Суперстан: Кыргыздардын улуттук оюндары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардын улуттук оюндары

#41 Пользователь офлайн   Arstan   03 Сентябрь 2010 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Аygerim (03 September 2010 - 10:10) жазган:

Просмотр сообщенияAkjol (03 September 2010 - 13:02) жазган:

Ордо,чуко атмай,бекинмечек ойномой,ортого тушмой,той той ойномой коп да ..



вооо....дагы. ..анан эрежелерин да...


Эрежелери бекинмечек менен,той той ойногонду билем,
Бекинмечек баары чогулуп анан таш бекитет ким таппай калса ошол дубалга карап козун бекитет,калганы бекинишет,анан 30га чейин эсептейт,баары бекинип калганда издейт,тапканына дук деп дубалды уруп коет,ура албаса же берки адам биринрчи уруп койсо дагы коз жумуп издейт.

Той той ойногондо бир кызды тандап экоон уйлоносун да,калганы бириси ырдайтЮбириси музыкант болот,калганы ДИСКОТЕКА кылышат да,арасында ВАЛСЬ да бийлейсин кыскасы жакшы оюн.Жаш кезде ойнойт элек
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Аygerim   03 Сентябрь 2010 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Бекинмечек жакты.... :applause:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Merischka   03 Сентябрь 2010 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

kyzdardyn Besh Tash ojunu
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   legolas   05 Сентябрь 2010 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 18 Август 10
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Kichi Asia

Камбартеп – бул дене менен жанды бапестеп барктап, жогорку чыңалуудагы биримдикке жеткирүүнүн уникалдуу жоокер жолу; улуттун түпкүр идеясы менен көмө уюп, Ааламдын ирмемге токтобой агыбаткан улуу Жолунан тайбай, чегинбей, калбай Түбөлүккө кошулуп, шайтан дүйнөнүн азгырык оюндарынан кутулуунун жолу. (http://blogs.kloop. k...luttuk-oyundar/ )

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: kambartep.jpg

Жашоо бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Жолоочу_Lexus_* 23 Октябрь 2010 - 05:10

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Бекинмечек улуттук оюнбу?
Бирок жакшы оюнда кичинебизде ойноп калат элек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   aminali   23 Октябрь 2010 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Sonun oiundar bar eken,silerdin suilowkonunor oiundardan da kiziktuu ekenСүрөт.Men bala kezde oinogon oiun AK4olmok,YR KEZE,Jooluk tawtamai,sonun oiundaribiz bar bizdin .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ABU   24 Октябрь 2010 - 23:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 26 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Июл 2020 00:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

чымелекей чым дегенди билесинби :бууум:
" Кто советуется, тот не пожалеет "(С.А.В)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 02:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыз куумай.
Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө аш-тойлордо, майрамда, күйөө кызды күйөөлөп жүргөндө ойнолуп, тамаша курулган. Кыз тандаган атын минип,андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн,жетпей калса кыз атынын башын буруп,камчы менен жигитти кубалап сабаган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: гпщ.jpg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 23:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ООДАРЫШ


Кыргыз элинин эң байыркы ат оюндарынын бири. Кыргыздар жылкыны өстүрө да, багып таптай да билген. Атты унаа катары гана пайдаланбастан оюн-зоок, көңүл ачуу, күч сынашууда да минип пайдаланышкан. Мисалы, «Манас эпосунан»:
Атка болгон чабендес
Ат үстүнөн эңишип,…- деген ыр саптарын окуйбуз. Эпосто баатырлар менен бирге күлүк, күчтүү, жоого мине турган аттар да кошо макталып, даңазаланган. Андай аттар чынында эле акылдуу келип, айла-амалдуу болушкан. Ага Манастын Аккуласы, Тору чары, Семетейдин Тайбуурулу, Эр Төштүктүн Чалкуйругу, Бакайдын Көк чологу, Алмамбеттин Сараласы ж.б. кирет.

Оодарышка уландар, кыздар кичине кездеринен эле көнүгүшөт. Оодарыш оюну кыргыз элинин салты боюнча ашта, тойдо ойнолгон. Азыркы кезде салтанаттуу күндөрдө, майрамдарда, той-тамашада ж.б. ойнолот. Оодарышка чыккан өспүрүм бала менен бала, кыз менен кыз, чоңураак болсо жигит менен жигит, келин менен келин эңишет. Эңишке чыккандардын күчү, атка чабендестиги барабар болуусу керек. Оодрышка катышкандардын кийими, аты, ат жабдыктары эңишке түшүүгө ылайыктуу болгону жакшы. Минүлчү аттар өкүм, күчтүү аттар болушу керек. Оодарыш оюнун уюштуруучу- калыс болот. Калыс катышуучулардан оюндун эрежесин сактоону талап кылып, ага көз салып турат. Оодарышка катышкандар бирин-бири ат үстүнөн оодарып, жерге түшүрсө жеңишке ээ болот. Бирок бирин-бири жеңден, чачтан, жакадан, беттен алууга, колун толгоого болбойт. Оодарышта жеңгендерге салт боюнча байге берилет. Эгер жаш балдар өздөрүнчө көнүгүү үчүн эңишишсе байге эмес упай берилет. Оюндун акырында кимдин упайы көп болсо ошол жеңүүчү болот.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: фф.jpg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 23:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жоолук таштамай

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонулуучу каражат — жоолук,

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар тегерек болуп отурушат. Оюн жетекчиси жоолукту ороп алып тегеректин сыртында турат.

Оюндун баяны. Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. «Таяк» жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошОюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан өз ордунда калат. Жеткирбей качса, кубалаган оюнчу, оюн жетекчисин ордуна калып оюнду кайрадан баштайт. Токмок жебей өз ордуна келип отурган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Катышуучулар баштарын артка буруп кароого, бир бирине айтууга, оюн жетекчисине качып бараткан оюнчулардын баштарын, беттерине урууга жана өтө катуу урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Айтып койгон оюнчулар көзексиз оюн жетекчисинин ролун аткарат, Оюнчулар буттары менен малдаш куруп отуруп, анда-санда арт жактарын колдору менен сыйпалап коюуга болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 23:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АК ЧӨЛМӨК

Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка бөлүнүшүп, оюнга калыс шайлашат. Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чөлмөк» узундугу соомчо келген ак сөөк (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот.

Калыс оюнчулардын бардыгына ак чөлмөктү көрсөтүп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чөлмөк кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын үчүн бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чөлмөктү ыргытат. Ыргытылган ак чөлмөктүн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого эки жак тең даяр турушат. Түшөөр замат жапырт чуркашып ак чөлмөктү издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу өз жаатынын атын үнүн бийик чыгарып атайт да, мараны көздөй чуркап жөнөйт. Атаандаштары ак чөлмөктү андан тартып алууга аракеттенишет. Ал тарттырып жибербей буйтай качып, жазгырып же өнөктөрүнүн бирине бере салууга аракеттенет. Эгер атаандаштары ак чөлмөктү тартып алса, алар да өз тобунун атын кыйкырып атап качууга тийиш. Ак чөлмөктү марага алып келген жак кайра ыргытат. Ак чөлмөктү марага бир жолу таштаган жаатка 1 упай эсептелинет. Калыс упайларды эсептейт, оюндун жыйынтыгын чыгарат. Оюн эрежесинин туура сакталышына көз салат. Эрежени оюнчулар бузган убакта «ышкырып» белги берип оюнду токтотот. Калыстын буйругун аткарбаган оюнчу оюндан чыгарылат. Оюндун жыйынтыгында кайсы жаат көп упай топтосо ошол жаат утат. Упайлар барабар болуп калса кайсы жаат оюнду аз бузса, ошол жаат жеңет. Ак чөлмөктү талашууда кийимден, колдон, буттан тартпастан, түртпөстөн, оюнчунун колундагы ак чөлмөктү гана алууга аракеттенүү керек. Оюн күч сынашмай оюндарынын катарына да кирет. Оюн көбүнчө айлуу түндө ойнолот.



Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   azamat1992kg   08 Ноябрь 2011 - 23:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жорго салыш

Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген чоң кишилер катыша алышат.

Жашы 3 жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор коё берилет.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 2000 метрден 10000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Оюн өткөрүлүүчү жер Оюн түз айлампада, түз жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнду өткөрүүнүн тартиби Оюнчулардын оюнга чыгуу кезеги чүчүкулак кармоо менен аныкталат.

Топтун башчысы оюнга катышуучулардын фамилиясын, туулган жылын жана кезек номерин көрсөтүп арыз берүүгө тийиш. Ошол эле арызда аттын туулган жылын жана тукумун көрсөтүү керек. Тукуму көрсөтүлбөгөн аттар «дайыны жок» деп жазылат.

Мал врачынын уруксаты болмоюнча атка мелдешке катышууга уруксат берилбейт.

Оюнда атты бир гана катышуучу алмашпастан минүү керек.

Оюнчулардын бардыгы өздөрүнүн топторунун бирдей спорттук кийимин, же оюн өткөргөн уюм тарабынан белгилеген кийимдерди кийүүгө тийиш.

Ар бир оюнчунун чучукулак кармагандан кийин калыстар тобу берген катар номери болууга тийиш. Ал эки колго чыканактан жогору же болбосо тердиктин эки жагына тагылат;

Оюн жүрүшүңдө аралыкты кыскартууга, ошондой эле башка оюнчунун атын камчылоого болбойт, Бул эрежелерди бузган оюнчулар, оюндан четтетилет.

Уруксат берилген жаңылуулардын саны (жоргонун басыгынан таюусу)

Жеңүүчүлөрдү аныктоо

1. Ар бир катышуучу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот: биринчи келген бир упайга, экинчи келген — эки упайга, үчүнчү — үч упайга, ж. у. с.

2. Эгерде жорголор бир нече кезекке бөлүнүп чабылса орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;

3. Топтор арасындагы орун бардык оюнчулардын алган упайларынын санына жараша белгиленет.



Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   azamat1992kg   09 Ноябрь 2011 - 10:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эр сайыш — эки даңктуу урууга сайыш берилет. Эки уруу дярдап келген эки баатырын ат, кийимдерин, соот, чопкуттарын шайдоот кылышат. Катырып даяр кылган жыгач найзалар да даяр болунат. Баатырларга бетке, моюнга сайышууга уруксат кылынбайт. Чоң баатырларга, такоол, жолдош кылып экиден торт баатыр чыгарылат. Баатырларды уруунун аксакалдары коштоп чыгып беттештирет. Баатырлар ыраактан качырышат. Бир канча найзалар кыйрап сы нат, акыры бирөө сайып аттан түшүрөт. Сайган баатырды коштоп «ураан чакырып» алып келинет. Кай убактарда сайылган баатыр өлүп да калат. Өлгөн баатырга кун болбойт. Баатырлардын байгелери тоо баштаган бир тогуз жылкы болот. Жамбы атыш — жамбы 5 кадак күмүш болот. Эң бийик кылынып шыргый орнотулуп, башына чоң кулактуу жамбыны бекитип байлап коюлат. Каалаган кишилердин бардыгы мылтыктарын октошуп, ыраактан чаап келип жамбыны атып өтүшүп турушат. Жамбыны ким атып түшүрсө ошол алат. Жамбы атып түшүрүлбөй калса ээсине калат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Ноябрь 2011 - 00:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Аркан тартыш- эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлгөн. Азыр деле өткөрүлүүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.
Беш таш, же топ таш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына то­суп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге түшкөн таштар­ды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине бе­рет.
Ак терек, көк терек -балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:

- Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, – дешет.

Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.

Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.

Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кыргыздын улуттук оюндары аябай көп экен. Уруксат берсеңиздер башка сайттан алып ушул жерге коюп койсом.

Опол
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Аянты 1 метрдей келген төрт бурч сызылат, анын ортосунан түз сызык өткөрүлөт, ал сызыктын ортосуна бир чүкө тикесинен (опол) коюлат. Андан кийин ар бир оюндун катышуучусуна 5тен чүкөнү «оңолдук» эки жагына катарынан тизилет. Төрт бурчтун эки жагына, 4—5 м. аралыкка, чүкө ыргытуу сызыктар сызылгандан кийик, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп «казынадагы» чүкөлөрдү төрт бурчтан уруп чыгарууга аракеттенишет. Эгерде оюнчулардын бирөөсү «казынадан» бир же бирден көп чүкөнү уруп чыгарса, ал оюнду дагы улантат. Эгерде ыргытылган абалак төрт бурчтун ичинде калса, ал оюнчу абалак менен чертип, жаңылгыча чүкөлөрдү төрт бурчтан чыгарса болот. Эгерде оюнчулардын бирөөсү тикесинен коюлган «опол» чүкөнү төрт бурчтан уруп чыгарса, ал Оюнчу «казынадагы» чү« келөрдүн бардыгын утуп алат. Андан кийин оюн кайрадан башталат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Чүкөнү көп уткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөргө тийүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, ыңгайлуу болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, бир бирин урматтоого үйрөтөт.

Билдирүүнү түзөткөн: MIRlan: 22 Март 2012 - 11:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Корозчо урушмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болуп бири бирин карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар оң колдору менен оң буттарынын шыйрагынан, сол колдору менен белдеринин артынан оң колдорунун чыканактарынан кармашып, сол буттары менен секирип жүрүшүп, атаандаштарын желкелери, ичтери, төштөрү, көчүктөрү менен түртүшүп, алдашып тең салмактан чыгарышып эки буттарына тургузууга аракеттенишет. Оюнчулардын бирөөсү тең салмагын жоготкондон кийин, оюнчулар оң буттарында секирип жүрүшүп оюнду улантышат. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашып оюнду кайрадан башташат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Кеп жолу атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып, буттарына тургузган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Чочоюп отуруп секирип жүрүп тең салмактан чыгарышуу.

Оюндун эрежеси. Колдорду коюп жиберүүгө, тебүүгө, сүзүүгө, буту менен басып жүрүп оюнду улантууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.

Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, кыймылдарды так аткарууга, туруктуулукка үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Чикилдек
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 3—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу аспаптар: эне таяк (1 м), бала таяк (15—20 см)

Оюнга даярдануу. Диаметри 1,5 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бала таяктын узунунан тигирээк чуңкур казылат. Оюнчулар эки топторго бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. ;

Оюндун баяны. Оюндун шарты жана кезеги боюнча бир топтун оюнчулары тегеректин жанында, экинчилери талаада турушат.

Бала таяк тегеректин ортосунда чункурдун үстүнө коюлат. Биринчи оюнчу эне таяктын бир учу менен, бала таяктын астына киргизгенден кийин, аны бийиктикке ыргытып, бала таяк кайра жерге түшүп жатканда, эне таяк менен, талааны көздөй уруп, тегеректен алыс учурганы аракеттенет. Эгерде ошол оюнчу эне таяк менен, жерге түшүп жаткан таякчаны ура албаса же ургандан кийин бала таяк тегеректин ичине түшүп калса ал оюнчу аракеттенүүсүн пайдаланды деп эсептелип, колундагы эне таякты көзектеги оюнчуга өткөрөт. Эгерде баланын таягы туура урулса, талаадагы оюнчулар аны жерге түшүрбөй абада кармап калышса, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Бала таякты кармай алышпаса, талаадагы оюнчулардын бирөөсү аны алып, тегеректи көздөй ыргытат. Ыргытылган бала таяк тегерекке түшсө, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Эгерде түшпөсө, бала таякты уруп жаткан оюнчу, эне таяк менен бала таякты өзүн көздөй тартып, бала таякты эне таяктын учуна чыгаргандан кийин, аны бийиктикке ыргытып кайрадан жерге түшкүчө дагы алыстыкка уруп учурууга аракеттенет. Талаадагы оюнчулар бала таякты жерге түшүрбөй тутуп алганы же тегерекке ыргытып түшүрүүгө аракеттенишет. Ыргытылган бала таяк түшкөн жерден, тегерекке чейин, эне таяк менен өлчөйт. Мисалы 10 таяк, бул деген 10 упай утулду деген болот. Андан кийин ошол эле оюнчу, оюнду жаңылып калгыча улантат. Ал оюнчудан кийин, кийинки кезектери келгендер оюнду улантышышат. Ошентип бир топтун оюнчулары белгилүү упайга жеткиче оюн уланат. Макулдашышкан упайларды алышкан топтун оюнчулары жеңишке жетишишет. Утулган оюнчулар зуулдашып белгиленген аралыктан жүгүрүшүп өтүшөт.

Зуулдаш үчүн жеңишке жетишкен оюнчулардын бирөөсү 3 жолу эне таяк менен бала таякчаны уруп алыстыкка учурат. Мисалы биринчи жолу бала таякча 20 м учуп барып түшөт, экинчи — 15 м. үчүнчү — 20+15 + 20=55 м.

Утулган топтун бирөөсү 55 м. аралыкты терең дем алып, төмөнкү сөздөрдү кайра дем албай айтып, жүгүрүп өтүүгө милдеттүү.

Ак бай,

Ток бай,

Уяттары жок бай,

Катуу жорго

Кашка тай,

Кадик балбан

Катуу чапса чарчаба,

Жеткирбеген башкага

Үстүндөгү жаш бала

Уруп кетип аскага

Чабалекей чамчум Мына жетип калдым! — деп марага жетиш керек.

Эгерде жүгүрүп бараткан оюнчунун алган деми жетпей калып, кайрадан дем алса, ал зуулдашты кайра баштоого тийиш. Эгерде ал оюнчунун алган деми, экинчи жолу дагы жетпей калса, утулган оюнчулардын тобу, уткан оюнчулардын тобун белдерине көтөрүшүп, ошол аралыктан өтүшүшөт. Андан кийин оюнчулардын каалоосу боюнча, оюн кайрадан башталышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси. Эне таяк менен, бала таякты (уруп жатканда, жакын калууга, тоскоолдук кылууга, оюн бүтпөй туруп, оюндан чыгып көтүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын жаштары бирдей болушу керек. Ар бир топтун оюнчулары өз аспаптары менен ойношот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, жүгүрүүнүн, ыргытуунун ыкмаларын, максатка жетүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт. Зуулдаш учурунда бронха тамырларынын иштөө процесси жакшырат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Токол эчки
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 10—20 киши,

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, томпойлор колдонулат.

Оюнга даярдануу. Көлөмү 20X20 метр келген аянтчанын ортосуна кесенин көлөмүндөй чуңкур сыйлат, андан кийин колдоруна таяктарын алышып эки бөлүнүшүп оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Биринчи топтун оюнчулары, таяктары менен томпойду аянтчанын ортосундагы чуңкурга түртүп же уруп киргизүүгө аракеттенишет. Экинчи топтун оюнчулары чуңкурду корушат. Томпой чуңкурга киргизилгенден кийин, оюнчулар ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Томпойду көп жолу чуңкурга киргизген топтун оюнчулары жеңишет.

Оюндун эрежеси. Бир бирин таяк менен урууга, түртүүгө, кармоого, томпойду кол менен кармоого, тебүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бирдик тикке, бир бирин урматтоого, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бут тепсемей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болушуп, бир бирин карашып, эки колун белинин артына коюп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Ар ким бири биринин буттарын тепсөөгө аракеттенет. Оюнчулар бири биринин буттарын тепсегенден кийин атаандаштары менен алма» шып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп жолу атаандаштарынын буттарын тепсеген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бири бирин колдору менен түртүүгө, тартууга, тебүүгө, кармоого болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын бут кийимдери жумшак болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кыл аркан салмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар кыл аркан салуу үчүн дарактын бутагын, казыкты, ташты тандашып алышкандан кийин, аркандын илмек жагын чыканакка ороп, бош жагын учун кармашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден аркандын чыканакта оролгон жагын бир колу менен кармап, бир канча жолу кыймылдаткандан кийин, шилтешип, бутакты көздөй ыргытышат. Аркан илмеги бутакка илингенден кийин, экинчи учун тартышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арканды көп жолу ыргытып бутакка илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Жөө баратып аркан салмай, жүгүрүп баратып аркан салмай, атта баратып аркан салмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, колдор менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 14:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: