Байган, Кенже Кара Мураатылы, Жолой, Сайид, Датка ж.б. адам турмушунда кездешүүчү салтанаттарды чагылдырган жана түркүн жан-жаныбарлардын үндөрүн туурап тарткан атактуу адамдар болушкан .
Филармонияда залкар комузчулар Муратаалы , Карамолдо, Ырыбай, Шекербек , Чалагыз, ашкере куудул Шаршен . Оркестрдин добушунун бийиктигин,
угумдуулугун арттыруу, ойноо мүмкүчүлүгүн кеңейтүү максатында комуз, кыл кыяк , чоор ж.б. аспаптарды түрлөргө бөлүп өркүндөтүү (модернизациялоо) иши колго алынган. Комуздун биринчи өркүндөтүлүшүнө улуу музыкант Муратаалы Күрөнкеев кеңешчи катары катышкан. Алгач 1935-ж., экинчи жолу Москвадагы Сокольнический фабрикасынын усталарынын катышуусу менен комуздун беш түркүмү (комуз-пикколо,
комуз-прима,
комуз-альт, комуз- тенор, комуз-бас) өркүндөтүлөт (модернизациялат ). Фабрика үчүн кыл кыяк , чоор, сурнайды өркүндөтүү кыйын болгон. Булардын ордуна оркестрге үйлөмө ( гобой, флейта, кларнет , фагот ), урма-добулбас пайдалынат.
Бирок оркестрдин добушун көтөрүү кубаттуулугун арттыруу багытында чыгармачылык изденүү улантыла берет 1938-40-ж. музыкалык аспаптарынын конструктору П. Шошин тарабынан кыл кыяктын жаңы түрлөрү өркүндөтүлөт ( кыяк-прима, кыяк-альт, кыяк-бас ). Мезгилдин, угуучулардын талаптарын эске алып, жаңы аспаптардын сапатын, угумдуулугун көтөрүү, комуздун тембрин кыл кыяктын нукура добушуна жакындатуу максатында 1952-53-ж. комуздун , кыл кыяктын жаңы түрлөрү Ташкент искусство таануу институтунда өркүндөтүлөт азыр негизинен модернизацияланбаган элдик музыкалык аспаптар-темир комуз, комуз, кыл кыяк, чоордун түрлөрү пайдаланылууда .
Кыргыздын музыкалык аспаптары Күүлөрдүн келип чыгыш тарыхынан
#2 09 November 2011 - 12:08
Кыргыз элинде музыканын чыгышы жөнүндө байыртан эки уламыш айтылат. Экөө тең аңчылык турмушка байланышкан.
Анын биринде Камбар деген мергенчи комузду кантип ойлоп тапканы (жасаганы), ал черткен алгачкы чыгарма “Күүнүн башы Камбаркан” деп аталган. Ал эми экинчисинде комуз жаа тартуудан келип чыккан деп айтылат. Кийинки уламышты айрым окуумуштуулар азыркы кезде чертилип жүргөн “Жаа толгоо” күүсүнө чыгышы менен да байланыштырышат.
Комузчулардын чыгармачылыктарында кеңири тараган “Ботой” аттуу салт күүнүн чыгышына жана тарашына ботосу өлгөн төөнүн көз жашын көлдөй төгүп, сай – сөөктү сыздаткан арманы себепкер болуптур. Бул уламыштар менен музыкалык терминдердин лексикалык анализи кыргыз музыкасы байыркы доорлордо эле жаралганын күбөлөйт. Түрк тилдүү элдердин ырчы бакшы Коркуту, казактын жаалуу тартма кобызы (кыргыздын кыл кыягынын бир түрү), ал эми Камбар (Баба Гамбар) түркмөндөрдүн дутарын, өзбектердин дутарын ойлоп тапкан. Алардын бардыгы ырчы, музыкант болушкан. Кытай маалыматтарына караганда, б.з.ч. 2-кылымда Ысык-Көлдү жердеген усундарында арман түрүндөгү, сезимди козгогон кыздын ыры жазылып алынган. Ал эми 6-кылымда Теңир – Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүн жердеген түрк каганаттарынан кытай саякатчысы Сюань-Цзянь Суяб шаарында (Токмокко жакын жердеги) түрк каганын салтанаттуу кабыл алуусунда музыка ойнолуп, ыр ырдалып, бий бийленгенин жазат. Дагы бир Кытай жыл жазмасында кидандардын музыкасы жөнүндө кеңири маалымат баяндалат. Анда жүз адамдан турган шыгыр, элүүдөн бөлүнүп алып, таңды-таң аткыча падышанын үйүнөн жанында ырдашкан, аларды төрт добулбас коштоого алганы айтылат. Ушундай эле көрүнүштүү кытай саякатчысы Вейхун да (8-кылымда) жазган.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#3 09 November 2011 - 12:09
«Камбаркан» -кыргыздагы эски салт күү. Эл арасында күүнүн башы «Камбаркан»,
Камбар болсо комузду адеп ойлоп таап, тунгуч күү чыгарган киши деп айтылат. Чындыгында Камбар арабчадан келген ат, араб уламышындагы легендалык жылкычы жана музыкант. Камбардын кыргызда жылкынын пири деп, түркмөндө ыр күүнүн пири деп айтылышы да ошол араб уламышындагы каармандардын ысымы менен байланыштуу болушу ыктымал. Камбаркандын өз буроосу, өзүнө гана тиешелүү күүлүк мотивдери (кайрыктары) бар. Ошол кайрыктардын нугу менен ар бир комузчу өз «Камбарканын» чыгарган. Буга Күрөнкей , Муратаалы, Ниязаалы сыяктуу комузчулардын «Камбаркандары» мисал. Алардан тышкары «Эски Камбаркан»,
«Чоң Камбаркан»,
«Малчылардын Камбарканы» дегендей түрлөрү бар. «Камбаркандын» бир нече түрү (же варианты) А.В.Затаевич жана В.С.Виноградов тарабынан нотага түшүрүлгөн.
Кыргыз радиосунун музыкалык берүүлөр редакциясы тарабынан ар кыл комузчулардын жана эл аспаптар оркестринин аткаруусунда жазылып алынган. Кыргыз музыкасынын онтологиясына киргизилген.
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео









