Ордо кутумдарынын башында анын мурдагы саясий өнөктөшү Алымкул аталык турганын да кошо кетүү керек. Саясат, бийлик дегенде кечээги үзөнгүлөшүн сатып кетүү жадагалса, өмүрүн кыюу ошол кезде эле мода болгон турбайбы. А азыркылардын эч кандай күнөөсү жок )). Болгону алар тарыхты кайталаганы эле болбосо..
Кыргыздардан кимдер чыккан?
#41 03 December 2011 - 16:15
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#42 03 December 2011 - 16:17
Кыргыздардан кыргыздар чыккан. Айрым учурда киргиздер.
Кыргыздан мен дагы чыккам!!
!
Темага олутуу карасаңар!
Эгер кайсы бир инсанды жаза кетүү максатыңар жок болсо, анда теманы жөн гана булгай берүү өзүн-өзү сыйлаган форумчунун кылар иши эмес экенин белгилей кетейин.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#43 03 December 2011 - 16:18
20-кылымдын искусство адамдарынан:
Бубусара Бейшеналиева, Калый Молдобасанов, Сабира Кумушалиева, Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Асанкалый Керимбаев, Ырысбай Абдыкадыров, Татыбубу Турсунбаева, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов ж.б.
Коомдук ишмерлер: Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Султан Ибраимов ж.б.
Уландысы бар...

Рахмат!
Бирок, жазып кеткен инсандар тууралуу бир-эки ооз сөз жаза кетсеңиз дагы жакшы болмок.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#44 03 December 2011 - 16:21
Салижан Жигитов!
Тата Улан
Сүймонкул Чокморов
Байтик баатыр,Шабдан баатыр,Айтышарга теңи жок акын Жеңижок чыккан Кыргыздан.Сибирден жөө качып келген Токтогул акын бар.Жаңыл мырза,Зууракан кайназарова чыккан
Кана алардын өмүр таржымалы?
Көптөр буларды билгени менен, мисалы, Токтогулду атын укканы менен аны жазуучу деп жүргөндөр окуп калса, балким, билип алаар беле?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#45 03 December 2011 - 16:37
Ордо кутумдарынын башында анын мурдагы саясий өнөктөшү Алымкул аталык турганын да кошо кетүү керек. Саясат, бийлик дегенде кечээги үзөнгүлөшүн сатып кетүү жадагалса, өмүрүн кыюу ошол кезде эле мода болгон турбайбы. А азыркылардын эч кандай күнөөсү жок )). Болгону алар тарыхты кайталаганы эле болбосо..
Албетте, Алымбек датканын өлүмүнө Алымкулдун түздөн-түз тиешеси бар. Алымбектен кийин аталык болуп Алымкул бийликке келиши муну далилдейт. Тарых кайра кайталанып, андан көп өтпөй, Ташкен дубалдарынын алдында Алымкул өзү киши колдуу болот эмеспи... Туура айтасың, бийлик канча адамдын башын жутту. Бирок, кээлери Алымбек даткадай болуп улуттун сыймыгына айланса, а кээ бирлери... өкүнүчтүү...
#46 03 December 2011 - 17:36
USSR аке, бирок, бул экөөбүз талкууламыш болуп жаткан маалыматты мен бир гана Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы окуялардын сүрөттөлүшүнө таянып жазып жатам. Сиз тарыхый булактардан алып жаздыңызбы же сиздин деле таянган булагыңыз ошол элеби? Дегеним, адабия чыгармада сүрөттөлгөн окуя тарых чындыгына дайыма эле төп келе бербейт эмеспи. Ошону тактап койсоңуз жакшы болор эле.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#47 04 December 2011 - 06:41

Тарыхчылар датка атабыздын өлүмү жөнүндө эки ача пикирде. Анткени, тарыхый булактарда эки башкача жазылып жүрөт. "Туркестанские ведомости" гезити " өлүм жазасына тартылып эл алдында дарга асылгандыгы тууралуу жазат. Акадамик Плоских жана Мокрынин да жогорку позицияны карманышат. Колпаковский болсо, киши колдуу болуп өлгөнүн кабарлайт.Чокан Валиханов "ордо оодарышында, 1863-жылы, атаандашы Алымкул тарабынан өлтүрүлгөн" деп тастыктайт. Ал эми датканын урпактарынын айтысуу боюнча, Алымкул аталыктын жашыруун буйругу менен Чотон деген неме өлтүргөн. Дал ушул версия ыраматылык Төлөгөн аксакал тарабынан колдонулса керек эле.
ШахМурадды такка көтөрүп, аталык даражага жетишкени Алымбектин саясий өнөктөштөрүнө жакпай калган. Анткени ошол учурда Алымкул тарапта жер жайнаган кыпчак уруулары болуп, саясий салмагы, таасири Алымбектен кем эмес болчу. Алымбектен кийин Алымкул аталык болгондугунан жана ошол кездеги ордодогу бийлик талашуу методдорунан улам, Алымкулдун жашыруун буйругу менен Алымбек өлтүрүлгөн дегенге толук негиз бар.
Ал эми көпчүлүк алдында (публично) дарга асылгандыгы тууралуу айтылган маалыматтарга мен анча ишеним арта бербейм. Мындай өлүм жазасы анжиян жана аркалык кыргыздарды түп көтөрмөк да, элет бүтүндөй биригип, датканын кегин кууй турган болсо... Муну түшүнгөн айлакер Алымкул ишти тымызын бүтүргөн.
#48 04 December 2011 - 07:34
А бали-и, рахмат!
Чынында пайдалуу маалымат экен. Муну мен билчү эмесмин.
Чынында пайдалуу маалымат экен. Муну мен билчү эмесмин.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#49 04 December 2011 - 07:36
Атаке баатыр Тынай бий уулу. Сарыбагыш уруусунун бийи, 1738-жылы туулган. 18-кылымдын башында Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүн жуңгарлар ээлеп, кыргыздар түштүккө жер которушкан.
Тынай бий карамагындагы эли менен Анжияндын тегерегинде жашап калышат. Көп өтпөй жуңгар ханы өлүп, хандыктан ырк кете баштайт. Ушул учурдан пайдаланган Атаке баатыр жана башка кыргыз уруулары жунгарларды Талас, Чүй, Көл жеринен сүрүп чыгышат. 1785-жылы таяныч издеп орус императоруна элчи жөнөткөн.
#50 04 December 2011 - 07:47
Абдрахман Күчүк уулу.
1785-жылы жазында Абдрахман жана Шергазыны Атаке бий орустарга элчи жиберет. Ошол жылдын 23-августунда эки элчи Омск шаарына келишет. 1787-жыл, кыш айында бул экөө Екатерина II императрица тарабынан кабыл алынышат. Кайра кайтып келе жатып, 1789-жылы Петропавл шаарында Абдрахман Күчүк уулу каза болгон.

#51 04 December 2011 - 15:30
Таттыбүбү
Таттыбүбү – элдик кыз, эл арасынан суурулуп чыккан таланттардын бири. Ошондуктан, эл дайыма эскерип, анын жомоктогу кыздардай болгон сулуулугу менен талантына дайыма таазим этишет жана сыймыктанышат. Элибиздин маңдайына бүткөн таланттуу артист Таттыбүбүнүн бу дүйнө менен кош айтышып арабыздан кеткенине бир топ мезгил өтүп кеткенине карабай, эл арасында али күнчө анын талантына таазим кылып, жомоктогу периштедей болгон сулуулугуна тамшана суктануу менен эскеришип, аны жүрөктөрүнүн тереңине сактап келишет. Таттыбүбүнү жүрөк сыздабай, адилетсиз тагдырга “аттиң” деп жан кейибей эстөөгө болбос...
Таттыбүбүнүн жарык дүйнөгө келген жери – Жумгал районунун Чаеккыштагы. Атасы Турсунбаев Мырсаалы Токтогулдун эң кенже окуучусу болгон. Ал өз алдынча күү чыгарган киши эле. Анын чыгармалары кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” жазылып калган. Энеси Калыйбүбү колу иштүү чебер, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, акылдуу аял эле. Анын жасаган оюм-чийимдерине, туш кийиздерине, шырдактарына Чаектеги элдин баары тамшанчу.
Таттыбүбүнүн эмгеги бааланбай, ага сыйлык берилбей калган күндө деле, анын аты сахнада жана кинодо жараткан образдары аркылуу элдин эсинде сакталып калды.
Таланттуу айым театр сахнасында: Ч. Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” спектаклинде Аселдин, М. Байжиевдин “Ар бир үйдө майрам”, “Байыркы жомок” спектаклдеринде Мадина менен Зулайканын, К. Маликовдун “Осмонкул” тарыхый драмасында Бүбүнүн, В. Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасында” Жульеттанын, А. Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнүндө” Төрөкандын ролун эң жогорку деңгээлде аткарып элдин эсинде калса, экрандагы: “Ак Мөөрдөгү” Мөөрдүн, “Отко таазимдеги” Уркуянын, “Кызыл алмадагы” Бейтааныш сулуунун элесин берип, түбөлүк эл арасында жашай бермекчи. Эл дайыма өз кызын муундан-муунга өткөрүп эскерип,ысымын элдик тарыхта түбөлүккө калтырышмакчы.
jpg]

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#52 08 December 2011 - 19:09
Абдыкадыр Орозбек уулу.
1889-жылы Маргалаң уездинин Охна кыштагында (азыркы Баткендин Кадамжай району) туулган. Жумушчу-дыйкан кыймылынын мүчөсү, совет бийлигинин орноосуна активдүү катышкан. Граждандык согушта Кызыл Армия бөлүкчөсүнүн командири. 1919-23 жж. Чимион, Вуадиль, Мархамат ревкомдорунун төрагасы.1925- жылы обисполкомдун төрагасы,1927- 37 жж. Кыргыз АССРнин ЦИК төрагасы. Советтик Кыргызстандын эң туңгуч башкаруучусу. Жалган жалаа менен камалып, өлүм жазасына буюрулат. 1938-жылы катуу оорудан жапа чегип көз жумган. 1956-жылы гана күнөөсү акталган.(реабилитацияланган)

#53 09 December 2011 - 15:42
Рахманкул-хан Жапаркул уулу.
Качан төрөлгөнү белгисиз, памир-алайды жердеген тейит уругунан. Советтик бийликке каршы чыгып, Атажуртун которууга аргасыз болгон. Жакын туугандары, кол алдындагы жоокерлери- башаягы 3000дей киши менен алгач Кытайдын Синьцзянъна көчөт. Кытайда коммунистер бийликке келгенден кийин Оогандын Памирине көчөт. Ооган падышасы Мухамед Закир шах менен жакындашып, кыргыздарды салыктан жана аскер кызматынан бошотууга жетишет. 1979-жылы Советтик аскерлер Ооганга басып киргенде, Пакистандын Килгит деген жерине кыргыздарды көчүрүп барат. Бирок ал аймактын ысык климаты тоолук кыргыздарга такыр туура келбейт эле. 1980-жылы Түркия мамлекети тарабынан Ван аймагына көчүрүлөт. 1990-жылы рак оорусунан улам каза болгон.
Кыргыздардын акыркы ханы. Тегине карап эмес, жеке инсандык сапаттарына карап, эл тарабынан шайланган жападан-жалгыз кыргыз ханы. Оогандын 4-даражадагы Кызыл Жылдыз орденинин ээси, аскерлери менен чекараны коргоп турганы үчүн, ооган падышасы тарабынан "Пасибани Памири" (Памирдин сакчысы) деген расмий титулга татыган. Рахманкул-хандын өмүр таржымалы, башкаруу системасы, ошо менен бирге эле памирлик кыргыздарды көптөгөн чет өлкөлүк илимпоздор изилдешкен. Бирок, хандын Атажурту болгон Кыргызстан тарыхчылары бул боюнча алгылыктуу иш алып бара алышпады.

#55 27 December 2011 - 17:33
Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева сыяктуу президенттер чыккан.
Кымбат сөз кыска айтылат.
#56 03 January 2012 - 06:49
Кегети айылынан Караев Жуманаалы деген чыккан азыр кызы келини жолун улап жатат.Сынган чыккан кол-буттарды даарылап,белгилүү табып болчу.
#58 04 January 2012 - 13:49
Тайлак жана Атантай баатырлар Нарынды жердеген саяк уруусунан. 1820-жылы Жахангир баштаган кытай аскерлери Акталаага кол салып, жүзгө чамалаш адамды өлтүрүп, малды алдына салып айдап Кашгарга кайтышат. Артынан кууп жеткен Тайлак кытайлардын баарын кырып, баатыр наамга татып, элге тааныла баштайт. Тайлак баатыр 20 жылдай убакыт ичинде Кокон баскынчыларына каршы күрөш жүзгүзгөн. 1830-жылы кокондуктардын Куртка чебине кол салышат. Тилекке каршы, Тайлак мн Атантай колго түшөт. Көп өтпөй эркиндикке кое берилишет. Кегин ичине сактаган бир туугандар 30-жылдардын аягында Куртка чебин талкалашат.
Кокондон келген тыңчынын колунан уу ичип, атактуу баатыр 42 жашында көз жумат. Сөөгү Куртка жана Нарын дарыяларынын кошулган жерине коюлган.
#59 11 January 2012 - 20:00
Чолпонбай Тулебердиев!
1922ж ,13 -апрелде Талас облатында,мурунку Чымгент азыркы баатырдын атынан коюлган Чолпонбай айылында туулган.1941ж 363-чу атуучу полк 160-чы атуучу дивизия 6-чы армия Воронеж фронту. кандай эрдик кылганын айтпасам деле билсенер керек.
анда мен алган сыйлыктарын ,жазып кетейин.
1.Советер Союзун Баатыры
2.Орден Ленина
Баатырдын эстеликтери :
Бишкек шаарын да
Селявн Воронеж областы
Киров Воронеж областы
Баатырдын атынан аталган :
1.кичи мекени Чымкент (азыркы Чолпонбай айылы)
2.Бишкек шаарындагы кочо
3.Селявное кыштагы Воронеж областын дагы мекетеп
4. Давыдовка кыштагы Воронеж облатын дагы мектеп
5. №2 мектеп Нововоронеж шаары Воронеж областы
6. Лиски шаарын дагы кочо

- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#60 11 January 2012 - 20:18
Каныбек Осмоналиев.
1953ж,19-ноябрь Кемин районунда туулган.Кыргыз Совет ооратлети,Олимпиада оюнун женучуусу 1980ж Москвада откон оюнда.Дуйнонун торт жолку чемпиону,европанын 2 жолку чемпиону ооратлетика боюнча.
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!

Супер-Инфо
super.kg
видео