Куран айтат:
“Силер бош эмессиңер!
Акчаңарды топтоо менен, саноо менен. Карьераңарды жогорулатууга далбастоо менен. Силер мүрзөгө келгенге дейре”
- (2 )
-
- 1
- 2
Эстеп көргүлөчү? ...
#1 25 November 2011 - 08:31
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 25 November 2011 - 08:32
Эстеп көргүлөчү?
Качан акыркы жолу мүрзөгө бардыңар?
Көмүлгөн адам ким болбосун, мейли, силердин тууганыңар, болгондо да жакын тууганыңар, мейли, ал кошунаңар, мейли, ал чогуу иштегендерден, мейли, ал классташ курбулардан, мейли, жан достордон, мейли, үй-бүлөңөрдөн – бирок, ошол киши коюлган күн кандай болду эле?
Ал жерде кандай абал болду эле?
Ошол жердеги адамдар – байы, кедейи, жашы, карысы, байлыгына манчыркаганы, бийлигине ишенгени, текебери, мактанганы, билимдүүсү, көп окуганы, ыйманы бары, ыйманы жогу, кыскасы, ошол жердеги айры бутту, жумуру баштуу жандар эмне кылып жатты эле?
Алар тамашалашышты беле?
Алар бийлешти беле?
Алар ыр ырдашып анан ырдаган кишиге кол чабышты беле?

#3 25 November 2011 - 08:33
Жоо-ок!
Кайдагы оюн-күлкү, шаттык?
Тескерисинче, кайгы, ый, өксүк, тымтырс, бир сөз менен айтканда, меланхолия.
Ошол дүйнөдөн кайткан адам жаткан бөлмөгө кирген адам эмне жөнүндө ойлоду дейсиңер?
Эмне ал ошол өлгөн киши жөнүндө ойлойт бекен?
Балким, ойлойт чыгар, бирок, көпчүлүгү: “Баары бир күндөрдүн биринде мунун ордунда мен жатам”, - деп ойлосо керек!

#4 25 November 2011 - 08:34
Аллах Таала айтат:
Баарыңар дүнүйөгө берилгенсиңер!
Же андай эмеспи?
Баарыңар дүнүйөгө берилгенсиңер!
Же андай эмеспи?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#5 25 November 2011 - 08:36
Биз ар дайым колубуз бош эмес. Колубуз эмес мээбиз дагы бош эмес. Дайыма “кантип акча тапсам экен?”, “кантип үй алсам экен?”, “кантип машине алсам экен?”, “кантип бизнес баштап ошону өнүктүрүп кетсем экен?” деген ойлорго чөмүлүп жүргөн болобуз. Эгер, кимдир бирөө Кудай жөнүндө, ыйман жөнүндө, адептүүлүк жөнүндө, аркы дүйнө жана бул жактагы ар бир иш жөнүндө сурак бар экени тууралуу айтып баштаса, биз:
-Жо, жо, жо, мага аны айтпа.
Менин колум бош эмес!
Мен муну укканга убактым жок.
Уккум дагы келбейт.
Мен ал тургай Кудайга ишенбейм.
Анан да мен өлгөндөн кийин кайра башка жаныбарга айланаттырмын?
Негизи, илим да азыр бир топ өнүкпөдүбү; жакында илимпоздор бул өлүм деген балээ менен алышып аны жеңип да алаттыр? Анан эгер, биздин акчабыз жетсе, биз өлбөй койгонго да болоттур..
- деп акылдуусунабыз.
-Жо, жо, жо, мага аны айтпа.
Менин колум бош эмес!
Мен муну укканга убактым жок.
Уккум дагы келбейт.
Мен ал тургай Кудайга ишенбейм.
Анан да мен өлгөндөн кийин кайра башка жаныбарга айланаттырмын?
Негизи, илим да азыр бир топ өнүкпөдүбү; жакында илимпоздор бул өлүм деген балээ менен алышып аны жеңип да алаттыр? Анан эгер, биздин акчабыз жетсе, биз өлбөй койгонго да болоттур..
- деп акылдуусунабыз.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 25 November 2011 - 08:39
Көрдүңөрбү,
канчалык деңгээлде биз текебербиз,
канчалык деңгээлде биз бой көтөрөбүз. Бирок, кайсы арыбызга? Качанга дейре? Байкап көрсөк, өлгөн адам жаткан бөлмөгө киргенде, өлүмдүн жытын искегенде өзүбүздүн “акылдуулугубузду” унутуп калат окшобойбузбу.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 25 November 2011 - 08:45
Окуп алып журогумдо "вибрация"
болуп кетти...........
..............
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#9 25 November 2011 - 14:48
Жашоо
бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
#10 25 November 2011 - 14:55
Авторго рахмат! Коп нерсени кайра ойлонууга туртку болду жазгандарын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#11 25 November 2011 - 15:52
5 жыл мурун мен аяш атамды көмгөмүн. Көр казууга жалаң жаш балдар барыптыр. Ошол жердегилердин арасынан сөөккө эң жакын мен болгондуктан,
жата турган жайын тегиздеп-жылмалап,
эң аягында мен чъккам көрдөн... Эми бул сезимдерди сөз менен жеткириш кыйын. Эмнегедир мага өлүм эске келбей, ошого чейинки жашоом көзгө тартылган...
Эң аягында көргө калгандан көпчүлүк коркот экен. А мен болсо негедир корккон жокмун...
#12 25 November 2011 - 16:03
Жакшы тема экен. Адамдын соогун койордо эмне учун кыз кишилер мурзого барганга болбойт жана башка убактарда барса болобу?
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#13 25 November 2011 - 16:09
Жылаңач келип кепен кийип кетебиз.)
Мен тиги дүйнөгө дегеним, анткени ал жака кепинди алып кете албайбыз да.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#14 25 November 2011 - 18:14
Башы оорубагандын Кудай менен иши жок дейт го.Качан кыйын кырдаалда турганда гана адамзат Кудайдан жардам сурайт,эшеги суудан откондон кийин сооп иш жасоо тууралуу ойлонуп койбойт!!
!
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
#15 25 November 2011 - 20:37
Тема жакшы экен Таллас байке ракмат сизге Аллахым ыраазы болсун сизге дагы жазсаныз билбегендерибизди уйронуп алалы
#16 30 November 2011 - 18:41
Жакшы тема экен. Адамдын соогун койордо эмне учун кыз кишилер мурзого барганга болбойт жана башка убактарда барса болобу?
Көмөөрдө барбаганынын себеби биринчиден аялдар назик келип, башка түшкөн балээни көтөрүүсү кыйын болот. Жакшы көргөн адамдарын жерге көмүп жатканын көрүү алар үчүн оор болуп, аны көтөрө албоосу мүмкүн. Экинчиден ал жерде эркектер көп болгондуктан алар менен аралашып жүрүү туура эмес.
Ал эми башка убактарда барса болот. Баруусу жакшы көрүлгөн сооптуу иштерден деп эсептелет.
#17 04 December 2011 - 00:17
Биринчи олум кабары угузулганда ишенгим келген эмес "эми эмне болот" - деген эле ойлор келе берген. Тамак ичкин келбей "Бутту таптакыр ичпейм, баспайм, кулбойм жакын тууганым олуп жатса" - деп ойлогом бирок, атаганат олбогон жандын куну ото берет экен да, тамак ичип жаттым, дем алып жашап жаттым жана жашап келем. Жанды берген кудай убактысы келгенде бат эле аманатын алат экен да....
Ошол кундор келгенге дейре татыктуу жашаш керек. Деги эле адамбаласы олумду бат бат эстеп, ойлоп мурзолорго тез тез барып турса ар кандай куноолордон алыс болмок болуш керек. Анткени тиги дуйного ишенсе сурактан коркот да.

Mekenim - Kyrgyzstan!
#18 04 December 2011 - 00:56
Мен мурзого барганыма туура бир жыл болуптур....Апамды акыркы сапарга узатып баргам
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#19 07 December 2011 - 17:42
Мен акыркы жолу мүрзөгө ушул жылдын сентябрь айында баргам Атакеме...
Только злые люди, зла боятся!
#20 23 December 2011 - 17:43
Ойлондуруп койду го,тема абдан кызыктуу экен.Адам эч нерсеге тойбойт экен,адамдын корго киргенде эки козуно топурак толгондо,АЛЛАХ сурайт экен адамдан ТОЙДУНБУ деп, адам ошондо гана айтат экен ТОЙДУМ деп.Биз адамдар ага чейин эчтекеге тойбойт экенбиз.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео