Кыргыздын Гиннес Китеби же рекорддор, эң, эң…,алгачкы, биринчи, тунгуч.
#41 05 January 2012 - 02:47
Милиция
· Кыргызстандагы жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучулары: биртуугандар Балтакожо жана Насрулло Султановдор, Газыбай Казыбаев, АбдылдаИсабаев, Николай Нерабоченко, Атажан Сулайманов, Николай Парфентьев, СанжарКылычбеков, Машариф Масабиров, Эргеш Алиев, Петр Гайлис ж.б.
· Кара-Кыргыз АОсунда 1924-ж. октябрда Облмилициянын башкармасы иштейбаштаган. Анын 1-начальниги – А.П.Арумов.
· Кыргыз АССРинин 1-ички иштер эл комиссары – Искандер ЖанузаковичЖоломанов.
· 1925-ж. Кыргыз АОсунун Ички иштер эл комиссариатынын тармагында 1-жолуокуу пункту ачылып, көп узабай ал 11 айлык мектепке айланган. Анын 1-начальнигиА. Мамин, окутуучулары А.Алтымышбаев, А.Хасанов, Г.Радвогин.
· 1-милиционер аял – Каржаева Сабира.
· Кыргыз аялдарынан милициянын полковниги наамын 1-алган ТоктосуноваЗарылкан.
Армия
· Республикадагы алгачкы аскер комиссары, б.а. 53-кыргыз атчандар полкунунтунгуч аскер комиссары (1937-ж., март - сентябрь) – Истамбеков Аден Бекембайуулу (1903 - 37). Ал 1922-ж. 19 жашында кызыл комиссар наамына ээ болгон.
· Кыргыздын 1-матросу, 1935 – 39-ж. Балтика флотунда кызмат өтөгөн –Н.Жээналиев.
· Алгачкы кыргыз чегарачыларынын бири – Озоке Лайлиев. Анын ысымы 1994-ж.Нарын чегара отрядына, 1992-ж. Ысыката районунун Кеңбулуң айылындагы мектепкеберилген.
· КР Улуттук гвардиясы 1992-ж. түзүлгөн. Алгачкы командачысы АбдыгулЧотбаев.
Улуу согуш, репрессия, Афганстан
· Улуу Ата мекендик согушкаКыргызстандын 363 144 кыргызстандык, а.и. 1395 кыз-келин чакырылган. Гитлердикбаскынчылар менен ар бир 6-кыргызстандык кан майданда кармашкан.162 миң жоокермайдандан кайтпай калган. Бул согушта көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги, каармандыгыжана туруктуулугу үчүн Кыргызстандын 150 миң жоокери ордендер жана медалдарменен сыйланган. 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамгататыган (а.и. 12 кыргыз). 29 адам Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган(а. и. 8 кыргыз). Булар дагы баатырга тете адамдар.
· Улуу Ата Мекендик согуштакыргыз жоокерлеринен 1-болуп 1941-ж. Ленин ордени менен сыйланган БайбачаевСадыгалы (1910-45) болгон. Ал орденге Ленинград блокадасында бир дивизияаскерди курчоодон куткаргандыгы үчүн татыган.
· Жердешибиз генералИ.В.Панфиловдун командачылыгындагы 316-аткычтар дивизиясынын 28гвардиячы- панфиловчулары 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездининжанында болгон салгылашуудагы теңдешсиз эрдик көрсөтүшкөн. Алар 4 сааттадушмандын 4 танкасын талкалашып, бардыгы курман болгон. Алардын бардыгынаСоеттер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган (а.и. 7 кыргызстандык, 1 кыргызболгон: Н.Я.Ананьев, Г.Е.Конкин, И.В.Москаленко, И.В.Панфилов, Г.А.Петренко, Г.М.Шемякин, Д.Шопоков).
· Душмандын дзотунун амбразурасынденеси менен жаап, 1942-ж. 5-августта Чолпонбай Түлөбердиев өлбөс-өчпөс эрдик жараткан.
· Согуш мезгилинде танк курууүчүн биринчилерден болуп өз каражатынын эсебинен чоң суммада акча бергендерКочкор районундагы “Арал” айыл чарба артелинин мүчөсү Жого Жаңыбаев, Атбашырайонундагы Жаңыкүч колхозунун мүчөсү Алмакун Чагараков, Ош облусунун Советрайонунан Батыйма Бегалиева, Зулия Өмүрзакова, Сурамбүбү Ибраимова, Түпрайонунун «Өрнөк» колхозунан Байзак Норузбаев ж.б.
· Акын Тенти эженин айтуусубоюнча кыргыздардан 1-танкист кесибине ээ болгон адам – Жоробаев Жаныбек.
· Улуу Ата Мекендик согуштунбаатырларына курулган 1-эстелик – Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майорИ. В.Панфиловго арналып, 1942-ж Бишкекке курулган.
· Улуу Ата Мекендик согуштаЖумгалдан барган Акун Садырбаевдей эрдикти эч ким көрсөткөн эмес. Ал 1942-ж.13-декабрда душмандын 16 гранатасын тосуп алып кайра өздөрүн көздөй ыргыткан.17-граната колунда жарылып курман болгон.
· Репрессияда 1838-ж. 5-январдаЧоң- Ташта атылган 137 адамдын. сөөгү коюлган “Ата Бейит” көрүстөнүнө“Ата- Бейит” момериалы 1999-жылдын 28-мартында түптөлгөн. Анын жерпайына аманаткат коюлган. Комплекстин долбоорунун архитекторлору К.Алыкулов, Т.Алыкулов жанаА.Жуманалиев, скульпторлор С.Ажиев, В.Шестопал.
· Кыргызстанда экспонаткаайланган 1-танк (Т-62 маркасындагы) 1998-ж. Балыкчы шаарынын Ооган элиндекурман болгон тургуну Аскат Курмашев атындагы көчөсүнө орнотулган. Бул СССРдечыгарылып, эчен жылдар Германияда кызмат өтөгөн, Ооган согушуна катышып, анданКыргызстанга келген танк. Бул танк СССР боюнча Ооган жеринде каза болгон18 334, кыргызстандык 1,5 миң, ысыккөлдүк 32 жоокердин эстелиги катарытурат (Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер катышкан).
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#42 05 January 2012 - 02:48
Спорт
· Кыргызстандагы 1-спорт клубу – “Олимп”. Ал комсомолдордун демилгеси мененБишкекте 1920-ж. түзүлгөн. Мында гимнастика, гиря көтөрүү, жеңил атлетика,күрөш ийримдери иштеп, анын 1-жетекчиси, ошол кезде Кыргызстандагы спорттукбилими бар жалгыз адис – А.Халиулин болгон.
· 1921-ж. 8-апрелде Кара-Кыргыз облусунда физкультура жана спорт советиуюшулган.
· Алгачкы спорт ийримин 1923-ж. Кызылкыя шаарынын шахтерлору түзгөн.
· Кыргыз жаштарынан алгачкылардан болуп дене тарбия, спорт адистигине ээболгон– Зарлык Аманкулов.
· Кыргызстандан СССР спортунун чебери деген наамды 1-алган (1957)– ТобокелМамыров.
· Республикалык спорт комитетинин 1-жетекчиси – Дөлөн Өмүрзаков.
· Республикада өткөрүлгөн эң 1-спорттук чоң салтанат – Бүткүл Кыргызстандын1- дене тарбия (физкультура) майрамы. Ал 1927-ж. 24-июнда болгон. Ал эми 1929-ж.3-октябрда айыл-кыштак дене тарбиячыларынын 1-слёту өткөрүлгөн.
· Бүткүл кыргызстандык 1-спартиакиада 1934-ж. августта, ал эми 1936-ж.сентябрда Кыргызстандын колхоз-совхоздук 1-спартакиадасы өткөрүлгөн.
· Эң алгачкы спорт коому – “Спартак”. 1935-ж. уюшулган.
· Кыргызстандын 1-суу майрамы 1936-ж. 16 – 19-июнда Ысыккөлдө болгон.
· Сууда топ ойноо (ватерполо) боюнча 1-мелдеш 1938-ж. Ысыккөлдө болгон3-суу майрамында өткөрүлгөн.
· Балдардын алгачкы спорт мектеби 1943-ж. Бишкекте ачылган.
· Кыргыз улуттук оюндарынын 1-спартакиадасы 1952-ж. болгон. Мында мелдештеркыз куумай, ордо, оодарыш, улак тартыш ж.б. боюнча жүргүзүлгөн.
· Бишкектеги алгачкы спорт курулушу “Алга” спорт коомунун дене тарбия үйүболгон (Фрунзе көчөсү, 501). Ал 1954-ж. курулган.
· 1954-ж. 31-июлда “Колхозчу” ыктыярдуу спорт коому уюшулган.
· Эң алгачкы велодром (трек) Орто Азия менен Казакстанда 1-болуп 1966-ж.Бишкекте курулган.
· 1964-ж. Чоң-Таш лыжа спорттук базасы ачылган.
· Спорт, дене тарбия боюнча алгачкы изилдөөчү – Филипп Ефимович Байман. Ал1972-ж. кыргыз улуттук күрөш оюну боюнча кандидаттык диссертация жактаган. 50жылдан ашык мезгил КМУУнун дене тарбия жана спорт кафедрасын жетектеген.
· Спорт журналисттери федерациясынын алгачкы президенти ишкер, коомдук жанамамлекеттик ишмер Аскар Салымбеков. Ал спорт менен маданиятты колдогон алгачкымеценаттардан дагы.
· Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийинки 1-спартакиада 1996-ж.июнда республиканын түзүлгөн күнүнүн 5 жылдыгына арналып Бишкекте өткөрүлгөн.
Олимпиялык оюндар
· Кыргыз спортунун тарыхында Олимпиялык оюндарга 1-жолу 1960-ж. (Римдеөткөн 17-Олимпиялык оюнга) ат спорту боюнча СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычыСаботтал Мурсалимов катышып, байгелүү 5-орунду ээлеген. Ал 1964-ж. болгон18-Олимпиялык оюнга да катышып, командалык 5-орунду ээлеген.
· Кыргызстандан Олимпиялык оюндарга жеңил атлетика боюнча 1-болуп 1964-ж.Л.Иванов, сууда сүзүү боюнча 1972-ж. А.Анарбаев катышкан жана байгелүүорундарга ээ болушкан.
· Ок атуу боюнча алгачкы Олимпия чемпиону – Мелентьев Александр. Ал 1980-ж.Москвада өткөн Олимпиялык оюндарга тапанча менен ок атуучу 33 спортчунун ичиненчемпиондук наамга жетип, 581 упай менен дүйнөлүк рекорд койгон.
· Штанга боюнча алгачкы Олимпия чемпиону, кыргыздардан 1-Олимпиялыкбийиктикке жеткен – Каныбек Осмоналиев. Ал 1980-ж. Москвада өткөн Олимпиялыкоюндарда эң жеңил салмактагы штангачы катары дүйнөгө таанылган. Ал дүйнөнүн 4жолку чемпиону болгон.
· Узундукка секирүү боюнча аялдар арасындагы 1-Олимпия чемпиону –Т.Колпакова. Ал 1980-ж. Москвада өткөн Олимпиялык оюндарда 706 см көрсөткүч мененрекорд койгон.
· Советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган – Сатымкул Жуманазаров. Ал 1980-ж.Москвада өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундадачуркап өткөн.
· Кыргызстандык футболчулардын ичинен 1-Олимпиялык чемпион болгон жана1988-ж. СССР спортуна эмгек сиңирген чебер наамын алган – А.Фокин.
· КР Улуттук Олимпия комитети 1991-ж. түзүлгөн. Алгачкы президенти эркинкүрөш боюнча спорт чебери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Эшим Кутманалиев.
· Кыргызстандын спорттук командасы 1996-ж. Атлантада (АКШ) өткөн Олимпиялыкоюндарга 1-жолу көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан. Анда КРтуусу 1-жолу көтөрүлгөн. Буга жалпысынан 33 спортчу катышып, В.Александров(эркин күрөш, 100 кгсалмак түркүмү) байгелүү 6-орунду, А.Ковалевский (130 кг салмак түркүмү)5-орунду, Р.Санатбаев (грек-рим күрөшү) 8-орунду ж.б. ээлешкен.
· Сиднейдеги 27-Олимпиялык оюндарга (2000, сентябрь) Кыргызстандан 40спортчу катышкан. Мында спорттун эл аралык класстагы чебери, дзюдочу АйдынСмагулов эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 1-жолу коло медаль жеңип алып,олимпиадалык эсепти ачкан.
· Азия оюндары федерациясына Кыргызстан 1994-ж. мүчө болуп өткөн, кыргыз спортчуларыушул жылдан баштап Азия оюндарына катыша баштаган.
· Кореянын Бусан шаарында болгон 14-Азия оюндарында 2002-жылдын12-октябрында бийиктикке секирүү боюнча кыргызстандык Татьяна Ефименко 1-орундуээлеп, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 1-жолу алтын медалды жеңип алган.
· Ордо. Кыргыз улуттук ордо оюнунун эрежелеринбаяндап жазган 1-китептин автору – Осмон Команов.
· 1982-ж. Кыргыз ССР Спорткомитетинин чечими менен ордо боюнча спорт чеберидеген наамды 1-жолу алгандар: Кудайбергенов Төрөбай, Туйшенов Алдабек, ТаргыловАйтыш, Орозалиев Ормук, Калбаев Жолдошбек, Бейшебаев Оңолбай, Мамытов Садыр.
· Шахмат. Кыргыздар илгери эле шахматойногондугун алгач археолог Д.В.Винник далилдеген. Ал 1979-ж. Бурана шаарчалдыбарынан 10 – 12-кылымдарга тиешелүү шахмат фигурасын – ак жылмакай сырменен капталган пилдин карапа фигурасын тапкан.
· 1947ж.17апрелдеОрто Азиянын шахматчылар турнири 1-жолу Бишкекте болгон.
· Шахмат боюнча 12 жашында 1-разрядга ээ болгон, кыргыз кыз-келиндеринен1- жолу 1979-ж. СССРдин спорт чебери наамын алган – Бакыт Самаганова. КыргызРеспубликасында 1-болуп шахмат боюнча эл аралык чебер деген ардак наамды1994-ж. Молдобаев Эмелбек алган. Ал машыктыргычы жок өз алдынча машыккан1-шахматчы.
· Азия өлкөлөрүнүн шахмат боюнча 1-президенти (1992 - 94), шахматчы,Кыргызстандын шахмат федерациясын эң узак башкарган адам, эл аралык арбитр,эмгек сиңирген машыктыргыч, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, илим доктору –Акылбек Муратбеков.
· Шахмат боюнча кыргыз кыз-келиндеринен чыккан 1-машыктыргыч – ТиленбаеваБактыгүл. Ал шахмат боюнча спорт чебери, Дүйнөлүк Олимпиадага 3 жолу (1992,Манила; 1994, Москва; 1996, Ереван) катышкан.
· Футбол. 1921-ж. 12-мартта Пишпектереспубликалар аралык футболдук алгачкы беттешүү (Пишпек - Верный) өткөн.
· Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги жана өлкөнүн Кубогу үчүн оюну1936-жылдан баштап өткөрүлгөн. 1-чемпион жана Кубоктун жеңүүчүсү Бишкекшаарынын командасы болгон. Кыргыз футболчуларынын чет өлкөлүк командалар мененболгон 1-оюну 1957-ж. Кыргызстандын “Спартак” жана Финляндиянын “Васса”командаларынын ортосунда өтүп, 3:1 эсебинде кыргызстандыктар уткан.
· Алгачкы футбол командасы - “Алга” 1955-ж. “Спартак” ыктыярдуу спорткоомунун республикалык советинде “Спартак” деген ат менен түзүлгөн. Ал 1960 –94-ж. “Алга” деп аталган. 1956–63-ж. СССРдин футбол боюнча биринчилиги үчүн “Б”классында, 1963-жылдан “А” классынын 2-лигасында, 1970–73-, 1975-, жана1979-жылдары “А” классынын 1-лигасында ойногон.
· Футбол боюнча 1-илимий диссертацияны 1983-ж. К.Жанузаков коргогон.
· Кыргызстанда кичифутболду негиздеген Букуев Медет, илим кандидаты.
· Альпинизм . Альпинизм боюнча алгачкы клубду 1927-ж. Караколшаарында тиш техниги И.Гречишкин уюштурган. 1936-ж. Жетиөгүздө алгачкыальпинизм мектеби ачылып, сентябрда кыргыз альпинисттери 1-жолу Аларчакапчыгайындагы Комсомолец чокусуна (бийиктиги 4110 м) чыгышкан.Кыргызстанда 1-болуп альпинизм боюнча спорт чебери деген наамды 1940-ж. В.Рацекалган.
· Марафон. Биринчи кыргыз марафончусу – Беделбай Амиракулов. Ал1971-ж. апрелде өткөн чоң мелдеште 42 км 195 м аралыкты 2 саат 19 мүнөт 23 секундадабасып өтүп, Кыргызстандын рекордун белгилеген. Спорттун бул түрү боюнча ошолкездеги Орто Азия менен Казакстандын спортчуларынын ичинен 1-спорт чебериболгон.
· Мылтык атуу. Кыргыз спортунун тарыхында мылтыкатуу спорту боюнча 1-жолу алтын медалды Алымбек Садабаев 1957-ж. Украинадаөткөн эл аралык мелдеште жеңип алган. Азыр Орто-Сай айылында жашайт.
· Ок атуу боюнча биринчи СССР спортунун чебери нарындык Иман Мамбетакунов(машыктыргычы Комунар Сулайманов).
· Ат спорту. Кыргыздагы 1-саяпкер – Толубай сынчы.
· Ат спорту боюнча республикага алгачкы алтын медалды алыпкелген – С. Мурсалимов. Ал 1959-ж. СССР элдеринин 2-спартакиадасынын чемпионуболуп, анда ал баш байгени (алтын медаль) алган.
· Бокс. Кыргыз спортчуларынан бокс боюнча спорт чебери наамынбиринчи Сейдесембаев Картаңбек (1917-97) 1937-ж. алган. Ал эми алгачкы эларалык класстагы спорт чебери наамын Нурлан Абдыкалыков (1965-89) алган.Кыргыздардан бокс боюнча 1-болуп эл аралык калыс наамын алган – Мамыт Акеров.Профессионалдык бокста 7 жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын удаасы менен сактапкалган О.Назаровдой боксёр Кыргызстанда гана эмес Чыгыш Азия аймагында жок.
· Күрөш. Күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилигиалгач 1940-ж. өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамды Керимкулов, Халматов,Мамрасулов, Халмамбетов, Кулмаев алган.
· Жалалабаттык балбан Ибраим Узаков (Тапанча балбан) республикада 1972 –93-ж. өткөрүлгөн мелдештерде далысы бир дагы жолу жерге тийбей эң көп жолу(20дан ашык) чемпион болгон.
· Эркин күрөш. Эркин күрөш боюнча уландар арасында эңбиринчи дүйнөнүн чемпиону наамын кыргызстандык Владимир Соколов алган.
· Кыргызстанда эркин күрөш боюнча эл аралык категориядагы 1-калыс –Сарымсаков Карыппай (1973). Ал кыргыз жаштарынан 1-болуп 1961-ж. республикалыккатегориядагы калыс, 1963-ж. Бүткүл союздук категориядагы калыс наамын алган.
· Грек-рим күрөшү. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионуболгон 1-спортчу – Ю.Мельниченко. Эң биринчи болуп 1939-ж. спорт чебери наамынА.Абрамов алган.
· Самбо. Кыргызстанда самбо 1948-жылдан өнүгөбаштаган. 1-спорт чебери – В.Котов.
· Кулатуу. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү –Турусбеков Темир. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, фехтование, карате-до боюнча спорт чебери, “кар кур” ээси. Кулатуу боюнча 1-спорт чебери,Кыргызстандын 1-чемпиону – Адамалы Осмоналиев.
· Каратэ. Каратэнин сырларын кыргыздарданалгачкылардан болуп өздөштүргөн – атактуу спортчу, таланттуу киноактер ТалгатНигматуллин.
· Кыргызстанда эле эмес, мурдагы СССРде да байыркы кытайдын гун-фумектебин негиздөөчү – Есен Жумазович Исмаилов. Каратэ боюнча жеңилбес6-баскычтагы кара кур ээси, дүйнөнүн каалаган жеринде өз мектебин ачууга акысы бар инсан, каратэ,ушу боюнча эл аралык 120 беттешүүгө катышып, 120сында тең жеңишке жетишкен,300дөн ашык окуучулары бар, учурунда СССР Куралдуу Күчтөрүндө да реформажасаган. Түндүк-тибет мектебинин бүтүрүүчүсү, гун-фунун устаты Чжандан чыгышкүрөшүнүн жашыруун сырларын үйрөнгөн. Чыгыш күрөшүнүн мекени - Кытайдакелишимдик негизде ушу боюнча машыктыргыч, чыгыш күрөшү боюнча бир нече кинодорежиссер, актер, режиссер-коюучу болгон. Ал элдик композитор дагы. 50дөн ашыкмузыкасы, бир нече симфониялык чыгармасы бар. Ири бизнесмен, маданиятка эмгексиңирген ишмер, кыргыз эл депутаты, КР эл артисти, Кыргызстандагы 70 миңдейдунган элинин улуттук лидери. Кыргыз маданиятына бир катар кайрымдуулук иштердижасаган меценат. Москвада чыгармачылыктын эл аралык академиясынуюштуруучулардын бири, маданий дүйнөгө кошкон салымы үчүн 2000-ж. алакадемиянын П.Чайковский атындагы алтын медалын алган. Академия спортсмендерүчүн Е.Исмаилов атындагы медаль негиздеп, 1-медаль дүйнөнүн көп жолку чемпионуИгорь Паклинге ыйгарылган.
· Спорттун чыгыш түрлөрүнүн бириболгон Тай Цзи-Цюандын Кыргызстандагы негиздөөчүсү Исаков Макен.
· Дзюдо. Дзюдо боюнча алгачкы секцияны уюштурган (1979) –А.Г.Задворный. Спорт чебери наамын эң биринчи 1973-ж. Абдужалил Жунусов(Юнусов), эл аралык даражадагы калыс наамын П.Л.Бояроглы алган. Спорттун бултүрү боюнча 1-окумуштуу О. Коптев. Ал эми дзюдочу А.Смагулов 2000-ж. Сиднейдеболгон 27-Олимпиадада коло медель жеңип алган. Бул эгемендүү Кыргызмамлекетинин 1-Олимпиадалык медалы.
· Кикбоксинг. Кикбоксёрлордон эң биринчи дүйнөлүкчемпион наамын 1995-ж. Шабан Шадманов жеңип алган.
· Жеңил атлетика. 100 – 400 – 1500 м аралыкка чуркообоюнча 1-жолу 1921-ж. эркектер ортосунда мелдеш өткөрүлгөн.
· 1939-ж. Бишкекте жеңил атлетика боюнча республикалык балдар жанажаштардын олимпиалык резервдер спорт мектеби ачылган.
· Жеңил атлетика боюнча 1976-ж. СССРдин жаштар арасындагы биринчилигинде 200 м аралыкты 23,0 секундадачуркап өтүп эң алгачкы рекорд койгон – Кулчунова Мария Жумабаевна.
· Кыргызстандык жөө күлүк Леонид Иванов советтик спортчулардан 1-болупфранцуз коммунисттеринин “Юманите” гезитинин байгесине өткөрүлгөн кросс чуркообоюнча эл аралык мелдеште жеңип чыгып, баш байгени алган.
· Велоспорт. Кыргызстанда велоспорт боюнча СССРспортунун чебери наамын 1-жолу 1957-ж. Э.Я.Ливщиц, В.И.Лусников алган.
· Волейбол. Волейбол боюнча республикадагы 1-спортчебери – С.Дендеберов.
· Коньки жана хоккей.Коньки жана хоккей боюнча мелдешКыргызстанда 1-жолу 1935-ж. өткөрүлгөн.
· Бийиктикке секирүүю. Кыргыздардан эң биринчи спорт чебериболгон Т.Мамыров бийиктикке секирүү боюнча алгачкы рекордчу, Кыргызстандынрекордун көп жолу жаңырткан, 1958-ж. Алматыда өткөн эл аралык мелдеште 2 м 02 см бийиктикке секирип,Орто Азия жана Казакстанда рекорд койгон. 1957-ж. Кытай өлкөсүндө 2 м бийиктикке секирип Азияматеригинин рекордун койгон. Ал совет мезгилинде кыргыз уулдарынан турганалгачкы улуттук волейбол командасын түзгөндүгү үчүн улутчул аталган.
· Кыргызстандык Паклин Игорь 1985-ж. Япониянын Кобе шаарында өткөрүлгөн ДүйнөлүкУниверсиадада 2 м41 смбийиктикке секирип, дүйнөлүк рекорд койгон.
· Оор атлетика. Оор атлетика боюнча Кыргызстандагыалгачкы машыктыргыч Азаровский, кызылкыялык Н.Михайлюк Кыргызстандын1- рекордчусу, алгачкы спорт чебери Б.Шарипов, Ж.Каракчеев, Владимир Ли (ал 2жолу Европанын рекордсмени болгон).
· Кол тобу (гандбол).Кыргызстанда кол тобу боюнчаалгачкы мелдеш 1957-ж. өткөрүлгөн. Орто Азия элдеринин тарыхында кол тобунан1-Олимпиада чемпиону болгон Талант Дүйшөбаев. Ал 1933-жылдан Испанияда жашап,1996-жылдагы Атланта олимпиадасында Испаниянын кол тобу боюнча курамакомандасын тарыхта 1-жолу 3-орунга жеткирген.
· Суудасүзүү. Василий Данилов 400 маралыкты комплекстүү сүзүүдө 4 м 24,9 секундда басып өтүп өлкөнүн рекордункойгон (2008).
· Бильярд. Кыргызстанда бильярд оюну боюнча алгачкы чемпион болгонадам – Самарбек Мурзаходжаев. Жыл сайын анын эстелигине арналган турнирөткөрүлөт.
· Радио спорту. Радио спорту 1946–47-ж. түзүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүнбири – В. Эскин.
· Спорттун 5 түрү. Бул боюнча мелдеш 1950-жылдан өнүгө баштаган. 1977-ж.А.Тарев жаштар арасында дүйнөнүн чемпиону болгон.
· Спорттун көп түрү. Бул боюнча Т.Курганова Кыргызстандын, Орто Азиянын рекордункойгон.
· Тогуз коргол. Тогуз коргол боюнча алгачкы чемпион – атбашылык ӨмөрКасмакунов.
· Тогуз коргол боюнча илимий негизде эрежелерди иштеп чыгып, китеп чыгарганилим кандидаты, ишкер, тогуз коргол федерациясынын президенти АбдысалимЧылымов.
· Көкбөрү. Улуттук көкбөрү (улак тартыш) оюну боюнча республикалык1- чемпионат 1999-жылдын февраль – апрель айларында “Аккула” ат майданында болупөткөн. Анын 18-февралда болуп өткөн финалдык таймашында “Энесай” командасыныноюнчусу Канат Өмүркулов, Сокулук районунун “Рассвет” командасынын улакчысыМукамбет Койчукеевдер мыкты улакчы деп табылган. Ал эми 1998-жылдын мыктыоюнчулары катары Кубанычбек Изабаев, Эмил Бөкөшев, Нурлан Барпиев, НурсуланбекБөкөнбаев, Сарпбек Керимкулов, Индусбек Бөкөнбаевдер аталган.Көкбөрүнүн жаңыэрежесин “Көк бөрү” федерациясы (президенти Болот Шерниязов) түзгөн.
· Лыжа. 1935-ж. 31-декабрда Фрунзе – Москва маршруту боюнча лыжаменен жүрүш жасоо демилгесин көтөргөн Кыргызстандын комсомолдору – кыргызаэроклубунун курсанттары жолго чыгышкан. Алар 3768 км аралыкты 54 күндөбасып өтүшүп,1936-ж. 28-февралда Москванын жанындагы Люберцы кыштагына келишкен.Бул жүрүш ВЛКСМдын X съездине арналган жана 60 күндө басабыз дегенмилдеттенмелерин 6 күн мурда аткарышкан. Бардыгы “Ардак Белгиси” ордени мененсыйланышкан. Т.Сыдыкбеков бул жөрөлгөнү даңазалап, “Ала-Тоодон алтоо” дегеночерк жазган.
Кроссворд
· Кыргызстандан 1-болуп кроссвордчу катары таанылган, тематикалык, суперж.б. түрдүү кроссворддорду түзүп, алгачкы кроссворд жыйнактарын (“Аэробика дляума”, 1994; “Проверь себя”, 1998)чыгарган Асыкбек Оморов. Ал кыргыздардан 1-болуп Москвадагы “Поле чудес” оюнуна1997-ж. 12-январда кроссвордчу катары катышкан.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#43 05 January 2012 - 02:50
Алгачкы генералдар, адмиралдар
· Россия өкмөтүнүн полковник деген наамын биринчи алган кыргыз - Шабданбаатыр болгон. Ал наам ошол мезгилде кыргыздардагы алгачкы эң чоң чин болгон.
· Кыргыз тарыхындагы 1-генерал – Ысакбек Мониев (1902 - 49). Ал КытайдынТүркстан аймагындагы Үч-Аймакты (Иле, Алтай, Тарбагатай) 1944-49-ж.гоминданчылардан толук бошотууга катышып, Боштондук армиясына жетекчиликкылган. Натыйжада Шиңжаң эли боштондукка чыккан. Ошол кезде Шиңжаңда түзүлгөнТүркстан Республикасынын (ЧТР, аны кытайлыктар 18-кылымдын 2-жарымынан“Синьцзян”, Кытайдагы кыргыздар “Шиңжаң” дешет, “Жаңы чек” деген мааниде) аскеркомандачылыгына генерал-лейтенант Ы.Мониев шайланган. 1949-ж. августта ЧТРдинжетекчилери Ахмеджан Касими, Абдыкерим Абасов, Далилхан Сугурбаев, Ы.МониевдерКытай КП БКсына чакыртылып, Пекинге баратканда алар түшкөн самолет кырсыккаучурап, баары курман болгон. Жетекчилери жок калган ЧТР жоюлуп кеткен. Ы.Мониевкыргыз тарыхынын эле эмес жалпы түрк тарыхында өзгөчө орду бар инсан. АнынШиңжаңдагы аз улуттардан өзүнчө мамлекет түзүү максаты орундалып келе жатканда,авиакырсыктан 47 жашында каза болгон.
· Аскер кызматында иштеген кыргыздардан 1-болуп генерал-майор наамы 1962-ж.Самсалиев Султанаалыга (берилген. 1958 – 74-ж. республиканын аскер комиссарыболуп иштеген. Ал жумушчу-дыйкан Кызыл Армиянын отличниги деген төш белгини даалгачкы алган (1940) кыргыздардан.
· Генерал-лейтенант наамын 1-болуп 1985-ж. Советтер Союзунун БаатырыКалыйнур Үсөнбеков алган. Ал 1968 – 87-ж. Кыргызстан ДОСААФын башкарган.
· Милициянын генерал-майору деген наамды 1956-ж. эң биринчи алган кыргыз –Эргеш Алиев (1905 - 94). Ал 42 жыл ички иштер кызматында эмгектенип, катардагымилициядан генералга чейинки жолду басып өткөн.
· Авиациянын генерал-майору наамын алган (1992) 1-кыргыз – Орузбаев Кубанычбек.
· Юстициянын генерал-майору чинин алган алгачкы кыргыз – Момунов Райымбек.Ага бул чин СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 34 жашындаыйгарылган.
· Кыргыз тарыхындагы 1-вице-адмирал – Марат Темиров.
· Армиянын генералы наамы 1-болуп 2004-ж. Топоев Эсенге ыйгарылган.
· 1-болуп расмий генерал наамын алган жалгыз аял – Турсунай АйтматоваБабажанова. Ал Ош облустук юстиция башкармасынын начальниги, КыргызРеспубликасынын эмгек сиңирген юристи, юстициянын ҮҮҮ класстагы мамлекеттиккеңешчиси – генерал.
Сыйлыктар
(СССРдинсыйлыктары)
· Кыргызстанда Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкан, кыргыздын алгачкыкызыл командири – Кыргыз кавалериялык дивизионунун командири АрстанаалыОсмонбеков – учурунда эң баалуу сыйлык болгон күжүрмөн Кызыл Туу ордени (1923),аты жазылган күмүш жана алтын саат менен сыйланган 1кыргыз болгон. Сулайман Күчүков,Алымбек датка менен Курманжан датканын неберелери Жамшыбек Карабеков, КадырбекКамчыбеков да совет өкмөтүнүн алгачкы күжүрмөн сыйлыктарына ээ болгон жанаКызыл Армияын ар кандай бөлүктөрүнө командир болуп дайындалган 1кыргыздар
· Кыргыздардан 1-жолу Ленин ордени менен сыйланган адам – Кожобек Күзөмбаевболгон (Ленин ордени - № 3101). Бирок, ал репрессияланып кеткендиктен ордентапшырылбай калган. Ал улуттук гвардиябызды, Куралдуу күчтөрүбүздү түзүпжатканда анын башатында туруп, бар күч-кубатын, жаркын өмүрүн аскер ишине,кадрларды даярдоого арнаган алгачкы командир да болгон.
· Кыргыз улуттук адабиятынын тарыхында 1-болуп орден (“Ардак Белгиси”)алгандар: Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Калык Акыев, Алымкул Үсөнбаев(1939).
· Лениндик сыйлыктын лауреаты наамын Кыргызстандан 1-болуп Чыңгыз Айтматов1963- ж. “Тоолор жана талаалар повесттери” жыйнагы үчүн алган.
· СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамын 1-болуп 1947-ж. А.А.Волковакойлордун брадзот оорусуна каршы вакцинаны тапкандыгы жана аны ветеринариядаколдонгондугу үчүн, ал эми адабият жаатынан болсо 1948-ж. Түгөлбай Сыдыкбеков“Биздин замандын кишилери” романы үчүн алган.
· ВЛКСМ сыйлыгынын лауреаты наамын адабият, искусство, журналистика жанаархитектура боюнча 1-болуп 1970-ж. Майрамкан Абылкасымова “Эстелик сүйлөйт”,“Сен билесиң мени, Мекеним” поэмалары, “Ишеним дайым жүрөктө” ырлар жыйнагыүчүн; өндүрүш боюнча) 1976-ж. “Кыргызбурвод” экспедициясынын Ысыккөлпартиясынын бургулоочу мастери Н.Бацкалов, Бишкек шаар аралык телефонстанциясынын башкы электр механиги Е.Мартышева, Кемин районундагы “Жаңы-Алыш”колхозунун звеновою Т.Алыбаев, Тянь-Шань районундагы К.Маркс атындагы колхоздункой өстүрүү боюнча “Эдельвейс” комсомол-жаштар бригадасынын бригадириА. Исмаилбеков, Кыргызстан кант жана кызылча тажрыйба-селекция станциясынынмашине менен сүт саап алуу боюнча устаты Р.Юсупов, Фрунзе айыл чарба машинасынкуруу заводунун электр ширетүүчүсү Н.Оноприенко, Түп районундагы СССРдин 50жылдыгы атындагы колхоздун баш чабаны У.Калманбетовдор алышкан.
· Бүткүл союздук Н.Островский атындагы адабий сыйлыкты 1-болуп жазуучулар: 1974-ж. Л.Б.Дядюченко, кыргыздардан 1978-ж. К.Акматов алган.
· СССР Жазуучулар союзунун А.Фадеев атындагы адабий сыйлыгын 1-болупжазуучу О.Орозбаев 1980-ж. алган.
· СССР Жазуучулар союзунун сын боюнча сыйлыгын 1-болуп жазуучу жана сынчыМ.Борбугулов 1981-ж. алган.
· А.М.Горький атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыкты Кыргызстандан 1-болупакын С.Күрүчбеков 1983-ж. алган.
· Журналисттердин ичинен 1-болуп СССР Журналисттер союзунун лауреаты болгон– акын Сулайман Маймулов.
· Өз атындагы алтын медаль менен сыйланган 1-адам – КР эл артисти АсекЖумабаев. Ал 1955-ж. Варшавада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалында элдикырларды эң жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн “Асек Жумабаев” деген атайыналтын медаль менен сыйланган.
Кыргызстандын сыйлыктары
· Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгын алгач1970-ж. Алтымышев А.А. – дарылоочу жаңы препарат – “ликоринди” жасагандыгыүчүн, Ахунбаев И.К., Френкель Л.Г. –“Шок жана коллапс боюнча очерктер” аттууэмгеги үчүн, Федоров П.С. – “Жүгөрүнүн биохимиялык жана физиологиялыкгетерозисинин негиздери” деген эмгеи үчүн, Жамгырчинов Б., Зима А.Г., ИльясовС., Каракеев К.-Г., Керимбаев С.К., Кожемяко П.Н., Орозалиев К.К., ТабышалиевС. , Үсөнбаев К., Шерстобитов В.П. – “Кыргыз ССРинин тарыхы” (3 китептен турган2 том) үчүн алышкан.
· Кыргыз ССРинин эмгектеги зор жетишкендиктери үчүн социалисттик мелдештинжеңүүчүлөрүнө берилүүчү мамлекеттик сыйлыгын 1-болуп 1976-ж. Ош автобазасыныншоферу Т.Абдиев, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруу заводунунбригадири С.Н.Бирюкова, Фрунзе атындагы айыл чарба машинесин куруу заводунунэлектр ширетүүчүсү Б.Жапаров, Кочкор районундагы “Чолпон” совхозунун баш чабаныК.Жунушов, Сокулук районундагы Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесининсаанчысы О.И.Замковая, Сокулук районундагы “Дружба” колхозунун кызылчачысы С.Иманалиева, Ново-Павловка ПМКсынын бригадири В.И.Ковач, Кадамжай сурьма комбинатынынбригадири З.Маматов, Токтогул районундагы “Кетмен-Төбө” совхозунун звеновоюА.Мамыров, “Северная” шахтасынын звеновою Ж.Мендигулов, Талас облусундагыКалинин атындагы колхоздун саанчысы М.В.Отт, Балыкчы ПМКсынын эксковаторчусуГ. К.Омененко, Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Ош текстиль комбинатынын түрүүчүсүЛ. С.Посиченко, № 11 СМУнун бригадири Н.Д.Райымкулов, Ленин районундагы“Коммунизм” колхозунун бригадири К.Султанов, Москва районундагы “Дружба”колхозунун баш чабаны Х.Н.Хубиевдер алышкан.
· Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгыакын- демократ Токтогул Сатылгановдун туулгандыгынын 100 жылдыгына карата1965-ж. белгиленген. Аны 1-болуп 1967-ж. Т.Абдумомунов – “Сүйүү жана үмүт”,“Абийир кечирбейт” пьесалары, Г.Айтиев – “Чабандар”, “Ысык-Көл – кыргыз деңизи”сүрөттөрү, М.Рыскулов – Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялыкдрама театрында коюлган “Атанын тагдыры” спектаклиндеги Акылбектин, “КорольЛир” трагедиясындагы Лирдин ролдорун аткаргандыгы, В.С.Виноградов – “МуратаалыКүрөңкөев” деген китеби, А.Токомбаев “Таң алдында” романы үчүн алган.
· Илим жана техника боюнча Кыргызстан ЛКЖСтин сыйлыгын 1-болуп 1973-ж. ракооруларынын таралыш өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана аны дарылоо боюнча иштерининсериясы үчүн А.И.Ильязов алган.
· Өндүрүш боюнча Кыргызстан ЛКЖСтин сыйлыгы 1-жолу 1973-ж. Бүткүл союздукэпкиндүү курулуш – Токтогул ГЭСинин аскаларына монтаждоо иштерин жүргүзүүчүкомсомолдук- жаштар бригадасына (бригада башчысы А.И.Андреев) берилген.
· Адабият, искусство, архитектура жана журналистика боюнча КыргызстанЛКЖСтин сыйлыгы 1-жолу 1967-ж. А.Осмоновго (өлгөндөн кийин) – ырлар жыйнагы, Т.Садыковго – “Дирижер”, “Элечекчен аял”, “Жылкычы” скульптуралары, Т.Океев,К.Өмүркулов, К.Кыдыралиевге – “Бакайдын жайыты” фильми үчүн берилген.
· Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын коомдук илимдер боюнча тунгучлауреаты – Конкобаев Кадыралы.
· Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгын 1-болупакындар Рамис Рыскулов жана Байдылда Сарногоев 1986-ж. алган. Ал сыйлыккакыз- келиндерден 1-болуп 1999-ж. “Ай жарыгы” деген китеби үчүн акын ФатимаАбдалова татыктуу болгон.
· Кыргызстан Жазуучулар союзунунТоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгы атактуу балдар жазуучусу Ш.Бейшеналиевдиндемилгеси менен уюштурулган. Алгачкы лауреаттары Абзий Кыдыров, Каныбек Жунушев.
· «Ала-Тоо» поэзиясы республикалык комсомолдук фестивалынын алгачкылауреаттары – Табылды Муканов, Роза Карагулова, Анатолий Бережной (1974).
· Эл аралык Ч.Айтматов клубукоомдук башталышта 1989-ж. уюшулган. Негиздөөчүсү жана президенти филологияилимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев. Клубдун алгачкылауреаттары: француз жазуучусу Л.Арагон, казак жазуучусу М.Ауэзов, кыргызкиноактеру, сүрөтчү С.Чокморов.
· Табалдиев Асанбек атындагыадабий сыйлыкты Нарын районундагы Жергетал айыл өкмөтү жана “Ала-Тоо”журналынын редакциясы 1989-ж. уюштурган. Анын алгачкы лауреаттары: кыргыз элжазуучусу Т.Сыдыкбеков, кыргыз эл акыны С.Эралиев, орус окумуштуусу Ю.С.Худяков, жазуучулар А.Стамов, С.Жетимишов, К.Жусупов ж.б.
· Артистерге берилүүчү М.Рыскуловатындагы сыйлыкты аялдардан 1-болуп, 1989-ж. Кыргыз Республикасынын эл артистиГүлайым Каныметова алган.
· Кыргыз жаштарынын ичиненмектепти (№ 5, Бишкек) артыкчылык менен бүтүрүп, № 1 алтын медалды алган(1945-жылдары), кыргыздардан 1-болуп 1945-ж. М.Ломоносов атындагы Москвамамлекеттик университетинин тарых факультетине өткөн Абдулда Каниметов болгон.Ал тарых илимдеринин доктору, 1962 -78-ж. 16 жыл бою элге билим берүү министриболуп иштеген (эң узак билим берүү министри болгон адам).
· КР Улуттук жазуучулар союзу“Кыргыз адабиятына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн!” алтын медалын 2006-ж.уюштурган. Бул сыйлыкты 1-болуп алгандар (2006): КР эл акындары СүйүнбайЭралиев, Сооронбай Жусуев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мамат Жакыповменен Санжы Егиналиев.
· Кыргыз Республикасыэгемендүү болгондон кийинки мамлекеттик сыйлыктары : “Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардак наамы эңбиринчи жолу 1997-жылдын 4-февралында жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго, жазуучуАйтматов Чыңгыз Төрөкуловичке, айкелчи Тургунбай Садыковго ыйгарылган. Аялдардан алгачкы КР Баатыры – Сабира Күмүшалиева (2000).
· Ү даражадагы “Манас” орденименен 1997-жылдын 4-февралында алгачкы жолу тилчи Кусейин Карасаев, мамлекеттикишмер Турдакун Усубалиев, ҮҮ даражадагы “Манас” ордени менен эмгек ардагерлериКеримбүбү Шопокова, Кудайберген Чыныбаев, ҮҮҮ даражадагы “Манас” ордени мененмамлекеттик ишмерлер Бегалиев Сопубек, Кошоев Темирбек Кудайбергенович, Масалиев Апсамат, дирижер Жумакматов Асанхан, эмгек ардагерлери Каримова Бөпө,Качкеев Кадыркул, хирург Мамакеев Мамбет, кардиолог Миррахимов Мирсаид,композитор Молдобасанов Калый, кинорежиссерлор Океев Төлөмүш, Шамшиев Болот,илимпоз- физик Чалов Павел Иванович, акын Эралиев Сүйүнбай, театр артистиЯсиновский Леонид Лазаревичтер сыйланышкан.
· “Даңк” медалы менен 1997-жылдын4-февралында 1-жолу сыйлангандар: эмгек ардагерлери Абдразаков Кадыркул,Жамашев Зулумбек, Кайзер Александр Александрович, Мойдунов Жумакадыр, СыдыковМатен, Ташиев Кулназар, Юнусов Алимжан, согуш жана эмгек ардагери ҮсөнбековКалыйнур, фермер Акматов Таштанбек, мамлекеттик ишмер Бакаев АнарбекКурамаевич, журналист Малеваный Александр Иванович, энергетик Шевелев ВладимирНиколаевич – мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын элине сиңирген өзгөчөэмгеги; хирург Бебезов Хаки Сулейманович, илимпоз-физик Жээнбаев Жаныбек,кардиохирург Жошибаев Сейтхан, илимпоз-агроном Мамытов Аман, нейрохирургМамытов Миталип, илимпоз-философ Салиев Азис Абдыкасымович, илимпоз-тарыхчыҮсөнбаев Кушбек – илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана эмгектик жогоркужетишкендиктери; сүрөтчү Герцен Теодор Теодорович, драматург Жакиев Бексултан,кино жана театр артисти Жумадылов Советбек, акын Жусуев Сооронбай, жазуучуКасымбеков Төлөгөн, театр жана киноактриса Күмүшалиева Сабира, балетмейстрСарбагышев Уран, комузчу Токтакунова Самарбүбү – КР маданиятын жанаискусствосун өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы; жазуучу, адабий сынчы,“Кыргыз тили” республикалык коомунун алгачкы президенти Бобулов Камбаралы –кыргыз адабиятынын жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы; жеңилатлетчи, олимпиадалык оюндардын байге ээси Жуманазаров Сатымкул, бокс боюнчадүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Назаров Орзубек, оор атлетика боюнча олимпиадачемпиону Осмоналиев Каныбек – жекече зор жетишкендиктери, дене тарбия жанаспортту жайылтууга кошкон салымы; ишкерлер Эгембердиев Табылды, Хон ВалерийПавлович – рынок экономикасынын шартындагы үзүрлүү иши үчүн.
· Кыргыз Республикасы эгемендүүболгондон кийинки орден менен сыйланган алгачкы шаар Ош. Ал Оштун 3000жылдыгына байланыштуу 2000-жылдын 4-октябрында Данакер ордени менен сыйланган.Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген күндөн тартып Президенттин Указы менен Ош– Кыргыз Республикасынын экинчи борбору деп жарыяланган.
· Рухту кайра жаратуу боюнча“Руханият” эларалык ассоциациясы 1992-ж. түзүлгөн. Уюштуруучусу жана алгачкыпрезиденти Акун Токтосартов. Элибиздин дөөлөт-мурастарын сактап калуу жанаөрчүтүү, башка мамлекеттер менен карым-катнашты чыңдоо, мекенге ак эмгегинарнагандарды ардактоо ж.б. боюнча көп кырдуу иш жүргүзөт. “Руханият”, “Тынчтыкжана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн”, “Жыл адамы”, “Курманжан датка” “Жылдынбизнесмени” деген эларалык сыйлыктарды уюштурган. Бул сыйлыкты алгандар: К.Аннан,Федарико Майор, С.Шарипов, В.Путин, Билл Клинтон, Тансу Чиллер, Бенизар Бхутто,А.Акаев, Н.Назарбаев, Т.Садыков, М.Миррахимов, М.Мамакеев, А.Жумакматов, С.Жусуев, Т.Касымбеков, К.Кондучалова, С.Күмүшалиева, Ч.Баекова, Ш.Садыбакасоваж. б.
· Эл аралык “Мээрим” кайрымдуулукфондусу уюштурган сыйлыктар 1996-ж. тунгуч ээлерине ыйгарылган: “Кутман эне”сыйлыгы Президент А.Акаевдин 96 жаштагы апасы Асел Токоевага;”Датка айым”сыйлыгы мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучаловага; “Даанышман”сыйлыгы режиссер Мелис Убукеевге (өлгөндөн кийин); “Данакер” сыйлыгы ГФРдинКыргызстандагы мурдагы элчиси Юрген Шеллерге, АКШнын Кыргызстандагы элчисиАйлин Мэллойго; “Дилгир” сыйлыгы Өзгөндөгү мырзакелик физик мугалим ШакирМукаевге.
· КМПУ уюштурган И.Арабаев атындагысыйлыктын алгачкы лауреаттары – КР эмгек сиңирген мугалими Бектур Исаков,филология илимдеринин доктору Т.Садыков, физика-математика илимдеринин доктору,профессор П.С.Панков, педагогика илимдеринин доктору, профессор М.Р.Рахимова, профессор С.Байгазиев. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты 1997-ж. 19-мартта болгон.
· “КТРдин отличниги” төш белгиси1-жолу Кыргыз телесинин 40 жылдыгына карата бекитилип, 1998-ж. 9-декабрда эңалгачкыларына ыйгарылган. Алар: телерадиокомитеттин 1-төрайымы МенсеитоваРабия, 2-төрайымы Алия Умаровна Ботоканова, 1-редактор, диктор, режиссёрлорАбрамова Дина Витальевна, Сматов Шаршеке, Жунушалиева Сайнеке, ВаривадаСветлана Дмитриевна, Турсун Уралиев, көп жылдар кол өнөрчүлүк боюнча адискатары иш алып баруучу штаттан тышкаркы баяндамачы, карыя журналист АмантурАкматалиев.
· “Кыргыз Туусу” гезити уюштурган“Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктын” алгачкы лауреаты профессор, жазуучу,публицист Советбек Байгазиев. Ал бул сыйлыкка 1999-ж. ушул гезитке жарыяланганпублицистикалык очерктеринин сериялары үчүн татыктуу болгон.
· Мукаш Абдраев атындагыреспубликалык сыйлыктын 1-лауреаты – композитор Акимжан Жээнбай (2002).
· Байдылда Сарногоев атындагысыйлыктын алгачкы лауреаттары: Шайлообек Дүйшеев, Тургунбек Бекболотов (2006).
· Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыктыналгачкы лауреаттары: Эрнис Турсунов, Советбек Байгазиев, Самсак Станалиев,Мурат Рыскулов (2006).
Эл аралык сыйлыктар
· 1883-ж. орус императору Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине катышып,аскер старшинасы наамын алган, падышанын атынан алтын чынжырлуу саат,1-даражадагы 5 ардак чепкен, Түркстандагы эл башчыларынын ичинен эңбиринчилерден 4-даражадагы Георгиев орденин, Станислав жана Анна тасмаларытагылган эң чоң алтын медалды, Кокон хандыгын багындыруу урматына арналганмедаль менен Кызыл крест уюмунун ардак белгисин алган; 1904-ж. Мекеге ажылыккабаратып, Стамбул шаарында курулуп жаткан темир жолго кыргыз элинин атынан 2000сом бергендиги үчүн Түрк султанынан алтын медаль менен Ардак грамота алган алгачкы кыргыз Шабдан баатыр болгон.
· “Улук методист” наамын 1-болуп 1927-ж. мугалимдердин усулдук1-кеңешмесинде Ибраим Алымбеков алган. Ал Кетментөбө өрөөнүндөгү 1-мугалим.
· Кыргыздардан “Этрурия” (Италия, 1980) сыйлыгынын, эл аралык ЖавахарлалНеру атындагы (1985) ж.б. сыйлыктардын алгачкы ээси болгон – Чыңгыз Айтматов.
· Г.Х.Андерсен атындагы эл аралык адабий сыйлыкты кыргыз жазуучуларынынгана эмес, Орто Азия жана Казакстан республикаларынын жазуучуларынын ичинен1-болуп “Мүйүздүү козу” деген чыгармасы үчүн 1976-ж. Ш. Бейшеналиев алган.
· Дүйнөлүк өнөр жарышында лауреаттыкка алгачкы болуп арзыган кыргыз ырчысы– Асек Жумабаев. Ал 1955-ж. Будапештте өткөн жаштардын дүйнөлүк фестивалындалауреаттыкты жеңип алган.
· Кыргыздардан 1-болуп 1991-ж. ноябрда КР Президенти А.Акаев ЛатынАмерикасынын биримдиги үчүн Ассоциациясынын Гранд Кросс (Чоң Крест) эркиндикжана биримдик үчүн ордени менен сыйланган.
· Дүйнөдөгү аялзатынын арасынан ЮНЕСКОнун макулдугу менен алгачкы жолуМайрам Акаевага ЮНИТУ сыйлыгы ыйгарылган. Бул дүйнөдөгү абройлуу эл аралыксыйлык М.Акаевага дени сак эне, дени сак бала, дени сак улут маселесин көтөрүпчыккан эмгектери үчүн берилген.
· Физули атындагы эл аралык адабий сыйлыкты 1999-ж., Грузиянын Важа-Пшавелаатындагы жогорку адабий сыйлыгын 2002-ж. кыргыз жазуучуларынан 1-болуп акынНадырбек Алымбеков алган.
· Орусиянын Улуттук прикладдык илимдер академиясы жана Биографиялыкинститутунун “Белгилүү мамлекеттик ишмер жана миң жылдыктын илимпозу” дегеннаамын жана академиянын Алтын төш белгисин алган 1-кыргыз А.Акаев (2000,сентябрь).
· ВИЧ/СПИД жугуштуу оорусун алдын алуу боюнча иш жүргүзгөн көрүнүктүүишмерлерге берилүүчү БУУнун Жонатан Мэн атындагы жогорку сыйлыгы Борбор Азиярегионунан 1-болуп, 2000-ж. Накен Касиевге ыйгарылган.
· Штаб-квартирасы АКШнын Каролина штатында болгон Америка Биографиялыкинститутунун эл аралык изилдөөлөр кеңеши ыйгаруучу “Жыл адамы” деген Ардак наамаз эле адамга берилген. Ага биздин жердештерден татыктуу болгон илимпоздорК. Сулайманкулов (1999), Ү.Асанов (2001), Э.Мамбетакунов (2002).
· Эл аралык коомдук «Улуу Петр» сыйлыгын (Россия) кыргыздардан 1-болупА.Акаев алган (2003).
· АКШнын бириккен конвентинин эларалык тынчтык сыйлыгын кыргыздардан1- болуп илим доктору, социолог Кусейин Исаев алган (2004).
· Кыргызстандан 1-болуп Франциянын «Напалеон» сыйлыгын «Бектур»корпорациясынын президенти Тынчтык Конушбаев алган (2004).
· КР тарыхында биринчи жолу 1999-ж. ишкерлер арасында мелдеш өткөрүлүп,“Жылдын мыкты бизнесмени” наамын “Акун” фирмасынын президенти, акын ЧыныбайТурсунбеков жеңип, Президенттин баш байгеси ВАЗ-99ду алган.
· Журналисттерден Кыргызстандан 1-болуп шоумен, продюсер АссольМолдокматова 2005-ж. Эларалык парламенттин ассамблеясы жана Эларалык «Мир»телерадиокомпаниясынын биргелешкен чечими менен Москвадан «Древо дружбы» алтынмедалына татыктуу болгон. Ошол эле жылы Калифорниядагы «FҮdof» фестивалын уюштуруучуларынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы «Миссэкстравагентность» титулун ыйгарган.
· Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында 6 – 28 жаштагылардын арасында«Аалам Канзаадасы жана Канышасы – 2004» деп аталган эларалык конкурста 16 мамлекеттенкелген 40 адамдын ичинен эң башкы орун – Аалам Канзадасы титулун 12 жаштагыкыргыз мырзасы Кубат Салымбеков, ал эми үчүнчү орунду – «Экинчи Канышаны» 11жашар кыргыз кызы Толгонай Байзакова жеңип алган.
Ардакнаамдаp
· Айкөлдүгү, чечендиги, калыстыгы, марттыгы, боорукердиги менен элдинсыймыгына айланып, элдик ызаатка арзып, кадыр-баркына, элге өтөгөн эмгегинекарата аке даражасы көл аймагында гана колдонулган. Ысыккөл кылаасында 7 акежашап өткөн: алдаяр Мойт, дөөлөс Сарт, белек Тилекмат, шапак Карач, токсобайКыдыр, саяк Садыр, күрүчбек Карга акелер болуптур. Аларга кээде коңурат Акунаке (Талып молдо) да кошулат. Буларга эл туюкка кептелип, акыл көзүн табалбайкарайлап турганда кайрылышкан . Ошондо алар караңгыда көз таап, капилеттен сөзтаап караңгыда жанган чырак сымал туюктан чыгарып кетишчү экен.
· CCCР эл артисти наамын 1-болуп1939-ж. Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева алган.
· СССР эл сүрөтчүсү наамын 1-болуп 1963-ж. Семён Афанасьевич Чуйков алган.
· СССР эл мугалими наамын 1-болуп 1980-ж. Жаманкул Үтүров алган.
· Советтер Союзунун Баатыры наамын кыргызстандыктардан (СССРдин да) эңбиринчи алган– Дмитриев Николай Михайлович. Ал 1941-ж. 10-июлда БелоруссиянынБорисово кыштагын коргоодо өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн берилген. Ал эмиушул наамды алган 1-кыргыз уулу – Дүйшөнкул Шопоков (1942).
· Эки жолу Советтер Союзунун Баатыры наамын кыргызстандыктардан 1-болуп1944, 1945-жылдары Бегелдинов Талгат Якубович алган.
· Социалисттик Эмгек Баатыры наамы 1-жолу 1947-ж. кызылчачы ДорошенкоНаталья Егоровнага, пахтачы Исмаилова Инахонго, шахтёр Сатыбалдиев Алтымышкаберилген.
· Эки жолу Социалисттик Эмгек Баатыры наамын 1-болуп пахтачы Анаров Алля(1948, 1951), аялдардан бул наамды 2 жолу кызылчачы Зууракан Кайназарова алган.
· Учурунда компартиянын ишмерлеринен 1-болуп Социалисттик Эмгек Баатырынаамына арзыган – Султанов Кадырмат (1905-57). Ага бул наам 1957-ж. КыргызстанКП Ленин райкомунун (Ош облусу) 1-катчысы болуп турганда берилген.
· Кыргыз ССР эл артисти наамын 1939-ж. 1-алган Карамолдо Орозов.
· Кыргыз ССР эл акыны наамын 1945-ж. 1-алган Аалы Токомбаев.
· Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү наамын 1944-ж. 1-алган С.А. Чуйков, кыргыздардан 1954-ж.1-алган Гапар Айтиев.
· Кыргыз ССР эл жазуучусу наамын 1968-ж. 1-алгандар: Чыңгыз Айтматов,Касымалы Баялинов, Касымалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Аялзатынан 1-элжазуучусу болгон – Зуура Сооронбаева (1999).
· КР эл мугалими наамын 2001-ж. 1-алгандар: Салия Абдрахманова, Мамадали Баимбетов, Татьяна ИвановнаПершина, Муса Рыскулбеков.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын 1939-ж. 1-алгандар:А. Айбашев, К.Айбашева, М.Баетов, А.Жанкорозова, С.Кийизбаева, Д.Койчуманов, Т.Курманов, М.Кыштобаев, Р.Муминова, Р.П.Римская, А.А.Романовская, Н.В.Романовский, О.Сарбагышев, Д.Я.Соколов, Ш.Термечиков, Ы.Туманов,Ш. Түмөнбаев, А.Файзуллаев.
· Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери наамын 1939-ж. 1-болупалгандар: П.Ф.Шубин, В.Я.Васильев, В.А.Власов, А.Куттубаев, Ш.Орозов,А.М. Самарин-Волжский, В.Г.Фере, В.В.Целиковский, Н.Т.Черневский- Чужбанин,С.А. Чуйков.
· Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты наамын 1945-ж.1-алгандар: С.Алимов, А.Анаров, Б.Ахмедов, Ч.Вамаза, И.Ф.Головченко, М.Н.Гречухина, З.Кайназарова, А.Кенжетаев, Ы.Кочкорбаев, С.Мамарасулов, Ж.Махмудов, И.Садыков, Т.Сулайманов, К.Сурамбаев, А.Таширов, А.М. Улитина, Т.Шаимкулов.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы наамын 1940-ж. 1-болуп С.К.Лобынцевалган.
· Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты наамын 1943-ж.1-алгандар: И.Абдраимов, Т.Бабашев, Ж.Боромбаев, Д.Букуева, В.Н.Ишин,М.З. Кириченко, В.Ф.Коваль, Ш.Көчкөнов, Т.Огомбаев, А.С.Рябоконь, Д.В.Стеценко, Ф.А.Стрельникова, М.П.Таранова, Д.Чумаков, А.С.Щетина.
· Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим наамын 1941-ж.1-алгандар: А.Аралбаев, Г.А.Ахмаддуллин, В.Ф.Баклушин, А.Жаналиев, К.Карымбаев, К.Каримов, О.Кыштобаев, М.И.Лопухина, М.М.Ногойбеков, С.Орозбаев, В.А.Полукин, М.Т.Пономарчук, М.И.Синусова, Е.В.Узорова. Бул наам 1970-ж. 30-ноябрда КыргызССРинин эмгек сиңирген мугалими деп аталган.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңиргензоотехниги наамын 1947-ж. 1-алгандар: С.Буйлашов, В.И.Валик, К.И.Грошев,Р. Жентаев, В.В.Иванов, Е.С.Каттус, Л.Н.Клепиков, Д.В.Колесников, П.И.Кржановский, В.Г.Маврицкий, О.И.Недохлебова, И.И.Федотов, П.Т.Щелохов.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңиргенагроному наамын 1953-ж. 1-алган А.А. Кильчевский.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңиргенирригатору наамын 1954-ж. 1-алган Н.П.Юдахин.
· Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери наамын 1954-ж. 1-алган Е.А.Белоусова.
· Кыргыз ССРинин кесипчилик- техникалык билим берүүгө эмгек сиңиргенкызматкери наамын 1-болуп 1958-ж. алгандар: А.П.Брыкалов, А.А.Васева,Р. Т.Глущенко, В.Е.Ластовкин, П.Д.Ливанский, А.И.Ляпкин, С.Муллажанов, М.И.Райков, С.П.Тищенко, Н.Х.Худайбергенов, В.Д.Шабанов.
· Кыргыз ССРинин айыл чарбага эмгек сиңирген механизатору наамын 1-болуп1958-ж. алгандар: Ш.Абдырахунов, Н.Л.Кроль, В.И.Курыгин, Н.А.Панкратов, С.Л.Фетисенко.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген жерчиси наамын 1-болуп 1959-ж. алгандар:С.А. Кирилов, А.Г.Рахимов, Е.А.Харитонов, Я.А.Хлопотов.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп чыгаруучусу наамын 1-болуп 1960-ж.алгандар: Г.Х.Айзенберг, А.Акбаев, И.В.Неустроев, М.Усубакунов, А.М.Щуклин.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген рационализатору наамын 1-болуп 1961-ж. алгандар:П.Е. Авраменко, С.В.Аленгоз, А.И.Диулин, В.В.Еремеев, Д.Д.Жээнчураев, П.Н.Зацепин, Г.Х.Карасаева, П.В.Коротков, В.А.Ли, А.Л.Лимонов, В.М.Паталах, Н.С.Свориков, Н.Ф.Соловьев, Л.В.Сычев, Н.Т.Төлөмүшев, В.В.Трапезников, В.П.Филиппов, А.Я.Цыгано, И.И.Ягодкин.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу наамын 1961-ж. 1-болуп алгандар:М.Г. Смола, С.Туркеев, М.С.Фадеев, И.Ф.Шавелев.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген байланышчысы наамын 1966-ж. 1-алгандар:С. Абдразаков, Н.К.Баирова, М.Г.Демченко, К.Е.Жумабаева, А.А.Мальский, С.Молдобаев, Е.Ф.Новак, Г.Я.Синицина, М.М.Холеберг, А.Г.Чадина.
· Кыргыз ССРинин транспортко эмгек сиңирген кызматкери наамын 1967-ж.1-алгандар: А.Атаканов, С.Г. Батлук, Б.Баялинов, Ш.Жетигенов, Б.Жумалиев,И. Жусувахунов, Н.К.Инжетова, Т.Х.Каримова, Ф.П.Колесников, Г.В.Лаврентьев, С.Мамарасулов, К.Өмүров, П.И.Портных, И.В.Силкин, С.С.Тимов, В.М.Четвертак.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти наамын 1967-ж.1-алгандар: З.Сагынов, А.В.Сидоров.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген юристи наамын 1966-ж. 1-болуп алгандар:Н.П. Воронцов, Н.П.Кучерявый, А.Я.Моисеева, С.Сулайманов, Э.Чинетов,М. Шаршекеев, М.Г.Шурова.
· Кыргыз ССРинин геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер наамын 1972-ж.1-алгандар: Т.Аталов, М.Ахмедов, И.В.Варема, М.А.Симонян.
· Кыргыз ССРинин соода жана тиричилик жактан тейлөөгө эмгек сиңиргенкызматкери наамын 1967-ж. 1-алгандар: А.А.Бабошина, Т.Д.Ващилина, Р.Жемилов,Т. П.Коркина, Т.И.Меркулова, Г.Мирзажанов, Т.Мусаева, К.Намазбекова.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору наамын 1974-ж.1-алгандар: А.Исаев, Г.П.Кутателадзе, В.Е.Нусов, Е.Г.Писарской.
· Кыргыз ССРинин өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкери наамын 1973-ж.1-болуп Г.П.Кудрящов алган.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген шахтёру наамын 1971-ж.1-алгандар: Э.Ажикеев, М.К.Александров, А.К.Игнатова, А.Карамуратов, Н.Көчөрбаев, Л.Кудрящева, П.П.Фоменко, А.Т.Шилин.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги наамын 1971-ж.1-алгандар: М.М.Азрилян, С.Г.Анохин, М.Н.Валежный, Г.Г.Гиллер, А.Дүйшөбаев, И.П.Козлин,Т. Рахимов, С.П.Решетников, П.Т.Сковоронский, И.Үңкүев, Я.Э.Фарбер,А. Х.Шамионов.
· Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген токой өстүрүүчүсү наамын 1975-ж.1-алгандар: М.Жээнбеков, Е.П.Стаценко, А.А.Цатурян.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#44 05 January 2012 - 02:51
Автор жөнүндө кыскача маалымат
КАДЫРОВ Ысмайыл 1951-ж. 16-июлда Атбашы районунун Жаңыкүч айылында туулган. 1977-ж.КМУнун механика-математика факультетин бүткөн. 1977-2000-жылдары Кыргызэнциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор,жетектөөчү редактор болуп иштеген.2000-2004- жылдары КР Өкмөтүнүн Аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан сектор башчысыболуп эмгектенет. 3 ыр жыйнактын, 1 проза китептин, бир нечесөздүктөрдүн, илимий-популярдуу китептердин автору. Котормо китептери да бар.Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР билим берүү, КРкесиптик- техникалык билим берүү отличниги. Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктын, “Түгөлбай Ата” эл аралыккоомунун лауреаты. Кыргызстан Улуттук жазуучуларсоюзунун, КР журналисттер союзунун мүчөсү.
© КадыровЫсмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
©Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктаркорголгон
Редактору Түгөлбай Мамбетжунушев
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#45 05 January 2012 - 06:51
Азаматсын!
Кантип зээрикбей жазып чыктын?
Бирок, озун билген маалыматты болушууго ар дайым даярбызда эээ
Бирок, озун билген маалыматты болушууго ар дайым даярбызда эээ
#46 05 January 2012 - 11:58
Ушунун баарын кантип жазып чыктың, ийа? 
Пайдалуу маалымат экен. Бир пайдасы тийип калар деген ниетте көчүрүп алыш керек экен.
Пайдалуу маалымат экен. Бир пайдасы тийип калар деген ниетте көчүрүп алыш керек экен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#47 05 January 2012 - 12:46
Balamir сизге чооон рахмат! Абдан пайдалуу маалыматтарыныз учун. Дагы башка "эээң -эң" дер бар болду бекен?
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#48 05 January 2012 - 14:24
Силер окубаптырсыңар.
)) Теманын башындагы ПыСыда төмөнкү жазуу бар болчу. 
Көчүрүп келип жабыштырып койгон кандай оңой иш )).
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#49 15 March 2012 - 04:52
Биринчи кок бору боюнча республикалык мелдеш 1996 жылы болгон жана баш байгени Оштун ,,Буркут''
командасы алган.Биринчи жолу чемпион деген деген наамды каракулжалык Мамарасул деген улакчы алган.Ошол жылы мен службада болчумун,стадиондо эл аз болуп,солдаттарды алып келишкен.

Супер-Инфо
super.kg
видео














