Менимче, бир быйылкы жылдын супер ди-джейине талапкерлердин баары эле татыктуу. Ар бир радиодон 2ден алышыптыр. Мен Гүлназ Бакир кызына добуш бердим. Ким кааласа ошого добуш берет да. Бирок, былтыр, андан мурун супер болгондорду деле кошо беришеби,ошого тушунгон жокмун.
Миң кыялдын Расул ДЖсы кимге жагат! Свет жокту алып барат го!!!
#42 20 November 2011 - 22:38
Негизгиси силердин аранарда жургон, бир кезде аким болгон Супер Нургазы суйунот!
Укан эмесмин ал ДЖди. бирок сиз суйунсонуз добушумду берем
+1
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#43 21 November 2011 - 21:48
Менимче, бир быйылкы жылдын супер ди-джейине талапкерлердин баары эле татыктуу. Ар бир радиодон 2ден алышыптыр. Мен Гүлназ Бакир кызына добуш бердим. Ким кааласа ошого добуш берет да. Бирок, былтыр, андан мурун супер болгондорду деле кошо беришеби,ошого тушунгон жокмун.
Ооба, денгээлдер бираз каталуу болуп калыптыр. Мисалы теледе жаны пайда болгон Санжар менен Президенттикке талапкерлердин дебатын алып барган Динара эженин денгээлин салыштырып болбойт да... Динара эже качанкы айым, гилтейген МИР дин директору болсо да керек. Анын жанында Санжар досум ким?
Ошол эле Дижейлер ичинде Чынгыз байкебиздин иштегенине алты жыл болду, бирок акыркы кундору аны радиодон такы эле укпай калдык эле. Кайсы бир партиянын лидеринин Президент болушуна чуркап, эфирден такыр четтеп калган эле.
Ал эми азыр экинчи орунда келе жаткан Дижей былтыр эле бирди алып кетпеди беле, айтмакчы Чынгыз да бир кезде суперликти илип кеткен.
Быйыл Чынгыздын рейтингин дижейлик эмес, актерлугу ырлары которуп турду. Андыктан башка жаатта пайда болгон рейтинги, аброю бул сурамжылоону так кылбай жатат деген ойдомун
Отунбаевага таазим!
#44 21 November 2011 - 21:49
#45 21 November 2011 - 21:54
Расул Мырзатегин "МИН КЫЯЛ FM"
радиосунун эрке
ди - джейи…
1989 - жылдын 25 - декабрында Талас областынын Манас районунда туулуп - өскөн. 3 бир - тууган, эжеси, иниси бар. Талас областындагы математика - информатика жана чет тилдер лицейин аяктаган. Азыркы учурда БГУнун Европа Цивилизациясы факультетинин Эл аралык мамилелер жана котормочулук багыты боюнча билим алууда.
Балачагы…
- Бала кез таттуу кез. Балалык сезим, бала кыял демекчи бала кезим эң бир таттуу, эстен кеткис күндөрүм десем болот. Үйдө эрке өсүп чоңойгом, иним төрөлсө деле мени ата - энем конокко ээрчитип барышчу. Бирок эрке болсом да мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктагам. Мен сабак окуганды жакшы көрчүмүн. Мектепте бир эжей ооруп же болбосо, дагы бир себеп менен келбей калса. Эжейлер классына барып эмне себептен сабак өтүлбөйт же башка мугалим сабак берсе болбойбу? - деп кыйначумун. Айтор мектептин алдынкы, активист окуучуларынан болчумун.
Студенттик күндөрү…
- Студенттик кез ар адамдын эле жүрөгүндө шаң, күлкү эсте калаарлык окуяларга бай болот эмеспи. Мен азыр студенттик күндөрдүн эң сонун күндөрүн өткөрүп жатам. Анткени түшкө чейин сабакта, андан кийин жумушка шашам. Айтор күнүмдүн баардыгы шайыр адамдар менен өтөт, анткени жамаатым дагы, группалаштарым дагы шайыр адамдар.
Радиодо иштеп
калуунун себеби
Бала кезде ди-джей эмне экенинен түшүнүгүм жок болчу. Бирок алпаруучу болсом деген тилегим бар эле. Мен кичинекей кезимде үйдөгүлөргө телеканалдарда болчу программаларды жана күндүн аба-ырайын айтып тураар элем. Батыш элинин маданияты жана тилине кызыгып, ошол эле учурда өзүмдү журналистика сферасынан дагы көргүм келчү. Ошентип, 2009-жылдын жаз мезгилинде "Миң кыял FM" радиосунун башкы редактору Назира Асанкожоева менен телефон аркылуу ди - джей болуу тилеги бар экенин айтсам, дароо эле телефондон кыздарга тийишип көрчү деди, Мен болсо атайын бир кыздын көзүнөн тарта, анын фигурасына чейин тийишимиш болдум, аны угуп туруп Назира эже эртең келип көрчү дагы сынап көрөлү деди. Эртеси барып бир нече сыноодон өткөнмүн. Мына ошол күндөн баштап "Мин Кыял FM" радиосунда эмгектенип келем.
Спортто…
- Спортко бала кезимен баштап кызыгам ошондон тарта футбол ойнойм. Сууда сүзүүгө дагы кызыгам, эң негизгиси адам деген ар дайым өзүн энергиялуу кылып алып жүрүшү керек. Ошондуктан жашоонун кыймыл-аракетке толгон образын жакшы көрөм.
Тамак - ашта …
- Тамакты жакшы жасайм. Эң жакшы көрүп жегеним балык эти жана күлчөтай. Суюк тамактарга табитим тарта бербейт.
Кыялы…
- Кыргызстандын келечеги кең, мол болсо деп тилейм. Стабилдүлүк орноп тынччылык жана бир гана жакшылык болсо дейм. Бир акылман айтканындай "Эл аман болсун, элдин ичинде биз аман бололу" - деп дайыма айтып келем.
Кантип эс алат?
- Бийге жакын болгонумдан дискотекаларга барып же болбосо жөн гана коллегаларым менен тамаша, ыр, бий үстүндө эс алгандан ырахат алам.
Саясатта…
- Мектепте окуп жүргөндө уккан, көргөн саясий маалыматты мен жеткирип барчумун, бирок азыр саясатка болгон кызыгуум тарап баратат, себеби баары эле саясатташып кетти го…
Идеал…
- Идеалду адам жок дегенге кошула бербейм. Адам затында болгон кемчиликти жаап, жууп, оңдосо болот деп ойлойм.
Келечектеги
үй-бүлө…
- Сулуу кыздарды көргөндө жүрөгүм ээрип, көздөрүм жанып кетет. Келечектеги жубайым ата - энеме ыймандуу келин, балдарымдын мээримдүү апасы, баарына түс жана калыстык менен караган, сулуу болсо деп тилейм. Ал эми калган кемчиликтерибизди экөөбүз тең бири бирибиздин оңдоп түстөп, түгөйлөп турсак мындан артык эмне кереги бар. Анан да көп балалуу болуп, аларга жакшы таалим - тарбия берип, чыныгы адам деген наамга татыктуу болушуна салымымды кошуп татыктуу ата болушумду бир жараткандан тилейм.
Жашоонун маңызы…
- Ар бир адамга бир келген жашоо өзү бакыт болушу керек. Анын маңызы чынын да сен ушул алты саның аман, дем алып жаткан аба, жаратылыштын кооздугу, ата - энең, бир - туугандарың, достор дегеле эл аман болсо ошолор үчүн, өзүң үчүн жашоонун маңызы материалдык байлык эмес, жан дүйнөнүн байлыгы.
Асман Инфо дон таптым

#46 21 November 2011 - 21:56
Миң кыял FM Расул
1. Биринчи эфириң: Жайдын жыйырма бешинчи күнү.
2. Сен алгач ирет көз ачкан күн: Кыш чилдеси түшкөн күн.
3. Эфирде эмнеден ырахат аласың: Угармандын кубанычынан, аны сезип турам
4. Сени эфирден сырткары кайсыл жерден кезиктирсе болот: Футбол аянтчаларынан.
5. Азырынча орундала элек кыялың: Кудай кут кылса, ал кыялым да орундалат.
6. Орундалган кыялың: Чет тилдерин өздөштүрдүм.
7. Арыла албаган адатың: Көпчүлүк учурда англисче сөздөрдү өз кебиме аралаштырып алам
8. Мактоо жана сын. Кайсынысын тандайсың? Мактоого татыктуу болсом бой көтөрбөйм, сын уксам, бой чөктүрбөйм.
9. Сага жаккан эс алуу: Ата - энемдин жанында эс алууга эч нерсе тең келбейт.
10. Жашоону эмнесиз элестете албайсың: Күндүн тегиз чачкан нуру болбосо, жашоону элестете албайм.
11. Кандай аба-ырайы сага таасир этет: Жамгырлуу.
12. Тамшанып жеген тамагың: Балыктын эти
<BR clear=all>
Отунбаевага таазим!
#47 21 November 2011 - 21:57
Расул МЫРЗАТЕГИН,
ди-джей:
"Терс сапатты оңдоого кудуретим жетет"
- Бир көрүп сүйүп калууга ишенесизби?
- Бул нерсе менин башымдан өткөн, ошондуктан бир көрүп сүйүп калууга ишенем. Адамды бир көргөндө анын сырткы келбетине көзүң урунат. Эгерде сырткы келбети сулуу болсо, анда ички дүйнөсү дал ошондой деп ишенимдүү түрдө айта алам. Эгерде анча-мынча терс сапаттары бар болсо, аны оңдоп алганга кудуретим жетет. "Жандүйнөнүн сулуулугу маанилүү, ал эми сырткы сулуулуктун кереги жок" деген мырзалар деле баары бир жанында ажары айдай, дене-келбети келишкен кыздын жандап жүрүүсүн каалайт. Ошондуктан, эң биринчи орунда кыздын сулуулугу турат, андан аркы мүнөзү же ичиндеги ойлорду сулуу кылып алууга болот.

#48 21 November 2011 - 21:59
Суйуктуу Супер-Инфо гезитинин "Бойдоктор бурчу" рубрикасынан:
Ди-джей РАСУЛ МЫРЗАТЕГИН/ upload/images/414/16-006. gif
Туулган жылы – 1989-жыл, 25-декабрь.
Кичи мекени – Талас облусунун Манас району.
Учурда – БГУнун 5-курсунун студенти, “Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи. Англис, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Көздөрү күйүп-жанган, бал ширин сөздөрү менен кыздарды өзүнө тарткан ди-джей абдан романтик, анан мыкты бийлейт. Жаратылыш койнунда эс алганды жактырат. Быйыл үйлөнбөсө да, 2 жылдан соң сөзсүз үйлөнөт. Үч бир туугандын экинчиси. Расулга жар болчу кыздын бир кайнежеси, бир кайниси гана болот. Расул окуудан сырткары радиодо иштейт. Машинасы жок болгону менен, аны бакчу үнү, бир канча тилди билген таланты, Таласта үй-жайы бар. Андыктан каражат жагынан кыжалат болбой эле койгонуңар оң. Эң негизгиси, анын жүрөгүн багынтсаңыз, Таластын татына келини болосуз да каласыз.

#49 21 November 2011 - 22:01
Расул Мырзатегин туурасында азырынча ушул маалыматтарды чогулта алдым.
Отунбаевага таазим!
#50 22 November 2011 - 11:32
Негизи эле Мин Кыял FM ди көптөн бери кулпуна угам. Бул радионун коптогон берүүлөрү көңүлүмө сыят. Радионун жааматы тууралы дайыма ар кыл булактардан маалымат алып турам. Чынын айтсам «Кыялдарды орундаткычтын» дижейи болууну көксөп келем. Кулакка наушник салып, микрофонду ооз тушка такап, манжалар менен пульттун баскычтарын тыкылдата, бал тамган тил менен угармандарыңдын кыялдарын аткаруу кандай керемет десең. Бирок, кыял орундатуу мүмкүнчүлүгү баарына эле бериле бербейт экен, аны таңдалгандар гана аткара алат, таңдалгандар гана ар бир адамдын пешенесине майрамдык маанай тартуулайт.
Ар бир адамга, сутканын кайсы гана убактысы болбосун, майрамдык маанай тартуулаган мыкты дижейлердин бири Расул Мырзатегин. Бийик тембрдеги үндүн ээси таңкы эфирде көп чыгып, далай кыргызстандыктарды таттуу уйкудан, жалкоолуктун кучагынан сууруп чыгат. Жалкоолук мени да кучагына алып, таттуу уйкудан чыккым келбеген учурда, үйүмдөгү үналгыдан Расулдун үнүн укканда, кенен кенен керилип, көзүмдү укалап, оозумду чоң ача бир эстеп алам да, анан жайбаракат күнүмдүк турмушка шаттык менен киришем. Эгерде күнүм Расулдун бал тамган тилинен чыккан сөздөрүнөн башталса, демек күнүм да аселге малынып, аябай сонун өтөт. Ошол күнгө койгон пландарымдын баары ишке ашат. Сабакка табитим жогорулап, мугалимдерге жагып, бештерди четинен терем. Студент болгон мага жашоонун бул мезгилинде башка эмне керек?
Музыкалык маалыматтардан артта калтырбаган «ТОП-ХИТ» рубрикасы Расул Мырзатегиндин башы менен жаралганы, башкача айтканда автордук программасы экени бул баланын тек гана бал тамган тили, алып баруучулук жөндөмү менен гана пайда алып келбестен, ар кандай оригиналдуу идеялары менен кызыктуу программаларды жараткан, радио жаатында эң керектүү кадр десек болот. Эгерде бул программанын маңызына кулак төшөсөк, анда бир жумада музыка чөйрөсүндө кандай оош-кыйыштар болуп өткөнү тууралы маалымат ала алабыз. Аны менен чектелбей, жуманын мыктыларын таңдап, кыргыздан чыккан таланттарга суктанып, мактанып да алабыз.
Албетте, Расул Мырзатегин алып барган программаларынын баарын айтып, бул дижей аларды кандай керемет алып бара турганы жөнүндө айта берсек, жаза берсек, кыргыздын үчилтик улуу эпосуна жетип калар. Андыктан көп жаштардын көңүлүн өзүнө тартып, ары кызыктуу, ары суктанарлык болгон «Ай ай түндөр» программасына гана токтолуп, ушул программанын аркасынан Расул Мырзатегиндин профессионалдыгын көрсөтүп берейин.
Түн ортосунан ооп калган мезгилде эфирге чыккан «Ай ай түндөр» программасы негизинен эркин темага ылайыкташкан десем жаңылбайм. Демек, уйкусу качып, кыларга иш таппай жаткан туугандар менен, атайы бул программаны күтүп отурган угармандар жашоосуна ылайык келген темаларды ачып, маек курушат. Ошондо, ар кыл жашоонун нугу туурасындагы суроолорго, мейли ал психологиалык, мейли ал салтка байланышкан, мейли ал сасык саясат, мейли маданият жаатында болсун, кайсы гана жаатта болбосун, бал тили менен кайдан жок жагымдуу жоопторду «эл дижейи» таап, «ушул суроого жооп тапсам экен!» -деген угармандын кыялын орундатат. Бир саатка гана узаган бул программанын учурунда канчалаган суроолор түшөт десең. Угарман катары, айрымдарын укканда кыйналып ыйлап, айрымдарына кубанам. Угарман түз эфирге чыгып, темага карата өз турмушунан алынган кайгылуу окуяны айтса да... Расулдун бал тамган тилдери иштеп, кандай гана кырдаал болбосун, кайрадан ал адамды позитивге такап коет. Бул баланын айткандарын угуп олтуруп, кандай гана кырдаал болбосун, мейли ал жашоонун жагымсыз лабиринти, мейли ал караңгылык туңгуюгу болсун, баары бир тунелдин ары жагындагы жарыктай эле, жарыктыкты таап чыга алаарыңа ишенип каласың. Балга малынган тилден чыккан эхо, позитивдүү чакырык жан дүйнөңдү дал ошол жакка ээрчитип жөнөйт. Бир сааттын ичинде жашоонун «тупигине» такалган канча деген адамдар жарыктыкты табат десең.
Расулдун профессионалдуулугун дагы мындай фактылардан байкасаң болот: бир күнү «Ай ай түндөргө» бир кыз чалып калды. Ал сунуштаган тема «кыздын кыздыгы алынгандан кийин, алар кандай акыбалда калаары». Мындай аңги-дүңкүлөр кыргыздарда качан ачык сөзгө алынчы эле? Качан түз эфирде талкууга чыкчы эле? Качан кыргыздын кызы коомчулук менен дал ушул темада сөз алып барчы эле? Ал кыздын жийиркеничтүү «баатырлыгына» таңкалып, азыр угулушу менен сасыган ушул теманы талкууга алабызбы деп турсам, андай болбоду. Расул маданиятту түрдө кызга бул теманы талкууга алууга болбой турганын, аны да таарынтпай, коомчулукту да таарынтпай түшүндүрүп берди. Ооба, түз эфирге телефон чалгандардын баары эле жогорку билимдүү боло бербейт да, алар менен иштешүү да өзүнчө бир талантты талап кылат.
Эл сөзүнө алынган дижейдин дагы бир профессионалдуу өзгөчөлүгүнө кара: бир саатта биринчи тема кайгыга байланышып, кайгыга батырса Расул аны менен алгач кошо кайгырып, кереги тийсе кошо ыйлайт да, анан жагдайды профессионалдуулук менен колго алып, анын көңүлүн позитив менен заряддап, кайрадан көңүлүн ачат. Кийинки чалган бакыттын кумарында болсо, кошо кубанат. Үчүнчүсү кайгырса аны да талаага таштабай, кайрадан ал адамды колунан, тактап айтканда кулагынан сөз менен кармап, бакыт жолуна чыгарат. Мына, кыргыздын таланттуу дижейлери так ушундай иштешет!
Атына заты жарашкан Миң Кыял FM радиосун Миң Кыял FM кылган так ушул алып баруучулары.
«Жашооңо шаң тартуулайм! » - деген Расул Мырзатегин канчалаган адамдардын кыялын орундатты десең.
Сенин да кыялың орундалсын, жылдын Супер Дижейине ат салышып жаткан, тилинен бал тамган, элдин сүйүктүү дижейи – Расул МЫРЗАТЕГИН!
Супер Нургазы!

#52 23 November 2011 - 12:25
Жылдын ди-джейлигине Расул көрсөтүлгөнү жана Супернургазы пайда болгону бул тема гүлдөп эле жатып калды. Кайран гана пиарщиктер.
..
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#53 24 November 2011 - 11:18
Супер наамын алганга дагы эрте, бул менин мнениям.
Мындай темп менен барса эмки жылы супер ДЖей наамын алат го!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#54 24 November 2011 - 17:21
Расул эмес, Мин кыял деген радиону уга элек экемин. Ошондуктан,
эч бир соз айта албайм.
#55 24 November 2011 - 17:29
Мен ушунча күндөн бери свет жокту угуп жүрүп ким алып бараарына көңүл бөлбөптүрмүн.
Кече сиздерге бармендин жаңы окуяларын жазып жатып дагы свет жокту уктум эле! Аябай жагып калды! Жылдын дижейине аны да кошсок болмок беле деген ойлор да кетти! Балким эмки жылы ушул наамды ага алып берет чыгарбыз!
Мен сиздерден анын алып баруучулук касиети жөнүндө сурагым келип жатат. Эгер мурун укпасаңыздар угуп көрсөңүздөр! Даяр болгондо ой бөлүшсөңөр!

Тааныбайт экенмин, чынында кыргыз радиолорун эч укпапмын.
#56 25 November 2011 - 20:28
#57 25 November 2011 - 20:31
Жылдын ди-джейлигине Расул көрсөтүлгөнү жана Супернургазы пайда болгону бул тема гүлдөп эле жатып калды. Кайран гана пиарщиктер.
..
Бул теманын ачылган датасын карасаныз мындай ойдон оолак болмоксуз... Ал эми Супер Нургазы болсо алгачкы катталгандардын бири болгону мурун башка ысым менен катталган, nurgazuh, nukumake жана Нургазы деген. Супер Нургазы логини деле эбактан жашап келет...
Ал эми Расулду мен эмес, ал мени пиарласа нормально болот. Анын кудурети жетет меники го жетпей калат... Ал эми тема боюнча бул тема жашай берет...
Отунбаевага таазим!
#58 25 November 2011 - 20:35
Тааныбайт экенмин, чынында кыргыз радиолорун эч укпапмын.
Кыргыз радиолорун эч укпаганыныз мени окундурот
Отунбаевага таазим!
#59 25 November 2011 - 20:38
Расул эмес, Мин кыял деген радиону уга элек экемин. Ошондуктан,
эч бир соз айта албайм.
Башкасы башка, бирок Супер Инфонун окурмандары Мин кыялды укпаганын жар салса анда кайдам... Гезиттин арткы бетинде дайыма эле журот го... Анын астына "шериктеш" болушуп...
Отунбаевага таазим!
#60 25 November 2011 - 20:40
Билип билбей туруп жагат жакпайт дей албайм.Интернеттен таап угуп көрүш керек радиону.Ал эми диджейге ийгилик каалайм!

Супер-Инфо
super.kg
видео