1. Куурулган картошканы дароо эмес, жумшарып калганда туздаган жакшы.
2. Эгер крахмалга бир ууч туз кошуп койсо жуулган шейшеп жаркырап калат. Мындай шейшеп суукта да тоңуп калбайт.
3. Ысытылган лимондун суусун толугураак,
батыраак сыгып алса болот.
4. Пияздын ачуусун кетирүү үчүн сууга жууп коюңуз.
5. Эгер казандын бетиндеги көбүк аралашып, алыш кыйын болсо бир стакан суу куюп койсоңуз, бөлүнүп чыгып калат, анан алыш оңой болот.
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#102 21 December 2011 - 00:13
1. Лимондун ширеси менен дасторкондогу чайдын тагын тазаласа болот.
2. Картошка кайнап жаткан сууга күмүш буюмдарды салып койсо, бир нече мүнөттөн кийин ал жаңыдай жалтырап калат. Арчылган алма карарып калбашы үчүн муздак сууга салып коюу керек.
3. Эгер күл салгычты туз менен тазаласаңыз, тамекинин жыты сезилбей калат.
4. Эт майдалагычты оңой тазалоо үчүн акырында чийки картошканы өткөрүп коюу керек.
5. Кофе менен какаонун тагы эгер ысык туздуу суу менен жуусаңыз кетет.
6. Никель жана күмүштү жаркыратуу үчүн нашатыр спиртине малынган жүн кездеме менен сүртүңүз. Ошондой эле нашатыр менен кийимдин жакасы жакшы тазаланат.

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#103 21 December 2011 - 17:46
Туура тамактануу тууралуу 12 уламыш

1. Ким эт жебесе аз ооруп, көп жашайт
Бул туура эмес. Эгер эттен такыр баш тартып койсоңуз тескерисинче ооруп калышыңыз ыктымал. Тагыраак айтканда жүрөк кан-тамыр оорулары пайда болуу коркунучу туулат.
2. Бышырылган жемиштерден бышырыла элеги пайдалуураак
Бул дайыма эле андай болбойт. Кээ бир жемиштер чындап эле кайнатылганда бир топ витаминин жоготоору турган кеп. А башкасы тескерисинче пайдалуураак болуп калат. Мисалы, ашказан ооруларына чийки сабизге караганда, бышырылган сабиз бир канча таасирлүү жардам берет.
3. Эгер сүт көгүш түстө болсо, демек суу аралаштырылган
Кээ бир сүт сатып алгандар сүттүн өңүнө карап сатуучуну алдады деп шектенишет. Чындыганда көгүш түстөгү сүт, анын тек гана майлуу эмес экендигин билдирип турат. Мындай сүт келбетин бир калыпта сактайм дегендерге туура келет.
4. Толмоч кишилер ачкарын болуусу керек
Бул ой туура эмес. Албетте ашыкча салмак ачкарын болгондо ээрип азаят. Бирок андан кийин чыдабай жеп алганда, семирүү мурдагыдан да көбөйө баштайт. Ошондой эле узак убакыт ачка болуу организмдеги зат алмашууну бузат. Баарынан да акыл сыярлыгы болуп кээде диеталарды кармап турганыңыз эсептелет. Бирок эч качан тамактан баш тартпаш керек.
5. Туз зыяндуу
Бул туура эмес. Узак мезгилден бери жүрөгү ооругандарга тузду кошуп жегенге тыюу салынып келген. Азыр болсо бул зат алмашууда эң керектүү элемент болуп эсептелээри аныкталган. Негизгиси көп жебеш керек, күнүнө болжолдуу 5-6 г туз жетишээрлик. Маалымат үчүн: мындай доза 4 даана туздалган бадыраңда болот.
6. Микробду жок кылуу үчүн сууну кайнатуу керек
Муну да толук туура деп айтууга мүмкүн эмес. Кайнатуу менен бардык микробду өлтүрө албайсың. Бул үчүн суу өтө жогорку температурада кайнашы керек.
7. Ыссык нандан тез-тез жеп туруш керек
Бул да акылга сыйбаган түшүнүк. Нан чындыгында пайдалуу экендигинде сөз жок. Бирок чеги менен.
8. Тоңдурулган азыкта витамин болбойт
Болбогон кеп! Тескерисинче азыктар бат тоңдурулган мезгилде витаминдердин көп пайызы жоголбой узак мөөнөт сакталат. Эгер жашылча-жемиштерди көпкө кармап, кийин муздаткычка салсаңыз, анда ал алда канча пайдалуу заттарын жоготот.
9. Боор – бул абдан пайдалуу азык
Чындыгында эле боордо витаминдер, минералдар жана организмге керектүү болгон темирлер көп. Бирок, ал аябай майлуу жана холестериндүү. Ошондуктан чеги менен жеген жакшы.
10. Айранда алкоголь болгондуктан баш ооруну жазат
Айрандын курамында алкоголдун дозасы аябай эле аз болот. Бир чака айрандагы спирт, жаңы үзүлгөн тек алмуруттагы спиртке барабар.
11. Лимон канчалык ачуу болсо, андагы С витамини ошончолук көп болот
Бул чындыкка туура келбейт! Кычкыл даамдан эч кандай С витаминин издөөгө болбойт. Мисал үчүн, эч кычкылы жок болгар переци менен кулпунайда бул витамин көбүрөөк. Ал эми жашыл пиязда болсо андан да көп.
12. Маргарин майы каймак майынан жакшыраак
Туура эмес тамактануу
Адатта туура эмес тамактануу төмөнкүдөй мүнөздө болот: жумушка кетээрдин алдында эртең мененки тамактын өтө начардыгы (стакан чай же кофе менен гана чектелгендиги), жумуштагы толук кандуу эмес түшкү тамак (бутерброд сыяктуу тамактар), жумуштан келгенден кийин үйдөн кечки тамакты нык тоё жегендик. Иш жүзүндөгү мына ушундай эки жолку тамактануу ден-соолукка түзүк эле зыян келтириши мүмкүн. Биринчиден, кечки тамакка нык тоюп алуу миокард инфарктынын, курч өтүүчү жарат ооруларынан панкреатиттин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн. Тамак канчалык көп желсе, ал ошончолук узак мөөнөткө чейин адамдын канындагы майлардын топтолушун жогорулатат жана ал өз кезегинде атеросклероздун өсүшүнө алып келет. Илимий адабияттарда, мисалы, миокард инфарктынын же өрчүп кеткен панкреатиттин сезилээрлик өлчөмдө көбөйүү кокустугу, майрамдарда майлуу тамак жеген учурларда көбөйүп кеткендиги жөнүндө жазылган.
Кечинде жумуш күнү аяктагандан кийин адамдын энергиялык сарптоолору анчалык көп болбойт. Ошол үчүн тамакты кечинде өтө көп кабыл алуу төмөнкүлөргө алып келет: керектелген углеводдордун толук кычкылдануудан өтпөгөн бир кыйла үлүшү майларга айланат, ал май ткандарында запас катарында жыйнала берет. Тамак-аш рационунун негизги үлүшүнүн кечки сааттарга жылдырылышы тамактануу режиминин бузулушуна алып келет, ошондой эле ал семирүүнүн пайда болушуна жана өсүшүнө жардам берет. Көптөгөн адамдар түшкү тамактын ордуна пирожный, май кошулуп ачытылып жасалган нан же булочка менен тамактанышат. Бул учурда адамдын организми ага зарыл болгон тамак-аш заттарынын рационалдуу жыйындысынын ордуна көбүрөөк артыкчылык менен углеводдорду алышат. Организмге башка тамак-аш заттары өтпөй калган учурда анын айрым бөлүгү майга айланып, семирүунүн өсүшү үчүн шарт түзөт. Адатта кондитердик татымдарда көп өлчөмдө жеңил ээрүүчү жана тез сиңирилүүчү углеводдор (жөнөкөй кант) бар, ал өз кезегинде кант диабетинин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Тынчтыкбек Досмуратов
Гулира Калыкова

#105 21 December 2011 - 18:23
Рахмат кеңешиңерге.
Уланта бергиле.
Уланта бергиле.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#106 21 December 2011 - 22:49

Анардын касиеттүүлүгү:
Анар адамдардын эң таттуу мөмөсү эле эмес, абдан пайдалуу дагы.
Курамы пайдалуу заттарга бай
Анарда шекер, органикалык кычкылтектер, минералдар, темир, калий, кальций, кремний, фосфор, С, В1, В6, РР витаминдери бар.
Анар пайдалуу:
1.Кан азда – анарда темир көп болгондуктан кан үчүн абдан пайдалуу. Таасир мыкты болуш үчүн күнүнө жок дегенде сөзсүз бир анар жеңиздер.
2.Ашказан оорусуна – анардын кабыгын эзип аны 200 мл сууга 15 мүнөт кайнатыш керек. Анан муздатып, 1 чай кашык шекер, 1/2чай кашык спирт, арак же вино. Жарым же бир кашыктан күнүнө 3-4 жолу ичиңиз.
3.Ичеги карынга суук тийгенде – майдаланган кургатылган анардын кабыгынан 20 грамм алып бир стакан сууга кошуп, күчтүү эмес отто 30 мүнөт кайнатып, муздагандан кийин күнүнө 2 аш кашыгы менен 2 жолудан ичип туруңуз.
4.Кулак жана мурун ооруганда – 1 анардын уругун майдалап ага 100 грамм бал кошуңуз. Жасалган аралашмадан ооруган жериңизге күнүнө 2 жолудан жасаңыз.
5.Ангина - анардын ширеси менен мурунду чайкаса болот. Күнүнө 4-5 жолу жасаш керек. Анардын курамы бактерияларды өлтүрө турган касиетке ээ. Ошондуктан таасири күчтүү болот
6.Безеткилер чыкканда – 2 кашык анардын ширесине 1 чай кашык туз менен самындын көбүгүн кошуп маска жасайсыз. Аны таза бетке 2-3 мүнөт койсоңуз жетиштүү болот.
7.Бетке тактар чыкканда - анардын курамында лимон кычкылтеги бар болгондуктан аны бетти тазартуу жана тазалоо үчүн да каражат катары колдонсо болот. Ал беттеги пигменттик тактарды, безеткилерди, сепкилдерди кетирүү касиетке ээ. Талаада картошка казып иштеп колуңуз карарып калганда да ушул анардын ширеси менен жууп койсоңуз эч нерсе болбогондой сезесиз.
8.Тери кам көрүүгө муктаж болгондо - анардын ширесине каймакты кошуп коюп териге азыктануучу эң сонун каражат жасап койсо болот.
9.Чачка боёк керек болгондо – ар кандай түскө боёсо болот.
10.Табит жоголгондо – ашказандын туура иштешин көзөмөлдөйт, тамакка болгон табитти көтөрөт.
11.Бөйрөк, ооз көңдөйү, ооруганда – мындай учурда оору басылганча бир нече күн катарынан анардын ширесин ичсе болот же өзүн жей бериш керек.
12.Жашаргысы келгенде – анардын жалбырагын индиялык айымдар дары катары эле эмес, жашартуучу каражат катары да колдонуп келишет.
13.Организм кыйналганда – организмдеги зат алмашууну жөнгө салат, кандын курамын тазартат, организмдеги уулуу заттарды сыртка чыгарат. Ошентип адамдын бети, денеси тазарат.
14.Чач өспөй, тырмактар түшө баштаганда – чачын бат өстүргүсү келгенде жана тырмактар түшө баштаганда анарды сүйүш керек.
15.Ашказанга суук тийгенде, ич өткөндө, геморрой ооруларында – анардын кабыгын кайнатып чай катары колдонуш керек.
16.Импотенция болгондо – эркектерге анар виагра дарысы сыяктуу эле жардамын берет.
17.Жөтөлгөндө – жаңы анарлар жөтөлдү жок кылат.
Эскертүү: Анардын ширесине сөзсүз таза суу кошуп ичиш керек . Анткени, анын курамындагы көптөгөн кыкылтектер эмаль менен ашказанга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#107 23 December 2011 - 00:20

Сарымсактын пайдасы
Сарымсактын курамы: витамин жана минералдар
Сарымсактын курамына азот заттары, натрий, калий, кальций, магний, кремний, серна, фосфор кычкылтектери, витамин С, D, В витаминдери, фитостерин, фитоницид жана эфир майы кирет.
Сарымсактын касиети: эмнеси менен пайдалуу
Курамы пайдалуу жана керектүү заттарга бай сарымсак дарылык касиети менен айырмаланып келет. Ал ашказан, ичеги карын, заара чыгаруучу каналдарды, жүрөк кан тамыр жана башка көптөгөн ооруларды айыктыра алат. Сарымсак артериалдык басымды басаңдатканга, ооруну жеңилдеткенге, жаракатты айыктырганга, микробдорду, курттарды өлтүргөнгө, улуу заттарды жок кылуучу касиетке да ээ. Ошондой эле сарымсактын курамында антиаксиданттык касиети бар селен бар.
Сарымсактын курамы төрт жүздөн ашык ар түрдүү пайдалуу компоненттерге бай. Ал адамдын организминдеги холестериндин өлчөмүн азайтат, канды суюлтат, кан басымын төмөндөтөт, суук тийгенди жок кылат, адамды кеч картайтат. Бул жыйынтыктарга жетиш үчүн адам күнүнө сарымсактын башынын бир эки бөлүгүн жеп туруш керек.
Сарымсактын жыты
Сарымсактын күчтүү, жагымсыз жыты бар экенин билебиз. Ошондуктан кээ бир учурда жыттын айынан аны жегенден жийиркенебиз. Бир чети бул деле маселе жаратпайт. Анткени, аны колдонгондон кийин лимондун кесиндилеринен, петрушканын сабын чайнап койсо же табигый таза жаңы сүт менен чайкап койсо жыт бат эле кетип калат.
Сарымсак канды суюлтат жана табигый антибиотик болуп эсептелет. Айлана-чөйрөдөгү терс таасирлерден сак болуп, ар кандай ооруларды алдын алуу үчүн иммундук системаны чыңдоо маанилүү. Ал эми сарымсак мындай жагдайда жакшы таасирин берет жана көптөгөн микробдордун түрүн өлтүрө алат. Ошондуктан аны көптөгөгн медициналык дарыларга, каражаттарга кошушат. Сарымсактын негизинде жасалган дарылар рак клеткаларын таасирдүү жок кыла алган. Бир чети эске сала кетиш керек: сарымсактын негизинде жасалган дарыларды көп жана узак убакыт бою колдонуу ичегидеги микрофлораны бузулушуна алып келет.
Адамга суук тийип калганда сарымсак эң сонун дарылык таасирин берет. Ошондой эле нерв системаларын чыңдоодо, заара чыгаруучу органдар ооруганда, организмди тазалоодо да сунушталат.
Сарымсак кандагы жаман холестериндин деңгээлин түшүрөт. Жүрөктүн иштешине да жакшы таасирин берет.
Сарымсак менен дарылануу
Цинг учурунда сарымсакты баардык тамактардын түрү менен нан менен өзүнчө жей бериш керек.
Тиштин оорусун сарымсак менен дарылоо
Курттарды кубалоо
10 гармм тазаланган жана майдаланган сарымсакты жарым стакан (1/2) кайнак сууга же жаңы сүткө салып, бир аз убакытка коюп муздатабыз. Түндө коюлчу эки кичиклизмага жетет.
Ангина, жөтөлгү, чүчкүрүп суук тийип калганда: сарымсактын башынын 1 бөлүгүн экиге кесип алып бир күндүн ичинде көп жолу терең жыттап туруш керек.
Ангинада сарымсактын тундурмасы менен тамакты чайкап чыгыш керек. Сарымсактын башынын бир бөлүгүн майда туурап алып, ага бир стакан жылуу кайнак сууну куюп бир саат коюп коюш керек. Андан кийин оорулуу тамакты чайкаңыз.
Дем алуу органдары ооруп калганда, 5 бөлүгүн тазалап, майдалап туурап, бир стакан кычкыл сүткө аралаштырабыз. 30 мүнөткө коюп коёбуз. Жылуу абалында бир аш кашыгы менен бир нече жолу ичип бүтүш керек.
Жөтөлгөндө жана какырык чыкканда, жалпы иммунитетти көтөрүш үчүн, жана буга окшош башка оорулардан сактаныш үчүн 1 стакан сүткө 1 чай кашык сарымсактын ширесин кошуп колдоносуз.
Сасык тумоону алдын алуу: сарымсакты майдалап, эзип, марлиге ороп жыттап туруш керек. (бир катмар)
Сарымсак жашартуучу касиетке ээ. Уйкуңуз качып ден соолугуңуз начарлап жатканда: 350 грамм сарымсакты талкалап, 24 лимондун ширесин сыгып алып аралаштырабыз. Аны банкага салып оозун марли менен таңып, бир сутка коёбуз. Колдоноордун алдында чайкап алабыз. Уктаардын алдында 1 чай кашык дарыны жарым стакан сууга кошуп ичсе болот.
Иммунитетти чыңдоо үчүн күнүгө эртең мененкисин сарымсактын бир башынын жарымынан аз бөлүгүн жарым стакан жылуу кайнак суу менен тамакка бир же жарым саат калганда ичип коюш керек.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#108 23 December 2011 - 02:08

Такты кантип кетирүү керек?
Жаңы так түшсө муздак сууга чылап коюңуз, анан жылуу сууда самындап жууп салыңыз.
Ысык үтүктүн изи: пияздын ширеси же боткосуна чылап, бир канча саат коюңуз. Анан жууп саласыз. Андан сырткары суутек кычкылына (перекись водорода) чылап койсо болот.
Дезодорант: кийимди жуугандан мурда ашкана уксусуна чыланган кездеме менен дезодоранттын тагын сүртүңүз.
Помаданын тагы: спиртти сүйкөп, анан жууп салыңыз.
Сагыз: кийимди баштыкка салып, муздаткычка салып тоңдуруп коюңуз. Бир сааттай убакыт өткөн соң сагыз ушунчалык катып, щетка менен оңой эле алына турган болуп калат. Калган такты самын менен жууп саласыз.
Шамдын мому: момду бычак менен акырын кырып алыңыз. Андан кийин тагы калганда үстүнө сууланган кездемени жаап, анын үстүнө бир нече кабат кагаз салфетканы коюп, ысык үтүк менен басаңыз. Так жоголгонго чейин кагаздарды алмаштырып туруңуз.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#109 23 December 2011 - 14:55
Дагы жакшы кенеш таап алдым. Силерге да кереги тийсе керек.
Кийимди кантип туура үтүктөш керек?
Бир катар үй жумуштарын жасаганды жактырбаганыбыз менен жасабай таштап салууга да болбойт эмеспи. Кийим үтүктөөнү жакшы көрөм деген айымдар сейрек кездешет. Жасаганга жараша ар бир иштин майын чыгара аткарганга не жетсин. Эгер иштин көзүн билсең, баары жеңил көрүнөт. Ал үчүн кичинекей кеңештер да артыкчылык кылбайт.

Кантип туура үтүктөө керек?
Үтүктөөгө киришээрден мурун үтүктүн тазалыгын, жылмакайлыгын текшерип алыңыз.
Үтүктөлө турган кийим канчалык жука болсо, астына төшөлгөн кездеме калың болушу абзел.
Таза жуулган кийимдерди гана үтүктөө керек, анткени ысыган үтүк кирди кездемеге ого бетер сиңиртип салат.
Үтүктөлгөн кийим тез бырышып калбаш үчүн дароо шкафка салбай, 2 саат бөлмө температурасында калтырып коюңуз.
Үтүк катуу ысып кетсе же кийим суу болгон учурда саргарып калат. Сары болгон жерди дароо дакини муздак сууга салып сүртүп, кайрадан үтүктөңүз. Эгер жардам бербесе жуушка туура келет.
Үтүктөлбөй турган кездемеден тигилген кийимдерди жууган соң сыкпастан, илгичке илип койсоңуз бырыштары жазылып кетет.
Кышкы сырт кийимдерди, пальто жана костюмдарды чарага кайнак суу куюп, үстүнө илип койсо, бууга тырыштары жазылып кетет.

Баардык кездеме бирдей эмес
Синтетикалык кездемелер үчүн үтүктү бир аз гана ысытыш керек. Андан жогорку температураны жибек жана жүн кездемелерге колдонобуз. Андан да күчтүү ысытылган үтүк кебезден жасалган кийим-кечекке туура келет.
Крахмалданбаган кебез кездемелерге үтүктү салыштырмалуу күчтүүрөөк ысытыш керек. Суу чачып, эгер саймаланган болсо, сөзсүз оодарып, ички бетинен үтүктөңүз.
Жибек менен шайыны сөзсүз ички бетинен, сууланган жука даки төшөп үтүктөйбүз.
Жүндөн ийрилген кездемелер көп учурда түлөп же түктөрү түшө баштайт. Мындан кутулуу үчүн дакини же зыгыр кездемени уксус кычкылы кошулган сууга чылап, катуу сыгып үтүктөш керек. Токулган кийим-кечекти көпкө кийем десеңиз, үтүктөбөгөнгө аракет кылыңыз. Сынын бузбаш үчүн кылдаттык менен кургатыш абзел.
Тукаба менен бархат чоюлуп, өңү бузулбаш үчүн өтө этияттык менен, илгичке илип алып же жумшак жаздыктын үстүнө коюп бууга кармайбыз. Катуу баспай, үтүктү кездеменин түгүнүн багытында үтүктөйбүз.
Тор кийимди өтө зарыл болгон учурда гана үтүктөш керек. Алдын ала крахмалдап, андан соң төмөнкү температурада ысытылган үтүк менен басуу керек.

#110 02 January 2012 - 23:11

Күрүч тууралуу кеңештер:
Ысык сууга күрүчтү чылоого болбойт. Себеби андагы белок азаят.
Күрүчтү жууганда сууга 1-2 аш кашык туз кошсо, күрүчтүн улпагы жакшы кетип, майдаланбайт.
Күрүчтү муздак сууга же сүткө салса, жакшы эзилип бышат. Ошондой эле кайнап жаткан туздуу сууга салса да дандары эзилбей бүтүн бышат.
Күрүчтөгү жагымсыз жытты алаканга салып жыттап билүүгө болот.
Кагазга ороп сактоого болбойт.
Күрүчтү кургак, караңгы жерде, кескин жыттуу азыктардан алыс сактоо керек.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#111 24 January 2012 - 18:28

•Колдогу сарымсактын, балыктын жытын кетирүүдө колуңузду туз менен сүртүп, самын менен жуусаңыз, жыт бат кетет.
•Бөлмөдөгү тамекинин жытын терезени ачып коюп, төрт тарабына сууланган жүзаарчы коюп койсоңуз, жүзаарчы тамекинин жытын өзүнө сиңирип алат.
•Ашкананын пардасын жууйм десеңиз, түнү менен аны туздуу сууга чылап коюп, эрте менен жуусаңыз, таптаза болот.
•Үйүңүздү сырдап, сырдын жыты башыңызды оорутуп атса, сарымсакты аарчып, бөлмөгө бир күн койсоңуз, сырдын жыты кетет.
•Айнек идиштин баарын атайын жасалган суюк самын менен жуубай, жөнөкөй эле уксус жана туздан сээп жуусаңыз, таза жана жалтырак болот.
•Эгер сүтүңүз газдын үстүнө ташып кетсе, ошол замат сүт ташыган жерге туздан сээп, сууланган кагазды баса калсаңыз, сүттүн жыты бөлмөгө тарабайт.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#112 24 January 2012 - 18:42

Күнүмдүк турмушта үй иштеринде пайда болгон кээ бир майда-чүйдө маселелерде кээ бир кеңештерди бермекчибиз.
Картошкадан калган кара такты уксус менен кетирсеңиз болот
Картошка тазалап атканда көпчүлүк кожойкенин колу кара болуп, кийин бир нече күнгө кетпей калат. Андай учурда, картошка аарчырдан мурун колуңузду анча күчтүү эмес уксус менен чайкап, кургатып аласыз. Ал эми картошканы аарчып бүтөөрүңүз менен колуңузду самындап жууй калсаңыз, кара тактар калбайт.

Мискейиңизди жылтыратыңыз
Көпчүлүк үйдө алюминден жасалган мискейлер бар. Кээ бирлер анын карасын кетире албай кум менен, атайын зымдар менен кырып жуушат. Мындай учурда кум менен кыйналып жууп отурбастан, картошканын жана алманын кабыгын ал мискейге кайнатсаңыз, кири бат эле кетип, мискейиңиз жалтырап калат.
Мискейдин түбүндөгү кырмычыкты оңой кетириңиз
Мискейиңиздин түбүнө тамак күйүп калса, аны кырып отурбай эле муздак суу куюп, кичине туздан сээп койсоңуз бир нече сааттан кийин тамактын калганын бат эле алып чыгат. А эгер сыр мискей болсо, ысык сууга бир кашык соода кошуп туруп куясыз. Бир нече сааттан кийин кайнатсаңыз, тамактын калдыгы сонун кетет.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#113 24 January 2012 - 18:46

Скотчтун тагын кантип кетирүүгө болот?
Кичинекей чүрпөлөрү бар үйлөрдө көбүнчө балдары скотчту ар кайсы жерге жабыштыра беришет. Ал эми эмеректерге жабышкан скотчу кээ бир бычак менен кырып ийип, так калтырып коёт. Мындай учурда айдоочулар колун жууган паста менен такты сүртүп, 10-15 мүнөт коёсуз дагы губка менен сүртүп коёсуз.

Жумуртканы кантип тандоо керек?
Эгерде жумуртка күнгө жалтырабаса, анда ал жаңы болот. А эгер жумуртканын сырты жылмакай болсо, анда ал көп туруп калган. Андан сырткары салмагынан да эски жаңысын биле аласыз. Жумуртканын жаңысы оор келип, эскирип калганы жеңил болот. Эгерде жумуртканы кулагыңызга алып келип чайкасаңыз, сарысы ары-бери жылса, ал эскирип калганын унутпаңыз. Идишке суу куюп алып да текшерсеңиз болот. Жаңы жумуртка сууга чөгүп кетет дагы, эскирип калганы чөкпөй туруп калат.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#114 30 January 2012 - 23:47

Лимондун пайдалуулугу:
Ашканада, сулуулукта лимондун көп эле пайдалуу касиеттерин билебиз. Ал эми үй тиричилигинде лимонду ар кандай максатта колдонууга болоорун көпчүлүк биле бербейт.Айрыкча химиялык тиричилик каражаттарынан аллергиясы барлар үчүн лимон эң мыкты жардамчы.
Лимонду такты кетирүү максатында колдонсо болот. Лимон ширеси менен бир аз тузду аралаштырып, бул аралашманы так болгон жерге сыйпайсыз. Бир аздан соң жууп саласыз.
Кийимдеги кандан, атүгүл даттан калган такты кетирүүдө да лимон пайдаланылат. Кийимдин ошол жерине бир аз лимон ширесин төгүп, анын үстүнө туздан себелейсиз да, кийимди күнгө жайып коёсуз. Бир нече сааттан кийин карасаңыз тактан дайын калбайт.
Ак түстөгү кийим, дасторкон же башка буюмдар убакыттын өтүшү менен саргара баштайт. Мындай учурда аларды лимон ширеси кошулган сууга кайнатсаңыз болот.
Конок тоскондун эртеси дасторкондо пайда болгон винонун, сыранын тактарын кетирүү үчүн да лимон жардамга келет. Ал үчүн ортосунан бөлүнгөн лимондун жарымы менен так болгон жерди сүргүлөп, күнгө бир аз жайып коёсуз. Андан соң дасторконду таза жууп, жакшылап чайкап саласыз.
Үйдү жыйнап-тазалоодо да лимондун пайдасы көп тиет. Ваннадагы жана ашканадагы крандарды лимондун кабыгы менен сүртүп, андан кийин самын суу менен жууйсуз да, анын артынан кургак чүпүрөк менен сүртүп чыксаңыз, алар жаркырап калат.
Ушул сыяктуу эле лимон металл мискейлерди да жалтыратат. Ал үчүн мискейлериңизди лимондун кабыгынын ич жагы менен сүртүп, андан соң жууп саласыз.
Эгер үйүңүздө майда кумурскалар пайда болсо, кумурсканын чыккан жерине лимон ширесин сүртүп коюңуз. Бир канча убакыттан кийин аракетиңиздин жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.
Лимондун дагы бир жакшы касиети - башка жемиштер салынган идишке лимонду кошуп салып койсоңуз, ал жемиштердин бузулуусунан сактайт. Ошондой эле быша элек бананды тезирээк бышырат.
Тамак жасоодо колуңуз балык, пияз, сарымсак жыттанып калса, колуңузду, сиз пайдаланган бычакты, тактайды лимон менен сүртүңүз. Андан соң жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан эч нерсе калбайт.
Кичи толкундуу мештин ичиндеги жагымсыз жыттан арылуу үчүн лимондун бир нече кесимин жана бир пиала сууну мештин ичине коюп, аны максималдуу кубаттуулукта 2 мүнөткө иштетип коюңуз.
Ушул сыяктуу эле лимон муздаткычтын ичиндеги жагымсыз жытты да өзүнө сиңирип алат. Ал үчүн лимонду экиге бөлүп, аны бир нече убакытка муздаткычка салып коюңуз.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#115 09 February 2012 - 18:07
Менин суроом баягы эле туплий боюнча
. Бирок эскиси. Мага өлө жагат да, ыңгайлуу: чуркасаң да, секирсең да эч нерсени тоотпочудай.
Бир жаман жери замши болгондуктан бат эле чаңдай берет. Ошону краскалап же бирдеке кылса болобу? Болсо кандай краска менен? Антпесе аны же майлаганга болбойт
замши дегенинизге тушунбодум
#116 09 February 2012 - 18:26
Саламатсыздарбы,
кеч болгондо уктай албайм ,ары томолоном бери томолоном ошентип аран уктаймын ,ертереек уктоого кимдин пайдалуу кенешы бар жаза кетиниздерчи
#118 28 February 2012 - 12:52
[quote name='Альбина'
date='06 Апрель 2010 - 19:47' timestamp='1270561668'
post='350285'
]
банканын ичине бир кашык аш майын куюп койсо да болот
банканын ичине бир кашык аш майын куюп койсо да болот
#119 02 March 2012 - 01:33
Жумуртка тууралуу сиз билбеген 10 факт

1. Тоок бир жылда болжол менен 250-300 жумуртка тууйт.
2. Эгер жумуртка кокусунан килемдин үстүнө жарылып калса, оңой кетиш үчүн анын үстүнө дароо туз себелеп коюңуз.
3. Бир орточо жумуртканын кабыгында 17 миң майда тешик болот. Ошол тешиктер аркылуу жумуртка жытты өзүнө сиңирип алат. Коробкада сакталган жумуртка көпкө чейин бузулбай турат.
4. Кытай маданиятында жумуртка - жашоонун белгиси. Үй-бүлөдө бала төрөлгөндө жумуртканы бакыттын түсү болгон кызыл түскө боёшот. Бул жаңы төрөлгөн балага бакыт алып келет деген ишеним бар.
5. Көпкө сакталган жумуртка бузулуп калат. Жумуртканын эски же жаңы экендигин билүү үчүн аны туз кошулган сууга салуу керек (1 литр сууга 125 грамм туз): жапжаңы жумуртка сууга чөгүп кетет, көп турбаган жумуртка суунун ортосунда калкып турат, ал эми көпкө туруп, бузулуп калган жумуртка суунун бетинде калкып калат.
6. Жумуртка оңой аарчылыш үчүн бышкан соң бир нече мүнөт муздак сууга сала туруу керек.
7. Жумуртканын сарысынын түсү канчалык ачык болсо, анда витаминдер ошончолук көп.
8. Бышкан жумурткага караганда чийки жумуртка пайдалуураак болот.
9. Жумуртканы кууруу - болбогон нерсе. Ансыз деле ал майлуу.
10. Кабыгы ак жана күрөң жумурткалар бири-биринен пайдалуулугу жагынан айырмаланбайт.

#120 02 March 2012 - 08:58
Отравление болгондо же ашказан жакшы аш кыла албай турганда ЖИВОЙ бактерия (лактобактерин,
бифидосбактерин ж.б.) же АЙРАН(айрандын составында да живой бактерия,т.а.
ашказанга пайдалуу бактериялар бар), ЛЕМОН согун коп ичичш керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео