акырында Ыбрайымдын аталаш бир тууганы Лутту бир нече адамы менен чыгарып жиберип, шаарларды кыйраткан. Бул кийинки муунга сабак болушу учун болгон. Анткени жеткилен мыйзам - Машайактын мыйзамы келгенче дагы нечен кылымдар бар болчу.

Дагы бир нерсе, адам олгондо адамдар учун гана "олгон" , "жок" болуп эсептелет. А Кудай тируулордун Кудайы, Анын алдында баары тируу (оз созум менен жаздым) деп жазылат Библияда.

Кудайды жанылтам дегендер бар ээ, тобо. Бирок, туура кылып жатасынар, кээ бироолор учун тушунбостукторду чечкенге комок болуп жаткандырсынар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 16 Октябрь 2011 - 20:01

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Debi   15 Октябрь 2011 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы

Ошол окуялардын кызык жерине келип токтодук эле, Ыйык Жазууну окуубузду уланталы.

Дөөт пелиштиликти жеңип келгенден кийин, алар келе жатышканда, Ысрайылдын бардык шаарларынан аялдар ырдап, бийлеп, дап жана жез табак кагып, Шабулду салтанат менен тосуп чыгышты. Ырдап-бийлеп келе жаткан аялдар: «Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди!» – дешти. Ошондо Шабулдун ачуусу келди, ага бул сөз жаккан жок. Ал: «Дөөткө он миңди, мага миңди беришти. Ага падышачылык гана жетишпейт», – деди. Ошол күндөн тартып, Шабул Дөөттү жек көрө баштады.
Шабулдун Дөөттү жек көрүүсүнүн себеби, Дөөттүн эл алдында атак-даңкынын өсүшү гана болчу. Кандай дейсиз окурман, бул жек көрүү үчүн жүйөлүү себеппи? Албетте жок. Анда тактыны алдырып коюу коркунучу, бийликти сүйүүчүлүгүнүн айкын далили болуп турат. Дөөттүн атак-даңкынын өсүшүнө ичи тарыгандыгына, тактыны тарттырып ийүү коркунучуна акыл эсин бийлеткен ал, ою, жасаган иштери да, бир кезде өзүн падышалыкка койгон Кудайынын көз алдында экендигин ойлоого чамасы келбей калган өңдүү. Келишпестиктин бул себеби адамдар арасында кеңири белгилүү. Адамдар ич тардык, көрө албастык, бийлик сүйүүчүлүктүн гана айынан кастыкка барышат. Шабул менен Дөөттүн окуясында эки так мисал бар. Биринчиси, караниеттиктен көз сокур болору кандай боло тугандыгы, экинчиси мына ушундай себептен келип чыккан келишпестикке Кудайга жагарлык кандай мамиле кылуу керек экендиги. Шабулдан биз караниеттиктен көз сокур болору кандай болорун көрүп турсак, Дөөттүн Шабулга жасаган мамилесинен адамдар арасында боло турган келишпестиктерде Кудайга жагарлык кандай мамиле кылуу керек экендигин айкын көрө алабыз. Ыйык Жазуудагы ошол окуяларга көңүлүңүздү бурайын. Эртеси күнү мындай болду: Шабулга Теңир жол берген жаман рух келди, ошондо ал өз үйүндө жинденди. Дөөт болсо мурункудай эле кыл аспап чертип отурган. Шабулдун колунда найза бар эле. Дөөттү дубалга кадап салам деп ойлоп, Шабул ага найзасын ыргытты. Бирок Дөөт андан эки жолу буйтап кетти.
Шабулдун ою карага кетти. Эгерде Кудай кылбаса, анын найзасы эч нерсени чечпестигин ал аңдап биле албай калды. Адамдын көзү караниеттиктен тумандаганы ушул эмеспи. Адам баласынын Жараткан Кудайынын көрсөтмөсүнө чыкпай, анын айтканын аткарып жашашы канчалык маанилүү экендигин Шабулдун мисалы дагы бир жолу аныктап турат. Кудайдын жолун Теңир канча жолу эскертсе да сактабагандыктан, Теңир аны таштап коюп, жаман рухка жол берди эле, натыйжасы кандай болгонун түшүнүп тургандырсыз. Бүгүнкү күндө дагы адамдардын өз эрки менен терс жолдорду тандап алып жаткандыктарынын себеби да, мына ушул десем жаңылышпайм.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 15 Октябрь 2011 - 19:52

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Debi   16 Октябрь 2011 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Шабулдун ою карага кетип, Дөөттү өлтүрүүнү көздөп калбадыбы. Аны өлтүрүп алып, өзү түбөлүк падыша болом дегенби деген ой кетет. Акыры бир күн өлөрүн билчү эле да. Бийликтин баш айланткан кумарын кара, Шабул ага жеңилип берди. Ар бир кыймыл аракети тескерисинче, анын тактыдагы өмүрүн кыскартып жатканын сезген жок. Кудай өтө көпкө чыдамдуу, ырайымдуу. Шабулга кылган ырайымы тууралуу буга чейин да сөз кылып келбедикпи. Келиңиз, мына ушул учурдан баштаганда да, Теңир Шабулга канча ирет ырайым кылгандыгын санап көрөлүчү.
Дөөттү өлтүрүү керектиги жөнүндө Шабул өз уулу Жонатанга жана бүт кулдарына айтты. Бирок Шабулдун уулу Жонатан Дөөттү абдан жакшы көрчү. Ошондо Жонатан Дөөткө: «Менин атам Шабул сени өлтүрмөкчү болуп жатат. Ошондуктан эртең сак бол, жашын, киши билгис жерде бол. Мен болсо атамдын жанында, сен жашынган талаада болом, сен жөнүндө атам менен сүйлөшөм, эмнени көрсөм, ошону сага айтып берем», – деп билдирди. Жонатан Дөөт жөнүндө атасы Шабулга жакшы сөздөрдү айтты, ага мындай деди: «Падыша өз кулу Дөөткө каршы күнөө кылбаса экен, анткени ал сага каршы эч кандай күнөө кылган жок, анын иштери сен үчүн абдан пайдалуу. Ал пелиштиликти өлтүрүш үчүн, өз өмүрүн коркунучка салды, Теңир бүт Ысрайылга улуу куткарылуу берди. Аны сен өз көзүң менен көрүп кубанбадың беле. Эмне үчүн сен жазыксыз кан төгүп, Дөөттү себепсиз эле өлтүргүң келип жатат?» Шабул Жонатандын тилин алып: «Теңир тирүү, Дөөт өлбөйт», – деп ант берди.
Окурманым, уулу Жонатандын атасына айткан сөздөрүн Шабулга Кудайдын ырайымы десек болобу? Толук болот деп ойлойм. Себеби буларды Шабулга бирөөнүн эскертүүсүнүн кереги жок эле. Анкени анын баарына ал өзү күбө болгон да. Жонатандын айткандары чындык экенин өзү да билгендиктен, анын айтканына муюду да, “Теңир тирүү, Дөөт өлбөйт” деп ант бербедиби. Ант бергени го жакшы болду дечи. Эми аягы эмне болор экен, антын аткара алар бекен?
Бир деп туралы да, окуяны улантып окуйлу. Эсиңиздерге сала кетейин, Кудайдын Шабулга кылган ырайымдарын ушул учурдагысынан баштап санап көрүүнү чечкенбиз. Жонатан Дөөттү чакырып, ага ушул сөздөрдүн баарын айтып берди, анан Дөөттү Шабулга алып келди. Дөөт мурункудай эле падышанын жанында болду. Кайрадан согуш башталып, Дөөт чыгып, пелиштиликтер менен согушту, аларды катуу кыйратты, алар андан качышты. Мындан кийинки окуялар, бул жолку жеңиши да, Дөөттүн атагына атак кошуп, зоболосу көтөрүлгөнүн, ошондон улам Шабулдун Дөөттү жек көрүүсү кайрадан козголгонун айтып тургандай.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Debi   16 Октябрь 2011 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бул жакта калп айткан "мусулмандар" , бироо жарым башынан баштап окуп калса эмне болот деп ойлошпойт окшойт сынары. Же болоберет :95: дешсе керек.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   baksid   17 Октябрь 2011 - 07:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения Таллас (15 Октябрь 2011 - 18:17) жазган:


P.S. Баксид аке, бу, сиз дагы менин стилим ди менчиктештирип баштапсыз да, байкасам. Сүрөт




Ушуну туура эскерттиң да, сенин стилиңди колдонуп жибергенден да кээ бир адам балдары, Кудайдын кулдары (Иса (ага саламдар болсун) Кудай эмес, ал да Кудайдын кулу) сен экен деп шекшип жиберишиптир! !! эми эсте болот.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Таллас   17 Октябрь 2011 - 07:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Суроо сымал:

Просмотр сообщенияbaksid (15 Октябрь 2011 - 14:58) жазган:

В прямом эфире по испанскому телеканалу шел диспут. Дискутировали женщина-христианка и защитник Ислама (сам, впрочем, не мусульманин) на тему: "Что несет нам Ислам?" Христианка настаивала, что Ислам - это религия жестокости, насилия и ужас-ужас, мужчина защищал Ислам.

И вдруг он говорит: "да, действительно, я начинаю понимать, Ислам - жестокая религия. Вот у меня здесь есть Коран (вынимает из-под стола большую открытую книгу), могу зачитать из него несколько цитат".

Начинает читать: "Истреби все, что есть у этого народа; не давай пощады ему, предай смерти от мужа до жены, от отрока до грудного младенца, от вола до овцы, от верблюда до осла".

Зал восклицает: "Какой кошмар!"

Христианка: "Какая жестокость! Это и есть то, о чем я говорила! "

Защитник Ислама (читает из другого места): "А в городах этих народов, которых Бог отдает тебе, не оставляй в живых ни одной души - уничтожь их всех".

Христианка: "Это же просто Квентин Тарантино! " (В зале слышатся одобрительные возгласы).

Защитник Ислама: "Ой, подождите, я, кажется, что-то перепутал. Да это же Библия!" (Закрывает книгу. На обложке написано: "Библия" ).

В зале устанавливается тишина. Женщина выпучивает глаза и теряет дар речи.

P.S. Кыргызчага которуштун кажети жок го дейм


Жооп: (күтүүсүздөн болгон окуя)

Просмотр сообщенияDebi (15 Октябрь 2011 - 19:05) жазган:

Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”» (1Шем.15:3).

Ооба, Кудай так ушундай буйрук кылган. Мунун себебин тушунуу Кудай Созун тушунгусу келген адамга жопжонокой. Бул тууралуу "Падышалар таржымалында" учкай кеп болгон: Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды. Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди. Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди.
Кудай эмне үчүн ал элди кырып салууну буюрду экен? деген суроо туулбай койбойт. Шемуелдин бул сөзү ошол суроого жооп деп ойлойм. Демек алар тиешесин алышкан экен.

Дагы бир мисал:

Сенин чек араңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың. Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө. Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».(Чыг. 23:31-33)

"...Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот». Кептин баары мына ушунда жатат.

Кудайдын адамдарды кырганы тууралуу Куранда да жазылган. Ушул темада же ушул тектуу темалардын биринде Куранда кандай баяндалганын жана Библияда кандай баяндалганын келтирдим эле. Кудайдын Содом менен Гомораны кыйрата тургандыгын билген Ыбрайым пайгамбар да бизге окшоп, кантип эле Кудай адамдарды кырып саласын, алардын арасында адил адамдар бардыр деп нечен ирет сураган(оз созум менен жаздым). Кудай алардын арасында 10 адил адам болсо мен кыйратпайт элем деген. Акырында Ыбрайымдын аталаш бир тууганы Лутту бир нече адамы менен чыгарып жиберип, шаарларды кыйраткан. Бул кийинки муунга сабак болушу учун болгон. Анткени жеткилен мыйзам - Машайактын мыйзамы келгенче дагы нечен кылымдар бар болчу.

Дагы бир нерсе, адам олгондо адамдар учун гана "олгон" , "жок" болуп эсептелет. А Кудай тируулордун Кудайы, Анын алдында баары тируу (оз созум менен жаздым) деп жазылат Библияда.

Кудайды жанылтам дегендер бар ээ, тобо. Бирок, туура кылып жатасынар, кээ бироолор учун тушунбостукторду чечкенге комок болуп жаткандырсынар.


Омий де, Деби эже, бу сиз да жооп берет экенсиз да. Мен сизди "жооп бербей эле пайгамбарлар тарыхына өтүп кеткен окшойт", - деп суроолорумду токтотуп койгом да. Ой, ырас болбодубу! Бир аз дагы болсо жылыш бар. Бирок, чынын айтайын, жообуңуз коюлган маселеге жооп бере алчудай эмес экен.

Сиз уруксат берсеңиз башка суроолордон бере берейин..




Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Таллас   17 Октябрь 2011 - 07:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Октябрь 2011 - 20:11) жазган:

Бул жакта калп айткан "мусулмандар" , бироо жарым башынан баштап окуп калса эмне болот деп ойлошпойт окшойт сынары. Же болоберет :95: дешсе керек.


Калп жөнүндө сүйлөшөлүбү?
Келиңиз, анда сүйлөшөлү. Как раз ошол драманын катышуучулары ордунда азыр да Сүрөт


"Бирөө жарым башынан окуп калса-а-а" ? - СүрөтСүрөт Мен сиздин мындай тамашакөй (комик) экениңизди байкабаптырмын Сүрөт
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Debi   17 Октябрь 2011 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Тиркеме: "И вдруг он говорит: "да, действительно, я начинаю понимать, Ислам - жестокая религия. Вот у меня здесь есть Коран"

Исламды коргобой Кудайды коргогон адам Кудай алдында мындай алдамчылык кылгандан коркот эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 17 Октябрь 2011 - 20:24

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Debi   17 Октябрь 2011 - 20:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы

Шабул колуна найзасын кармап, үйүндө отурганда, анын үстүнө Кудай жол берген жаман рух түштү. Дөөт болсо кыл аспап чертип отурган. Шабул Дөөттү дубалга найза менен кадап салгысы келгенде, Дөөт Шабулдан буйтап кетти, ошондо найза дубалга кадалды. Дөөт болсо ошол түнү качып кетип, аман калды. Шабул берген антына тура алган жок, ал Дөөттү өлтүрүүдөн кайра тартпай калган кезинде, Дөөт качып кетүүгө аргасыз болду. Шабул Дөөттү өлтүртмөккө артынан сайа түштү. Шабулдан качып Дөөт нечен алакеттен өттү. Сөзүбүздүн төркүнүнө жакын, мынабу жерден баштап уланталы:
Дөөт болсо адам жүрбөгөн ээн талаада, андан соң Зуп ээн талаасындагы тоодо жүрдү. Шабул аны күн сайын издеди, бирок Кудай Дөөттү анын колуна салып берген жок, - деп жазылат Ыйык Жазууда.
Бул тууралуу узун баяндын эң эле көрүнүктүүлөрүнө токтололу. Шабул бүткүл Ысрайылдан тандалган үч миң киши алып, жейрен мекендеген тоолордон Дөөттү жана анын кишилерин издөөгө чыкты. Ал жолдогу кой камачу кашаага келди. Ал жерде үңкүр бар болчу, Шабул ага заара ушатканы кирди. Дөөт болсо кишилери менен үңкүрдүн түп жагында отурган эле. Дөөткө өз кишилери мындай деп айтышты: «Теңирдин сага “Мен сенин душманыңды өз колуңа салып берем, аны каалаганыңдай кыласың” деген сөзү аткарылар күн келди». Дөөт туруп барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен акырын кесип алды. Бирок Шабулдун кийиминин этегинен кесип алгандан кийин, Дөөттүн жүрөгү ооруду. Анан ал өз кишилерине: «Теңир мага өз мырзама, Теңирдин майланганына кол салууга жол бербесин, анткени ал – Теңирдин майланган адамы», – деди. Ошентип, Дөөт ушул сөздөрү менен өз кишилерин токтотуп калды, алардын Шабулга каршы көтөрүлүүсүнө жол берген жок.
Мурдараак Шабул менен Дөөттүн окуясында эки так мисал бар экенин айткан элем. Андан бери да көп сөз айтылды, жаңыртып айта кетейинчи. Биринчиси караниеттиктен көз сокур болору кандай боло тургандыгы. Буга Шабулдун жасаган иштери мисал. Экинчиси мына ушундай себептер менен келип чыккан келишпестикке Кудайга жагарлык кандай мамиле кылуу керек экендиги. Жогорудагы көрүнүшкө көңүл бурсаңыз. Дөөт өзүн өлтүрүү үчүн артынан сайа түшүп, кууп жүргөн адамдын кийиминин этегин эле кесип алганы үчүн жүрөгү ооруду. Балким ал бир кезде Кудай Өзү падышалыкка майлаткан падышанын бийликти сүйүүчүлүккө акыл эсин бийлетип, ушунчалык пастыкка түшүп барганына боор ачыгандыр. Артынан түшүп, издеп жүргөн адамы жанына келип, кийиминин этегин кезип, карматпай кеткенине арданат го деп, Шабулдун алсыздыгын аягандыр. Өз жанынын коркунучта болгонуна карабай, Теңир мага өз мырзама Теңирдин майланганына кол салуума жол бербесин, анткени ал Теңирдин майланган адамы дегени, Теңир койгон падышага кол көтөрмөк белем деген, Теңирди терең урматтаган такыбаалыгын көрсөтүп турат. Бир убакта Шабулду Теңир падышалыкка койгондугун эсинен чыгарбай, аны өз мырзам деп атап, бардыгын Теңирдин ыйык эркине тапшырды. Бул бир жагынан анын Теңирдин адилеттигине бекем үмүттөнгөндүгүнөн да кабар берет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2011 - 07:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщенияDebi (17 Октябрь 2011 - 20:16) жазган:

Тиркеме: "И вдруг он говорит: "да, действительно, я начинаю понимать, Ислам - жестокая религия. Вот у меня здесь есть Коран"

Исламды коргобой Кудайды коргогон адам Кудай алдында мындай алдамчылык кылгандан коркот эле.


Просмотр сообщенияbaksid (15 Октябрь 2011 - 14:58) жазган:

В прямом эфире по испанскому телеканалу шел диспут. Дискутировали женщина-христианка и защитник Ислама (сам, впрочем, не мусульманин) на тему: "Что несет нам Ислам?" Христианка настаивала, что Ислам - это религия жестокости, насилия и ужас-ужас, мужчина защищал Ислам.


Өзүңүз көрүп турганай ал киши, ошо сиз жазгандай "мусулман" эмес экен го?
Бул жерден сиздин "калп" дегенди түшүнүктү кабыл алуу "өзгөчөлүгүңүздү" эске алуу менен сиздин

Просмотр сообщенияDebi (17 Октябрь 2011 - 20:16) жазган:

Исламды коргобой Кудайды коргогон адам Кудай алдында мындай алдамчылык кылгандан коркот эле.

дегениңизди көрүп бир чети кубанып, бир чети таң калып да турум Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 18 Октябрь 2011 - 07:41

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Debi   18 Октябрь 2011 - 21:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Муну Жазуунун кийинки баяны да ырастайт. Шабул болсо ордунан турду да, үңкүрдөн чыгып, жолго түштү. Андан соң Дөөт да туруп, үңкүрдөн чыкты да, Шабулдун аркасынан: «Мырзам, падыша!» – деп кыйкырды. Шабул артын караганда, Дөөт жүзтөмөндөп, ага таазим кылды.
Кымбаттуу окурман, элестетип көрүңүзчү, аны эч айыпсыз өлтүрүүнү көздөп жүргөн адамга “мырзам падыша” деп кайрылып, жүзтөмөндөп жыгылышы бул не деген момундук! Билесизби, Дөөттөгү момундуктун сыры эмнеде экендигин? Ал анда Шабул падышанын гана алдында эмес, биринчи кезекте Кудайынын алдында жүзтөмөндөп жыгылды. Шабулга урмат көрсөткөнү Кудайына урмат көрсөткөнү эле. Анткени Шабулду башка эмес, Кудай Өзү падыша койгон эле да. Албетте, Кудайдын аны да Шемуел аркылуу падышалыкка майлаганы эсинен чыгып калуусу мүмкүн эмес эле. Бирок ал баарында Кудайдан алдыга озбой, Кудай болжогон убактысын күтүүсү керек экендигин жакшы түшүнгөн. Кудай мени майлады деп, Шабулду өлтүрүп, анын ордуна такка отурууга ал барбайт болчу. Ага падышалык орунду Кудай Өзү бошотуп, Кудай Өзү жол берүүсү маанилүү болчу. Жогоруда айтылгандай, Дөөт үчүн бардык иште Кудайдын ыйык эрки маанилүү эле.
Дөөт Шабулга мындай деди: «“Дөөт сага жамандык кылууну ойлоп жатат”, – деген кишилердин сөзүн эмнеге угасың? Бүгүн Теңир сени үңкүрдүн ичинде менин колума салып бергенин өз көзүң менен көрдүң. Мага сени өлтүр деп айтышты, бирок мен сени аядым: “Мен өз мырзама кол көтөрбөйм, анткени ал – Теңирдин майланган адамы”, – деп айттым. Ата! Менин колумдагыны кара, кийимиңдин этегинен кесип алдым, бирок сени өлтүргөн жокмун. Менин оюмда жамандык кылуу да, кылмыш кылуу да жок экенин, сага каршы күнөө кылбаганымды ушундан билип ишен, сен болсо мени өлтүрүү үчүн издеп жүрөсүң. Теңир ортобузда калыс болсун, мен үчүн сенден Теңир өч алсын, сени өлтүрүүгө колум барбайт. Байыркы накыл сөздө: “Мыйзамсыздардан мыйзамсыздык чыгат”, – деп айтылат. Сени өлтүрүүгө колум барбайт. Ысрайылдын падышасы кимге каршы чыкты? Сен кимдин артынан кууп жүрөсүң? Өлгөн иттин, бир бүргөнүн артынан.

Дөөт өзүн өтө ылдый эсептеп, таптакыр менменсинбегенин караңызчы! Теңир Өзү сот болсун, экөөбүздүн ортобузда калыс болсун. Ал менин ишимди карап, талдап, мени сенин колуңдан куткарат». Дөөт ушул сөздөрдү Шабулга айтып бүткөндө, Шабул: «Бул сенин үнүңбү, уулум Дөөт?» – деди. Анан Шабул катуу ыйлады. Ал Дөөткө мындай деди: «Мага караганда адилеттүү экенсиң, анткени сен мага жакшылык менен жооп бердиң, мен болсо сага жамандык менен жооп бердим. Сен муну бүгүн мага жакшылык кылууң менен далилдедиң. Теңир мени сенин колуңа салып бергенде, сен мени өлтүргөн жоксуң. Душманын колго түшүргөн адам аны аман-соо коё бермек беле!
Жамандыкты жакшылык менен жеңүүнүн эң сонун үлгүсү. Шабул сөзүн улайт: Бүгүн мага кылган ишиң үчүн Теңир сага жакшылык менен кайтарсын. Эми мен билем, сен сөзсүз падышачылык кыласың, сенин колуңда Ысрайылдын падышачылыгы бекем болот. Азыр болсо мага Теңирдин алдында: “Сенин көзүң өткөндөн кийин, тукумуңду унутпайм, атаңдын тукумунун арасынан ысымыңды өчүрбөйм”, – деп ант бер». Дөөт Шабулга ант берди. Шабул үйүнө кайтты, Дөөт болсо кишилери менен өзү жашынган жерин көздөй жогору чыгып кетти.
Антташканы менен экөө кайра эле эки жакка кетти. Кайрадан Дөөт качып жүргөн жагына, Шабул үйүнө кайтты.
Шабулдун: “Эми мен билем, сен сөзсүз падышачылык кыласың, сенин колуңда Ысрайылдын падышачылыгы бекем болот” – дегенинен, буга чейин: “Чын эле менден падышачылык Дөөткө өтөбү” деп, падышалык тактыдан түшөрүнө ишене албай, түпөйүл ойдо жүргөнүн билсек болот. Бирок бул жолку айтканы деле анын акыркы тыянагы эмес экендигин, экөөнүн эки жакка кеткени айгинелеп тургандай. Окурманым, биз Шабулга көрсөтүлгөн ырайымдарды санап жатканыбыз эсиңизден чыккан жокпу? Бул окуяны эч ойлонбой эле, Шабулга көрсөтүлгөн экинчи ырайым деп санасак болот. Тактап койойун, биз санай баштагандан гана баштап.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 18 Октябрь 2011 - 21:35

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Debi   19 Октябрь 2011 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Дөөттүн тактыга келээр жолу узак болду. Бирок ал эч шашкан жок. Тактысыз эле, Кудай алдында ал падышалык милдетин аткарып жүрдү. Элин душмандарынан коргоп, жетектеп жүрдү. Ал үчүн падышалык атак-даңк эмес, Кудайдын эркин аткаруу маанилүү болгону мына ушундан көрүнүп турат. Падыша болоруна Кудайдан буйрук болгондон кийин, ал үчүн эң негизгиси падышалык такты эмес, Кудай алдында падышалык милдетин аткаруу болгондугун жасаган иштери айгинелеп турат. Ал али тактыдагы падыша эмес эле. Бирок Шабул андан падышалыкты талашып жатты. Кудайдын Шабулга Дөөт аркылуу көрсөткөн укмуштай ырайымы тууралуу сөз кылып, өзүбүздүн санагыбыз боюнча аны Шабулга көрсөтүлгөн экинчи чоң ырайым деп санадык. Шабул анда Кудай чыны менен эле Дөөттү падышалыкка койо тургандыгына көзү жеткендигин айтып, ага Кудайдан бата тилеген эле. Кылып жаткан ишинин туура эмес экендигин да мойнуна алган. Шабулдун шору ушул. Билип туруп бийликти сүйүүчүлүккө берилип, Кудайдын эркине каршы Дөөттү өлтүрүү үчүн кууганы болду. Ал кайрадан Дөөттү өлтүрүү үчүн издеп чыкты. Окуяны Ыйык Жазуудан улантып окуйлу.
Ошондо Шабул ордунан туруп, Зуп чөлүн көздөй ылдый түштү, аны менен Ысрайылдын тандалган үч миң кишиси Зуп чөлүнөн Дөөттү издегени чыкты. Шабул Жешимондун оң жагындагы, жол боюндагы Хахил дөңсөөсүнө жайланышты. Дөөт чөлдө болчу, ал өзүнүн артынан Шабулдун чөлгө келгенин көрдү. Дөөт тыңчыларды жиберип, Шабулдун келгени чын экенин билди. Ошондо Дөөт ордунан турду да, Шабулдун кошууну турган жерге келди. Анан Дөөт Шабулдун жана анын аскер башчысы Нейир уулу Абенердин жайгашкан жерин көрдү. Шабул чатырда уктап жатыптыр, эл анын тегерегине жайланышыптыр. Дөөт Абышай менен түн ичинде Шабулдун кишилерине келди. Шабул чатырында уктап жатыптыр, баш жагында найзасы жерге сайылып туруптур. Абенер жана эл анын тегерегинде экен. Ошондо Абышай Дөөткө: «Кудай бүгүн душманыңды колуңа салып берди. Эми мага уруксат бер, аны найза менен жерге кадайын, мен бир эле саям, кайталабайм», – деди. Бирок Дөөт Абышайга: «Аны өлтүрбө, анткени Теңирдин майланганына кол көтөргөн адам жазаланбай калмак беле!» – деди. Дөөт мындай деди: «Теңир тирүү! Аны Теңир Өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин. Анын баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин ал, өзүбүз жакка кетели».
Дөөт башка сөз менен айтканда “Сот Теңирдики, жазалоо Теңирдин иши Шабул чындап эле өлүшү керек болсо, Кудай аны менсиз деле өлтүрүп койо алат. Аны Кудай Өзү чечет” деген экен. Эки ирет маңдайынан каратып туруп найза ыргыткан, эч айыбы болбосо да, өлтүрүүнү көздөп артынан калбай жүргөн душманы кол алдында турганда Дөөттүн оюна нелер келип, нелер кеткенин бир Кудайдан башка ким билет? Ал: “Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин”, - деди. Ал деле канында күнөө бар адам да. Анын ичинде да ошол мезгилде руху менен жанынын катуу күрөшү жүргөндүр. Кудайдын алдында жаман иш кылып алуудан сергектик менен сактанган ал, анда да Теңирге таянып, Теңирге тапшырды. Шабулдукундай бийликтин кумарына азгырылуу, бийликке ээ болуп турган ар бир адамда болушу мүмкүн. Балким, Шабул дагы, Кудай алдында жаман иш кылып алуудан коркуп, бул азгырыкты жеңип чыгууга Кудайдан жардам сураса, минтип Дөөттү өлтүрүү үчүн артынан сайа түшмөк эместир. Тилекке каршы Шабулдан андай такыбаалык байкалбайт.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Debi   21 Октябрь 2011 - 01:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияны окуп отуруп, мурдараак келтирилген суроолуу аяттарга тушундурмо боло турган дагы бир нече аяттарды окудум, аларды кошумчалай кетейин:

1Кулак сал, Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың.
2Ал эл – саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө билесиң жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сөздү угуп жүрөсүң.
3Билип кой азыр, Кудай-Теңириң бардыгын жалмап жиберүүчү оттой болуп, сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет; Теңир сага айткандай, сен аларды кууп жибересиң, тез эле кырып саласың.
4Кудай-Теңириң аларды сен үчүн кууп чыкканда, өз жүрөгүңдө: “Адил болгонум үчүн Теңир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону үчүн Теңир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.
5Сен алардын жерин адил болгонуң үчүн, жүрөгүң таза болгону үчүн мурастаганы бара жаткан жоксуң. Бирок сенин Кудай-Теңириң ал элдерди мыйзамсыз иштери үчүн жана сенин ата-бабаң Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш үчүн, сенин алдыңан кууп жатат (Мыйз.9:1-5).

9Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барганда, ошол жердеги элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылба.
10Сенин элиңде уулун же кызын отко салгандар, көзү ачыктар, төлгөчүлөр, көз боочулар, бүбү-бакшылар,
11эмчи-домчулар, өлгөндөрдүн рухун чакыруучулар, сыйкырчылар, өлгөндөрдүн руху менен сүйлөшкөндөр болбосун.
12Анткени муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Ошондуктан бул жийиркеничтүү иштер үчүн Кудай-Теңириң аларды сенин алдыңдан кууп чыгып жатат (Мыйз.18:9-12).

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Debi   21 Октябрь 2011 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалары таржымалынын уландысы

Жазууга көңүл буралы. Дөөт Шабулдун баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин алды. Анан алар өздөрү жакка кетишти. Эч ким көргөн да, билген да жок, эч ким ойгонгон да жок, баары уктап жаткан, анткени аларды Теңир уктатып салган эле.
Кудай, Кудайга жаккан иш кылган адам тарапта болорун ушундан көрүңүз. Андан ары окуйлу. Дөөт тоонун башка бетине өтүп, алыста, чокуда турду. Алардын ортосундагы аралык алыс эле. Анан Дөөт элди жана Нейир уулу Абенерди чакырып: «Абенер, жооп бер», – деди. Абенер: «Сен кимсиң, эмнеге падышанын тынчын алып, кыйкырып жатасың?» – деди. Дөөт Абенерге мындай деди: «Сен эр жигитсиң, сага Ысрайылда ким тең келет? Эмне үчүн өз мырзаңды, падышаны жакшы коргобойсуң? Анткени падышаны, мырзаңды өлтүрүү үчүн, эл ичинен бирөө келип кетти. Сенин мындай кылып жатканың жакшы эмес. Теңир тирүү! Мырзаңарды, Теңирдин майланганын, коргобогонуңар үчүн, силер өлүмгө татыктуусуңар. Карачы, падышанын баш жагында турган найза жана суу куюлган идиш кана?» Шабул Дөөттүн үнүн таанып: «Дөөт, уулум, бул сенин үнүңбү?» – деди. «Менин үнүм, мырзам падыша», – деп жооп берди Дөөт.
Дөөттүн Шабулдун жан жөкөрлөрүн падышага ишенимсиз адамдар катарында билгичтик менен ашкерелегенинин да себеби болсо керек. Адатта бийликтеги кишини тегеректеп жүргөн адамдар баары эле күйпөлөктөп жүрүшсө, кимисинин ким экени билине койбойт го. Өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн, тактыдагы адамды эмес, тактыны гана тегеректеген адамдар ар бир падышанын жашоосунда болору турулуу иш. Алардын доору падыша тактан түшөрү менен аяктарын жакшы билген алар, Дөөттүн эл алдында кадыр-баркы көтөрүлүп баратканын байкап, балким падышанын Дөөткө каршы көтөрүлүүсүнө кошумча болушкандыр. Аны байкаган акылман Дөөт мүмкүнчүлүктү колдонуп падышанын алдында аларды уяткарып турса керек. Душманым деп кубалап жүргөн адам анын өмүрүн сактап койду да, жанына ээрчитип жүргөндөрү кандай жоокерлер экени билинди. Муну Дөөт өтө тапкычтык менен таамай айгинеледи. Ошону менен бирге өлтүрөм деп артынан түшүп жүргөнү Шабулдун өтө терең жаңылыштык кылып жатканы экенин да көрсөттү. Албетте, душманын таамай ашкере кылып турганы, Дөөттү колдогон Кудай Өзү болгондуктан экенин баса белгилешибиз абзел.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 02:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: