Суперстан: Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу

#41 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Декабрь 2011 - 01:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Аябай жабыркаган чачтар үчүн:
3 аш кашык каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун суусун аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз.

Өңү өчкөн чачтар үчүн:
200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жууйсуз.

Чарчаңкы чачтар үчүн:
1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз. Бир канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюңуз.

Абдан кургак чачтар үчүн:
1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө көбүрөөк басым жасаңыз. Таасир бериши үчүн жарым саат күтө туруңуз.

Майлуу чачтар үчүн:
1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз да башыңызды баштык менен, анын үстүнөн жылуу сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Анан суу самын (шампунь) менен жакшылап жууп саласыз.

Морт чачтар үчүн:
200 гр пивого 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз.

Бардык чачтар үчүн:
Кефирди чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.

Чачты күчтөндүрүү үчүн:
20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сүйкөйсүз. Бир аз сүт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.

Чачты жаркыратуу үчүн:
1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын түбүнө сүйкөп полиэтилен шапкасын кийип, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз.

Прикрепленное изображение: haircare.jpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 21 Декабрь 2011 - 01:10

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Декабрь 2011 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Кыздын корку-ЧАЧ! ЧАЧка кам коруу..." темасы менен бириктирилди.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Suiuktuu   21 Декабрь 2011 - 17:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2019 09:37

Жакшы маалыматтарды окуп калып, бул жакка жазууну туура кордум.
Силерге да жардамы тийип, керек болуп калабы деген ой менен.
Теманын аталышы "Тери,чач, тырмак ж.б. кам кору" болгондуктан ар тараптуу кенештерди жаза берсем эч нерсе болбойт деп ойлойм.


Керилген келбет, келишимдүү бут – бул айымдын куралы Бутка кам көрүү
Сүрөт

Окумуштуулардын эсептөөсүндө адам баласы күнүнө 3,5 миң кадам жасайт экен. Бул бутка түзүк эле оорчулук келтирет. Эгерде бутка тиешелүү кам көрүлбөсө, бир нече оорулардын жана ыңгайсыздыктардын жаралышына алып келет.

Кыш мезгили аяктады, оор өтүктөрдөн кутулуп, жеңил, ачык, кооз бут кийимдерди кие баштадык. Бул албетте, жакшы. Бирок, бул убакта буттун териси кургап, нымдуулук жетишпей баштайт жана кам көрүүнү талап кыла баштайт.


Мыкты кам көрүлгөн, келишимдүү буттар аялдын сулуулугунун бирден-бир маанилүү компоненти. Кылымдардан бери дененин дал ушул мүчөсү суктанууларды жаратып, канчалаган мырзаларды айымдардын алдында кайырчыга айлантып келет. Буттардын сулуулугун арттырган дагы бир нерсе – бул туура тандалган бут кийим. Тык-тык этип соорусун чайпап басканда, көзүбүздү албай карап калат эмеспизби. Дене-мүчөбүздүн келишимдүү көрүнүшү үчүн ичке, бийик такалуу бут кийимдерди киебиз. Бирок, кыргый мүчө менен катар канчалаган кыйынчылыктарга кезигебиз. Биздин буттарыбыз жооруп, ооруп, чарчап калат. Ошондуктан дарттардын алдын алуу үчүн дайыма буттарга кам көрүп, ар дайыма кылдат көңүл буруп туруубуз керек. Ал үчүн бир нече сунуштарды, кеңештерди айтмакчыбыз.

Массаж


Бул жагымдуу процедура сөзсүз күндөлүк кайталануучу адатка айлануусу зарыл. Анткени массаж жан кыйнаган оорулардан арылтып, бир күн кечке басып жүрүп, чарчаган буттарды эс алдырууга гана жардам берип тим болбойт. Белгилүү болгондой таманда адам организминин көптөгөн органдары жана системалары менен тыгыз байланышкан биологиялык активдүү чекиттер орун алган. Демек, анча узак эмес, күндө кечкисин кайталануучу массаж чындап ден-соолукту чыңдоочу процедура боло алат.
Эгер сиз жумушка бийик такалуу бут кийим кийип келген болсоңуз, түшкө жакын буттарыңыз чарчап, оорута баштайт. Мындай учурга жумушка таманы жапыз бут кийим алып келип койгонуңуз оң! Адистердин пикиринде ар дайым бийик така кийип жүрүү зыяндуу, ал үчүн маал-маалы менен чечип, буттарды эс алдыруу керек.
Эгер сиз күн бою офисте олтуруп, аз кыймылдасаңыз, отургучтан бат-бат туруп, бутуңуздун учу менен туруп көрүңүз.

Массаждын сырлары тууралуу тажрыйбаңыз жок болушу мүмкүн. Ошондуктан биз сизге бир канча массаждын оңой түрлөрүн сунуш кылабыз.
Таманыңызды катуу-катуу сүртүңүз. Андан соң ар бир бөлүгүн кармап, бекем кысыңыз.
Таманды толугу менен айлантып ушалаңыз.
Ар бир манжаны, башынан тырмактарга чейин кармаңыз.
Манжалардын башталыш чекитине, сааттын жебесинин айлануусу менен тегеретип массаж жасаңыз.
Кичинекей топту таманга коюп алып, ары-бери тегеретип ойносоңуз, эң мыкты массаж боло алат.
Процедураны өйдө-ылдый сылап, силкилдеткен кыймылдар менен бүтүрүңүз.



Пайдалуу ванналар.

Пайдалуу ванналар буттарга кам көрүүнүн дагы бир маанилүү ыкмасы. Өзгөчө жай мезгилинде магдыратып салкындатуучу касиетке ээ. Кошулмаларды пайдаланганыңызга жараша ар түрдүү маселелерди чечсеңиз болот.



Чарчаганыңызда сизге чалкандын, жалбыздын жана бака жалбырактын аралашмасы жардамга келет. Ушул чөптөрдүн баарынан бирдей өлчөмдө алып, үстүнө кайнак суу куюңуз. Качан суу 35-40 градус аралыгына келгенде, чарчаган буттарды салып ырахатка батыңыз.

Кан айлантууну жакшыртуу үчүн контрасстык ванналар таасирдүү болот. Бутуңузду бир мүнөт 40 градус ысык сууда, кайрадан 1 мүнөт 15 градустагы муздак сууда кармаңыз. Беш мүнөттөн кийин жылымылык суу менен чайкап, кургагыча сүртүңүз.

Ал эми сергитип, салкындатуу үчүн календула, шалфей жана эфир майлары, лаванда жана чай чөбүнүн аралашмасы таасирдүү келет. Бирок 15 мүнөттөн ашык кармоого болбойт.

Маскалар.

Буттардын териси кургак болсо, алманы майда бөлүктөргө бөлүп, аз өлчөмдөгү сүткө кайнатыңыз. Кайнаган соң майдалап эзип, буттарга сыйпаңыз. Жарым сааттан соң жылуу сууга чайкап, азыктандыруучу крем сыйпап коюңуз.



Тизенин териси катуу, кургак болсо 10:1 өлчөмдө өсүмдүк майы менен апельсиндин ширесин аралаштырып, тизенин терисине жеңил кыймылдар менен сыйпаңыз. Жарым сааттан соң жууп, крем сүйкөп коюңуз.


Пилинг


Пилинг – жай мезгилинде көбүрөөк жасалуучу процедура. Бутка жасалуучу пилинг – тамандын алдында катуу болуп чогулуп калган катмарды жок кылуу. Бул кан айланууну жакшыртып, ал эле эмес адамдын таманында жайгашкан, жетимиштен ашык ички органдардын иштөөсүнө байланышкан нерв клеткаларына жакшы таасир берет.


Таманга ылайыкташкан деңиз тузунан жасалган скраб. Деңиз тузун жана оливка майынан коюу аралашма жасайбыз. Бир нече тамчы лимон кычкылын тамызабыз. Согончокторго сүйкөп, 10 мүнөттөн соң салкын суу менен чайкайбыз. Зарыл болсо «кыргыч пемза» же атайын щетка менен сүртөбүз.


Эгер буттар тердесе. Бул жагымсыз жагдай сиздин жашооңузга чоң тоскоол болушу мүмкүн. Анткени, буттардын тердегени бул бир гана жагымсыз жыт эмес, шишик тарткан ооруксунуу. Бул азаптан таза булгары бут кийим кийип, калгандарынан баш тартып гана кутула аласыз. Дарыканаларда атайын тердетпөөчү кремдер сатылат, ошондой эле бир нече элдик медицинанын кеңештери бар:

Эрте менен буттарды бор кислотасын чачып койсоңуз болот. Аны таманга, манжалардын арасына териге сиңире сүйкөңүз. Кечинде сөзсүз суу менен чайкаңыз. Бул кенештерди үзгүлтүксүз кайталасаңыз, тердегени 2-3 жумадан кийин кетип калат.

Буттар үчүн чай тундурмасы: 1 литр сууну кайнатып, андан соң 2 кашык чай салып дагы 15 мүнөт кайнатабыз. Оттон алып чыгып дагы 2 литр суу кошуп, капкагын жаап, кол күйбөгөндөй температурага жеткиче муздатабыз. Мындай тундурманы ар дайым жатарда, жарым сааттан кем эмес кармап, күн сайын кайталайбыз.



Бийик така ден-соолукка зыян алып келет



Күн сайын така кийип жүрүү омурткаларга зыян. Дайыма ыңгайсыз жана бийик такалуу бут кийим кийгенде, дененин салмагынын оорчулугу жылып кетет. Жыйынтыгында омурткага күч келип, ийиле баштайт. Андан соң баш оору, стенокордия, уйкусуздук жана башка оорулар кыйнай баштайт.




Буттарды эс алдырчу көнүгүүлөр


Булчуңдарды чоюп, буттарды эс алдырганга атайын көнүгүүлөр жардам берет. Бул үчүн атайын ылайыкталган көп деле убакыттын кереги жок.
Буттарды бириктирип, колубузду тизеге коюп, далыбызды түз алып, отургучка олтурабыз. Буттун учун ичкери карай ийип, тизени бири-бирине жакындаткан абалда жарым мүнөттөй турабыз.
Ушул абалда турган бойдон, буттун учтарын бири-бирине каратып, тамандарыбызды эки жакка чоёбуз.
Буттун манжаларын эки бүктөгөн абалда алга-артка басыңыз да, бүткөн соң силкип-силкип коюңуз.
Отургучка олтуруп, төбөңүз менен өйдө карай чоюлуңуз. Согончокторго анча-мынча күч келтирип, буттарды түз кармаңыз. Бул учурда кызыл ашыгыныздын ооруганын сезесиз. Ушул абалда 30 секунд туруп, бир мүнөт эс алыңыз. Андан соң 3-4 жолу кайталаңыз.
Балтырларыңызды, тарамыштарды бекемдөө үчүн жана буттун кан айлануусун жакшыртууга буттарды өйдө-ылдый ийип, тамандарыңыз менен ары-бери айланта көнүгүү жасасаңыз болот.
Балтыр булчуңдарын эс алдырыңыз: алакан менен дубалды таянып, бир бутунузду артты көздөй көтөрүңүз.
Буттун калтыроосун жана оорулардын алдын алуу үчүн төмөнкүдөй көнүгүүлөрдү сунуш кылабыз: полго кичинекей сууланган жолукту жайып, үстүнө туруңуз. Буттун манжалары менен сууланган жоолукту өйдө карай көтөрүңүз. Ар бир бут менен 5 жолу көтөрүңүз.
Манжаларды жоон резинка менен байлап, күч менен чоюуга аракет кылыныз. Бул процессти 10 жолу кайталасаңыз, буттун калтыроосун кетирет.

Сүрөт


P.S.
Келишимдүү буттардын аягы эркектин жүрөгүнө барып такалат дешет. Кандай болгон күндө деле ар бир айым өзүнүн келбетине кам көрбөсө, көп нерселерден куру жалак калышы мүмкүн. Сулуу эмес айым болбойт, болгону жалкоо айымдар болот.

Бегайым Талантбекова.


Билдирүүнү түзөткөн: Suiuktuu: 21 Декабрь 2011 - 17:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Suiuktuu   21 Декабрь 2011 - 17:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2019 09:37

Эриндерге кам көрүү

Сүрөт

Аялзатынын жүзүндө кургаган, кесилген эриндерден өткөн жагымсыз нерсе болбосо керек. Эгерде эриндерге тиешелүү кам көрүлбөсө дал ушундай болуп калаары шексиз. Эриндердин териси өтө жука жана назик болгондуктан курчап турган чөйрөнүн агрессивдүү таасирлеринен коргоно албайт.


Эриндер дайым жумшак, жакшынакай көрүнүп туруусу үчүн сөзсүз түрдө кымбат салондорго баруу эмес, туура кам көрүү гана керек. Эриндерге үзгүлтүксүз кам көрүп туруу, анын формасын сактаганга жардам берет. Кам кѳрүү бир нече стандарттуу процедураларды камтып, бир күндѳ бир нече мүнөтүңүздү алышы мүмкүн.

Пилинг


Эриндер дененин башка бөлүктөрү сыяктуу эле пилинг жасоого муктаж. Тышкы факторлордон жабыркаган эриндин назик териси үчүн өтө жумшак пилинг жасоо талап кылынат. Сапаттуу жасалган пилинг теринин өлүү клеткаларын кетирип, эриндерди жагымдуу кылып, эндик сүртүүгө даярдайт. Төмөндө алардын бир канчасынан мисал келтиребиз.

1 чай кашык бал, 2 чай кашык тамак-аш соодасы жана аз өлчөмдөгү зайтун майын аралаштырып, алынган масканы эриндерге тегиз шыбайбыз. Бир нече мүнөткө калтырып, андан соң акырындык менен ушалап, жылуу суу менен чайкайбыз. Кургаган соң зайтун майы менен майлап коёбуз.

Эрин пилинги үчүн кум шекер да алмаштыргыс каражат. Кандай майдын түрү болбосун (зайтун, миндаль, кунжут же жожоб майы болобу, айырмасы жок) аралаштырып койсоңуз скраб даяр болуп калат. Андан соң колдоно берсеңиз болот. Эскерте кетүүчү нерсе, пилинг бир жумада бир эле жолу жасалууга тийиш.


“Аnti-age” формуласы

Эриндин тегерегиндеги тери эрте карый тургандыгы белгилүү. Ал эми эриндер биздин бетибиздин эң активдүү зонасы, демек, майда бырыштар биринчи кезекте ушул жерде пайда болоору айдан ачык. Теринин жаштыгына коркунуч келтирүүчү бирден бир күч ультрокүлгүн нурлар. Ошондуктан эндик же атайын эрин үчүн бальзамдардын курамында SPF 15 тен кем эмес болушу зарыл. Тамеки чегүү теринин бырыштарынын көбөйүшүнө алып келүүчү негизги факторлордун бири.


Эриндер үчүн маска


Эриндердин терисин жазып, табигый жалтырактыкты сактап туруу үчүн атайын маскаларды жасаңыз:
Эриндерди азыктандыруучу маска: бир аз каймак менен сабиздин согун (сыгындысын) аралаштырып эриндериңизге сүртүңүз, 5-7 мүнѳттѳн кийин муздак суу менен жууп салыңыз.
Эриндериңиз кургабасы үчүн бадыраңдын согун, бал, каймак жана быштакты аралаштырып сүртүңүз. 15 мүнѳттѳн кийин ѳсүмдүк майын сүйкѳп коюңуз.
Эриндериңизди жумшартып, кесилгенин даарылоо үчүн майдаланган алманы 1 чай кашык ак май менен аралаштырып, 15-30 мүнѳткѳ эриндериңизге коюңуз. Андан соң масканы муздак суу менен жууп салыңыз.

Эриндер дайым жылмакай болуп туруусу үчүн, үзгүлтүксүз азыктандырып, нымдап туруңуз.


Кошумча кеңеш
Каалаган учурда алып пайдалана турган эриндер үчүн бальзам, дайыма жаныңызда болушу керек.
Эринди коргоочу каржаттардын текстурасы катуу жана коюу болушу шарт. Мындай бальзам коргоочу пленка пайда кылат жана узак убакыт коргоочу функцияны аткарат.
Күнүгѳ (эртең менен же кечинде) бираз ным болгон тиш жуугуч щетка же жумшак бет аарчынын жардамы менен эриндериңизге массаж жасап туруңуз. Массаждан кийин азыктандыруучу бет май же ѳсүмдүк майы (күн карама, зайтун, жүгѳрү майлары да боло берет) менен сүртүп коюңуз.
Күн суук мезгилде эң жакшы жардамчы моюн орогуч да боло алат. Жакшылап кымтыланып, мурун аркылуу дем алгана көнүңүз. Ооз көңдөйү аркылуу дем алган ден-соолуктун жалпы абалына гана эмес, эриндин назик терилерине да терс таасирин тийгизет!


Бегайым ТАЛАНТБЕКОВА.
Гулира КАЛЫКОВА


Билдирүүнү түзөткөн: Suiuktuu: 21 Декабрь 2011 - 17:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Suiuktuu   21 Декабрь 2011 - 17:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2019 09:37

Ай чырайлуу жүз

Сүрөт

Мейли, сиз жаңы гана он сегизге чыккан секелек кыз болуңуз, мейли, суйкайган айым болуңуз, териңиз жаш куракка карабастан, ар дайым сулуу жана дени сак боло алат. Албетте, эгерде сиз кам көрүүчү каражаттарды туура тандоону билсеңиз. Эгер айым айтылган кеңештерге көңүл кош болбой, өзүнүн келбетине туура кам көрсө, ал дайыма сулуу болоору турган кеп. Ал эми сулуу айымдарга бүт жакта эшик ачык болот эмеспи. Ак жуумал, нур чалган жүз – аялдын сергектигинен, жалкоо эместигинен, тың болгондугунан кабар берип турат.

Эгер сиздин жаш курагыңыз 18-25 болсо


Териңиздин абалы: Бул куракта май бездери абдан кубаттуу иштегендиктен, тери чымыр болуп, тартылып турат. Сырткы таасирлерден жабыркаган клеткалар тез эле өз калыбына келип турат. Бирок тери алдындагы майлар кээде микросезгенүүлөргө дуушар болсо, жүздүн өңүнүн өзгөрүүсүнө алып келет.

Кеңеш: Косметикадан тазалоочу атайын каражаттарды сөзсүз түрдө колдонуңуз. Эндик, кирпик боектордун калдыктары теринин үстүндөгү тер чыгуучу майда тешикчелерди толтуруп, сезгентүүчү процесстерди козгойт. Абдан ыңгайлуу тандоо катары бир эле убакта макияжды өчүрүп, терини тазалап, май бездеринин ашыкча бөлүнүп чыгышынан арылта турган көбүктүү каражаттарды айтууга болот.

Тандооңуз: Сергитүүчү тоник жана май камтыбаган нымдоочу каражаттарды колдонуңуз. Эгер сиз тандаган каражаттын составында антиоксиданттар: Е витамини, жүзүм данектеринин экстракты, көк чай кирсе эң эле пайдалуу болот. Бул ингредиенттер теринин сырткы чөйрөнүн агрессивдүү таасирине туруштук берүүсүн жогорулатат. 20 жашыңызда «рационго» көздүн кабактары үчүн атайын кремди киргизиңиз. Анткени бул жердин териси өтө жука, андыктан интенсивдүү нымдоого жана регулярдуу азыктанууга муктаж. Активдүү түрдө күнгө күйүүгө, чылым чегүүгө тыюу салынат.


Эгер сиздин жаш курагыңыз 25-31 болсо

Териңиздин абалы: бөлүнүп чыгуучу май бездеринин саны нормалдашат. Тилекке каршы, коллаген (терини түзүүчү белок) жана эластиндин (бириктирүүчү ткандын негизин түзгөн белок түрү, анын жардамы менен тери жылмакай болот) иштелип чыгуусу жайлайт, теринин калыбына келүү ылдамдыгы да төмөндөйт. Тери эми сезимтал болуп, көздүн алдында шишик көбүрөөк пайда боло баштайт.

Кеңеш: курамында солицил кычкылы (лат. Salix – эң алгач кайыңдын кабыгынан жасалган суюктук, препарат) бар тазалоочу каражаттарды тандаңыз. Ал өлгөн клеткаларды мыкты тазалайт, теринин үстүндөгү тер чыгуучу майда тешикчелерди коргойт, кызаруулардын пайда болушунун алдын алат. Жумшак скрабдарды эле эмес, маскаларды да колдонуңуз. Үй шартында микродермабразия (теринин үстүнкү өлгөн катмарын алуучу процедура) кылуучу шаймандарды сатып алсаңыз да болот. Түнкү кремдерге өзгөчө маани бериңиз. Анын курамында ретинол (А витамини) картаюунун белгилерин жана бырыштарды жок кылуучу дүйнө жүзү боюнча таанылган ингредиент) болушу керек. Мындан сырткары ретинол өлгөн клеткаларды тазалоого жардам берет. Көңүл буруңуз! Курамында ретинол бар кремдерди күндүз колдонбоңуз. Себеби, күндүн нурлары анын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт. Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүүгө, диета кармоого тыюу салынат.

Эгер сиздин жаш курагыңыз 31-40 болсо

Териңиздин абалы: Эгер сиз чылым чекпесеңиз, майлуу жана таттуу тамактарды тандабасаңыз, анда териңиз жакшы эле абалда. Ошентсе да теринин чымыр болуусу төмөндөйт, ооздун тегерегинде жана көздүн бурчтарында майда бырыштар байкалат. Жүзүңүз мурункудай сергек болбой калат. Эң негизгиси тери абдан эле кургай баштайт.

Кеңеш: Сыворотканы (биологиялык активдүү заттардын комплекси) эң аз күнүнө эки жолу колдонуңуз. Нымдоочу же жашартуучу каражаттардын максималдуу таасири барларын тандаңыз. Сывороткалар эпидермиске (теринин үстүнкү катмары) чейин сиңет, ошондуктан анын таасири жакшы байкалат. Сывороткадан кийин антиоксиданттары (клеткаларды терс таасирлерден коргоочу зат) жана SPF-фактору менен күндүзгү, ал эми кечинде азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү кремдерди колдонуңуз. Гиперпигменттүүлүккө (беттеги тактардын көптүгү) каршы каражаттарды пайдаланыңыз, ал жүзүңүздөгү кара тактарды кетирет. Көздөрдүн кабактарына жакшы кам көрүү үчүн курамында гиалурон (тез, эффективдүү жана коркунучсуз коррекция кылуу үчүн атайын косметологиялык каражаттардын негизин түзүүчү зат) кычкылы жана ретинол бар кремдерди колдосоңуз болот. Скрабдарды колдонууда кылдат болуңуз, териңизди чоюп алышыңыз мүмкүн. Эң аз жумасына бир жолу лифтинг (терини тарттыруу аркылуу жасалган жашартуучу процедура) эффектиси менен маска жасаңыз.

Гулира КАЛЫКОВА

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Suiuktuu   21 Декабрь 2011 - 17:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 14 Ноя 2019 09:37

Чач – сулуулуктун булагы

Сүрөт

Дүйнө жүзүндөгү адамдардын чачтары алардын ар түрдүүлүгүнөн кабар берет. Мисалы, сумо менен машыккан балбандардын төбөсүнө байлап алган чачы спорттук чөйрөнүн өкүлү экендигин билгизет. Эң кызыгы, спорттук карьерасын бүтүргөндө сумоисттер чачтарын салтанаттуу түрдө кыркышат. Камбоджада жаман күчтөрдү алыстатуу максатында жаңы үйлөнгөн жаштардын чачтарын кыркышса, Малайзияда мырзаларга узун чач өстүрүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынат. Индиянын Пенджаб шататында тескерисинче, чачы кыска мырзалар өлүм жазасына тартылат.
Чачтын жасалгасы – биздин келбетибиздин доминанттуу фактору болгондуктан, эмоционалдык абалыбызды чагылдырып турат. Андыктан бүгүнкү күндө чачтын сапаты жана ага туура кам көрүү биринчи планда.
Чачка эффективдүү кам көрүү үчүн алгач тибин аныктоо керек. Болбосо, анын сапатын ого бетер начарлатып алуу мүмкүн. Чачтар: нормалдуу, кургак, майлуу жана аралаш болуп бөлүнөт.
Нормалдуу типтеги чачтар - жарыкка жакшы чагылышып, күндөн кубулуп көрүнөт. Эгер чачыңыз ачакей болбосо, оңой таралат жана жуугандан кийин бир нече күн сапатын жоготпойт. Тилекке каршы проблемасы жок «жибек» чачтар өтө сейрек кездешет.
Майлуу чачтар – анча жалтырабайт. Жуугандан көп өтпөй эле бири-бирине жабышып кирдей көрүнө баштайт. Чачтын майлуулугу генден берилет. Белгилүү өлчөмдө гана тамактануу жана тамак аштагы углевод, майлардын санына көз каранды болот.
Кургак чачтар – такыр эле жалтырабайт. Жарык да чагылышпайт. Тез эле чаташып, үзүлүп, оңой менен таралбайт жана ачакей болот. Көпчүлүк учурда кургак чачтар туура эмес кам көрүүнүн натыйжасында келип чыгат.
Аралаш типтеги чачтар – эреже катары узун чачтарга тиешелүү, тамыры гана майлуу, учтары кургак. Мындан улам, узун чачтардын учтары ачакей болот.
Чачка туура кам көрүү
Гигиеналык жана косметикалык максатты көздөгөндүктөн, кам көрүү процедурасынын эң негизги компоненти болуп чачты жуу саналат. Эч кандай кемчилиги жок чачтарга ушундай гана процедура жетиштүү. Болгону күнүгө же 4-5 күндө бир жууп турсаңыз болот. Эгер лак, мусс, гелди күнүгө колдонсоңуз күнүгө жууп туруу керек. Анткени мындай каражаттар чачты оордотуп, сапатын төмөндөтөт. Чачты күнүгө жуу үчүн атайын жумшак шампундар колдонулат.
Чачты өтө ысык же өтө муздак суу менен жуу сунушталбайт: суунун оптималдуу температурасы 35-45 С. Чач канчалык майлуу болсо, суу ошончолук муздак болушу шарт. Адатта, эки сыйра жуу керек. Биринчи жууганда чаңдардагы какачтардын жарымы гана кетет, ал эми шампундун дарылык касиети экинчи ирет жууганда гана таасир берет. Чачты жуугандан кийин жакшылап чайкоону да унутпаңыз.
Жууганга чейин жакшы таралган чач, жуугандан кийин да жакшы таралат деп айтылат. Кыска чачтарды түп жагынан, узун чачтар учунан баштап таралат. Ным чачтарды колдон келсе тарабай эле коюу оң. Эгер зарылдык болсо, темир эмес, пластмасса же жыгач тарак менен тароо керек. Чачтын табигый кургаганы пайдалуу. Фенди колдонууга туура келсе, муздак кургатуу режиминде , баштан 40 см алыстыкта гана пайдалануу зарыл.
Чачты жуу үчүн туура каражат тандоо
Самын колдонууга кескин түрдө тыюу салынат. Анткени ал чачтагы гана эмес баштын терисиндеги коргоочу липиддик эмульсиондук пленканы жабыркатат. Чач абдан кургак болуп, жакшы таралбай, бозомтук тартып калат.
Шампунь тандоодо сыртындагы жазууну көңүл буруу менен окуп, сиздин чачыңыздын тибине туура келгенин колдонуңуз. Туура эмес тандалган шампунь дароо эле билинет. Чачты бир шампунга көндүрбөй, ар түрдүү шампундарды колдонуу керек деген сөздөр уламыш. Чачыңыздын тиби өзгөргөн учурда гана башкасын колдонууга өтүнүз.
Чачка1-2 ай жакшылап көңүл буруп, анан карабай коюу туура эмес. Ал денебиздин башка бир бөлүгү сыяктуу эле, өмүр бою кам көрүүнү талап кылат.



Маскалар
- Чачтын абалын жакшыртуу үчүн: 1 жумурткага 2 чоң кашык өсүмдүк майын, 1 чай кашык алманын кычкылын же балды аралаштырып, сүртөбүз. 10-15 мин. сүлгү менен жылуу кылып ороп, чачты бир эмес, бир нече жолу жуу керек. Бирок, эффектүүлүгү абдан жогору.
- Чачты жуугандан кийин чычырканактын жалбырактарын кайнатып чайкап, чычырканактын өзүн көп-көп жеп турса, чач көп түшпөйт.

- Чачты жалтыратуу үчүн кондиционердин ордуна жумуртканын сарысын колдонсоңуз болот. Аны чачка сүйкөп 2-3 мин. кармагандан кийин жакшылап жуу керек.
- Түрптү теркадан өткөрүп, согун сыгып алып, чачтын түптөрүнө сүйкөө керек. Андан соң сүлгү менен ороп, 1 (бир) саат отургандан кийин, таза суу менен чайкап коюу зарыл.
- Бир чай кашык алоэнин согун, чай кашык лимондун согун жана жумуртканын сарысын аралаштырып, чачтын түптөрүнө сүйкөө. 30-40 мин. Сүлгүгө ороп, биринчи жылуу суу менен, андан кийин ромашканын же чалкандын тунмасы менен чайкоо керек. Бул масканы беш жолу чачты жуунун алдында колдонуу сунушталат.

Гулира Калыкова


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Декабрь 2011 - 21:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Эриндерге кам көрүүСүрөт

Эрин – өтө назик, алсыз жана эң сулуу орган. Ошондуктан ал дайыма кам көрүүнү талап кылат. Ал эми кам көрүлбөй калган учурда кесилип, бырышып, канап, өңү өчүп, кургап адамдын кебетесинин кейпин келиштирип салат. Ага өзгөчө кыш айларында кам көрүш керек. Анткени суук аба, муздак шамал, айланадагы терс таасирлер аны бат эле жабыркатып салат. Сиз канчалык кымбат ооз боёгуч колдонгон күндө да баары бир деле оозуңуздун бырыштарын ал сактап кала албайт. Тескерисинче сиз оор жагдайды күчөтүп алган болосуз. Ошондуктан жыл бою сиз бальзам жана гигиеналык ооз боёгучтарды колдонушка туура келет: жайындасы күн сайын, кышында көчөгө чыгаардын алдында.

Витамин жетишпегенинин коркунучу
Көчөдө жана үйдө эриндериңиздерди жалабаганга аракет кылыңыздар. Мындай адат ооздун кургашына жана бузулушуна алып келет. Эгер суук түшөөр менен эриндер өтө кургап, жаракалар пайда боло баштаса анда маселе витамин жетишпегенинде болушу мүмкүн. Эриндердин терисинин маселеси бул – витаминдерге бай жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн майларынан тең салмакта жасалган каражаттарды колдонуунун бир шылтоосу. Ошондуктан эриндерди ал учурга жеткирбей эле бул каражаттарды сүйкөп турса болот же туура кам көрүү зарыл.

Витаминдердин касиеттүү таасири
Эриндердин чың болушу үчүн биринчи эле кезекте А, Е жана Б витаминдери касиеттүү таасирин берет. Бул витаминдер сүттүн, жумуртканын, өсүмдүк майларынын жана жашыл зайтун майынын курамында болот. Азыр көпчүлүк заманбап ооз боёгучтардын курамында ушул витаминдер бар жана алар оозго кам көрүүдө алмашкыс куралдар.

Кургап, кесилип кеткен эриндерге маскалар
Бир стакан кайнак сууга бир аш кашык ромашка салып, үстүн жылуу сүлгү менен жаап 25 мүнөт коюп коёсуз. Андан кийин аны чыпкалаңыз. Дакиде калган ромашка менен календуланын негизинде жасалган майды аралаштырып, аны эриндерге калың кылып сүйкөсө болот. Ромашка эриндерди жумшартат, эс алдырат жана жандандырат.

Бал-шекер скрабы
Бир чай кашык балга бир чай кашык шекерди кошуп аралаштырып аласыз. Аны мешке 5 секундга коюп коёсуз. Таза тиш щеткасына даяр маскадан сүйкөп алып, оозго массаж түрүндө бир калыпта сүйкөп чыгыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай пилинг ооздун эриндерин назик кылып, өзүнүн жумшартуучу касиети менен аны кургатпай, кесилтпей сактап турат.


Прикрепленное изображение: 1282898246_d84199a120c4.jpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Декабрь 2011 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Эриндерге кам көрүү үчүн кеңештер:

Кеңеш 1Сүрөт
Ооздогу боёкту самын менен жуубаңыз.
Ал эриндерди кургатып кесилишине алып келет. Эриндерди тазалоо үчүн атайын каражаттарды колдонуңуз. Колдонгон суюктукту атайын назик кездемеге салып, анан акырындан ооздогу боёкту массаж түрүндө сүртүп алыңыз.

Кеңеш 2Сүрөт
Эриндерге жеңил массаж жасаңыз.
Сүлгүнүн учу менен же нымдуу тиш щетка менен эриндерге күнүнө бир жолу массаж жасаңыз. Массаж учурунда кан эриндерде бат иштеп, алар кызыл жана сүйкүмдүү болуп көркүнө чыгып калат.

Кеңеш 3Сүрөт
Ооздун тегерегине кам көрүңүз
Ооздун тегерегиндеги бырыштар, катмар болуп туруп калган сызыктар, эриндерди эле эмес, адамдын толук жүзүн бузуп салат. Ошондуктан аларды атайын лифтингдердин таасири менен азыктандырып жок кылып же алардын түшпөшүнүн алдын алыш керек.
Эгер сиз бетиңизге үй шартында дайыма маскаларды кылып, кремдерди сүйкөп кам көрсөңүз, эриндерге андан да эки эсе көп кам көрүңүз. Анткени, эрин бул бет эмес же каш, көз эмес. Ал абдан назик, жука, сезимтал. Ал тургай, анда күндүн нурунан коргоочу табигый заттар жана коргоочу майлар да жок. Ошондуктан, күндүн нуруна, шамалга, муздак абага, чаңга, боёкко жана башка айлана чөйрөдөгү терс көрүнүштөргө туруштук бере албайт. Бат эле кесилип, кургап, канап, бырышып начар абалга бат чалдыгат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Декабрь 2011 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия


Ооздун айланасына кам көрүңүздөр
Эриндерге кам көрүү көздүн айланасына жана бетке кам көрүүдөн да маанилүү экенин түшүндүк. Анткени, эриндер бат эле чоюлчаактыгын жоготуп, жабыркап, анын айланасына бырыштар биринчилерден болуп түшүп адамды өз курагынан улуу көрсөтүп картайтып салат.

Организм ооруганда
Эриндер кургап кеткенде - организмдеги тамак сиңирүү начарлап, бузулуп кеткенин жана К, А, Е, В витаминдеринин жетишпей жатканын билсек болот. Ошондой эле бөйрөк жана боор ооруганда да ооз кургап, белги берет. Эгер эриндериңиз кургап кетсе, боорум же бөйрөгүм ооруп атат деп кабатырланып алганыңыз да болбойт. Себептери көп болушу мүмкүн, бирок текшерилип койсоңуз андан да жакшы.

Эриндеги учук
Эриндерге кам көрүүдө күндө аны тазалап жана азыктандырып турууну унутпаңыз. Эриндерди тазалаганда атайын каражаттардан бөлөк майлуу кремди жана өсүмдүк майын да колдонсо болот.
Өсүмдүк майын тазалоо каражат катары эле эмес, сүйкүмдүү кылуучу, азыктандыруучу, коргоочу зат катары да пайдаланса болот. Кургак эриндерге көчөгө чыгаардын алдында өсүмдүк майынан сиңиртип сүйкөп алып чыгыңыз. Аны азыктандыруучу маска катары колдонгондо: уктаардын алдында кургап, кесилип кеткен оозго (өсүмдүк майын) сүйкөп коюп жатыңыз.
Гигиеналык табигый ооз боёгучтарды эриндерди азыктандыруу, терс таасирлерден коргоо үчүн колдонсо болот. Табигый өсүмдүк майларын эле колдоном десеңиз, ши майынан жасалган ооз боёгучтар же майдын өзү жакшы таасирин берет.

Массаж
Өсүмдүк майларынан жасалган маскалардан бөлөк өз алдынча массаждарды жасап, эриндерге кам көрсө болот.
Назик тиш щетканын тиши менен 2 мүнөттүн ичинде массаж жасап чыгыш керек. Бул ыкма кан айланууну жакшыртып, эриндерге чың өңдү берет. Болгону аны ооздо кесиндилер жокто гана жасаш керек.
Массаждан кийин эриндерге сүйкүмдүү кылуучу кремдерди сүйкөш керек. Мисалы, көздүн айланасына сүйкөлгөн кремди сүйкөсө болот. Бетке колдонгон кремдерди сүйкөбөңүз.

Эриндеги бырыштарды кетирүү үчүн көнүгүү
Эринге ооз боёгучту сүйкөгөндө астын-үстүн бири бирине сыйпап, боёкту жугузабыз. Ошондой ыкмада эле майды сүйкөп алып, асын же үстүн астына сыйпап массаж кылып туруңуз.


Мөмөнүн жардамы
Алманын сыртын арчып, ичин кыргычтан өткөрөсүз. Өткөрүлгөн алмадан бир кашык алып, ага ак майдан жарым кашык кошуп аралаштырып маска жасаңыз. Аны эриндерге 15 мүнөткө коюңуз.
Алманы бананга, бадыраңга, өрүккө, кызылчага алмаштырса болот.


Сүрөт
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 21 Декабрь 2011 - 21:55

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Aydashka   23 Декабрь 2011 - 01:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Тишти кантип агартуу керек?

Тиш кандай учурларда саргайышы мүмкүн?


Адамдардын көпчүлүк пайызы таттууну жакшы көрүп, көп жешет. Таттуу ооз ичиндеги бактерияларды көбөйтүп, кислотаны пайда кылат. Кислота тиштин эмалын жукартып, натыйжада тиштин саргайышына жана курт түшүшүнө алып келет. Тишке терс таасирин тийгизүүчү азыктар булар: кофе, чай, шоколад, таттуу жемиштер, кызыл вино, шире жана эң зыяндуу азык - бул Кока-Кола. Тиштин саргаюусунун дагы бир себеби - тамеки. Тамеки тарткан адамдын тиши сары болот, себеби тамекинин түтүнү тишти бат эле саргайтып, тиштин өңүн жагымсыз абалга алып келет.

Сүрөт
Профессионалдык тиш агартуу (zoom технология)

Бул заманбап технологиянын өзгөчөлүгү катары өзүнүн крем пастасын жана тазалоочу гелин айтсак болот. Бул технологиянын жардамы менен тазалаткан адамдын тиши бир жыл бою таза жүрөт, башкача айтканда тишке терс таасирин тийгизүүчү микроб, бактериялардан бир жыл бою сактайт. Кошумчалап кетүүчү нерсе, zoom гели тиштин тамырларын бекемдеп, бир аптанын ичинде тиштин эмалын көбөйтөт. Ооз ичинде аллергиясы бар адамдар бул ыкманы колдоно алышпайт.

Лазердик тиш агартуу

Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат тиш агартуу ыкмасы - лазердик болуп саналат. Себеби тишти лазердин жардамы менен агартат жана ооруну сездирбөөчү лазер дарыларын колдонот. Бул процесс бир айда төрт жолу кайталанып, мөөнөтүнө жараша тиштин актыгын сактайт. Башкача айтканда мындай процесстин мөөнөтү 6 айлык, 1 жылдык же 3 жылдык болот. Мындай агартуудан кийин тамеки чегүүгө жана таттууларды көп жегенге болбойт.

Кимдер тишин агартпай койсо болот?

Албетте боюнда бар аялдар, жашы 16га толо элек улан-кыздар, тиши жасалма адамдар, башкача айтканда брекет же таңдай тиши бар адамдар тишин агартпай койсо болот.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Aydashka   23 Декабрь 2011 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт



Чачка туура кам көрүү


“Эң башкы сулуулуктардын бири – чач” дегендей, ага кам көрүп жүрүүбүз керек. Бирок, кам көрөт десе эле көрүнгөн ыкманы колдонуунун кереги жок. Эң башкысы сиз чачыңыздын түрүн билип алып, ошого жараша иш алып барыңыз.

Чачыңыз түшсө

Эгер сиздин чачыңыз түшсө, атайын суусамындан (шампунь) сырткары маскаларды жасасаңыз пайдалуу. Эң жөнөкөй ыкмалардын бири болуп чачты чалкандын тундурмасы менен чайкоо эсептелинет. Ал үчүн кадимки эле чалкандын кургатылганын алып, чай демдегендей эле демдеп, башыңызды жууп бүткөндөн кийин ошол демделген чалкан менен башыңызды эки-үч сыйра чайкап коюңуз. Эгер тундуруп албасаңыз, чачыңызда чалкандын жалбырактары калышы мүмкүн. Бирок, мунун эч коркунучу жок. Кургангандан кийин силкип койсоңуз, өзү түшүп калат.

Чачыңыз бозомтук болсо...

Чачыңыздын түсү сизге жакпай, бозомтук тартып турса жумурткадан жасалган маска жардамга келет. Башыңызды жуугандан кийин суусун сарыктырып айран менен жумуртканын аралашмасын чачыңызга сүртүңүз. Ошол бойдон 10-15 мүнөт кармап, кайра аз өлчөмдөгү суусамын менен таза чайкап жууп коюңуз. Колдон келсе, чачты дагы жалтыратыш үчүн 5 литр сууга 1-2 чай кашык уксус кошулган суу менен чайкап койсоңуз, андан жакшы. Бул маскалар сиздин чачыңызды жалтыратып эле койбостон, бекемдейт дагы...

Чачыңыз какач болсо...

Какач – бул теринин катып, сыйрылып, майда болуп чыгып калышы. Ошондуктан башыңызда турган “ак карлар” албетте жаман көрүнөт. Бирок какачтан дагы арылууга мүмкүн. Башты жуур астында кадимки эле майонезди сүйкөп, жарым саатча кармаңыз. Убагы келгенде кадимкидей кылып эле жууп, чачыңызды таза чайкап койсоңуз болду. Бул ыкманы бир айдай колдонсоңуз, сиз күткөн жыйынтыкты берээри талашсыз.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Aydashka   25 Декабрь 2011 - 15:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Чачты жаркыратуу үчүн кенештер:

Чачтын саламаттыгын канчалык жаркырап турганынан, канчалык оңой таралгандыгынан билсек болот. Эгер чачыңыз табигый жаркырактыгын жоготуп баштаганын байкасаңыз, дароо кантип калыбына келтирүү керектигин ойлоп, чара көрүүңүз керек.

Анда бардык мезгилде ылайыктуу болгон маскалар:
1.3 аш кашык кургатылган чалканды 1 литр кайнаган сууга салып, 1 саат тыныктырып, андан соң суусун сарыктырып аласыз. Чачты суусамын менен жуугандан кийин тундурма менен чайкап коёсуз. Бул ыкманы бир аптада үч жолу жасаганыңыз жакшы.

2.Эгер чачыңыз кургак, морт болсо:
300 гр сүткө 5 кашык майонез, 5 тамчы лимондун суусун кошуп аралаштырып, чачыңызга тегиз сүйкөп чыгыңыз. Башыңызды полиэтилен баштыгы менен ороп, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп коюңуз. Бир сааттан кийин жууп салыңыз.

3.Чоң апаларыбыз колдонуп келген төмөндөгү жөнөкөй элдик маска чачтын саламаттыгын жакшы сактайт.
400 гр сүткө кара нанды жибитип, 1 жумуртка кошуп жакшылап аралаштырып, таза жуулган нымдуу чачыңызга сүйкөйсүз. Бул чачка жандуулук гана тартуулап тим болбостон жаркыратып да коёт.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 25 Декабрь 2011 - 15:12

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Aydashka   10 Январь 2012 - 21:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Прикрепленное изображение: 1317195540.pngpng]
Косметологияда чиенин ширесин жана этин бет терисин жана чач багуу үчүн колдонот. Чиеден жасалган маскалар терини мыкты азыктандырып, жаңылайт. Чиени сөөктөрүнөн бөлүп, эзиңиз, андан соң пайда болгон боткону бетке 20 мүнөткө сыйпап калтырыңыз. Айтылган убакыт өткөндөн кийин, жылуу суу менен жууп салыңыз. Проблемалуу, безетки чыккан терини багуу үчүн, картөшкө унунан жана чие ширесинен маска даярдап, коюу каймак абалына чейин аралаштырат.

Чие ширеси – майлуу терини жана чачты багууга мыкты каражат. Чие этинен шире чыгарып, анда салфетканы суулап, ным салфетканы бетке жабат. Чие ширеси чачтын ден-соолугуна жана сулуулугуна аябай пайдалуу. Эгер чач багуу үчүн чие ширесин регулярдуу колдонсо, чач жаркырайт.

Чач жуу үчүн чие жалбырагынын маңызын колдонот, аны жасоо үчүн ууч жалбырак алып, аларды 2 стакан ысык суу менен тундурат. Маңыз муздаганда, аны менен чачты шампунь менен жуугандан кийин чайкайт. Чие жалбырагынан жасалган маңыз чачка пайдалуу заттарды берип, мыкты өң жана жагымдуу жыт берет. Чие жалбырагынын маңызынан жасалган компресс бет жана моюн териси үчүн мыкты тоник каражат. Марлядан салфетканы чие жалбырагынын маңызында суулап, бетке жана моюнга коюңуз. Процедураны бир нече жолу кайталаңыз. Компрессти регулярдуу түрдө колдонуу тери сезгенүүсүн жана чарчоосун жок кылат. Териге чие дары чөптөр менен аралашмасында, мыкты таасир этет. Мисалы, душица, өгөй эне, шалфей, чай чөп, ит уйгак, ромашка менен. Дары чөп жана чие жалбырагынан жасалган компресс – мыкты косметикалык каражат. Чөптөрдү жана жалбырактары кайнатып, компрессти бет, моюн, декольте аймагына коёт, андан тышкары чие жалбырагынын маңызы менен ванна даярдаса болот. Жалбырактарды мыкты жыты, чиенин дарылык касиети аны үйдөгү SPA-процедураларына колдонууга жол ачат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Aydashka   10 Январь 2012 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт

Чачтын абалын жакшыртуу үчүн: 1 жумурткага 2 чоң кашык өсүмдүк майын, 1 чай кашык алманын кычкылын же балды аралаштырып, сүртөбүз. 10-15 мин. сүлгү менен жылуу кылып ороп, чачты бир эмес, бир нече жолу жуу керек. Бирок, эффектүүлүгү абдан жогору.
- Чачты жуугандан кийин чычырканактын жалбырактарын кайнатып чайкап, чычырканактын өзүн көп-көп жеп турса, чач көп түшпөйт.

- Чачты жалтыратуу үчүн кондиционердин ордуна жумуртканын сарысын колдонсоңуз болот. Аны чачка сүйкөп 2-3 мин. кармагандан кийин жакшылап жуу керек.
- Түрптү теркадан өткөрүп, согун сыгып алып, чачтын түптөрүнө сүйкөө керек. Андан соң сүлгү менен ороп, 1 (бир) саат отургандан кийин, таза суу менен чайкап коюу зарыл.
- Бир чай кашык алоэнин согун, чай кашык лимондун согун жана жумуртканын сарысын аралаштырып, чачтын түптөрүнө сүйкөө. 30-40 мин. Сүлгүгө ороп, биринчи жылуу суу менен, андан кийин ромашканын же чалкандын тунмасы менен чайкоо керек. Бул масканы беш жолу чачты жуунун алдында колдонуу сунушталат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   aminali   10 Январь 2012 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Айдашка эже тырмагым тушуп калды,жеп ойноп жатып кантип бат айыктырам?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Aydashka   12 Январь 2012 - 03:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения aminali (10 Январь 2012 - 21:45) жазган:

Айдашка эже тырмагым тушуп калды,жеп ойноп жатып кантип бат айыктырам?

aminali,"тридерм" деген мазь жакшы жардам берет.Инфекция киргизбей жакшы дарылашын керек.Болбосо доктурга барып кор.
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   aminali   16 Январь 2012 - 02:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения Aydashka (11 Январь 2012 - 23:20) жазган:

aminali,"тридерм" деген мазь жакшы жардам берет.Инфекция киргизбей жакшы дарылашын керек.Болбосо доктурга барып кор.


Raxmat eje darilap jatam.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   zhoomart   20 Январь 2012 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 689
  • Катталган: 23 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 23:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Териге жана келбетке пайдалуу шириндиктер.

Шириндик келбетти бузат деп ким айтты? Албетте кумшекерди кашыктап жеген зыян, бирок аны жебей колдонгон өтө пайдалуу. Биз бул жолу терини ширин жана жылмакай кылуу тууралуу сүйлөшөбүз. Учурда европалык курорттордо шоколад менен дарылоо (шоколадотерапия), сүттүү ванна жана бал менен массажга талаптар көп.
Шоколад – эң белгилүү депрессияга каршы, ал эми какао косметологияда кеңири колдонулат. Шоколад менен бүт денеге сүртүлүү аркылуу тери жазылып жумшарат жана теридеги пигментерди кетирет.Шоколад менен дарылоо боюнча дүйнөгө белгилүү курорттор Францияда жана Швейцарияда жайгашкан. Бул курортторго барганы албетте акча жетишпейт, андыктан төмөндөгү рецептер менен үйдө деле колдонсоңуз болот.
Жумуртканын сарысын, бир кашык каймакты, эритилген кара шоколад менен чогуу аралаштырып бир кашык кайнатылган суу кошобуз. Бетке сүйкөп 15-20 мүнөткө калтырабыз. Ушул эле рецепти көбүрөөк жасап бардык денеге сүйкөп полиэтилен пленкасы менен ороп 20-30 мүнөткө калтырыңыз. Же бул рецептти колдонсоңуз болот: 100-200г. какао унуна 500мл. ыссык сууну куюп, аралаштырып, 35-40 градуска муздаганча күтө туруңуз. Даяр болгон массаны 2-3мм сүйкөңүз да 10-15мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Жакшы жыйынтык болушу үчүн полиэтилен пленкасы менен ороп алыңыз.Жашарткыч маска жасаш учун 50г. шоколадды суунун пары менен эритип, бир чай кашык зайтун майынан (оливковое масло) кошуңуз. Бөлмөнүн температурасындай муздатып бетке суйкөңүз да 10-15мүнөт кармаңыз.Маска териге сиңип жашартып, жалтыратып коет. Бул маскалар биринчи орунда кургак териге пайдалуу.
Териге сиңүүчү коктейль маскасы:Жарым стакан каймакты 1 аш кашык ун менен аралаштырып бетке жана моюнга сүйкөп 20 мүнөт туруңуз.
5 аш кашык кумшекерди жарым стакан каймакка аралаштырып бетке массаж кылганча сүртөт. Бул маска териге өтө пайдалуу.
Балмуздак диетасы: кальций менен камсыздап турат. Күнүмдүк тамагыңыздын бирине 75-грамм балмуздак менен алмаштырып алсаңыз бир жумада 2-3 килограммга арыктайсыз. Бирок тандалган балмуздактын 100 граммынын калориясы 125ккалдан өтпөшү зарыл.

Билдирүүнү түзөткөн: zhoomart: 20 Январь 2012 - 16:46

Баарынарга бакубат жашоо болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   stafs   20 Январь 2012 - 16:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Экологиялык таза айрандан чачка маска жабууну унутпагыла. :good:


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   stafs   20 Январь 2012 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Студенттик кунумдо чачым коп тушуп жудодум эле, анан ишенип -ишенбей эле чалкан дын жалбырагынан 2-3 жолу маска жасап, чачым кадимкидей калыбына келип, коп тушбой калган.
Азыр да алыс жакта журсом да Кыргызстандан чалкандын курагтылган жалбырактарынан алдырып турам:good:

Чалкандын жалбырагы экологиялык жактан таза жана эн арзан, пайдалуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 20:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: