Супердин айылына ала жаздан бери эми кайрылып, көп ичинен тааныштарын издеген ДонКихот нары чарпылып,бери чарпылып, комузун колго камдады, айтышканга белин байлады, тээ айтылуу Жеңижоктун ыргагына салып ырын төгүп баштады:
Супер бир жаштар мекени
Суперстан айлы эсенби?
Көрүшүп калдык кайрадан
өтүп бир күндүн нечени.
Тамшанткан далай адамды
Суперстан калкы аманбы?
Жоголуп кеткен көрүнбөй
Донуңар айтат саламды!
Шаңдуу бир кызык жер экен
Суперстан деген виртмекен,
Виртмекенди жердеген
Замандаштар тынч бекен?
Баятан окуп айтышты
Кызыл бир тилим кычышты,
Көп нерседен кур калып
өткөрүпмүн кызыкты!
Киргеним соң ушунча
Бекер карап турбайын,
Тамаша-чыны аралаш
Азыноолак ырдайын!
деп ошентип ырынын башын баштады, анан улап andormeda "жеңекесине"
назарын таштады:
Aндора сулуу кандайсыз?
Сары май кошкон балдайсыз,
Эски бир малдын көзүндөй
Көңүлгө жакын жандайсыз.
Жаркылдап тийген кабагың
Нечен бир ирет самадым,
Суусатып чиркин жүрөктү
Суйкайган сулуу жамалың.
Күн тийген сымал күлүшүң,
Сүлөөсүн сындуу жүрүшүң,
Сыздаттың мени карабай
Жалынга түштүм сиз үчүн.
Ай нуру сымал көрүнгөн
Ак мончок таккан тамагың,
Айдагы сулуу өңдөнүп
Жете албай тарттым азабың.
Сыздасам да укпастан
Болдуңуз менин арманым,
Шагымды менин сындырып
Башканын колун кармадың.
деп арманын төгүп,кийинки саламын Таранчыга жиберип турган кези:
Кандайсыз байкем Таранчы,
Күттүрбөй мени караңчы,
Илгерки бир убакта
Кыздарга болчуң сен аңчы.
Азуулуу бөрү элеңиз,
Азыр кандай абалың?
Кыздарга анча жармашпай
Жабылганбы арааның?
Жоошуп калган сындуусуз
Сүйүүңүзгө жолугуп,
Эсимде мурда форумда
Жүрчүсүз дайым оолугуп.
Бишкекке барам жакында
Беш-алты күн жүрөмүн
Телефон номур ыргытың
Купуядан күтөмүн.
деп саламын бүтүрүп, кеп учугун той өткөрүп жүргөндөргө бурду:
Той баштаган туугандар,
Мындагы жалпы туугандар,
Тууса дагы бир кою
Той өткөрүп жуугандар!
Кармашкан колдор үзүлбөй
Бактылуу жашап жүргөндөр,
Виртуалда үйлөнүп
Тамаша ойноп күлгөндөр!
Тоюңарга кечигип
Келбей калган экемин,
Кечикпей эрте келгенде
Кыздардын чаап бирисин
Мен дагы
үйлөнүп алмак экемин!
Атаңдын көрү дүнүйө
Той болуп турса күнүгө
Тойлошуп жүрө бермекмин
Барбай коюп үиүмө!
Анда эмесе жубайлар
Силерди кошуп төгөйүн,
Кимиңде кандай өнөр бар
Бир четтен сынап көрөйүн!
Айдашка пилус Эсесер
Тойду баштап бериптир,
Карыганда бул акем
Мээси айнып чириптир,
Виртте эмес реалда
үйлөнүүнү унутуп,
Супердин кызык ойнуна
Баш-оту менен кириптир!
А бирок, жеңемди баамдап сынасам
Эсесер акем көздүү экен,
Ардактап тапкан жубайы
Акемдин эле өзү экен,
Ашканада тамакты
Катыра жасайт деп уктум
Конокко барып бир күнү
Тоемун деп оолуктум!
Жеңекемди карасам
Кемчилиги көрүнбөйт,
Сүйлөгөн баскан турганы
Идеалдын өзүндөй.
Илгерки акын Жеңижок
Көзү тирүү болгондо
Көксулуусун унутуп
Айдашка деп ырдамак,
Эсил кайран Токтогул
Алымканын унутуп
Айдашым деп сыздамак.
Ушундай кызды чаап алган
Эсесер акем азамат,
Айдашка жеңе багып ал
Акебиз сизге аманат!))
Андан кийин карасам
Демон дос көзгө көрүнөт,
Алеся экөө жанашып
Көзүмө сонун көрүнөт,
Көрүшпөсө чыдабай
Эркелешпей туралбай,
Жаштыктын деми экөөнү
Чырмаган экен аябай!
Бирини бири кыялбай
Сыртынан кара экөөнү
Ыпысык жылуу уядай.
Жарашкан жаштар экен го
Көз тийбесин ылайым,
Бактылуу бүлө болгула
Болбосун такыр убайым!
Нарынбек агай барсыңбы
Улуусуңбу, жашсыңбы,
Тамада болуп тойлордо
Акылы тунук башсыңбы,
Кызматка туруп жаштарга
Тойлордо ашты бастыңбы?
Бродяга жигит темселеп
Нигине заты жарашып
анда мында бир келет,
Тийишип мында кыз жандап
Бойдокпу деп ойлодум,
Кыскасы жашоо керемет,
Тина деп мында ырдады
Же Тинасы жооп берип
Көңүлүн буга бурбады!
Оюн-зоокту мен көрүп
Көзүм бир күйүп турамын
Араңарда башы бош
Кыздардын дайнын сурайын,
Элге окшоп мен деле
Той өткөрүп жыргайын,
Кийинки болчу ырымды
Кыз тапканда ырдайыыыын
деген ДонКихот жооп күтүп туруп калды.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1282 04 November 2011 - 17:06
Salam aitam baaryna
Jashyna da karyna
Don kixot baike keliniz
Syzdap mynda ketipsiz
Akyndardy chogultup
Syndap bizdi ketipsiz
Aydashka ejekeme
Soz atyp aga ketipsiz
Maktamysh bolup ejemdi
Tartyp alyp jarynan
Syzdatyp ketpen akemdi...
Jashyna da karyna
Don kixot baike keliniz
Syzdap mynda ketipsiz
Akyndardy chogultup
Syndap bizdi ketipsiz
Aydashka ejekeme
Soz atyp aga ketipsiz
Maktamysh bolup ejemdi
Tartyp alyp jarynan
Syzdatyp ketpen akemdi...
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#1283 15 November 2011 - 21:00
[quote name='DOHKUXOT'
date='17 Октябрь 2011 - 19:23' timestamp='1318857828'
post='560936'
]
Супердин айылына ала жаздан бери эми кайрылып, көп ичинен тааныштарын издеген ДонКихот нары чарпылып,бери чарпылып, комузун колго камдады, айтышканга белин байлады, тээ айтылуу Жеңижоктун ыргагына салып ырын төгүп баштады:
Ондонуп сары ооз балапан,
оропкуп чаап алакан.
Чебердик жайын карасам.
Чечендик кылып жанатан.
Курактап ырлар жазыпсын.
Кабарын барго санаттан?
Мындайча менин баяным.
Талдап кор башын, аягын.
Карс! этип тийсе кап этпе,
Катуурак ырдаар таягым.
Ошентсе дагын коп келет,
Атаандашымды аягым.
Айтышып жатканын коруп,
Элестеп кетет аялым.
Кантсе да айтыш эмеспи.
Карасан дагы каягын.
Жаакташып айтышуу керек,
Салтыго элдин баягын.
Донкихот сага айтаарым.
Кабыл ал айтаар саламым.
Айтышуу учун коюлган
Менин бар биртке талабым.
Женсен эгерде мен айтам,
Кимдигим, жердик тарабым.
Женилсен озун айтасын,
Ушуга доске жарагын.
Докихот кимдигин билуу,
Кызык чынында караагым!
Супердин айылына ала жаздан бери эми кайрылып, көп ичинен тааныштарын издеген ДонКихот нары чарпылып,бери чарпылып, комузун колго камдады, айтышканга белин байлады, тээ айтылуу Жеңижоктун ыргагына салып ырын төгүп баштады:
Ондонуп сары ооз балапан,
оропкуп чаап алакан.
Чебердик жайын карасам.
Чечендик кылып жанатан.
Курактап ырлар жазыпсын.
Кабарын барго санаттан?
Мындайча менин баяным.
Талдап кор башын, аягын.
Карс! этип тийсе кап этпе,
Катуурак ырдаар таягым.
Ошентсе дагын коп келет,
Атаандашымды аягым.
Айтышып жатканын коруп,
Элестеп кетет аялым.
Кантсе да айтыш эмеспи.
Карасан дагы каягын.
Жаакташып айтышуу керек,
Салтыго элдин баягын.
Донкихот сага айтаарым.
Кабыл ал айтаар саламым.
Айтышуу учун коюлган
Менин бар биртке талабым.
Женсен эгерде мен айтам,
Кимдигим, жердик тарабым.
Женилсен озун айтасын,
Ушуга доске жарагын.
Докихот кимдигин билуу,
Кызык чынында караагым!
#1284 07 December 2011 - 23:10
Тил онорун туу тутуп
Кээде ачуу туз ичсе
Кээде таттуу суу жутуп
Бири бирине тийишип
Курч создон кийим кийишип
Шанкылдап кучтуу кулушкон
Чайпалып басып журушкон
Аыкндар кайда кетишти
Айып иш булар этишти...
Кара акын айылдын
Акыбалы отто оор
Ачып турат бул тапта
Опко менен кызыл боор
Жалгыз койбой айылды
Келгиле эми акындар
Кызык кептен куралы
Кабарлашып туралы...
Кээде ачуу туз ичсе
Кээде таттуу суу жутуп
Бири бирине тийишип
Курч создон кийим кийишип
Шанкылдап кучтуу кулушкон
Чайпалып басып журушкон
Аыкндар кайда кетишти
Айып иш булар этишти...
Кара акын айылдын
Акыбалы отто оор
Ачып турат бул тапта
Опко менен кызыл боор
Жалгыз койбой айылды
Келгиле эми акындар
Кызык кептен куралы
Кабарлашып туралы...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1285 23 December 2011 - 19:24
Ассаламу алейкум!
Айлап-жылдап кирбедим...
Акындар айлы аманбы?
Ал-ахывал билбедим
Жакындарым аманбы?
Cагындым, көпкө келбедим
Акындарым аманбы?
Сагызгандай сайраган
Шакыйларым аманбы?
Сайып суйлоп жайлаган
Такымдарым аманбы?
Азгырып жипсиз байлаган
Жаркындарым аманбы?
Жөн күндү тойго айланткан
Шайырларым аманбы?
Адашып айда бир кирген
Тургунуң айтат саламды
Алдастабай алик ал
Туйгунуң айткан саламды
Узартпай сөздү айтайын
Мында кирген себебим:
Окудум эркин темадан
Кайнаганын бир кебин
Чын болсо эгер айтканың
Айтышуудан качпагын
Тандап эки образды
Талашуудан кайтпагын
Күйөө балаң бук болду
Кайрадан дагы таптагын
Илгерки кезди эстешип
Бир эки шиңгил таштагын
Айлап-жылдап кирбедим...
Акындар айлы аманбы?
Ал-ахывал билбедим
Жакындарым аманбы?
Cагындым, көпкө келбедим
Акындарым аманбы?
Сагызгандай сайраган
Шакыйларым аманбы?
Сайып суйлоп жайлаган
Такымдарым аманбы?
Азгырып жипсиз байлаган
Жаркындарым аманбы?
Жөн күндү тойго айланткан
Шайырларым аманбы?
Адашып айда бир кирген
Тургунуң айтат саламды
Алдастабай алик ал
Туйгунуң айткан саламды
Узартпай сөздү айтайын
Мында кирген себебим:
Окудум эркин темадан
Кайнаганын бир кебин
Чын болсо эгер айтканың
Айтышуудан качпагын
Тандап эки образды
Талашуудан кайтпагын
Күйөө балаң бук болду
Кайрадан дагы таптагын
Илгерки кезди эстешип
Бир эки шиңгил таштагын
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#1286 23 December 2011 - 19:33
Бул жакта жүрсөм балдырап
Тиякта көп сөз болуптур
Коркконунан кайнагам
Өзүнө түшкөн "вызов" ду
Башкага бере коюптур
Аа мейли эми не дейбиз
Көңүл жазып тердебиз
Тандамай жок атаандаш
Келгенин ары тебебиз
Тиякта көп сөз болуптур
Коркконунан кайнагам
Өзүнө түшкөн "вызов" ду
Башкага бере коюптур
Аа мейли эми не дейбиз
Көңүл жазып тердебиз
Тандамай жок атаандаш
Келгенин ары тебебиз
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#1287 23 December 2011 - 19:39
Ассалому алейкум !
Алгач кирип жатам,
Акындар баары аманбы?
Капыстан кирип калдым мен,
Катындар да аманбы?
" От " болуп кирип калдым мен ,
Бул жерден орун табамбы ?
Кокуйларга туш келип ,
Же ур-токмоко каламбы?
Ур-токмоко алышса ,
Албырттап куйуп жанамын .
Токмоктогондун баарысын,
Кулго айлантып саламын.
Алгач кирип жатам,
Акындар баары аманбы?
Капыстан кирип калдым мен,
Катындар да аманбы?
" От " болуп кирип калдым мен ,
Бул жерден орун табамбы ?
Кокуйларга туш келип ,
Же ур-токмоко каламбы?
Ур-токмоко алышса ,
Албырттап куйуп жанамын .
Токмоктогондун баарысын,
Кулго айлантып саламын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1288 26 December 2011 - 18:13
Ыр денизин толкутуп
Бири бирин коркутуп
Мандай тескей отуруп
Ачуу таттуу кеп куруп
Тан атырган бул тапта
Акындарым аманбы?
СССР акам баш болуп
Калгандары эш болуп
Жаны тема ачканда
Куванган элем оолугуп
Кайра акын айылы
Соз кылдарын черткилеп
Жанданат деп ооргушуп
Бирок эски абалы
Озгорбоптур баягы...
Ком акын мен суумун дейт
Бардык жаман жоорукту
Калтырбастан жууймун дейт
Ушул бала катырат
Баардыгы аны жактырат
Деп турганда ал дагы
Токтоп калды жок дайны...
Анын каршы тарабы
Ликвидатор тандалды
Бирок анын азырынча
Жок го оттой аптабы...
Качан эми онолот
Айлыбыздын жарасы...
Акталбай эми калабы
Айтыш ырдын карасы...
Унутулуп барабы
Кыргызымдын санаты
Айтыш деген алп куштун
Сынды белем канаты...???
Бири бирин коркутуп
Мандай тескей отуруп
Ачуу таттуу кеп куруп
Тан атырган бул тапта
Акындарым аманбы?
СССР акам баш болуп
Калгандары эш болуп
Жаны тема ачканда
Куванган элем оолугуп
Кайра акын айылы
Соз кылдарын черткилеп
Жанданат деп ооргушуп
Бирок эски абалы
Озгорбоптур баягы...
Ком акын мен суумун дейт
Бардык жаман жоорукту
Калтырбастан жууймун дейт
Ушул бала катырат
Баардыгы аны жактырат
Деп турганда ал дагы
Токтоп калды жок дайны...
Анын каршы тарабы
Ликвидатор тандалды
Бирок анын азырынча
Жок го оттой аптабы...
Качан эми онолот
Айлыбыздын жарасы...
Акталбай эми калабы
Айтыш ырдын карасы...
Унутулуп барабы
Кыргызымдын санаты
Айтыш деген алп куштун
Сынды белем канаты...???
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1289 26 December 2011 - 21:12
Бысмылда деп баштайын .
Алп акындар айтышына ,
Акырын кадам таштайын .
Акындык деле жайым жок ,
Темага кирип калган сон ,
Артты карай качпайын.
Алптарга мен тенелбей ,
Акылга салып шашпайын.
Жогорто айтып кеткендей ,
Акындык деле жайым жок.
Алптар менен айтышууга ,
Азырынча чагым жок.
Алптар конул которсо ,
Ыр жазуучу колум шок.
"От" болуп куйуп мен кирсем ,
Айтышчуулар алп экен .
Аял зат менен эркектин ,
Айтышуусу салт экен .
"Суудай" тунук аял жок ,
Айтышаары калп экен .
Жынысына карайлы.
Аял менен айтышып ,
Кумардан бир тарайлы .
Айтышчуу аял жок болсо ,
Уй , уйубузго тарайлы .
Алп акындар айтышына ,
Акырын кадам таштайын .
Акындык деле жайым жок ,
Темага кирип калган сон ,
Артты карай качпайын.
Алптарга мен тенелбей ,
Акылга салып шашпайын.
Жогорто айтып кеткендей ,
Акындык деле жайым жок.
Алптар менен айтышууга ,
Азырынча чагым жок.
Алптар конул которсо ,
Ыр жазуучу колум шок.
"От" болуп куйуп мен кирсем ,
Айтышчуулар алп экен .
Аял зат менен эркектин ,
Айтышуусу салт экен .
"Суудай" тунук аял жок ,
Айтышаары калп экен .
Жынысына карайлы.
Аял менен айтышып ,
Кумардан бир тарайлы .
Айтышчуу аял жок болсо ,
Уй , уйубузго тарайлы .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1290 26 December 2011 - 22:56
Бысмылда менен баштаган
Кыздарга гана вызовун
Алыстан туруп таштаган
Likvidator байкасам
Онорум жок менин деп туруп
Кыйын бала турбайбы
Ыры менен жайлаган
Кыздар менен айтышып
Конул ачууну каалаган
Кыздан катуу соккуну
Жегиси келип самаган
Азамат экен жайнаган
От болуп сен куйгузо
Баарысын эле кубалап
Жеткирдин го уй-уйуно
Мынтип турсан сын мында
Кайсыл кыз келет жанына
Андан коро подхотту
Башкача жасап акырын
Уркутпой эле чоочутпай
Куйгузом деп коркутпай
Эркелетип чакыргын
Ошондо балким айылдан
Айтылып калаар тагдырын
Канга толуп тамырын
Журогун кээде катуурак
Кээде согуп акырын
Экоо болуп жаздыгын
Ачылар сенин да багын
Сага каалайм ийгилик
Акын айтыш айлында
Той баштап калсан кокустан
Тартып кой мага бир жилик
Анткени мен да тугойум
Ушул айылдан тапканмын
Алеся менен бакытка
Болонуп жатып калганмын... хе хе хе
Кыздарга гана вызовун
Алыстан туруп таштаган
Likvidator байкасам
Онорум жок менин деп туруп
Кыйын бала турбайбы
Ыры менен жайлаган
Кыздар менен айтышып
Конул ачууну каалаган
Кыздан катуу соккуну
Жегиси келип самаган
Азамат экен жайнаган
От болуп сен куйгузо
Баарысын эле кубалап
Жеткирдин го уй-уйуно
Мынтип турсан сын мында
Кайсыл кыз келет жанына
Андан коро подхотту
Башкача жасап акырын
Уркутпой эле чоочутпай
Куйгузом деп коркутпай
Эркелетип чакыргын
Ошондо балким айылдан
Айтылып калаар тагдырын
Канга толуп тамырын
Журогун кээде катуурак
Кээде согуп акырын
Экоо болуп жаздыгын
Ачылар сенин да багын
Сага каалайм ийгилик
Акын айтыш айлында
Той баштап калсан кокустан
Тартып кой мага бир жилик
Анткени мен да тугойум
Ушул айылдан тапканмын
Алеся менен бакытка
Болонуп жатып калганмын... хе хе хе
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1291 27 December 2011 - 10:06
Demon, айтканынды угайын.
Аялдарга акырын ,
Подход жасап турайын.
Алоолоп жан куйгузбой ,
Жылытып гана турайын .
Кыштын куну баарына ,
Жылуулук гана сунайын.
Жан эргитип жылытып ,
Айтышка конулун бурайын.
Мен алыска барбадым ,
Образдар айтышында
"От" болууну кааладым.
Каалоомдун себебин ,
Кенен айтып берейин .
Ар бир уйго жылуулук ,
Тартуулап мен келейин .
Ушугон жан жылынсын .
Курсак ачса адамда ,
Табыма тамак бышырсын .
Тамагыны жеп алып ,
Суперстанды кыдырсын .
Колдон келсе "суу" болуп ,
Ыр менен мени сындырсын .
Айтышка кыз чакыруу ,
Ком мырзанын тапканы .
Жыныска да красак деп ,
Комдун айтып жатканы.
Айтышууга тугойду ал ,
Тез арада тапканбы?
Айтышта тугой мен тапсам ,
Пайдасы анын меники .
Эгерде той баштасам ,
Жиликтин чону сеники .
Аялдарга акырын ,
Подход жасап турайын.
Алоолоп жан куйгузбой ,
Жылытып гана турайын .
Кыштын куну баарына ,
Жылуулук гана сунайын.
Жан эргитип жылытып ,
Айтышка конулун бурайын.
Мен алыска барбадым ,
Образдар айтышында
"От" болууну кааладым.
Каалоомдун себебин ,
Кенен айтып берейин .
Ар бир уйго жылуулук ,
Тартуулап мен келейин .
Ушугон жан жылынсын .
Курсак ачса адамда ,
Табыма тамак бышырсын .
Тамагыны жеп алып ,
Суперстанды кыдырсын .
Колдон келсе "суу" болуп ,
Ыр менен мени сындырсын .
Айтышка кыз чакыруу ,
Ком мырзанын тапканы .
Жыныска да красак деп ,
Комдун айтып жатканы.
Айтышууга тугойду ал ,
Тез арада тапканбы?
Айтышта тугой мен тапсам ,
Пайдасы анын меники .
Эгерде той баштасам ,
Жиликтин чону сеники .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1292 03 January 2012 - 20:17
Анда эмесе,улуу абысыны кичуу абсыны-Бегимкызга кайрылып турган жери:
Айтыш салт деп аталат
Шарт десем да жарашат
Образдар бизге тандалып
Калган соң эми биз качсак
Баары калат шек санап
Андыктан Бегим кеп куруп
Сөзүбүзгө бек туруп
Колдон келсе чукушуп
Кызык айтыш куралы
Абысын болуп туралы
Эми несин айтайын
Кайниме көз салганың
Аны ээлеп алганың
Аралаш чын жалганың
Эптеп тийип алгансың
Башында түзүк эле жагынып
Кайненеңе жалынып
Жүрдүң эле ачылып
Эми болсо өзгөрүп
Мурдуңду чүйрүп
Бойуң көтөрүп
Эркелик кылып күнүгө
Иш кылбайт деп угам
Ал үйдү сага тапшыргам
Ишенип эле мен тургам
Бирок күзгү алдынан
Чыкпайткенсиң Бегимкан
Жиним келди абыдан
Бир күн барып жаныңа
Чачыңды тытып бирбирден
Карматамын колуңа
Айтыш салт деп аталат
Шарт десем да жарашат
Образдар бизге тандалып
Калган соң эми биз качсак
Баары калат шек санап
Андыктан Бегим кеп куруп
Сөзүбүзгө бек туруп
Колдон келсе чукушуп
Кызык айтыш куралы
Абысын болуп туралы
Эми несин айтайын
Кайниме көз салганың
Аны ээлеп алганың
Аралаш чын жалганың
Эптеп тийип алгансың
Башында түзүк эле жагынып
Кайненеңе жалынып
Жүрдүң эле ачылып
Эми болсо өзгөрүп
Мурдуңду чүйрүп
Бойуң көтөрүп
Эркелик кылып күнүгө
Иш кылбайт деп угам
Ал үйдү сага тапшыргам
Ишенип эле мен тургам
Бирок күзгү алдынан
Чыкпайткенсиң Бегимкан
Жиним келди абыдан
Бир күн барып жаныңа
Чачыңды тытып бирбирден
Карматамын колуңа
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1293 04 January 2012 - 14:18
Ассалому алейкум
Жалпыңар мында жердеген,
Кайда кетти темселеп
Жанагы акын "от" деген?
Мен от элем деп бакырат
Жалындап күйүп жаркырап,
Айтышчу болсоң мында кел
Мөлтүр суу сени чакырат.
өрттөймүн дейт баарысын
Эскисин да, жаңысын
Ээленип эч ким жок жерде
Отунбай, сен даана айныпсың!
Күчүңдү элге көргөзүп
Күл кылам деп күпүлдөп,
Кана анда сууну тосуп ал
өчүп калба үлпүлдөп?
Ойсоңдоп тилиң жалманып
Жылытам деп мактанып,
Айтышчу болсоң мында кел
Отурба суудан жалтанып!
Жалпыңар мында жердеген,
Кайда кетти темселеп
Жанагы акын "от" деген?
Мен от элем деп бакырат
Жалындап күйүп жаркырап,
Айтышчу болсоң мында кел
Мөлтүр суу сени чакырат.
өрттөймүн дейт баарысын
Эскисин да, жаңысын
Ээленип эч ким жок жерде
Отунбай, сен даана айныпсың!
Күчүңдү элге көргөзүп
Күл кылам деп күпүлдөп,
Кана анда сууну тосуп ал
өчүп калба үлпүлдөп?
Ойсоңдоп тилиң жалманып
Жылытам деп мактанып,
Айтышчу болсоң мында кел
Отурба суудан жалтанып!
#1294 04 January 2012 - 15:35
Алейкум салам " суу" аке ,
Сураган " Отун " бул жерде .
Адамзатка жамандап ,
Кылба мени келеке .
Отту "жаман" дегенден ,
Качып кетет береке .
Андан коро акебай ,
Элди жууп тазалап ,
Жарай бергин кереке .
Мен "От" болуп жалындайм ,
"Суу" акеме таарынбайм .
"Очурбочу аке " деп ,
Сууга такыр жалынбайм.
Керек болсо "Суу" аке,
Нефтини чачып бетине ,
Суу устундо жалбырттайм.
" Суу " болуп аке мактанба ,
Муз дооруну адамзат ,
Жаны унутуп жатканда .
Адамзаттын журогунон ,
Эми ордунду тапканда .
Жалтанбайм сенден " Суу" аке ,
Сапаты жок туруктуу ,
Женил ойлуу " буу" аке.
"Отту" адамга жамандап ,
Озу болсо тайрандап ,
Амалкой болгон" куу" аке.
Заманы отуп кетсе да ,
СССР болгон туу аке .
Айтышчуу жерде айтышам ,
Чарпышчуу жерде чарпышам .
Акеден кем уул эмесмин,
Капа кылсам акемди ,
Эптеп кайра табышам.
Сураган " Отун " бул жерде .
Адамзатка жамандап ,
Кылба мени келеке .
Отту "жаман" дегенден ,
Качып кетет береке .
Андан коро акебай ,
Элди жууп тазалап ,
Жарай бергин кереке .
Мен "От" болуп жалындайм ,
"Суу" акеме таарынбайм .
"Очурбочу аке " деп ,
Сууга такыр жалынбайм.
Керек болсо "Суу" аке,
Нефтини чачып бетине ,
Суу устундо жалбырттайм.
" Суу " болуп аке мактанба ,
Муз дооруну адамзат ,
Жаны унутуп жатканда .
Адамзаттын журогунон ,
Эми ордунду тапканда .
Жалтанбайм сенден " Суу" аке ,
Сапаты жок туруктуу ,
Женил ойлуу " буу" аке.
"Отту" адамга жамандап ,
Озу болсо тайрандап ,
Амалкой болгон" куу" аке.
Заманы отуп кетсе да ,
СССР болгон туу аке .
Айтышчуу жерде айтышам ,
Чарпышчуу жерде чарпышам .
Акеден кем уул эмесмин,
Капа кылсам акемди ,
Эптеп кайра табышам.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1295 04 January 2012 - 16:10
Буу деп мени мыскылдап
Келеке кылган сенсиңби?
Шамал кайда айдаса
Кете берген сенсиңби?
Гектар гектар токойду
Жалмап жуткан сенсиңби?
"өрт- тилсиз жоо" деген жемени
Дамамат уккан сенсиңби?
Адамдарды үй-мүлксүз
Калтырган өрт сенсиңби?
"Ойнобо от менен" деп
Жазылган өрт сенсиңби?
Качан болсо алаамат
Баштайсың да турасың,
Суу акеңдин насаатын
Деги качан угасың?
Айыбыңды жабам деп
Ары-бери чуркаймын,
Зыян кылып койбо деп
Кол бутуңду тушаймын.
Доссуң дайым шайтанга
Туруктуумун деп мактанба,
Бүгүн мына сен отсуң
Эртең болсо сен чоксуң,
Бүрсүгүнү күл болуп
Анан барып жоксуң!
Кылымдан бери былк этпей
Кемибеген суу болом,
Сен айткандай, жеңилдеп
Күн ысыса буу болом,
Кыштын күнү муз болом
Сендей болуп жоголбой
Кайра эле суу болом.
Кана эми сени угайын
Сага көңүл бурайын,
Мен бар жерде жым болгон
О, мурдуңду урайын!
Келеке кылган сенсиңби?
Шамал кайда айдаса
Кете берген сенсиңби?
Гектар гектар токойду
Жалмап жуткан сенсиңби?
"өрт- тилсиз жоо" деген жемени
Дамамат уккан сенсиңби?
Адамдарды үй-мүлксүз
Калтырган өрт сенсиңби?
"Ойнобо от менен" деп
Жазылган өрт сенсиңби?
Качан болсо алаамат
Баштайсың да турасың,
Суу акеңдин насаатын
Деги качан угасың?
Айыбыңды жабам деп
Ары-бери чуркаймын,
Зыян кылып койбо деп
Кол бутуңду тушаймын.
Доссуң дайым шайтанга
Туруктуумун деп мактанба,
Бүгүн мына сен отсуң
Эртең болсо сен чоксуң,
Бүрсүгүнү күл болуп
Анан барып жоксуң!
Кылымдан бери былк этпей
Кемибеген суу болом,
Сен айткандай, жеңилдеп
Күн ысыса буу болом,
Кыштын күнү муз болом
Сендей болуп жоголбой
Кайра эле суу болом.
Кана эми сени угайын
Сага көңүл бурайын,
Мен бар жерде жым болгон
О, мурдуңду урайын!
#1296 04 January 2012 - 17:00
Кыйраткыч бир мен "От" эмес ,
Менин ишимди сындаган ,
Суу акем отко сот эмес .
Жопон элин жайпаган ,
Канча адамды оп тартып ,
Оз жолунан кайтпаган ,
Эске тушту бир элес.
Жапон элин сыздаткан ,
Журокторду муздаткан ,
Муну кылган мен эмес .
Жер бетини кыйраткан ,
Жалгыз гана "От" дебес.
От атасы кун болот ,
Кун жок болсо тун болот.
Кун от чачып турбаса ,
Тируу жан баары жым болот.
Жылуулук жок болсо музсун сен .
Чайпалып дениз болбостон ,
Муз аралаш тузсун сен .
Жылуулук берсем асманда ,
Буу булутка айланып
Каалкып учкан кушсун сен .
Тийишпе аке "Суу" болуп ,
Оттун жини бир келсе ,
Жер бетине тушо албай ,
Каалкып журбо " Буу " болуп.
Менин ишимди сындаган ,
Суу акем отко сот эмес .
Жопон элин жайпаган ,
Канча адамды оп тартып ,
Оз жолунан кайтпаган ,
Эске тушту бир элес.
Жапон элин сыздаткан ,
Журокторду муздаткан ,
Муну кылган мен эмес .
Жер бетини кыйраткан ,
Жалгыз гана "От" дебес.
От атасы кун болот ,
Кун жок болсо тун болот.
Кун от чачып турбаса ,
Тируу жан баары жым болот.
Жылуулук жок болсо музсун сен .
Чайпалып дениз болбостон ,
Муз аралаш тузсун сен .
Жылуулук берсем асманда ,
Буу булутка айланып
Каалкып учкан кушсун сен .
Тийишпе аке "Суу" болуп ,
Оттун жини бир келсе ,
Жер бетине тушо албай ,
Каалкып журбо " Буу " болуп.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1297 04 January 2012 - 17:08
Менин айтышчу адамым жок,маг жооп жок.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#1298 04 January 2012 - 18:29
Ап-бали бали!
Айтыш кучуно кирген го жаны
Оттор куйуп,суу ташкындап атыптыр
Мында бар сыяктанат бир маани...
Абысындар да ача бакан аштаптыр,
Отту калап коюп, Сууга жоной баштаптыр...
Айтайын дегем силерге комплимент,
USSR иним жасаптыр менеджмент .
Оттон чыккан тутунду, Суунун шарылдаганын угуп
Эми бул темага Кун жарыгыраак тиет!
Айтыш кучуно кирген го жаны
Оттор куйуп,суу ташкындап атыптыр
Мында бар сыяктанат бир маани...
Абысындар да ача бакан аштаптыр,
Отту калап коюп, Сууга жоной баштаптыр...
Айтайын дегем силерге комплимент,
USSR иним жасаптыр менеджмент .
Оттон чыккан тутунду, Суунун шарылдаганын угуп
Эми бул темага Кун жарыгыраак тиет!
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#1299 04 January 2012 - 18:56
Азаматсыздар! (Эки ооз да жамактата албаганыма окунуп гана кетем да
Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#1300 04 January 2012 - 19:01
Менин айтышчу адамым жок,маг жооп жок. :108:
Айтышты кызытуу максатында , сенин абысыныңдын образы.
Иии, жеңеке келипсиз
Лапшадан өллө илипсиз,
Бу айылдын ушакчы
Келиндердин бирисиз!
Бириктирбей эки үйдү
Эриктирбей бир үйдү
Качан болсо жамандап
Укпадым жакшы сөзүңдү!
Келгенден бери күн бербей
Каарыйсың да турасың,
Сүйлөтө койбой адамды
Оозуман кепти жуласың!
Кайниң менен сүйүшүп
Жүрүп эле тийгенмин
Унуттуңбу жеңеке?
Кош бойлуу тийип акеме
Болгон дейт сени шерменде!
Кайненеге жагынып
Сүйлөйсүң дайым жалынып,
Көзү жокто каргайсың
Кара көйнөк жамынып!
Этегиңе чалынып
Жүдөмүшүң кантейин,
Ушинтип сага туш болгон
Аяп да кетем акеми!
Жашың кичүү болгондо
Бооруңду тытып жемекмин,
Кулактан кармап ээгиңе
Карате кылып тепмекмин!
Сендей келин көрбөгөм
Шоруна туулган эркектин!
Кана эми, келчи көрөйүн
Сөзүңө көңүл бөлөйүн
Мени менен айтышкан
О, өлүгүңдү көрөйүн!
%) :rofl: :rofl:
p.s. Мунун баары образ, тамаша гана экенин унутпайлы.
п.с. Ой ичим :rofl:

Супер-Инфо
super.kg
видео

















