Мен биринчи баштайын.
Кыз күйөө
Илгерки бир замандарда Ысык-Көлдүн Тоң тарабындагы бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргөн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыңы жок, калың төлөгөн күндө да томо як жигитке бай кызың бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кьшыштын айласын таппаган эки жаш күйүп жүрө беришет. Акыры байдын кызын күйөөгө узатмак болушат. Ошондо акьш ойлогон жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот.Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип түпгүп, кызды алып ке тишмекчи болушат. Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп минип, кызды алып качат. Жигиттин Чүй тарапта илик жилик туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Аңгъгча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшөт. Качып бараткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичинде ги эки асканын жанына келгенде, бирөө оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алдыартынан чыккан куугунчулар экөөнү ошол жерден кармашат да, байдын буй ругу менен экөөнү тең ошол жерде союп ташташат. Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнөөсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер «Кыз-Күйөө» деп аталып калган экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео














