Мага Демондун 28-декабрда, Розинин 29-декабрда жүктөшкөн сүрөттөрү гана жарым жартылай ачылып, калганы таптакыр көрүнбөй кыжалат кылып турат, неге? Же мендеги интернеттин ылдамдыгына байланыштуу бекен ыя?
Ал сүрөттөрддүн көлөмү чоң. Узун туурасы 1705*2659 пкс болгон сүрөт экен. Ал эми стандарттык 17 дюймдук монитордун стандарттуу узун туурасы 1024*768. Эгер сүрөт ушундай көлөмдө болсо - анда ал сапаты жетишээрлик деңгээлде жакшы деп айтууга болот. Ал эми 1705*2659 пкс сүрөт - бул эми фотошоп менен ал сүрөттүн майда-чүйдөсүнө чейин үңүлө карап, ар бир деталын боёп, оңдоп чыкканга керек болбосо эле..
RCIC (Right Click Image Converter) деген аябай ыңгайлуу программа бар. Илибой форматтагы сүрөттү илибой форматка, анан да илибой көлөмдө (разрешение) өзгөртүү мумкүнчулүгүн берген. Сүрөт жүктөөрдө ошол программа менен да колдонуп койсо болот. Анткени, мен көрсөткөн (http://img.torrents. kg/) сайтка GIF, JPG, PNG, BMP форматтарынан башка форматтар жүктөлбөйт. Мисалы TIFF форматындагылар.
Менде жапжакшынакай жана таптатынакай болуп ачылып жатат.
Сизде ачылбаганынын себеби - ошол өзүңүз боолгологондой эле интернеттин ылдамдыгы. Мен бир досумдун ушундай ылдамдыгы аз интернетинен кире коём деп аз жерден карып кете жаздагам нерв болуп.. )) Мегалайнга рахмат.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















№2