Кызык, агасы Дөөттү мынча эмне жектеди экен? “Текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин билем” деп, ал өз ойлогонун туптуура деп эсептеген. Бирок ал катуу жаңылып жатат. Дөөттү бул жакка атасы жибергенин окубадыкпы. Ушул көрүнүштөн улам, бирөө тууралуу андай экен же мындай экен деп, кандайдыр бир бүтүм чыгаруу жаңылыштык болорун көрсөк болот. Мындай ишке эч качан шашылбаңыз. Бир адам тууралуу жакшы же жаман пикирге келип алуудан таптакыр эле алыс болуңуз. Себеби бардыгынын чындыгы жалгыз гана Кудайга белгилүү. Сиз тууралуу деле туура эмес тыянак чыккан учурлар көп эле кездешкен да. Сиз ага кандай мамиле кылдыңыз эле? Мүмкүн сиз ызаланып, кыжалаттангандырсыз. Дөөттүн буга териккени анчейин байкалбайт. Себеби ага маанилүүсү анын жүрөгүн Кудай көрүп тургандыгы эле. Эгерде Кудай анын жүрөгүнөн жамандыкты, текебердикти көрүп турган болсо, капа болууга жүйөө болмок. Ал агасынын айыптоосуна анчейин маани бербей бурулуп кеткен экен. Дөөттөн үлгү алалы. Жазууну андан ары окуйлу.
Дөөттүн айткан сөзүн угуп, Шабулга айтышты. Шабул аны өзүнө чакыртты. Дөөт Шабулга: «Андан коркуп, эч кимдин көңүлү чөкпөсүн. Бул пелиштилик менен кармашууга сенин кулуң чыгат», – деди. Анын бекем ишеничи тамшандырат да, таң калтырат! Ал али салгылашка чыга элек. Бирок, элди боло турган жеңиш менен тынчтандырып сооротууда. Шабул Дөөткө: «Бул пелиштилик менен кармашууга сен бара албайсың, анткени сен али жашсың, тигил болсо жаштайынан жоокер», – деди. Бирок Дөөт Шабулга: «Сенин кулуң атасынын коюн кайтарып жүргөндө, койлорго арстан же аюу тийип алып кеткенде, артынан кууп барып, кол салып, анын оозунан сууруп алчумун. Эгер ал мага секирсе, мен аны желкесинен алып, кармашып жатып өлтүрчүмүн. Сенин кулуң арстанды да, аюуну да өлтүргөн, тирүү Кудайдын аскерин шылдыңдагандыгы үчүн мына бул сүннөткө отургузулбаган пелиштиликти да дал ошондой кылат», – деди. Дөөт дагы мындай деди: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат». Ошондо Шабул Дөөткө: «Бар, Теңир Өзү сени менен болсун», – деди. Шабул Дөөткө өзүнүн кийимин, башына туулга, үстүнө соот кийгизди. Дөөт кийимдин сыртынан кылычын курчанып, басып көрдү, анткени ал мындай куралданууга көнгөн эмес эле. Анан Дөөт Шабулга: «Мен муну менен баса албайм, анткени көнгөн эмесмин», – деп, баарын чечип салды. Анан Дөөт колуна таягын алып, арыктан беш жылмакай таш тандап алып, аларды жанындагы малчы баштыгына салды. Анан баштыгы жана колундагы салмоору менен пелиштиликке каршы алдыга чыкты.
Окурман, Дөөт булардан тышкары дагы бир өтө баалуу нерсе менен куралданган эле, ошол курал эмне экендигин эми өзүңүз баамдап көрүңүз. Жашоо бул күрөш эмеспи. Ал баалуу курал менен сиз да куралданып алсаңыз, жеңиш дайыма сиз тарапта болот.
Уландысы бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 13 Октябрь 2011 - 22:05