Намаз деген эмне?
Намаз – рухту тазалоочу, жүрөктү нурдантуучу,
инсанды Алла Таалага жакындатуучу ибадат. Ал ошондой эле биздин дене жана рухубузду тазалоочу нур. Ал аркылуу мусулман баласы күнөөлөрүнөн арылып, бейишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондуктан,
Мухаммад пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун): “Намаз – бейиштин ачкычы”
, - деп айткан.
Биз кир болгон кийимди же денени самын менен тазалай турган болсок, ал эми жүрөктүн кирин, кылган күнөөлөрүбүздү намаз менен гана тазалай алабыз. Ошондуктан намаз рухубузду баа жеткис тазалоочу, теңдешсиз күнөөлөрдөн арылтуучу.
Намаз окуган адам бул дүйнөнүн да акыреттин да жыргалынын даамын татып, бейиштен орун алат.
НАМАЗ - бейиштин ачкычы ..аягында намазга байланыштуу аят, хадистер..
#1 21 November 2011 - 22:35
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 21 November 2011 - 22:36
Намазды кимдер окуйт?
Балагатка жашы толгон балдар, кыздар.
Акылы жайында болгон ар бир мусулман.
Балагатка жашы толгон балдар, кыздар.
Акылы жайында болгон ар бир мусулман.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 21 November 2011 - 22:37
Беш убак окулчу намаз
1. Багымдат : Эки рекет сүннөт, эки рекет фарз (таң аткандан күн чыкканга чейин);
2. Бешим: Төрт рекет сүннөт, төрт рекет фарз, эки рекет сүннөт (күн чак түштөн жылгандан кийин);
3. Аср же Дигер: Төрт рекет фарз. (ар нерсенин көлөкөсү өзүнөн эки эсе узундукта болуп калган абалдан, күн батаарга чейин);
4. Шам: Үч рекет фарз, эки рекет сүннөт (күн баткандан кийин);
5. Куптан: Төрт рекет фарз, эки рекет сүннөт, үч рекет витр намазы (шамдан кийин жылдызар көрүнгөндө башталат).

#4 21 November 2011 - 22:41
Намаздын түрлөрү:
Фарз намазы, Важип (витр) намазы, Сүннөт намазы, Нафил намазы.
Фарз – намазы деген сөз милдеттүү түрдө окулуучу намаз.
Важип (витр) намазы сөзсүз түрдө окулуучу намаз.
Сүннөт болсо пайгамбарыбыздын аткарган иши, окуган намазы. Сүннөт намазын аткарган адам сооп табат аткара албаса моюнга фарз болбойт.
Нафил намазын окуса сооп табат, окубай койсо моюнга фарз болбойт. Бул намазды каалаган убакта окуса болот.
Жума намазы – жума күнү (бешим намазынын маалында) 4 рекет сүннөт, 2 рекет фарз окулат. Кимде-ким жума намазына жетише албай калса 4 рекет бешимдин фарзын окуса болот.

#5 21 November 2011 - 22:43
Кыскача түшүндүрмө
Намаз окуурдун алдында даарат алынышы керек. Ал эми даараты сынбаса окуй берсе болот.
Рекет – деген сөз “намаздын бир бөлүгү” дегенди билдирет. Мисалы 4 рекет намаз деген сөз намазда төрт жолу куран окуп 4 жолу эңкейип ийилүү дегенди түшүндүрөт.
Кол байлоо – эки колду киндиктен жогору кылып, сол колду билектен алып оң кол менен кармайт.

Руку – тизени бүкпөй, эки кол менен тизени таянып эңкейүү

Салам берүү – намаз соңунда биринчи оң жакка андан соң сол жакка “Ассаламу алейкум ва рахматуллох” деп эки ийинди карайт.

Гусул – дененин баардыгын суу менен жуу дегендик.
Төмөнкү абалдарда гусул кылуу фарз болот:
Ислам динин кабыл алганда, жыныстык мамиледен кийин, уйку маалында жыныстык суюктук чыгып куюлуп кетсе. Хайздын (этек кир) токтоосунан кийин (Гусулу жок адам намаз окуса туура болбойт).

#6 21 November 2011 - 22:45
Даараттын алынышы
Көйнөктүн жеңи чыканактан бир аз жогору түрүлөт, мүмкүнчүлүк болсо кыбылага карап бийигирээк жерге же орундукка отурса болот.
Андан кийин: “Алла ыраазычылыгы үчүн даарат алууга ниет кылдым”, - деп ниет кылынат да, “Бисмилла”, - деп айтат.
Андан соң колдор билектерге чейин үч жолу жуулат, манжалардын арасынын жуулушуна көңүл бурулат. Мындан кийин оң кол менен оозго үч жолу суу уурталып, ар жолу жакшылап чайкалат. Оң колго суу алынып, мурунга үч жолу суу жиберилип, сол кол менен чимкирилип, мурун тазаланат.
Маңдай чачтардын түбүнөн тартып, кулактарга жана ээк астына чейин бет бүтүндөй үч жолу жуулат. Мындан кийин оң кол жана сол кол чыканактары менен кошо үч жолу жуулат. Жууп жатканда колдун бир дагы жери кургак калбашы керек. Колго дагы бир жолу суу алып, башты бир жолу сылап масх тартат.
Эки бутту, томуктарын кошуп ар бирин үч жолудан жууйт. Ушуну менен даарат алуу аягына чыгат.
Жуу эрежеси: алгач кол, андан соң сол кол, жуулат. Буттар дагы ушундай тартипте жуулат. Бардык нерсе оң ыптадан башталат.
Эскертүү: Дааратта төрт фарз бар. Эгерде бул төрт фарздын бирөө эле толук аткарылбай калса даарат туура болбой калат. Ошондой эле ар бир жуула турган мүчөнү үч жолу жуу сүннөт. Андыктан ушул фарздардын аткарылышына терең маани бериңиз!
Алар төмөнкүлөр:
1. Маңдай чачтын түбүнөн тартып, эки кулагына жана ээк астына чейин жуу.
2. Эки колдун чыканактарын кошуп жуу.
3. Баштын төрттөн бирин суу кол менен сылоо.
4. Эки буттун томуктарын кошуп жуу.

#7 21 November 2011 - 22:47
НАМАЗ ОКУУНУН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Намазга ниет кылуу:
Жайнамаздын үстүнө кыбла тарапка бет алып түз турат. Ниет кылынгандан кийин колду ийинге же кулак тушка чейин көтөрүп:
"АЛЛООХУ АКБАР", - дейт.
Намазга ниет кылуу:
Жайнамаздын үстүнө кыбла тарапка бет алып түз турат. Ниет кылынгандан кийин колду ийинге же кулак тушка чейин көтөрүп:
"АЛЛООХУ АКБАР", - дейт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#8 21 November 2011 - 22:50
Кол байлоо:
Артынан кол байлайт да андан соң Субханака окулат: "СУБХАНАКА АЛЛОХУММА ВА БИХАМДИК ВА ТАБААРАКАСМУК ВА ТАЪАЛА ЖАДДУК ВАЛАА ИЛАХА ГАЙРУК", - деп окулат.
Ага удаа эле: “АЪУЗУ БИЛЛАХИ МИНАШ ШАЙТООНИРРОЖИМ. БИСМИЛЛААХИР РОХМАНИР РОХИИМ", - деп айтып, ага удаа эле артынан "Фатиха" сүрөсүн жана дагы бир сүрөнү окуйт.

#9 21 November 2011 - 22:51
Алар окулуп бүткөндөн кийин «Аллаху акбар» - деп айтып эңкейип, тизелерин таянып Руку кылат;
Рукуда:
"СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ, СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ, СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ”, - деп 3 же андан көп ирет тасбих айтылат.
Рукудан кайра өйдө түзөлүп баратып САМИ-АЛЛОХУ ЛИМАН XАМИДАХ", - деп, ал эми толук түзөлүп болуп "РАББАНА ЛАКАЛ ХАМД", - деп айтылат.

Рукуда:
"СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ, СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ, СУБХААН РОББИЯЛ АЗИИМ”, - деп 3 же андан көп ирет тасбих айтылат.
Рукудан кайра өйдө түзөлүп баратып САМИ-АЛЛОХУ ЛИМАН XАМИДАХ", - деп, ал эми толук түзөлүп болуп "РАББАНА ЛАКАЛ ХАМД", - деп айтылат.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#10 21 November 2011 - 22:52
Анан: "АЛЛОХУ АКБАР”, - деп айтат да ийилип жайнамазга барып маңдайын жана мурдунун учун тийгизип Сажда
кылат;
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 21 November 2011 - 22:56
Саждада:
"СУБХАНА РОББИЯЛ АЪЛА, СУБХАНА РОББИЯЛ АЬЛА, СУБХАНА РОББИЯЛ АЪЛА", - деп башын көтөрбөгөн боюнча 3 ирет же андан көп тасбих айтат. Аны айтып болуп 'АЛООХУ АКБАР' -деп түзөлүп олтуруп аз эле (бир жарым секунддай) убакыт өтпөй: "АЛОХУ АКБАР", - деп айтып Саждага кайра барат.
Саждадан туруп отурган абалда буттар төмөнкүдөй абалда болушу керек:

#12 21 November 2011 - 22:57
Саждада: 'СУБХАН РАББИЯЛ АЪЛА", - деп дагы 3 ирет же андан көп айтып болуп анан жер таянбай өйдө көтөрүлүп, түзөлүп колдорун байлап Кыямда түз турат.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 21 November 2011 - 22:58
Ошол түз турган абалында:
"Фатиха " сүрөөсүн ага жана дагы бир сүрөө кошуп окуп, руку жана сажда кылып анан каадага олтурат.

"Фатиха " сүрөөсүн ага жана дагы бир сүрөө кошуп окуп, руку жана сажда кылып анан каадага олтурат.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#14 21 November 2011 - 23:00
Анда олтуруп АТТАХИЯТУ жана САЛАВАТТЫ окуп болуп: "АССАЛААМУ АЛАЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛОХ'
' - деп оң жана сол ийиндеринин учтары тарапка карап эки жакка салам берип эки рекет намазды аяктайт.

Аттахияту:
Аттахияту лиллахи вассалавату ваттаййибат. Ассаламу алайка аййуханнабийуу ва рахматуллахи ва баракаатуху. Ассаламу алайнаа ва ала ибаадиллахис соолийхин. Ашхаду алла илаха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.
Салават:
Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад. Кама саллайта ала Ибрахим ва ала али Ибрахим иннака хамидум мажид. Аллахумма барик ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад. Кама баракта ала Ибрахим ва ала али Ибрахим, Иннака хамидум мажид.
Салам:
Ассаламу алайкум ва рахматуллох

Аттахияту:
Аттахияту лиллахи вассалавату ваттаййибат. Ассаламу алайка аййуханнабийуу ва рахматуллахи ва баракаатуху. Ассаламу алайнаа ва ала ибаадиллахис соолийхин. Ашхаду алла илаха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.
Салават:
Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад. Кама саллайта ала Ибрахим ва ала али Ибрахим иннака хамидум мажид. Аллахумма барик ала Мухаммадин ва ала али Мухаммад. Кама баракта ала Ибрахим ва ала али Ибрахим, Иннака хамидум мажид.
Салам:
Ассаламу алайкум ва рахматуллох
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 21 November 2011 - 23:01
"Фатиха"
сүрөөсү:
(транскрипция)
Аъузу биллахи минашшайтонир рожим.
Бисмиллахир рохманир рахим.
Алхамду лиллахи роббил ааъламин.
Аррохманир рохим.
Маалики явмиддин.
Ийяка наъбуду ва ийяка настаъин Ихдинас сироотал мустакиийм.
Сироталлазина анъамта алайхим гойрил магзуби алайхим ва лаззооллийн.
(транскрипция)
Аъузу биллахи минашшайтонир рожим.
Бисмиллахир рохманир рахим.
Алхамду лиллахи роббил ааъламин.
Аррохманир рохим.
Маалики явмиддин.
Ийяка наъбуду ва ийяка настаъин Ихдинас сироотал мустакиийм.
Сироталлазина анъамта алайхим гойрил магзуби алайхим ва лаззооллийн.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#16 21 November 2011 - 23:10
«Фатиха» сүрөсү (1)
(котормосу жана мааниси)
1. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын аты менен (баштаймын).
2. Ааламдардын Раббиси – Аллаhка алкыш-мактоо болсун! (2)
3. Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү.
4. Кыямат Күндүн падышасы.
5. «Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз! (3)
6. (О, Жараткан! ) Бизди Туура Жолго баштагын! (4)
7. Өзүң жакшылык берген адамдардын (5) жолуна (баштагын). Каарыња учурагандардын жана адашкандардын (6) жолуна эмес».
__________________________________
1- Бул сүрө Маккада түшкөн жана 7 аяттан турат. «Фатиханын» мааниси «Ачуучу». Анткени, Кураани Карим дал ушул сүрө менен ачылат жана башталат.
2 - Бул аятта Аллаh Таала Өзүн бизге «Ааламдардын Раббиси» деп тааныштырып жатат. Арабдардын «Рабб» деген сөзүн кыргызчага которгондо «Башкаруучу», «Ээ», «Кожоюн» жана «Тарбия кылуучу» деген маанилерди билдирет.
3 - Аллаh Таала «Фатиха» сүрөсүнүн ушул аятынан баштап, сүрөнүн акырына чейин момун мусулмандардын атынан сүйлөйт. Мусулман адамдар күнүмдүк беш убак намаздарында «Фатиха» сүрөсүн 32 жолу кайталап окушат. Демек, алар Аллаhка күнүнө 32 ирет «Жалгыз Сага гана сыйынабыз, Сенден гана жардам сурайбыз» деп ант беришет.
4 - Бул аятта айтылган туура жол (сиратал мустаким) бузулбаган, бурмаланбаган таза, пакиза Ислам Дини.
5 - Ал адамдар бул дүйнө жашоосунда адашпай, Аллаhка жаман көрүлбөй жашаган пайгамбарлар, шейиттер жана пайгамбарлар алып келген жолго түз-туура ээрчиген салих (таза) момундар.
6 - Аллаhтын каарына учурагандар – жөөттөр, ал эми, адашкан коомдор – христиандар. Алар “Ыйса – Кудай жана Кудайдын уулу” деген ишенимдеринен улам адашкан болсо, яхудийлер Муса алып келген Чындык менен таанышып, аны кабыл алгандан соң, билип туруп Аллаhка башка нерсени (Алтын музоону) шерик кылгандары жана көп пайгамбарларды өлтүрүшкєндїктєн улам Аллаhтын каарына жолуккан.

#17 21 November 2011 - 23:14
"Ихлас"
сүрөсү
Бисмиллахи рахмаанир рахиим.
Кул хуваллааху ахад.
Аллохус сомад.
Лам йалид ва лам йуулад.
Ва лам якун лаху куфуван ахад
Бисмиллахи рахмаанир рахиим.
Кул хуваллааху ахад.
Аллохус сомад.
Лам йалид ва лам йуулад.
Ва лам якун лаху куфуван ахад
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#18 21 November 2011 - 23:16
«Ихлас» сүрөсү
(котормосу)
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын менен!
1. Айт (оо, Мухаммад) Ал – Аллаh жалгыз!
2. Аллаh – Сомад (Беймуктаж)
3. Ал туубаган жана да туулбаган!
4. Жана эч ким Ага тең эмес!
(котормосу)
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын менен!
1. Айт (оо, Мухаммад) Ал – Аллаh жалгыз!
2. Аллаh – Сомад (Беймуктаж)
3. Ал туубаган жана да туулбаган!
4. Жана эч ким Ага тең эмес!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#19 21 November 2011 - 23:32
Намазга байланыштуу аят, хадистер
Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар – диндеш биртууганыңар . Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз. [Тооба сүрөсү, 11-аят]
"Эсеп Күнү Аллах Таала кулунун эң биринчи намазы тууралуу сурайт. Эгер анын намазы жайында болсо, анда анын сурагы да жакшы жыйынтыктуу болот. Эгер намазы жайында болбосо, анда анын кийинки иштери да жаман болот" [ат-Табарани "Аль Аусат" китебинде]
Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар – диндеш биртууганыңар . Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз. [Тооба сүрөсү, 11-аят]
"Эсеп Күнү Аллах Таала кулунун эң биринчи намазы тууралуу сурайт. Эгер анын намазы жайында болсо, анда анын сурагы да жакшы жыйынтыктуу болот. Эгер намазы жайында болбосо, анда анын кийинки иштери да жаман болот" [ат-Табарани "Аль Аусат" китебинде]
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 21 November 2011 - 23:45
Кимде-ким намазды билип туруп таштаса, анда ал Аллахтан бир нерсе талап кылганга укугу жок. [Ибн Маджа, Бухари, Табарани. ]
"Ар бир пайгамбардын жолдоочулары болгон. Алар ошол пайгамбардын сүннөтүн аткарышкан. Анан алар өткөндөн кийин өздөрү кылбаганды айтышкан жана аларга айтылган нерсени кылбаган муун келди. Кимде-ким ушундай адамдар колу менен күрөшсө - ал ыйманда. Кимде ким мындай адамдар менен тили менен айтышса - ал ыйманда. Кимде-ким мындай адамдар менен жүрөгүндө күрөшсө - ал ыйманда. Бирок, мындай нерселерди кылбаган адамдын чаңдын күкүмүндөй да ыйманы болбойт"
"Ар бир пайгамбардын жолдоочулары болгон. Алар ошол пайгамбардын сүннөтүн аткарышкан. Анан алар өткөндөн кийин өздөрү кылбаганды айтышкан жана аларга айтылган нерсени кылбаган муун келди. Кимде-ким ушундай адамдар колу менен күрөшсө - ал ыйманда. Кимде ким мындай адамдар менен тили менен айтышса - ал ыйманда. Кимде-ким мындай адамдар менен жүрөгүндө күрөшсө - ал ыйманда. Бирок, мындай нерселерди кылбаган адамдын чаңдын күкүмүндөй да ыйманы болбойт"
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]

Супер-Инфо
super.kg
видео