Бул жерге жеке калемиме таандык ырларды жарыялайм. Мүмкүн болсо башкалар жазбай эле койсо...жетекчиликтен сураныч, теманы жаппаңыздарчы.
..рахмат
Ыр сабындагы жаңырыктар Сүйүү ырлары, жүрөк сырлары
#2 14 November 2011 - 14:11
Ыйлаба, ыйлабагын
Сооротууга сөз табалбай
Эзилип, кыйналамын
Жашооңун оор күнүндө
Жалгыз сени таштабаймын
Ээрчишкен эгиздердей
Жаныңда жүрөм дайым
Күнүң батып турган кезде
Болойун толгон Айың
Караңгы каптаганда
Болойун аткан таңың
Суук түшкөн жан дүйнөңдү
Жылытайын болуп жалын
Бир эле жылмайууңа
Бар дүйнөмдүн берем баарын
Унуттуруп азаптарың
Айыктырып жараларың
Өчүрүп тагдырыңдың кара тагын
Ачып берем жашоонун апапакай,
Жапжаңы, так түшпөгөн барактарын!
Бир эле суранаарым ыйлабачы
Өзүңдү, мени дагы кыйнабачы...
Сооротууга сөз табалбай
Эзилип, кыйналамын
Жашооңун оор күнүндө
Жалгыз сени таштабаймын
Ээрчишкен эгиздердей
Жаныңда жүрөм дайым
Күнүң батып турган кезде
Болойун толгон Айың
Караңгы каптаганда
Болойун аткан таңың
Суук түшкөн жан дүйнөңдү
Жылытайын болуп жалын
Бир эле жылмайууңа
Бар дүйнөмдүн берем баарын
Унуттуруп азаптарың
Айыктырып жараларың
Өчүрүп тагдырыңдың кара тагын
Ачып берем жашоонун апапакай,
Жапжаңы, так түшпөгөн барактарын!
Бир эле суранаарым ыйлабачы
Өзүңдү, мени дагы кыйнабачы...
#3 14 November 2011 - 14:12
Таптаттуу кыялдарым жарым калды
Тагдыр мага бакыт изин таптырбады
Таалайыма жазылган жалгызымды
Таң эртелеп маңкурттар ала качты
Жүрөктүн ооруганы басылбады
Бүркөлгөн кабак дагы ачылбады
Каргап-шилеп эки буттуу айбандарды
Ызанын, жек көрүүнүн жашы акты
Бүтүндөй сен ээлеген эт жүрөгүм
Миң жеринен тилинип канап жатты
Кечээ эле жапжарык жан-дүнүйөм
Мунарыктап, бозоруп күүгүм тартты
Таш боор тагдыр дагы бир жүгүн артты
Муздап барам, жүзүмдөн күлкүм качты
Кеч кирбестен чак түштө күнүм батты
Күйүп күйүп күл болуп сүйүүм калды
Койо бер кетемин деп,
Маңкурттардан качкандырсың
Эки буттуу айбандарга алың келбей
Ыйлап ыйлап,
Үнүң буулуп калгандырсың
Тыбырчылап балапаным,
Эчен жолу эстен танып жаткандырсың
Өлтүрүштү тирүүлөй экөөбүздү
Талкалашты кыялдарды, эңсөөбүздү
Кабышкан көчөдөгү жолбун иттей
Маңкурттардан ушуну көрмөкпүзбү...
Тагдыр мага бакыт изин таптырбады
Таалайыма жазылган жалгызымды
Таң эртелеп маңкурттар ала качты
Жүрөктүн ооруганы басылбады
Бүркөлгөн кабак дагы ачылбады
Каргап-шилеп эки буттуу айбандарды
Ызанын, жек көрүүнүн жашы акты
Бүтүндөй сен ээлеген эт жүрөгүм
Миң жеринен тилинип канап жатты
Кечээ эле жапжарык жан-дүнүйөм
Мунарыктап, бозоруп күүгүм тартты
Таш боор тагдыр дагы бир жүгүн артты
Муздап барам, жүзүмдөн күлкүм качты
Кеч кирбестен чак түштө күнүм батты
Күйүп күйүп күл болуп сүйүүм калды
Койо бер кетемин деп,
Маңкурттардан качкандырсың
Эки буттуу айбандарга алың келбей
Ыйлап ыйлап,
Үнүң буулуп калгандырсың
Тыбырчылап балапаным,
Эчен жолу эстен танып жаткандырсың
Өлтүрүштү тирүүлөй экөөбүздү
Талкалашты кыялдарды, эңсөөбүздү
Кабышкан көчөдөгү жолбун иттей
Маңкурттардан ушуну көрмөкпүзбү...
#4 14 November 2011 - 14:14
Жаңы ачкан гүлүбүздү
Жан ачыбай, кыя кесип соолуттуңар
Жалындаган сүйүүбүздү
Жан алгычтай үшүн алып коркуттуңар
Жанашкан сезимдерге
Жылаандай сойлоп кирип чочуттуңар
Жан бирге жүрөктөргө
Жарака салып неге ооруттуңар. ..
Сүйүүнүн деңизинде сүзүп жүрсөк
Сазандай, бизди неге тордодуңар
Бакытты багыт алып бара жатсак
Байкоостон жолубузду тородуңар
Боору жок мерездерге эмне кылдык
Бизди неге, неге мынча кордодуңар. ..
Аккуулардай ээрчишип учуп жүрсөк
Аянбастан бизге неге ок аттыңар
Алсырап, алдан тайган аккуулардын
Аялуу жүрөктөрүн канаттыңар
Алып качып асылымды, алыстарга
Ак таңымды заматта карарттыңар
Эки аккуунун бирөөсүнө ок жаңылса
Экинчиси өзүн таштайт аска-зоого
Эмне кылсам...бет алсамбы тоо тарапка
Энчиленген эгиз аккуум эми жок го....
Жан ачыбай, кыя кесип соолуттуңар
Жалындаган сүйүүбүздү
Жан алгычтай үшүн алып коркуттуңар
Жанашкан сезимдерге
Жылаандай сойлоп кирип чочуттуңар
Жан бирге жүрөктөргө
Жарака салып неге ооруттуңар. ..
Сүйүүнүн деңизинде сүзүп жүрсөк
Сазандай, бизди неге тордодуңар
Бакытты багыт алып бара жатсак
Байкоостон жолубузду тородуңар
Боору жок мерездерге эмне кылдык
Бизди неге, неге мынча кордодуңар. ..
Аккуулардай ээрчишип учуп жүрсөк
Аянбастан бизге неге ок аттыңар
Алсырап, алдан тайган аккуулардын
Аялуу жүрөктөрүн канаттыңар
Алып качып асылымды, алыстарга
Ак таңымды заматта карарттыңар
Эки аккуунун бирөөсүнө ок жаңылса
Экинчиси өзүн таштайт аска-зоого
Эмне кылсам...бет алсамбы тоо тарапка
Энчиленген эгиз аккуум эми жок го....
#5 14 November 2011 - 14:26
Түн ортосу келген ууру
Түндүгүмдү жыга тартты
Түйшүккө мени салып
Түгөйүмдү ала качты
Түркөйлөр кайдан билмек
Түшүнбөйт махабатты
Ай жарыкта келген ууру
Акыры түпкө жетти
Арманга мени таштап
Асылымды алып кетти
Арсыздар аңдабайт го
Аруу, тунук сезимдерди
Күүгүмдө келген ууру
Күлүбүздү сапырышты
Кыйноого салып мени
Кызгалдагым качырышты
Кызыталак кылмышкерди
Кызыктырбай махабаттын асылдыгы
Секин басып келген ууру
Санаага салды мени
Сыздатып жүлүнүмдү
Сүйүктүүмдү жулуп кетти
Сезилбеди мээримсизге
Сүйүүлөрдүн назиктиги
Марага жетээр кезде
Маңкурттар чалып жыкты
Махабаттын барактарын
Майдалап, айрып жыртты
Маашырканып жасаган иштерине
Мактанып, унутуп уят-сыйды
Мээримсиз макулуктар
Менден сени акыры алып тынды...
Түндүгүмдү жыга тартты
Түйшүккө мени салып
Түгөйүмдү ала качты
Түркөйлөр кайдан билмек
Түшүнбөйт махабатты
Ай жарыкта келген ууру
Акыры түпкө жетти
Арманга мени таштап
Асылымды алып кетти
Арсыздар аңдабайт го
Аруу, тунук сезимдерди
Күүгүмдө келген ууру
Күлүбүздү сапырышты
Кыйноого салып мени
Кызгалдагым качырышты
Кызыталак кылмышкерди
Кызыктырбай махабаттын асылдыгы
Секин басып келген ууру
Санаага салды мени
Сыздатып жүлүнүмдү
Сүйүктүүмдү жулуп кетти
Сезилбеди мээримсизге
Сүйүүлөрдүн назиктиги
Марага жетээр кезде
Маңкурттар чалып жыкты
Махабаттын барактарын
Майдалап, айрып жыртты
Маашырканып жасаган иштерине
Мактанып, унутуп уят-сыйды
Мээримсиз макулуктар
Менден сени акыры алып тынды...
#6 14 November 2011 - 14:30
Каран күн ай...кашыңда апаң болсо
Караан болуп, кара күндө тураар беле
Кулак салып, сен тарапка
Карлыгачым, сыздаганың угаар беле
Кайдыгер карабастан
Кагышын, жүрөгүңдүн туйаар беле
Атаңа түшүнбөдүм
Азапка бизди салды
Апакеңдин эң акыркы
Аманатын аткарбады
Арманга салаар болсо
Ал күнү неге тапты
Асылым, түшүнбөймүн
Асырап неге бакты
Артыңдан баргандан соң
Алып келбей неге кайтты....
Караан болуп, кара күндө тураар беле
Кулак салып, сен тарапка
Карлыгачым, сыздаганың угаар беле
Кайдыгер карабастан
Кагышын, жүрөгүңдүн туйаар беле
Атаңа түшүнбөдүм
Азапка бизди салды
Апакеңдин эң акыркы
Аманатын аткарбады
Арманга салаар болсо
Ал күнү неге тапты
Асылым, түшүнбөймүн
Асырап неге бакты
Артыңдан баргандан соң
Алып келбей неге кайтты....
#7 14 November 2011 - 15:50
Jorum jazuuga mumkunbu?
Eger mumkun bolso: Yr saptar maanisi menen, undowuusu (rifma) menen da aiyrmalangan eken. Ulanta tush.
P.S. egeq jorum ashykcha bolso ochurup koiso da bolot.
Eger mumkun bolso: Yr saptar maanisi menen, undowuusu (rifma) menen da aiyrmalangan eken. Ulanta tush.
P.S. egeq jorum ashykcha bolso ochurup koiso da bolot.
Бөлкө нан барбы?
#8 14 November 2011 - 21:16
Уктасам түшүмдө да
Угулуп үнүң турат
Чымчыктай канат сынган
Чыркырап жардам сурап
Жетпеди сунган колум
Жүдөтүп кайра кыйнап
Чыгаардай кабын жарып
Чыдабайт жүрөк туйлап
Кечээки сонундардын
Кызыгы кеткен тарап
Кураган сен экөөбүз
Кыялдар жатат урап
Ала-Тоодой ак тилектер
Алда качан калган кулап
Аскарың болчу агаң
Алсырап турат араң
Жасаган жан-дүйнөбүз
Жарылып бүткөн кыйрап
Жалбарып Жараткандан
Жалооруп жардам сурап
Тирегиң болчу агаң
Тизелеп турат араң
Тамшанткан таттуу күндөр
Талкаланган, дайыны жок
Таарынып тагдырына
Табалбай сени жоктоп
Таянчың болчу агаң
Ташыркап турат араң
Күнөстүү гүлгүн курак
Күйүт менен өтүп барат
Кайратын жоготкондой
Күн сайын соолуп, куурап
Медериң болчу агаң
Мертинип турат араң
Угулуп үнүң турат
Чымчыктай канат сынган
Чыркырап жардам сурап
Жетпеди сунган колум
Жүдөтүп кайра кыйнап
Чыгаардай кабын жарып
Чыдабайт жүрөк туйлап
Кечээки сонундардын
Кызыгы кеткен тарап
Кураган сен экөөбүз
Кыялдар жатат урап
Ала-Тоодой ак тилектер
Алда качан калган кулап
Аскарың болчу агаң
Алсырап турат араң
Жасаган жан-дүйнөбүз
Жарылып бүткөн кыйрап
Жалбарып Жараткандан
Жалооруп жардам сурап
Тирегиң болчу агаң
Тизелеп турат араң
Тамшанткан таттуу күндөр
Талкаланган, дайыны жок
Таарынып тагдырына
Табалбай сени жоктоп
Таянчың болчу агаң
Ташыркап турат араң
Күнөстүү гүлгүн курак
Күйүт менен өтүп барат
Кайратын жоготкондой
Күн сайын соолуп, куурап
Медериң болчу агаң
Мертинип турат араң
#9 15 November 2011 - 08:03
Mda!Okunu4tuu okuiya!Ala ka4uunun kesepeti!!!
Baikeee kaigyrvanyz,jawoo ali aldyda!
#10 15 November 2011 - 16:11
Таалайсыз татаал жолду
Тайманбай басып өттүк
Тагдырлар тайкы экен
“Тамаша” кайра көрдүк...
Опокшош оор күндөрдү
Омуроолоп, жиреп жеңдик
Ойку-кайкы ал күндөрдүн
Оозуна кайра келдик...
Эзилип жүргөн күндү
Эбип таап эптеп жеңдик
Эзелки ал күндөрдүн
Эшигине кайра келдик...
Тайманбай басып өттүк
Тагдырлар тайкы экен
“Тамаша” кайра көрдүк...
Опокшош оор күндөрдү
Омуроолоп, жиреп жеңдик
Ойку-кайкы ал күндөрдүн
Оозуна кайра келдик...
Эзилип жүргөн күндү
Эбип таап эптеп жеңдик
Эзелки ал күндөрдүн
Эшигине кайра келдик...
#11 15 November 2011 - 17:49
Качырып кирип келип
Карышкыр какшаалдарың
Коркутту коенегим
Капаска камалганың
Капилет болуп кетти
Кууп сени баралбадым
Кайда эле кара мылтык
Калдастап табалбадым
Канакей, кайда калды
Кашайгыр ак бараңым
Кайтарып карышкырды
Коргошун аталбадым
Кечирчи кеч болсо да
Куткарып алалбадым
Күтүүсүз болгон ишке
Күнөөлөбө агатайың
Күйүттүү күүлөр чертип
Күтүп келет сени дайым...
Карышкыр какшаалдарың
Коркутту коенегим
Капаска камалганың
Капилет болуп кетти
Кууп сени баралбадым
Кайда эле кара мылтык
Калдастап табалбадым
Канакей, кайда калды
Кашайгыр ак бараңым
Кайтарып карышкырды
Коргошун аталбадым
Кечирчи кеч болсо да
Куткарып алалбадым
Күтүүсүз болгон ишке
Күнөөлөбө агатайың
Күйүттүү күүлөр чертип
Күтүп келет сени дайым...
#12 15 November 2011 - 20:11
Үчүнчү күн...үчүнчү күн...
Үзүлбөдү ичке жиби үмүтүмдүн
Үргүлөп, кирпик каксам
Үркүтөт, чыркыраган
Үнү угулуп сүйүктүүмдүн. ..
Үчүнчү күн...үчүнчү күн...
Кароолундай олтурам, күндүн түндүн
Кокустан көз ирмелсе
Коркутат, катуу чыккан
Кыйкырыгы күчүгүмдүн
Үчүнчү күн...үчүнчү күн...
Чыйралып тамырлары жүлүнүмдүн
Чыдам кетип, көз илинсе
Чочутат, чыркыраган
Чаңырыгы чүрөгүмдүн...
Үзүлбөдү ичке жиби үмүтүмдүн
Үргүлөп, кирпик каксам
Үркүтөт, чыркыраган
Үнү угулуп сүйүктүүмдүн. ..
Үчүнчү күн...үчүнчү күн...
Кароолундай олтурам, күндүн түндүн
Кокустан көз ирмелсе
Коркутат, катуу чыккан
Кыйкырыгы күчүгүмдүн
Үчүнчү күн...үчүнчү күн...
Чыйралып тамырлары жүлүнүмдүн
Чыдам кетип, көз илинсе
Чочутат, чыркыраган
Чаңырыгы чүрөгүмдүн...
#13 16 November 2011 - 09:25
Браво!браво!
браво!автор кечир,унчукпай тура албадым.акыйкат жүрөктөн чыккан ырлар.калемиң курчуй берсин.!
#14 16 November 2011 - 14:44
Байболгур каракчылар
Бычаксыз кетти мууздап
Бакыттын бай терегин
Балтасыз койду бутап
Берекем эстен танып
Бозордуң, өңүң куурап
Жиниккен жиндилериң
Жиби жок муунтуп кетти
Жалооруп турсаң дагы
Жалынга кууруп кетти
Жаныңдай көргөн атаң
Жүздөрүн буруп кетти
Караңгы түркөйлөрүң
Комуздун кылын үздү
Кысылып, мукактанып
Кыжаалат, чертпей күүнү
Боору таш мерездериң
Булбулуң тилин кести
Буулугуп үнү жетпей
Бурулуш жолдон кетти
Бычаксыз кетти мууздап
Бакыттын бай терегин
Балтасыз койду бутап
Берекем эстен танып
Бозордуң, өңүң куурап
Жиниккен жиндилериң
Жиби жок муунтуп кетти
Жалооруп турсаң дагы
Жалынга кууруп кетти
Жаныңдай көргөн атаң
Жүздөрүн буруп кетти
Караңгы түркөйлөрүң
Комуздун кылын үздү
Кысылып, мукактанып
Кыжаалат, чертпей күүнү
Боору таш мерездериң
Булбулуң тилин кести
Буулугуп үнү жетпей
Бурулуш жолдон кетти
#15 16 November 2011 - 14:55
Ашыктыктын акылы кем уурулары
Аккуунун ажайып Соңкөлдөгү
Ажал болуп чүрөгүн атып салган
Армандуу махабаттын курмандыгы
Акмөөрдү Болотунан ажыраткан
Ырайымсыз канкорлору махабаттын
Ырдашкан ашыктарды көрө албай
Ызылдап аркасынан куугун салган
Ырга айланган махабаттын курмандыгы
Ыраймаалы, Бегимайды өрттөп жаккан
Кара мүртөз каракчысы сүйүүлөрдүн
Кол кармашып качса дагы жетип барып
Кепке келбей кымбаттуусун тартып алган
Кейиштүү махабаттын курмандыгы
Кишимжандын Олжобайын муунтуп кайткан
Эси жок кескилери сезимдердин
Ээрчишкен эгиздерди бөлүп кетип
Экөөбүздү бирибизге зарыктырды
Эсилдүү махабаттын курмандыгы
Эркетайым сени өзүмдөн алып тынды
Аккуунун ажайып Соңкөлдөгү
Ажал болуп чүрөгүн атып салган
Армандуу махабаттын курмандыгы
Акмөөрдү Болотунан ажыраткан
Ырайымсыз канкорлору махабаттын
Ырдашкан ашыктарды көрө албай
Ызылдап аркасынан куугун салган
Ырга айланган махабаттын курмандыгы
Ыраймаалы, Бегимайды өрттөп жаккан
Кара мүртөз каракчысы сүйүүлөрдүн
Кол кармашып качса дагы жетип барып
Кепке келбей кымбаттуусун тартып алган
Кейиштүү махабаттын курмандыгы
Кишимжандын Олжобайын муунтуп кайткан
Эси жок кескилери сезимдердин
Ээрчишкен эгиздерди бөлүп кетип
Экөөбүздү бирибизге зарыктырды
Эсилдүү махабаттын курмандыгы
Эркетайым сени өзүмдөн алып тынды
#16 16 November 2011 - 15:21
Браво! браво!браво!
автор кечир,унчукпай тура албадым.акыйкат жүрөктөн чыккан ырлар.калемиң курчуй берсин.!
Кечирим суроонун кажети деле жок...каалоо тилектерге рахмат!
#17 17 November 2011 - 05:03
Кыргызшаа Менде бир суроо ушунча ыр канча кундо жаралды же канча сатта?
Чын журоктон жаралган ырлар экени корунуп турат да.
Чын журоктон жаралган ырлар экени корунуп турат да.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#18 17 November 2011 - 15:30
Мага айтышты: -Кайт артыңа! Сага тыюу салынган...
Мен жооп бердим: -Мыйзамдар бузуу үчүн алынган!
Мага айтышты: -Бул нерсени жасоого жетпейт күчүң...
Мен жооп бердим: -Аракетим аябайм жетүү үчүн!
Мага айтышты: -Бул кылганың жарабайт, эми токтот...
Мен жооп бердим: -Бул дүйнөдө баары болот!
Мага айтышты: -Айчы кана, ал адамдан эмне таптың...?
Мен жооп бердим: -Махабаттын даамын таттым!
Мага айтышты: -Ал да сени сендей болуп сүйдү беле...?
Ызаланып суроосуна... ...........Тил буулду, туталанып келбей кепке...
Мага айтышты: -Билбесең, кыйналбагын, унуткунуң!
Чыдабай кыйкыргамын: -Силердей эмесмин мен! Махабатка туруктуумун! !!
Мен жооп бердим: -Мыйзамдар бузуу үчүн алынган!
Мага айтышты: -Бул нерсени жасоого жетпейт күчүң...
Мен жооп бердим: -Аракетим аябайм жетүү үчүн!
Мага айтышты: -Бул кылганың жарабайт, эми токтот...
Мен жооп бердим: -Бул дүйнөдө баары болот!
Мага айтышты: -Айчы кана, ал адамдан эмне таптың...?
Мен жооп бердим: -Махабаттын даамын таттым!
Мага айтышты: -Ал да сени сендей болуп сүйдү беле...?
Ызаланып суроосуна... ...........Тил буулду, туталанып келбей кепке...
Мага айтышты: -Билбесең, кыйналбагын, унуткунуң!
Чыдабай кыйкыргамын: -Силердей эмесмин мен! Махабатка туруктуумун! !!
#19 17 November 2011 - 16:30
Калемин курчуй берсин. Жазгандарындын ар бир сабында сонун создор камтылыптыр.
Ийгилик каалайм !
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#20 17 November 2011 - 17:34
Калемин курчуй берсин. Жазгандарындын ар бир сабында сонун создор камтылыптыр.
Ийгилик каалайм !
Рахмат!

Супер-Инфо
super.kg
видео










