Куса болдум...билесиңби,
биздин айылда кыштын күнү кар аябай көп жаайт, тоолордогу мөңгүлөр кийинки кышка чейин эрип бүтпөй калаар эле...сагынчым да дал ошол мөңгүлөрдөй түгөнбөс болду...
Жаныңа баргым келди...мөңгүлөр жай келгенде эрип, тамчыдан суу болуп куралып агып жөнөөр ээле...ошол мөңгүнүн суусуна окшоп сени көздөй аккым келди...
Кантип жүрөт экенсиң бөтөн эл бөтөн жерде...сагындым.
..бүтпөс болду го бул куса...бул сагыныч...
Мурдагы шаң толгон шайыр дүйнөңдү калыбына келтирүү керек...бир эле жылмайууңа бар дүйнөмдүн баарын берээр элем...билдирчи кабарыңды, кайсыл күнү асманымда Айым болуп жанаарыңды.
..сен - менин тилек гүлүмсүң...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1322 09 January 2012 - 09:35
Ушул темага баш баккан сайын ойго батам . Озумо болгон суроолор кобойот . Эмнеге мен бул темага жаза албайм ? Эмне , менде элдикиндей журогумо батпаган арманым жокпу ? Же элдикиндей толуп- ташкан суйуу жокпу ? Мен бул жашоодо эч нерсе корбодумбу ? Мен бул жашоодо жакшылыктын жагымдуу , жамандыктын ачуу даамын татпадымбы ? Журогумду толтура албаган боштук барбы ? Же баары тескерисиненби ? Копту коруп арманым копбу ? Арманымдын тубу жокпу ? Же жон гана жашоого кайдыгер карап жашаймбы ? Мына ушундай суроолор коп . Бирок бир да жооп жок . Журогум бул суроолорго жооп бергиси келбей жатат окшойт . Куто турайынчы , бир кун ачылып сырыны айтаар...
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1323 09 January 2012 - 09:48
patriot_kyrgyzstan,
Сизге азырынча оозеки эскертүү!
Бул темада кимдир бирөөнүн билдирүүсүнө жооп жазууга, суроо берүүгө ж.б маанидеги билдирүүлөрдү таштоого тыюу салынат.
Сизге азырынча оозеки эскертүү!
Бул темада кимдир бирөөнүн билдирүүсүнө жооп жазууга, суроо берүүгө ж.б маанидеги билдирүүлөрдү таштоого тыюу салынат.
#1324 09 January 2012 - 10:06
Кече аталаш уч бир тууган кыздар чогулдук. Учообуздун тен атабыз биринин артынан бири суйлошуп алгандай бизди таштап кетишти... Баарыбыз жаш курагыбызда атасыз калганбыз...
Мына минтип азыр баарыбыз, озумчо суйунуп калам, акыл-эстуу кыздар болуп чонойдук. Кече мындан 16 жыл мурунку видеону коруп отурдук. Баарыбыз кичинекей мотурайган кыздар экенбиз. Аталарыбыз жапжаш, 50 жылдык мааракеге чогулуп, биз дайым кызмат кылалы. Кийинки мааракелерде да келебиз деп мечтатетип алышыптыр байкуштар.
Санап корсок 16 жыл ичинде видеодогу жаш-карысы биригип 7си азыр жок экен. Кичинекей кезибиздеги кылык-жоруктарыбызды коруп алып каткырып кулуп отурдук. Бирок ар бирибиз журогубуздо ыйлап жатканыбызды мен сезип турдум. Мен эн улуусу болгондуктан коз жаш тогуп озу деле аран отурган синдилеримди оксуткум келбеди... Дагы мындан 10 жылдан кийин бул жашоодо ким бар, ким жок... Бирок менин жакын адамдарымды жоготуудан журогум заарканат!
Жакшылык эле боло берсин деп Кудайдын куттуу куну тиленем!!
! Ата, сизди сагындым, сагынычымды,
кусамды соз менен айтып эч качан жеткире албайм!!
! Ошол секелек, эч нерсе менен ишим болбой ойноп кулгон кездериме баргым келет, баарын артка кайтаргым келет...
#1325 09 January 2012 - 11:19
Жашоомдо буйруса баары эле жакшы. Бактылуумун деп деле айтсам болсо керек. Ата-Энем, бир туугандарым аман-эсен жанымда журушот. Келинчегим,
татынакай балдарым бар. (Акча жагын айтпай эле коеюн, ал нерсе канча көп болсо да, баарибир аз көрүнүп, өзү менен кошо көп проблемаларды алып келерин билем. Кыйынчылыксыз турмуш курууга, анча-мынча төгүлүп, чачылып өзүндөн артып, бир аз тууган-туушкандарга жардам берип турганга жетип турса экен деп тилейм).
Бирок кээде жашоомдо бир нерсе жетишпегендей болуп, негедир куса болуп, менин жан дүйнөмдү, мени бүткүл бойдон тушүнуп, жүрөгүмдөгүнү айттырбай түшүнгөн адам жетишпегендей сезилет. Башкача айтканда мага стимул берип, мендеги ачылбай жаткан мүмкунүлуктөрдү ачууга, менин жашоомду шаңга бөлөгон бир нерсе, мүмкүн чыгармачыл адамдарга керек болгон "илхом" же "муза" жетишпей жаткандай. Бирок бул нерсеге менин жашоомдо орун барбы?
Мүмкүн бул зеригүүдөн келип чыккан ой деп ойлоп кетем. Колдогу алтындын баркы жок дегендей, биз жаныбызда жүргөндөрдү, азыркы жашообузду баалай албай, кийин аттиң деп бармак тиштеп өкүнүп калышыбыз толук ыктымал.
Билбейм....... ......
Бирок кээде жашоомдо бир нерсе жетишпегендей болуп, негедир куса болуп, менин жан дүйнөмдү, мени бүткүл бойдон тушүнуп, жүрөгүмдөгүнү айттырбай түшүнгөн адам жетишпегендей сезилет. Башкача айтканда мага стимул берип, мендеги ачылбай жаткан мүмкунүлуктөрдү ачууга, менин жашоомду шаңга бөлөгон бир нерсе, мүмкүн чыгармачыл адамдарга керек болгон "илхом" же "муза" жетишпей жаткандай. Бирок бул нерсеге менин жашоомдо орун барбы?
Мүмкүн бул зеригүүдөн келип чыккан ой деп ойлоп кетем. Колдогу алтындын баркы жок дегендей, биз жаныбызда жүргөндөрдү, азыркы жашообузду баалай албай, кийин аттиң деп бармак тиштеп өкүнүп калышыбыз толук ыктымал.
Билбейм....... ......
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#1326 09 January 2012 - 12:58
"Чоон шарик уйлочу, учуп кетели алыска...алыскааа"
деп ыйлаптырмын.
..
кургур жаным дагы эле жашоом озгоруп,мен калааган нерсе дагы эле жайында бардай алга жылып келем... Бир чечимге келип ары же бери болуш керек эле... Алым жетпейт бир чечим чыгарууга...
Ушунчалык эмне болгон мага... Ар бир нерсеге кол кап кийип алып тийгендей эле болуп атам... Колум ошол нерсени сезгендей бирок толугу менен эмес...кандайдыр майда буртукчолору колума урунбай калгандай...
конулумо толбойт такыр...эч нерсе конулумо жакпады...мен каалагандай болбоду... Сырттан караганда жакшы корунуп атса да, купулума толбоду... Эээх!
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
#1327 09 January 2012 - 14:00
Атаке мен келдим дагы.....Сүйүнүчүмду айтканы келдим....Буюрса эртен Ошту карай жолго чыгам...анан Ошко барганда эле биринчи эмне кылам билесинби?Сенин мүрзөңө барам.....Эххх канчалык шашып жатам....же убакыт отпойт....Кудайым буюрса аман-эсен жетип алсам Ошко...анан сенин жанына жөнөйм...сени менен суйлошуп келем....топурагындан жыттап.....сен жаткан жерди кучактап.....
.эххх колумдан келсе,сенин жанына жатып алмакмын....эч жакка барбай,сенин жанындан алыстабай...
эхх Атаке сени сагындым каттууу-каттуууу.
........акыркы кундору жетим козуга окшоп аябай жалгызсырап жатам.....бирок билем андай эмес...Кудайга шугур апам менин бактыма тируу...,бир туугандарым бар.....ден-соолуктары жакшы..оорудан алыс...андан артык мага эч нерсе керек эмес...Бирок ...бирок Атаке менин толук бактылуу болушум учун...сен гана жетишпейсин!
Сенсиз мен бактысызмын.
..Сенин батанды алган жокмун...эххх Атаке..........сенин караанына зармын.....
Только злые люди, зла боятся!
#1328 10 January 2012 - 04:19
Маанай жок.Ууф ушул жалгыздыктан тажадым.Жетпегенсип жаанда токтобос болду.
#1329 10 January 2012 - 15:14
тушунбой калдым, оорлошуп баратат го негедир ... кандай чечим кылсам экен ...кайсы жолду тандасам экен ...
Эх, ушундай эле жок болуп кетким келип журот да... Жараткан мени унута корбо ... куч бер кандайдыр бир чечим чыгара ала тургандай кылып, мени чымыркантып, чыйралтып ,туз жолго тушуруп койчу сураныч....
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#1330 10 January 2012 - 15:32
Баары тең сурап калганда кандайсын жакшы деп жооп берип жүрөм билгизбей .
Чындыгында баары тең андай эмес.
Акыркы күндөрү эч качан маанай жок жүрөм.
Айылга барып чоң апамды көрүп келгенде. Айыгып кетет деп канчалык үмүт койсок да. Тилекке каршы доктурлар алып барсак эч кандай жардам бере албайбыз деп айтканда өзүңдү жаман сезип калат экенсиң.
Чоң апам аябай арыктап, баса албай алганым көргөндө жүрөк сыдырылып, ооруп кетет.
Айтта турганга сөз да таппай да калат экенсиң.
Чындыгында баары тең андай эмес.
Акыркы күндөрү эч качан маанай жок жүрөм.
Айылга барып чоң апамды көрүп келгенде. Айыгып кетет деп канчалык үмүт койсок да. Тилекке каршы доктурлар алып барсак эч кандай жардам бере албайбыз деп айтканда өзүңдү жаман сезип калат экенсиң.
Чоң апам аябай арыктап, баса албай алганым көргөндө жүрөк сыдырылып, ооруп кетет.
Айтта турганга сөз да таппай да калат экенсиң.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#1331 10 January 2012 - 20:13
Forumda bir insandy jakwy korom,abdan suiom any. Kundo al jonundo uktaarda oilnup jatyp uktap ketem. Men any tapkanyma ayabai baktyluumun,birok jogotup algandanda abdan korkom. En negizgisi alda meni 4yn ele jakwy korobu je tamawaga salyp aityp jataby degen oilor meemi jep salat. Bul menin tagdyrymby je dagy bir maga berilip jatkan synoobu? Emnege myn4alyk katuu jakwy korup kaldym sizdi? Boorukersiz,katuu suiloboisuz maga jagymduu sozdordu aitkanynyz u4unbu? A realdada uwundai booruker adamsyzby je virtualda elebi degenda suroo ketet? Kyzyk forumda menin bildiruulorumdu kaltyrbai okuui bekensiz je okubaisyzby? Eger okusanyz men dele sizge jagam,a okubasanyz kyzygym dele jok bolgon bolot. A men sizdin bildiruulorunuzdu baaryn okup 4ykkam,birok ayabaile aaz.)) Siz menen agentte kundo suilowkum kelet,siz bolso bir suilowsonuz ertesi jazbais,je jazyp jatyp o4up kalas. Bul meni abdan kapa kylat((((
Uwunu unutpanyz........
MEN SIZDI SUIOM JANYM!!!
Uwunu unutpanyz........
MEN SIZDI SUIOM JANYM!!!
#1332 11 January 2012 - 02:09
иий оло кыйналып жатам, че-то высокосный год мен учун жаман башталып жатат, кундон кунго журогум сыгылганы-сыгылган,
10 кундун ичинде 5 жолу озумду жаман сездим, ал эми жакындарыма болгон кусам кучогону кучогон, алтындарым менин аябай сагындым силерди, жаны жылды силерсиз сегизинчи жыл тосуп жатсам да коно албай жатам, жыл сайын мандарин жесем да, мама сен берген мандариндерге жетпей жатат. Неге мындай баары, эмне кылган куноолорум учун, эмне эле жараткан мага очошту, колумдан келишинче аракет кылып жатпайынбы,
же мен копту сурап жатамбы, дагы баса жанагы суйуу деген сезими мага да келген окшойт (ушул эле жетишпей турду эле). чындап куткон эмесмин, эмне кылам лишний переживанияларды.
... тажадым баарынан, керек болсо ишимдеги турктордон да тажадым...уффффф
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#1333 11 January 2012 - 03:50
Бугун 11-январь..... Сенсиз аткан дагы бир тан....Тагыраак айтканда 11- тан... Алтыным, кечир мени. Сага чалбайм, тынчынды албайм деп берген убадамды озум кечээ буздум. Эхх, жашоо-жашоо.
Эмне мынча татаалсын!
!! Бул дуйнодогу эн ыйык, эн суйуктуу адамым менен бирге боло албай, коодонум толо бук. Бирде айланамдагы адамдарды куноолосом,
бирде ушул салт-санаа, ж.б. деген субьективдуу тушунукторго моюн сунуп берген озумду жек кором!!!
Эмнеге мындай болуп жаралып калдым экен!!!
Толтура адамдар журбойбу озунун бактысы учун курошкон. А мен.... Канчалаган кыздардын башын айлантып, озумду "кыйын"
сезип жургон кезде сага жолуктум. Жан биргем, сенин жаш баланыкындай аруу жан-дуйнон, акылмандыгын,
боорукерлигин мени озуно жипсиз байлады. Алгач таанышканда ашып барса бир жума эле суйлошсом керек деген оюм жанылыш экенин туйбаптырмын.
Досторуму шылдындап, суйуу деген жок да азыркы заманда деп кулчумун алар жактырган кыздары жонундо айтып калса. Ошол корс мунозум менен сени да бир топ кыйнадым. Сен баарына чыдадын. Жанымда жургонундо сен бакытым экенин сезбедим. Сенин артынан адам болдум, билсен. Сен мага боорукерлик,
ыймандуулук деген тушунукторду баамдоого жардам бердин. Сени коргон тааныштарым баары сага суктанып, кайдан бул кызга жолуктун деп мага ичтери тарыйт эле...Ал тургай досторум да...Акыры сен да чарчадын менден. Жок, тагыраак айтканда мен сага кош айттым. Дайыма сага айтып жургон экообуз келечекте бирге болбойбуз деген созуму бул жолу да айтканда, ойго чомулуп, анан анда жаны жылдан ар кимибиз жаны жашоо баштайлы деп жооп бердин. Алгач макул деп, сага бакыт каалайм, сен бактылуу болосун созсуз деп сени узаткандан кийин гана жоготуумун оор экенин тушундум. Толтура адамдын арасында туруп жалгыз болуу эмне экенин билдим...Жаным,
кечээ сени унутуш учун аябай ичтим. Бирок мен куткон женилдик келбеди. Ошол мас акыбалымда бир гана нерсени кааларымды тушундум. Ал- сен!!!
Сага смс жоноттум. Бул дуйнодо бир гана тилегим бар- ал сенин бактылуу болушун деп жаздым. Саат 4.30 да уктап жатканынды билсем да жооп кутуп телефонумду тиктеп отурдум. Бир саат откондон кийин чыдабадым.Номеринди тердим. Уйкусураган унунду угуп, журогум дикилдеп согуп атты. Боорукерим ай, уйуно бар, кочодо ушуйсун деп дагы эле менин камымы ойлойсун да. Сага барам дедим. Сен жок дедин... Бир сааттан ашык суйлоштук. Сени кандай суйооруму, сенсиз жашоо жок экенин айттым. Сен жумушка бара турган убакыт келгенин айтып, мени менен коштоштун...
Азыр телефонуму тиктеп олтурам. Сага чалганга даабайм. Жон гана сага айткым келет: Жаным, мен сенин бактылуу болушунду гана каалайм. Мага бул дуйнодо андан ашкан бакыт жок. Мен сени суйом!!!
Азыр телефонуму тиктеп олтурам. Сага чалганга даабайм. Жон гана сага айткым келет: Жаным, мен сенин бактылуу болушунду гана каалайм. Мага бул дуйнодо андан ашкан бакыт жок. Мен сени суйом!!!
#1334 11 January 2012 - 09:30
Журуп-журуп журок тушум кээде сайгылашып кетчу болду, корком, мындайы жок эле...............
"Көп ойлонуп, ден-соолугума зыян келтирип жатамбы"-
деп ойлоном. Бул абалга келишиме албетте СЕН куноолуусун,
айтор убакыт откон сайын, сени куноологум да келбей калды. Кусалык жанды жеп баштады.....жалгыздык.
Атадан алтоо болсон да , ар жалгыздык башта бар" деген туура айтылган соз экен деп ойлоп калдым. Ушунчалык жан дуйном алсырап, кыйналып баратам. Жумушка жаркылдап келип, тамашалай суйлогонум менен ,менин ичимде болуп жаткан сезимдин бурганагын эч ким билбейт. Мен бактылуу болом, албетте бактылуу болоорума көзум жетет, болгону азыркы учурда жан дуйном кризиске учурап калды окшойт.... Сени эстейм, откон кундорду эстейм.........
.................... Мен жаман адамды жакшы корбойт болчумун да, демек сен анча деле начар адам эмес болчусун, болгону чектен ашкан кызганчаактыгын,
анан мунозун абдан оор эле........., ушунчалык катуу суйгом деп айта албайм, бирок сени сыйлачумун жана ЖАКШЫ корчумун. Мен озумдо "суйом деп айткан суйуп жарытпайт"
деген принцип бар эле, ошондуктан убакыттын отушу менен булбулдоп жанган сезимим акырындап алоолонгон отко айланып куйуп баратты эле, ошол сезимдеги отту , акырындык менен эмес, шарт эткиче муздак суу куюп очуруу кантип колундан келди экен., ошондойго кантип дитин барганын дагы да болсо тушуно албай келем. Кээде сага чалып ушул суроону бергим келет, бирок намысым жол бербейт.... Сага жолугуп сенин козуно тике карагым келет, бирок кээде кочодон же маршруткадан сага окшош адам корсом журогум болк деп кетет, демек мен жолугууга даяр эмесмин деп ойлоп коем. "Жер тоголок" дегендей эртеби-кечпи,
бир куну жолугабыз, ошондо суроолорума жооп алармын, а балким ал учурда мен аларга баш оорутпай, жашоомдун оз нугу менен кетип бара жаткан болоттурмун.
.............
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#1335 11 January 2012 - 13:06
Кээде өзүмдүн ойлорумдан коркуп кетем
Эмне үчүн адам ой-кыялдан коркуш керек? Коркпош керек, ой-максат менен жашоо зарыл да, анан эмнеге мен корком? Ойлор, ойлор сансызсың, кыялдар кыялдар учкунсуң... Мен кыялдан коркпой, ойдон коркчу болдум. Жан дүйнөм билинбей кээде жашып коет, жанчып коет, жеп коет мени. 3 ай болду, эмне үчүн уйку жоктун жообун тапкандай болдум? Мемиреп уктап жатсам болбогон шыбыртка да ойгонуп кетем, анан уктай алсам эмне? Мен эски жылга баарын таштадым, эски жылда жан дүйнө буулукту, буюкту, болду, жетишет! Жанырган жылда мени менен кулак-мурдум, көзү-башым, баары эсептешиши керек! Мен мээге ишенип, жүрөктү тыңдайм, калганың жиниме тийбегиле. Уйку, ой, түш, силер мени коркута албайсыңар деп урушуп койдум. Көңүлүмдү, кабагымды күлкү сен ачасың, ошондуктан тишим, ууртум оорубагыла, уктуңарбы?! Жүзүмө не десем экен, сен жылмай, жарык бол, бирок терини кургатып, бырыш кылсаң өзүңө кыйын өрдөктүн майы менен болсо да былчылдатып шыбап салам. Ошо...
Эмне үчүн адам ой-кыялдан коркуш керек? Коркпош керек, ой-максат менен жашоо зарыл да, анан эмнеге мен корком? Ойлор, ойлор сансызсың, кыялдар кыялдар учкунсуң... Мен кыялдан коркпой, ойдон коркчу болдум. Жан дүйнөм билинбей кээде жашып коет, жанчып коет, жеп коет мени. 3 ай болду, эмне үчүн уйку жоктун жообун тапкандай болдум? Мемиреп уктап жатсам болбогон шыбыртка да ойгонуп кетем, анан уктай алсам эмне? Мен эски жылга баарын таштадым, эски жылда жан дүйнө буулукту, буюкту, болду, жетишет! Жанырган жылда мени менен кулак-мурдум, көзү-башым, баары эсептешиши керек! Мен мээге ишенип, жүрөктү тыңдайм, калганың жиниме тийбегиле. Уйку, ой, түш, силер мени коркута албайсыңар деп урушуп койдум. Көңүлүмдү, кабагымды күлкү сен ачасың, ошондуктан тишим, ууртум оорубагыла, уктуңарбы?! Жүзүмө не десем экен, сен жылмай, жарык бол, бирок терини кургатып, бырыш кылсаң өзүңө кыйын өрдөктүн майы менен болсо да былчылдатып шыбап салам. Ошо...
#1336 11 January 2012 - 16:07
Адамды алсыз дешет жараталыштага көп айбанаттарга,
өсүмдүктөргө,
айтор бардык жаны бар нерселерден.
Бирок, менин оюмча, адам эң бир тың эме болсо керек.. Илибойуңдун башын айлантып, алеки заматта алдап коюуга кудурети жетет. Башкаларды мындай кой, көп учурда өзүн-өзү алдап коёт. Баракелде-е!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#1337 11 January 2012 - 17:19
"Мага эмне?" деген цитатаны мен турмушта колдоно албайм. Бул мен учун жат корунуш. Озго айтпаса озум айтайын дегенди мен жакшы кором. Анткени коргон коздо, уккан кулакта эч жазык жок. Жерде жаткан ийнени кой башкалардын таманына кирип кетпесин деп алып койгондой эле адат да. Же мага эмне, мага зыяны тийбесе болду да дегендикти да жек кором, анте албайм. Ошол ийне менин же сенин же башка бироонун бутуна сайылып сыздабасын дейм. Муну эмне учун айтып жатам, коп эле адамдарды кором, "эмне болсон ошол бол" деген. Андай адамдар чындыктан, конфликттен качып озун ойлоп, сулуу чымчык болгусу келгендер. Унчукпасан уйдой балээден кутуласын деген соз бар. Буга деле кээде кошулбай кетем, кайдигерлик болуп калбайбы деп. Дайыма эле оз оюмду айтып жаман корунуп каламбы деп деле коркпойм, оюмду тануулабайм дагы. Тагдырдан кантип кутулмак элек, бир кун болбосо бир кун орсойуп да, арсайып да чыгып калат! Бирок туштон кийин бармак тиштеп, аттин деп айгайлагыча,
ысыгында айтып басып калган жакшы. Ошону эле айтайын дегем. Эстедим, мен бир гана учурда мага баары бир дейт экем, "анын мунозу ушундай, ошого баш оорутуп не? Дароо бетке чабат, конулу ооруп калат деп эч ойлобойт"
дегенди артымдан укканда гана "ммм эми ал сенин оюн да, аппак корунойун деген ой жок болчу. Мейли эми эмне десен ошол де" дейм. Конулум кирдебейт деле, кек да сактай албайм, когорбойм да. Унутам да уктап калам, эрте менен турсам таралат! Бирок бир убакыт болот жаныма киши жолоткум келбей калган, андайда ооо...
#1338 11 January 2012 - 21:03
Мага кылган мамилен мени коп жакшы нерсеге туртот . Суйуумо суйуу менен жооп бергенин учун рахмат асылым ! Сен аял затынын асылысын ! Мен суйуудо бактылуумун жаным. Сага баары учун рахмат !
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1339 11 January 2012 - 21:55
]\][;'
'\][]'\
'\'\
;/'.;[[]''
мына ушундай жан дуйномдун жашыруун тили, кыскасы жан дуйномдо бороон чапкын бирок кичинекей жалбыракты оордунан жылдыра албай туйшолуп келет ошол бороон...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1340 12 January 2012 - 10:40
Эшикте жамгыр. Коптон куткон жамгыр. Кыштын куну Жок дегенде жамгыр жаасынчы деп кече эле Кудайдан суранып жаткам. Же Кудайдын да мага боору оорудубу айтор бугун жамгыр ношлрлоп жаап жатат. Коздон аккан жаш жузумду жууп жамгыр менен жарышкандай.
.. Бул окунучтуу кабарга ишенгим келбейт! Такыр ишенгим келбейт! Врачтын айтканы азыр да кулагыма бушующее пластинага окшоп кайтаап турат. Каалаган убагында "///" отказ бериши мумкун имиш. Ушундай да болобу? Озумду алдоо максатында ар нерсени окуп суперстанда журом кыдырып максатсыз...
Эххх жашоо ушунчалык таш боорсунбу???
Бир байкем айткандай "америкалык врачтар айта берет"-деген созу чын болсо экен... Ата-энемдин, бир туугандарымдын, досторумдун жузун корбой чет жакта соогум калышын эч каалабайт элем... Тагдырдын тамашасы менен бул илдетти озум тиленип алдым окшойт... Бул дартымды уй-буломдон эч ким билбейт айткан эмесмин бироосуно дагы. Билбегени жакшЫ айткан кундо да тушуноор Адам бары? Менин куноолорум учун бул да аз!!!
Бир байкем айткандай "америкалык врачтар айта берет"-деген созу чын болсо экен... Ата-энемдин, бир туугандарымдын, досторумдун жузун корбой чет жакта соогум калышын эч каалабайт элем... Тагдырдын тамашасы менен бул илдетти озум тиленип алдым окшойт... Бул дартымды уй-буломдон эч ким билбейт айткан эмесмин бироосуно дагы. Билбегени жакшЫ айткан кундо да тушуноор Адам бары? Менин куноолорум учун бул да аз!!!
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео























