Суперстан: Тактыдан "тарс" ыргыткан 61 саны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Тактыдан "тарс" ыргыткан 61 саны

#1 Пользователь офлайн   ELTYN   21 Декабрь 2011 - 14:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Кыргыз эли мистикага жакын эл болот эмеспизби. Азыр элдин көбү саясатка кулак түрүп турган маалда саясий мистика боюнча бир шиңгил жазалы дедик. Кыргыз Республикасынын тарыхындагы президенттердин 61 жашында бийликтен кетишкенин, Роза Исаковна да 61 жашында тапшырып, эгер жакшы иштесе Алмазбек Атамбаев да 61 жашында президенттик тактыны тапшырат экен.

61 жашында качып кеткен тунгуч президент Аскар Акаев
Табышмактуу 61 саны менен биз Кыргыз Республикасындагы бийликтеги окуяны айткыбыз келип атат. Быссымылда дегенде эле Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев жөнүндө сөз кылалы. Техникалык илимдердин доктору 1944-жылы Кемин районунун Воронцовка айылында бул жарык дүйнөгө келген. Коомдук иштерге катышып жүрүп, 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз Республикасы СССРдин курамынан бөлүнүп чыкканда тунгуч президент болуп шайланат. 1995-жылы экинчи президенттик шайлоодо да атаандаштарын артта калтырып, жеңишке ээ болгон. 2005- жылы 24-мартта, тактап айтканда 61 жашында Аскар Акаевич үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Себеби өзүнүн уулу Айдар, кызы Бермет жана "Алга Кыргызстан" , "Адилет" үй-бүлөлүк партиясынан 20 адам депутат болгонуна элдин кыжыры кайнап революция кылышкан. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары менен дүйнөнү дүңгүрөткөн болсо, Аскар Акаевич өз өлкөсүнөн качып кеткен президент катары дүйнөнүн төрт тарабына Кыргызстанды белгилүү кылды. Анысына да рахмат. Аскар Акаев качты, бирок кан төккөн жок. 24-мартты элдик революция күнү деп майрамдап калдык. Ошентип пайгамбар жашында Аскар Акаев өлкөсүн таштап качып кетип, эми Кыргызстанга кайтып келиштин айласын таппай ар кимге жармашып отурган кези.


Курманбек Бакиев 61 жашында Кыргызстандан куулду
Экинчи каарманыбыз албетте Курманбек Бакиев экени талашсыз. 1949-жылы 1-августта Жалал-Абад облусунда жарык дүйнөгө келген. Курманбек Бакиев карьерасын Куйбышевдеги Масленников заводунан баштаган. Кийин балык комбинатта жүк ташыгыч да болуп эмгектенген. 1978-жылы Куйбышев атындагы Политехникалык институтун аяктайт. Аскар Акаевдин качып кетиши менен (ал кезде премьер министр болуп турган кези болчу) анын ордун басып калды. Аскар Акаев он төрт жыл иштесе дагы кан төгүүлөр дээрлик жокко эсе болгон. Курманбек Бакиев бийликке келээри менен эле мыкты депутаттар, спортсмендер табышмактуу өлүмгө дуушар болду. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 90 пайыз добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланды. Нысапсызга кашык сунсаң беш ууртайт болуп, бийликке манчыркаган "бакиевчилер" өлкөнү туш тарабынан тоноп жатышканын көргөн эл дагы чыдабай 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып революцияга чыкты. 90дон ашуун жигиттер курман болуп, кан төгүлдү. 15-апрелде Убактылуу Өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев Кыргызстандан чыгып кетти. Ошентип Бакиев да 61 жашында президенттик тактыдан ыргыды.


Роза Отунбаева 61 жашында бийликти тапшырып атат
Үчүнчү президент албетте Роза Исаковна Отунбаева болду. Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта Бишкек шаарында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин диалектикалык материализм кафедрасында окутуучулук кызматынан баштаган. Андан кийин аталган кафедранын улук окутуучусу, бир аз убакыттан кийин анын башчысы болгон. Философия илимдеринин кандидаты, доцент.
1989-жылдын январынан баштап Р.И.Отунбаева СССР ТИМинде: адегенде жооптуу катчы, андан кийин СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын төрайымы болуп иштеген. 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарып, эркек көтөрө алгыс жүктү көтөрдү. 2010-жылдын июлунан тартып - Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Кыргызстандын алгачкы президенттери сымал качып кетпесе да, аларга окшоп 61 жашында президенттик тактыны тапшырып атат.


Алмазбек Атамбаев
1-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Кыргыз Республикасынын Президентинин иннаугурациясы болот. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңди. Алмаз Шаршеновичтин туулган жылына кайрыла турган болсок, 1956-жылдын 17-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айлыныда төрөлгөн. Эгер жакшы кызмат кылып, алты жылдык мөөнөтүн ийгиликтүү өтөп кетсе, Алмазбек Шаршенович да Кыргыз Республикасынын тарыхындагы 61ге чыкканда бийликти тапшырган президенти болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   solnyshko   21 Декабрь 2011 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

дааааа. мен билген эмесмин ,кызык экен...
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Likvidator   21 Декабрь 2011 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бир тараптан туура чыгып жаткандай ой калтырды .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Likvidator   21 Декабрь 2011 - 17:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бир тараптан туура чыгып жаткандай ой калтырды . Анда 61 жашка жакындаган саясатчылар президенттик тактыга аракет кылбай коюшса да болот эми.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   temu   21 Декабрь 2011 - 17:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

61 жаш мучол жаш дечу беле, башкача айтканда Мухаммед пайгамбар ушул курагында каза болсо керек эле.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Таллас   21 Декабрь 2011 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения temu (21 Декабрь 2011 - 17:40) жазган:

61 жаш мучол жаш дечу беле, башкача айтканда Мухаммед пайгамбар ушул курагында каза болсо керек эле.


Жок.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) 63 жаш курагында көз жумган. 40 жашында пайгамбар болгон. 13 жыл Мекке шаарында даават кылып, анан Медина шаарына көчүп анда 10 жыл жашагандан кийин каза болгон. Ал жыл 632-жылы эле...

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Programmer   24 Декабрь 2011 - 15:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Мен эчак эле укканмын 61 жаш жөнүндө 3 экс-президент 61 чыкканда бийликтен кетишти. ( экөөсү качып.)
Атамбаев да 61 жашка чыкканда президенттик мөөнөтү да бүтүп калат экен.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aote   24 Декабрь 2011 - 18:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Кызык....61?чын эле мистикалык санбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aote   24 Декабрь 2011 - 18:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Дагы кандай мисалдар бар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ELTYN   31 Декабрь 2011 - 11:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Биздин Ажолор учун ошондой окшойт мистикалык сан 61 тан калыштуу.Озум да окуп тан калгамын башында.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   azamat1992kg   01 Январь 2012 - 02:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

61 жашка чыгып анан Алмазбек Атамбаев бийликти тапшырып калат экен да ээ?! Мына кызык! :tongue:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aminali   01 Январь 2012 - 08:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Жакшы жаңылык экен,эми ар кимдин алтымыш бир жашын аңдып жүрө берем го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   future_kg   02 Январь 2012 - 20:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Окт 2020 22:31

Билбейм,акаевтин 15 жылдан кийин жакындары,бакиевтин беш жылдан кийин, ал эми атамбаевтин жакынрары 15 күндөн кийин бийлике келди, эми ойлоп көргүлөчү 61 чыккыча ажо болобу экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Shah   03 Январь 2012 - 23:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Окт 2019 17:48
  • Телефон:0773139645
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу кыргыз журту

Демек ушундай дегилечи.
Айга Кунго жетип турат кулачым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   dina   13 Январь 2012 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Мындай дал келүүлөр көп эле болот. Бирок, бул да кызыктуу экен.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   bostars   22 Январь 2012 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 28 Май 11
  • Соңку аракети: 17 Дек 2012 11:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва-бишкек

Мындай дал келуулорго ишенууго болбойт,баары Кудайдын айтканындай эле болуп атат да....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июн 2025 18:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: