Бул темада ал жонундо коп ой пикирлер жазылган эле да, бираз барактасаныз тапмаксыз. Интернеттен деле издесениз гуугл.ком дон Расул Мырзатегин десениз далай барактар ачылат...
Миң кыялдын Расул ДЖсы кимге жагат! Свет жокту алып барат го!!!
#62 26 November 2011 - 12:56
Башкасы башка, бирок Супер Инфонун окурмандары Мин кыялды укпаганын жар салса анда кайдам... Гезиттин арткы бетинде дайыма эле журот го... Анын астына "шериктеш"
болушуп...
супер инфонун окурманы экенимди кайдан билип алдын я?))Анда сени дагы бир жолу өкүндүрөйүн- Суперинфону да окубайм.) интернеттен каерден укса болот "Миңкыялды" ? Биз жакта бул радиостанция тартпайт да..
#64 27 November 2011 - 13:54
Коомдук теле каналдын сайтында Кыргыз радио бирикмесинин баардык радиолоруна шилтемелер бар. Биринчи радио, Кыргыз Радиосу, Тунку Белес, Мин кыял фм, Балдар Фм . Мин кыял фм же болбосо Kyrgyz сайтында 
Рахмат, таппай жүрдүм эле. Жакшы болбодубу?
Кыргыз радиосунда жакшы берүүлөр бар. Мен негизи радио укпай деле. Бирок, кээде уга турган болсом, ушул кыргыз радиолорун угам го эми. Жыштыктарын билип алдым. Жаңылыгы эле болбосо, азыр радио деген музыка менен жарнамадан башы чыкпайт.
А автор айтып жаткан радиону кокусунан угуп калдым. "Жеңил желпи" программалардан экен го. "Кыздар менен таанышам" , "Балдар менен таанышам" , "Ошо, тияктык болсо жакшы болот эле", "Бияктык болсо жакшы болот эле" деген Zamira деген форумчубуз жазып кеткен "бала-чакалардын " берүүсү экен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#65 27 November 2011 - 18:46
Негизи эле Мин Кыял FM ди көптөн бери кулпуна угам. Бул радионун коптогон берүүлөрү көңүлүмө сыят. Радионун жааматы тууралы дайыма ар кыл булактардан маалымат алып турам. Чынын айтсам «Кыялдарды орундаткычтын» дижейи болууну көксөп келем. Кулакка наушник салып, микрофонду ооз тушка такап, манжалар менен пульттун баскычтарын тыкылдата, бал тамган тил менен угармандарыңдын кыялдарын аткаруу кандай керемет десең. Бирок, кыял орундатуу мүмкүнчүлүгү баарына эле бериле бербейт экен, аны таңдалгандар гана аткара алат, таңдалгандар гана ар бир адамдын пешенесине майрамдык маанай тартуулайт.
Ар бир адамга, сутканын кайсы гана убактысы болбосун, майрамдык маанай тартуулаган мыкты дижейлердин бири Расул Мырзатегин. Бийик тембрдеги үндүн ээси таңкы эфирде көп чыгып, далай кыргызстандыктарды таттуу уйкудан, жалкоолуктун кучагынан сууруп чыгат. Жалкоолук мени да кучагына алып, таттуу уйкудан чыккым келбеген учурда, үйүмдөгү үналгыдан Расулдун үнүн укканда, кенен кенен керилип, көзүмдү укалап, оозумду чоң ача бир эстеп алам да, анан жайбаракат күнүмдүк турмушка шаттык менен киришем. Эгерде күнүм Расулдун бал тамган тилинен чыккан сөздөрүнөн башталса, демек күнүм да аселге малынып, аябай сонун өтөт. Ошол күнгө койгон пландарымдын баары ишке ашат. Сабакка табитим жогорулап, мугалимдерге жагып, бештерди четинен терем. Студент болгон мага жашоонун бул мезгилинде башка эмне керек?
Музыкалык маалыматтардан артта калтырбаган «ТОП-ХИТ» рубрикасы Расул Мырзатегиндин башы менен жаралганы, башкача айтканда автордук программасы экени бул баланын тек гана бал тамган тили, алып баруучулук жөндөмү менен гана пайда алып келбестен, ар кандай оригиналдуу идеялары менен кызыктуу программаларды жараткан, радио жаатында эң керектүү кадр десек болот. Эгерде бул программанын маңызына кулак төшөсөк, анда бир жумада музыка чөйрөсүндө кандай оош-кыйыштар болуп өткөнү тууралы маалымат ала алабыз. Аны менен чектелбей, жуманын мыктыларын таңдап, кыргыздан чыккан таланттарга суктанып, мактанып да алабыз.
Албетте, Расул Мырзатегин алып барган программаларынын баарын айтып, бул дижей аларды кандай керемет алып бара турганы жөнүндө айта берсек, жаза берсек, кыргыздын үчилтик улуу эпосуна жетип калар. Андыктан көп жаштардын көңүлүн өзүнө тартып, ары кызыктуу, ары суктанарлык болгон «Ай ай түндөр» программасына гана токтолуп, ушул программанын аркасынан Расул Мырзатегиндин профессионалдыгын көрсөтүп берейин.
Түн ортосунан ооп калган мезгилде эфирге чыккан «Ай ай түндөр» программасы негизинен эркин темага ылайыкташкан десем жаңылбайм. Демек, уйкусу качып, кыларга иш таппай жаткан туугандар менен, атайы бул программаны күтүп отурган угармандар жашоосуна ылайык келген темаларды ачып, маек курушат. Ошондо, ар кыл жашоонун нугу туурасындагы суроолорго, мейли ал психологиалык, мейли ал салтка байланышкан, мейли ал сасык саясат, мейли маданият жаатында болсун, кайсы гана жаатта болбосун, бал тили менен кайдан жок жагымдуу жоопторду «эл дижейи» таап, «ушул суроого жооп тапсам экен!» -деген угармандын кыялын орундатат. Бир саатка гана узаган бул программанын учурунда канчалаган суроолор түшөт десең. Угарман катары, айрымдарын укканда кыйналып ыйлап, айрымдарына кубанам. Угарман түз эфирге чыгып, темага карата өз турмушунан алынган кайгылуу окуяны айтса да... Расулдун бал тамган тилдери иштеп, кандай гана кырдаал болбосун, кайрадан ал адамды позитивге такап коет. Бул баланын айткандарын угуп олтуруп, кандай гана кырдаал болбосун, мейли ал жашоонун жагымсыз лабиринти, мейли ал караңгылык туңгуюгу болсун, баары бир тунелдин ары жагындагы жарыктай эле, жарыктыкты таап чыга алаарыңа ишенип каласың. Балга малынган тилден чыккан эхо, позитивдүү чакырык жан дүйнөңдү дал ошол жакка ээрчитип жөнөйт. Бир сааттын ичинде жашоонун «тупигине» такалган канча деген адамдар жарыктыкты табат десең.
Расулдун профессионалдуулугун дагы мындай фактылардан байкасаң болот: бир күнү «Ай ай түндөргө» бир кыз чалып калды. Ал сунуштаган тема «кыздын кыздыгы алынгандан кийин, алар кандай акыбалда калаары». Мындай аңги-дүңкүлөр кыргыздарда качан ачык сөзгө алынчы эле? Качан түз эфирде талкууга чыкчы эле? Качан кыргыздын кызы коомчулук менен дал ушул темада сөз алып барчы эле? Ал кыздын жийиркеничтүү «баатырлыгына» таңкалып, азыр угулушу менен сасыган ушул теманы талкууга алабызбы деп турсам, андай болбоду. Расул маданиятту түрдө кызга бул теманы талкууга алууга болбой турганын, аны да таарынтпай, коомчулукту да таарынтпай түшүндүрүп берди. Ооба, түз эфирге телефон чалгандардын баары эле жогорку билимдүү боло бербейт да, алар менен иштешүү да өзүнчө бир талантты талап кылат.
Эл сөзүнө алынган дижейдин дагы бир профессионалдуу өзгөчөлүгүнө кара: бир саатта биринчи тема кайгыга байланышып, кайгыга батырса Расул аны менен алгач кошо кайгырып, кереги тийсе кошо ыйлайт да, анан жагдайды профессионалдуулук менен колго алып, анын көңүлүн позитив менен заряддап, кайрадан көңүлүн ачат. Кийинки чалган бакыттын кумарында болсо, кошо кубанат. Үчүнчүсү кайгырса аны да талаага таштабай, кайрадан ал адамды колунан, тактап айтканда кулагынан сөз менен кармап, бакыт жолуна чыгарат. Мына, кыргыздын таланттуу дижейлери так ушундай иштешет!
Атына заты жарашкан Миң Кыял FM радиосун Миң Кыял FM кылган так ушул алып баруучулары.
«Жашооңо шаң тартуулайм! » - деген Расул Мырзатегин канчалаган адамдардын кыялын орундатты десең.
Сенин да кыялың орундалсын, жылдын Супер Дижейине ат салышып жаткан, тилинен бал тамган, элдин сүйүктүү дижейи – Расул МЫРЗАТЕГИН!
Супер Нургазы!

Мен да ал дижейдин беруулорун угуп турам. Добушумду ошого берем...
#66 28 November 2011 - 09:50
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү.
Баарыңарга оозеки эскертүү, флудка айландырбагыла.
Ал эми Jyldyz шилтемелери үчүн 3 күнгө банга.

#67 29 November 2011 - 10:58
andormeda
, supernurgazy,
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү.
Супердин "эркелери" өзүңөрдү кармап, тема боюнча жазсаңар.

#68 30 November 2011 - 13:55
Радио коп укпайм, бирок кээде уккун келбесе да угууга туура келген учур болот. Кобунчо маршруткада айкыртып коюшат. Бир жолу суйлоп жатат ушул жигит. Кобунчо жанычылдыкка умтулат экен, бирок уну керемет деп айтканга болбойт. Акыл дегени да бар го, ошол экоо абдан унун жасап суйлошот. кана достор, ооба достор, мына достор деген Жазгул дегени да бар беле. Гулназ эски заманда калып кеткендей эле туюлду. Албетте, кыргыздын эски создорун таап чыккан жакшы, бирок ал созду билген бар, билбеген бар дегендей эле кеп. Расул ди-джей болбой эле алпаруучу болсо жарашмак болсо керек.
#69 02 December 2011 - 19:37
Каап, калып баратат такыр эле! Кантсе да кумирим бойдон кала берет!!!
Отунбаевага таазим!
#70 05 December 2011 - 02:49
Атын чыkпаса,жер oрттo!тoп хит,тoп хит,автoрдуk прoграммасы дейсинер да тим эле,аны ал джей ачпай эле,радиo жаны ачылганда бир жаш бала алып барчу,аныkына салыштырганда,
азырkы тoп хитинер эптемей эле,бетим.иий,
биринчи алып барган 5,6 диджейлери kучту эле,азырkылары лампoчkа,бир эле гулназы kалыптыр.нo радиo сам нетаk супер
#72 06 December 2011 - 14:44
Мага Расулдун алып барганы айабай жагат, бул жигит Жылдын Супер Джине татыктуу деп эсептеймин
Волшебная лампа Аламедина!
#74 08 December 2011 - 16:14
Мага Расулдун алып барганы айабай жагат, бул жигит Жылдын Супер Джине татыктуу деп эсептеймин
Эмне учун экенин критерийлеп жазып кетсениз болмок эле...
Отунбаевага таазим!
#75 08 December 2011 - 16:15
Атын чыkпаса,жер oрттo!тoп хит,тoп хит,автoрдуk прoграммасы дейсинер да тим эле,аны ал джей ачпай эле,радиo жаны ачылганда бир жаш бала алып барчу,аныkына салыштырганда,
азырkы тoп хитинер эптемей эле,бетим.иий,
биринчи алып барган 5,6 диджейлери kучту эле,азырkылары лампoчkа,бир эле гулназы kалыптыр.нo радиo сам нетаk супер
каап, доске, коментарий бердим эле, бактына жараша очуруп салышыптыр, макул эми... Жыргай бер...
Отунбаевага таазим!
#76 08 December 2011 - 17:57
Нургазы, бу сенин Расулду сүрөгөнүңдү окуп отуруп, бир тууганы го деп ойлоп кеттим аргасыз. Чын. Ал эми жанагы "Топ хит" сыяктуу хит-парад берүүнү эфирге алып чыкканын изденүүчүлүктүн,
новаторлуктун белгиси деп кантип айта аласың? Акыры хит-парадды дүйнөдө дебейин, Кыргызстанда алгачкы болуп Расул алып чыккан жок го? Ар бир теле жана радио каналда бул форматтагы берүүлөр бар. Кана сен айткан "оригиналдуу идея"? Хит параддар Кыргызстанда иттин кара капталынан.
Ашыкчасы менен. "Ай ай түндөрдү"
мейли эми, аздыр-көптүр мааниси бар берүү экен. Ал эми берки "таанышмайы"
баналдуу берүүлөрдүн бири. Ал жонундогу мактоолорунду "Манас"
училтигине тенегенин, хе хе хе )) таарынакей жок))) кулкуну гана жаратты.
#77 16 December 2011 - 16:25
Урматтуу supernurgazy, узун катты
жазуудан мурда бул сайттын эрежелерин жакшылап окуп алсаңыз болмок.
Негизи төмөндөгүдөй билдирүүлөргө тыюу салынат:
к)сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сындар info@super. kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. л) сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сындар комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн.
Сиздин ар бир билдирүүңүзгө токтолуп жооп берүүбүз кажет эмес. Ар бир адамдын кылган иши өзү үчүн! Туура эле сезип жаздыңыз. Эреже боюнча сизди бул сайттан четтетүүгө толук укугубуз бар!

Мезгилден артта калбаңыз!
#78 23 December 2011 - 20:50
jok,билдируунуз демек темага туура келбей же эрежени бузса керек да.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#79 10 January 2012 - 21:37
#80 21 September 2012 - 10:11
кудай буйруса, эмки жылы Расулду жылдын мыкты Диджейи кылайлы!!
!
Волшебная лампа Аламедина!

Супер-Инфо
super.kg
видео