Kalp senin sozdorun brat.Sahabalardin baari paygambardan amanat aliwip duyno juzuno tarap ketiwken bolso paygambardan kiyin Halif abu Bakrdin ubaginda salgilawuularda ayaldar katiwkanbi sahabalar baari ketip kalip kaytip da kelbese,andan kiyin Umardin ubagi4i?andan Usmandin ubaginda,Alinin ubaginda emne sahabalar jok ayaldar salgilawip juruwtubu?Dauattin ozun bida degenim jok,imenno 3- 40 kun Bida.
Бидаат деген эмне?
1. Имам Муслим өзүнүн “Сахихинде” Жаабир бин Абдуллахтан төмөндөгүдөй хадисти риваят кылат: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Албетте сөздөрдүн эң жакшысы-бул Аллахтын сөзү жана жолдордун эң жакшысы- Мухаммедтин (саллаллаху алейхи ва саллам) жолу. Иштердин эң жаманы-бул жаңы пайда болгону жана ар бир бидаат (жаңы пайда болгон иш) адашуу”.
1. Имам Абу Сулайман бин Мухаммад Хаттаби бул хадисти төмөнкүдөй чечмелейт: “ Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) “ар бир жаңы пайда болгон нерсе бидаат” деген сөзү баардык нерселерди өз ичине камтыбайт . Ал шариат негиздеринин бирине, анын стандарттарына же анын кыясына каршы келген ар бир жаңы пайда болгон иш. Ал эми шариат эрежелеринин негиздерине курулуп, ага кайтып бара турган болсо анда ал бидаат жана адашуу деп эсептелбейт . Валлаху аъалам! (Муалимус-Сунан, Шарху Сунани Аби Дауд).
2. Ибн Ражаб Ханбалий деген ат менен белгилүү болгон Имам Зайнуддин Абу Фараж Абдурахман бин Ахмад
бул хадисти чечмелеп мынтип айтат: Бидаат деген сөздөн максат шариатта ага далалат кылуучу негизи жок, жаңы пайда болгон иш. Ал эми шариатта негизи бар же шариат негиздери ага далалат кылган жаңы пайда болгон иш тилдик мааниде бидаат деп аталса да шариатта бидаат деп аталбайт. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) “ар бир бидаат адашуу” деген сөзү дин негиздеринен болгон чоң бир негиз. Бул сөз Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) төмөнкү сөзүнө окшош: “кимде ким биздин ишибизде жок нерсени пайда кылган болсо ал кайтарылат”. Кимде-ким диндин негизинде жок кандайдыр бир жаңы ишти баштап, аны шариатка таандык кылган болсо ал иш өзүнө кайтарылат жана ал иш адашуу деп эсептелет. Мейли ал ишенимге тийиштүү маселе болсун, же амалга тиешелүү болсун динибиз мындай кошумчага муктаж эмес. Хаафиз Абу Нуайм, Имам Шаафийдин төмөндөгүдөй сөзүн санады менен риваят кылат. Ал: “Бидаат, макталынган бидаат жана жаман көрүлгөн бидаат болуп, эки түргө бөлүнөт. Сүннөткө туура келгени макталынган бидаат. Ал эми сүннөткө каршы келгени жаман көрүлгөн бидаат”,-деп айтат жана бул айткан сөзүнө Умардын (радыя Аллаху анху): “бул кандай жакшы бидаат” деген сөзүн далил катары көрсөтөт.
Имам Шаафийдин бул сөзүнөн максат жогоруда айтып өткөнүбүздөй жаман көрүлгөн бидаат бул шариатта анын таяна турган негизи жок болгондору. Шариатта бидаат деп эсептелинген иштер ушулар. Ал эми макталынган бидаат бул сүннөткө ылайык келген б.а. шариатта анын таяна турган негизи бар болгон иштер. Мындай иштер тилдик мааниде бидаат деп аталганы менен сүннөткө ылайык келгендиги үчүн шариатта бидаат деп эсептелинбейт.
Имам Шаафийдин башка бир сөзүндө муну кененирээк чечмелеп айтат: “Жаңы пайда болгон иштер эки түрдүү болот. Биринчиси Куранга, сүннөткө же асарга (сахабалардын сөздөрүнө) же ижмаага каршы келген иштер. Мындай иштер адашууга алып барган бидаат деп эсептелет. Ал эми жогорудагылардын эч бирине каршы келбеген жакшы иштер жаман көрүлбөгөн жаңы пайда болгон иштер”.
Көптөгөн жаңы пайда болгон иштер жөнүндө уламалар арасында бул иш жакшы бидаатпы, анын шариатта таяна турган негизи барбы жа жокпу деген ар түрдүү пикирлери болгон. Ал иштердин ичинен хадистерди жазуу. Муну Умар бин Хаттаб жана бир топ сахабалар тыюу салышкан болушчу. Ал эми көптөгөн сахабалар уруксат беришкен жана буга хадистерден далилдерин айтышкан. Ошондой эле хадис жана Курандын тафсирлерин жазуу. Муну кээ бир аалымдар тыюу салышкан болсо, көпчүлүк аалымдар уруксат беришкен. Андан сырткары фикх илими боюнча китептерди жазуу да ушулардын катарында. (Жаамиул-Улуум вал-Хукм)
Имам Нававий мынтип айтат: Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) “ар бир бидаат адашуу” деген сөзүнөн максат көпчүлүк бидаат. Тил аалымдары бидаатка төмөндөгүдөй маани беришет: бидаат-бул, мурда ага окшош нерсе болбогон ар бир жаңы пайда болгон иш жана амал. Ал эми шариат аалымдары мынтип айтышат: бидаат беш бөлүктөн турат, ваажиб, мандууб, арам, макүрү, мубах. Ваажиб болгон бидаат-бул атеист жана бидатчыларга каршы жооп берүү үчүн акыйда илими менен алектенген аалымдардын далилдерди тартиптештирип жазуу. Мандууб бидаат-бул, китептерди жазуу, медреселерди куруу сыяктуу иштер. Мубах бидаат-бул, тамак-аш азыктарынын түстөрүн өзгөртүү ж.б. Ал эми арам, менен макүрү бидааттар белгилүү эле. (Шархун-Нававий ъала Сахих Муслим)
Хаафиз Ибн Хажар мынтип айтат: Бидаат бул мурда ага окшош нерсе болбогон, жаңы пайда болгон нерсе. Шариаттагы мааниси сүннөткө каршы келген, жактырылбаган нерсе. Эгер ал шариаттагы жакшы нерсенин астына кошулуп кеткен болсо анда жакшы. А эгер шариатта жаман көрүлгөн нерсеге кошулуп кеткен болсо, анда ал жаман. Ал эми бул экөөсүнөн сырткары болсо, анда ал мубаах. Кээде ал беш бөлүкө бөлүнөт. (Фатхул-Баарий)
Имам Абдул-Хай Лакнавий
салаф аалымдарынын бул хадис боюнча сөздөрүн экиге бөлүп мынтип айтат: Аалымдар бул маселеде эки түрдүү пикирди айтышат.
Биринчи көз караш:
“ар бир бидаат адашуу” деген хадис жалпылай айтылынган болуп, анын ичинен кээ бирлерин бөлүп чыгарууга болот. Бул жердеги ар бир бидаат дегенден максат ар бир жаман көрүлгөн бидаат деп айтышат жана бидаатты ваажиб, мандууб, макүрү, арам жана мубах деп бөлүшөт. Бул сөз Абу Нуаймдын “Хилятул-Авлия” китебинде Имам Шаафийден риваят кылган кабары. Ал (Имам Шаафий) мынтип айтат: жаңы пайда болгон иштер эки түрдүү болот.
Биринчи: Куранга же сүннөткө же асарга же ижмаага каршы келген жаңы пайда болгон иш. Мындай бидаат адашуу деп эсептелет.
Экинчи: Жаңы пайда болгон жакшы иштер. Булар жаман көрүлгөн иш деп эсептелбейт. Умар (радыя Аллаху анху) Рамазан айында таравих намазын жамаат менен окуу жөнүндө бул кандай жакшы бидаат деп айткан.
Аззудиин бин Абдус-Саламдин “Коваид” китебинде, Нававийдин “Тахзиибул- Асмааи вал-Лугоот” китебинде, Али Каринын “Шархул-Мишкат” китебинде, Ибн Малактин “Мабаарикул- Азхар Шарху Машаарикил- Анваар” китебинде, Имам Суютийдин “Хуснул-Максади фи Амалил-Мавлуд” жана “Ал-Масаабииху фи Солаатит-Тараавиих” деген эмгектеринде, Имам Касталанийдин “Иршаадус-Саарий Шарху Сахиихил-Бухарий” деген эмгегинде, Имам Зарканийдин Имам Маликтин “Муаттасына” берген шархында, Хаафиз Абу Шаамманын “Албааису ала Инкаарил-Бидъи вал-Хаваадис” деген китебинде, Халабийдин “Инсаанул-Уюуун фи Сииротин-Набиййил- Ма`муун” деген китебинде жана башка аалымдардын эмгектеринде жогорудагыдай эле сөз айтылынат.
Бул аалымдардын көз карашында сүннөткө каршы келген бидаат макүрү жана арам, ал эми андан башка бидааттар жаман көрүлгөн иш катары бааланбайт.
Экинчи көз караш: Мындай көз караштагы аалымдар: “"ар бир бидаат адашуу” деген хадис өз ичине жалпы эле бидааттарды камтып алат. Бул жерде бидааттан максат шарий бидаат. Шарий бидаат дегени-бул, макталынган (алгачкы үч) доорлордо болбогон жана шариат негиздеринде анын негизи жок болгон жаңы пайда болгон нерселер”,- деп айтышат. Белгилүү болгондой ушундай сыппаттагы ар бир нерсе адашуу. Мындай көз карашты Саид ас-Синд “Шархул-Мишкат” китебинде, Хаафиз ибн Хажар “Фатхул-Баарий” китебинде Ибн Хажар Хайтами “Фатхул-Мубиин би-Шархил-Арбаин” китебинде жана башка аалымдар өз эмгектеринде баяндап өтүшкөн. (Тухфатул-Ахйаар би-Ихйааи Суннати Саййидил-Абрар).
Бидаатты жакшы бидаат жана жаман бидаат же шарий бидаат жана тилдик бидаат деп бөлгөн алгачкы инсан бул Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам). Бул Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) төмөнкү сөзүнөн байкалат: “Кимде-ким Исламда жакшы ишти баштаган болсо ага анын сообу берилет жана анын артынан ошол ишке амал кылгандардын да сообу, алардын сообунан эч нерсе кемитилбестен берилет. Ошондой эле кимде-ким Исламда кандайдыр бир жаман ишти баштаган болсо ага анын күнөөсү жана анын артынан ушул ишке ээрчигендердин күнөөсү алардын күнөөлөрүнөн эч бир нерсе кемитилбестен берилет”. (Сахих Муслим). Бул хадисте жаңы башталган иштин кабыл кылынуучу же кайтарылуучу болуп бөлүнөөрү жөнүндө баяндалат.
Бул хадис жакшылык иштерди баштоону хулафааир-раашидиндин же сахабалардын же таабийиндердин дооруна гана таандык кылбастан ар бир доордо баштоого болооруна жол көргөзөт. Эгерде кимдир бирөө жакшы иштерди жалаң гана хулафааир-раашидин же сахабалар жана таабийиндер доорунда гана баштоого уруксат берилген деп айткан болсо, жалпылай айтылынган нерсени далилсиз эле кыскартып жаткан болот.
Адамдар, хулафааи раашидиин жана сахабалардын доорунан кийин Куранды түзүүдөгү жана анын тамгаларын айтуу эрежелеринен болгон, жүздөргө бөлүү, ар бир он аятка атайын белги коюу, куран сүрөлөрүн эсептөө, аяттарды номерлөө, токтоого уруксат берилген жана тыюу салынган белгилерди коюу, идгам, танвин сыяктуу кээ бир тажвид эрежелерин киргизүү сыяктуу жаңы пайда болгон нерселерге күбө болушкан. Ошондой эле тил илимдери, фикх негиздери, акыйда ж.б. шариат үчүн кызмат кыла турган илимдин түрлөрү боюнча китеп жазуу сыяктуу жаңы пайда болгон иштерге күбө болушкан.
Бул иштердин эч бири Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва салла) доорунда болгон эмес. Ошого карабастан муну бир да адам адашуу, бидаатка кошкон жок жана “ар бир бидаат” адашуу деген хадис бул ишти да өз ичине камтып алат деп айтышкан жок. Тескерисинче бул иштерди жакшы иштер катары баалашты.Себеби бул нерселер шарий текстерге да, шариат негиздерине да каршы келбейт жана бул нерселерде үммөт үчүн керектүү пайдалар бар. Ал пайдалар төмөнкүлөр: Куранды окуунунун жана жаттоонун жеңил болуусу, анын кооз окулуусу жана кээ бир дин өкүмдөрүн үйрөнүү. Бул нерселер динди сактоо үчүн болгон зарылчылык. Ошондуктан бул нерселер шариаттын жалпы эрежелерин астына кирген жакшы нерселердин катарына айланды. Ар бир ушундай түрдөгү нерсе жаман көрүлгөн иш катары бааланбайт. Бидаат сөзүнүн аларга карата айтылуусу бул тилдик маанидеги гана. Ошондой эле жалпы аалымдар шариат негизине байланган бидаатты (жаңы пайда болгон ишти) бидааттын кабыл болунган (же жакшы) түрү деп атап коюшту. Бидааттын кабыл болунуусу үчүн төмөндөгүдөй эрежелерге баш ийүүсү керек. Ал шарий текстерге (Куран, хадис, асар) жана шариат жакшы деп билген жолго каршы келбөөсү керек. Ошондой эле шариат жаман деп билген иштерге байланбаган болуусу керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео















