Жетимдин турмушу
Ызы-чуу баш аламан кан базарда
Бир жетим тентип журот таппай арга.
Жалдырап эки жака карап туруп.
Ушкуруп эл аралап басат кайра.
Кийми кир бети башы болгон кычы.
Жыртыктан чыгып турат ичке буту.
Бутунда кийгени да тешик отук,
Ичине кар аралаш кирет суусу.
Калчылдап ушуп барат кышкы суукта,
Кыйналып ич ооруткан ачкалыктан.
Жалооруп откон элге колун сунуп.
Бирдемке берип кет деп сурайт жардам.
Байкушка кээси берет бербесе жок.
Мындайга башы оорубайт конулу ток.
Кээ бири ит коргонсуп кубалашып.
Мазактап кармап алса уруп согот.
Ошентип байкуш жетим копко журду,
Аралап ары-бери откон элди.
Тынчтантып бул дуйнонун ызы-чуусун
Кун батып суук катуулап кеч да кирди
Байкуштун жатканга да уй-жайы жок,
Темселеп кетип барат кочо бойлоп.
Чонтокто каткан нандан кытыратып.
Кез-кезде оозго салып чайнап койот.
Акыры жатчу жерин издеп тапты.
Бул сууктан олтурбостон калкалачу,
Жылуулук этаждарга берип турган,
Кунуго жаткан жери труба асты.
Астына кат-кат салып кагаз кардон.
Арылбай жан кыйнаган азап ойдон.
Кыйшайып уктаганы жата кетти.
Устундо жабуусу да кардон болгон.
Ой ойлоп уктай албай копко жатты.
Козунон тып-тып тамып жаштар акты.
Кайрылбас тушу сымал алыс калган.
Бактылуу откон кунун эске салды.
Мунканып ата-энесин ойлоп жатып,
Чарчаган байкуш жетим уктап калды.
Эс алып бул мусаапыр уктай турсун.
Унутуп бул дуйнонун чуру-чуусун.
Башынан мен силерге тушундуруп.
Жазайын болуп откон кор турмушун.
Жашаган бейкуттукта бир уй-було.
Бактылуу омур сургон бул омурдо.
Баласы ата-энеси учоо чогуу.
Бакыт жок мындан артык уй-булого.
Баласын боорго кысып эркелетип.
Колунан тай-тайлашып жетелешип.
Оксутпой жакшы багып остурушту.
Озгочо жандан артык бополошуп.
Бир жерге мезгил учат токтоп турбай.
Кубантып ата-энесин оо кудай ай.
Бат эле наристенин тили чыкты.
Мезгилден ашып кетпей артта калбай.
Суйлосо элжиретип тили таттуу.
Дайыма ат-энесин кылып шаттуу.
Ан сайын кубанышып эркелетет.
Жалгыз уул ата-энеге кандай барктуу.
Ошентип жай турмушу ото берди.
Бат эле окуй турган мезгил келди.
Уулубуз адам болуп окусун деп.
Мектеп ке билим ал деп аны берди.
Которуп жарашыктуу китеп кабын .
Кубантып суйундуруп эне атасын
Кунуго торт-беш деген баалар алат.
Суйунот мунусуна озу дагы.
Мектепте тентек кылбай тынч олтурат.
Мугалим айткандарын эске тутат.
Чонойсом ата-энемди багамын деп.
Балалык ойу менен тилек кылат.
Жашоодон запкы корбой кулуп-жайнап.
Чонойуп келе жатты канат байлап.
Бул кезде далай суулар агып отту.
Биринин козу ачылса бири кургап.
Бактылуу кундор чиркин отуп жаткан.
Тизилген ыр саптардай акын жазган.
Аябай бактысына балта чабып.
Кор турмуш жаш балага салды капкан.
Тушунбой которо албай далдырады.
Чынында шум ажалга дабаа барбы.
Баласын бул дуйного жалгыз таштап.
Ата-эне оо дуйного сапар алды.
Ата-эне уч кун мурун тойго кеткен.
Баланы таштап койуп эжесине.
Алтыным капа болбой уйдо кал деп.
Энеси кучагына кысып опкон.
Энесин акыркы ирээт коргондугун.
Бул шордуу ошол кезде сезди бекен.
Ал тойдон бир топ киши кызуу чыкты.
Жеткирчу автобуска баары тушту.
Баланын ата-энеси булар менен.
Жеткирчу автобуска бирге тушту.
Бажактап шандуу ырдап келатышкан.
Ойлобой шум ажалды кутуп жаткан.
Олумго тике карай бет алышты.
Турмушун ушул тура аттин арман.
Аба ceer кар жаап турган кыштын куну.
Муз тонуп жолдун бети болгон кузгу.
Ашыгып кан тилеген белди ашмака.
Автобус чыгып барат боздоп уну.
Жаны эле чыккан кезде чокусуна.
Сести алган болуп отту чон каргаша.
Автобус жолдон чыгып тайгаланып.
Зоокадан учуп барып тийди ташка.
А бала кутуп жаткан ата-энесин.
Ордуна муздап калган соогу келди.
Бакырып апакелеп ыйлап жатты.
Журогун солкулдатып турган элдин.
Акыры жаназага эл турушту.
Басылып биртке убакыт элдин чуусу.
Мурзого алып барып комуп келип.
Акыркы карызынан кутулушту.
Кайгырып кайгы жутуп зар какшаган.
Кыйналган жакындары уйдо калган.
Чогулуп кенеш кылып суйлошушту.
Баланы не кылууга мындан ары.
Кор кылбай багамын деп берип антты.
Багууга таежси бел байлады.
Талашып тартышышып бир топ убак.
Туугандар ушул кепти туура тапты.
Ошентип эрке бала жетим болду.
Басынткан жетим деген атка конду.
Байкушту таш боор тагдыр айаган жок.
Ичине жарылчудай бугу толду.
Элестеп басса турса откон кезин.
Ушкуруп жаш чыгарат нымдап козун.
Байагы шайыр конул озгорулуп.
Тунт болуп жудоп кетти шордуу жетим.
Таежеси кун коргозбой кундо урат.
Жетим деп каргап-шилеп кордоп турат.
Кул сымал ойдо карап суйлой албай.
Кунуго баш которбой жумуш кылат.
Айла жок кордугуна конуш керек.
Байкуштун дымагынан эмне келет.
Мун зарын айтканга го эч кими жок.
Мусаапыр жетимдиги буга себеп.
Балага нанды дагы ченеп берет.
Башка чаап шылдын кылып келекелеп.
Тамагын бергендигин колко кылып.
Тындырбай жумуштарды кечке иштетет.
Уйдогу жумуштардын баарын жасайт.
Кочого ойногону такыр чыкпайт.
Канчалык мунун баарын аткарса да.
Таш журок таежесине такыр жакпайт.
Баланы окуудан да чыгарып алган.
Кайсы окуу бар эле деп сен жыргаган.
Айла жок байкуш бала эмне кылмак.
Мектепке жол жабылып барбай калган.
Арыктап чачы осту жудоп кетти.
Туугандын таш боордугу жанга жетти.
Бир жактан ата-эненин зар куйуту.
Жан кыйнап бир башкача журокту эзди.
Окунуп бул жашоого туулганына.
Мунканып наалат айтат жаратканга.
Олгусу жашабастан келип кетет.
Кыйналып жан чыдабай баратканда.
Канчалык аракетин кылса дагы.
Жеткидей кыйналса да мунун жаны.
Жалынып жаш чыгарып ыйласа да.
Кудайга жетпей койду айткан зары.
Аттин ай ата-энеси тируу болсо.
Алардын жанын ажал албай койсо.
Кулпуртуп тилек кылып бакпайт беле.
Атактуу адам бол деп чонойгондо.
Тажады бул уйдогу турмушунан.
Таеженин жанга баткан кордугунан.
Бир куну уйдон чыгып качып кетти.
Чыдабай жашоосунун оордугуна.
Ызы-чуу баш аламн кан базарда.
Бир жетим тентип журот таппай арга.
Жалдырап эки жака карап туруп.
Ушкуруп эл аралап басат кайра.
Бакыт...
Билдирүүнү түзөткөн: naris: 09 Декабрь 2011 - 16:12