Кандуу 1916-жыл ( Үркүнгө 95 жыл) Тарыхыбызды унутпайлы...
#1 09 Август 2011 - 14:29
1916 жылы Россиянын колониалдык саясатына каршы Орто Азияда көтөрүлүш чыгып,ал көтөрүлштүн эң эле чоң запкысын көргөн кыргыздар болгон. Ар кандай маалыматтар боюнча 200 000 ден 350 000 миңге чейин кыргыздар кырылган, калктын 40% Кытайга качкан. Муну геноцид деп айтсак болот. Албетте азыркы Россия каршы болгондуктан, буга геноцид деп официалдуу түрдө баа берилбей келет. Кыргызымдын башына экинчи мындай караңгы күндөр түшпөсүн.
#4 09 Август 2011 - 15:16
Strateg (09 Август 2011 - 14:29) жазган:
120 миң дей деп кечээ жакында бир жерден окудум эле. Балким, меники да туура эместир. Мейли, "эң так эмес илим - статистика" деп тим бололу.
Анткен күндө да ич ачышат.
Ошол убактагы окуяларды даана чагылдырган чыгарма Т.Касымбековдун "Баскын ", "Кыргын" романдары деп кесе айта алам. Башка чыгармалардан айырмасы - ар бир сүрөттөгөн окуяларга тарыхый булактардан далил келтирген.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 09 Август 2011 - 15:17
#5 09 Август 2011 - 15:27
#6 09 Август 2011 - 16:45
Үркүн, Кыргызстандагы 1916–жылкы көтөрүлүш – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарына ылайык милдеттүү болгон. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү, түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн падышачылыктын жер саясаты Кыргызстандын түндүгүнө Борб. Россиядан орус, украин дыйкандары көчүп келе баштаган. Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерин тартып берген. Анткени казак-орустар сыяктуу эле келгин дыйкандар дагы аймактагы падышачылыктын таянычы болмок. Кыргыздардын мыкты өрөөн-өтөктөрдөн ажыроосу алардын улуттук аң- сезимине терең таасир эткен. Айрыкча биринчи дүйнөлүк согуш маалында кыргыздардын абалы аябай оорлоп, элдин кыжырдануусу күчөгөн. Согуш жылдары эгин аз эгилгендиктен түшүм эки эсе азайган. Малдын саны да кыскарган. Жалаң гана согуштук керектөөлөр үчүн Жетисуу облусунан жыйналган мал чарба азык түлүктөрдүн наркы 55 млн сомго жеткен. Базар баасы абдан өскөн. Алык-салыктардын, ар кандай ыгым- чыгымдардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 сомдон 8 сомго өскөн. Өлчөмү 1 сом 84 тыйын болгон аскер салыгы да киргизилет. Падышалык чиновниктер согушту шылтоолоп, жергиликтүү калктан ат- төөлөрдү, кийим-кече, кийиз, боз үйлөрдү көп жыйнаган. Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына кыргыздарды күчтөп иштеткен. Бул кыргыздардын абалын ого бетер начарлаткан. Согуш жылдарында жергиликтүү элдин жерин тартып алуу улана берген. Алсак, Чүй өрөөнүндө гана 1915-жылга карата кыргыздардан 700 миңден ашык гектар жер тартылып алынган. Ал эми Түштүк Кыргызстанда 82 миң га жер орус дыйкандарына берилген. Нааразычылыктын күчөшүнө орус төрөлөрүнүн, айрым келгин дыйкандардын жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салттарын, динин, тилин басмырлоосу да түрткү болгон. 1916-жылы июнда жергиликтүү элдерди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндө падышанын Указы жарыяланган. Ансыз да кыжыры кайнап эл падышанын каарынан, мыкты куралданган аскерлеринен жалтанбай күрөшкө көтөрүл-гөн. 1916-жылы көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймаган кучагына алган. Ага 10 млн жергиликтүү калк тартылган Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен да октябрдын аягына чейин созуган. 1916-жылы 4-июлда Кожент ш-нда өткөн толкундоолордон көтөрүлүштүн оту тутанган. Алар падышанын Указына ачыктан-ачык нааразылык 243 билдиришкен. Көп өтпөй мындай толкундоолор бөлөк айыл-кыштактарда, калааларда да башталган. Июль айынын орто ченинде толкундоолор Фергана өрөөнүндө кеңири кулач жайып, ага кыргыздар активдүү катышкан. Көтөрүлүш башталганда эле Анжиян уездинин Алтынкөл, Базаркоргон болуштуктарынын калкы айрыкча чечкиндүүлүктү көрсөтүшөт. Алар падышанын Указын аткаруудан ачык эле баш тартып, тизмелерди жок кылышкан. Мындай окуялар коңшулаш Балыкчы, Желкудук, Массан, Майсары жана башка болуштуктарда да болгон. Айрыкча кыргыздар жашаган тоолуу аймактарда элдик кыймыл курч мүнөздө өткөн. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уездеринин кыргыз калкы да активдүү катышкан. Ал эми Ош уездинде көтөрүлүш июлдун баш ченинде эле башталып, толкундоолордун эң ириси Сулайман тоонун этегинде өткөн жыйын болуп эсептелет. Ага 10 миңдей киши катышкан. Жыйынга чогулган эл «Согушка барбайбыз! Балдарыбызды бербейбиз! » деп ачык эле каршылык көрсөтүшкөн. Колониялык бийлик жазалоочу аскерди чакырып, жыйынды араң таркаткан. Жыйындын айрым уюштуруучулары, демилгечилери камакка алынган. Мындай толкундоолор Булакбашы болуштугунун Кожоабад, Чакар кыштактарында дээрлик бир жумага созулган. Ошол эле июль айында Үчкоргон кыштагынын эли көтөрүлгөн. Аны падышалык аскерлер күч менен баскан, үч киши өлүп, 15 киши камалган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө жүрүп, бир нече күнгө созулган. Элдик кыймылга Алай, Гүлчө, Ноокат, Куршаб жана башка болуштуктардын калкы да тартылган. Августтун башында Түштүк Кыргызстандын кеңири бөлүгү көтөрүлүштүн кучагында калган. Кыргызстандын түндүгүндө алгачкы толкундоолор июль–июнь айынын ортосунда башталып, айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздар, казактар, дуңгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, татарлардын өкүлдөрү, кээ бир орус, украин дыйкандары катышкан. Көтөрүлүш мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуунун деңгээлине өсүп жеткен. Июль айынын аягында элдик толкундоолор Жетисуу облусунда кулач жайган. Ал эми августта куралдуу көтөрүлүштүн алоолонгон оту тутанган. Түндүк Кыргызстанда куралдуу көтөрүлүш кеминдик кыргыздардын кыймылы менен башталган. Августтун башында Кеминдеги Шабдан баатырдын мечитинде жыйын өткөн. Жыйында падышанын Указы, калктын оор абалы, тагдыры узакка талкууланып, көпчүлүк калк Указды аткаруудан баш тарткан. Көз каранды эместик үчүн күрөш баштоо ж-дө бүтүм чыгарылган. Күрөштө элге баш-көз болсун үчүн эзелки каада-салт б-ча калайыкка баркы бар Шабдан баатырдын уулу Мөкүш хан көтөрүлгөн. Бул кыргыз элинин көчмөн турмушу менен шартталып, хан бийлиги өз алдынча мамлекетти калыбына келтирүү түшүнүгү менен ажырагыс байланышта каралган. Ал ошол учурдагы аң- сезимдин деңгээлинде көз каранды эместикке умтулуу болгон. Көп өтпөй бөлөк аймактарда да жол башчыларды хан көтөрүү жүргөн. Ысыккөлдө Батыркан Ногой уулу, Борб. Теңиртоодо Канат Ыбыке уулу хан көтөрүлгөн. Кескин айырмачылыктарына карабастан, эмгекчи эл менен ак сөөк төбөлдөр кыйынчылыкта биригишкен. Көп узабай көтөрүлүш Кеминден Сокулукка че-йинки аймакка кулач жайган. Көтөрүлүш-чүлөр Верный – Пишпек жолун ээлеп, почта, телеграф байланыш түйүндөрүн талкалашкан. Элдик кыймылды тез басуу үчүн падышалык акимдер Түндүк Кыргызстанга 2 казак-орус полку, 6 жүздүк, 30дан ашуун рота жиберген. 8-августта Токмокко жакын жайгашкан айылдарда көтөрүлүш башталган. 9-августта Боом капчыгайында Ыбрайым Төлө уулу баш болгон кыргыз кошууну Көлгө бараткан аскерлердин жолун тоскон. 30 миңден ашуун огу менен 200гө жакын мылтык олжо кылынган. Август айынын ортосунда Ысыккөл ойдуңунда, Таласта, Борб. Теңиртоодо күрөш күчөгөн. Кочкордо көтө-рүлүшчүлөр Столыпино, Белоцарский айылдарына чабуул коюшкан. Ал эми Чүйдө Токмок ш-н камалоо 10 күнгө созулган (13–22-август). Ошол кезде Пишпек уездинде 12 болуштуктун эли көтөрүлүшкө чыкканы белгилүү. Көл кылаасындагы куралдуу көтөрүлүш өзгөчө курч мүнөздө өткөн. Көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар, казактар, уйгурлар менен дуңгандар Каркыра жарманкесинде 500дөн ашык дүкөндү өрттөшкөн. Көлдө падышалык чиновниктерге, кулактарга кол салуу 9- августта эле башталган. Көтөрүлүш-кө Ырдык кыштагынын дуңгандары 11-августтан тартып активдүү катышкан. Ошол күнү алар Ырдыкка келе жаткан аскерлердин жолун тосуп, андан соң Караколго чабуул коюшкан. Эртеси кыргыздар жана дуңгандар шаарды ээлеп алууга чечкиндүү аракет жасашкан. Ошол эле күнү 400 кишиден турган дуңгандар кошууну падышалык аскерлерге кол салып, айыгышкан кармаш жүргөн. 12- августта Каракол түрмөсүндө 300дөн ашуун кыргыз, дуңган, уйгур козголоң чыгарышкан. 13–14-августта Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы калмактар күрөшкө тартылган. Бөрүбаш айылы бир нече күн көтөрүлүштүн чордону болуп турган. Көтөрүлүшкө башкыр, татар элдеринин өкүл-дөрү, айрым орус, украин дыйкандары да катышкан. Көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочу аскерлердин ортосундагы акыркы ири салгылашуулар августтун аягында – 23 августта Караколдун жанында, 28-августта Түптө болгон. Ага 7 миңден ашык киши катышкан. Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр тоо таянып, чегине баштаган. Мыкты куралданган орус аскерлерине каршы кармаштарда алар оор жоготууларга учурашкан. Сентябрь айында коргонуу мүнөзүндөгү чакан беттешүүлөр болот. Падышалык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл жан айласы кылып, ата-журттан качуу-га аргасыз болгон. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайга качкан 45 миң түтүн элдин жалпы саны 160 миң адамдан ашып, аны 130 миңге жакыны кыргыздар болгон. Үрккөн элдин малынын көбү таланып, калганы ит-кушка жем болгон. Пржевальск уездинде гана 2,5 млнго жакын талоон болгону маалым. 1917-жылдын башына карата Жетисуу облусунда 38 миң түтүн, же 150 миң адам зыянга учураган. Ошентип көтөрүлүш жеңилүү менен аяктаган. Анын негизги себеби көтөрүлүштүн алдын ала жакшы даярдалбагандыгы болгон. Жеткиликтүү уюшулбай, 244 көтөрүлүшчүлөр чачкынды, бөлүндү аракеттенишкен. Өз ара байланыш солгун болуп, бирдиктүү жетекчилик болбогон. Көтөрүлүшкө чыккандардын согуштук даярдыгы жок эле, курал-жарак жетишсиз болгон. Жазалоочу падышалык аскерлер, албетте согуштук машыгуусу жана куралдануусу жагынан артыкчылык кылган. Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Аймактын колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калкынын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды. Маалыматтар боюнча 200-300 миңге чейин кыргыздар курман болушкан.
Үркүн окуясын геноцид деп эсептейм. Кудай сактап мындай окуя эч качан кайталанбасын. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды унутпашыбыз керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 09 Август 2011 - 17:14
#8 09 Август 2011 - 21:37


Пишпек уезддик башкармасы билдирет: Беловодскиде кече 138 кыргыз көтөрүлүш үчүн кармалды; качууга аракет кылышканда жарымы өлтүрүлдү, Пишпекке алып келингенден кийин ,дагы качууга аракет кылганы үчүн, калганы да өлтүрүлдү (штыктар менен сайгыланып).
Билдирүүнү түзөткөн: Strateg: 09 Август 2011 - 21:46
#10 14 Август 2011 - 22:28
Тарых кайталанбасын. Жараткан жакшылыктарын гана насип этсин.
#11 12 Сентябрь 2011 - 22:13

Тарыхты эсиңерден чыгарбагыла, айрыкча өз тилин чанып орусча сүйлөгөндөргө айтарым, т.е. ошол үркүндө запкы жеген аймактын элдерине...
#12 13 Сентябрь 2011 - 08:24
sultanbeybars (12 Сентябрь 2011 - 22:13) жазган:

Тарыхты эсиңерден чыгарбагыла, айрыкча өз тилин чанып орусча сүйлөгөндөргө айтарым, т.е. ошол үркүндө запкы жеген аймактын элдерине...

Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
#13 13 Сентябрь 2011 - 22:56
#14 14 Сентябрь 2011 - 09:35
#15 14 Сентябрь 2011 - 09:50
"1916 жылда геноцид болду деп бийликтин тымызын макулдугу менен айтылып жатат"
(бул жанагы жыйырма төрт деген маалымат агенттигинде бар)
Эми биз эмне ушулардан уруксат сурап ооз ачышыбыз же тарых жазышыбыз керекпи?
Ушуларга каршы эч ким (бийликтегилер да, окумуштуу, интеллигент сөрөйлөр да) лям деген жок.
Тарыхты антип жазба деп эс болуп атышат.
Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 14 Сентябрь 2011 - 10:37
#16 14 Сентябрь 2011 - 10:18
Шилтеме берүүгө болбоорун жакшы билесиз, сизге оозеки эскертүү!
#17 06 Ноябрь 2011 - 20:39
#18 10 Ноябрь 2011 - 13:18
Биринчиден, бугу кыргызынын (оруска) карап кеткенине башка кыргыздар нааразы болгон. Алматыдан орус аскерин чакырып келип, Байтиктин Бишкектеги өзбек менен солтону караткандыгына оруска карабайт элек деп нааразы болуп калган солто дагы көп болгон. Маселен, жайылдан Ажынын уулу Маймыл, муну Олуя Атадан улук Биденский чыгын келип кармап барып өлтүргөн. Бугу, саяктын султаны Зарыпбек 25 орусту» аскери менен келип, сарбагышты чаптыргандыгына урук туугандык байланышын үзүп, алсыздандырып, бир урукту ала кылын, бет алдынан бой сундурууга туткан падышалык саясатына араздыкта жүргөн сарбагыш кыргызынын . көпчүлүң1 кедей чарбалары намыстанып калган. Үмөтаалы Ормон уулунун Кытайга качууга түрткүсүнүн бири ушул болгон. Үмөтаалынын оруска карабайм деп качкан экинчи бир себеби — тынай оруска мурун карап, жакын болуп, эсенкул сарбагышынын эски жери Чоң Кемин, Кичи Кемин, Чүйдөн сыртка айдагандыгы болгон. 1867-жылы биринчи шайлоо башталып, эл-журт эсеп дептерге түшүп, бий, болуш, манаптын күнү туулуп, чыгым көбөйүп, бир жерден экинчи жерге эрки менен көчүп кете албастан манапка баштагыдан бетер кул, күң катарында бекилип байланган. Эгерде бирөө качып көчүп кетсе, аны кайтадан эрксиз айдатып алып, сен качкандагы чыгым деп, мал-мүлкүн талап алган. Колун, мал-мүлкүн айдап алып тентитиа жиберген. Мындай зулумдукка падыша өкмөтү биринчи жардамчы болгондугу үчүн көп начар бечаралар, букаралар падыша өкмөтүнө абдан нааразы боло келген.
Токмоктун уезди 1866-жылында күзүндө сарбагыш кыргызынын биринчи баатыры Төрөгелди Абайылда уулун Токмокко чакырып келип, эч күнөөсүз урганда бүткүл арка кыргызы жана манаптын таасирин-де жүргөн кедей, кара чарбалар намыстанып катуу кайгырып-кейиген. Орус бизди журт кылбайт экен деп, санаада калган көп болгон. Орустан таяк жедим деп, мындан соң Төрөгелди мурункудай элди көп аралабай калып үйдөн кеп чыкпай жүрүп 1869-жылында өлгөн.
#19 06 Декабрь 2011 - 00:33
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#20 06 Декабрь 2011 - 10:14