1) Баары дагы мен кичинемде башталды. Кедей бир үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир аз бир неме болуп калса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Тарелкама салып жатып, мага жылмайып, айтчу: «Ал балам, мен ачка эмесмин» . Бул апамдын биринчи жалганы.
2) Кээде, алтын апам атайын мен үчүн үйүбүздүн жанындагы дарыяга барып, балык уулаганга аракет кылчу, балким балама жакшыраак бир тамак болуп калаар деп. Балык ууласа, мен өтө жакшы көргөн тамакты жасачу. Мага тамакты салып берип, өзү артыма отуруп алчу. Бир жолу бурулуп карасам, мен жеген балыктын сөөктөрүн тазалап жаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «Коюңузчу апаке» деп, тарелкаман эти көп балыкты алып, ага сунсам, апам дароо кайтарып, «Жок балам, өзүң эле же, мага балык жакпайт деле» дечү. Бул апамдын экинчи жалганы.
3) Кийин, мектепке барып калганымда, окуума акча керек болуп калды. Анан апам почтадагы жумушунан тышкары, бир ишканага барып, алардын документтерин үйгө алып келип, жаза баштады. Кышында бир түнү ойгонуп кеттим. Карасам, апам корридорго чыгып алып, шамдын жанында көп кагаздарды толтуруп жаткан экен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте туруп жумушка барышыңыз керек ко» дедим. Апам, сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «Алтыным, жата гой. Чарчаган жокмун» деди. Бул апамдын үчүнчү жалганы.
4) Гос экзамендер башталды… баламды колдоп турайын деп, апам ошол күнү жумушунан уруксат сурап, мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзамен бүтөөрү менен, мен дароо апама бардым. Ал мага атайын суусундук ала келген экен. Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкап калдым. Мектепте суу чыкпай калганын эстедим. Бөтөлкөнү ага берип, сиз да ичиңиз дедим. «Жок, балам, апаң суусаган жок» деп жооп берди. Бул апамдын төртүнчү жалганы эле.
5) Кийинчирээк, атамдын оорусу күчөп акыры, көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Үй-бүлөнүн бүт мүшкүлдөрүн өзү чечиши керек эле. Күндөн-күнгө акыбалыбыз оорлошуп баратты. Туугандар деле, өздөрү да кыйналып жүргөндүгү үчүн, жардам бере алышпады. Айылда кошуналар апама айта башташты, «Турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң» деп. Бирок апам болбой койду. Балким мени өгөй-атасы менен кыйналып калат дедиби. Башкаларга апам «Мен сүйүүгө муктаж месмин» деп койчу. Бул апамдын бешинчи жалганы эле.
6) Университетти бүткөндөн кийин, шаарда эле калууну чечтим. Айылга кайтпай, балким бул жерден эле апама көбүрөөк жардам бере алам деген ойдо. Апам пенсияга чыкты, бирок ал баары бир базарга чыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү, коюңуз десем болбой. Мүмкүнчүлүк болуп калганда, апама акча жибергенге аракет кылчумун, бирок апам, үстүнө кошуп, кайра мага жиберчү. Телефондон сурасам, «Жетишээрлик бар менде» деп айтчу. Бул апамдын алтынчы жалганы эле.
7) Чет өлкөдө окуумду улантмакчы болдум. Ал жакта жакшы жумуш да чыгып калды. Апама, «Жүрүңүз апаке, мени менен бирге жашайсыз,» десем, баламды кыйнап койбоюун деп, «Жок, мен башка жакка көнүп кетишим кыйын» деди. Бул апамдын жетинчи жалганы эле.
8) Бир нече жылдан кийин, апам ашказанынан рак оорусу менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра учуп келдим. Бөлмөсүнө кирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанында отурганымда мага карап, кабатыр болбосун деп, жылмайганга аракет кылды. Бирок оорусу апамды өтө эле алсыз кылып койуптур. Акыбалы оор болуп калган экен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнө келгени аракет кылып, «Алтыным, ыйлабачы, мен кыйналбай элемин…» деди. Бул апамдын сегизинчи жалганы эле.
Сегизинчи жалганын айткан соң, бул дүйнөдөн кайтып кетти.
Ар дайым намаздан кийин, апамды кыйнаганым үчүн Аллах Тааладан кечирим сурайм, ага жетишээрлик кызмат кыла албаганым үчүн, анын ак сүтүн актай албаганым үчүн. Убакытты артка кайтаралсам гана… Бирок андай болбойт экен бул дүйнөдө.
Ата-энебиз тирүү кезинде аларга кызмат кылып калалы, кийин өмүр боюу аттиң дебешибиз үчүн!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео



















