Урматту форумчулар айтсанар, КЫРГЫЗдын улуттук тамактарынын бири болгон " Чучук ту" каптаган адамдар барбы аранарда ? Эгер билгендер болсо " Чучук " даярдоо ыкмаларын болушо кетсенер .
- (2 )
-
- 1
- 2
Чучук каптоо ...
#1 25 November 2011 - 15:41
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#2 25 November 2011 - 16:11
Жылкынын ичеги карынын тазалап, казысына (эт, майына) туз, калемпир, мурч кошуп 1 сааттай коюп койосуз. Анан таза жуулган ичегиге салып, ачык жагын бекем байлап, 2.5-3 саат бышырасыз. (Кайнап чыгаарда ийне менен ар кайсы жеринен тешип абасын чыгарып турсасыз). Сурсутуп жесениз андан да сонун болот.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#3 25 November 2011 - 16:57
Кудая тобоо! Мен эзели кирбеген болумго эркектер тема ачат экен...
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#5 25 November 2011 - 17:42
Жылкынын ичеги карынын тазалап, казысына (эт, майына) туз, калемпир, мурч кошуп 1 сааттай коюп койосуз. Анан таза жуулган ичегиге салып, ачык жагын бекем байлап, 2.5-3 саат бышырасыз. (Кайнап чыгаарда ийне менен ар кайсы жеринен тешип абасын чыгарып турсасыз). Сурсутуп жесениз андан да сонун болот.
Бышырып туруп эле жеп аласыңбы?
1-2 жыл сактап жесе башкача болсо керек.
Чучукту кантип сактайт?
#6 25 November 2011 - 17:42
Чучук
Керектелүүчү азыктар: 300 грамм жылкынын казысы, 200 грамм сулп эт, ичеги, туз, калмепир, пияз, сарымсак, зире.
Даярдоо ыкмасы: Жылкынын казысы менен ичке тилинген этке туз сээп, тууралган пияз, сарымсакты кошуп, тузу сиңгенче бир идишке салып, оозун жаап коюу керек. Тузу сиңгенден кийин туз салынган жылуу сууга бир аз салып, жибигенче коет. Жибигенден кийин калемпир, сарымсак, мурч, зирени сээп, ичке тилинген эттин сыртынан казыны ороп, таза жуулган ичегиге каптап, казанга салып бышырат.
Чучук – жылкы этинен жасалат. Чучук жасоо анчалык кыйын эмес. Ал учун жылкынын казысы, кабыргасы, ичегиси, туз, калемпир, мурч, сарымсак,зире, жапайы сарымсактын уругу, лавр жалбырагы керек. Булардын бардыгын аралаштырып, ичегиге салып, эки жагын жип менен бууп коёт. Жасалган чучукту бышырып жаткан учурда чебердеп,акырындап кайнатуу зарыл. Кайнап чыккан учурда ичегинин ашкере көөп чыккан жерин ийне менен сайып туруу керек. Антпесе жарылып кетиши ыктымал. Чучукту 1,5-2 саат чамасында бышырат. Эгер чучукту көпкө сактасаң, анда жалаң гана туз пайдалануу керек.
jpg]

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#7 25 November 2011 - 19:03
Кудая тобоо! Мен эзели кирбеген болумго эркектер тема ачат экен... 
Тообо ккылыштын эч кандай кажети жок деп ойлойм. Эркегиби же аялыбы бул дуйнодо коп нерсе уйронуп билип койгону жакшы . " Чучук " КЫРГЫЗ эркектери байыртан эле жасап келген тамактардын бири .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#8 28 January 2012 - 07:28
кенештеринер пайдасын тийгизип атыр мага, мурдун чуйруп кыйынсыган анан "силер аттын этин жейсинерби?
" деп таныркаган конко мурун турктордун оозу ачык калды, биир жеп коруп чучукту, а бирок мен даярын алып келдим, озум жасап жиберсем гооо туркторго сатмакмын ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#9 28 January 2012 - 20:26
Жакшы кенеш экен билбегендерге.
... анан мумкун болсо чучукту базардан даярын сатып албай озу колдо жасаганга жетпейт экен, анткени базарчылар салмак басат деп мурчту айрыкча тузду эле кошо беришет, килограмын 10 сомго алган тузду 550-570 сомго сатышат...
чынында даамын чыгарыш учун тузду кобуроок кошуш керек бирок базарчылар кошкончолук эмес...
Менин байкоом боюнча эттен карап кайсы областын жылкысы экенин билип койсо болот экен. ЖалалАбаддагы жылкыларды канча багып семиртсен да этине коп май байлабайт, Таластын жылкылары арык болсо деле майы коп, Нарындыкы да ошондой, анан Чуйдо багылган жылкылардын майлары жайдын куну да ак болот, эти да башкаларга салыштырмалуу агыш келет а Нарын,Таластын жылкылары жайытта жургондо майы сары болуп тулан (кургак) чоп жеп калганда гана майлары агара тушконун байкадым....

Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#10 04 October 2012 - 17:21
Биз кыш мезгилине чукул чучук каптап коебуз, кайнатып туруп шорпосунан кошуп беш бармак жасасан,оной тамак.Чучукту бир топ жылга чейин ,ундун арасына салып сакташат экен,мен да канча дагы жыл турган чучукту жеп кордум,бирок жаны жасалган чучука караганда эти майдаланып ,майы да анча жагымдуу келбейт экен.Чучук жылкынын этинен жасалгандыктан кучтуу келип, кээ бир адамдар которо албайт,кээ бир оорукчан адамдардын эски оорусун козгоп коюшу мумкун.Чучук жегим келип кетти!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#11 13 October 2012 - 16:37
Ух-хххх,
чучууук! Болсо кана?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 22 November 2012 - 21:06
Эн негизгилердин баары жазылган экен, мен кошумчалай кетейин. Чучукту бышырып жатканда жарылуусунун бир себеби, ичегиден болот. Ичеги карын артылып атканда анын майларына этият болуу зарыл. Майы аз ичегилер да коп жарылат. Ошондуктан базардан сатып алып чучук жасап жегинер келсе ичеги майларына конул буруп, ичегинин майлуусунан танданыздар.
Анан дагы пияз кошпой сарымсак кошсонор даамдуу болот.
Реал чемпиооон!!!
#13 22 November 2012 - 23:18
#17 22 November 2012 - 23:49
Суроттордо баары тушунуктуу эле болду го дейм! Ашыкча нерсе жазбай эле коёюн!Даяр болгон чучуктарды муздаткычка салып коюп,чекеден жей берсенер болот!Аш болсун!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#18 23 November 2012 - 13:10
Айылдык кыз сен чучугуна казыдан кошпойсунбу?
Жалан эле эт ко
Реал чемпиооон!!!
#19 27 November 2012 - 09:03
Айылдык кыз сен чучугуна казыдан кошпойсунбу?
Жалан эле эт ко
Биздин уйдо тамакка кошулган майды да терип жебей коёбуз ,ошон учун атайы жылкынын кабырга эттинен жасаганбыз! Казы кошулганы да бар аларды тартпай калыпмын.Эгер сиз былчылдатып майы коп чучук жейм десениз,базардан алып жей берсениз болот!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#20 04 December 2012 - 22:59
Бир тилк узаткылачы.
Бах бах тамшанып кала бердим.
Жаагын сынса да. Шагын сынбасын.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео