Кептин баары намазда эмес. Муну биринчи анан акыркы жолу кулакка түйүп алган оң. Адам намаз окуй бериши мүмкүн, ал орозо кармашы мүмкүн, бирок, анын изги ишеними (вероубеждение, акыйда) таза, бекем болбогондон кийин (Аллах Таала гана күч кудуретке ээ, бир гана АЛ сыйынууга татыктуу деп билбесе жана бекемдеп ишенбесе) аны сыйкырчы, дубакөйлөр опоңой "оформить" этип коёт. Анткени, анын ишеними бекем болбогондон кийин шайтандар (жана алардын жардамчылары - сыйкырчылар) дал ошондой типа молдо, типа мусулман, типа намаз окугандарга чабуул коюшат.
"Крепость мусульманина" (кыргызчасы "Мусулман коргону" ) деген китеп бар. 50-100 дун тегерегинде болсо керек. Ошонун ичинде бардык дубалар бар. Дуба дегенде бул жанагыдай "левыйлары" эмес, тескерисинче кечинде жатаарда, эртең менен турганда ж.б.у.с. адамды жин-шайтандардан сактап, коргой турган дубалар бар. Бирок, ошондой болгон күндө да бир гана дубага байланып албай коргоону Аллахтын өзүнөн гана суроо керек. Ал дубаларда ошол сөздөр жазылган. Маанисин жаттап алуу керек. Анан чын дилден суроо - дубанын кабыл болунушунун шарты болуп эсептелинээрин да айта кетейин.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















