Катардагы китеп, же тасма. Андагы мен билбеген нерсени белгилеп алуу, кийин андан сабак чыгаруу илгертен адат. Жакында эле бир кызыктуу сериал көрдүм, ооба, баягы эле кореялык... Анда каарман кыз айтат "эмне үчүн кимдир бирөөнүн жакыны болушу үчүн сөзсүз жашыруун сырыңды айтышың керек?" деп суроо салат. Карап турсаң, дал ошондой. Эгерде эч ким билбеген сырыңды бир адамга айтсаң, анын ролу көз ирмемде өзгөрөт да, ал сенин жакын адамыңа айланат.
Менин сырымды да билген адам бар. Бирөө үй-бүлөмдүн, экинчиси махабаттын, үчүнчүсү күйүттүн, төртүнчүсү сүйүнүчтүн белгилериндей. Мисалы, Б деп коёлу, бул курбум менин жашоодогу кетирилген чоң катачылыгымды билет. А деген досулям далай жолу үйдөгүлөр менен тил табыша албай темселегенимден кабардар. В деген жакшы дос жан дүйнөмдүн туруктуу жашоочусу, ал менде эмне болуп жаткан күнүмдүк жаңылыктарымдан артта эмес. Мына ушундай, андан кийин да далайга чейин алфавит уланат.
Тескерисинче алсак, мага сырын айткандар да оголе көп. Кээде сыр уккум да келбей калат. Анткени баарына жакын болуу үчүн да чоң энергия керек экендигин түшүнөм. Кечээ кайрадан уктум. Түн уйку бузулуп, "эми эмне кылабыз" деп чыктым. Балким ал секретти укпасам, тынч жашамакмын. Бирок айла жок. Азыр чалуудан да чочулап отурам. Катуу тийип аламбы, кантип сурайм, эмне дейм?.. Баш айланып калды.
