Салам форумчулар!
Мен кече жакында Алайда болуп откон Курманжан Датка энебиздин 200 жылдыгына карата болуп откон тою жонундо ой болушкум келип жатат. Ушул той бир чети суйунучтуу болсо бир чети окунучтуу болуп отуптур. Суйунучтуусу ойдодогулор биздин улуу адамдарыбыздарды унутпай ушундай тойду откоруп бергени, окунучтуусу ошол тойдо 15ке жакын адам коз жумушуптур.
Сиздердин оюнуздарча ошол тойду откоруш керек беле?
- (2 )
-
- 1
- 2
Курманжан датка Өмүр таржымалы басып өткөн жолу
#2 20 October 2011 - 23:42
менин угушума караганда бир кыз, кыз куумайда коз жумса бироосу аттын астында калып кеткен, кээ бирлери арака коп тоюп алган, ж.б. иши кылса кандуу той болуптур. Эми эмне дейбиз жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!
кандайсынар?
#3 21 October 2011 - 09:17
Курманжан датканын мааракесинде спикер мырза улакты сатып алып, жан-жокорлору менен эл аралап ат чаап жургонундо "Тез жардамды"
чакыртышкан эле. Бироо аттардын арасында калды же дагы бир нерсе болду. Тойдун болгону албетте жакшы. Озубуздун улуу инсандарды эскерип турбасак башка бироо кылмак беле муну? Ал эми 15 чакты киши коз жумуптур деп жатасыз, ал такталбаган маалымат болсо керек, менимче. Туура, жабыр тарткандар болду. Ага эмне себеп дегенге мен жооп берип короюн... Ал жакта эл чындыгында коп болду, жергиликтуу эл кобунчо аттын устундо журушот экен. Мен да бир эл аралап келем деп аран калдым. Эки жагынды кылчактап карап турбасан, он жак, сол жак, артындан деле атчандар келип басып кетмек, аябай эле эл тыгын болду. Баарынан да ата-энелерге тан калдым, жаш балдар журушот эл арасында, кантип ошолорду жалгыз коюп жиберишти. Аягында ыйлап атасын таппай жургондорду кордум. Же телефон ал жакта жакшы тартпайт экен, кыскасы хаос. Адам адамды корбойт, биз да кесиптештерибизди кеч кирип калган болчу, эл аралап кыйкырып издеп журдук. Дагы жакшы, алар оздору келип калышты. Боюнда бар аялдар журушот, аларга эмне керек, аттардын арасында, погода суук болсо... Кыскасы, ат астында калгандар оздору да куноолуу. Сырттан эле карап турушса болмок оюнду. Той башталганга чейин 7-октябрда ат оюндары болуп жаткан, ошондо да бир 3-4 жаштагы кыз болсо керек, башын тебелеп кетиптир дешти (угушум боюнча), абалы оор реанимацияда экен деп... Эми ошолорду ата-энеси козомолдош керек болчу да. Дагы бир кейиткен нерсе, улуу пайгамбар жашындагы аксакалдар мас болуп журушту, ошол аябай жаккан жок мага!!!
!
#4 21 October 2011 - 09:27
marmeladka эми мен аны коргон жокмун мен жон эле укканымды жазып койдум. Эгер туура эмес жазып койсом кечириниз
кандайсынар?
#5 21 October 2011 - 14:29
Ушул той тууралуу билгендер болсо дагы өз ойлорун жаза кетишсе жакшы болмок алыста жүргөн кыргыздар үчүн кызык болуп жатат да.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
#6 21 October 2011 - 21:58
Той жакшы отту! Эч кандай олум болгон жок,кокустуктар болду. Эл коп келди,10-машина коюлду байгелуу орундарга (20-машина деп да айтып журушот),Келдибеков,
Отунбаева,Бабановтор крупный суммадагы акча берип жатышты приздерге. Кыргыздардын улуттук оюндары баары ойнолду(кыз куумайдан башка). Итог:баары ок!
#7 09 November 2011 - 13:54
Курманжан датка- Маматбай кызы(1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында тулуп, 1907 –жылы каза болгон. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу катары «Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү. 1932-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болгон. Курманжан датка Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин, Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Курманжан датка Ош вилайетин гана башкарбастан,
Кокон хандыгынын саясий иштерине да кийлигишип турган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда 1865-жылы Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Курманжан датка 1873-76-жылдары.
элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн,
М.Е.Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда,
кичүү, уулу Камчыбектин небереси Мырзапаясты алып, Чоң Алайда өргөө алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн.Генерал М.Д.Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. 1895-жылы уулу Камчыбек дарагага асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнүн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу сары мазарга коюлган.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#8 09 November 2011 - 13:59
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
#9 20 November 2011 - 22:53
Кыргыз коомунда аялдарга жогорудагыдай мамиленин болушу, алардын өз алдынчалуулугу,
өз заманындагы,
жөндөмү менен белгилүү инсандарды жаратканы айкын. Мына ошондой аялзатынын даңкын чыгарган айтылуу Курманжан болгон.
Курманжанды Курманжан кылган анын акылдуулугу, айкөлдүгү, адептүүлүгү, тапкычтыгы, кайрымдуулугу, чыдамдуулугу, сабырдуулугу жана жөндөмү.
Тарых акырында улутун элестеткен баатыр болгон бир топ коомдук ишмер аялдарын эсте сактайт. Мурдагы миң жылдыктагы чыгыш элинин аялдарынын арасынан чыккан өзгөчө ачык инсандардын бири Маматбек кызы Курманжан датка өзгөчө жол башчы болгон, эл арасында Курманжан датканы “алай ханышасы” деп аташкан. Саясат майданында көрүнүктүү из калтырган, анын элдин тарыхынан ажырагыс аты, улуттун энесиндей акылмандыгын элестеткен, өзүнүн жанын аябай жана асылзаттык сапаттарын кыргыз аялдарына гана эмес, башка да чыгыш аялдарына да көрсөткөн. 50 жыл арасындагы башкаруусунда ал өзүнүн элин бириктирүүгө, чачкында жана четте калгандыгына каршы туруктуу күрөш алып баргандыгы менен өзүнүн замандаштарынын абдан чоң урматтоосуна татыктуу болгон. Курманжан датка өмүр бою күйөөсүнө бекем болуусунан тышкары күйөөсү Алымбекке да жардамчы болгон. Алай ханышасы атка күйөөсү каза болгондон кийин конгон. Күйөөсүн өлтүрүп кеткенден кийин, букаралык амирдин жардамы менен Худояр деген Кокондук хан “Датка” деген ардак наамын берген. Кыргыз элинин Даңктуу кызы баатырдык менен элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алдыга чыккан. Оор жана ошол эле убакта бактылуу көп жыл жашап (96 жыл), чыныгы улуттун сыймыгына турган.
Курманжанды Курманжан кылган анын акылдуулугу, айкөлдүгү, адептүүлүгү, тапкычтыгы, кайрымдуулугу, чыдамдуулугу, сабырдуулугу жана жөндөмү.
Тарых акырында улутун элестеткен баатыр болгон бир топ коомдук ишмер аялдарын эсте сактайт. Мурдагы миң жылдыктагы чыгыш элинин аялдарынын арасынан чыккан өзгөчө ачык инсандардын бири Маматбек кызы Курманжан датка өзгөчө жол башчы болгон, эл арасында Курманжан датканы “алай ханышасы” деп аташкан. Саясат майданында көрүнүктүү из калтырган, анын элдин тарыхынан ажырагыс аты, улуттун энесиндей акылмандыгын элестеткен, өзүнүн жанын аябай жана асылзаттык сапаттарын кыргыз аялдарына гана эмес, башка да чыгыш аялдарына да көрсөткөн. 50 жыл арасындагы башкаруусунда ал өзүнүн элин бириктирүүгө, чачкында жана четте калгандыгына каршы туруктуу күрөш алып баргандыгы менен өзүнүн замандаштарынын абдан чоң урматтоосуна татыктуу болгон. Курманжан датка өмүр бою күйөөсүнө бекем болуусунан тышкары күйөөсү Алымбекке да жардамчы болгон. Алай ханышасы атка күйөөсү каза болгондон кийин конгон. Күйөөсүн өлтүрүп кеткенден кийин, букаралык амирдин жардамы менен Худояр деген Кокондук хан “Датка” деген ардак наамын берген. Кыргыз элинин Даңктуу кызы баатырдык менен элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алдыга чыккан. Оор жана ошол эле убакта бактылуу көп жыл жашап (96 жыл), чыныгы улуттун сыймыгына турган.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#10 26 November 2011 - 18:16
Aлымбек даткага турмушка чыгуусу менен Курманжан датка тез аранын ичинде саясий башкаруу иштерине аралашып кете алган эмес. Кыргыз элинин салты боюнча келин эркектердин ишине эч качан аралашкан эмес, ошол себептен, датка энебиз көп убакыт күйөөсүнүн жөлөгү, кеңешчиси болуу менен бирге үйбүлөдөгү,
урук ичиндеги кадыр-баркын акырындан жогорулатып отурган. 1862-жылы, Алымбек датка ордодогу кутумдардын саткынчылыгы аркасында каза болгондон кийин гана, датка даражасын алган Курманжан саясатка активдүү аралаша баштайт.
Датка эненин Ош шаарына сиңирген эмгеги да өтө зор. Азыркы Ош филармониясы жана "Алай" мейманканасы жайгашкан жерлерде илгери Алымбек датканын Акордосу турчу эле. Ошол ордодо Бухара эмирлерин, Кокон хандарын, Россия империясынын жергиликтүү башкаруучуларын, Кашкар жана Урүмчү бийлик төбөлдөрүн, саякатчы ,соодагер, элчи ж.б.у.с. адамдарды Курманжан датка далай жолу коноктогон. Ош шаары кыргыздар үчүн аскерий стратегиялык, коомдук-саясий, экономикалык, социалдык, соода, маданий жактардан өтө маанилүү экенин жакшы түшүнгөн Алымбек жана Курманжан даткалар Ош шаарын вилает борбору катары калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө зор аракеттерди көрүшкөн.
Датка эненин Ош шаарына сиңирген эмгеги да өтө зор. Азыркы Ош филармониясы жана "Алай" мейманканасы жайгашкан жерлерде илгери Алымбек датканын Акордосу турчу эле. Ошол ордодо Бухара эмирлерин, Кокон хандарын, Россия империясынын жергиликтүү башкаруучуларын, Кашкар жана Урүмчү бийлик төбөлдөрүн, саякатчы ,соодагер, элчи ж.б.у.с. адамдарды Курманжан датка далай жолу коноктогон. Ош шаары кыргыздар үчүн аскерий стратегиялык, коомдук-саясий, экономикалык, социалдык, соода, маданий жактардан өтө маанилүү экенин жакшы түшүнгөн Алымбек жана Курманжан даткалар Ош шаарын вилает борбору катары калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө зор аракеттерди көрүшкөн.
#11 26 November 2011 - 18:31
Курманжан датка Кокондун сегиз ханынын тушунда жашады- Алим хан, Омар хан, Мадали хан, Шерали хан, Кудаяр хан, Малла хан,Султан сеид хан, Полот хан. Шерали, Кудаяр, Малла,Полот хандардын тушунда саясый башкаруунун чок ортосунда жүрүп, ордо иштеринин казанында кайнады. Орус империясынын генерал губернаторлору фон Кауфман, Скобелев, Черняев,Розенберг,
Корольков,Вревский,
Куропаткин,
Ионов ж.б. Курманжан даткага чындап баа беришип, урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ал эми Ош уездинин начальниктери датка эненин ой-пикири менен дайыма эсептешип турушкан, анын жардамына алар чындыгында аябай муктаж болушчу.
#12 27 November 2011 - 11:22
Кокон хандыгын жою жана калкка тынчтык орнотуу боюнча генерал Скобелев менен Карманжан датканын бутуму .
Ш А Р Т Н А М А .
1). Эски хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жака тен ылайык келбейт.
2). Жети шаарлуу Кокония олкосун Россия империясынын карамагына эки жак тен кошулду деп эсептейт.
3). Жергиликтуу журттун жашоо тирилигине, туткан динине Россия тарабынан кысым кылынбайт .
4). Которулушко мурунку катнашы учун олконун калкын жазалоо токтотулат ; колго тушкон же озу келип кабылган которулушчулор азат болунат; куугун жеп бозуп кеткен элге кайра оз жерлерине кайтышына жана тынч тирилигине отушко шарт берилет .
5). Россия оз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу жети шаарлуу олконун журтуна да кам корот.
Скобелев .
Курманжан Датка.
( " КЕЛ-КЕЛ " романы . 141-бет. )
Курманжан Датка энебиз ушул шартнама менен КЫРГЫЗ элин, КЫРГЫЗ жерин сактап калган .
Ш А Р Т Н А М А .
1). Эски хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жака тен ылайык келбейт.
2). Жети шаарлуу Кокония олкосун Россия империясынын карамагына эки жак тен кошулду деп эсептейт.
3). Жергиликтуу журттун жашоо тирилигине, туткан динине Россия тарабынан кысым кылынбайт .
4). Которулушко мурунку катнашы учун олконун калкын жазалоо токтотулат ; колго тушкон же озу келип кабылган которулушчулор азат болунат; куугун жеп бозуп кеткен элге кайра оз жерлерине кайтышына жана тынч тирилигине отушко шарт берилет .
5). Россия оз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу жети шаарлуу олконун журтуна да кам корот.
Скобелев .
Курманжан Датка.
( " КЕЛ-КЕЛ " романы . 141-бет. )
Курманжан Датка энебиз ушул шартнама менен КЫРГЫЗ элин, КЫРГЫЗ жерин сактап калган .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#13 27 November 2011 - 12:22
Архивдерде сакталып калган орус империясынын документтери боюнча Курманжан датка ак падыша тарабынан сыйлыктарды алганы белгилүү. Мисалга алсак, падышанын буйругу менен жылына 300 рубль өлчөмүндөгү пенсия чегерилген.
Андреев лентасындагы Чоң Алтын медалы (Большая Золотая медаль на Андреевской ленте-орус империясынын эң үлкөн сыйлыктарынын бири) менен документ түрүндө сыйланган. А бирок, тапшыруу аземи болгон эмес, анткени Камчыбекке байланыштуу сот иши козголуп, сыйлык унутулуп калгандыгы тууралуу тарыхчылардын пикири белгилүү. Aндан башка, согуш министри Куропаткиндин колунан кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган шакек алганы белгилүү. Падышанын дагы бир белеги катары- алтындан жасаган аялдардын саатын айта кетишибиз керек. Бирок, 1991-жылы белгиленген датканын мааракесинин тушунда да,андан берки убакыт ичинде да, Курманжандын өмүр баянын изилдеген тарыхчылар да, датканын урпактары да ал сыйлыктар тууралуу унчугушпайт.
Менин оюмча, бул тарыхий адилетсиздик,
анткени ал сыйлыктар жамы кыргызга калган мурас болуп эсептелинип,
музейлердин биринде турса кандай сонун болмок.
#14 03 December 2011 - 16:48
Курманжан датка сабаттуу болгонбу? Ушул суроо көп тарыхчыларга уйку бербей келет. Мени да ушул нерсе кызыктырат.
Оо илгерээкте,
анда жаштыгымдан улам маани бербепмин, бир кичинекей китеп тийген эле колума. Ал китепте Курманжан датканын ырлар топтому басылган экен. Бул тууралуу ким кандай ой-пикирде?
П.С. Курманжан датканын Алымбек өлгөндөгү кошогун билгендер бар болсо, бул жерге текстин илип койсоңуздар сонун болмок. Мр3 форматында болсо да мейли-ал композиция медиапорталдын көркүн гана ачмак.
П.С. Курманжан датканын Алымбек өлгөндөгү кошогун билгендер бар болсо, бул жерге текстин илип койсоңуздар сонун болмок. Мр3 форматында болсо да мейли-ал композиция медиапорталдын көркүн гана ачмак.
#15 05 December 2011 - 15:46
Курманжан датка өз доорунун илимдүү-билимдүү адамы болгону шексиз. Ал миңдеген сап ырларды жатка айткан. Анын кошкон кошогу алиге чейин аңыз болуп айтылып келет" деп эскерген Өмүрбек мырза кыргыздын башына мүшкүл иш түшүп турганда, элдин амандыгы үчүн өз баласын курмандыкка чалгандыгын кошумчалап,
"Датка энебиздин басып өткөн жолу бүгүнкү биздин мамлекетибиз үчүн зор үлгү. Ардактуу алайлык туугандар!
Аскасы асман тиреген айтылуу Алай жергеси ар дайым өз табияты менен суктандырып турат. Кудайдын мээри түшкөн бул касиеттүү жер азыр да элибизге чыгаан уул-кыздарды берип келет. Келечекте дагы бул жерден Курманжан энебиз сыяктуу мыкты инсандар чыгарына мен терең ишенем. Куттуу Алай жергесинин түптүү эли ар дайым аман болсун! Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Баарыбызды Алымбек атабыз менен Курманжан энебиздин арбагы колдосун!
"- деген каалоо, тилегин билдирди.
Акылбек Курманалиев
Акылбек Курманалиев
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#16 05 December 2011 - 16:04
Датка даражасына тактык
1863-жылы Кудаярды кайрадан тактыга отургузуу максатында Бухара эмири Сеид Музаффар-эддин көп сандаган аскерлери менен Коконду басат. Алымкул аталык башында турган кыргыз күчтөрү Ошко, андан Өзгөн, Кара-Кулжаны көздөй чегинет. Аларды жазалоо аракети менен Бухара эмири Ошко келет. Оштон аларды Курманжан башында турган кыргыздар каршылайт. Мына ушул жолугушууда Курманжандын орундуу сөздөрүнө, тунук акылына, эл арасындагы таасирине ынанган эмир ага датка даражасын ыйгарган. Сеид Музаффар-эддин атасы Насруллого караганда алда канча билимдүү, көп окуп көптү билген адам экени тарыхта маалым. Ал Азиядагы башка элдерге караганда кыргыз аялдарынын ачыктыгы, журт башкарган касиеттери тууралуу китептерден окуп, Кашкардан Бухарага кайткан элчилеринен,
соодагерлеринен Курманжан тууралуу жакшы сөздөрдү көп уккан. Алардын айрым маселелерин ар убак адилет чечип берип турганы тууралуу да кабардар болуп келген. Андыктан ал Курманжанга датка даражасын ыйгаруу менен Алай аркылуу өтчү соода жолунда өз букараларынын бейпилдигин да ойлогон. Ошентип аялзатына датка даражасынын ыйгарылышы динге чүмбөттөлгөн Азия элин таңкалтырса,
Курманжандын даңазасын арттырган. Курманжан датка бул жолу эмирдин колунан Кокон хандыгынын датка даражасын эмес, Бухара эмирлигинин датка даражасын алган. Мындай даража аялзатына алгачкы жолу берилиши эле. Датка – Бухара, Хива жана Кокон ээликтериндеги мансап даражасы болгон. Ал карамагындагы элден түшкөн арыз-муңдарды,
даттанууларды ханга билдирип, хандын жообун оозеки же жазуу түрүндө кайта элге жеткирип турган. Кокон хандыгында бул даража аталык, кушбеги, парваначыдан кийинки орунда туруп, аймактардагы өтө таасирдүү он гана адамга ыйгарылчу. Хандын атайын жарлыгы менен бышыкталып,
мөөр ойдурулуп берилчү. Даткалык үчүн ордодон жылына 1000 теңге маяна төлөнгөн. Андан сырткары хан жарлыгы менен белгилүү өлчөмдө жер үлүшү түбөлүк менчикке бөлүнгөн.Ал эми Курманжан даткага Кокон хандыгынын датка даражасы 1865-жылы Кудаяр хан тактыга үчүнчү жолу отургандан соң ыйгарылган. Ордого куттук айтып келген Курманжан датканы Кудаяр хан апасы Жаркын айым, таэжеси Зыйнат болуп белгилүү бектердей тосуп алып, сый көргөзүп, датка даражасын ыйгарып, мөөр ойдуртуп, баалуу белектерди тартуу кылган. Бухар эмиринен датка даражасын алган Курманжан даткага Кокон хандыгынын даткалыгын мына ушул жолугушууда ыйгарууга аргасыз болгон. Курманжан датка ошентип өз доорунда Бухара эмирлиги менен Кокон хандыгынын датка даражасын алган жалгыз кыргыз айымы болгон. Анын таасири эми Алай, Ош, Анжыян, Аксы аймагындагы элдин арасында гана эмес, ордонун өзүндө, алыскы аркалык кыргыздардын арасында да өтө жогорулап, аброю болуп көрбөгөндөй арткан. Бирок, анын ордо менен мамилеси көп узабай солгундай баштаган. Анткени 1868-жылы хан энеси Жаркын айымдын көзү өтүп, ар убак энесинин кеңеши менен кыргыздарга жакшы мамиледе болуп келген Кудаяр хандын ач көздүгү артып, душмандыгы күчөгөн. Кыргыздар ар кандай адилетсиздикке эч моюн сунбаган, эркиндикти туу туткан калк экендигин Кудаяр хан эстегиси келбейт. Көп өтпөй, 1871-жылдан баштап хандыктын ар кайсыл бөлүктөрүндө элдик толкундоолор башталып, ал акырындап бүткүл хандыкты кучагына ала баштаган. 1873 –жылдан тарта боштондук үчүн күрөштү күч менен басууга шайы жетпей калган. 1875-жылы жалпы элдик кыймыл өзүнүн туу чокусуна жетип, август айында кыргыздар Кудаяр ханды тактыдан кууп, анын ордуна Полот хан деген ат менен көтөрүлүшкө жетекчилик кылган Исхак молдо Асан уулун хан көтөрүшөт. Бул күрөштө Курманжан датка жана анын уулдары эл тарапта болуп, Кокон шаары кыргыздар тарабынан ээленгенде тун уулу Абдылдабек ордо калаанын акими болуп дайындалган. 1876-жылы 19-февралда орус аскерлери Коконду ээлеп, хандыкты биро толо жоюп, Оруссиянын курамына күч менен каратып алган соң Полот хан, Абдылдабек баштаган күчтөр Алай тоолоруна чегинүүгө аргасыз болгон.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#17 05 December 2011 - 16:06
Оторчулук доордун оорчулугу
Орус бийлиги алгачкы жылдары Курманжан датканын аброюн, эл арасындагы таасирин өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылышкан.Алайда уланган боштондук күрөштөрдү толук басуу үчүн жазалоочу аскерлерден турган атайын күч 1876-жылы эки жолу кандуу экспедиция (жортуул) уюштурган. Ага чейин жиберилген чакан жазалоочу аскер тобу Абдылдабек жетектеген кыргыздардын катуу каршылыгына кабылышып, оор жоготуудан кийин артка кайтууга аргасыз болушкан. Бул окуядан соң апрель айында генерал М. Д. Скобелев башында турган жазалоочу аскерлер Алайга аттанышкан. Алар 25-апрелде Жаңырык капчыгайында Абдылдабектин катуу соккусуна кабылышкан. Бирок кыргыздардын арасынан чыккан саткындар Жаңырык капчыгайында жайланышкан кыргыздарга айланып барчу жолду көргөзүп берген соң гана жазалоочу аскерлер жеңишке жетишкен. Артынан, бет маңдайынан урулган соккудан кийин гана Абдылдабектин кошууну тоо аралап чегинүүгө аргасыз болушкан. Алар күрөшүн токтотпой, ар кайсыл коктулардан буктурмаларды уюштуруп, каршылыгын токтотушкан эмес. Тоолуктардын соккусуна туруштук бере албасын сезген генерал Скобелев май айында жазалоочу аскерлери менен артка кайтууга аргасыз болгон. Бул окуядан көп өтпөй 1876-жылдын июль-август айында атайын даярдыктар көрүлүп, Алайга экинчи жолу аскердик экспедиция уюштурулган. Абдылдабектин кошуунун биротоло талкалоо үчүн Алайга жасалган бул жортуул да анчалык ийгиликке жетпеген соң, генерал Д.М.Скобелев август айынын башында Курманжан датканы туткунга алып, ага “дипломатиялык” жылуу мамиле жасап, анын жардамы менен элдик кыймылды ооздуктоого жетишкен. Зор күч, ар кандай коркутуу, катуу чабуул менен басылбаган элдик кыймыл ошентип Курманжан датканын таасири менен токтотулган. Бул окуя тууралуу Өзбек Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинде (Ташкент шаарында) сакталып турган катында Курманжан датка жеткиликтүү баяндап берген. Өз мөөрү менен бышыктаган бул катында ал: Жандыраалы Скөбүл (генерал Скобелев – К.М.) пааша мени өзүнө чакырып алып, мага балдарымды өз мекенине кайтаруумду, алар келип тынч жашай берүүсүнө кепилдик берээрин айтып насаат берди. Анан улуу урматтуу жарым пааша фон Кауфман Ошко келгенде мен аны тосуп чыктым. Ал мени менен сылык сүйлөшүп, мага жакшылык каалап: “Уулдарыңызга кат жазыңыз, алар кайтып келип тынч жашай берсин, өзүңүздүн урууңузга (элиңизге- К.М.) кайтканда аларга тынч жашагыла деп насаат айтыңыз... Мен Ош үйөзүнүн начальнигине сиздин уулдарыңызга кызмат берүүсүн сунуш кылам жана император ак паашанын алдына өзүңүзгө пенсия бөлүп берүүсүн өтүнүп кайрылам”, – деп айтып, мени баалуу чапан жана алтын саат менен сыйлады. Жолугушуудан соң мен туш тарапка кеткен уулдарыма кайтып келүүсүн айтып кат жөнөттүм. Уулдарымдын ичинен эң
улуусу Абдылдабек бөтөн жерде набыт болуп, калгандары биринин артынан бири кайтып келе баштады... Жарым пааша фон Кауфман төрө өзүнүн убадасы боюнча мага жы-лына 300 сом өлчөмүндө пенсия бөлдүрүп берип, уулдарымды жергиликтүү башкаруу кызматтарга коюу тууралуу көргөзмөсүн берди”, – деп баяндаган. Ошентип катта баса белгиленгендей, Курманжан датканын аракети менен Алайда тынчтык орногон.
Оруссиянын үстөмдүгү орногон учурдан өмүрүнүн аягына чейин Курманжан датка Түркстан чөлкөмүнүн тогуз генерал-губернаторун (1876-1907-жж.), Фергана облусунун сегиз аскер губернаторун, Оштун оёзнойлорун, Европадан келген жүздөгөн ар кыл мартабалуу конокторду Оштон, Алайдан тосуп алып, аларды жогорку деңгээлде меймандаганы ошол кездеги гезит-журналдарда, эмгектерде көп эле жазылган. Алардын арасында ошол кездеги Оруссия империясынын Генералдык штабынын офицери, келечектеги Финляндиянын тунгуч президенти Маннергейм да болуп, датканын колунан даам татып, батасын алганын кантип унутабыз. Мына ушундай ар кандай деңгээлдеги жолугушууларда анын табийгатынан элчилик жөндөмү, меймандостугу, интеллектуалдык жогорку деңгээли жөнүндө өздөрү күбө болгон адамдардын эскерүүлөрүндө, жазма даректерде даана сүрөттөлгөн. Ошондой эле Курманжан датка Ошто, Маргалаңда жалпы эле чөлкөмдө жашаган орус аялдары менен да жакшы мамиледе болуп, алардын айрым уюмдарына кайрымдуулугун көргөзүп турган. Алсак, 1904-жылы Ошто талаа лазареттерине шейшеп даярдоо үчүн аялдардын комитети түзүлөт. 7-мартта комитеттин алгачкы жыйыны болуп, ага 93 жашка чыкканына карабастан Мадыдан Курманжан датка ат үстүндө келип катышып, кайрымдуулук максатында комитетке 100 сом кошумчасын кошуп кайткан (Туркестанские ведомости, 1904, № 40).
Датка сабаттуу болгонбу?
Курманжан датканын өмүр таржымалын үстүртөн билген айрым тарыхчылар менен адабиятчылар кат-сабаты жоюлганын бышыкташып, билимдүү көргөзүүгө аракет кылышат.
Алар даткага араб ариби менен кыргыз, өзбек, фарсы тилинде ырларды, каттарды жаздырышат.
Ал түгүл анын күн сайын күндөлүк жазганын ырасташат. Ушул сыяктуу маалыматтарды мисалга тартышып, Курманжан датканын кадыр-баркын арттырууга аракеттенишет. Ал эми тарыхый чындык алардын ашкере аракеттерин бышыктабайт, датканын сабаттуу болгонун ырастабайт. Ал эми өзбекстандык белгилүү тарыхчы Хайдарбек Бабабеков менен адабият изилдөөчү Сатыбалды Мамытовдун “датка фарсы тилинде Зыйнат деген жашыруун ысым менен ыр жазган, ал ырлар Омор хандын мезгилинде (1818-ж.) басылган “Маджму-аш- шу ара” (“Акындардын ырлар жыйнагы”) аттуу жыйнакка басылган” деген тыянактары дагы тарыхый чындыкка эч коошпойт. Анткени ал мезгилде Курманжан датка болгону 7-8 жаштагы кыз болгон. Ал эми аты белгисиз секелек кыздын ырлары жашыруун ысым менен фарсы тилинде, болгондо да хан сарайында басылышы акылга сыйбас нерсе.
Бирок, Курманжан датка тамга тааныбаганы менен миңдеген сап ырларды эсине сактап, жатка айта алган. Кошкон кошоктору аңызга айланып, азыркыга чейин айтылып келүүдө. Гезит-журнал окубаганы менен өз мезгилиндеги жаңылыктар менен кабардар болуп турган. Курманжан датка менен жолуккан Б.Л.Тагеев аттуу автор жакында эле каза болгон генерал Скобелевдин өлгөнүнөн кабары бар экенин жазса, Маркова деген саякатчы аял Курманжан датка Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы жаңылыктар тууралуу сурап, ал жактагы күчтүү дарыгерлерден кабары бар экендигин эскерет. Мына ушундай сүйлөшүүлөрдөн соң датканын ой чабытынын кенендигине, акыл көрөңгөсүнүн тереңдигине күбө болушкан илим-билимге сугарылган европалык саякатчылар
кийин суктануу менен жазышкан. Алыстан ат арытып келген конокторду атайын темир кроваттар коюлган боз үйгө түнөтүп, Европанын шарты менен экинчи бир боз үйдө, дасторконун дүр-дүнүйө таттууларга жайнатып сый-урматын көргөзгөнүн Алайга келген көпчүлүк саякатчылар саймедиреп жазып калтырышкан. Андан соң гана атайын тигилген өзүнүн ак өргөөсүндө келген конокторду кабыл алып, кызыктырган жана кызыккан темада сүйлөшкөнүнө таңданышкан.
Мээнеткеч айым, мээрман эне
Курманжан датканын даңазасын арттырган, атын алыска таанылткан дагы бир башкы жагдай, анын энелик улуу касиети, мыкты тарбияланган уулдары, неберелери.
Алардын жалгыз эненин эмес, жалпы элдин уулу болушуна албетте, Курманжан датканын таасири зор.
Алымбек датка ар убак мамлекеттик иштер менен алыскы сапарда жүргөндүктөн, балдарга башкөз болуу, аларга мыкты тарбия берүү жубайына жүктөлгөн. Ал өз балдарына гана эмес, ошол чөлкөмдөгү мыкты чыкма балдарга да кам көрүп, туура тарбияланышына көз салып турган. Ошол кезде кыргыздар үчүн ал Умай эне сымал эле. Мына ошондуктан анын уулдары да атасындай элдин керегине жараган, журт башкарган мыкты инсандар болуп жетилген. Өгөй болсо да өз баласындай болгон Жаркынбайы (айрым маалыматтарда бир тууган кайниси) Оштун акими болуп туруп, 1865-жылы Ташкент шаарын генерал Черняевдин баскынчыл жортуулунан коргоо учурунда Алымкул аталыктын жанында жүрүп курман болгон. Тун уулу Абдылдабеги 1865-жылдан агасынын ордуна Оштун акими, Полот хандын боштондук күрөшүнүн мезгилинде башкы аскер жетекчилеринин бири болуп, ал хан тактысын ээлеген соң ордо калаа Кокондун акими болгон. Алайдын көз карандысыздыгы үчүн өмүрүнүн акырына чейин баскынчыларга каршы согушкан. Баатырбеги Кашкардын бакдөөлөтү Жакыпбектин ишеним арткан жакын адамы, кийин Кудаяр ханды тактыдан кууганга активдүү аралашып, Орус падышачылыгынын заманында Булак-Башы болуштугунда болуш болгон. Маамытбеги Абдылдабек менен бирге Ооган жерине чейин кошо кетип, кийин Гүлчөнүн болушу, Асанбеги Ноокаттын болушу, Камчыбеги Алайдын болушу болуп турган. Курманжан датканын неберелери да эл кадырлаган эр азаматтардан болушкан. Уул-неберелеринин эл арасындагы кадыр-баркы, таасирлери Курманжан датканы көкөлөтүп, сый-урматка бөлөп турган. Курманжан датка 1894-жылы падышалык төбөлдөргө жолдогон бир катында өзүнүн үй-бүлөсү, уулдары тууралуу сыймыктануу менен: “Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң атасы мурдагы мусулман (Кокон – К.М.) хандарына жана бектерине ак ниеттери менен берилип кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан. Эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өзүлөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге таанымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген”, – деп жазган.
Датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы
Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шаан-шөөкөттөр менен бирге оор жоготуулар, кайгы-капа такай коштоп жүргөн.
Жамандык учурундагы көчмөн элге ылайык адаттан тыш көтөрүмдүүлүгү айланасындагыларды таң калтырган. Жакшылыкка көппөгөн, а жамандыкта чөкпөгөн өзгөчө сабырдуулугу менен айырмаланган. Алгач Алымбегинен ажырап, балдары жетим, өзү жесир калды. Канчалык кайгырып жоктосо да ал чөкпөдү, кайра чыңалды. Алымбек датканын бүтүндөй түйшүгүн, эл алдындагы жоопкерчилигин өзүнө алды. Өмүрүнүн аягына чейин ал милдетти айныксыз аткарды. Андан көп өтпөй Ташкент шаарынын алдындагы согушта (1865-ж.) Жаркынбайы курман болду. Анын аза кайгысын тартты. Уулдары ар убак эркиндик үчүн күрөштөрдө эл башында туруп, кыл чайнашкан катаал окуяларда алдыңкы катарда жүрүштү. Эне катары ал балдарынын амандыгын алыста жатып тилеп келди. Жаман кабар келбесин деп жүрөгү сыздап, жүлүнү бошоду. 1876-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоодо Абдылдабеги баш болгон уул-неберелери Ата журтунан алыска кетип, ал жерден Абдылдабеги каза болуп кайтпай калды. Тун уулунун оор кайгысын тартты. Мал-мүлкүн, ээлеген жерин падышалык өкүмзарлар тартып алышты. Ага муюбады. Курманжан датканын эл арасындагы кадыр-баркын төмөндөтүү максатында 1893-жылдагы төрт бакылоочунун өлүмүн шылтоолоп, күнөөсүн далилдебей туруп падышалык админстрация эң кенже сүймөнчүк уулу Камчыбегин энесинин көз алдында дарга асты (1895-ж.). Уулдарынын бардыгын болуштук кызматтан четтетти. Уулу Асанбекти, неберелери Мырзапаяс, Арсланбекти Иркут губерниясына сүргүнгө айдатты. Бул кайгылуу окуялар Курманжан датка үчүн өтө оор тийген. Бирок алардын бардыгын көтөрүүгө мажбур болду. Камчыбегинен бир жыл өтпөй 1896-жылы уулу Баатырбегинин сөөгү жерге коюлду. Эне үчүн балдарынын өлүмүнөн оор бул дүйнөдө эч нерсе жоктур.
Курманжан датканын көз алдында жалгыз баласы эмес, төрт баласы (Жаркынбайы менен), өмүрлүк жолдошу көз жумуп отурбайбы, каран күндүкү! Анын өмүр баянын алгачкы жолу кеңири изилдөөгө алган
И.П.Ювачевдин жазганы боюнча Курманжан датканын урпактарынын саны көзү тирүүсүндө 183 адамга жетип, алардын 85и анын көз алдында каза болуп, кошок айтып түбөлүк жайына узаткан. Мына ушундай кайгы-капалуу турмушту башынан кечирген Курманжан датка өзү 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн көзү өткөн. И.П.Ювачев 1907-жылы Ошко келгенде Курманжан датканын урпактарынан 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 кыбырасы) жашаарын жазган. Совет доорунда Курманжан датканын бүтүндөй урпактары куугунтукталып, көптөгөн запкыларды баштарынан кечиришти. Алар датканын урпактарыбыз деп айткандан чоочулашып, энеси тууралуу эл алдында оозана алышчу эмес.
Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#18 05 December 2011 - 16:55
аzаmаt1992kg
, башка авторго таандык макаланы сөзмө-сөз көчүргөндө,
адатта авторго шилтеме берип коюу керек. Автордук укук мыйзамын мындай коеюн, бери дегенде автордун мээнетин сыйлоо деген нерсе бар. Молдокасымов агай муну окуп калса, адебиңди берип жүрбөсүн.
) Түшүнүү менен кабыл алып, кийинкиде эске алаарсың деген үмүттөмүн.
#19 05 December 2011 - 17:00
Советтик идеологиянын кедергисинен улам, тарыхта бараандуу орду бар чыныгы инсандарыбыз эч ким тарабынан изилденбей калганы чындык. Бирок, бул жагынан алганда өзбек коңшулар эржүрөктүүлүк кылып, 1981-жылы Курманжан датканын мааракесин өткөргөнү белгилүү. Ошол кезде бир дагы кыргыз атуулу бул жөнүндө ойлонбогону өкүнүчтүү...
#20 05 December 2011 - 17:04
<br /><b>аzаmаt1992kg<
/b> , башка авторго таандык макаланы сөзмө-сөз көчүргөндө,
адатта авторго шилтеме берип коюу керек. Автордук укук мыйзамын мындай коеюн, бери дегенде автордун мээнетин сыйлоо деген нерсе бар. Молдокасымов агай муну окуп калса, адебиңди берип жүрбөсүн. <img src='http://www.super.
kg/ipb/public/style_emoticons/
default/smile.gif'
class='bbc_emoticon'
alt='
' />) Түшүнүү менен кабыл алып, кийинкиде эске алаарсың деген үмүттөмүн.<
br />
Мен дагы ошол ойдомун. Негизи копипейст кылып жатканда маалыматтын түп нускасына шилтеме берип коюу керек.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
















