Суперстан: Саясат КҮНДӨЛҮГҮ... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Саясат КҮНДӨЛҮГҮ... Жаңылыктар жазылат!

#41 Пользователь офлайн   azamat1992kg   01 Декабрь 2011 - 10:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Ата-Мекен" франкциясы Жогорку Кеңештин төрөгасы Ахматбек Келдибековду отставкага кетсин деп жатышат. "Ата-Мекен" франкциясынын лидери Өмүрбек Текебаев төрөгалыкка ат салышбайм дейт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ELTYN   21 Декабрь 2011 - 17:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда спикерди шайлоо боюнча жабык добуш берүү өттү. Анын натыйжасында коалициялык көпчүлүк сунуштаган Социал-демократтар фракциясынан депутат Асылбек Жээнбековду колдоп 78 депутат добуш берди. Ал эми “Ата-Журт” фракциясынан төрагалыкка көрсөтүлгөн талапкер Курманбек Осмонов 25 добуш алды. Добуш берүүгө 116 депутат катышты, 17 бюллетень жараксыз болуп табылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   ELTYN   21 Декабрь 2011 - 22:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Коалициялык көпчүлүктүн талапкери, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков 78 добуш менен Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланды.

21-декабрда добуш берүүнүн натыйжасында, Асылбек Жээнбековго 78, ал эмиКурманбек Осмоновго 25 депутат добуш берди. Бул тууралуу добуштарды санап чыккандан соң, депутаттык эсептөө комиссиянынын төрагасы Акылбек Жапаров маалымдады.

- Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында, депутат Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги үчүн “макул” 78, ал эми депутат Курманбек Осмоновдун талапкерлиги үчүн “макул” 25 адам. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР ЖКнын төрагалыгына депутат Асылбек Жээнбеков бекитилсин.


Социал-демократтардын үстөмдүгүбү?


Добуш берүүгө чейин КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков менен оппозициялык азчылыктан талапкер болгон “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсүКурманбек Осмонов спикерликке талапкерлигин коюп жаткандагы максаттарын баяндашты.
Депутаттар алар Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып калса, кандай иштерди алып барышарына кызыгышты. Талапкерлерге Баш мыйзам, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана спикердин чыгымдары тууралуу суроолор жаады. Мындан тышкары, айрым депутаттар спикерликке талапкерлигин коюп жаткан Асылбек Жээнбековго Социал-демократтар партиясы бийликте үстөмдүк кылып бараткан жокпу деген суроолорду беришти. Алар президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Социал-демократтардын жетекчиси болгонун, эми болсо спикер да бул партиядан шайланганы жатканын белгилешти.

Ал эми Асылбек Жээнбеков спикерликке шайлангандан кийин буларды билдирди:

- Биз Кудай буйруса чогуу иштейбиз. Ыйык трибунадан айтылып жаткан көп сөздөрдү ишке ашыруу үчүн мен дайыма ар бириңиздер менен иш алып барам. Кудай буйруса, абийир менен ушул чоң жоопкерчиликти сезип, сиздер көрсөткөн ишенимди аткарып кеткенге мен убада берем.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы спикерди куттуктап жатып, буларга токтолду.

- Асылбек Жээнбековду куттуктайм. Саясат деген бул - күрөш. Күрөштө жеңүүчү болот, жеңилген болот. Бүгүн жалпы эл колдоп, спикерликке шайланды, ишине ийгилик каалайм. Сиздерден бир гана өтүнүч. Казып бир нерсени издебей, кемчилик кетсе, убагында айтып, түздөп, каалоо айтуу керек. Бул жакшы нерсе адатка айланарына мен тилектешмин.


Коалиция - оппозиция


Айта кетсек, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны башталар замат Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын 91 депутатынан турган “Биримдик” коалициясы түзүлгөндүгүн ырасмий билдирди.
Ошол замат “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев да өздөрүнүн фракциясы оппозиция кеткендигин ырасмий жарыялаган

-Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, көпчүлүк коалиция түзүлгөндүгүн жарыялангандыгына байланыштуу “Ата-Журт” фракциясы өзүнүн оппозициялык маанайдагы фракция экендигин жарыялайт.

“Ата-Журт” фракциясы” “Биримдик” коалициясынын келишиминин көпчүлүк пункттары Баш мыйзамга каршы келерин жыйында көтөрүп чыгышты. Ал кемчиликтерди жойбостон спикерди шайлоого бара турган болсо, анын мыйзамдуулугу шек туудуруп каларын белгилешти. Алардын жүйөөсү боюнча коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке гана бирдиктүү талапкерди көрсөтө алат, ал эми Жогорку Кеңештин төрагалыгына бирдиктүү талапкерди алып чыгуу Баш мыйзамда каралган эмес.

Камчыбек Ташиев буга чейин эле “эгер жаңыдан куралып жаткан коалиция өздөрү түзгөн келишим боюнча иштей турган болсо, Бакиевдин мезгилиндеги “Ак жол” фракциясынан айырмасы жок болуп калат” деп келишимди сындап келаткан болчу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Programmer   24 Декабрь 2011 - 14:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-декабрындагы кезексиз жыйынында өкмөттүн жаңы программасын бекитүү жана анын курамын жана түзүмүн аныктоо маселесин бир добуштан колдошту.

Өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү министрлердин кызматына талапкерлерди коалиция тарабынан бекитилген премьер-министрдин кызматына талапкер Өмүрбек Бабанов тааныштырып, өкмөттүн программасын айтып берди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана өзүн өзү башкаруу комитетинин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, Ө.Бабанов сунуштаган өкмөттүн түзүмү боюнча комитет өз жыйынын өткөрүп, бул өкмөттүн түзүмүн колдоо чечимине келди.

Натыйжада бул комитеттин 3 чечимдерин депутаттар көпчүлүк добуш менен колдошту. Добуш берүү электрондук ачык түрүндө жүргүзүлдү.

Натыйжада депутаттар өкмөттүн программасына 116 добуш менен "макул" болушту. 1 депутат каршы болду.

Ал эми өкмөттүн түзүмүнө 114 макул болуп, 2 адам каршы болду.

Мындан тышкары, өкмөттүн курамына 113 депутат макул болуп, 2 адам каршы чыгышты. Д.Бекешев менен И.Исаков каршы добуш беришти. Ал эми К.Ташиев менен А.Жапаров добуш беришкен жок.

Добуш берүүнүн астында «Ата Журт» оппозициячыл фракциянын лидери Камчыбек Ташиев фракциясынын чечим айтты. «Биз фракциянын жыйынын өткөрүп, чечим чыгардык. Бирок айтып кетели, Конституциянын 4-бөлүгүнүн 87-бересинин бузулду. Биз кыштын суугуна жана өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүк болбосун үчүн «Ата Журт» фракциясы чечим кабыл алды. Биз эмдиги жылдын 1-кварталынан кийин апрель айында өкмөттүн ишине баа беребиз. Азыр өкмөттүн түзүмүн колдоо чечимин кабыл алдык», - деди ал.

Өкмөттүн бекитилген курамы:

премьер-министр - Өмүрбек Бабанов

1-вице-премьер- министр - Аалы Карашев (КСДП)


инвестициялар боюнча вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев («Ата Мекен»)

социалдык блок боюнча вице-премьер- министр Гульнара Асымбекова (“Ар-Намыс”)

өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси – Төрөгул Беков («Республика»)

экономика жана монополияга каршы саясат боюнча министри - Темир Сариев (А.Атамбаевдин талапкери),

айыл чарба жана мелиорация министри — Сапарбек Тынаев («Ар-Намыс»),

энергетика жана өнөр жай министри — Аскар Шадиев («Республика»),

каржы министри — Акылбек Жапаров («Ар-Намыс»),

юстиция министри — Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»),

өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов («Республика»)

транспорт жана коммуникациялар боюнча министри — Калыкбек Султанов («Ата Мекен»),

тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев («Республика»),

ички иштер министри — Зарылбек Рысалиев (КСДП),

билим жана илим министри — Канат Садыков (КСДП),

маданият жана туризм министри — Ибрагим Жунусов («Ата Журт»),

жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри — Алиясбек Алымкулов (КСДП),

саламаттыкты сактоо министри — Динара Сагынбаева (КСДП)

социалдык өнүгүү боюнча министри – Равшан сабиров («Ата Мекен»)

Жалпысынан өкмөттүн жаңы курамына 15 министрлик жана 1 мамлекеттик комитет кирди.

Ал эми коргоо министрин жана УКМКнын төрагасынын кызматынан талапкерлерди көрсөтүү президенттин укугу. Аларды президент кийинчерээк көрсөтөт.



Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 24 Декабрь 2011 - 14:34

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Жолоочу_Aman89_* 25 Декабрь 2011 - 12:48

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

жаны окмотто баягы эле эски адамдар келип калыптыр окунучтуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   snnt   27 Декабрь 2011 - 16:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 02 Июнь 09
  • Соңку аракети: 13 Авг 2013 17:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения adalsvards (25 Октябрь 2010 - 10:05) жазган:

Ооба.


Бирок кол салуу гана болгон... Атканга жетишпей калышкан го, же коркутуп коюуну чечишкендей. ..

Бул нерсе жакшылыкка алып барбайт, анткени УКМКнын жигиттери дагы бир жолу "лажа" болушту...


Акыры тубуно жетип анан тынышат окшойт. Качан токтойт мындай корунуч
Айрылдым деп муңканба, Турмушта бар айрылуу.
Сагындып деп саргайба, Адамда бар сагыныуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Pirat   27 Декабрь 2011 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 460
  • Катталган: 30 Май 11
  • Соңку аракети: 12 Май 2013 22:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Оруся

Коргоо министри да алмашты деп уктум. Жаны министр ким болду экен?
Ас саламу алейкум !!! 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Programmer   28 Декабрь 2011 - 21:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Ширин Айтматова коалициядан чыгып кетти.
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 28 Декабрь 2011 - 21:53

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ELTYN   30 Декабрь 2011 - 17:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Атамбаев: База тагдыры глобалдык маселе болуп калдыПрикрепленное изображение: FD933A89-003E-4011-8650-88ECCD40D7F2_w527_s.jpg88ECCD40D7F2_w527_s.jpg]

Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда журналисттер менен жолугушуп, ой бөлүштү.

Анда мамлекет башчы өлкөнүн ички жана тышкы саясатына баа берди. Бирок баарын Башкек этегиндеги АКШнын транзиттик борборунун тагдыры кызыктырды. Президент Атамбаев өлкөдө туруктуулук жана элдин бүтүндүгү сакталышын өтүп бараткан жылдагы эң башкы жетишкендик катары баалады.

Бийлик толугу менен мыйзамдуу жолго түшүп, коалициялык көпчүлүк конструктивдүү саясий күчтөрдөн куралганын белгиледи:

- Коалиция биринчи аракеттен эле түзүлдү. Жаңы өкмөттүн курамы бирөөлөргө жагабы, жакпайбы бекиди. Кыргызстан абдан кичинекей мамлекет. Парламенттик башкарууну тандап алды. Кайсы партиялар парламентте отурса каалайбызбы, каалабайбызбы ошолор менен тил табышып өкмөт түзүп жатабыз. Мен жазында министрликтерди жок дегенде экөөнү кыскарталы деп сурансам да болбой коюшкан. Бул жолу чоң кыскартуулар болуп жатат.

Атамбаев мындай кыскартуулардан бюджетке 200 миллион сом үнөмдөлөөрүн да билдирди. Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктаганга чейин иштешин кааларын айтты.

Президент экономикага токтолуп, 11 айда ички дүң өнүм 8,5 пайызга өскөнүн, инфляция ооздукталганын белгиледи. Кыргызстан банкрот болот деген жоромолдорду орунсуз деп баалады:
- Бардыгы "бюджет аткарылбайт, дефолт болобуз, маяна берилбейт, көчөдө калабыз", - деп айтып жаткан. Биз бюджетте каралбаган миллиарддаган каражатты сарптасак дагы, бюджетте каралган миллиарддаган акча келбей калса дагы жыл аягында капчыгыбызда 1,5 миллиард сом бар. Ошол эле ЕврАзЭШ бир жарым жылдан бери насыя беребиз деп жатып аягында бербей койду. "Булар дефолт болот, маяна бере албай калат", дешти. Андай болгон жок, андайга жол бербейбиз.

Атамбаев коррупция менен айыгышкан күрөш болоорун да айтты. Сот реформасын тезирээк ишке ашыруу керектигин белгиледи:

- Кыргыз элине эң керектүү нерсе бул - адилеттүү сот. Анткени коррупционерди кармап алып барсак деле чыгарып жибереби деген коркунуч бар. Сот реформасын тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул жолу парламент бизди колдоп берет деп ойлоп турам. Бийлик бутактарынын баарын эле тазалабасак болбойт. Коррупция, криминал менен күрөшкөндөй эле күрөш болот. Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдан өйдө турган адам болбойт. Мыйзамды бузсаң, уурдасаң, анда сенин ордуң түрмөдө.

Келечектеги ой-максатын ортого салып энергетикалык, экономикалык, коопсуздукту камсыздоо зарыл деп белгиледи.
Президент тышкы саясатка да токтолуп Орусиянын стратегиялык өнөктөш экенин дагы баса белгиледи. Москвадагы соңку сапары маалында орус-кыргыз алакасындагы маселелер жөнгө салынды деп айтты.
Тышкы саясаттагы келишимдер мындан ары Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша гана көрүлөрүн айтып өттү.

Атамбаев Кыргызстандагы АКШнын аскердик базасы Манас аба майданында жайгашып турганын опурталдуу деген оюн кайталады. Анын пикиринче, бул базанын келечеги глобалдык планга чыгып, АКШ менен Орусиянын өз ара мунасасы аркылуу чечилсе оң болчудай. Транзиттик борбордун нукура жарандык статуска ээ болгону Кыргызстанга оңтойлуу болмок дегендей ой кыйытты жаңы президент.

Июнь коогасынын артында ким турганын акыр аягына териштирерин ишендирди. Улуттар аралык мамилени козуткандар кылмыш жообуна тартыларын эскертти.

Ал арада айрым серепчилер Атамбаев экономикалык маселелерге басым жасап, премьер-министр кезиндеги “чапанынан” арыла албай жатканын, президенттин милдети таптакыр башка экенин айтып сындап жатышат.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, Атамбаев айрыкча экономикалык жаатта убадаларды бергенде астейдил болушу керек:

- Жаңы конституция боюча, президенттин ыйгарым укуктарына жараша өтө чоң убадаларды ишке ашыруу, айрыкча экономикага байланыштуу убадаларды ишке ашыруу бир аз кыйыныраак болот. Мисалы темир жол куруу, түндүк менен түштүкту бириктирген унаа жол салуу, дагы энергетика жаатында бир топ долбоорлорду айтып кетиптир. Булардын баары негизи өкмөттүн карамагындагы маселелер.

Атамбаев ант кармап, президенттик кызматка киришкенине бир ай болуп калды. Ошентип өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева шайлоодон жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге кызматын өткөрүп бериши менен Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу президенттик бийлик тынч жол менен алмашты. Эми Атамбаев Баш мыйзамга ылайык, өлкөнү алты жыл башкармакчы.

Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 03 Январь 2012 - 15:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Programmer   17 Январь 2012 - 15:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Учкунбек Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын премьер-министринин буйругу менен Кабыл Абдалиев Салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандын премьер-министринин буйругу менен Айгүл Рыскулова өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, өкмөттүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык мониторинг бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп Жусупжан Жээнбеков дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 17 Январь 2012 - 15:33

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Programmer   18 Январь 2012 - 20:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев Жогорку Кеңеште уюштуруу иштери туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, элдер буга нааразы болуп жаткандарын айтты.

«Ар бир маселеде Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп, элдердин жек көргөнү эле Жогорку Кеңеш болуп жатат. Азыр парламентти таркатууга элдер кол топтой баштады. Ошондуктан, уюштуруу иштерин так жана туура жүргүзсөк», - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-январда пленардык жыйында Кубанычбек Нурматовду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызматына шайлашты.

Шайлоо электрондук жашыруун түрдө добуш берүү менен өттү.

Баяндамачы, депутат Талант Мамытовдун айтымында, бул кызматка талапкерди көрсөтүү «Ата Журт» фракциясына таандык. Буга байланыштуу «Ата Журт» фракциясы К.Нурматовду аудитордун кызматына талапкерлигин көрсөттү.

Натыйжада добуш берүүнүн жыйынтыгында 75 добуш менен К.Нурматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды.

Айта кетсек, К.Нурматов башка кызматка кеткен А.Шыкмаматовдун ордуна шайланды.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык- техникалык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, президенттин 2011-жылдын 22-декабрындагы №29 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө» жарлыгын жана өкмөттүн 2012-жылдын 11-январындагы №11 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык- техникалык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун иш-жүзүнө ашыруу максатында бул токтомго кол коюлду.

Токтомдо төмөндөгүдөй деп жазылган:

1. Ош шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык- техникалык маселелерди чечүүдө Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына, Ош шаарынын аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү мезгилинде жарандардын жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын, арыздарын, өтүнүчтөрүн өз убагында карап, тиешелүү чараларды көрүү максатында №2 тиркемеге ылайык жумушчу топтор түзүлсүн жана алардын багыттары бекитилсин.

3. Шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө Ош шаарынын вице-мэрлери, аппарат жетекчиси, бөлүм башчылары, адистери, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, кызматтардын жетекчилери №3 тиркемеге ылайык шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорт жана материалдык- техникалык байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан жана башка уюштуруу маселелерди чечүү үчүн жооптуу болуп бекитилсин.

4. Шаардык штаб, жумушчу топтор, бекитилген жооптуу кызматкерлер президенттин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 «КРнын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө» жарлыгын жана өкмөттүн 2012-жылдын 11-январындагы №11 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык- техникалык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 3 жана 4-пункттарына ылайык, белгиленген тартипте участкалык шайлоо комиссияларына шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана аны өткөрүүдө калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, уюштуруучулук, материалдык- техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүшсүн.

5. №2 тиркемеге ылайык, бекитилген жооптуу кызматкерлерге, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, аймактык кеңештердин иштерин координациялоо секторуна, аймактык кеңештердин төрагалары менен биргеликте шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо жана аларды Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына белгиленген тартипте, өз мезгилинде өткөрүп берүү тапшырылсын.

6.Ош шаарынын мэриясынын пресс-катчысына, жергиликтүү «Ош шамы» гезитинин башкы редакторуна, Ош шаарынын аймагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн такай чагылдыруу сунушталсын.

7.Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, шайлоо алдындагы өткөрүлүүчү чогулуштарда, жыйындарда жана башка ар түрдүү иш-чараларда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоону, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүүчү жайларды кайтарууну, шайлоо баракчаларын ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну, шайлоо өтүүчү күнү шайлоо участкаларын кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

8.Шаардык өрткө каршы кызматына шайлоо участкаларына бөлүнүп берилген бардык жайлардын өрт коопсуздугуна ылайыктуулугун толугу менен текшерип чыгып, шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү мезгилинде өрт коопсуздугунун сакталышы толугу менен көзөмөлгө алынсын.

9.Шайлоого даярдыктарды көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде шайлоо участкаларында үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылууда Ош шаардык телефон тармагынын башчысына, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылууда Ош райондук электр тармактарынын башчысына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

10.Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы №851 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын вице-мэри Д.Ходжаевге жана мэриясынын аппаратынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Баары-жокту бөлүшүп бүтүп, эми комитеттерди бөлүшө албай жатабыз, деп билдирди Жогорку Кеңештин оппозициялык «Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов 18-январда пленардык жыйында.

Учурда парламентте ар бир фракциядан үчтөн гана депутат кирсин деген Регламенттин нормасы талкууланып жатат.

«Биз биринчи өзүбүздүн курамыбызды бекитип, анан гана өкмөттүн курамына киришсек болмок. Себеби азыр 5 депутат комитеттерге кирбей калыптыр, алардын ичинде мен дагы бармын. Мен мурда Сот-укуктук комитетинде мүчө болчумун, мени ал комитеттен эч ким чыгарган эмес. Кечээ бул комитетке барсам, сиз комитеттин мүчөсү эмессиз жөн гана баяндамачы катары чакырылгансыз дешти. Баары-жокту бөлүшүп бүтүп, эми комитеттерди бөлүшө албай жатабыз», - деди депутат.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, Зулпуев Саидбек Мейраждинович Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин (БКУКРА) директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

А.Атамбаевдин дагы бир буйругунун негизинде Шаршекеева Каныш берген арызына ылайык, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин (БКУКРА) директорунун кызматынан бошотулду.


Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 18 Январь 2012 - 22:03

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Programmer   19 Январь 2012 - 13:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Атамбаев менен мамилем мурдагыдай эле достук маанайда, деп билдирди Азимбек Бекназаров «Арена» гезитинин 19-январда чыккан санында.

Анын айтымында, президент болгону бийлик тууралуу сүйлөшүшкөн жок. «Ал иштешели деген жок. Мен ушул кызматты мага бер деп барган жокмун. Болгону баягыдай эле телефондон сүйлөшүп турабыз. Атамбаев досум бийликке келгени бир топ кемчиликтер кетип, башкасын айтпаганда дагы Конституция парламент тарабынан одоно бузулуп жатат. Ошон үчүн жакында досума атайын кайрылуу даярдап жатам», - деди Бекназаров.

Кыргызстанда учурда сот системасында президентке эбегейсиз зор укуктарды алып берелик деген аракеттер бар, деп билдирди Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров.

Бүгүн, 19-январда депутаттар «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулап жатышат. Анда сот арачыларды 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүү каралган. Бирок президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев сот арачыларды 2013-жылы ишке киргизүү даярдыктар жок жана коомчулук даяр эмес деп, аны 2015-жылы киргизүү керек деди.

Буга депутат С.Жапаров каршы чыкты. «Кыргызстанда учурда сот системасында президентке эбегейсиз зор укуктарды алып берелик деген аракеттер бар. Сот системасында президентке дагы, парламентке дагы укук бербеш керек. Ошондуктан, көз карандысыз сот арачыларды 2013-жылы ишке киргизиш керек», - деди С.Жапаров.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жарлыкка ылайык, сот системасын реформалоо боюнча макулдашылган иштин, муну менен бирге узак мөөнөттүү жана ар тараптан ойлонуштурулган чечимдерди иштеп чыгуунун өтө зарылдыгын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын сот системасын реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлдү жана комиссия жөнүндө жобо бекитилди.

Комиссиянын курамында мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Комиссияны «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жетектейт.

Комиссия өлкөдө ишке ашырылып жаткан сот реформасынын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды, мамлекеттик органдардын, Жогорку Соттун, Соттордун кеңешинин жана Сотторду тандоо боюнча Кеңештин сот бийлик бутагын реформалоо боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу, сот системасынын ишмердигин, соттордун статусун жана сотту ишке ашырууну, ошондой эле ушул маселелерге тиешелүү укук коргоо органдарынын жана адвокатуранын проблемаларын жөнгө салуучу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу максатында түзүлдү.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Энергетика министрлиги өз ишин так аткара алган жок. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Өмүрбек Бабанов билдирди.

«Энергетика министрлиги 2011-2012-жылкы жылытуу сезонуна 100 пайыз даяр экендигиңерди билдирдиңер эле, бирок тилекке каршы практика жүзүндө аны көрсөтө алган жоксуңар. Кыштын суук күндөрү элдер электр энергиясы, газы жок отуруп калышты. Бул министрликтин кемчилиги. Ишти алгылыктуу алып бара алган жоксуңар», - деди өкмөт башчысы.

Ал 2011-жылдын башында жоготууларды төмөндөтүү тапшырмасы коюлгандын, бирок ал да ишке ашпагандыгын айтты.

Буга байланыштуу Ө.Бабанов А.Шадиевге сөгүш жарыялады.

Өмүрбек Текебаевдин канына оппозиция деген оору сиңип калганбы, деген суроого Азимбек Бекназаров «мүмкүн», деп жооп берди. Бул тууралуу ал «Арена» гезитинин 19-январда чыккан санындагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Чиркешович экөөнүн окшоштугу мына ушунда болсо керек. «Өмүр бою күрөшүп жүрүп, азыркы жүргүзүлүп жаткан ар бир реформаны жүрөгүбүздөн өткөрүп, бапестеп, өз балабыздай көрөт экенбиз. Ошондуктан айрым катачылыктарга унчукпай койбой туурасын айтып, чырдап чыгат окшойбуз. Ошон үчүн башкаларга караганда көбүрөөк ыйлап, көбүрөөк чыркырап жүрөбүз», - дейт Бекназаров.

Ал белгилегендей, алардын катарында жүргөндөрдүн көбү качан болбосун ыңгайлуу мөөнөттү күтүштү. Мисалы, БЭКке киргендердин көбү эки жыл чыдай албай, Бакиев менен иштешип кетишти. Революциядан кийин гана кайра аларга шөлпөйүп келишти.

Ошондуктан, Өмүрбек Чиркешовичтин парламентте өзү менен катар бийликте турган адамдар менен тирешип, ачуу чындыкты айтып турганынын жаман жагын көрө алган жокмун. Бирок, душманга айланып алып, кээде болбогон нерселерди чоң саясатка айландырып, коомчулукка дүрбөлөң салып жаткан көрүнүштөрү мага да жакпайт, деди Бекназаров.

Эл шайлаган саясий күчтөр канчалык мамилеси келишпесин, жалпы республиканын кызыкчылыгы үчүн бир программа түзүп, чогуу иштегенге мажбур. Мындай пикирин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «De-факто» гезитинин 19-январда чыккан санындагы маегинде «сындап жаткан Ө.Бабанов менен бир өкмөткө киргениңерди кандай түшүнсөк болот?», деген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Биз өзүбүз сындап жүргөн Бабанов менен бир өкмөткө кирдик. Бирок бир нече шарттарды койдук», - дейт Ө.Текебаев.

Анан айтымында, ал шарттардын бири коалициянын катышуучулары бүгүнкү Конституциянын кол тийбестигин тааныйт, андагы принциптерди коргойт жана өнүктүрөт.

Анын пикиринде, ушул шарттын өзү эле «Ата Мекен» фракциясынын коалицияга мүчө болушун тарыхый жактан актайт.

«Ар үч айда өкмөттүн отчетун коалициялык көпчүлүк угуп, эгер кайсы бир министрдин же өкмөт башчынын иши жакпаса, депутаттар аларды кызматтан кетирүү демилгесин алып чыга алат», - дейт Ө.Текебаев.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 19 Январь 2012 - 13:36

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Programmer   20 Январь 2012 - 12:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Т.Сариев учурдагы өкмөт тарайт деп кирген-чыккандын баарына шыбырап атат дейт Президенттик шайлоодо уча албай калган «Акшумкар» партиясын А.Атамбаевге карата учуруп жатып, жаңы өкмөттүн курамына кирген экономиканы тескөө министри Темир Сариев кирген-чыккан досторунун баарына «4-5 айдын ичинде өкмөт тарайт. Себеби, энергетика тармагындагы проблемалар чечилбей, Бабанов коррупцияга каршы чечкиндүү иштерди жүргүзбөй жатат», - деп шыбырап жаткан кези экен. Сариевдин бир билгени барбы, же саясий оюнбу - белгисиз. Маалыматтарга караганда, президент Атамбаев эски Бакиевдин саясаты менен «соратниктерин» соройто чаап, Өмүрбек Бабановду кетирүү аракетин жүргүзүп жаткан кези дешет. И. Пирматов депутаттардын унааларын кыскартпастан, гаражды жоюу керек деген пикирде
Негизи комитеттердин кыскарышы — жоопкерчиликтин жогорулашы деп эсептейм, дейт Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Исхак Пирматов «Фабула» гезитинин 20-январда чыккан санына берген маегинде. Анын айтымында, мурун 16 комитетти тейлегенге 115тей кызматкер керектелсе, азыр 13кө кыскартылгандан кийин 80 кызматкер жетиштүү болот экен. 12 эле бөлмө боло турган болду. Болгону 35 кызматкерге гана кыскарып жатат.
«Менимче, бул негизги үнөмдөө эмес. «Машинелерди сатуу керек, баш тартыш керек» деп маселе көтөрүп жатышат. Менин көз карашым: машинелерди сатуу же баш тартуу туура эмес. Эгер биз ал кадамга барсак, социалдык теңдикти жоготкон болуп калабыз», - дейт И.Пирматов.
Анын айтымында, депутаттардын баары эле машиналуу эмес. ЖКнын карамагындагы 65 машинени базар баасы менен 8 миң доллардын тегерегиндеги баага сата алышат. Андан түшкөн акча 24 млн. Бирок, ал машиналардын сатыларына да ишенбейт. Анын пикиринде, сатылганча эле ал машинелерди ИИМ, Билим берүү министрлиги сыяктуу чоң министрликтер бөлүштүрүп кетет.
«Менин сунушум мындай, машинелерди калтырып эле, ЖКнын гаражын жоелу деп атам. Мына ошол мекеменин жалпы жамаатынын бир жылдык айлыгы 42,5 млн сом. Андан тышкары авто тетиктерге 14 млн каралат. Гараждын жалпы чыгымы 77 млн сомду түзөт экен», - дейт И.Пирматов.
Анын маалыматында, аталгандарга кошумча 120 депутаттын айдоочуларынын жалпы жылдык айлыгы 14 млн сомдун тегерегиндеги акча. Жалпы чыгым максимум 112 млн сомго жетип калат.
«Мен ар бир депутатка кызматтык машинени кармоо, пайдалануу үчүн (анализдеп эсептеп чыгуу керек), орточо эсеп менен айына, мисалы, 25 миң сом бөлүп берүүнү сунуштайт элем. Ошол 25 миң сом айдоочунун айлыгына, машиненин тетигине, майына (күнүнө 10 литр жетет) да кеңири жетип берет. Депутат каалаган адамын айдоочу кылат, машинеси бузулса, каалаган жагына барып оңдотот. Жалпы жылдык чыгым жогоруда биз эсептеген 112 млндун жарымына да жетпейт, тактап айтканда, 36 млн сомго чейин кыскармак», - дейт депутат.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 20 Январь 2012 - 13:14

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Programmer   20 Январь 2012 - 13:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Ош мэрлиги үчүн күрөш алдыда
Апрель окуясынан бери Ош мэри Мелис Мырзакматовду «тактан» кулата албай бийликтин шайы ооду.
Ак үй эми Мырзакматовду ээрден эңип түшүү үчүн 4-мартта өтүүчү Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна катуу даярданууда.
Маселен, КСДП шайлоодо 50%дан ашуун добуш жыйноого белсенсе, «Республика» партиясынын шаардык кеңештин жарымынан көбүн ээлөө планы бар. Эгер бул план орундалса, анда мэрлик кызмат «республикачы» депутат Тынчтыкбек Шайназаровго тийиши мүмкүн.
Мелис Жоошбаевич деле тим отурган жок. Ал дагы жылуу ордун сактап калыш үчүн тилектештерин бооруна тартууда. Биздин билишибизче, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» жана «Ата журт» партиясы Мырзакматовду колдой турганы айтылууда.

Кочкор- Ата шаарынын мэри болуп К.Эгембердиев шайланды

Бүгүн, 20-январь күнү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаардык депуттар кеңешинин сессиясы болуп, анда шаардын мэрине талапкер Кубанычбек Эгембердиевке шаардык кеңештин депутаттарынын 16сы макул деген добушун беришсе, бир депутат каршы добушун берген.
Кочкор-Ата шаар башкармалыгынын аппаратынын аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаевага берген маалыматына караганда, шаардык кеңештин эки депутаты жүйөлүү себептер менен бүгүнкү сессиянын ишине катышкан жок.
Жаңы шайланган мэр К.Эгембердиев буга чейин Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен камсыз кылуу башкармалыгында башкы инженер болуп иштеп келген.

Д.Кенекеев мыкты болсо, неге кызматынан кетиришти?

Өткөндө экс-мүлк министри «Дайыр Кенекеевдин кызматтан кетүүсү 300 миң долларга байланыштуу дешет» деп жаздык эле, кечээ ал гезиттердин бири аркылуу «жалган жалаа, кудайга койдум» деп кыйкырып чыкты, деп жазат «Агым» гезити 20-январда чыккан санында.
Анан бир жыл ичинде министрликтин бюджетке киргизген кирешесин, өзү жасаган иштерин саймедиреп санаса, бу жигит коммунизмдин, тоюс, капитализмдин мыкты үлгүсүн небак куруп койгон турбайбы деп ойлойсуң. Бирок Дайыр мырза, ушундай мыкты иштерди жан үрөп жасап атсаңыз, 20 жылда түшпөгөн кирешени бир жылда түшүрсөңүз, 300 миң долларга ныпым тиешеңиз болбосо, жаш, келечекти кенен көрө билген менеджер болсоңуз, анда сизди неге кызматтан кетиришти, дейт гезит.

Маалымат баракелде сайттынан алынды.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 20 Январь 2012 - 13:14

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Programmer   22 Январь 2012 - 14:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

А.Турсунбаев: Стабилдүүлүктү сактап, митинг, тополоңдорду токтотушубуз керек

Өткөн жыл жаман жылдардан болгон жок. Өткөн 2011-жылы президенттик шайлоону тынч өткөрүп алдык. Экинчиси, жаңы өкмөт курамы түзүлүп, жаңы өкмөт башчыны шайлап, жаңы коалиция куралып, жаңы Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды. Эми жаңы жылдан баштап, жаңыча иштешибиз керек, туугандар, - деди облус губернатору Азизбек Турсунбаев.

Аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаеванын айтымында, Жалал-Абад шаарынын өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда сүйлөгөн сөзүндө А.Турсунбаев биринчи кезекте облуста стабилдүүлүк керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, эгерде шаарда стабилдүүлүк болбосо, тополоң боло берсе ишибиз алдыга жылбайт. Ал үчүн шаардык ички иштер бөлүмү менен прокуратура органы жакшы иштеши керек. Кылмыштуулуктун кичине чоңуна карабай, анын бетин ачуу зарыл.

«Июнь коогалаңынан кийин анын кесепети биздин экономикага өзүнүн тескери таасирин дале тийгизүүдө. Ошондогу көптөгөн талкаланган имараттарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттин акчасынын көбү ошол жакка кетип жатат. Ошодуктан, биз биринчи кезекте тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактап, митинг, тополоңдорду токтотушубуз керек. Экономиканы алдыга жылдыралы, ошондо элдин жашоо-турмушу оңолот. Жаңы жылды кандай баштасаң, жылдын акыры да ошондой болот», - деди облус губернатору.

М. Мукамбетов президент Аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

А. Салымбеков парламенттик шайлоого аттанып жатыптыр

Парламенттин тарашын азыртадан эле билип жатышабы же жөн гана аракетпи айтор, кийинки парламенттик шайлоого аттангандар көбөйдү, деп жазат «Ачык саясат» гезитинин 20-январдагы санында.

Алардын арасында «акжолчу» Аскар Салымбековдун «Мурас» партиясы иштерин жүргүзүп кийинки парламенттик шайлоого катуу даярдыктарды көрө баштады. Эмне көп партия демекчи, аталган партия таза кадамдар, таза адамдар менен экен десек, баягы эле бакиевчи, акаевчи, акжолчулар экен. Эми бул партия өз алдынча кетеби же, соодалашып бийликтин партиясына кошулуп кетеби азырынча белгисиз. Салымбеков башына турганына караганда АШАнын камчысын чапкан партиялардын катарын толуктайт окшобойбу. Эки жээкке ойногонду эң жакшы өздөштүргөн бизнесмен Салымбеков жетишпей жаткансып партия түзө салганын кара. Андан да парламент тарап кетчүдөй болуп, алдын ала даярданганына караганда жүрөгү сезгич окшобойбу, дейт гезит.

Атамбаевдин дагы бир жоругу

Атамбаевдин сан жоругун санап эле бүтө албай койдук. 6 жыл бою зерикпейт окшойбуз. Алгач ирет саммитке президент барганынан сөз бере коюшса, коңшу президенттердин баарын аксакал дей коюп, бир күлкү болгон, деп жазат «Ачык саясат» гезити 21-январдагы санында.

Гезитте жазылгандай, андан кийин Түркияга болгон сапарында «биз эмне тажиктерден, өзбектерден, казактардан кем бекенбиз?» дей коюп коңшуларды таарынтты. Эми кечээ жакында эски аянттан орустардын берген курал жарагын алып жатып Орусия чек ара кызматынын башчысына жагалданып, «менин атам Шаршен Атамбаев да бир кезде Совет мамлекети үчүн кызмат кылган» деп мактанып алды. «Эми башка аксакалдардын баарын бирден атап бүтүп, тынч жаткан маркум атасын жайына койсо болбойбу кокуй» дешип, аны уккан согуштун ардагерлери нааразы болуп жатышкан чактары. Тынч жаткан согушту оозанбай эле койбойбу десең, дейт гезит.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 22 Январь 2012 - 14:46

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Programmer   23 Январь 2012 - 18:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Электр энергиянын өчүрүлүшү боюнча «Түндүкэлектрдин» жетекчилиги ээлеген кызматтарынан бошотулду

«Түндүкэлектр» ишканасынын башкы директору Нурлан Кайдуев жана техникалык директору Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим бүгүн аталган компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

19-январда өкмөттүн жыйынында кышка даярдык, жылуулук берүү маселеси талкууланган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Түндүкэлектрди» жетекчилигин ишиндеги кемчиликтер үчүн сындаган.

«Түндүкэлектр» Чүй, Талас облустарына жана Бишкекке электр энергиясын бөлүштүрүп таратуучу компания.

Сот реформасына байланыштуу мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча топ түзүлдү

Жогорку Кеңеште 21-январда КР президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча топ түзүлдү.

Макулдашуу тобунун курамына депутаттар Өмүрбек Текебаев, Данияр Тербишалиев, Садыр Жапаров, Тынчтыкбек Шайназаров, Анарбек Калматов, КР президентинин өкүлдөрү Данияр Нарынбаев, Жолдубаева Индира кирди.

Аталган мыйзам аркылуу «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө», «КР судьяларынын статусу жөнүндө», «КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилмекчи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.




Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Programmer   24 Январь 2012 - 21:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Жаңы оппозициянын никеси алыска бараары күмөн
Ушул тапта радикалдуу оппозиция өкмөттүн 100 күнүн кескин сынга алып, өздөрүнүн реформалык пландарын элге жеткирээри тууралуу маалыматтар тарай баштады.
Радикалдуу оппозициянын башында Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Марат Иманкулов, Өмүрбек Суваналиев, Эркин Булекбаевдер бар экен.
Оппозицияны тескей турган эч ким жок, буларга Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, ал тургай Элмурза Сатыбалдиев, Молдомуса Конгантиевдер да кол кол сунуп жатышканы жөнүндө маалымат бар экен.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президенттин карамагына өткөрүлдү
Президенттин 2012-жылдын 20-январында чыккан ГГЖ № 9 жарлыгынын негизинде, өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын президентинин карамагына өткөрүлдү.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Programmer   24 Январь 2012 - 21:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Ө. Бабанов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасында сынак өткөрүү зарылдыгын айтты
Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Өмүрбек Бабанов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасында сынак өткөрүү зарылдыгын айтты.

«Губернаторлор менен айыл өкмөттөрү аткарып жаткан ишинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Алар үчүн сынак жарыяланат, мыкты облус наамын жеңип алгандарга 5 миллион, мыкты район үчүн 3 миллион, айылдык округ үчүн 2 миллион сом каралган», - деп айтты өкмөт башчысы.

Ө.Бабанов райондордун жетекчилигине үчтөн талапкер көрсөткөндүгүн кошумчалады. «Буга чейин өз ишинде мыкты жыйынтык көрсөткөндөрдүн талапкерлигин акимдик кызматтарга көрсөттүм, райондук кеңештин депутаттары 15 күн ичинде акимди шайлап алышы керек», - деди өкмөт башчысы.





Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Programmer   24 Январь 2012 - 21:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Өкмөттүн жүз күндүк программасы коомчулукка сунушталды
Өкмөттүн жүз күндүк программасы коомчулукка сунушталды. Анда коррупцияга бөгөт коюуу, айрым кзматтарды кыскартуу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, чыгашаларын кыскартуу, ишкерлерди текшерүүдө арылтуу каралган. Бул программа ишкерлер чөйрөсүндө колдоого алынса, коомчулук бул программанын иштеп кетүүсүнө күмөн артууда. Өкмөттүн 100 күндүк программасын аткарууга саясий эрки жетеберерине күмөн арткан эл өкүлдөрү да жок эмес. Бул тема кабарчыбыз Эльмира Наскееванын материалында:

Экономика жана инвестиция боюнча Вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 100 күндүк программасын сунуштады. Анда казынанын киреше бөлүгүн эки эсе жогорулатып, чыгашасын ички дүң продукциянын 5 пайызына чейин түшүрүү каралган. Жоомарт Оторбаев бул программаны ар намыстуу программалардан деп билдирип, келерки 4 жыл аралыгында Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулууга салым кошо тургандыгын белгилейт:

Ж.Оторбаев: Мамлекеттик аппарат бюджетинин чыгашаларын азайтуу, эки баскычтуу бюджетти киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууга чегерүү көлөмүн көбөйтүп, текшерүү органдардын санын 12ден 2ге чейин кыскартуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү 20миңден 300гө чейин төмөндөтүп, уруксат берүүчү кагаздарды 500дөн 220га чейин кыскартуу, каржы полициясын түп тамырынан өзгөртүп, 418 шаттан турган аппаратын 220га чейин кыскартуу, жол жана коопсуздук көзөмөл кызматтарын бириктирип, жолдорду видеокөзөмөл орнотуу каралган,-деген Жоомарт Оторбаев, мунун бардыгын аркатууга, коорупцияга каршы күрөш жүрүгүзүү менен экономиканы көтөрүүгө чечкиндүү кадамдардан деп баалады.

Ал ортодо коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, 100 күндүк программага ишеним артпай тургандыгын айтат. анын мындай көз карашта экендигине былтыркы жылы көк отунга болгон баанын коомчулукка айтпай туруп, быйылкы жылы 14 сом 50 тыйынга көтөрүп жибергени орчундуу себеп дейт:

3 айда өкмөттүн программасында жол күзөт жана коомчдук тартипти көзөмөл кызматтарынын бириктирилиши каралып, алардын ордуна жолдорду видео көзөмөл орнотуу максатталган. Мамлекеттик авто инспеуциясынын басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиевдин айтымында, видео көзөмөлдөө иш аракеттери мындан 2 жыл мурда башталгандыгын, бирок өкмөттө каражаттын жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Анын айтымында, ар бир жолдордун кесилишине жок дегенде 4төн видео камералар орнотулушу керек. Ал эми ар бир видео көзөмөл каражаттары кеминде 8миңден 10 миң долларга чейин турат. Кылыч Мурзалиев, шаардын көчөлөрү тартипке келтирилип, тийиштүү жол белгилери орнотулмайынча натыйжалуулукка жетишүү арсар ойду жаратат дейт:

Вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев жол көзөмөл менен тартип күзөт кызматтарын бириктирүү менен паракорчулукка чабуул жасала турган артыкчылыгын белгиледи. Бул жерде күмөн болбошу керектигин ачыктады. Өкмөт прогшраммасына Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да арсар көз карашта. Программадагы бюджеттин киреше бөлүгүн арттырып, коорупциялуулук менен күрөшүүгө өкмөттүн саясий эрки жете бербей турган пикирде. Анын билдирүүсүнчө, бул программаны жүзөгө ашыруу үчүн өкмөткө саясий эрк менен каржылык булактардын жоктугу кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал:

Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы курамынын бекитилип иштей башташына 30 күн болду. Бул арада аткаминерлердин саны 20 пайызга кыскартылып, бюджеттин киреше бөлүгүнө пайда табуу аракеттери күрүлүүдө. 100 күндүк программанын жыйынтыгы май айында чыгарылмакчы.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Programmer   27 Январь 2012 - 19:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

К.Байболовго кылмыш иши козголду

Мурдагы президенттикке талапкер болгон, өз учурунда башкы прокурор болуп иштеп калган Кубатбек Байболов кызматтык кылмыштарды кылган үчүн күнөөлөнүп жатат. Ага карата өткөн жылдын соңунда эле Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Аталган ведомствонун экс-прокурору Байболов башкы прокурор болуп иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыз түрдө бир тараптын мүлкүнө болгон арестти алып салууга буйрук берген. Биз бул боюнча Башкы прокуратурга кайрылганыбызда, азырынча бул иш каралып жаткандыгын айтып, маалымат берүүдөн баш тартышты, деп жазылган булакта.

Белгилүү болгондой, К.Байболов учурда АКШга чыгып кеткен.

Сүрөт

Ө.Бабанов А.Жапаровду өчүрдү


Каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги жыйынында адатынча капталдан чыга калып, коллегасы Т.Сариевге акыл үйрөтүп кирсе премьер-министр Өмүрбек Бабанов аны өчүрүптүр.

«Бул жер парламент эмес, кезегиң менен сүйлө, экинчи ушинтип чыга калсаң микрофонуң түбөлүк тумчугат», деп өчүрдү. Ырас эле бул министрибиз кайда отурганын, эмне милдет мойнуна жүктөлгөнүн эмгиче билбейт көрүнөт» деп айтыптыр премьер-министр.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 27 Январь 2012 - 19:18

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 02:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: