мусулман болсо отургузунуз баланызды!
Озуно жакшы,
Баланы сөзсүз сүнөткө отургузуу керекпи? Отургузбай койсо болобу?
#23 27 December 2011 - 20:30
Баланы канчалык эрте, башкача айтканча кичинекейинде отургузганы мусулманчылыкта да, медицинада да жакшы.
Отургузбаса, бала озу эле кыйналат деп окп угам. Орустар, корейлер чонойгондо оздору больницага барышат.
Баланы 3 же 5 жашында отургузуу абдан ыйгалуу.
Отургузбаса, бала озу эле кыйналат деп окп угам. Орустар, корейлер чонойгондо оздору больницага барышат.
Баланы 3 же 5 жашында отургузуу абдан ыйгалуу.
#24 27 December 2011 - 22:29
Эркек балдарды сүннөткө отургузуу медицина илиминде, азыркы убакта кеңири таралган хирургияык операция болуп саналат. Медицина тили менен айтканда, сүннөткө отургузуу циркумцезия
деп аталат. Эркек балдардын жыныстык мүчөсүнүн ашыкча терисин хирургиялык жол менен операция (циркумцезия) жасап алып салуу дегенди түшүндүрөт.
Мунун мааниси өтө чоң. Медицинада сүннөткө отургуза элек балдарда төмөнкү оорулар көп кездешет: фимоз, парафимоз – бул эркек баланын жыныс органынан ашыкча терисинин сууктап сезгенүүсү.
Жыныстык мүчөсү шишип, заара кылалбай калышы мүмкүн. Сезгенип калуусунун себептеринен болуп, эркек балдар заара кылгандан кийин сөзсүз түрдө ашыкча теринин астында заара калып калат. Ошол калып калган заара ашыкча теринин сезгенүүсүнө алып келет. Ал эми сүннөткө отургузгандан кийин эркек балдар жогорку оорулар менен эч качан оорушпайт. Гигиеналык жактан да таза болот. Эгерде жогоруда айтылган оорулардын белгилери пайда болгон болсо, кечиктирбей врачтарга кайрылыш керек. Негизи эле, эркек балдарды төрөлгөндөн баштап эле жыныс органын бат-баттан жууп туруу керек
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#25 27 December 2011 - 22:37
Балдарын үй шартында сүннөткө отургузгандардын айырмасы
Врачтар жасаганда:
1) Хирургиялык жол менен жасалган сүннөт таза болот.
2) Хирургиялык инструменттер стерилизация кылынат.
3) Баланын жыныс мүчөсүнүн ашыкча териси алынган жер хирургиялык жол менен дезинфекцияланат. Ошондой эле, кескен жарасы тигилет да, бат сакайганга шарт түзөт.
4) Ар бир канаган кан тамырлар байланат.
Ал эми үй шартында кылынган ыкма:
1) Таза жана гигиеналык жактан жакшы болбойт.
2) Алардын инструменти жалгыз гана бычак болот.
3) Канаган кан тамырлар байланбайт.
4) Сүннөткө отургузгандан кийин жарасы кечирээк сакаят.
Врачтар жасаганда:
1) Хирургиялык жол менен жасалган сүннөт таза болот.
2) Хирургиялык инструменттер стерилизация кылынат.
3) Баланын жыныс мүчөсүнүн ашыкча териси алынган жер хирургиялык жол менен дезинфекцияланат. Ошондой эле, кескен жарасы тигилет да, бат сакайганга шарт түзөт.
4) Ар бир канаган кан тамырлар байланат.
Ал эми үй шартында кылынган ыкма:
1) Таза жана гигиеналык жактан жакшы болбойт.
2) Алардын инструменти жалгыз гана бычак болот.
3) Канаган кан тамырлар байланбайт.
4) Сүннөткө отургузгандан кийин жарасы кечирээк сакаят.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#26 27 December 2011 - 22:44
Кээ бир балдар сүннөткө отургузгандан кийин эртеси эле чуркап кетет, кээси бир жумалап төшөктө жатышат, бул болсо төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт экен.
Баланын бат айыгып кетиши көп нерсеге байланыштуу. Биринчиден, баланын мүчөсүн түрүп туруш керек. Түрүлгөн, тазаланган болсо, бала тезирээк айыгат. Эгерде түрүлбөй, үрпү, үрпүнүн ички капталы башына жабышкан болсо (спайка), аны түрүп жасаш керек. Түргөндө, ал сыйрылат. Мындай жасалган операция көбүрөөк убакытка чейин шишип жүрөт. Андан сырткары, кээ бир хирургдардын колу жеңил же оор болот. Кестиргенге чейин ата-энелер бала менен жекече сүйлөшүп, анын кулагын көндүрүп, психологиялык жактан даяр кылыш керек, ошондо гана ооруну сездирбөөчү дары сайышат, эгер психологиялык жактан даяр эмес болуп, чаңырып, тепкилеп, хирургга моюн сунбаса, анда наркоз менен жасаса болот. Ага кошумча, адамдын иммунитетинен, терисинен, кандай шартта жасалгандыгына дагы көз каранды. «Ооруканадан баргандан кийин мазь сүйкөгүлө, марганцовка менен чайкагыла, ванночка кылгыла», - дешет. Негизи кестиргенден кийин ордунан турбай бир-эки күн жатыш керек. Анткени, көп баскан сайын шишип кетет.

#27 27 December 2011 - 22:53
Сүннөт кылдыруу мусулманчылыктын бир белгиси катары эсептелет. Куранда сүннөт кылдырууга буюрган аят жок. Башталышы Ибрахим пайгамбардан бери башталган. Сүннөт кылдыруу Исламга чейинки арабдарда да кеңири жайылган. Риваяттарга караганда Ибрахим пайгамбар 80 жашка келгенде өзүн сүннөткө отургузган экен (Бухарий,
Анбия, 8; Муслим, Фадаил, 151). Сүннөт кылдыруу адаты андан кийин келген бардык пайгамбарларга кеңири жайылган. Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде мындай деген: «Төрт нерсе бар, булар пайгамбарлардын сүннөттөрү;
сүннөткө отуруу, жыпаржыт себинүү, мисвак колдонуу жана үйлөнүү»
(Тирмизий;
Ахмадбин Ханбал). Башка бир риваяттарда пайгамбарлардын кээ бирлери сүннөттөлгөн абалда төрөлүшкөн.
Арабдарда сүннөт кылдыруу тазалык жана көркөмдөлүү катары да кабыл алынат. Ушундан улам сүннөт кылдыруу сөзүнүн ордуна «тахарат» тазалык сөзү да колдонулат.
Усайм бин Калибдин атасынан, анын да чоң атасынан келген риваятта, чоң атасы мындай деген: «Аллахтын элчисине барып, Исламды кабыл кылдым. Анан пайгамбарыбыз (САВ) мага кайрылып: «Өзүңдөн капырлыктан калган кылдарды тазала жана сүннөткө отур»
деди». (Ахмад бин Ханбал, 3/415; Абу Дауд, Тахара129)
. Бул хадистен ким мусулман динин кабыл кылса, улгайган жашка келсе да, сүннөткө отургузулуусу керек экендигин түшүнөбүз.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#28 27 December 2011 - 22:56
Бул маалыматтар Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын күндүзгү хирургия бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Миңбаевдин кеңешинин негизинде жазылды.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 27 December 2011 - 23:03
Таласс байке рахмат жакшы кеңештериңиз бар экен,дагы эле бир чечимге келе албаи жаттым эле буйурса Кыргызстанга барсам баламды отургузам.
#30 28 December 2011 - 00:35
Пайдалуу маалымат бере алганыма кубанам
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#31 28 December 2011 - 01:58
аты айтып тургандай суннотордо коп пайда бар!суннотко кийим,сакал,
этика ж.б. Кирет
#32 28 December 2011 - 16:40
Таллас
, жакшы пайдалуу кенештерине чон рахмат. 
Азаматсын.
Тилегин орундалсын.
буйурса Кыргызстанга барсам баламды отургузам.
Азаматсын.
#33 16 January 2012 - 23:21
Ал эми Чүй облусунун Кемин районундагы хирург Алымкул Рахманов 4 жаштагы Нурсултан Садыковду 7-августта сүнөткө отургузуу маалында жыныс мүчөсүн кесип алган. Аталган хирург баланы жабаркаткандыгы үчүн кызматынан четтетилген.
Ал эми Нурсултанга буга чейин 4 жолу операция жасалып, Москва шаарынан да операция жасалууга тийиш.
УУУхх ииийй өлдүм го муну окуп алып,кайдан ача калдым эле.
УУУхх ииийй өлдүм го муну окуп алып,кайдан ача калдым эле.
#35 17 January 2012 - 15:52

Иий, байкуш балакай десе.. Азыр го азыр ал мүчөнүн баасын билбейт. Убагы келгенде шорлойт го, шорлойт!
Бөлкө нан барбы?
#36 17 January 2012 - 17:12
Жүйөөлүү кептер айтылыптыр,
кайталаганда эмне. Азыркы заманбап медицинада лазер менен сүннөткө отургузуу деген бар. Бир сааттан кийин эле жүгүрүп калат. Кыргызстанда бар бы билбейт экенмин.
#38 12 February 2012 - 00:01
Көлдүктөр,
таарынбагыла,
эми. Бирок, болгонду болгондой айтыш керек: Ошол жакта көп "кесүүчүлөр"
- "тилүүчүлөр"
болуп калышкан окшойт. Кийин, канчасы кайра "модернизация"
болушту
Эми, бул темада көп эле нерсени жазса болот: медициналык, диний өңүттөн далил келтирип. Кыскача жаза турган болсом - мусулман адам сөзсүз түрдө сүннөткө отургузулуш керек. Карып калган болсо да. Ибрахим пайгамбар эң биринчи сүннөткө отургузулган адам. Ал ошондой буйрук келгенде 80 жашта эле. Ошого карабай ал сүннөткө отургузулган.

а эмне силерде жокпу?Мен деле уккам Таласта ушундай экен деп сен да таарынба бироонун башындагы чопту корбой озундун башындагы тоону кор.Озун Таластыксын байкабайсын байкасан да байкамаксасын мен деле
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#39 12 February 2012 - 00:13
Сунотко отургузуу керек кылынбаса чонойгодо оорукчан да болуп калат деп уккам
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#40 12 February 2012 - 00:14
Мусулман болгондон кийин сөзсүз сүннөткө олтургузуш керек.Мен да уккам,көлдүктөр кан чыгарып эле коёт экен деп.Таарынып жүрөгүлө
.Бир эже бар болчу.Өзү Оштук.Күйөөсү көлдүк эле.Баласын олтургузса кан чыгарып эле коюшуптур.Ошко төркүнүнө барса,таятасы көрүп,кайрадан сүннөткө олтургузуптур.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.

Супер-Инфо
super.kg
видео