Ашура күнү
#41 05 December 2011 - 01:56
Жеткен айбанчылыкко ыя??? Ушундай жакшы маалыматыныз учун рахмат сизге.....
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#42 05 December 2011 - 10:07
Мухаррам айы
Хижрий жылдын биринчи айы Мухаррам айы болуп саналат. Тооба сүрөсүнүн 36-аятында Аллах Таала: "Чындыгында Аллах Таала асман менен жерди жараткан күндөгү өкүмүндө айлардын санын он эки кылды, булардын төртөөсү касиеттүү айлар"-деп байяндаган.
Бул аяттагы "ашхурул хурум" (урматтуу айлар) деп аталган төрт айдын биринчиси Мухаррам айы.Пайгамбарыбыз (С.А.В.) хадиси шарифинде: "Урматту айда (Мухаррам, Зилкаада, Зилхижжа, Ражиб) кимде-ким бейшемби, жума, ишемби күндөрү орозо кармаса, Аллах Таала тогуз жүз жылдык орозо сообун жазат"-деп ачыктаган. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) дагы бир хадисинде "Мухаррам айында кимде-ким орозо кармаса ар бир күнүнө отуз күндүк сообу жазылат"- деп баяндаган.
Бул ай биринчи болуусунун себеби, бул айда көптөгөн чоң окуялар, илаахий сырлар жана Адам атадан бери маанилүү окуялар болуп өткөнү үчүн инсандар жаңы жыл деп атап келишкен. Мисалы Адам атабыздын жер жүзүнө түшүшүнө, Нух байгамбардын мезгилинде туфан суусу жерди каптоосуна, Ибоахим байгамбар да Намруттун отунан кутулганына жана ушундай маанилүү окуяларды жыл башы деп эсептешкен.
Муслмандар Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын Меккеден Мединага көчкөн жылды азирети Алинин сунушу менен хижрий жылынын башталышы деп жана мухажирлердин алгачкы көчүүсү Мухаррам айында болгондуктан бул айды биринчи ай деп кабыл алышкан. Мухаррам айында төмөндөгүдөй бата кылуу осуят кылынган: "Эй Аллахым өткөн жылды бизден ыраазы кылгын, жамандыктарыбызды жакшылыкка айландыргын. Бул жаңы жылда өзүңдөн ыраазылыгыңа, кесиримиңе жана хидайатиңе жеткир, жаңы ачылган амал китепчени сенин ыраазы боло турган амалдар менен толтурууну насип кылгын, мени азабыңа алып барган жаман амалдарыңдан сакта".
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#43 05 December 2011 - 10:18
Мухаррам айынын бири жана ону арасында (алгачкы он күн) окула турган намаз. Мухаррам айынын алгачкы он күнүндө эки ракатта бир салам берүү менен алты намаз ракат окулат. Бул намазды Шам намазынан кийин же Куптан намазынан кийин окуса да болот. Намазга төмөндөгүдөй ниет кылабыз: "Эй Раббым ниет кылдым сенин ыраазылыгың үчүн жана коңшумдун, дин тууганымдын жана башка адамдардын акысы болсо ошолордун акысы үчүн Аллаху Акбар"- деп намазга баштайбыз.
1-ракатта 1 Фатиха 1 Аятл курси 11 Ихлас,
2-ракатта 1 Фатиха 10 Ихлас.
3-ракатта 1 Фатиха 1 Такассур 11 Ихлас,
4-ракатта 1 Фатиха 10 Ихлас.
5-ракатта 1 Фатиха 3 Каафирун 11 Ихлас,
6-ракатта 1 Фатиха 10 Ихлас сүрөлөрү окулат.
Намаздан кийин бата кылабыз.

#44 05 December 2011 - 10:30
Мухаррам айынын тогузунчу жана онунчу күндөрү
Мухаррамдын тогузунчу жана онунчу күндөрү тасбих намазы окулат жана тахажжуд убагында 4 ракат намаз окулат. Ар бир ракатта Фатихадан кийин 50 Ихлас сүрөөсү окулат. Бул айда мүмкүн болушунча истигфар көп айтуу керек. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) бул айдын 9, 10, 11чи күндөрү орозо кармоону осуят кылган жана өткөн жылдын күнөөлөрү кечирилүүсүн сүйүнчүлөгөн.
Пайгамбарыбыз (С.А.В.) "Ашура күнү орозо кармагыла ал ошончолук касиеттүү күн бул күндө мурдагы пайгамбарлар да орозо кармашкан" . (Жаамиъуссагиир)
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#45 05 December 2011 - 10:40
Ашура күнү болгон жана боло турган окуялар
Мухаррам айынын 10чу күнү ашура күнү. Факих Абулайс азиреттеринин айтуусу боюнча кээ бирөөлөрү булар:- Жер жана асмандын жаратылышы;
- Адам атанын тообосунун кабыл болуусу;
- Муса пайгамбардын фароондун жамандыгынан кутулуусу жана фароондун сууга чөгүшү;
- Ибрахим пайгамбардын дүйнөгө келүүсү жана оттон кутулуусу;
- Айуп пайгамбардын оруудан айыгуусу;
- Юнус пайгамбардын балыктын курсагынан чыгуусу;
- Сулайман пайгамбарга падышалыктын берилүүсү;
- Нух пайгамбардын кемесинин кургакка токтоуусу;
- Азиретти Хусейн шахид болуусу;
- Кыямат күнүнө туш келет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#46 05 December 2011 - 11:23
Ашура күнү эмне кылуу керек
- Бул күнү аз да болсо азык-түлүк алынса бир жыл ичинде үйдө берекет болот.
- Эң аз он муслманга салам берүү керек же бир муслманга он жолу салам берүү керек. Кедейлерди сүйүнтүү керек.
- Бул күнү жуунса (бой даарат алса) оорулардан алыс болот.
- Он жолу төмөндөгү бата окулат: "субханаллохи мильал мизаи ва муетахал илми ва маблагир риза ва зинанатал арш".
- Ашура күнүнө арнап күндүз 2 ракат намаз окулат Ар бир ракатта Фатихадан кийин 50 Ихлас окулат. Намаздан кийин 100 жолу төмөндөгү салават айтылат: "Аллахума солли алла саййидина мухамаддин ва алла али саййидина мухаммадин ва аадама ва нуухин ва ибрахима ва муса ва иса вама байнахум минаннабиййина вал мурсалин. Салаватуллохи ва салаамуху алайхим ажмааьиин" .
- Бешимден аср (дигер) намазга чейин 4 ракат намаз окулат. Ар бир ракатта Фатихадан кийин 50 Ихлас окулат. Намаздан кийин 70 истигфар, 70 салават, 70 жолу "лаа хавла ва лаа куватта иллаа биллахилалиййил азиим" деп үммөтү Мухаммадин туура жолго түшүүсү үчүн бата кылабыз.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#47 05 December 2011 - 11:37
Ашура тамагынын жазалышы
Ашура тамагына: 1кг буудай, 2 кг кум шекер, 0,5 кг нокот, 0,5 кг кургак фасоль, 0,5 кг кургак мейиз, 1 чыны (стакан) күрүч, 1 чыны анжир (кургак кесилген), 1 чыны кургак өрүк, 1 чыны жаңгак, 1 чыны анар, таруу, 1чыны фундук, 1 чыны тоо бадамы кара жүзүм, 3 даана алма кесилип кошшулат.Жасалышы: буудайды кечинде эле бышырабыз. Нокотту, кургак фасолду жана кургак мейизди да кечинде сууга салабыз. Анан баардык жемиштерди бир чоң идишке салабыз. Ашуранын суусу аз болсо суу куйсак да болот. Анан суу кайнап баштаганда анжирди, өрүктү, алманы жана кум шекерди салабыз. Алар балдын түсүнө окшош болгонго чейин бышырабыз. Ашура тамагы бышкандан кийин чыныларга салынып үстүнө жаңгак, анар, фундук жана мейиз себилет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#48 05 December 2011 - 13:05
Азаматсыз Таллас. Пайдалуу маалыматтарды жазганыңыз үчүн Алла ыраазы болсун. Сизде илиминиз барбы? Же бул маалыматтарды кыргызча которулган булактардан таптыңызбы?
Эмгектене билүү – адам үчүн түгөнгүс байлык.
#49 05 December 2011 - 17:10
Азаматсыз Таллас. Пайдалуу маалыматтарды жазганыңыз үчүн Алла ыраазы болсун. Сизде илиминиз барбы? Же бул маалыматтарды кыргызча которулган булактардан таптыңызбы?
Кайдагы илим? ))
Мен болгону туура маалымат менен туура эмес маалыматты айырмалап билүү менен бирге бир аз, аз-маз окугандыгыма салып башка тилден кыргыз тилине которо коймоюм бар.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#50 05 December 2011 - 17:15
Азамат1992kg
, алдыгы сен жазган маалыматтардын туура, натуура экендигин териштирип туруп жазсаң болмок. Анткени, кээбир маалыматтар ислам дининде "бидъа"
деп аталган нерселерден экен (бидъа - динга киргизилген жаңылыктар,
т.а., пайгамбарыбыз (Аллахтын ага саламы жана салаваты болсун) буйрубаган нерселерди кийин адамдар өздөрү ойлоп таап динге кошуп жиберишкен).
Узун намаздар тууралуу жазган маалыматтарыңды бир сыйра алдын-ала Ислам динин жакшы билген, илимдүү адамдардан сурап, тактап жазсаң. Болбосо, "жебеген самсага пул төлөп калып жүрбө"!
Түшүнүп кабыл ал, бидъа деген нерсе - анча мынча кунөөлөрдөн да коркунучтуу,
анткени, сен аны кылуу менен "жакшы иш кылып жатам", - деп ойлойсуң, бирок, шайтан (Аллахтын ага каргышы болсун) болсо ал нерсени жакшы көрсөтүп анын түбү жаман экенин сенден жашырат. Ошон үчүн Ислам дини биринчиден бир нерседен илим алып, кабардар болуп анан амал кылууга чакырат. Эстесең, Курандын биринчи түшүрүлгөн аяты "Оку"
деп келген эмес беле? [96-сүрө]
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#51 05 December 2011 - 17:45
Таллас
, мен маалыматты "Биринчи кадам" кайрымдуулук мекемесинен алган болчумун.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#52 05 December 2011 - 17:52
Sonun maalimattardi jazipsinar,kolunar dart korbosun.
Bul kuu duynodo jashtaribiz uchun en tuura jol İSLAM dini.Bul iyik kundo jashtaribizdin tuura bulaktardan tuura maalimat aluusuna,tuura adamdarga ishenishine tilekteshmin.
Bul kuu duynodo jashtaribiz uchun en tuura jol İSLAM dini.Bul iyik kundo jashtaribizdin tuura bulaktardan tuura maalimat aluusuna,tuura adamdarga ishenishine tilekteshmin.
все что ни делается все к лучшему :(
#53 06 December 2011 - 20:36
Ашура күнү эмне кылуу керек
- Бул күнү аз да болсо азык-түлүк алынса бир жыл ичинде үйдө берекет болот.
- Эң аз он муслманга салам берүү керек же бир муслманга он жолу салам берүү керек. Кедейлерди сүйүнтүү керек.
- Бул күнү жуунса (бой даарат алса) оорулардан алыс болот.
- Он жолу төмөндөгү бата окулат: "субханаллохи мильал мизаи ва муетахал илми ва маблагир риза ва зинанатал арш".
- Ашура күнүнө арнап күндүз 2 ракат намаз окулат Ар бир ракатта Фатихадан кийин 50 Ихлас окулат. Намаздан кийин 100 жолу төмөндөгү салават айтылат: "Аллахума солли алла саййидина мухамаддин ва алла али саййидина мухаммадин ва аадама ва нуухин ва ибрахима ва муса ва иса вама байнахум минаннабиййина вал мурсалин. Салаватуллохи ва салаамуху алайхим ажмааьиин" .
- Бешимден аср (дигер) намазга чейин 4 ракат намаз окулат. Ар бир ракатта Фатихадан кийин 50 Ихлас окулат. Намаздан кийин 70 истигфар, 70 салават, 70 жолу "лаа хавла ва лаа куватта иллаа биллахилалиййил азиим" деп үммөтү Мухаммадин туура жолго түшүүсү үчүн бата кылабыз.
Иним бул жазгандарың 100% динге киргизген жаңылыгың.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
#54 06 December 2011 - 23:04
Мен жазгандын баары туура эмес экен да ээ анда
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#55 21 November 2012 - 19:16
Бул жылы 23,24-ноябрь ислам жылсанагы боюнча мухаррам айынын 9-чу жана 10-күндөрү болуп эсептелет. 10-мухаррам Ашура күнү. Ошондуктан 23,24-ноябрь күндөрү орозо кармасаңар сүннөт иш аткарган болосуңар. Ал тууралуу теманын башында жазылган.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#56 23 November 2012 - 10:39
Ассалоому алейкум жамаат.Талас байке Аллах сизден ыраазы болсун жана эки дуйно бактылуулука жеткирсин!
#57 21 August 2013 - 11:39
Бул жылы мухаррам айынын биринчи күнү 4-ноябрга туура келет экен. Ал эми Ашура күнү 13-ноябрга туура келет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#58 23 August 2013 - 00:27
Бул жылы мухаррам айынын биринчи күнү 4-ноябрга туура келет экен. Ал эми Ашура күнү 13-ноябрга туура келет.
Ошондо 12-, 13-, 14 - ноябрда орозо кармалат экенда э?!
Бул тема боюнча маалыматым жок эле, аябай жакшы болбодубу, рахмат сиздерге?!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))

Супер-Инфо
super.kg
видео