Бугун атакемдин туулган куну.............
жумуштан чыгып эле уйго келдим........ Окрошканы жакшы короор эле, куз мезгили болсо да бир кастрюля жасап тажагыча жедим, тажагыча ыйладым.......
сезсен экен менин сагынып жатканымды,
атаке сен бар болсон баары башкача болмок... эмнеге мынча эрте таштап кеттин экен мени...журогум ооруйт, сагынам силерди, карындашым болбогондо кетмекмин сен жакты коздой, кудай буйруса папа атынды очурбойм, балдарыма, угуп жатасынбы сенин неберелерине сиздин атыныздан коем фамилиясын.
... очурбойм атаке атынды... кичине кезимде ар дайым папама окшош болсом экен дечумун... окшошпой калдым окшойт особенно характерим.
............ тажаал тагдыр силерден айрып, таптакыр башкача адам кылды окшойт.........
...............сагындым сени, сагындым дейм............жытынды унутуп баратканыма окуном.........
.. унутуп калыштан коркуп футболканды чечпей кийип жатчы элем, бугун да алып кийип алдым, кийимин деле менде жок экен, ошол мезгилде талап-тоноп кетишиптир баарын... айвандар десе......... бугун 55ке чыкмак деп туптуура 55 жолу куран окудум, папа ишенсен тажабай окудум, ушунун баары сага жеттиби бекен, ах жанымда болгонунда чон той кылып бермекмин...
. билсенерчи силерсиз жашоо кандай кыйын экенин...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1201 18 October 2011 - 03:38
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#1202 19 October 2011 - 22:03
Монолог... адамдын ичине батпай калгандар ташыганыбы?
Жо, бир нерсе батып тургудай орун деле болбосо керек. Баары иштелгенче эле туруп, кайра чыгышы керек го. Адам маалыматтарды,
сезимдерди иштетип, тыянак, жыйынтык, чечим, бутум, натыйжа... суроо... боорукердик,
кайрымдуулук,
аёо... кылып чыгарып турган чоооон ишкана сыяктуу. Антип чыгарып турбаса токтоп калат, тетиктерди,
эмгек шаймандарын чан, дат басып, ишкана эшик, терезелери ангырап, ташталып калат. Депрессия деген кулпу салынып, ал жакка эч кимди киргизбей, дат, чан, бузулуу, уроо, талкалануу сыяктуу гана зыяндуу нерселерди киргизе баштайт. Мына ошондуктан монолог керекпи дейм адамга. А аны ким угат? Созсуз Бироо угуп турат. Ал ургулобойт,
канырыш угуп калбайт, жанылыш, туура эмес тушунуп калбайт, сен озун тууралуу туура эмес айтып алсан Ал туурасын тушунот. Жан дуйнондо, ички дуйнондо эмне болуп жатканын айтканга дарманын жетпей, айтып бере албай жатсан да, Ал аныгын даана коруп, билип турат. Жан дуйнонду, журогунду мин ирет тыншап, эмне болуп жатканынды кайсы соз менен айтарынды билбей убара болуунун кереги жок, Ал тушунуп турат. Монолог... менин монологум - сыйынуум.
Бул тируулуктогу эн жогорку ээлигим - Эгедерим менен суйлошо ала тургандыгым. .. Окумдарым, ушул тынчтыгын учун, ырайымын учун, дасторконумдагы дур-дуйум даам учун мин мертебе ыраазымын Сага. Суун учун... Эмне деген керемет, баарын тазартат! Суусунумду кандырат. Молтуроп, сенин ырайымындай шаркырап агат. Кудайым, мага Сени менен жашоо абдан, абдан жагат. А мени менен Сага кандай? Кечирчи, Кудайым, дале коооп нерсеме чыдап жатканынды билем. Билбегеним канча, а Сен баарын билип турасын. Сен куткондой чыдабайм, Сен каалагандай суйбойм, Сен каалагандай аябайм, соомой кезеп кемчиликтерин тизип берем. Кеменгер, Акылман, чексиз кудуреттуу Жараткан, мени так ошол адашкандарга бата кылчы, даяр болсом, мурда эле бата кылмактырсын, бата кылмаксын. Озун мени ашкерелеп, абийиримди ачып... тазалап, даярдачы, Сенин куралын болоюн. Мындан маныздуу максат жок мен учун. Кудайым, кечир мени.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1203 20 October 2011 - 01:30
Ubakit uchkan kush sinari tez ele otup jatat. Kundun kantip bashtalganyn kayra kantip sonuna ergenin bilbey baratam. Bul emnenin jishaani bolushu mumkun. Ubakit murun ele ushunday bat otchu da biz baykabay jurgonbuz? je chyndap ele murunkudan bat otup bashtady. Kechee ele kichinekey sekelek kiz elek, azir bolso ozubuz sekelek kizdardy tarbiyalagan maalga kelip kaliptirbiz....Anan ele tuboluk uykuga attanabyz.
Mekenim - Kyrgyzstan!
#1204 20 October 2011 - 12:47
Акыркы кундору жиним бат келчу болуп калды. Бир нерсе болсо эле бат эле туталанып кетем... Кечээ да ошентип жакын адамыма катуу тийдим. Кийин кайра эле 5 муноттон кийин эсиме келип уялдым. Чын, мурун канчалык жиним келсе да озумду кармап койчумун, атырылбай. Кечир мени, досум, кечиииииир!
!!!
#1205 20 October 2011 - 17:20
Курбулар, достор, дегеле тааныштар "сен акыркы кундору башкача болуп калдын" деген суроону коп беришуудо. "Суйуп калдым" деп мен оной кутулуудамын.
Бир досум айтат "жан дуйнонду озгортуп салбайсынбы"
деп "аракет кылайын" дедим. Бирок кантип, жан дуйномду озгортсом ошол досум кутпогон жорукту жасап, же таптакыр башка адам болуп чыга келем! Анда анын жообу "мурдагы ордуна кайт" болорун да билем! Жузумду эч бура албайт экенмин да, менде бир гана жуз бар, ал кубулбайт да кубарбайт. Таш боор болоюнбу, жок боорум эттен, мерез болоюнбу, жок журогум эттен, ачуулу болоюнбу, жок жузумо бир мунот кан тээп чыгышы мумкун бирок бир сааттай узарбайт, коз жаш тогойунбу, неге токмок элем, баары жайында, шугурчулук келтирем. Алдайынбы, кимди, кантип, жок нерсени кантип бар кыла алам?! Арбалайынбы,
жок андайга кайдагы куч, алсыз болоюнбу, денемде кан жугуруп турганда алсыздыктын не кереги бар? Ммм...
#1206 20 October 2011 - 18:16
Коптон бери барактай элек форумда саякаттап журом.Сагынып калган темаларды теше тиктеп,коздорум толо бактылуу болуп алдым аз да болсо...Жашоо оз нугунда ...Окуудан-уйго,
уйдон окууга болуп журом.
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
#1207 21 October 2011 - 07:35
Алтыным эжекебай....Кайда кеттин жалындаган жаш курагында.Эгер сен тируу болсон азыр балким баары башкаа болмок....Кудайым да билет тура ,кандай жакшы адамды эрте озуно алып кетет тура.....
....жай...биздин уй жак....экообуз жетелешип чуркап гул терип журобуз....эмнеге. эмнеге ошол тушум чындыкка айланбады... ...жашоонун баркын билбей,жашоонун ырахатын корбой туруп неге ал жакка шаштыныз экен.....жаным эжеке.......
.....артынызда булактын тамчы таза суусундай коздорун молтуротуп эки наристениз калды.....улууусу бизде.мамам менен папам аны бополоп бакты...а кичиги.... карагаттай коздорун жалдыратып кайда экенин билбейм.Атасында калган..... ошол атасы ....бейкуноо наристени апасынан ажыраткан атасы экенин ал билбейт.Балким бир кун келээр ...баары билинет...ошол тоо булагынын тамчысындай молтурогон каректер коз алдыман кетпейт.......

#1208 21 October 2011 - 11:44
эмнегедир акыркы маалда баягы МЕН жок болуп бараткандай.
...озгордум ((( окунучтуусу "слабая"
болуп бараткандай сезилуудо...
сыртымдан куло берип чарчадым...кичинемден ата-энем "жашынды эч кимге коргозбо, бироо жакшы ойлосо, бироо суйунот" деп айтканга аябай конгон окшойм...канчалык кыйналып, жаш тегеренип турса да эч билгизбей кулуп кете берер элем. Бирок азыр ошол кучум тугонуп бараткансыйт,
айланамдан каччу болдум, дегеле озумдун ички жашоомо эч кимди жолоткум келбей, бироо менин ыйлаганымды коруп алса, мен шылдынга кала тургандай эле сезиле берет. мен каттуу адаммынбы, же бул жон эле ойлоп табылган мага ынгайлуу образбы.
#1209 21 October 2011 - 21:16
Ата, булут канчалык калкалаганы менен чалкыган асманды жок кыла албаган сыяктуу эле, кыйма-чийме кеткен ойлор Сенден алаксытканы менен, Сен эч нерсени коз жаздымында калтырбай коруп турганына, Сен мага эн жакшысын даярдап жатканына ишенем. Сергек болуп, Сенин унунду жазбай тааныганга батанды бере кор.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1210 21 October 2011 - 21:26
Жашоонун кызыгы кетте баштады, акыркы күндөрү өзүмдү башкача сезе баштадым. баарынан зеригип, тажагансып,
эч нерсеге көңүл жок болуп жатат.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#1211 22 October 2011 - 05:35
Бүгүн сени эстедим...бирок эңсебедим...
сезимдердин кулу болуп жүргөндө сенден башканы көз көрбөй калды го чиркин...бассам,
жатсам бүт дүйнөмдү ээлеп алган элең...жайлоонун таңындагы жөө тумандай каптап...ойлоп көрсөм ошол күндөн тартып бир да жолу мени менен жөн адамдай сүйлөшпөпсүң.
..эзелки кеги бардай...кагып-
силкип...сүйүү дегениң ушундай белем, жөн учурда ошол сөздөрдү угууга чыдамым жетпес эле...сезим бетбак намыстын колу-бутун байлап койот тура...
Сенден жооп болбогон соң намыс ойгонуп (болгондо да куру намыс!), акыл иштей баштады окшойт...кар көчкүгө окшоп топтолуп тоңуп калган сезимдердин жыйындысы эриген мөңгүнүн суусундай кайдадыр агып кете баштаган...бир күн түгөнүп калганын байкабай да калыпмын...
Бир канча ирет сен иштеген жерге бардым...кокус көрүп калаар бекем деп...көрдүм. ..жүрөгүм бир башкача кагып кеткен ошондо...жанымдан шаңкылдап күлүп, жайкала басып өтүп кеткенсиң... кимдир бирөө менен телефондо сүйлөшүп...мени байкабадың. ..."татынакай кыз экен таанышпайлыбы" деген досумдун сөзү жүрөктү экиге тилип эле кеткендей болгон...катуу ылдамдык менен жаныңдан өтүп кеткенде жиниңди келтирип сүйлөнүп кала бердиң (а балким сөгүнгөндүрсүң, көп сөгүнчү элең го)...кайра кайрылып баргым келген...бирок барбадым...сезимди дагы бир жолу чочутуп албайын...жүрөктү кайрадан оорутуп албайын...жан- дүйнөмдү коркутуп албайын....деп. ..анан көпөлөк тандап конгон көп гүлдөрдүн бирөөсү болгум келбеди...
Биз - эки башка дүйнөнүн адамдарыбыз. ..ортобуздагы жалгыз окшоштук - "ит кыялдарыбыз" гана болсо керек...
Сага рахмат...туура эмес кадам таштоомо уруксат бербегениң үчүн...рахмат. ..сенден башканы көрбөй калуумдун алдын алганың үчүн...керек болсо "акылдын махабатын" табууга да сен себепкер болгонсуң... баарына рахмат!!!

#1212 22 October 2011 - 15:06
Ата, эки жуздуулорго Сен кантип чыдагансын.
.., кантип чыдап келатасын? Эки жуздуулук менен бет келишкен сайын сезген жагымсыз сезимден улам ушуну ойлодум. Биз, адамдар, адамдардын эки жузун дайыма эле коро бербейбиз го. А Сен болсо баарын алакандагыдай коруп турасын, эки эмес канча жузу болгон болсо, ошончо жузун коруп турасын, бирок чыдайсын, себеби Сен аларды суйосун... ченем жеткис суйуу менен суйосун... мени ушуга уйротчу...
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1213 22 October 2011 - 23:01
Менде жалгыздык өкүм сүрүүдө. Мени баары жашсың дешет, бирок мен да эл катары бирөөнү сүйгүм келет. Жанында колтутап кучактап жан дүйнөм менен бөлүшкүм келет. Мага дагы буйруган жан бар, бирок азыр андай кыздарды таппадым.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#1214 23 October 2011 - 19:04
Окумдарым, Сенин бут алдына чоголоп келгенге чейин, кийимдеримдин этек-женин жулкулдатып,
чачтарымды уйпалап удургуган сезимдердин бурганагынан жузумду калкалоонун аракетин кылып жаткансып жудойм. Сага окшошкум келет, "Аларды кечир, анткени билбестиктен ушундай кылып жатышат" дешим керек экенин аяр эскертип турган назик унунду ачуу, кыжырга аёосуз бастырып, денем, жан дуйном ичимдеги ушул куроштон дармансыз чарчагансыйт.
Сенин бут алдына келгенге чейин гана... Сага келгенимде,
уйпаланган чачтарымды сылап, жан дуйномдун жарааттарына бул ааламда жок суйуу майынан суйкоп, соз жеткис мемиреген бейкуттугуна болоп аласын... Жаным жай ала мемирей тушом, андай абалымды айтып да бере албайм... Жан дуйномдогу мен айтып бере албаган сезимдердин баарын Сен коруп, билип турганын да мени чексиз кубанычка болойт. Окумдарым, Тенирим, Кудайым, жан азыгымдын Булагы, кубанычымдын Булагы, бакытымдын,
тынчтыгымдын Булагы... анан "аларды кечир, анткени билбестиктен ушундай кылып жатышат" дейм. Чексиз мээримдуу, чексиз кудуреттуу,
кеменгер Тенирим, Сага тынымсыз, ченемсиз мактоолор, чексиз данктоолор болсун!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1215 24 October 2011 - 13:34
Уйго барсам, уйдо унуроймой, жумушка келсем жумушта созсуз бир маселе чыгат анда кабагым салынмай. Ой Кудай кыйналып кеттим, не кылам? Мен туура эле жолдомун го анан эмнеге маанайым майда нерселерден бузулуп жатат?! Баарына аракет кылып жатам, чамам жетпей жатат деп арызданбай элемин го, башым ооруса озумдун башым оорусун, жаман соз айтса озум угайын деп эле келетам, анан эмнеге баары тескерисинче болуп жатат. Конулунду котор, куунак жур дечу сырдашым жок
, кантейин?
#1216 26 October 2011 - 15:33
kasper
, DoctorVOROBEI, Tangsuu, Strateg,
Бул тема эч кимге айта албай жаткан жан дүйнө жаңырыктарын, сезимдерди, ой-толгоолорду ж.б. жазуу үчүн ачылган жана бул жакта билдирүүлөргө сын-пикир жазууга болбойт.
Силерге азырынча оозеки эскертүү!
Бул тема эч кимге айта албай жаткан жан дүйнө жаңырыктарын, сезимдерди, ой-толгоолорду ж.б. жазуу үчүн ачылган жана бул жакта билдирүүлөргө сын-пикир жазууга болбойт.
Силерге азырынча оозеки эскертүү!
#1217 26 October 2011 - 16:21
Бугун да кундогудой эле кечке бир орунда, интернетти казып отурам... Негедир сен эч оюмдан кетпейсин...
кандай жансын? коз алдымдан кетпей койдун го... Азыр жумуштан чыгам, жолдо кетип баратып баягы эле сени издемей, кайсыл жерден коруп калам деп... Сени тушуном, сага менден да кыйын экенин бул жашоонун... Билесинби, мен сени кандай гана таза, тунук сезимдер менен жакшы корорумду?..
.. мен сага бут баарын ачык айта берем, а сен баарын тушуносун...
Сен аябай ак конул, боорукер, акыл-эстуу жансын... Мен сага ыраазымын, тилегеним бул жашоодо сенин бактылуу болушун... Ар дайым ушундай кулуп-жайнап журо берчи
В этом мире ты всего лишь человек, но для меня ты - весь мир!
Сен,
сени менен, сен үчүн, сени гана...
#1218 28 October 2011 - 23:07
Эгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун.
2 Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.
3 Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.
(1Кор.13:1-3)
Окумдарым, ушул создорун бугун биринин артынан бири тизилип, кылкылдаган ойлорумдун устундо калкып турду. Кечирчи, булганыч нерселер мендеги суйууну заматта кагып, кубуп салышына жол бергеним учун. Жек корууго, дагы эле ачууга жол бергеним учун. Суйуунун боксорбос булагы болгон Улуу Кудай, журогумду Сендеги суйуу Булагына улап, тынымсыз азыктанып турушума, жанымдагыларга суйуу гана берип турганга батанды бере кор, мендей куноокоруно ырайым кыл...

#1219 29 October 2011 - 01:06
Колумда үч кыл комуз...жөн гана кылдыратып олтурам...обону жок...уккулуксуз-
жагымсыз үн чыгарып...күүсү бузулган да...тынч жаткан эт жүрөктүн тынчтыгын буздуң...күүлөбөй таштап койдуң... тамырлар да колумдагы комуздун кылдарындай чаржайыт кагып калгансыйт.
..
Күүлөй албаган соң комузду колго алуунун кереги барбы...мен күүлөгөндү билем...оор күүлөйм...черткенди дагы...шашпай чертем...эч кимге бергим келбейт, күүсүн жандырып жибербесин деп...
Сага ишенип бердим...күүсү жанган жүрөгүмдүн тамырларын күүгө келтир деп...үч кыл комуздун эки кылын күүлөп бирөөсүн таштап салгандай эле кылдың...эки кыл менен комузда күү чертилбейт да...
Карачы, сен жөнүндө канча жаздым...өзүңө айталбай буйдалып калганда, бул жактан жеткирем да...тагдырдын кокустугубу же кандай түшүнө албадым бирок кимдир бирөөлөр буларды энчилегенге да үлгүргөн тура...
бул эч нерсени өзгөрбөйт деле...
Күкүк менен зейнеп болдук го...таштачы баарын, келчи жаныма...
мен комузду күүлөп күтүп турам...
Жана ушуларды айтайын дедим эле...

#1220 29 October 2011 - 03:47
менин акыркы кундору маанайым жок, мекенимден алыс кеткениме байланыштуу куса болуп турам, анан да калса журогумдун ээсин сагынам... эн аянычтуусу жакында тою болот.....

Супер-Инфо
super.kg
видео