Суперстан: Иш кагаздары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Юристтин кенеши
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Иш кагаздары кереги тийип калаар

#21 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

B) УЮШТУРУУ-БУЙРУТМА ИШ КАГАЗДАР
Бардык мекемелердин ишмердигинде иш кагаздарынын ар кандай түрлөрү белгиленген. Өзүнүн ишмердигинде мекеме төмөндөгүдөй иш кагаздарын: акт, жарлык, устав, эрежени жетекчиликке алат. Иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органдары жана аткаруу бийлиги төмөндөгүдөй иш кагаздарын: чечим, жарлык, буйрутма, токтом, буйрук, көрсөтмө, нускама, протокол чыгарат.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 21:03

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Устав
Устав – уюмдун, мекеменин, коомдун, жарандардын ишмердүүлүгүн, алардын башка уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышын, мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү чөйрөлөрүндө, чарбалык жана башка ишмердүүлүгүндө укук жана милдеттерин
жөнгө салуучу эрежелердин жыйнагы. Уставдарды кандайдыр бир ишмердүүлүктүн чөйрөсү үчүн жалпы, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдары бекитет. Коомдук уюмдардын уставдары ошол уюмдун съездинде кабыл алынат жана бекитилет. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын уставдары алардын жогорку башкаруу органдары (министрликтер, ведомстволор) же бийлик (федерациянын административдик субъектилери) тарабынан бекитилет. Юридикалык жактын уставы анын уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан бекитилип, белгиленген тартипте милдеттүү каттоодон өтүшү керек. Юридикалык жактын уставын түзүү жана жолжоболоштуруу тартибинин жалпы талаптары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин биринчи бөлүгүндө тартипке келтирилген. Устав – уюмдун компетенциясын түзүү тартиби, анын иш-милдеттерин, тапшырмаларын, иш тартибин аныктоочу укуктук акт. Бул менчиктин ар түрдүү уюштуруу-укуктук формасындагы мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү негизги уюштуруучу иш кагазы. Бул уюмдун башка уюмдар, жеке жактар менен өз ара байланышын, анын ишмердүүлүгүнүн багыттарына ылайык чөйрөдө укугун жана милдеттерин жөнгө салат. Устав милдеттүү иш кагазы болуп эсептелет, анын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
· Мекеменин, уюмдун, ишкананын, анын түрлөрүнүн аталышы;
· Турган жери (почта дареги);
· Ишмердүүлүктүн предмети жана максаттары;
· Мүлктү (же уставды) түзүүнүн тартиби;
· Пайдаларды бөлүштүрүүнүн тартиби;
· Мекемелерди (уюмдарды, ишканаларды) түзүүнүн тартиби, ишмердүүлүктү башкаруунун жана токтотуунун тартиби;
· Башкаруу органдары (ички уюштуруу түзүмү).
Уюмдун (мекеменин) түрлөрүнө байланыштуу типтүү уставга башка маалыматтар кошумчаланышы мүмкүн:
· Банктар үчүн – банк тарабынан иш милдеттеринин тизмеги;
· Биржалар үчүн – мүчөлөрдүн максималдык курамы жөнүндө маалымат, аларды кабыл алуунун, укуктарынын, милдеттеринин тартиби, талаштарды чечүүнүн тартиби;
· Акционердик коомдор үчүн – чыгарылган акциялардын категориялары жөнүндө маалымат, аны пайдалануу шарттары, ар бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмүн ж.б. камтууга тийиш.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 21:08

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Жобо
Жобо – жыйнактуу кодификациялык мүнөзгө ээ жана ишти уюштуруунун, компетенциясын түзүү тартибин аныктаган ченемдик акт.
Мисалы: «Министрликтер жөнүндө жалпы жобо», «Мамлекеттик автомобиль инспекциялары жөнүндө жобо». Жобо жеке кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүн дагы тартипке келтирет. Жобо башкаруу тажрыйбасында уюштуруу, эмгек мамилелеринин жыйындысын конкреттүү маселелер боюнча жөнгө салуу үчүн жаратылат. Мисалы: «Кыргыз Республикасында бугалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө жобо», «Бугалтердик эсепте иш кагаздарын айландыруу жөнүндө жобо». Жобонун абдан көп тараган түрү – уюмдардын же түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгүн ченемдик-укуктук тартипке келтирүүгө багышталган иш кагазы. Уюм жөнүндөгү жобо анын статусун, аны түзүүнүн тартибин, башкаруу тутумундагы ордун, ички түзүмүн, иш-милдеттерин, компетенциясын, милдеттерин, кайра уюштуруунун жана өтүмдүүлүк тартибин аныктайт. Тажрыйбада ички уюштуруу түзүмү бар уюмдарды тескөө-башкарууда жобо ар бир түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн иш-милдеттерин бекемдөө жана чектөө үчүн багышталган негизги иш кагазы болуп саналат. Жобо уюмдун жалпы бланкына жол-жоболоштурулат, б.а. бул иш кагазы уюмдун, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн аталышы, иш кагазынын түрү, ошондой эле дата жана бекитүү грифинен турат. Жобонун тексти төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат:
· Жалпы жоболор
· Максаттар жана тапшырмалар
· Иш милдеттер
· Укуктар жана милдеттер
· Жетекчилик
· Өз ара байланыштар (кызматтык байланыштар)
Жобого аларды тикеден-тике иштеп чыгуучусу болуп эсептелген (мисалы, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн башчылары, жетекчинин бирин-
чи орунбасарлары ж.б.) кызматтык адамдар кол коет, жобого юридикалык кызмат (юристконсульт) виза коет, жетекчи бекитет. Жобо бекитилген күндөн юридикалык күчкө ээ болот.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Буйрутма
Буйрутма – коллегиялык органдын жетекчисинин ыкчам маселелерди бир башчылык чечим үчүн чыгарган башкаруучу иш кагазы. Буйрутманы ошондой эле чарбалык, өндүрүштүк, администрациялык ишмердүүлүктүн ыкчам маселелери боюнча жетекчинин биринчи орунбасарлары, башкы адистер, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилери чыгарышат. Эреже боюнча буйрутма таасир этүүнүн
чектелген мөөнөтүнө ээ жана аткаруучулардын (түзүмдүкбөлүмчөлөрдүн) тар айланасына жайылтылат. Буйрутманын маалымдаректеринин курамы жана алардын жайгашышы буйруктукунан айырмаланбайт, бирок көп учурда бир нерсенин бар экендигин белгилөөчү бөлүк болбойт. Эгерде буйрутманын чыгарылышын түшүндүрүү зарылчылыгы бар болсо, анда буйрутма
бөлүгү «СУНУШ КЫЛАМ» же «МИЛДЕТТЕНДИРЕМ» деген сөздөр менен башталат.


«ДАСТАН» ЖАБЫК ТИПТЕГИ АКЦИОНЕРДИК КООМУ Б У Й Р У Т М А20.02.2000 ..................... . №138 ..................... ...................... ...................... ...................... ............. Бишкек
СТП 02-401 киргизүү жөнүндө
М И Л Д Е Т Т Е Н Д И Р Е М:
1. Ишканага бардык кызматтарда, участкаларда жана заводдун түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө 2000-жылдын 1-мартынан «Ишканалар ды башкаруу тутуму. Уюштуруу-буйрутма иш кагазы» (СТП 02-401) стандарты киргизилсин. 2. Деректирдин жалпы маселелер боюнча орунбасары Г.К.Сомов 2000-жылдын 15-февралынан баштап адистер жана инженер техникалык кызматкерлер арасында СТП 02-401ди окутуу боюнча сабак уюштурсун. 3. Заводдун кеңсе башчысы Б.Д.Бекболотова уюштуруу башкаруу иш кагазынын бланкын, типтүү иш кагазын жана окшоштурулган иш кагаздарынын формаларын көбөйтүүнү уюштурсун. Буйрутманы аткарууну контролдоо деректирдин жалпы маселелер боюнча орунбасары И.К.Алымовго жүктөлсүн.

Башкы инженер. ...................... ...................... .(колу) ..................... ...................... ......И.Н.Авдеев

Юрисконсультант ............... ...................... (колу) ............... ............. А.Д.Бекболотов

07.02.2000.

Миронова 35-24-35
05-14- көктөмгө. Кызматкерлер таанышты
20.02.2000 ..................... ........... (колу)

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 21:19

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Токтом
Жогорку органдардын тикеден-тике катышуусу менен чыгарылган токтом, аткаруу органдары үчүн бирден-бир маанилүү иш кагаз-
дарынан болуп саналат.Токтом мамлекеттик мааниси бар буйрукчул көрсөтмөнү аткаруу, чарбалык мекемелердин жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары пландык иш чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат.Токтом жазуу формасына, түзүлүшүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө бөлүнөт:
1. Кыска мөөнөттүү токтом.
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом.
Кыска мөөнөттүү токтомго кандайдыр бир маданий иш чарага, белгилүү күнгө, ар түрдүү кампанияларга арналган тапшырмаларды аткарууга багытталган иш кагаздары кирет. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом өтө керектүү, мамлекеттик мааниси бар, чоң көлөмдөгү иш чараны аткарууга багытталат. Мындай иш чаралар адатта этап боюнча аткарылат, узак аралыкты камтыйт.
Токтомдо төмөндөгүдөй маалымдаректер пайдаланылат:
Мекеменин, ишкананын аталышы.
1. Мамлекеттик герб.
2. Токтомдун аталышы.
3. Токтомдун чыгарылган орду.
4. Токтомдун катар номуру.
5. Токтомго кол коюлган күн.
6. Токтомдун темасы.
7. Бул токтомду кабыл алуунун негиздери.
8. Иш кагазынын тексти.
9. Токтомдо көрсөтүлгөн пункттарды аткарууну ишке ашыруучу
жактар.
10. Жетекчинин кызматы.
11. Жетекчинин колу жана мөөрү.
12. Жетекчинин аты-жөнү.

Мындай иш кагазынын айырмалуу белгилеринин бири токтомдун текстинин сүйлөмдөрү «түзүлсүн», «белгиленсин», «аткарылсын», «жүктөлсүн» ж.б.у. сыяктуу буйрутма сөздөрү менен аяктайт. Токтомдо жөнөкөй да, татаал да сүйлөмдөр жана сөз айкаштары колдонулат. Бул анда коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүн жана татаалдыгын далилдейт. Мамлекеттик деңгээлде чыгарылган токтом герб, органдын толук аталышы жана дареги көрсөтүлгөн фирмалык бланкта жол-жоболоштурулат. Ал эми кыска мөөнөттүү токтом А-4 форматындагы кагазга жазылат.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кыргыз Республикасы. Чүй облусу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Токтом
Токмок шаары..... ...................... ...................... ...................... ...................... ........... 2004-жылдын 5-сентябры
№ 23


Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин
100 жылдыгын өткөрүү жөнүндө


Биздин өлкөбүздүн маданиятына жана адабиятына баа жеткис салымдарды кошкон Эл акыны Аалы Токомбаевдин 100 жылдыгын өткөрүү үчүн Кемин райондук мамлекеттик администрациясы токтом кылат:
1. Республиканын Эл акыны Аалы Токомбаевдин 100 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаранын планы иштеп чыгылып жана бекитилсин (№ 1-тиркеме).
2. Райондо акындын китеп көргөзмөсүн, мектептерде А.Токомбаевдин чыгармачылыгына арналган атайын ачык сааттары уюштурулсун. Бул иш чараларды аткаруу билим берүүнүн райондук бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Райондо акындын мааракесине байланышкан маараке салтанаттары, кечелери жана диспуттар уюштурулсун жана
өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасарына жүктөлсүн.

Райондук мамлекеттик
администрациясынын
башчысы ..................... ...................... .(колу) ...................... ...................... .................. К. Турдалиев
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Нускама
Нускама – бул мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын (алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана кызматтарынын), кызматтык
адамдардын жана жарандардын уюштуруу, илимий-техникалык, технологиялык, каржылык же башка ишмердүүлүктөрүнүн атайын жактарын жөнгө салуучу эрежелерди белгилөө максатында бекитилген же чыгарылган укуктук акт. Нускама ошондой эле мыйзам актыларын, буйрутма иш кагаздарын колдонуунун тартибин аныктоо жана түшүндүрүү максатында жана иш кагаздарын (мисалы бугалтердик, отчеттук, учеттук ж.б.) жүргүзүү жана толтуруу боюнча чыгарылат. Башкаруу тажрыйбасында типтүү жана жеке нускамалар колдонулат. Типтүү нускамаларды бийлик органдары же бир типтеги уюмдар же мекемелер тутумундагы башкармалыктар чыгарат. Нускама жалпы бланкка жол-жоболоштурулат жана төмөндөгүдөй маалымдаректер болушу керек: уюмдун аталышы, иш кагазынын аталышы, чыгарылган күнү, орду, тексттин темасы, бекитүү грифи, тексти, колу. Нускама – узак аракеттеги иш кагазы. «Жалпы жоболордо» нускаманын аракетинин ишке ашырылыш мөөнөтү же анын аракетин ишке ашырууну эрте токтотуу эскертилет. Нускамага аны иштеп чыккан түзүмдүн жетекчиси кол коет. Нускама жетекчи кол койгондон, же атайын буйрутма иш кагазы чыгарылгандан кийин күчүнө кирет. Бул же тигил шарттарда нускаманын биринчи бетинде кызматы, бекитилген күнү көрсөтүлгөн бекитүү грифи же буйрутма иш кагазында анын күнү жана номурунун шилтемелери жол-жоболоштурулат.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Акт
Акт – аныкталган факт, окуя, аракеттин тууралыгын ырастаган иш кагазы. Мисалы, курулуп бүткөн курулушту кабыл алуу мүлктөрдүн
эсеби, каражат суммасы жана сатуудагы товарлар, техникалык кароодо автомобилдин абалы ж.б. у.с. Ошондой эле анда ар түрдүү кырдаалдар чагылдырылышы мүмкүн: мекеменин кандайдыр-бир жумушунун бүтүшү же бүтпөшү, бир ишканадан экинчиге кандайдыр мүлктүн өткөрүп берилиши, иш кагаздарды кабыл алуу ж.б. Бул аракеттердин баары ага юридикалык күч берүү үчүн актыланат. Актылар эреже боюнча жогорку уюмдардын же жетекчинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан түзүлөт.
Акт түзүүнүн себептери ар түрдүү болушу мүмкүн, буга актынын ар түрдүүлүгүнүн көп сандары кирет:
1. Кадр маселеси боюнча жумушка алуу актысы.
2. Каржылык акт.
3. Соодада тартип бузуулардын актысы.
4. Үйдүн абалын кароо жана текшерүү боюнча акт.
5. Бугалтерияда кассалык накта акчаларды текшерүү актысы.
6. Товар сатып алуу актысы.
7. Эсеп (чыгаша) актысы.
8. Техникалык кароо актысы ж.б.у.с.
Жогоруда көрсөтүлгөн актылар ар түрдүү турмуштук кырдаалдарда түзүлгөн иш кагаздарына кирет. Ушуга байланыштуу актыда карала турган көп маселелер бар, акт татаал иш кагаздарынын категориясына кирет. Ошондуктан актыда көп маалымдаректер колдонулат.
Актыда колдонулган маалымдаректер:
1. Мекеменин, уюмдун аталышы.
2. Иш кагазынын аталышы.

3. Акт түзүлгөн күн.
4. Акт түзүүнүн себептери.
5. Иш кагазынын тексти.
6. Тиркеме.
7. Даярдалган актылардын саны, кимге таратылып берилди.
8. Биринчи жактардын колдору.
9. Биринчи жактардын кызматтары.
10. Акт түзүүчүлөрдүн аты-жөндөрү.
11. Экинчи жактардын кызматтары.
12. Экинчи жактардын колдору.
13. Экинчи жактардын аты-жөндөрү.
14. «Күбөлөр» (алфавит боюнча).
15. Күбөлөрдүн колдору.
16. Күбөлөрдүн аты-жөндөрү.
17. Актылардын бекитилгендиги жөнүндө белги.
18. Жетекчинин кызматы, колу.
19. Иш кагазынын бекитилген күнү.
Иш кагазынын өзгөчөлүгүнө жараша актыда жеке маалымдаректер жок болушу же башка менен алмаштырылышы мүмкүн. Төмөндө бугалтериянын кассасын текшерген актынын үлгүсүн келтиребиз.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Бекитемин Бишкек шаарындагы «Азат» кичи ишканасынын деректири _______________ С.Бугубаев (колу) күнү, айы, жылы Акт
Бишкек шаарындагы «Азат» кичи ишканасынын кассасын 2004-жылдын 9-сентябрында текшерүү жөнүндө Негизи: Бишкек шаарындагы «Азат» КИнин деректири С.Бугубаевдин 05.09.04-ж. № 102 буйругу «Азат» кичи ишканасынын кассасын текшерүү жөнүндө курамында: төрагасы – «Азат» кичи ишканасынын башкы эсепчиси К.С.Тыныбеков, комиссиянын мүчөлөрү:
1. пландоо бөлүмүнүн адиси Э.Б.Барктабасова,
2. эсепчи А.А.Акматов,
3. кассир Б.Т.Узаков болгон комиссия түзүлдү. 2004-жылдын 8–9-сентябрынын аралыгында комиссия «Азат» кичи ишканасынын кассасын текшерди жана аныктады:
1. Кассада акча каражаттарынын нактасы – 15146 (он беш миң бир жүз кырк алты) сомду түзөт.
2. Бул сумма кассалык китеп боюнча бар болгонуна туура келет. Кассада башка баалуу кагаздар табылган жок. Бул, кайрадан
эсептөө туура.
Кассанын чыгаша китеби ишкананын акчасын сактоо эсеби жөнүндөгү жобого ылайык.

2 нускада түзүлдү.

Комиссиянын төрагасы ............... ..(колу) ...................... ...................... ...................... .......... К.С.Тыныбеков
Комиссиянын мүчөлөрү ............... .(колу) ............... ...................... ...................... ...................... ........А.А.Акматов
.................. ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ..................... Э.Барктабасова
.................. ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... Б.Т.Узаков

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 21:34

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 21:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Текшерүү жүргүзүлүп жаткан учурда касса убактылуу иштебейт. Кассанын андан аркы иштөөсү текшерүүнүн мөөнөтүнө жараша болот.
Кайсы гана ишкана же мекеме болбосун мүлктү сатып алууда сатып алууга ылайык акт түзөт. Мүлктү сатып алуу актысынын үлгүсүн сунуш кылабыз.
Акт
Биз, төмөндө кол коюучулар, Токмок шаарындагы Ж.Саадаев атындагы № 5 орто мектептин деректири Дамира Рысбаева, окуу бөлүмүнүн башчысы Раписа Калилова, мугалимдер Т.Касмамбетова, Р.Сүйүнова бул актыны түздүк, анткени, алдыңкы мугалим Алышбаева Гүлзатка «Билим берүүнүн отличниги» деген наамдын берилишине байланыштуу белек сатып алуу үчүн мектептин фондунан 200 (эки жүз) сом алдык.


Деректир ............ ...................... ...................... (колу) ..................... ...................... ..........Д.Рысбаева


Окуу бөлүмүнүн
башчысы ...................... ...................... ............... (колу)..... ...................... ............... Р.Калилова
Мугалимдер ............ ...................... ............. (колдору) ..................... ................... Т.Касмамбетова
.................. ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ..Р.Сүйүнова
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Буйрук - Приказ
Буйрук – бул мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери чыгаруучу иш кагазы. Буйрукта жогорку уюмдардан түшкөн же аткарууга милдеттүү ар түрдүү көрсөтмөлөр же иш чаралар болот. Буйруктар мекемелердин жана ишканалардын өзүнүн негизги жана күнүмдүк иш-милдеттерин жана иш чараларын чечүү үчүн колдонулат. Бул иш кагаз (буйрук) мекеменин негизги тапшырмалары, жеке кызмат адамдары же жеке кызматкери менен байланыштуу маселелерди чечүү үчүн жазылат. Бул иш кагазы нормалаштырылат жана «Буйруктар» деген көктөмгө көктөлөт. Буйруктар өзүнүн формасы жана мазмуну боюнча эки түргө бөлүнөт:
1. Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйрук.
2. Өздүк курам боюнча буйрук.
Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйрук – мекеменин ишин уюштуруу, мекеменин бөлүмдөрүнүн ортосундагы ишмердүүлүктү жөнгө салуу, жогорку уюмдардын көрсөтмөлөрүн кызматкерлерге жеткирүү, аны аткаруу боюнча айкын иш чара иштеп чыгуу, бул буйрукту аткаруучу жооптуу кызматкерлерди белгилөө, аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү маселелерин карайт. Мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгек жамаатынын мүчөлөрүн сыйлоо, ченемдик актыларды жөнгө салуу жана башка буйруктар жалпы ишмердүүлүк боюнча буйруктарга кирет. Алар өз мазмуну боюнча бардык жамаат сыяктуу жеке кызматкерге да тиешелүү. Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйруктардын маалымдаректерине:
1. Мекеменин бланкынын маалыматтары.
2. Иш кагазынын аты (буйрук).
3. Күн, ай, жыл.
4. Буйруктун номуру.
5. Буйрук даярдалган жыл.
6. Тексттин темасы.
7. Текст:
а) негиздөөчү бөлүгү;
б) буйрутма бөлүгү.
8. Жетекчинин кызматы.
9. Жетекчинин колу.
10.Жетекчинин аты-жөнү.
11.Кошумча маалыматтар.
Бул иш кагазында тексттин негизги мазмунун жалпылаган тема болушу керек. Эгерде буйрук бир нече пункттардан турса да тема
бардык пункттар үчүн жалпы болушу керек. Буйруктун тексти 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө буйрукту жазуунун максаттары, аны буйрук иш кагаздарына негиздөө баяндалат. Негиздөөчү бөлүктүн аягы «буйрук кыламын» буйрук этиши менен аяктайт. Эгерде буйрукту негиздөөнүн зарылчылыгы жок болсо, анда ал экинчи бөлүктөн башталып, «буйрук кыламын» сөзү жок болот. Экинчи бөлүктүн сүйлөмдөрүнүн ар бир этиши «ишке ашырылсын», «аткарылсын», «милдеттендирилсин», «бекитилсин», «бошотулсун»,
«которулсун» ж.б.у.с. буйрук ыңгай менен аяктайт. Буйруктун текстинин экинчи бөлүгүндө буйрук конкреттештирилет. Ал бир нече пункттардан турат. Мындай учурда ар бир пунктка араб тамгасы менен номур коюлат. Буйрук эки нускада даярдалат: түпнуска фирмалык бланкка, көчүрмө А–4 форматындагы таза кагазга жол-жоболоштурулат. Буйруктун текстин кулактандыруу үчүн көчүрмө колдонулат. Буйруктун көчүрмөсүнө «көчүрмө туура» деген белги жасалып, мөөр коюлуп, аткаруучуларга таркатылып берилет.

Ар бир буйрук жетекчинин колу коюлгандан кийин гана юридикалык күчүнө кирет.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 23:15

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Майрамдык иш чараларды өткөрүү жөнүндө буйруктун үлгүсү.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусу Атбашы райондук мамлекеттик администрациясы
25.08.2004-ж. ...................... ...................... ...................... ...................... ................... Атбашы айылы БУЙРУК
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чараны өткөрүү жөнүндө 31-августта «Эгемендүүлүк күнү» майрамын салтанаттуу өткөрүү максатында буйрук кыламын:
1. Салтанаттуу иш чара 31-августта саат 10.00дө райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы аянтта өткөрүлсүн.
2. Маданият бөлүмүнүн башчысы (Султанов Т.) куттуктоо папкаларын, сыйлыктарды даярдасын жана бул тууралуу бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, мекеме-уюмдардын жетекчилери не кабарласын.
3. Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкер леринин демонстрациялары уюштурулсун.
4. Райондун маданият үйүнүн кызматкерлеринин күчү менен майрамдык чоң концерт өткөрүлсүн.
5. РИИБдин начальниги (Табалдиев Б.) айылда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын.

Райондук мамлекеттик
администрациянын
башчысы ............... ...................... ......(колу) ............ ...................... ...................... ... А.Сайдинов

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 00:07

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Өздүк курам боюнча буйрук мекеменин кызматкерин кабыл алууда, жана бошотууда, которууда, сыйлоодо же жазалоодо, өргүүгө чыгууда, андан келүүдө, ишмердүүлүгүн баалоодо чыгарылат. Бул буйруктар мекеменин ылайыктуу бөлүмдөрүнүн бөлүм башчыларынын сунуштары боюнча же жарандын өзүнүн арызы боюнча ишке ашырылат. Өздүк курам боюнча буйрук А–4 форматындагы таза кагазга да жана фирмалык бланктарга да жол-жоболоштурулат. Мындай буйруктар эгерде буйрукта ошол кишилерге тиешелүү пункт болсо (демейде бул буйруктарда иштеги кемчиликтер же укугу бузулган учурда жаза чагылдырылганда) таанышууга берилет. Буйруктардын бул түрүн даярдоодо буйруктардын үстүнө «Өздүк курамдын кадрлары үчүн» деп жазылат. Буйруктардын аттары: «Ишке кабыл алуу жөнүндө», «Башка ишке которуу жөнүндө», «Ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө» ж.б.у.с. жазылышы мүмкүн. Бул буйруктардын бардыгы кызматкерлердин өзүлөрүнүн арыздары менен демилгелениши мүмкүн.
Буйруктар көрүнө жерге жамаатта болуп жаткан окуялар жөнүндөгү маалыматтар жөнүндө окуп билүүчү кулактандыруулар дын атайын тактасына илип коюлат. Өздүк курам жөнүндөгү буйрукта киришүү бөлүгү болбойт. Эгерде буйрук берүүчү бөлүк эки же андан көп темадан турса, алар параграфтар менен ажыратылат. Алсак, эгерде ишке кабыл алуу жөнүндөгү арыз менен бир мезгилде эки киши кайрылган болсо, анда буйруктун тексти эки параграф менен жазылат. Буйруктун темасы мазмуну менен төп келүүгө тийиш. Эгерде буйруктун биринчи параграфында ишке кабыл алуу жөнүндө болсо, экинчи параграфында бошотуу жөнүндө,
үчүнчүсүндө сыйлоо жөнүндө болсо бул буйруктун аты болбойт. Эгерде өздүк курам жөнүндөгү буйрук бир гана тексттен туруп,
бирок буйрук берүүчү бөлүгү бир нече бөлүктөн турса, анда буйрук жалпы ишмердүүлүк формасы боюнча жазылат.
Буйрукта баяндооч «кабыл алынсын», «бошотулсун», «дайындал сын», «сыйлансын», «алкыш жарыялансын», «эскертилсин» ж.б.у.с. деген этиштер менен аяктайт. Мындай буйруктардын негизи болуп жарандын өзүнүн арызы, медициналык маалымкаты, текшерүүнүн жыйынтыгы, текшерүүнүн актысы убактылуу ишке жарамсыздыгы жөнүндө бюллетени болу-шу мүмкүн. Өздүк курам жөнүндөгү буйруктар эки нускада даярдалат. Буйруктун экинчи нускасы жетекчинин колу коюлгандан кийин анын визасы менен буйруктардын тактасына илинет. Буйрук кол коюлгандан кийин мыйзамдуу юридикалык күчкө ээ болот. Өздүк курам боюнча буйруктар атайын көктөмгө көктөлөт жана белгилүү мөөнөткө чейин сакталат.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Жумушка кабыл алуу жөнүндөгү буйруктун үлгүсү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги
№ 76 орто мектеби ............... ...................... ...................... ...................... ...................... ........Бишкек ш.
2004-жылдын 22-августу № 18 буйрук
Кадрлардын өздүк курамы боюнча жумушка кабыл алуу жөнүндө
Эсенгулов Урмат 2004-жылдын 25-августунан 970 сом айлык акы өлчөмү менен география мугалими болуп дайындалсын.
Негизи: У.Эсенгуловдун арызы
Деректир: ............... ...................... ..........(колу) ............... ...................... ...................... .У.Нурманбетов

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 00:29

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Студенттерди чыгарып таштоо жөнүндө буйруктун үлгүсү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

15-сентябрь, 2004-ж. ............... ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ..............Бишкек ш.№83 буйрук

Студенттердин өздүк курамы боюнча
Университеттен чыгаруу жөнүндө
2003–2004-жылдын окуу планын аткарбагандыгына байланыш туу филология факультетинин 3-курсунун студенттери:
1.Арзиев Азамат
2.Мусаев Эрмек университеттен чыгарылсын.


Негизи: Окуу бөлүмүнүн маалыматы


Ректор ............... ...................... ...................... .(колу) ...................... ...................... ..................... А.Какеев
Декан ............... ...................... ...................... ..(колу) ...................... ...................... ..................... Н.Ишекеев
Кадрлар бөлүмүнүн
башчысы ...................... ...................... ............. (колу) ............... ...................... ...................... ...Б.Илиязова
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Жарлык - Указ
Жарлыктар мамлекет башчысы – Президент тарабынан чыгарылып жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме-уюмдар тарабынан жетекчиликке жана аткарууга кабыл алы-
нат. Бул иш кагаздарында мамлекет менен өкмөттүн маанилүү маселелери, мисалы, жогорку кызматтагыларды кызматка дайындоо
же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Президенттин жарлыгы бланкта жол-жоболоштурулат. Жарлыкта тиешелүү маалымдарек тер катышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин ЖАРЛЫГЫ
Молдогазиев Эркинтур Исаевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалсын.

Президент ............... .................... (колу) ............... ...................... ...................... .........К.Бакиев

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 23:15

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Протокол
Иш кагаздар өзүнүн көлөмү боюнча, текстинин узундугу жана мазмуну боюнча, татаалдыгы жана жөнөкөйлүгү боюнча татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөрүн белгилеп кетүү керек. Ошондуктан протокол өзүнүн түзүмү боюнча татаал иш кагаздарына таандык.
Ар кандай чогулуштар (расмий, расмий эмес) катышуучулардын курамы, анда чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү, сөздөрүнүн, бул чогулушта кабыл алынган чечимдердин же токтомдордун кыскача мазмуну протокол деп аталган иш кагазы менен жол жоболоштурулат. Демейде мындай чогулуштардын, кеңешмелердин же отурумдардын протоколу анда каралган маселелердин маанилүүлүк даражасы боюнча жылдын же жарым жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, бүткөрүлгөн иштер жөнүндө жетекчилер отчет беришет. Бул мекеменин, ишкананын ишкердиги канчалык деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнүн далили болуп саналат. Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
1. Киришүү бөлүгү
2. Негизги бөлүгү
Протоколдун киришүү бөлүгүндө чогулуш качан, кайда, саат канчада өткөрүлөрү, катышуучулардын саны, күн тартиби көрсөтүлөт.
Негизги бөлүгүндө иш кагазынын тексти келтирилет. Ошондуктан чогулушта карала турган маселелер өз ара байланышта болууга,
катышуучулардын сөздөрү кыска, так жана логикалуу баяндалууга тийиш. Сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү кашаанын ичине алынат.
Протоколдун экинчи, негизги бөлүгү 3 бөлүктөн турат:
1. Угулду.
2. Сүйлөштү.
3. Токтом кабыл алынды (токтом кылышты).
Протоколдун ар бир бөлүгүнүн милдети болот. «Угулдунун» биринчи бөлүгүндө күн тартиби көрсөтүлүп, маселелер кезек-кезеги
менен келтирилет. «Сүйлөштүнүн» экинчи бөлүгүндө жарыш сөзгө чыккандардын сөздөрүнүн мазмуну кыска баяндалат. «Токтом кылыштынын» үчүнчү бөлүгүндө чогулуштун жыйынтыгы чыгарылып, маселенин токтом кылынган ар бир бөлүгү араб цифрасы менен катар белгиленип, абзацтан башталат.
Протоколдо негизинен төмөнкүдөй маалымдаректер пайдаланылат:
1. Чогулуш өткөрүлүүчү мекеменин аталышы.
2. Иш кагазынын аты жана анын катар номуру.
3. Чогулуш өтүүчү күнү, айы, жылы.
4. Чогулуштун өтүүчү орду (айыл, шаар).

5. Чогулуштун төрагасынын аты-жөнү.
6. Чогулуштун катчысынын аты-жөнү.
7. Чогулушка катышуучулар (саны)
8. Күн тартиби.
9. Талкууга коюлган маселелер.
10.«Угулду» бөлүгү.
11.«Сүйлөштү» бөлүгү
12.«Токтом кылынды» бөлүгү.
13.Тиркеме.
14.Чогулуштун төрагасынын колу.
15.Чогулуштун катчысынын колу.
Мындан көрүнүп тургандай маалымдаректердин көп саны протоколду жол-жоболоштуруунун татаалдыгын далилдеп турат. Формасы боюнча протоколду жазуу кыска, толук стенографиялык жана фонографиялык болуп бөлүнөт.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кыска протокол – бул чогулуштун негизги маселелерин камтыган иш кагазы. Мисалы,
№ 5 протокол
Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун К–022, 023, 024 топторунун чогулушу

23.09.2004-ж. ............... ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... .......Бишкек ш.

Төрагасы – А.Ормонбекова
Катчысы – Р.Курманбек кызы

38 студент катышты. (тизмеси тиркелет)
... ...................... ...................... ...............Күн тартиби:
1. Биринчи педагогикалык практикага даярдык жөнүндө
.................. ...................... ...................... ...................... ........Баяндамачы – Ч.Жолдошева
2. Жаңы окуу жылына курстун жыйынтыгы
.................. ...................... ...................... ...................... ........Баяндамачы – Т.Жумаев


Угулду: Ч.Жолдошева биринчи педагогикалык практика жөнүндө, бул иштин өйдө-ылдыйы жөнүндө айтып берди.
«Сүйлөштү»: Студент У.Акматов ага бөлүнгөн мектеп жөнүндө, өзүнүн милдеттери жөнүндө айтып берди. Студент К.Калматов тажрыйбалуу мугалимдер сабак берүүдөгү жана окуучуларды тарбиялоодогу өздөрүнүн тажрыйбасы менен дайыма бөлүшүп турууну өтүндү.
«Токтом кылынды»: 3-курстун старостасы А.Абдыкеримова бир айлык практикадан кийин жалпы курстук отчет даярдасын, ага мектептеги практика боюнча чогулуш уюштуруу жүктөлсүн.

Төрага ...................... ...................... ...... (колу) ............... ...................... ................ А.Ормонбекова
Катчы.. ...................... ...................... ......(колу) ............ ...................... ................... Р.Курманбек кызы

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 00:42

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Толук протокол – бул чогулушта сүйлөгөндүн ар бир сөзү жазылуучу протокол, бул иш чарада эмне болуп жаткандын бардыгы кеңири баяндалат. Иш кагаздын бул түрү кыска протоколго караганда көп кездешет.

Үлгү
№ 2 протокол

14.10.2004-ж ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ...................... ...........Бишкек ш.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу жана көркөм маданий мурастар Борборунун «Манас» секторунун аспиранты Ж.Акуновдун «Манас» эпосунун көркөм тилдүүлүк каражаты» темасында кандидаттык диссерта ция жактоо алдындагы чогулушу

Төрагасы – А.Акматалиев
Катчысы – С.Эшеналиева


Катышкандар – С.Мусаев (илимий жетекчи)
Р.Сарыпбеков
А.Жайнакова
А.Кадырмамбетова ж.б.
Күн тартиби:
1. Кандидаттык диссертация жактоо алдында аспирант Ж.Акуновдун отчету.
2. Борбордун 3 жылдык иш чараларын пландаштыруу.
3. Угулду:
Борбордун деректири А.Акматалиев:
«Урматтуу коллегалар, биз бүгүн аспирант Ж.Акуновдун «Манас» эпосунун көркөм тилдүүлүк каражаттары» темасындагы илимий эмгегин талкуулап жатабыз. Сөз илимий жетекчи, Манас секторунун башчысы Мусаев Самарга берилет».
Сүйлөштү:
С.Мусаев: «Ж.Акунов үч жыл бою чарчабастан жогоруда көрсөтүлгөн теманы иштеп келди. Карточкаларды жыйноонун, керектүү адабияттар ды тандоонун башталышында эле Жеңиш илимий ишке берилгендигин көрсөттү. Өзүнүн иши жөнүндө өзү айтып берсин».
Ж.Акунов: «Урматтуу кызматташтар, коллегалар! Бүгүн мында менин илимий ишимди коргоо алдындагы талкуу өткөрүлүп жатат.
Үч жылдын ичинде эмне кылганымды силерге кыскача айтып берейин. Мен илимий жетекчим менен бирге диссертациянын ар бир главасын талкуудан өткөрдүк. Мен илимий конференциялардын бардыгына катыштым. Изилденген тематика боюнча 8 илимий макала жарыяладым. Кандидаттык минимумдарды өз убагында тапшырдым.
Илимий эмгектин түзүмү:
1. Киришүү.
2. «Манас» эпосунун көркөм каражаттары.
3. Корутунду.
4. Адабияттарды пайдалануу».
Токтом кылынды:
Аспирант Ж.Акуновдун кандидаттык диссертациясын жактоого сунуш кылынсын.

Угулду:
А.Акматалиев: «Борбордун иши жөнүндө» илимий катчы А.Эгембердиева айтып берсин.
А.Эгембердиева: «Биздин борбор чоң илимий жана практика лык иштерди жүргүзүп жатат. Ж.Акуновдон башка аспиранттар
Сатиев, Абдыкадыров жана Боогачиев өздөрүнүн диссертацияла рын даярдап коюшту. Фольклор, адабият боюнча бир нече монографиялар жарык көрдү. Биздин алдыда турган милдет – А.Токомбаевдин 100 жылдыгына арналган илимий-теориялык конференцияга даярдык көрүү».
Токтом кылынды:
Алдыдагы үч айлык иш жөнүндөгү илимий катчы А.Эгембер диеванын кыскача билдирүүсү кабыл алынсын.

Төрага ............... ...................... .................. (колу)...... ...................... ...................... ...... А.Акматалиев
Катчы ............... ...................... ................... (колу) ............ ...................... ...................... С.Эшеналиева

Чогулуштун стенографиялык жана фонографиялык протокол дору көп пайдаланылат. Фонографиялык протокол магнитофонго же көрмө камерага жазылат. Чогулуштун катышуучуларынын суроолору да, жооптору да жазылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 00:49

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Balamir   05 Декабрь 2011 - 00:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кандайдыр- бир мекеменин же бир кишинин өтүнүчү боюнча мөөр басылган мекеменин жетекчиси кол койгон протоколдун көчүрмөсү берилет. Бул көчүрмө расмий юридикалык иш кагазы катары кызмат кыла алат. Протоколдун көчүрмөсүнө: «Көчүрмөсү туура» деген белги, мөөр, жетекчинин колу коюлат жана анын аты-жөнү көрсөтүлөт.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Юристтин кенеши
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 18:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: