Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1201 18 Октябрь 2011 - 03:38
#1202 19 Октябрь 2011 - 22:03
Бул тируулуктогу эн жогорку ээлигим - Эгедерим менен суйлошо ала тургандыгым. .. Окумдарым, ушул тынчтыгын учун, ырайымын учун, дасторконумдагы дур-дуйум даам учун мин мертебе ыраазымын Сага. Суун учун... Эмне деген керемет, баарын тазартат! Суусунумду кандырат. Молтуроп, сенин ырайымындай шаркырап агат. Кудайым, мага Сени менен жашоо абдан, абдан жагат. А мени менен Сага кандай? Кечирчи, Кудайым, дале коооп нерсеме чыдап жатканынды билем. Билбегеним канча, а Сен баарын билип турасын. Сен куткондой чыдабайм, Сен каалагандай суйбойм, Сен каалагандай аябайм, соомой кезеп кемчиликтерин тизип берем. Кеменгер, Акылман, чексиз кудуреттуу Жараткан, мени так ошол адашкандарга бата кылчы, даяр болсом, мурда эле бата кылмактырсын, бата кылмаксын. Озун мени ашкерелеп, абийиримди ачып... тазалап, даярдачы, Сенин куралын болоюн. Мындан маныздуу максат жок мен учун. Кудайым, кечир мени.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 19 Октябрь 2011 - 22:04
#1203 20 Октябрь 2011 - 01:30
#1204 20 Октябрь 2011 - 12:47

#1205 20 Октябрь 2011 - 17:20
#1206 20 Октябрь 2011 - 18:16
#1207 21 Октябрь 2011 - 07:35
....жай...биздин уй жак....экообуз жетелешип чуркап гул терип журобуз....эмнеге. эмнеге ошол тушум чындыкка айланбады... ...жашоонун баркын билбей,жашоонун ырахатын корбой туруп неге ал жакка шаштыныз экен.....жаным эжеке.......
.....артынызда булактын тамчы таза суусундай коздорун молтуротуп эки наристениз калды.....улууусу бизде.мамам менен папам аны бополоп бакты...а кичиги.... карагаттай коздорун жалдыратып кайда экенин билбейм.Атасында калган..... ошол атасы ....бейкуноо наристени апасынан ажыраткан атасы экенин ал билбейт.Балким бир кун келээр ...баары билинет...ошол тоо булагынын тамчысындай молтурогон каректер коз алдыман кетпейт.......
#1208 21 Октябрь 2011 - 11:44
#1209 21 Октябрь 2011 - 21:16
#1210 21 Октябрь 2011 - 21:26
#1211 22 Октябрь 2011 - 05:35
Сенден жооп болбогон соң намыс ойгонуп (болгондо да куру намыс!), акыл иштей баштады окшойт...кар көчкүгө окшоп топтолуп тоңуп калган сезимдердин жыйындысы эриген мөңгүнүн суусундай кайдадыр агып кете баштаган...бир күн түгөнүп калганын байкабай да калыпмын...
Бир канча ирет сен иштеген жерге бардым...кокус көрүп калаар бекем деп...көрдүм. ..жүрөгүм бир башкача кагып кеткен ошондо...жанымдан шаңкылдап күлүп, жайкала басып өтүп кеткенсиң... кимдир бирөө менен телефондо сүйлөшүп...мени байкабадың. ..."татынакай кыз экен таанышпайлыбы" деген досумдун сөзү жүрөктү экиге тилип эле кеткендей болгон...катуу ылдамдык менен жаныңдан өтүп кеткенде жиниңди келтирип сүйлөнүп кала бердиң (а балким сөгүнгөндүрсүң, көп сөгүнчү элең го)...кайра кайрылып баргым келген...бирок барбадым...сезимди дагы бир жолу чочутуп албайын...жүрөктү кайрадан оорутуп албайын...жан- дүйнөмдү коркутуп албайын....деп. ..анан көпөлөк тандап конгон көп гүлдөрдүн бирөөсү болгум келбеди...
Биз - эки башка дүйнөнүн адамдарыбыз. ..ортобуздагы жалгыз окшоштук - "ит кыялдарыбыз" гана болсо керек...
Сага рахмат...туура эмес кадам таштоомо уруксат бербегениң үчүн...рахмат. ..сенден башканы көрбөй калуумдун алдын алганың үчүн...керек болсо "акылдын махабатын" табууга да сен себепкер болгонсуң... баарына рахмат!!!
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 22 Октябрь 2011 - 05:40
#1212 22 Октябрь 2011 - 15:06
#1213 22 Октябрь 2011 - 23:01
#1214 23 Октябрь 2011 - 19:04
#1215 24 Октябрь 2011 - 13:34

Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 24 Октябрь 2011 - 13:40
#1216 26 Октябрь 2011 - 15:33
Бул тема эч кимге айта албай жаткан жан дүйнө жаңырыктарын, сезимдерди, ой-толгоолорду ж.б. жазуу үчүн ачылган жана бул жакта билдирүүлөргө сын-пикир жазууга болбойт.
Силерге азырынча оозеки эскертүү!
Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 26 Октябрь 2011 - 15:34
#1217 26 Октябрь 2011 - 16:21
Цитата
#1218 28 Октябрь 2011 - 23:07
2 Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.
3 Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.
(1Кор.13:1-3)
Окумдарым, ушул создорун бугун биринин артынан бири тизилип, кылкылдаган ойлорумдун устундо калкып турду. Кечирчи, булганыч нерселер мендеги суйууну заматта кагып, кубуп салышына жол бергеним учун. Жек корууго, дагы эле ачууга жол бергеним учун. Суйуунун боксорбос булагы болгон Улуу Кудай, журогумду Сендеги суйуу Булагына улап, тынымсыз азыктанып турушума, жанымдагыларга суйуу гана берип турганга батанды бере кор, мендей куноокоруно ырайым кыл...
#1219 29 Октябрь 2011 - 01:06
Күүлөй албаган соң комузду колго алуунун кереги барбы...мен күүлөгөндү билем...оор күүлөйм...черткенди дагы...шашпай чертем...эч кимге бергим келбейт, күүсүн жандырып жибербесин деп...
Сага ишенип бердим...күүсү жанган жүрөгүмдүн тамырларын күүгө келтир деп...үч кыл комуздун эки кылын күүлөп бирөөсүн таштап салгандай эле кылдың...эки кыл менен комузда күү чертилбейт да...
Карачы, сен жөнүндө канча жаздым...өзүңө айталбай буйдалып калганда, бул жактан жеткирем да...тагдырдын кокустугубу же кандай түшүнө албадым бирок кимдир бирөөлөр буларды энчилегенге да үлгүргөн тура...


Күкүк менен зейнеп болдук го...таштачы баарын, келчи жаныма...

Жана ушуларды айтайын дедим эле...
#1220 29 Октябрь 2011 - 03:47
