Таухидти эмне үчүн үйрөнөбүз?
Бисмиллахир-
рохманир-рохим
Таухидти эмне үчүн үйрөнөбүз?
Баардык мактоолор, жалгыз Аллах Таалага таандык. Биз аны даңктап-даңазалап,
Ага тообо кылып. Андан жардам сурайбыз, жана нафсыбыздын жамандыгынан Анын коргоосуна калкаланабыз.
Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт. Ошондой эле Аллах кимди адаштырса аны эч ким туура жолго сала албайт. Мен Күбөлүк келтирем: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудайчалар жок! Жана күбөлүк келтирем, Мухаммад Анын кулу жана Элчиси деп.
Андан соң:
Адегенде эле биз өз динибизди үйрөнө баштаганда таухидтен баштайбыз. Бул илим өтө маанилүү жана баардык илимдердин алдында турат. Буга көптөгөн себептер бар. Төмөндө ушул себептер жөнүндө баяндайбыз.
Биринчи себеп.
Таухид-бул жалгыз Аллахка гана сыйынуу, же Аллахты сыйынууда жалгыздоо. Таухид – бул адамзаты жана жиндердин, жаратылган максаты. Буга далил Курандагы Аллахтын сөзү:«Мен жин жана инсанды Бир өзүмө ибадат (сыйындууру) кылуулары үчүн гана жараттым».51 аз- Зарият 56 аят.
Ибну Аббас радыяЛлаху анхума (Аллах андан жана анын атасынан да ыраазы болсун) «лиябудууни» дегенди, Мени (Аллах) сыйынууда жалгыздашсын деп тафсирлеген.
Аллахты сыйынууда жалгыздоо бул таухид.
Экинчи себеп.
Баардык Пайгамбарлар,
Аллахтын Элчилери таухидке чакырышкан.
Бул жөнүндө Аллах Куранда айтты:«Биз ар бир элге ”Аллахка гана ибадат кылгыла,(башка) кудайлардан,
сыйынуучу заттардан ” алыс болгула деп айта турган Пайгамбарларды жибергенбиз.
»16 Нахл сүрөсү,36 аят.
Бул аятта Аллах Өзүнөн башка, сыйынууга татыктуу эместерден бөлүнгүлө, жакындабагыла дейт.
Үчүнчү себеп.
Жаннатка (Бейишке) муваххид (таухид менен жашаган мусулман) гана кирет. Буга далил Аллахтын Элчиси Мухаммад солля Аллаху алейхи уа саллям, айткан хадис: «Ким Аллахтын алдына, Ага шерик кошпой барса, Жаннатка кирет, Аллахка шерик кошкон Тозоктун отуна кирет!» Сахих Муслим, Джабир радыяЛлаху анхудан келген.
Төртүнчү себеп.
Таухид-биздин бардык жакшы амалдарыбыз,
Аллахтын алдында кабыл болуусу үчүн шарт. Буга далил Курандагы Аллахтын сөзү:«Сага жана сенден мурунку өткөндөргө:
”Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучуладан болуп каласың!” деп вахий кылынды.»39 Зумар сүрөсү,65 аят.
Бешинчи себеп.
Таухид-бул Курандагы «биринчи» буйрук. Буга далил Курандагы аллахтын сөзү: «Оо адамдар! Силерди жана силерден мурункуларды жараткан Раббиңерге ибадат (сыйынгыла) кылгыла, балким силер коркоорсуңар.
»2 Бакара сүрөсү,21 аят.
Жогорууда айтылып кеткендей ибадатта Аллахты жалгыздоо, Таухид деп аталат.
Алтынчы себеп.
Таухид менен жашагандык,
Пайгамбарыбыздын солля Аллаху алейхи уа саллям, шафаатына (Кыямат күнү жардамына, болушуусуна) татыктуу болуга себеп болот. Буга далил Абу Хурайра родыяЛлаху анху айткан хадис: «Абу Хурайра сурады; Оо Аллахтын Элчиси солля Аллаху алейхи уа саллям, Кыямат күнү сиздин шафаатыңызга ээ болгон, бактылуулар кимдер? Ал солля Аллаху алейхи уа саллям жооп берди, Алар ля иляха илля Аллах (Аллахтан башка, сыйынууга татыктуу зат жок) деп чын жүрөктөн айткандар.»
Жетинчи себеп.
Таухид-бул дүйнө жана акырет жашоосундагы тынчтык-бейпилчиликтин,
жана туура жолдун себеби. Буга далил Курандагы Аллахтын сөзү:«Жалгыз Роббиге ыйман келтирип,ыймандарына зулум(ширк) аралаштырбаган адамдарга гана бейпилдик-тынчтык болот.Жана алар-Туура Жол тапкандар!
»6 Анам сүрөсү,82 аят.
Сегизинчи себеп.
Аллахка шерик кошуп, өлгөн адамды Аллах кечирбейт. Буга далил Курандагы Аллахтын сөзү:«Албетте,
Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет.Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!»Ниса сүрөсү,48 аят.
Эгерде адам таухид илимин жакшы түшүнүп, бирок башка илимдерден артта калса бул коркунучтуу эмес, эгерде башка илимдерди жакшы өздөштүрүп,
бирок таухидти билбесе анда бул коркунучтуу.
Сөзүбүздүн аягында Аллахты мактайбыз. Аллахка кайрылабыз,
бизди таухид менен жашагандардан кылсын, Аминь!!!
Аллаhты жалгыздатуу Таухид
#2 25 August 2014 - 23:06
Сиз жазып кеткен амалдарды билчумун негизи. Бирок "таухид илими" деп аталаарын билбей журуптурмун.
Маалыматыныз учун рахмат! Аллах ыраазы болсун!
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.

Супер-Инфо
super.kg
видео









