Мен бай болгум келет! Сизчи?

Мен бай болгум келет. Сизчи? Сиз бул жашоодон эмнени каалайсыз? Байлыкка, дөөлөткө, баш айланткан ийгиликтерге жетишүүнү каалайсызбы? Короосунда Lexus менен капкара Toyota Prado турган, ысыганда чуркап барып секире турган бассейни бар заңгыраган үйдүчү? Анда төмөндөгү сырларды кунт коюп окуп, эсиңизге түйүп алыңыз! Азыр биз сиз менен ийгиликке карай кеткен жолго багытточу бир канча сырлар тууралуу сөз кылабыз.
1- Сыр: Каалоо
Жашоодо кандай гана кыялдарыңыз болбосун, алар ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгондой шартта болушу керек. Тегеребиздеги адамдардын көпчүлүгүнүн жолу боло бербегендигинин себеби, алардын каалоосу, эңсөөсү жетишээрлик бийик эмес. Сиздин каалооңуз өчпөс, кармалбас жана күчтүү болушу керек. Мына ушундай абалда, каалап жаткан нерсени так билген учурда сиздин элестетүүлөрүңүз активдүү кыймылга келет да чыгармачылык энергия аркылуу тутанат. Ошентип кыялдарыңыз жалындаган отко айланып, аларды ишке ашырууга кадамдайсыз. Бул учурда аң-сезим өзү эле кыялдарды орундатуу үчүн керектүү адамдарды тартып, пайдалуу абалдар менен булактардын көзүн таап, кыймылга келет. Башкача айтканда бардык органдар менен системалар, туура багытталып, аң-сезимдик деңгээлде иштеп баштайт. Бул ИЙГИЛИК менен КЫЙРООнун ортосундагы чоң айырмачылыкты билдирүүчү улуу сырлардын бири. Бардык миллионерлер ушул сырды билишет жана колдонуп келишет. Кыялдарыңыз кыймылга келип, ишке аша баштаганын бир гана көз ирмемдик убакытта сезгенден кийин, жан дүйнөңүз “сыйкырдуу таякчадай” иштеп баштайт! Бирок, чон-чоң бийиктиктерди багындыруу үчүн 1-сыр жетиштүү эмес, калгандарын да билишиңиз керек.
2-сыр: МАКСАТ
Амбициялар канчалык күчтүү болгон күндө деле, максатыңыз жок болсо ийгиликке жете албайсыз. Максат коюу – демек кыялыңыздын обьектисин таануу. Сиз жашоодо ишке ашырууну каалаган максаттарыңызды аныктап алыңыз!
Укмуш кыялдары жана амбициялары бар, бирок жолу болбогон адамдардын катачылыгы дал ушул 2-сырды эске албагандыгында. Сиз максатсыз жашай албайсыз, максат койбой туруп, ийгиликке жетишүүнү сөз кылып да кереги жок. Максаттарды аныктаган учурда гана, аң-сезим активдешип, аларга жетүү үчүн керек болгон кыймылдарды аткара баштайт. Жаныңызда турган, сиздин чөйрөңүздөгү иши кылып бай адамдарга көз салып карасаңыз, ушул сырды ача аласыз. Бардык бай жана күчтүү адамдардын ишке ашырууну эңсеген максаттары бар. Аларды жан алекетке түшүрүп иштеткен жана байлык топтоого түрткөн да – дал ушул нерсе.
Бен Суитлэнд: “Ийгилик – бул максат эмес, саякат ” деп айткан. Сиз реалдуу, аныкталган жана так максаттарга ээ болушуңуз керек. Мисалы, “Мен бай болгум келет” дейбиз көпчүлүк учурда. Мунун ордуна “Мен ушул жылдын аягына чейин 10 000 $ акча топтошум керек”- десеңиз так жана реалдуу болот. Андан соң бул максаттарды, күндөлүк, апталык жана айлык негизде бөлүштүрүп аласыз. Мисалы: бир жыл ичинде 460 000 сом (болжолдуу түрдө, долларды 46 сом менен эсептесек) чогултуш үчүн, айына 38334 сомдон топтоонун иш планын даярдайсыз.
Максаттарыңыз реалдуулукка айланыш үчүн төмөндөгүлөр керектелет:
1) Өз максаттарыңызды кагаз бетине түшүрүңүз. Аны “Максаттардын китепчеси” деп атап койсоңуз болот.
2) Максаттар анык жана ченемдүү болушу шарт. Кандай түстө, саны канча, көлөмү канчалык, канча убакытта жетишем деп ойлойсуз? Ушунун баары жазылууга тийиш.
3) Максаттардын башталыш жана бүткөн күнү жазылат. Иш учурунда өзгөртүп, оңдоп, жылдырып турасыз. Буларды дагы күндүк, апталык же айлык деп бөлүп алсаңыз болот.
4) Ишке ашыруунун планын камдап алуу керек.
5) Максаттар: кирешенин максатын, билим алуу, саламаттыкты сактоо, карьера, саякаттоо жана коомдук максаттарды өзүнө камтышы зарыл.
3-сыр: КЫЙМЫЛДАРДЫ ПЛАНДОО
Бизге белгилүү миллионерлер менен миллиардерлердин бардыгынын ар бир кадамы алдын ала жазылган кыймылдарынын планы боюнча ташталат. Кыймылдардын планы – кайсыл бир максатка жетүү үчүн жасала турган иштердин тизмеси. Сизде апталык, айлык, жылдык алдыга койгон максаттар жана жасай турган иштин планы болушу зарыл. Жашооңузду пландап жана аларды аткара билишиңиз керек! Планды түзүп жатканда обьективдүү болуп, илимий көз карашта түзүү шартка ылайык. Чындап ишке аша турган кадамдарды калтырып, керексизин эч ойлонбостон чийип салууга үйрөнүңүз. Кыймылдардын планын түзүү үчүн китептерди, журналдарды окуп, семинарларга катышып жана сиздикиндей максаттарын башкалар кантип иш жүзүнө ашырып жатканынан кабардар болуп туруңуз. Көпчүлүк учурда биз чала план куруп алып, кайра ал жөнүндө унутуп эле жүрө беребиз. Андай болбойт. Ар бир максатты камтыган планга олуттуу маиле кылыңыз.
4-сыр: ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
Чыгармачылык – кайсыл бир ишти жасоонун жаңы жана жакшы ыкмасын ойлоп табуу. Чыгармачыл болуш үчүн, тапкыч, ар бир ишке жөндөмдүү, эр жүрөк жана тайманбас болуш керек. Атактуу жана бай адамдардын бирден-бир улуу сапаты чыгармачылдык, жаратуучулук, тапкычтык. Жетиштүү турмушта жашаганынын сыры да ушунда. Мисалы, Билл Гейтс маалыматты иштеп чыгуучу жана башкаруучу программаларды иштеп чыгып, жылына миллиондогон доллар каражат табат. Кандай иш болбосун жаңы нерсени киргизүүгө аракеттенүү зарыл. Коомдогу талапка көз салып, аны кантип канаатандырса болоорун ойлонуңуз. Мисал үчүн, алыс кетпей эле өзүбүздүн “Шоро” компаниясынын алалы. Бул компаниянын негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев адамдардын суусунун кандыруу үчүн жөнөкөй эле жарма жасап сатуудан баштаган. Тынбаган эмгегинин негизинде азыр кандай ийгиликтерге жетишип отурат. Ал эми эң көп нускалуу нускалуу “Супер Инфо” гезитичи? Бул дагы негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун чыгармачыл, изденүүнүн үстүндө жүргөн адам болгондугунда. Көрдүңүзбү, бул адамдардын ийгилигинин сырлары коомдогу талапты туура баамдап, алардын талаптарын канаатандырууну билгендигинде. Эгер өлкөбүздө ушундай ийгиликтүү адамдар канчалык көп болсо, алардын ичине сиз дагы кошулсаңыз бат өнүгөбүз. Демек, чыгармачыл адам болгонго аракет кылуу керек. (
5-сыр: ТОБОКЕЛЧИЛИК
Көздөгөн максатка жетиш үчүн тобокелчиликке баруу керекпи, аны кантип үйрөнсө болот? Бул суроо бир караганда оңой көрүнгөнү менен, жооп берүү өтө кыйын. Бизнесте жеңишке жетишүү – көп учурда тобокелге салып кабыл алынган чечимдин жемиши болуп келет. Тобокелге салууну да билиш керек. Өз маңдай тери менен байлык топтогон адамдардын бардыгы бир нече жолу баарынан кол жууп, өз катачылыктарынан улам көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба топтошкон. Сиз башкалардын катачылыктарынан улам үйрөнсөңүз болот. Бүгүнкү күндө ушуга байланышкан тренингдер көп өткөрүлөт. Жалкоолонбой аларга барып катышып, башкалар менен тынбай ой бөлүшүп, өзүңүздү өстүрүңүз. “Ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашат” деген сөздү да эсиңизге түйүп коюңуз.
6-сыр: БАШКА АДАМДАРДЫН КАРАЖАТЫН ПАЙДАЛАНЫҢЫЗ
Ооба, байлыкка жетишүү үчүн акча керек. Бирок, сөзсүз эле ал акча сиздики болушу керек эмес. Бай адамдар байлык топтоо үчүн башка адамдардын акчасын колдонгонду адатка айландырышкан. Башка адамдардын акчасы – демек банктан алган насыя акча. Жылдык бюджети миллиондогон акчаларды түзгөн, кирешелүү компаниялардын жетекчилеринин көпчүлүгү башкалардын акчаларын туура, пайдалуу, үнөмдүү колдоно билишкен. Өз ишиңизди баштоо үчүн, каражатка байланышкан маселерди чечүүгө көмөктөшүүчү банктардан сырткары, мамлекеттик программалар да жок эмес. Эгерде сиз, байлыкка жана атак-даңкка жетем десеңиз, башкалардын акчасын пайдаланганды үйрөнүңүз!
7-сыр: ЫЛДАМДЫКТЫ КҮЧӨТҮҮ
Кошумча күч – ар бир бай адам колдонуучу дагы бир таасирдүү ыкма. Америкалык белгилүү миллиардер Джон Пол Гетти: “Мен жеке өзүмдүн 100% аракетимди кетиргиче, жүз кишинин 1% аракетин кетиргеним оң” деп айтканы бар.
Кошумча күч – тез байуунун “алтын ачкычы”! Атактуу жана бай адамдар сыяктуу, убактыңызды, акча жана күчүңүздү күчөткөнгө үйрөнүңүз. Ар бир адамдын кудуретинин, күчүнүн чеги, ченеми болот. Өз талантыңыз менен мүмкүнчүлүгүңүздүн ченемин билип, максатыңызга жетиш үчүн башкаларды да тарта билиңиз. Милдеттерди бөлүштүргөндү үйрөнүңүз жана туура жасаган иштериңиз менен сыймыктана билиңиз.
Акчаны да күчөткөндү билиш керек. Кредитти пайдалануу – бизнести кеңейтүүнүн жана империя түзүүнүн жакшы жолу. Банктар менен кызматташууга үйрөнүңүз. Бул – ар түрдүү банктар менен өз кредиттик чийиниңизди түзүү деген сөз. Бардык атактуулар менен байлар ушул техниканы колдонушат. Дональд Трамп, Генри Кравис, Рон Перелман жана Барри Диллер сыяктуу бай адамдар жеңил эле миллион долларлык кредиттик чийин түзүүнү билишет. Бул чийинди пайдалануу менен корпорацияларда өз энчисине ээ болушат да, кийин жок кылып жиберишет. Бул энчисинин аркасы менен кошумча акчага ээ болушат да, жаңы бизнес ачышат. Мунун баарын өз чөнтөктөрүнөн бир тыйын кетирбестен эле ишке ашырышат.
8-сыр: ӨЖӨРЛҮК
Атактуу жана бай адамдардын күчтүү сапаттарынын бири, алар эч нерседен тайманбайт жана артка кайтпайт. Алар абдан өжөр болушат. “Жок” деген жоопту оңой менен кабыл албайт. Тескерисинче, бул жооп букага кызыл өңдөгү кездеме көрсөткөндөй эле таасир этет. Эч качан эч кимге жолун тороого жол бербейт. Бир эшикти чертип, эгерде ачылбаса, кетип калуунун ордуна кийинкилерине өтөт. Алар өздөрүнө тың жана бекем, кандай учур болбосун чечкиндүү болушат. Миллионерлер өжөрлүгү жана тайманбастыгы менен белгилүү. Кандай иш баштабаңыз артка кайтпаңыз, өжөрлүк менен алдыга умтулуңуз. Анткени кылчайган адам эч качан жеңбейт, жеңүүчүлөр эч качан артка кылчайбайт!
9-сыр: ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУ!
Миллионерлер өзүн-өзү бекем башкарган, тартипти катуу кармаган адамдар болушат. Сиз өзүңүздү башкара билүүңүз керек. Буга, эмне жеп, эмне ичкениңиз, канча уктайсыз, канча акча коротосуз, эмне жөнүндө ойлоносуз, эмнеге ишенесиз, башкаларга кантип сүйлөйсүз ушунун баары кирет. Өзүн-өзү башкаруу деген – бүткүл жашоосун, ишенимдерин, кыймылдарын, речин жана мүнөзүн контролго алуу деп түшүнүңүз. Бул – каалаганды кылуу эмес, туура кадамга баруу, пайдалуу чечимге келүү десек жарашат.
10-сыр: БАЙ АДАМДАРГА АРАЛАШЫҢЫЗ!
Атактуу жана бай адамдардын сырларын билүүнүн эң жеңил ыкмасы – аларга аралашуу жана баарлашуу. Бизде жөн жерден эле “Бай адамдар менен жүрсөң байлыгы жугат” деп айтылбаса керек. Алардын жанында жүрсөң сүйлөгөн сөздөрүн, баскан-турганын ойлонгондорун түшүнө баштайсың. Бай адамдардын аң-сезими, түшүнүктөрү ушунчалык ийгиликке, байлыкка карай багытталып калгандыктан, жөнөкөй адамдардан таптакыр айырмаланып турушат. Белгилүүлөр уюштурган шаан-шөкөттөрдү калтырбай катышып, алар эс алган жерде эс алыңыз. Атактуу жана бай адамдар менен баарлашуу учурунда баалуу маалымат жана табылгыс мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз.
Сиз ийгиликтин сырын тапсаңыз, бүт дүйнө кол алдыңызда болот. Эң негизгиси аң-сезимиңизди (!) ийгиликке карай багыттап коюңуз.
Бегайым ТАЛАНТБЕКОВА Назира АБДИЕВА

Супер-Инфо
super.kg
видео






















