Салам достор!
Келгиле мүчөл жыл жөнүндө сүйлөшөлү.
Себеби мен бул балык жылы 24 чыгам.
Бул жылы эмне кылыш керек, жана кандай откоруш керек мучол жылды?
Ой пикирлеринерди жаза кетсенер?
Мүчөл жыл жонүндө сүйлөшөлү.
#3 06 January 2012 - 01:25
кызыл кийинишиниз керек
моондай болуп
Ошол кийген кызыл кийиминизди кийин жакшы коргон бир жакынынызга берип коюш керек деп кулагым чалып калганы бар.
(Мучол жылыныз кут болсун. Коп ийгиликтерге жетишиниз! !!)
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#4 06 January 2012 - 02:09
Салам достор!
Келгиле мүчөл жыл жөнүндө сүйлөшөлү.
Себеби мен бул балык жылы 24 чыгам.
Бул жылы эмне кылыш керек, жана кандай откоруш керек мучол жылды?
Ой пикирлеринерди жаза кетсенер?
Келгиле мүчөл жыл жөнүндө сүйлөшөлү.
Себеби мен бул балык жылы 24 чыгам.
Бул жылы эмне кылыш керек, жана кандай откоруш керек мучол жылды?
Ой пикирлеринерди жаза кетсенер?
Mүчөл эмес-мүчөлүү жыл болсо керек эле билишимче,мисалы 12,24,36 жаш дешет ко.Mүчөлүү жашта кызыл кийим кийиш керек экен деп уккам.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#5 06 January 2012 - 07:56
Мен да кызыл кийим 3 кун чечбей кийип анан бироого беруу керегин уккам жаш кезимде
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#6 06 January 2012 - 08:28
Туулган кунундо, идиш (чыны, тарелка) тээп жамандык ушул менен чыгып кетсин деп сындырышат,
анан жогоруда жазып кетишкендей:
кызыл кийим кийип коюш керек . Негизи ырымдап коюш керек , болбосо ал жыл мучолу болгон адамга бир аз кыйынчылыктарды алып келет дешет. Мага мисалы отуп кеткен жыл абдан турмуштун тоскоолдуктарына кабылдым десем болот(мучолум болчу), азыр окунуп калам чыны тээп койбой деп (эми негизи болуп жаткан нерселер озубуздон дечи, ошентсе да). Так, что канча жылда бир келген мучолунузго жакшы эле конул буруп койсонуз, ашыкча болбос.........
....... Мучолу жылыныз менен, бакыт алып келсин!!
!!!!!
!!
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#7 06 January 2012 - 08:40
Мүчөл жашты "тигинтиш керек", "минтиш керек", "кызыл кийиниш керек", "жашыл кийиниш керек" дегендердин баардыгы чогулуп келип болбогон кеп. Бул жөн гана коркутуу, үркүтүү. Эч бир нерсеге негизделбеген туура эмес ишенич экенин баса белгилеп кетем. Менимче, бул биздин ишенимибиздин алсзыдыгы жана изги ишенимдин эмне экенин дале да болсо биле бербегендигибиздин жана билүүгө да кызыкпаганыбыздын себеби.
Мен ал мүчөл жашка чыкканда көптөр айтышты: "тигиндей кыл", анан "мындай кы-ыл", "абайлап жү-үр" ж.б.у.с. Мен, албетте, андайлардын бирөөн да уккан жокмун жана кылган жокмун. Жыйынтык: азыр биерде кимдир-бирөөнүн нервин кашайтып бул билдирүүнү аман-эсен жазып отурум )).
Айтайын дегеним, адам кимден коркоорун тактап, аныктап, бекемдеп билип албаса, ал кыймылдаган бардык нерседен: каргадан, такадан, тырмактан, улактан, каргыштан, көздөн, сөздөн, ушундай болбогон ырым-жырым, ишенимдерден жадагалса көлөкөсүнөн да коркуп жүрүп өтүп кетет. Ал эми "Эй, Аллахтан корк!" деп айта турган болсоң, "Мен Аллахтан коррконум себептүү эмес, аны сүйгөнүм себептүү сыйынышым керек" деп акылдуусунат. Ээй, адам десе!
Акырында айтаарым, кимде-ким ошол мүчөл жашка толсо, ушул жашка чейин сиздерди аман-эсен аба жуткуруп, не бир ширин даамдарды таттырып, турмуштун бирде ачуусун көрдүрүп капалантып, кайгыртып, жашоодон түңүлтүп, бирде ошол эле турмуштун балынан даам сыздырып, кечээке мусыйбат, коогалаңдуу күндөр такыр болбогондой эле жакшы күндөргө, жакшы адамдарга, жакшы сезимдерге чулгап бул оомал-төкмөлүү дүйнөнүн кызыгына баттырып, анан бул жерде ар кандай билдирүүлөрдү калтырганга кудурет, эрк берип жаткан Аллах Тааладан кетирген кемчилик каталардан кечирим сурап, анан кар кандай балээ кырсыктардан бир гана ошол Зат - Аллах коргоосун суранууңарды жана дал ушул нерсени өзүмө да айтып кетемин.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#8 06 January 2012 - 09:37
Менин да мучолуу жылым болгондуктан,
андай мындай кептерди кулагым чалып калгандыктан ырымын кылып кызыл кийип койдум...
Сак болуш керек мен ушуну баардык мучолуу жылын откоруп жаткан Инсандарга айткым келет...
Сак болуш керек мен ушуну баардык мучолуу жылын откоруп жаткан Инсандарга айткым келет...
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#9 06 January 2012 - 14:09
Чындыгында кооптуу жыл болот. Акырын журуш керек урунуп-берине бербей . Бул менин башымдан откон нерсе . КЫРГЫЗ эли ислам дининен мурда жаралгандыктан КЫРГЫЗчылык кылып койгон деле он .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#11 06 January 2012 - 14:33
Туулган кунундо, идиш (чыны, тарелка) тээп жамандык ушул менен чыгып кетсин деп сындырышат,
анан жогоруда жазып кетишкендей:
кызыл кийим кийип коюш керек . Негизи ырымдап коюш керек , болбосо ал жыл мучолу болгон адамга бир аз кыйынчылыктарды алып келет дешет. Мага мисалы отуп кеткен жыл абдан турмуштун тоскоолдуктарына кабылдым десем болот(мучолум болчу), азыр окунуп калам чыны тээп койбой деп (эми негизи болуп жаткан нерселер озубуздон дечи, ошентсе да). Так, что канча жылда бир келген мучолунузго жакшы эле конул буруп койсонуз, ашыкча болбос.........
....... Мучолу жылыныз менен, бакыт алып келсин!!
!!!!!
!!
Чон кыз ырымчылка ишенбейм деп жазганыныз козумо илинип отту эле!
Менин мучолу жылым отту кызыл кий фялетовый кий ж.б. деп айтып жатышты биринчи кулагымдан киргизип экинчи кулагымдан чыгарып жибердим укмаксанга салып.Кудага шугур тынч эле жылдардан болду кызыл кийбесем деле!дагы да тынч жылдардан болсун...
#12 10 January 2012 - 19:32
Мен деле ишенбейм,бирок атамдын 3 бир тууганы мүчөөлү жашында каза болду.Мүчөлүү жаш ар бир 12 жылда бир келет.
#13 11 January 2012 - 15:21
ырым жырымдарга бай адамдар экенсинер...
мучолуу жылдын башка жылдардан озгочолугу деле жок мага...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#14 11 January 2012 - 16:01
Кызыл кийбесе не болот?
Кызыл кийбеген адамдын мурду кызарып клоун болуп, а түгүл узарып Буратинонукундай болуп кетиш ыктымалдыгы бар экен да
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 12 January 2012 - 10:46
Кызыл кийими, ырым-жырымы жок эле Кудайдан тилеп эле отуп кеттик.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#16 12 January 2012 - 11:18
Kyzyl tazyl kyibei ele aman esen jashap otkom al doordu),men yrym jyrymdarga ishene berbeim.
Апакем менин кымбатым!
#17 12 January 2012 - 11:33
Бул жылы эмне кылыш керек, жана кандай откоруш керек мучол жылды?
Ой пикирлеринерди жаза кетсенер?
Мага "Рыба в кисло-сладком соусе" алперишиң керек, эу Нуркынбай
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#18 12 January 2012 - 16:54
Башкасын билбедим го, бирок бир укканым бар,Балык жылында торолгон балдар аззамат, красавчик болушат деп
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#19 18 January 2012 - 11:30
"антиш керек,мынтиш керек" деген кептер коп. Мисалы мен айылга бара калсам, кой сойду уйдогулор. Анан канын ырымдап мага тийгизди да ошо кийимди 3 кун чечтирбей коюшту
мен андайларга ишенбейм деле бирок апам менен атамдын конулу учун нени гана кылбайсын...
Анан озумо бир кызыл койнок тигип алып кийип койсомбу деп атам. "Баса мучолу жылында турмушка чыкса бактылуу болот экен..." деп эжем турмушка чыкты эле,баляяныбы андай болбоду... Ошо бар болгону 24 жашка чыгып карып атам деген эле кеп го
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#20 18 February 2012 - 22:43
Менин мучолу жылым кийинки жылы болот, бир гана 2012 жылы акыр заман болуп кетпесе эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео