Билет баасы - 250 р.
Кызыгы - ырдаган ыры жана озгочо бий кыймылдары ар кандай "ие, хоп, бийлейбиз жаштар" деген чакырыктары, жана кыздардын Ильяз деп чурулдашкандары
3 жолу форма алмаштырылды:
Шымы менен бут кийми озгорбоду усту жагын алмаштырып чыгып атты:
1. Көйнөкчө н
2. Футболкачан
3.Майкачан
08.05.09 Орусиянын Иркутск облусуна кыргыздын белгилуу болуп калган ырчысы Ильяз келип оз концертин тартуулап кетти.
Бул концерт болоордон алдын эле эки кун мурун Кумөндө р жетектеген жана Сапар дагы бир эки бейтааныш мырзалар келишип концерт коюшту эле Ильяздын келе турганын билип калган эл ал концертти жактыра беришбедиби белем залдын жарымы толуп калган оорундуктар бош калды.
А мына Ильяз келгенде озгочо башкача болуп отту го. Концерт келиптир дегенди жоро-жолдош балдардан дароо эле эшиттим. Ооба бир эки жерде афишасы да илинип турду, кызыгы афишада бир гана Ильяздын бажырайган суроту жана Ильяз Абдыразаков деп жазылыптыр дагы кичине кылып жана сахналаш достору деп жазылыптыр. Демек мындан келди сольный концерт болот го деп ойлогонбуз. Мына коптон куткон убакыт жетип келди. Кыргызчылык кылып 9:00 башталчуу концерт 9:30 откондо башталды. Кеч башталганына карабай билеттер сатылып бутуп калды. "Ушуну менен кандай болсун" деп эл чуру-чуу которуп атып "биз туруп деле коро беребиз" дешип 200 рубльдан туруп коргонго билет алып киришти. Залда адам толмок тургай батбай калды. Айтымына караганда 2000 чукул адам кирген имиш. Концерт 100 минутадай коюлду. Кыздардын чуру-чуусу менен концерт уланып атты. Бир туруп эсине келип кетет "аттин Ильяздын ордуна мен болуп калбай" деп. Ал тургай сахнага кыздардын эки-учоо чыгып алып Ильязды бир оптуруп койгулачы эмне кылсак болот десе шыпылдаган алып баруучусу Ильяздын афишасын кармата коюп "моону ооп жата бергиле" деп кармата салды.
Ильязга бир кыз гана концертин жарымында чыгып гул тартуулады, андан башкасы бергенге жарабады.
Айткандай эле эсимден которулуп кете жаздаптыр, концерт аяктайын деп калганда алып баруучу менен Ильяз чыгып мына Кыргызстандан атайын "Кыргызстан шампаны" деген шампан алып келдик, эр азаматтар алгылачы королу деп башталыш баасын 500 р. баштады эле баарынын деми ичине тушуп кетти белем, бир маалда уялганынан бир бала чыгып алып койду ошол эле баага. Мына ушундай эсте калаарлык окуялар менен Ильяз Иркутск жергесинде болуп кетти.

Супер-Инфо
super.kg
видео















