Суперстан: Жетимдин турмушу... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жетимдин турмушу...

#1 Пользователь офлайн   naris   09 Декабрь 2011 - 16:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 14 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 07 Фев 2018 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык-Кол



Жетимдин турмушу


Ызы-чуу баш аламан кан базарда
Бир жетим тентип журот таппай арга.
Жалдырап эки жака карап туруп.
Ушкуруп эл аралап басат кайра.

Кийми кир бети башы болгон кычы.
Жыртыктан чыгып турат ичке буту.
Бутунда кийгени да тешик отук,
Ичине кар аралаш кирет суусу.

Калчылдап ушуп барат кышкы суукта,
Кыйналып ич ооруткан ачкалыктан.
Жалооруп откон элге колун сунуп.
Бирдемке берип кет деп сурайт жардам.

Байкушка кээси берет бербесе жок.
Мындайга башы оорубайт конулу ток.
Кээ бири ит коргонсуп кубалашып.
Мазактап кармап алса уруп согот.

Ошентип байкуш жетим копко журду,
Аралап ары-бери откон элди.
Тынчтантып бул дуйнонун ызы-чуусун
Кун батып суук катуулап кеч да кирди


Байкуштун жатканга да уй-жайы жок,
Темселеп кетип барат кочо бойлоп.
Чонтокто каткан нандан кытыратып.
Кез-кезде оозго салып чайнап койот.

Акыры жатчу жерин издеп тапты.
Бул сууктан олтурбостон калкалачу,
Жылуулук этаждарга берип турган,
Кунуго жаткан жери труба асты.

Астына кат-кат салып кагаз кардон.
Арылбай жан кыйнаган азап ойдон.
Кыйшайып уктаганы жата кетти.
Устундо жабуусу да кардон болгон.

Ой ойлоп уктай албай копко жатты.
Козунон тып-тып тамып жаштар акты.
Кайрылбас тушу сымал алыс калган.
Бактылуу откон кунун эске салды.
Мунканып ата-энесин ойлоп жатып,
Чарчаган байкуш жетим уктап калды.

Эс алып бул мусаапыр уктай турсун.
Унутуп бул дуйнонун чуру-чуусун.
Башынан мен силерге тушундуруп.
Жазайын болуп откон кор турмушун.

Жашаган бейкуттукта бир уй-було.
Бактылуу омур сургон бул омурдо.
Баласы ата-энеси учоо чогуу.
Бакыт жок мындан артык уй-булого.

Баласын боорго кысып эркелетип.
Колунан тай-тайлашып жетелешип.
Оксутпой жакшы багып остурушту.
Озгочо жандан артык бополошуп.

Бир жерге мезгил учат токтоп турбай.
Кубантып ата-энесин оо кудай ай.
Бат эле наристенин тили чыкты.
Мезгилден ашып кетпей артта калбай.

Суйлосо элжиретип тили таттуу.
Дайыма ат-энесин кылып шаттуу.
Ан сайын кубанышып эркелетет.
Жалгыз уул ата-энеге кандай барктуу.

Ошентип жай турмушу ото берди.
Бат эле окуй турган мезгил келди.
Уулубуз адам болуп окусун деп.
Мектеп ке билим ал деп аны берди.

Которуп жарашыктуу китеп кабын .
Кубантып суйундуруп эне атасын
Кунуго торт-беш деген баалар алат.
Суйунот мунусуна озу дагы.

Мектепте тентек кылбай тынч олтурат.
Мугалим айткандарын эске тутат.
Чонойсом ата-энемди багамын деп.
Балалык ойу менен тилек кылат.

Жашоодон запкы корбой кулуп-жайнап.
Чонойуп келе жатты канат байлап.
Бул кезде далай суулар агып отту.
Биринин козу ачылса бири кургап.

Бактылуу кундор чиркин отуп жаткан.
Тизилген ыр саптардай акын жазган.
Аябай бактысына балта чабып.
Кор турмуш жаш балага салды капкан.

Тушунбой которо албай далдырады.
Чынында шум ажалга дабаа барбы.
Баласын бул дуйного жалгыз таштап.
Ата-эне оо дуйного сапар алды.

Ата-эне уч кун мурун тойго кеткен.
Баланы таштап койуп эжесине.
Алтыным капа болбой уйдо кал деп.
Энеси кучагына кысып опкон.
Энесин акыркы ирээт коргондугун.
Бул шордуу ошол кезде сезди бекен.

Ал тойдон бир топ киши кызуу чыкты.
Жеткирчу автобуска баары тушту.
Баланын ата-энеси булар менен.
Жеткирчу автобуска бирге тушту.

Бажактап шандуу ырдап келатышкан.
Ойлобой шум ажалды кутуп жаткан.
Олумго тике карай бет алышты.
Турмушун ушул тура аттин арман.

Аба ceer кар жаап турган кыштын куну.
Муз тонуп жолдун бети болгон кузгу.
Ашыгып кан тилеген белди ашмака.
Автобус чыгып барат боздоп уну.

Жаны эле чыккан кезде чокусуна.
Сести алган болуп отту чон каргаша.
Автобус жолдон чыгып тайгаланып.
Зоокадан учуп барып тийди ташка.

А бала кутуп жаткан ата-энесин.
Ордуна муздап калган соогу келди.
Бакырып апакелеп ыйлап жатты.
Журогун солкулдатып турган элдин.

Акыры жаназага эл турушту.
Басылып биртке убакыт элдин чуусу.
Мурзого алып барып комуп келип.
Акыркы карызынан кутулушту.

Кайгырып кайгы жутуп зар какшаган.
Кыйналган жакындары уйдо калган.
Чогулуп кенеш кылып суйлошушту.
Баланы не кылууга мындан ары.

Кор кылбай багамын деп берип антты.
Багууга таежси бел байлады.
Талашып тартышышып бир топ убак.
Туугандар ушул кепти туура тапты.

Ошентип эрке бала жетим болду.
Басынткан жетим деген атка конду.
Байкушту таш боор тагдыр айаган жок.
Ичине жарылчудай бугу толду.

Элестеп басса турса откон кезин.
Ушкуруп жаш чыгарат нымдап козун.
Байагы шайыр конул озгорулуп.
Тунт болуп жудоп кетти шордуу жетим.

Таежеси кун коргозбой кундо урат.
Жетим деп каргап-шилеп кордоп турат.
Кул сымал ойдо карап суйлой албай.
Кунуго баш которбой жумуш кылат.

Айла жок кордугуна конуш керек.
Байкуштун дымагынан эмне келет.
Мун зарын айтканга го эч кими жок.
Мусаапыр жетимдиги буга себеп.

Балага нанды дагы ченеп берет.
Башка чаап шылдын кылып келекелеп.
Тамагын бергендигин колко кылып.
Тындырбай жумуштарды кечке иштетет.

Уйдогу жумуштардын баарын жасайт.
Кочого ойногону такыр чыкпайт.
Канчалык мунун баарын аткарса да.
Таш журок таежесине такыр жакпайт.

Баланы окуудан да чыгарып алган.
Кайсы окуу бар эле деп сен жыргаган.
Айла жок байкуш бала эмне кылмак.
Мектепке жол жабылып барбай калган.

Арыктап чачы осту жудоп кетти.
Туугандын таш боордугу жанга жетти.
Бир жактан ата-эненин зар куйуту.
Жан кыйнап бир башкача журокту эзди.

Окунуп бул жашоого туулганына.
Мунканып наалат айтат жаратканга.
Олгусу жашабастан келип кетет.
Кыйналып жан чыдабай баратканда.

Канчалык аракетин кылса дагы.
Жеткидей кыйналса да мунун жаны.
Жалынып жаш чыгарып ыйласа да.
Кудайга жетпей койду айткан зары.

Аттин ай ата-энеси тируу болсо.
Алардын жанын ажал албай койсо.
Кулпуртуп тилек кылып бакпайт беле.
Атактуу адам бол деп чонойгондо.

Тажады бул уйдогу турмушунан.
Таеженин жанга баткан кордугунан.
Бир куну уйдон чыгып качып кетти.
Чыдабай жашоосунун оордугуна.

Ызы-чуу баш аламн кан базарда.
Бир жетим тентип журот таппай арга.
Жалдырап эки жака карап туруп.
Ушкуруп эл аралап басат кайра.

Бакыт...



Билдирүүнү түзөткөн: naris: 09 Декабрь 2011 - 16:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   solnyshko   09 Декабрь 2011 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Сүрөтыйлагым келди окуп....
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Likvidator   09 Декабрь 2011 - 21:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жакшы жазылыптыр. Адамдын журогуно жеткире жазылыптыр .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   supeeri   10 Декабрь 2011 - 04:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ооба мындай таш боор тагдыр да болот,ырды окуп бутку чейин ошол жаш баланы элестетип ыйладым.Талантын бар экен азамтсын адамдын журогуно жеткирип жазыпсын.Эми ал бала эмне болду сураныч ууландысын да жазып койчу?Сүрөт
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Zamira   10 Декабрь 2011 - 14:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Оой жаным аай... :капамын:
Ушул баланы багып эле алат элем мен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Leanor   10 Декабрь 2011 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

Ошол учун ата-энен мандайында болгон кандай бакыт,эч кимге кор кылбай,суук созун тийгизбей бополоп багып алат.Эми кочодон,базардан жупуну кийинген бала корсом,ушул баланын элесин издей берем.Окшоштурсам, кыя отпой,жардамымды кичине болсо да,тийгизип отом.Журогум сыгылып,козум жашылданып кетти.БАКТЫБЫЗГА АМАН БОЛСУН АТА-ЭНЕЛЕР!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   solnyshko   10 Декабрь 2011 - 15:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

эххххх ушундай оор тагдырлар бар да чындап эле....Колумдан келсе, мүмкүнчүлүк болгондо "Балдар үйүн "ачмакмын! бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бермекмин ошол балдар үчүн......жүрөгүм эзилип кетет ушундай балдарды көрсөм...тагдырдын таш боорлугу да...Сүрөт
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sternchen   10 Декабрь 2011 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 864
  • Катталган: 03 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 10 Окт 2021 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Mars

:капамын:
.. myndai tagdyrdy jaratkan e4 kimdin bawyna salbasyn.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   akusya   17 Декабрь 2011 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт комментарий жаза албадым эхххххххххСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mayramgul90   17 Декабрь 2011 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 19 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Апр 2014 22:29
  • Жынысы:Аялзаты

Aiabai okunu4tu tagdir eken. ar daiym Ata Enebiz janibizda bolsun deit elem! Ushintip kor bolup jurgon baldar azir jok emes da...:капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   nuradyl88   17 Декабрь 2011 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 20 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 01:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖалалАбад -Бишкек арасы......

Сюжети ото эле оор экен, аягына чейин окуп буткончо кыйналып кеттим..... Кудайга эсепсиз тообо кылыгым келди, Бир туугандарымды. ата-энемди менден алыстатпай мээримдулук кылганына...

Анан бул окуяны автор журоктон орун алчуудай даражада жазыптыр, "жазганга эмне себеп болду экен? кай жактан алып жазды экен?" деген суроо туулду менде.....


Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   anjelei   18 Декабрь 2011 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 450
  • Катталган: 15 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Мар 2015 05:13
  • Жынысы:Аялзаты

Жашоо кыйын..... Сүрөт. Бул баланын тагдыры эмне болуп жатат. Мумкун дагы эле кыйналып журсо, дарегин билсениз, айтсаныз жардам беребиз колубуздун келишинче. Менимче достор да кошулса керек менин оюма.
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   naris   20 Декабрь 2011 - 13:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 14 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 07 Фев 2018 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ысык-Кол

Бул тагдыр менин ойумдан жаралган.Уккан коргондорумду аралаштырып жазган элем.Мындай тагдырлар жашообузда коп кездешет ошолорго деле жардам берсек болот ко дейм.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   mayramgul90   28 Январь 2012 - 04:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 19 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Апр 2014 22:29
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения naris (20 Декабрь 2011 - 13:13) жазган:

Бул тагдыр менин ойумдан жаралган.Уккан коргондорумду аралаштырып жазган элем.Мындай тагдырлар жашообузда коп кездешет ошолорго деле жардам берсек болот ко дейм.





Tuura aitasiz! Mindai tagdirlar jok emes. Koldon kelishin4e jardam berse bolot!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aikala   31 Январь 2012 - 21:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тайэже эки дуйнодо жакшылык корбойт ко.Мен окуп алып ушунча ыйладым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Demon   02 Февраль 2012 - 00:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

аянычтууу, тагдыр ар кимге ар кандай кунду салат тура... аябай аянычтууу, автордун бала мемиреп уктап аткан мезгилден пайдаланып, ата-энесинин окуясын тушундуруп бергени да озгочо... :(
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kristall   15 Ноябрь 2012 - 16:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 12 Июнь 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2021 06:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир тууганы учун да ушунча мерез адам болобу??? Чындап эле ыйлата турган чыгарма экен:капамын:
:cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   gulas   15 Ноябрь 2012 - 20:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 27 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Журокту эзген чыгарма экен. Кандай таш боор адамдар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Atabaevtalantbek   16 Ноябрь 2012 - 20:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 000
  • Катталган: 15 Июнь 12
  • Соңку аракети: 30 Мар 2017 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Соз жок.... Азаматсын!
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   meerimka86   26 Январь 2013 - 14:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

ыйладым.азамат автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 14:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: