Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#1321 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   09 Январь 2012 - 07:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Куса болдум...билесиңби, биздин айылда кыштын күнү кар аябай көп жаайт, тоолордогу мөңгүлөр кийинки кышка чейин эрип бүтпөй калаар эле...сагынчым да дал ошол мөңгүлөрдөй түгөнбөс болду...
Жаныңа баргым келди...мөңгүлөр жай келгенде эрип, тамчыдан суу болуп куралып агып жөнөөр ээле...ошол мөңгүнүн суусуна окшоп сени көздөй аккым келди...
Кантип жүрөт экенсиң бөтөн эл бөтөн жерде...сагындым. ..бүтпөс болду го бул куса...бул сагыныч...

Мурдагы шаң толгон шайыр дүйнөңдү калыбына келтирүү керек...бир эле жылмайууңа бар дүйнөмдүн баарын берээр элем...билдирчи кабарыңды, кайсыл күнү асманымда Айым болуп жанаарыңды. ..сен - менин тилек гүлүмсүң...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1322 Пользователь офлайн   Likvidator   09 Январь 2012 - 09:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ушул темага баш баккан сайын ойго батам . Озумо болгон суроолор кобойот . Эмнеге мен бул темага жаза албайм ? Эмне , менде элдикиндей журогумо батпаган арманым жокпу ? Же элдикиндей толуп- ташкан суйуу жокпу ? Мен бул жашоодо эч нерсе корбодумбу ? Мен бул жашоодо жакшылыктын жагымдуу , жамандыктын ачуу даамын татпадымбы ? Журогумду толтура албаган боштук барбы ? Же баары тескерисиненби ? Копту коруп арманым копбу ? Арманымдын тубу жокпу ? Же жон гана жашоого кайдыгер карап жашаймбы ? Мына ушундай суроолор коп . Бирок бир да жооп жок . Журогум бул суроолорго жооп бергиси келбей жатат окшойт . Куто турайынчы , бир кун ачылып сырыны айтаар...

Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 09 Январь 2012 - 09:37

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1323 Пользователь офлайн   admin_superstan   09 Январь 2012 - 09:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

patriot_kyrgyzstan,

Сизге азырынча оозеки эскертүү!

Бул темада кимдир бирөөнүн билдирүүсүнө жооп жазууга, суроо берүүгө ж.б маанидеги билдирүүлөрдү таштоого тыюу салынат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1324 Пользователь офлайн   Sagyndym   09 Январь 2012 - 10:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 18 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2018 15:22

Кече аталаш уч бир тууган кыздар чогулдук. Учообуздун тен атабыз биринин артынан бири суйлошуп алгандай бизди таштап кетишти... Баарыбыз жаш курагыбызда атасыз калганбыз... Мына минтип азыр баарыбыз, озумчо суйунуп калам, акыл-эстуу кыздар болуп чонойдук. Кече мындан 16 жыл мурунку видеону коруп отурдук. Баарыбыз кичинекей мотурайган кыздар экенбиз. Аталарыбыз жапжаш, 50 жылдык мааракеге чогулуп, биз дайым кызмат кылалы. Кийинки мааракелерде да келебиз деп мечтатетип алышыптыр байкуштар. :капамын:
Санап корсок 16 жыл ичинде видеодогу жаш-карысы биригип 7си азыр жок экен. Кичинекей кезибиздеги кылык-жоруктарыбызды коруп алып каткырып кулуп отурдук. Бирок ар бирибиз журогубуздо ыйлап жатканыбызды мен сезип турдум. Мен эн улуусу болгондуктан коз жаш тогуп озу деле аран отурган синдилеримди оксуткум келбеди... Дагы мындан 10 жылдан кийин бул жашоодо ким бар, ким жок... Бирок менин жакын адамдарымды жоготуудан журогум заарканат! Жакшылык эле боло берсин деп Кудайдын куттуу куну тиленем!! ! Ата, сизди сагындым, сагынычымды, кусамды соз менен айтып эч качан жеткире албайм!! ! Ошол секелек, эч нерсе менен ишим болбой ойноп кулгон кездериме баргым келет, баарын артка кайтаргым келет...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1325 Пользователь офлайн   Bolo   09 Январь 2012 - 11:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 226
  • Катталган: 25 Май 10
  • Соңку аракети: 09 Мар 2017 13:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г. Бишкек

Жашоомдо буйруса баары эле жакшы. Бактылуумун деп деле айтсам болсо керек. Ата-Энем, бир туугандарым аман-эсен жанымда журушот. Келинчегим, татынакай балдарым бар. (Акча жагын айтпай эле коеюн, ал нерсе канча көп болсо да, баарибир аз көрүнүп, өзү менен кошо көп проблемаларды алып келерин билем. Кыйынчылыксыз турмуш курууга, анча-мынча төгүлүп, чачылып өзүндөн артып, бир аз тууган-туушкандарга жардам берип турганга жетип турса экен деп тилейм).

Бирок кээде жашоомдо бир нерсе жетишпегендей болуп, негедир куса болуп, менин жан дүйнөмдү, мени бүткүл бойдон тушүнуп, жүрөгүмдөгүнү айттырбай түшүнгөн адам жетишпегендей сезилет. Башкача айтканда мага стимул берип, мендеги ачылбай жаткан мүмкунүлуктөрдү ачууга, менин жашоомду шаңга бөлөгон бир нерсе, мүмкүн чыгармачыл адамдарга керек болгон "илхом" же "муза" жетишпей жаткандай. Бирок бул нерсеге менин жашоомдо орун барбы?

Мүмкүн бул зеригүүдөн келип чыккан ой деп ойлоп кетем. Колдогу алтындын баркы жок дегендей, биз жаныбызда жүргөндөрдү, азыркы жашообузду баалай албай, кийин аттиң деп бармак тиштеп өкүнүп калышыбыз толук ыктымал.

Билбейм....... ......
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1326 Пользователь офлайн   Janayim   09 Январь 2012 - 12:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 25 Март 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2014 09:05
  • Жынысы:Аялзаты

"Чоон шарик уйлочу, учуп кетели алыска...алыскааа" деп ыйлаптырмын. .. :( кургур жаным дагы эле жашоом озгоруп,мен калааган нерсе дагы эле жайында бардай алга жылып келем... Бир чечимге келип ары же бери болуш керек эле... Алым жетпейт бир чечим чыгарууга... Ушунчалык эмне болгон мага... Ар бир нерсеге кол кап кийип алып тийгендей эле болуп атам... Колум ошол нерсени сезгендей бирок толугу менен эмес...кандайдыр майда буртукчолору колума урунбай калгандай... конулумо толбойт такыр...эч нерсе конулумо жакпады...мен каалагандай болбоду... Сырттан караганда жакшы корунуп атса да, купулума толбоду... Эээх!
Кимге муктаж болсом, ошолор үчүн жашайм...
Кимге толук ишенсем, алар менен гана дос болом...
Ким мени бааласа, аларга чексиз ыраазымын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1327 Пользователь офлайн   solnyshko   09 Январь 2012 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Атаке мен келдим дагы.....Сүйүнүчүмду айтканы келдим....Буюрса эртен Ошту карай жолго чыгам...анан Ошко барганда эле биринчи эмне кылам билесинби?Сенин мүрзөңө барам.....Эххх канчалык шашып жатам....же убакыт отпойт....Кудайым буюрса аман-эсен жетип алсам Ошко...анан сенин жанына жөнөйм...сени менен суйлошуп келем....топурагындан жыттап.....сен жаткан жерди кучактап..... .эххх колумдан келсе,сенин жанына жатып алмакмын....эч жакка барбай,сенин жанындан алыстабай... эхх Атаке сени сагындым каттууу-каттуууу. ........акыркы кундору жетим козуга окшоп аябай жалгызсырап жатам.....бирок билем андай эмес...Кудайга шугур апам менин бактыма тируу...,бир туугандарым бар.....ден-соолуктары жакшы..оорудан алыс...андан артык мага эч нерсе керек эмес...Бирок ...бирок Атаке менин толук бактылуу болушум учун...сен гана жетишпейсин! Сенсиз мен бактысызмын. ..Сенин батанды алган жокмун...эххх Атаке..........сенин караанына зармын.....

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 09 Январь 2012 - 14:43

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1328 Пользователь офлайн   Mbbk   10 Январь 2012 - 04:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 10 Январь 12
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 07:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Baktyluulardyn ordosu

Маанай жок.Ууф ушул жалгыздыктан тажадым.Жетпегенсип жаанда токтобос болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1329 Пользователь офлайн   akusya   10 Январь 2012 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Сүрөт жашоом эмне болуп кетти ыяя ..........Бороон чапкын анан кайра эле жакыраган кун жамгыр тээ алыстан жылуулук келет кайра аны шамаал айдап туздак кар сууугу ички сезимди ушутуп эле теги бир калыпта болбой калды го ....
тушунбой калдым, оорлошуп баратат го негедир ... кандай чечим кылсам экен ...кайсы жолду тандасам экен ...
Эх, ушундай эле жок болуп кетким келип журот да... Жараткан мени унута корбо ... куч бер кандайдыр бир чечим чыгара ала тургандай кылып, мени чымыркантып, чыйралтып ,туз жолго тушуруп койчу сураныч....Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: akusya: 10 Январь 2012 - 15:15

"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1330 Пользователь офлайн   Programmer   10 Январь 2012 - 15:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Баары тең сурап калганда кандайсын жакшы деп жооп берип жүрөм билгизбей .
Чындыгында баары тең андай эмес.
Акыркы күндөрү эч качан маанай жок жүрөм.
Айылга барып чоң апамды көрүп келгенде. Айыгып кетет деп канчалык үмүт койсок да. Тилекке каршы доктурлар алып барсак эч кандай жардам бере албайбыз деп айтканда өзүңдү жаман сезип калат экенсиң.
Чоң апам аябай арыктап, баса албай алганым көргөндө жүрөк сыдырылып, ооруп кетет.
Айтта турганга сөз да таппай да калат экенсиң.

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 10 Январь 2012 - 15:33

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1331 Пользователь офлайн   zarkokul   10 Январь 2012 - 20:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 06 Май 11
  • Соңку аракети: 10 Июн 2020 16:51
  • Жынысы:Белгисиз

Forumda bir insandy jakwy korom,abdan suiom any. Kundo al jonundo uktaarda oilnup jatyp uktap ketem. Men any tapkanyma ayabai baktyluumun,birok jogotup algandanda abdan korkom. En negizgisi alda meni 4yn ele jakwy korobu je tamawaga salyp aityp jataby degen oilor meemi jep salat. Bul menin tagdyrymby je dagy bir maga berilip jatkan synoobu? Emnege myn4alyk katuu jakwy korup kaldym sizdi? Boorukersiz,katuu suiloboisuz maga jagymduu sozdordu aitkanynyz u4unbu? A realdada uwundai booruker adamsyzby je virtualda elebi degenda suroo ketet? Kyzyk forumda menin bildiruulorumdu kaltyrbai okuui bekensiz je okubaisyzby? Eger okusanyz men dele sizge jagam,a okubasanyz kyzygym dele jok bolgon bolot. A men sizdin bildiruulorunuzdu baaryn okup 4ykkam,birok ayabaile aaz.)) Siz menen agentte kundo suilowkum kelet,siz bolso bir suilowsonuz ertesi jazbais,je jazyp jatyp o4up kalas. Bul meni abdan kapa kylat((((

Uwunu unutpanyz........
MEN SIZDI SUIOM JANYM!!!






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1332 Пользователь офлайн   Камал   11 Январь 2012 - 02:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 04 Февраль 11
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

иий оло кыйналып жатам, че-то высокосный год мен учун жаман башталып жатат, кундон кунго журогум сыгылганы-сыгылган, 10 кундун ичинде 5 жолу озумду жаман сездим, ал эми жакындарыма болгон кусам кучогону кучогон, алтындарым менин аябай сагындым силерди, жаны жылды силерсиз сегизинчи жыл тосуп жатсам да коно албай жатам, жыл сайын мандарин жесем да, мама сен берген мандариндерге жетпей жатат. Неге мындай баары, эмне кылган куноолорум учун, эмне эле жараткан мага очошту, колумдан келишинче аракет кылып жатпайынбы, же мен копту сурап жатамбы, дагы баса жанагы суйуу деген сезими мага да келген окшойт (ушул эле жетишпей турду эле). чындап куткон эмесмин, эмне кылам лишний переживанияларды. ... тажадым баарынан, керек болсо ишимдеги турктордон да тажадым...уффффф
Жизнь не остановилась, все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1333 Пользователь офлайн   APeace   11 Январь 2012 - 03:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 16 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 08 Дек 2012 04:10

Бугун 11-январь..... Сенсиз аткан дагы бир тан....Тагыраак айтканда 11- тан... Алтыным, кечир мени. Сага чалбайм, тынчынды албайм деп берген убадамды озум кечээ буздум. Эхх, жашоо-жашоо. Эмне мынча татаалсын! !! Бул дуйнодогу эн ыйык, эн суйуктуу адамым менен бирге боло албай, коодонум толо бук. Бирде айланамдагы адамдарды куноолосом, бирде ушул салт-санаа, ж.б. деген субьективдуу тушунукторго моюн сунуп берген озумду жек кором!!! Эмнеге мындай болуп жаралып калдым экен!!! Толтура адамдар журбойбу озунун бактысы учун курошкон. А мен.... Канчалаган кыздардын башын айлантып, озумду "кыйын" сезип жургон кезде сага жолуктум. Жан биргем, сенин жаш баланыкындай аруу жан-дуйнон, акылмандыгын, боорукерлигин мени озуно жипсиз байлады. Алгач таанышканда ашып барса бир жума эле суйлошсом керек деген оюм жанылыш экенин туйбаптырмын. Досторуму шылдындап, суйуу деген жок да азыркы заманда деп кулчумун алар жактырган кыздары жонундо айтып калса. Ошол корс мунозум менен сени да бир топ кыйнадым. Сен баарына чыдадын. Жанымда жургонундо сен бакытым экенин сезбедим. Сенин артынан адам болдум, билсен. Сен мага боорукерлик, ыймандуулук деген тушунукторду баамдоого жардам бердин. Сени коргон тааныштарым баары сага суктанып, кайдан бул кызга жолуктун деп мага ичтери тарыйт эле...Ал тургай досторум да...Акыры сен да чарчадын менден. Жок, тагыраак айтканда мен сага кош айттым. Дайыма сага айтып жургон экообуз келечекте бирге болбойбуз деген созуму бул жолу да айтканда, ойго чомулуп, анан анда жаны жылдан ар кимибиз жаны жашоо баштайлы деп жооп бердин. Алгач макул деп, сага бакыт каалайм, сен бактылуу болосун созсуз деп сени узаткандан кийин гана жоготуумун оор экенин тушундум. Толтура адамдын арасында туруп жалгыз болуу эмне экенин билдим...Жаным, кечээ сени унутуш учун аябай ичтим. Бирок мен куткон женилдик келбеди. Ошол мас акыбалымда бир гана нерсени кааларымды тушундум. Ал- сен!!! Сага смс жоноттум. Бул дуйнодо бир гана тилегим бар- ал сенин бактылуу болушун деп жаздым. Саат 4.30 да уктап жатканынды билсем да жооп кутуп телефонумду тиктеп отурдум. Бир саат откондон кийин чыдабадым.Номеринди тердим. Уйкусураган унунду угуп, журогум дикилдеп согуп атты. Боорукерим ай, уйуно бар, кочодо ушуйсун деп дагы эле менин камымы ойлойсун да. Сага барам дедим. Сен жок дедин... Бир сааттан ашык суйлоштук. Сени кандай суйооруму, сенсиз жашоо жок экенин айттым. Сен жумушка бара турган убакыт келгенин айтып, мени менен коштоштун...
Азыр телефонуму тиктеп олтурам. Сага чалганга даабайм. Жон гана сага айткым келет: Жаным, мен сенин бактылуу болушунду гана каалайм. Мага бул дуйнодо андан ашкан бакыт жок. Мен сени суйом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1334 Пользователь офлайн   Lui   11 Январь 2012 - 09:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Журуп-журуп журок тушум кээде сайгылашып кетчу болду, корком, мындайы жок эле............... "Көп ойлонуп, ден-соолугума зыян келтирип жатамбы"- деп ойлоном. Бул абалга келишиме албетте СЕН куноолуусун, айтор убакыт откон сайын, сени куноологум да келбей калды. Кусалык жанды жеп баштады.....жалгыздык. Атадан алтоо болсон да , ар жалгыздык башта бар" деген туура айтылган соз экен деп ойлоп калдым. Ушунчалык жан дуйном алсырап, кыйналып баратам. Жумушка жаркылдап келип, тамашалай суйлогонум менен ,менин ичимде болуп жаткан сезимдин бурганагын эч ким билбейт. Мен бактылуу болом, албетте бактылуу болоорума көзум жетет, болгону азыркы учурда жан дуйном кризиске учурап калды окшойт.... Сени эстейм, откон кундорду эстейм......... .................... Мен жаман адамды жакшы корбойт болчумун да, демек сен анча деле начар адам эмес болчусун, болгону чектен ашкан кызганчаактыгын, анан мунозун абдан оор эле........., ушунчалык катуу суйгом деп айта албайм, бирок сени сыйлачумун жана ЖАКШЫ корчумун. Мен озумдо "суйом деп айткан суйуп жарытпайт" деген принцип бар эле, ошондуктан убакыттын отушу менен булбулдоп жанган сезимим акырындап алоолонгон отко айланып куйуп баратты эле, ошол сезимдеги отту , акырындык менен эмес, шарт эткиче муздак суу куюп очуруу кантип колундан келди экен., ошондойго кантип дитин барганын дагы да болсо тушуно албай келем. Кээде сага чалып ушул суроону бергим келет, бирок намысым жол бербейт.... Сага жолугуп сенин козуно тике карагым келет, бирок кээде кочодон же маршруткадан сага окшош адам корсом журогум болк деп кетет, демек мен жолугууга даяр эмесмин деп ойлоп коем. "Жер тоголок" дегендей эртеби-кечпи, бир куну жолугабыз, ошондо суроолорума жооп алармын, а балким ал учурда мен аларга баш оорутпай, жашоомдун оз нугу менен кетип бара жаткан болоттурмун. .............
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1335 Пользователь офлайн   Lada   11 Январь 2012 - 13:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 15 Окт 2013 14:39

Кээде өзүмдүн ойлорумдан коркуп кетем

Эмне үчүн адам ой-кыялдан коркуш керек? Коркпош керек, ой-максат менен жашоо зарыл да, анан эмнеге мен корком? Ойлор, ойлор сансызсың, кыялдар кыялдар учкунсуң... Мен кыялдан коркпой, ойдон коркчу болдум. Жан дүйнөм билинбей кээде жашып коет, жанчып коет, жеп коет мени. 3 ай болду, эмне үчүн уйку жоктун жообун тапкандай болдум? Мемиреп уктап жатсам болбогон шыбыртка да ойгонуп кетем, анан уктай алсам эмне? Мен эски жылга баарын таштадым, эски жылда жан дүйнө буулукту, буюкту, болду, жетишет! Жанырган жылда мени менен кулак-мурдум, көзү-башым, баары эсептешиши керек! Мен мээге ишенип, жүрөктү тыңдайм, калганың жиниме тийбегиле. Уйку, ой, түш, силер мени коркута албайсыңар деп урушуп койдум. Көңүлүмдү, кабагымды күлкү сен ачасың, ошондуктан тишим, ууртум оорубагыла, уктуңарбы?! Жүзүмө не десем экен, сен жылмай, жарык бол, бирок терини кургатып, бырыш кылсаң өзүңө кыйын өрдөктүн майы менен болсо да былчылдатып шыбап салам. Ошо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1336 Пользователь офлайн   Таллас   11 Январь 2012 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Адамды алсыз дешет жараталыштага көп айбанаттарга, өсүмдүктөргө, айтор бардык жаны бар нерселерден. Бирок, менин оюмча, адам эң бир тың эме болсо керек.. Илибойуңдун башын айлантып, алеки заматта алдап коюуга кудурети жетет. Башкаларды мындай кой, көп учурда өзүн-өзү алдап коёт. Баракелде-е!

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1337 Пользователь офлайн   BIA   11 Январь 2012 - 17:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 31 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Июн 2012 11:57

"Мага эмне?" деген цитатаны мен турмушта колдоно албайм. Бул мен учун жат корунуш. Озго айтпаса озум айтайын дегенди мен жакшы кором. Анткени коргон коздо, уккан кулакта эч жазык жок. Жерде жаткан ийнени кой башкалардын таманына кирип кетпесин деп алып койгондой эле адат да. Же мага эмне, мага зыяны тийбесе болду да дегендикти да жек кором, анте албайм. Ошол ийне менин же сенин же башка бироонун бутуна сайылып сыздабасын дейм. Муну эмне учун айтып жатам, коп эле адамдарды кором, "эмне болсон ошол бол" деген. Андай адамдар чындыктан, конфликттен качып озун ойлоп, сулуу чымчык болгусу келгендер. Унчукпасан уйдой балээден кутуласын деген соз бар. Буга деле кээде кошулбай кетем, кайдигерлик болуп калбайбы деп. Дайыма эле оз оюмду айтып жаман корунуп каламбы деп деле коркпойм, оюмду тануулабайм дагы. Тагдырдан кантип кутулмак элек, бир кун болбосо бир кун орсойуп да, арсайып да чыгып калат! Бирок туштон кийин бармак тиштеп, аттин деп айгайлагыча, ысыгында айтып басып калган жакшы. Ошону эле айтайын дегем. Эстедим, мен бир гана учурда мага баары бир дейт экем, "анын мунозу ушундай, ошого баш оорутуп не? Дароо бетке чабат, конулу ооруп калат деп эч ойлобойт" дегенди артымдан укканда гана "ммм эми ал сенин оюн да, аппак корунойун деген ой жок болчу. Мейли эми эмне десен ошол де" дейм. Конулум кирдебейт деле, кек да сактай албайм, когорбойм да. Унутам да уктап калам, эрте менен турсам таралат! Бирок бир убакыт болот жаныма киши жолоткум келбей калган, андайда ооо...

Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 11 Январь 2012 - 17:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1338 Пользователь офлайн   Likvidator   11 Январь 2012 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мага кылган мамилен мени коп жакшы нерсеге туртот . Суйуумо суйуу менен жооп бергенин учун рахмат асылым ! Сен аял затынын асылысын ! Мен суйуудо бактылуумун жаным. Сага баары учун рахмат !
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1339 Пользователь офлайн   Demon   11 Январь 2012 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

]\][;' '\][]'\ '\'\ ;/'.;[[]'' мына ушундай жан дуйномдун жашыруун тили, кыскасы жан дуйномдо бороон чапкын бирок кичинекей жалбыракты оордунан жылдыра албай туйшолуп келет ошол бороон...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1340 Пользователь офлайн   Evelet   12 Январь 2012 - 10:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Эшикте жамгыр. Коптон куткон жамгыр. Кыштын куну Жок дегенде жамгыр жаасынчы деп кече эле Кудайдан суранып жаткам. Же Кудайдын да мага боору оорудубу айтор бугун жамгыр ношлрлоп жаап жатат. Коздон аккан жаш жузумду жууп жамгыр менен жарышкандай. .. Бул окунучтуу кабарга ишенгим келбейт! Такыр ишенгим келбейт! Врачтын айтканы азыр да кулагыма бушующее пластинага окшоп кайтаап турат. Каалаган убагында "///" отказ бериши мумкун имиш. Ушундай да болобу? Озумду алдоо максатында ар нерсени окуп суперстанда журом кыдырып максатсыз... Эххх жашоо ушунчалык таш боорсунбу???
Бир байкем айткандай "америкалык врачтар айта берет"-деген созу чын болсо экен... Ата-энемдин, бир туугандарымдын, досторумдун жузун корбой чет жакта соогум калышын эч каалабайт элем... Тагдырдын тамашасы менен бул илдетти озум тиленип алдым окшойт... Бул дартымды уй-буломдон эч ким билбейт айткан эмесмин бироосуно дагы. Билбегени жакшЫ айткан кундо да тушуноор Адам бары? Менин куноолорум учун бул да аз!!!

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 19:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: