- ЗИКР ЖАНА ТАКБИР. “Субхана-Ллах”, “Альхамдули- Ллях”, “Ля иляха илля-Ллах” жана “Аллаху акбар” сөздөрүн көбөйтүү керек. Ал эми Арафа күнү андан да арбын айтуу зарыл. Ал эми айт такбири Арафа күнүнүн багымдатынан башталып ташриктин үчүнчү күнүнүн асры менен бүтөт.
- Айт такбиринин сөздөрү “Аллаху акбар, Аллаху акбар, Ля иляха илля-Ллаху валлаху акбар, Аллаху акбар, ва лилляхиль-хамд”
КУРМАН АЙТ! Tuugandar Kurman ayt jakyndap kele jatat....
#21 05 November 2011 - 15:11
Кандай ибадаттарды бул күнү аткаруу абзел?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#22 05 November 2011 - 15:13
2. ОРОЗО
Азирети лукман Хасан Басринин айтышы боюнча биз айтып жаткан он күндүктөгү орозо эки айлык напил орозого тете. Өзгөчө тогузу – Арафа күнү тутулган орозонун сыйлыгы маанилүү.
“ Ал эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот: өткөн жана келерки жылдардын ” (Муслим 1162).
Бирок ону күнү – Курбан айт майрамында орозо тутулбайт.

#23 05 November 2011 - 15:16
3. ЗУЛЬ-ХИЖАНЫН ТОГУЗУ – АРАФА КҮНҮ
Бул күнү ажылар Меккенин жанындагы Арафа аянтына чогулушуп Жараткан Раббинин алдында турушат. Ажыга барбагандар үйлөрүндө орозо тутушат.
Арафа күнү Аллах көптөгөн күнөөкөрлөрдү тозок отунан азат кылат (Муслим 1348). Ажылыкта, жөнөкөй мечиттерде жана чогулуштарда көп дуа кылынып, Аллахка болгон кайрылуулар бул күнү жоопсуз калбайт.
Бул күнү ажылар Меккенин жанындагы Арафа аянтына чогулушуп Жараткан Раббинин алдында турушат. Ажыга барбагандар үйлөрүндө орозо тутушат.
Арафа күнү Аллах көптөгөн күнөөкөрлөрдү тозок отунан азат кылат (Муслим 1348). Ажылыкта, жөнөкөй мечиттерде жана чогулуштарда көп дуа кылынып, Аллахка болгон кайрылуулар бул күнү жоопсуз калбайт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#24 05 November 2011 - 15:17
4. ЗУЛЬ-ХИЖАНЫН ОНУ – КУРМАН-АЙТ НАМАЗ ОКУЛА ТУРГАН КҮН
Айт намазын күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап пешимдин убактысына чейин окуса болот. Намаздан бүткөн соң мусулмандар бири-бирин майрамы менен куттуктап “Намазыңыздар кабыл болсун” дешет.
Айт намазын күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап пешимдин убактысына чейин окуса болот. Намаздан бүткөн соң мусулмандар бири-бирин майрамы менен куттуктап “Намазыңыздар кабыл болсун” дешет.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#25 05 November 2011 - 15:19
5. ЗУЛЬ-ХИЖАНЫН ОНУ – КУРМАНДАЫК ЧАЛЫНА ТУРГАН КҮН
Хадисте келгендей “ Курмандык күнү – Аллахтын алдындагы эң улук күн ” (Ахмад, Абу Дауд, аль-Хаким) .
Кавсар сүрөсүндө: “Раббиңе намаз окугун жана курмандык чалгын” деп келет. Хасан Басри буну "Айт күнүндөгү намаз жана курмандык" , - деп тафсирлеген.
Хадисте келгендей “ Курмандык күнү – Аллахтын алдындагы эң улук күн ” (Ахмад, Абу Дауд, аль-Хаким) .
Кавсар сүрөсүндө: “Раббиңе намаз окугун жана курмандык чалгын” деп келет. Хасан Басри буну "Айт күнүндөгү намаз жана курмандык" , - деп тафсирлеген.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#26 05 November 2011 - 15:20
6. ТАШРИКТИН ҮЧ КҮНҮ
Бул Зуль-Хижанын он бири, он экиси жана он үчү. Бул күндөрү такбири ташрик намаздардан кийин айтылып, майрамдык маанай сакталат. Укба ибн Амирден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят Аллахтын элчиси (Аллахтын ага саламы) айтты: “Мусулмандар! Арафа күнү, Курман-айт күнү жана ташриктин үч күнү – биздин майрам күндөрүбүз! ” (Абу Дауд 2419, ат-Тирмизи 773, ан-Насаи 5/252) .
Бул убакыт даамдуу тамак-аштын, жайыл дасторкондун күндөрү болгондуктан орозо кармоо катуу айыпталат.

#27 05 November 2011 - 15:21
Урматтуу Кыргызстан мусулмандары!
Сиздерди келе жаткан Курман айт менен куттуктайм. Кудуреттүү жана Мээрман Аллахтын рахматы боюнча кээ бир күндөрдө кылынган ибадаттардын сообу көп эсе көбөйүп турат. Ошондуктан үстүбүздө өтүп жаткан берекелүү күндөрдөн пайдаланып Акыретибизге көп сооп чогултуп алайлы, элибизге жерибизге жакшы дуба-баталарды кылып калайлы, арыздашкандарыбыз менен кечиришип, алыскыны жакындатып, туугандарыбыз менен бир бололу.
Дагы бир эскерте кетсек: Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят Аллахтын элчиси (Аллахтын ага саламы) айтты:
“Зуль- Хижа айынын биринчи он күнүдө жасалган соопту иштерден да Аллахка жагымдуураак башка иш жок” (аль-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757). Өзгөчө убакыттарда аткарылган соопту амал, башка адаттагы учурлардан айырмаланып, көбүрөөк соопко ээ. Ошондой өзгөчө убакыттардан болуп Зуль-Хижа айынын биринчи он күнү да эсептелет.

#28 05 November 2011 - 15:23
Айта кетчү нерсе - бул жазылгандардын бардыгы толугу менен muftiyat.kg сайтынан көчүрүп алынды. Мен мунун орусчасын окугам мурда. Которуп илип коёюн деп жүргөм. Ким бул эмгекти кылса дагы Аллах ыраазы болсун. Кечигип илгениме кечирим сурайм.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 05 November 2011 - 15:24
Айтыңыздар маарек болсун!
Кимдикине айттап барсам, ия?
Кимдикине айттап барсам, ия?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#30 06 November 2011 - 17:34
Mekenim - Kyrgyzstan!
#31 06 November 2011 - 19:59
Атамбаев да айт намазын окуду!!!
Мурдагы президенттердин окуганы көрө элек элем.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#32 06 November 2011 - 20:02
Дүйнө сулуу Ислам менен, жүрөк жумшайт ыйман менен. Кудай берген өмүр таттуу, ушул ыйык күндөр менен!!!
Курман айтыңар маарек болсун!!
!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#33 06 November 2011 - 20:47
Айт маарек болсун.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#34 06 November 2011 - 21:28
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

#35 07 November 2011 - 17:44
айт маарек болсун! айт 3 кун болот ошондуктан дагы да айттай берсек болот.....
#36 08 November 2011 - 12:58
Кылымдар таазим кыган айт,
Кудурет бакыт сунган айт,
Көнүлдүү нурлар кубанткан,
Кут болсун улуу Курбан айт!
Кудурет бакыт сунган айт,
Көнүлдүү нурлар кубанткан,
Кут болсун улуу Курбан айт!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#37 17 October 2012 - 01:44
Джабирден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага саламы) айтты:
“Зуль- Хижа айынын биринчи он күнү, бул дүйнөнүн эң жакшы күндөрү” (бул хадис аль-Баззардын жана Ибн Хиббандын жыйындарында келет).
Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят Аллахтын элчиси (Аллахтын ага саламы) айтты:
“Зуль- Хижа айынын биринчи он күнүдө жасалган соопту иштерден да Аллахка жагымдуураак башка иш жок” (аль-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757)
Түшүндүрмө : өзгөчө убакыттарда аткарылган соопту амал, башка адаттагы учурлардан айырмаланып, көбүрөөк соопко ээ. Ошондой өзгөчө убакыттардан болуп Зуль-Хижа айынын биринчи он күнү да эсептелет.
Бул мааллыматтардын актулдуу болгон учуру келди. Бүгүн мусулман ай жылнаамасы боюнча зуль-хиджа айынын биринчи күнү. Демек, тогуз күндөн кийин Курман Айт.
Келе жаткан Курман айтыңар маарек болсун!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#38 18 October 2012 - 15:04
Курман айт 26-октябрь кунго белгиленди
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#39 18 October 2012 - 15:14
Курмандык – бул баш ийүү
Курмандык – баш ийүүнүн символу. Негизинен мусулманчылык – “баш ийүү” дегенди билдирет. “Ошол убакта экөө тең (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, (Эми Ибрахим өз уулу Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн) бешенеси менен (жерге) жаткырган эле…” (Саффат сүрөсү, 37/103-аят) деген маанидеги аятта перзент сүйүүсүнүн Аллахка итаат кылууга тоскоол болбогондугун көрө алабыз. Бул ошол улуу пайгамбардын атынан “Эгер буйрук болгондо, уулум Исмаилди эле эмес, өзүмдү дагы курмандыкка берер элем” дегенчелик терең маанидеги баш ийүүсү эле. Демек, ыйман канчалык кубаттуу, түшүнүк канчалык терең болсо, Кудайга баш ийүү да ошого жараша болот. Ал эми мындай баш ийүүнүн эң таза, эң тунук, эң жандуу үлгүсү эч шек-күмөнсүз курмандык болуп эсептелет.
Курмандык – бул жоомарттык
Жараткандын буйруктарын аныктап, талдап отуруунун ордуна, Ибрахим сыяктуу, баш ийүү зарыл. Анын жолунда мал-мүлктү жана, керек болсо, жанды дагы “Аллах үчүн” арнай алуу өтө маанилүү. Бул жагдайда өтө кичинекей зыкымдык да ишенимге жана Исламга “кызмат кылууга” өзүнүн кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, курмандык – момундун малы менен өзүн Аллахка арнагандыгынын көрсөткүчү. Аллах “курмандык чал” деген жеринде мусулман зыкымдык, сараңдык кылбай, “Аллахым, Сен үчүн бир эмес, миңди болсо дагы курмандыкка чалууга даярмын” дей алышы керек. Бүгүнкү күндүн бардар, бай адамдары дагы байлыгына чиренбей, курмандык ибадатын аткаруу менен кембагалдарга жардам берүүсү кажет. А балким, бай киши бир курмандык менен чектелбеши керек. Өзүнүн бала-чакасы үчүн бир курмандык чалган болсо, бей-бечара үчүн өзүнчө, келечек ээлери болгон студенттер үчүн өзүнчө, дос-туугандар үчүн өзүнчө курмандык чалуулары Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүүдө маанилүү себеп болуп берет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) курмандыктын этинин үчтөн бир бөлүгүн гана үй-бүлө үчүн бөлүүнү, бир бөлүгүн курмандык чала албагандарга, калган бөлүгүн кошуна, дос-туугандарга берүүсүн осуят кылып калтыруу менен курмандык чалуудагы сырлардын бирөөсү жоомарттык жана сый-көрсөтүү сезимдерин жандандыруу болгондугун белгилейт. Ошондуктан, “колунда бар адамдар кантип эле бир курмандык чалуу менен чектелсин” деген ой туулат.
Курмандык – бул такыбалык
Бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн союлган курмандык такыбалыкка жеткирет. Куранда Алла Таала мындайча буюрган: “Аллахка (кылган курмандыктарыңардын) эттери да, кандары да жетпейт. Бирок Ага силердин такыбалыгыңар, ыкыласыңар жетет. Аллах силерди Туура жолго салганы себептүү Аны улукташыңар үчүн (курмандыктарыңарды союп жаткан чагыңарда Аллахтын ысымын эстешиңер үчүн) аларды силерге моюн сундуруп койду. Жакшылык кылуучуларга куш кабар бергиле!”. (Хаж сүрөсү, 22/37-аят).
“(Мухаммед), аларга Адамдын эки уулу жөнүндөгү кабарды чындык менен окугун. Ошондо ал экөө курмандык кылышканда, бирөөсүнүкү кабыл болуп, экинчисиники кабыл болбой калган эле…” (Мааида сүрөсү, 5/27-аят). Бул аяттарда жасалган иштердин ар биринин кабыл болуусунда такыбалыктын негиз болгондугу баяндалууда. Ошондуктан, курмандыкты эти, териси үчүн эмес, бизди Чексиз Күчтүн ээси болгон улуу Жаратканга жеткире турган бир мүмкүнчүлүк катары кароо жана дал ушундай аң-сезим менен кабыл алуу керек.
Курмандык – бул мээримдүүлүк жана береке
Көп убакыт эттин даамын сызбаган кембагалдар Курман айтта кубанычка бөлөнөт. Союлган миллиондогон курмандыктардын эттери, терилери, баш-шыйрактары ж.б. мүчөлөрү пайдаланылып, муктаждыктарга жумшалат жана бардык жактан жакшылыкка жана берекеге себеп болот.
http://muftiyat.kg/ курмандык-бул/ дарегинен алынды

#40 18 October 2012 - 15:15
“Оо, Ибрахим, кара чечекей сүйүктүү уулуңду курмандыкка чал!..”
Бүт дене-бойду дүркүрөткөн, көктөн келген бул буйрук мээримдүү пайгамбар жана боорукер ата, Азирети Ибрахим алейхиссаламга берилди. Бир канча жыл мурда “уулдуу болсом, аны Кудай үчүн курмандыкка чалам” деген убадасы эми минтип түш аркылуу эскертилип, аны орундатуу талап кылынган эле…
“Ибрахим”, ысымынын төркүнү болгон “Абун рахим” деген сөз айкашынан белгилүү болгондой, “өтө мээримдүү, боорукер ата” дегенди туюндурат. Ал өтө сезимтал болгондуктан, Алла Таала аны “Ибрахим чындыгында өтө кең пейил, сезимтал, кечиримдүү, алпейим жана өзүн Кудайга арнаган киши” деп сыпаттайт. Дайыма ыйлап-сыздаган, көз жашы жамгырдай төгүлгөн, өтө боорукер, сүйүүсү жана мээрими чексиз элчиге “Уулуң Исмаилди курмандыкка чал!..” деген буйрук берилүүдө.
Жүз жылдык өмүрүн көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөргөн, “таухиддин” ЖАРЧЫСЫ, “ширк” түркүктөрүн арты-артынан кулаткан ЭЛЧИ. Өзүнөн кийин адамдарга жол көрсөтүүчү кайырдуу орун басар, көз кареги болуп бере турган бир перзент каалаган ПАЙГАМБАР. Аны абдан зарыга күткөн. Акырында, улгайып, чач-сакалы куудай агарган кезинде, ал эңсеген наристе жарык дүйнөгө келген. Бирок, бүт жашоосунун МӨМӨСҮН, адамзат жашоосуна жарык чача турган “Акыркы куттуу пайгамбардын” касиеттүү ҮРӨНҮН Кудай үчүн курмандыкка чалышы керек эле. Бүт ааламдын көңүлүн бурган МЭЭРИМДҮҮ АТА менен жаңы ачылган бүчүр сыяктуу НАРИСТЕ…
Исмаилдин жарык дүйнөгө келишин атасы жүз жылдап күткөн эле. Ал дагы атасы эч ойлобогон убакта жашоонун астанасын аттап, Ибрахимге чексиз кубаныч, тунук сүйүү, терең үмүт тартуулап, сүйкүмдүү, касиеттүү көчөт болуп чыга келди.
“Оо, Ибрахим! Бычакты уулуңдун тамагына алып бар жана аны өз колуң менен курмандыкка чал!.”
Аллахтын сүйүктүү досу бул кабардын каары менен, балким, жашоосунда биринчи ирет коркуп, титиреп жаткандыр… Анткени, чүргөктөгү наристеси менен сүйүктүү жубайы Ажарды учу-кыйыры билинбеген суусуз ээн талаа, эрме чөлгө жалгыз таштаган кезде дагы, алоолонгон отко ыргытылган кезде дагы мынчалык коркуп, титиребесе керек эле. Ибрахим! тандоо мүмкүнчүлүң бар, кайсынысын тандайсың? Туткунга түшүүнүбү же кутулуунубу? Аң-сезимдүүлүктүбү же пенделик каалоонубу? Жакындыктыбы же ыраактыктыбы? Аталыктыбы же пайгамбарлыктыбы? Аталык мээримдиби же пайгамбарлык салабаттуулуктубу? Исмаилдиби же Жаратканыңдыбы?
Бирөөн танда, Ибрахим!..
Жан-дүйнөңдүн ырахаты, бир бооруң, кызыгууңдун, таң калууңдун, табитиңдин жеткен чеги, жашоодогу шылтооң, сени бул дүйнөлүк жашоого байлаган жана бул жакта сени кармаган бардык нерсең Исмаил эмеспи… Мына ошол уулуңду кой сыяктуу кармап, жерге жаткыр… жаткыр да, тамагынан, күрөө тамырынан муузда…
Эх, чиркин дүйнө, перзент сүйүүсү… Ата мээрими…
Өзөктү өрттөгөн мындан да өткөн оор сыноо болушу мүмкүнбү?.. Таш жүрөктү да элжиретип, көздөн жаш кылгырткан көз ирмем…
Ибрахимде түшүн айта тургандай дарман калбады. Жүрөгүнүн сыздаганын туюндурган дем да түгөндү. “Мен сени курмандыкка чалууга буйрулдум” деп айтууну ойлоонун өзү кандай кыйын!
“Исмаил, жаным уулум!” – деп, андан аркы сөзүн айта албай, деми кысылып, буулугуп барып токтоп калат. Бир аз туруп, кайраттанып, кайрадан уулуна күңгүрөнөт. Бирок, бул мүмкүн эмес… Акырында жүрөгүн Аллахка тапшырып, тиштенип туруп, өтө тездик менен: “Уулум, түшүмдө сени мууздап жатканымды көрдүм, сен буга эмне дейсиң?!” – деп ооз ачканга батылдык кылды. Жагдайды толук түшүнгөн Исмаил эч токтолбостон атасынын сүйкүмдүү жүзүнө жылуу карап, назик жүрөгүнө жаны күйүп, аны жубатып: “Атаке! Эч ойлонбо, кайгыга да чөкпө, Жараткандын буйругун орундатууда шек-күмөнгө түшпө. Кудайга өзүңдү тапшыр, Сага Аллах тарабынан кандай буйрук келген болсо, аны толук аткар. Кудай буюрса, менин кандай сабырдуу, кандай чыдамдуу экенимди көрөсүң!” дейт.
Мына, жанын Кудай жолуна берүү үчүн башын ийе алган жигит деп ушуну айт!…
Итаат кылуудагы назиктикти түшүнгөн жана Жараткан үчүн жанын курмандыкка чала алган, “Кудайдын жалгыздыгына” чын дилден ишенип, Анын улуулугуна таазим кылган жигит…
Кудайга баш ийүүдө Исмаил өтө сылык жана өтө ыктуу турат, 12 жаштагы жаш бала эмес, “өтө сабырдуу бир курмандык”. Аталык мээрим менен жүрөгү элжиреп соккон Халил, оболу, Кудайга болгон ашыктыктын рухка берген күчүн колдонуп, өз ичинде өзүн өлтүрүп, өзүнүн жан тамырын кесүүгө аракет кылат. Көөдөнүндөгү “мендигин” жеңген кезде гана, көңүлү толугу менен Аллахка толот.
Экөө тең Жараткандын буйругуна кайыл болушат. Ибрахим сүйүүктүү уулун жерге жаткырып, баласы жан таслими учурунда кыйналбашы үчүн өтө тездик менен жеңил мууздашы керек эле. Ошондуктан, колундагы бычагын кайрак ташка кайра-кайра бүлөп, ташты чапканда, таш экиге бөлүнөт… Бирок, таң калыштуусу – ташты экиге бөлгөн бычак өтө жумшак тамакты кесе албайт… Албетте…
Албетте, бычак кеспейт… Ошол кезде “Кудайдын буйругун аткара албай калам го” деп, тулку-боюн калтырак баскан Ибрахимге бир кой жөнөтүлөт да, сүйүнүчтүү кабар берилет: “Оо, Ибрахим! Сен көргөн түшүңдү чындыкка айланттың, талапты орундаттың, милдетиңди аткардың. Аллах Исмаилдин ордуна курмандыкка чалсын деп мынабу койду жөнөттү. Биз жакшыларды, жакшылык ээлерин мына ушундайча сыйлайбыз! ”.
Ооба, Алла Таала эч качан Исмаил(дер)дин каны төгүлүшүн каалабайт. Анын курмандыкка эч качан муктаждыгы болбойт. Курмандык чалуунун негизги максаты алардын эти жана каны да эмес. Бардык жерде, бардык мезгилде “жан”, адамдардын руханий жана материалдык муктаждыктары – эң негизги маселе. Мээримдүү жана Боорукер Аллах Ибрахимге “Исмаилди курмандыкка чал!” деген буйрук берди. Ал Кудайдын буйругуна толук моюн сунуу менен чексиз улуулукка жетти. Ибрахимдин урпактарынан дагы эт жана кан эмес, ниеттеринде аруулук жана такыбаалык талап кылынды.
Эй бул доордун Ибрахими…, Кудайдын канчалаган кылымдар мурун “Курмандык чал!” деген буйругу бүгүн Сага да тиешелүү. Сенин Исмаилиң ким же эмне экенин билесиңби? Чынында эле, Ал ким же эмне? Мартабаңбы, намысыңбы, аброюңбу, карьераңбы, жубайыңбы? Же акчаңбы, үй-жайыңбы, бакчаңбы, түшүнүгүңбү, кесибиңби, жаштыгыңбы, сулуулугуңбу? Же напсиңби, өзүмчүлдүгүңбү, текеберлигиңби? ..
Ойлончу, Ибрахим үчүн Исмаил ким эле? Кыйынчылык, ыйлап-сыздоо менен өткөргөн өмүрүнүн МӨМӨСҮ, муң-зарга толгон бир кылымдын СЫЙЛЫГЫ, кыйынчылыктуу жашоонун ЖЕМИШИ, улгайган бир атанын КУБАНЫЧЫ, жүз жылдан кийин келе турган МАДИНА ГҮЛҮНҮН БҮЧҮРҮ, пайгамбар болуу менен сыймыкка бөлөп, өзүнө кызмат кыла турган БАЛАСЫ. Ибрахимдин “Исмаили” анын уулу эле. Ал уулун курмандыкка чалды. Сенин Исмаилиң, балким, өзүң, балким, үй-бүлөң, кесибиң, байлыгың, намысың… Исмаил атындагы сүйүүң, жаның, тамак-ашың, маянаң…
Кел эми, негизсиз шылтоолор, шек-күмөн, аныктамалар жана корутундулар менен алек болбо. Жоопкерчиликтен качпа, өзүңдү жооптуу сез. Напсиңди, өз жаныңды курмандыкка чалууга рухуңду даярда. Бардык Исмаилдерди сактап калууга белсен, “Исмаилдердин ордуна мени курмандыкка чал” дегин.
Эй напсим, кел, сен дагы күткөн нерселериңди, дүйнөлүк талаптарыңды жана Жаратканга алып барбаган, Аны эстетпеген тоскоолдуктарды жеңип, бардык нерсеңди курмандыкка чал. Азирети Ибрахим милдетиндеги жоопкерчиликти аталык мээриминен жогору койду, сен дагы “эл үчүн, Кудай үчүн кызмат кылуу” түшүнүгүн бардык эңсеген нерселериңдин алдына кой, каалоолоруңду идеяларыңдын курмандыгына бер. Болбосо, сенден суранарым: кайрымдуулук, Анын жолунда курмандык болуу тууралуу сөз кылба…
Жаштык кезиңизге бир көз чаптырып көрсөңүз, дал ошол курактагы эң эсте калган күндөр мына ушул майрам күндөрү болгонуна ынанасыз. Жарашыктуу жаңы кийимдерди кийип алып атаңызды ээрчип айт намазына баргансыз. Эмки кезек сизде. Башкача айтканда, балаңызды Курман айт намазына жетелеп баруу кезеги сизге келип жетти. Эгерде жашаган жериңизде аба-ырайы жакшы болбосо, же балдарыңыздын сыркоолоп калышынан чочуласаңыз, аларга эртеңки сапарыңыз тууралуу эскертип коюңуз. Балдарыңыз тажап кетпеши үчүн, айт намазына өтө эле эрте барып албаңыз. Мечиттин ичине кире албай, суукка урунуп каларыңызды да эстен чыгарбаңыз. Айт намазынан кийин балдарыңызга жакшынакай кийимдерди, жан-дүйнөсүнө жаккан оюнчуктарды жана жакшы көргөн тамактарын алып бергенди эч эсиңизден чыгарбаңыз. Конокко барсаңыз, сөзсүз аларды да жаныңызга алып алыңыз. Мына ошондо балдарыңыз ушул эң сонун көз ирмемдерди өмүр бою эсинен чыгарбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео