Билишимче, бул жерге ар ким чыгармасын же бироонун чыгармасын илет окшойт, мен да катарга кошулуп калдым, капилеттен.
ххх
Адаттагыдай эле 5 мүнөт кечигип аудиторияга кирип келдим, шашып-бушуп.
Эжейдин “а, сиздин үйүңүз алыс эмес беле, билбей калыппыз” деген какшык аралаш сөзүн дагы бир ирет угууга туура келди. Анткени үйүм окуу жайга жакын жерде болчу, аны билчү баары. Группалаштар уйкучу кыз деп коюшчу, тамашалап. Чынында, уйкучу деле эмесмин. Болгону, көп окучумун. Билбейм, түн бир оокумга чейин китеп окуп, китеп менен жашачумун, анан эрте менен туралбай кыйналам. Күндө курбум саарлап“оо-
ой, элдин баары уй саап, короо шыпырып калды, ошон үчүн эрте укташ керек. Эрте туруш керек. Бүгүн да тигиниси менден сурайт, “эмне болду, урушуп кеттиңерби?
” деп...” сыяктуу сөздөр менен урушуп калар эле. Уйкулуу көзүм менен араң туруп, ага тийишип, анан шашып кийинмей да сабакка жөнөмөй. Бир күнү дагы курбум ошентип сүйлөнүп калды эле “тигиниси деп кимди айтып жатасың?” дедим шап билектен алып. Ал апкаарып “ой, ошону кантип билбейсиң, Айбек да...”
– Ээ, болду, болду, токтот тамашаңды, Айбек кемпирине буюрсун.
-Ооба сага, кемпири сен болуп калып жүрбө!
-Гүкү, дагы бир жолу ошонун атын атасаң менден таарынба!
-Иий десе мен го сени ойлоп айтып жатам, элдин баары эле мендей жумшак айтса кана. Тиги узбечка болсо “лямка кийип келсе, албетте аны карайт да деп...”
-Койчу, сабактан кечиктик, эмне дешсе ошо десин, жүр кеттик.
-Эшик эмне караңгы, биз эрте чыгып алдыкпы? Саатты туура эле карадың беле?
-Көз айнегимди кайра-кайра аарчып жатып карагам...
Ошентип, экөөбүз окуу жайга жетип келдик. Кызык, эч ким жок, караңгы. “Кыздар, кечикпейин деп ушунча эрте келдиңерби?
” деген кароолчу айткандан кийин гана өтө эрте келип алганыбызды билип каткырып, бири-бирибизди жемелеп отуруп калдык. Аудиторияда экөөбүз отурабыз. Гүкү доскага бир нерселерди жазып, кайра өчүрүү менен убара. Блокко башымды коюп, андагы жазууга көзүм түштү. Көпкө ойлонуп турдум да, мага окшош аттар толтура, башка бирөө болсо керек деп дароо өзүм көнгөн алдыңкы катарга отуруп алдым. Бирин-сериндеп отуруп аудиторияга көп эле студенттер кирип калышыптыр.
Баары эле мени көрүп, “күн каяктан чыкты? Бир кыз эрте келип калганбы?” деп саламдашышат.
Койгулачы, күндө кечикпейм го мен. Ар жактан үн чыкты “күндө кечигишиң эч нерсе эмес. Эң негизгиси сен сабак калтырбайсың да”.
–Эмнеле саарлап мага асылып баштадыңар,
ыя?- дедим адатымча күлүп-жайнап.
Көз айнегин тагынып, папкасын көтөрүп профессор кирди. Бир сыйра жоктоп алган соң тапшырма сурап кирди. Бир блокто бешөөбүз отурабыз, мен четтемин. Азыр менден баштайт деп дептеримди ачып коюп ага үңүлүп отурам. Жок, бул жолу аркадан баштады. Мага кезек тийген деле жок. Сабакты жаңыча метод менен өткөнүнө көнүп калган биз отурабыз дагы эмнени баштап жиберет экен деп. Бир убакта баарыбызга төрт бурчтуу кагаз карматып бири-бириңерге комплимент жазгыла деди. Күрү-күү түшүп эле жазып баштадык. Эч ойлонбой эле жакын көргөн досторумдун бирөөнө жазып коюп мен тапшырып койдум. “Сен баарыныкын чогулт да, бирден ачып оку” деди мага агайыбыз. Макул деп алып аудиторияны кыдырып жүрөм. Акыркы блокто жалаң балдар отуруп алышат эмеспи. Аларга бардым, бүттүңөрбү деп. Бирок бир гана адамдын колунан кагазды алгым келбеди, мени карап турганын сезсем да, жүзүн карабай туруп кагазын алып, доскага келдим. Бирден алып окуп баштадым, күлкүлүү, баары бири-бирине тамашалуу, сонун сөздөр менен жазылыптыр.
Ансайын мен кыраатын келтирип окуйм агайыбыз баш болуп кыраан-каткы күлкүгө бөлөнүп калдык. Мен акыркы болуп алган кагазды эмнегедир окугум келбей улам акыркылата бердим да болду, бүттү, агай деп отуруп калдым. Тиги кагазды болсо окулгандарга аралаштырып салгам. “Жакшы, эрте менен маанайыңар көтөрүлдүбү?
Эми сабакты баштайбыз...
” деди агай. Угуп, жазып отурабыз. Ух, 80 мүнөттүн 50 мүнөтү эми өттү 60,... мына мен сүйгөн обон деп коңгуроо болору менен жыргап сыртты көздөй чыга баштадык. Ушул аудиториядан батыраак чыгып кетпесем, бир нерсе болчудай болуп шашып баратсам “эмнеге менин кагазым окулбай калды?” деди Айбек. “Мен каяктан билейин, баарын окудум, эгер окулбай калса, кечир” деп сыртка жулундум.
Бизде шерине деген кеңири тараган. 2-курстан баштап группадагылар ар бирибиздин үйүбүзгө бармай, чогулуп алып. Мейли, алыскы Баткенгеби же Жалал-Абадкабы,
бизге баары бир, барабыз. Ырдап-чоордоп.
Өзүбүз гана эмес, окутуучуларды кошо эрчитип алабыз...
уф ушунчасын араң батырдым
Баркыңды билбептирмин студенттик чыгарма
#2 13 January 2012 - 13:42
ххх
...Группадагылардын жүзүндө кубаныч, кымыңдап гана отурабыз. Анткени бүгүн биз Алайга барабыз. Арасында мага окшоп, аркайып аскага жеткен аскасы, ак мөңгү кетпеген тоолору бийик, кымыз, курут, сары майдын даамы оозунан кетпеген, айтылуу Алымбек, Курманжан даткалардын мекенине биринчи жолу бараткандар бар. Группада уйгур, өзбек, түрк, тажик улутундагы досторубуз да бар. 1-курста келгенде эле аларга “студенттик шаң деп коет, эгер барбасаңар элден бөлүнгөн болосуңар” деп чын-төгүнү аралаш айтып койгонбуз. Андижандык бир жигит бар эле, “Кыргызстан эки дүйнө эшиги го, Кыргызстан эр азамат бешиги го” деп сайрай берген. Биз андайда “жагалданба, эртең Өзбекстанга барганда башкача айтасың” десек, кадимкидей бозоро түшчү. Ал Алайга шеринеге дегенди угуп “Алайстан эки дүйнө эшиги го...” деп болбой эле калды, баарыбызды күлдүрүп. Аудитория шаңга бөлөнүп отурабыз, демейдегидей “качан бүтөт, ииий колум талыды” деген сөздөр деле угулбайт. Кыздар адатынча “эй, сен эмне кийип барасың? Блиин, базарга түшкөнгө жетишемби? Шымданып эле алалы, э” деген маселелер менен баш оорутушуп отурат. Жигиттерибиз болсо “канча киши барат, ошону такташ керек. Маршруткага батабыз да, километрин айтабыз, арзантабыз” деген менен алек. Окутуучу болсо лекция окуп жатат, “Шерине болот” дегенди угуп калганбы, жарым саат сайын “ии колуңар талыдыбы, анан эмне кылган атасыңар, күбүр-шыбыр эле кептер угулат” деп улам сурап коет. Антсе бири-бирибизди карап эле “жөн эле” деп кутулабыз. Курбум кулагыма шыбырап калды “буга айта көрбөйлү, күйөөсүн, кызын ээрчитип алат, анан жөн келбей сынап келет” деп. А чын эле деп мен калдым. Ошентип, сабак бүттү. Группалаштар чогулуп саат канчада, каерде жолугарыбызды сүйлөштүк да тарадык. Биздин үй окуу жайга жакын болгондуктан, группадагы кыздардын жарымын эле мен адатыма салып жүргүлө деп үйдө талкуулайбыз деп чакырып алдым. Чогуу жашаган Гүкү болсо Назайым, Нургиза болуп базарга түшүп кетишти. Биз бара турган группалашыбыздын ата-энесине белек алганы. Колумдан жумуртка кууруган эле келет менин деп кыздарга дасторкон жайып шеринени сүйлөшүп отурабыз. Коңгуроо кагылды, барып ачсам Айбек менен Дайыр турат.
-Аха, кармалдыңбы, таап келип алдыкпы?! –деди Дайыр.
-Биз бат эле кетебиз, просто кураторго кошуп кимди чакыралы дедик эле, ошону билели деп..
-Келгиле, киргиле, Марина чалың келди сени издеп... деп аларды үйгө киргиздим. Тарсылдаган Марина деген кыз бар, “мой красавчик” деди Айбекти колтуктап.
-Уялбайсыңарбы, эй, бир нерсе көтөрө келдиңерби, Дайыр?
-Биз биринчи жолу келбедикпи, урушпачы эми,студентпиз го билесиң го...
-Тамаша апейдедим да, кыздардын бирөөсүн кухняга чакырдым.
-Тамак кылбасак болбойт го, Эля.
-Мен жайлайм, күрүч барбы үйдө?
-Бар, ооба, сабизге чыгып келейин мен анда деп оозумду жыя электе “жүрү, экөөбүз чыгып келели” деп Айбек турат дубалды таянып. Ошентип экөөбүз “народныйга” баратабыз. Сары, кызыл краскаланган камокту народный деп атачубуз.
-Алайга биринчи жолу баратасыңбы?
-Ммм, сенчи?
-Мен баргам, атамдын досунун үйүнө, тоолор менен курчалган жер, айрыкча азыр жайында сонун да. Баса, Айпери жайлоого да барасыңар деди го бизге, ошон үчүн чоооң эле грузовик сүйлөшсөкпү ..
-Ааа, да ты что?!
-Тамаша, грузовикти элестетсең. ..
-Эже, сабиз, нан, май... бериңизчи?
- Канча болду? Сок, торт да кошуп коюңуз, кандай шоколад жакшы көрөсүң?
-Жок эй, эже, өзүм төлөйм могу баладан албаңыз акча!
-Тим кой да, джентельмен турганда, -дейт сатуучу эже күлүп.
Жолдо баратып мен анын чөнтөгүнө акча салам, ал алып кайра мага салат ошентип отуруп үйгө жеттик.
Малика колумдан тортту алып “иий, анан кубалашып келип калдыңыр” деди. Сыягы, терезеден көргөн окшойт, Айбек акчаны албай качып жатканын. Биздин тамагыбыз да бышты, базардан кыздар да келип калышты. Саат 4тө чогулмай болдук, болжошкон жерге. Айбек, Дайыр менен кошо кыздар да кетишти. Биз жолго камына баштадык...

#3 07 February 2012 - 15:41
Ххх
-Айланасын тоолор курчаган... Менин айылым, менин айылым...
-Эй, шаңдуу ырлардан барбы, шаңдуу ырдайлычы?! Чыйырчык ашуусунда токтойлу, достор!
-Эхе-хей, укмуш жер го, сүрөткө түшөлү, жүр Бийке.
-Гүкү, маршруртканын артына бекер эле отуруппуз, көңүлүм азып барып араң өзүмө келдим. Бир аз көк чөпкө отура турайынчы.
-Элдин баары сүрөткө түшүп жатпайбы, кадрда биз жок болуп калабыз го.
-Сен бара бер, мен азыр.
Гүкү группалаштарга чуркап кетти. Жаратылыштын сулуулугу укмуш. Эс ала түштүм, кере-кере таза абадан жутуп өзүмө келдим да, жапжашыл шиберди аралап басып жөнөдүм. Мага боз үй кызык. Илгеркилер кышы-жайы боз үйдө жашап күн кечирип келишкен да деген ойлор менен баратып коңур үндөн чочуп кеттим. “Кел, кызым, үйгө кир”.
-Рахмат, мен жөн эле.
-Коноктоп баратасыңар го бир жакка?
-Ооба, студентпиз. Ар кимибиз ар жактанбыз да. Жердин сулуулугуна кызыгып, анан эстелик болсун деп сүрөткө түшүп жатышат досторум. Мен барайын, жакшы туруңуздар!
-Ок, ошол кантип болсун! Кыргызда кыя өтпөй, акты таштачу эмес. Чакыр, курдаштарыңды. Э, кемпир, куймак-кызың даярбы?!
-Экөөң элесиңерби, беркилерди да чакырбайсыңбы? !
Мен жалгыз келдим эле го деп чочуп артымды карасам арыраакта Айбек туруптур.
-Ассалоому алейкум, ата!
-Аллейкум ассалом, уулум, бу кыз тартынып турат, сен чакыра калчы шериктериңди!
-Азыр, азыр деп жүгүрүп кетти.
Аңгыча боз үйдөн бир аял чыкты. Учурашып ичине кирдим. Жакын адамындай жылуу кабыл алып, дасторкон жайып кирди. Ошентип, ойдо жок жерден бара турган жерибизге жетпей конок боло баштадык окшойт. Сары май омкоруп отурган элем биринчи эле Дайыр кирди.
-Оо, аяш. Курут-майың даярбы?-деп адатынча мага тийишип. Анын артынан чууруп кире башташты группалаштар. .. Курбум Назайым комузун да көтөрө түшкөн экен, дасторкон четинде ал ырдап, бизди жылуу тосуп алган ата менен апа небереси үчөө кубанып эле коштоп отуруп калышты.
-Туугандар, жетчү жерге эртерээк жетиш керек беле?! Шофердун да жини келе баштадыбы дейм. Кетпейлиби деген сөздөр чыкканда гана ордубуздан обдулуп бата кылып сыртка чыктык.
-Ммм, кимдир бирөөлөрдүн көңүлү кыраа болуп жатпады беле? Кызык, Айбек көтөрдүбү же кымызбы ыя? деп Марина өзүнүн репертуарында. Мен жооп бергиче эле Гүкү:
-Не болду, артка отургуң келип калдыбы? Балким, өзүң кымызга тоюп алып Бийкеге тиш кайрап баштабай элесиңби?
-Ооба, дайыма эле эгиз козунун эрте төрөлгөнүндөй болуп эле Бийкеге болушуп жүрөсүң да.
-Кыздар, койгула! Не кереги бар тирешкендин, биз деген шеринеге баратабыз, шеринеге дедим да чуркап жөнөдүм.
-Жетейин деп калдык, “Шеринени” ырдайбыз кана, кана!
Биздин маршруткадан ырдап түшкөнүбүздү эч ким деле баамдабай калды. Анткени группалашыбыз Айпери “салтты” бузбай Темирдин “оо, туулган жерин” коюп койгон экен. Шерине кызуусунда өтүүдө. Түн бир убак болгонго чейин тамак жеп, кайра сыртка чыкмай, бийлемей. Айперинин таякеси кызыктуу оюн уюштурбаса алка-шалка түшүп бийлей берип тамандар тешилмей болду эле. "Бир кыз, бир баладан алты пара чыгасыңар" дешти. Айлана жаштарга толуп кеткен. “Баланчанын небереси шаардан курсташтарын чакырыптыр” дегенди уккан айылдын балдары, жаш балдары келишип тегеректеп турушат. "Эми бешинчи пара чыксын" дегенде билектен бирөө тартып эле ортого чыгарды мени. Жок, мага тааныш эмес жигит. Айперинин классташы го дейин десем биз менен бирге дасторкондо деле отурган эмес болчу. Ошентип, мага жакпаган “жиндиче” оюн башталды. Жиндиче дегенимдин да себеби бар, кыз менен баланын башына шар коюп, бийлегиле деп дагы бир нерселерди айтып ойноттура бергендери көрүүчүгө кызык болгону менен оюнчунун өзүнө ыңгайсыздык жаратат да. Улам жеңилгендер чыгып отуруп төртөөбүз калдык. Марина менен Айбек, мен жана бейтааныш бала (тамада анын атын атаганы менен көңүл бурбагам). Кезектеги оюн. Гезиттин үстүндө бийлөө экен. Тиги жигит кулагыма шыбырап “Бийке, биз жеңишибиз керек, билем сизге ыңгайсыз, бирок баары бир жеңебиз” деди. “Мен бир бутум менен араң турам. Жакшысы, жеңилип беребиз” дедим мен. Камера көтөргөн бала бизди ары-бери чуркап тартып жүрөт ого бетер күлкүмдү келтирип. Ак көз, кара көздүн баары карап турганда уят болбой оюндан чыгып кетейин дегичекти шак көтөрүп алып бийлеп кирбеспи. Жинимдин келгенин айтпай эле койгула. Түшүр, рахмат, жеңдик дедим. Карап тургандар кол чаап калышты. Тигинин колунан бошонорум менен үйгө кирдим да, кеткичекти сыртка чыкпадым...
-Алайдан келгенден бери 2 жерге шеринеге бардык. Шайыр-шатман жүргөнүм менен, оюндарга, бийге чыкпай койгон адат таап алгам. Кышкы каникулга кетейин деген убак. Аңгыча телефон чырылдады.
-Адашып калдыңар, Диана жашабайт бул жерде!
-Токтосоң, кантип жашабайт, анда эмнеге ушул номерди берди?
-Мен кайдан билейин?! Жашабайт дебедимби тут-тут...
Телефонду көрүнгөнгө эле бере береби ушул кыз, түшүнбөдүм. Гүлза-аат, сен Диана деп эч ким менен таанышкан эмес белең?
-Жөнчү ай. Ким, мени сурадыбы? Гүлзат дедиби?
-Да-а, алло, чоң жигит, айтпадымбы, Диана деген жашабайт. Менин атымды не кыласың, жок, эжеси да, апасы да, сиңдиси да эмесмин десем кухняда отурган Гүлзат чуркап келди.
-Аты Куба эмес бекен сурадыңбы? Не деди? Гүлзат дедиби а?
-Ой, кокуй, баятан бери мен не деп жатам сенин чың атың Диана беле не? Экөөбүз тең каткырдык. Э, бир кулагы жок неме го. Кайра-кайра чалат нервди коротуп... Аңгыча чөнтөк телефонума Айбек чалды “домашкаңарга төшөк салып уктап калдыңар го, жанатан бери чалам”. “Эч ким сүйлөшпөй эле турат, линия бош” деп телефонду карасам трубка чала коюлуптур...
Эжемди күйөөгө узаттык. Жеңелер мага тийише башташты. Эмки кезек Бийкеде деп...

#4 06 April 2012 - 15:10
Жакты жакшы жазыптырсыз уланта берин
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#5 19 April 2012 - 17:14
Рахмат, мен кечирим сурайм, убагында улай албадым. Анткени кашайып сыр созумду унутуп калып арандан зорго эстедим.
#6 21 April 2012 - 15:39
Ххх
Ата-энеме эркелеп, үйдөн кетким келбей отуруп адатымчаокууга 3 күн өтүп бардым. Лекцияда отурабыз,Айбек улам телефонума чалат, арткы блогдо отуруп алып. Акыры өчүрүп койдум. Гүкү чыканагы менен нукуп СМС көрсөттү. “Бийке, жоолугуң көрүнбөйт го, неге, күйөө бала жоош окшойт, ээ? Сенименен сүйлөшчү сөздөр бар, коңгуроо болору менен менденкачпа” деген СМС экен. Дароо Гүкүнү карадым, “дагы адатыңды баштадыңбы, курулай эле күйөөгө тийгизе бересиңерби мени?”.
– Жинденбе, Марина чыгарыптыр андай сөздү. Өзүң да дайыма кеч келесиң, анан ага табыла бербей калбадыбы, сени күйөөгө берип. Мен да сендей эле кечигип келип сага, айтканга үлгүрбөй калдым.
-Блииин, анан сүйлөшөм аны менен. Сабак бүттү, группалаштар “чынбы?” депсурашат. “Аны Маринадан сурагыла”,- дедим, “агасына алып бериптир го мени”.
-Ха-ха-ха, сен келбегениңден күйөөгө кетти го деп ойлогом да.
-Ой, Марина, неге мынча? Эмикайта
ланса, баарыңар угуп алгыла, менден көрөсүңөр десем баары күлүп калышты. Айбек жок экен арасында. Ий, ушул бала да жинге тийди, эми аны кайдан табам деп аудиториядан чыктым. Телефонумду жандырсам, “скверге келе аласыңбы, Гүкүнү ээрчитпей эле кел” деген билдирүү келди. Аны окуган Гүкү каткырып “тимеле Гүкүнү ээрчитпей кел деп, сениби Айбек” деп калды. Скамейкада отурат, Айбек.
-Ии, жан жөөкөрлөрүң жок, жалгызсың го. Гүкү окуду, СМСти өлтүрөт сени эми!
-Кел, отур, келинчек! Ошондо менин кагазымды окубай бекер кылгансың, эгер окусаң мага болгон оюң өзгөрмөк,- деп бурк этти.
-Да ты что, анда эмне баягыэле сөздөр жазылган да, туурабы.
-Бийке, неге ала качыпкетишсе эле тийип аласың сен?
-Анан эмне кылайын, сен алатбелең?!
-Ооба!
Бырс күлүп жибердим. - Сенин көзүңдү май басып калыптыр, мени эмне кыласың, Марина жүрөт го күйпөлөктөп жаныңда. Бул бир. Мен күйөөгө тийген жокмун, бул эки. Азырынча турмушка чыга турганоюм жок, бул үч. Билесиң, мен көксөгөн тилегим орундалмайын жаным тынбаган жанмын, демек...
-Сенден башка эч кимгетурмуш чыкпайм бул төртпү, Бийке! Туурабы?! Уф, эми өзүмө келдим.
-Айбек, сөзүмдү бөлбө, сен экөөбүз группалашпыз, жакшы жигитсиң, кыйынсың, тыңсың... Анан ушу жаш балача сүйүү-пүйүү дебечи! Кел, жакшысы дос боюнча кала берели.
-Макул, макул! Мен бир нерсе дедимби деп жыргап алып Айбек колдон тартты, жүр шам-шум этели...
Ошентип, үйгө келдим. Телефон чырылдайт,алсам дагы кайдагы бир жашабаган Диананы сураган баягы үн.
-Жок, жашабайт. Сизге алдап номерди берип койсо керек, -дедим.
-Анда Бийке барбы? Чакырып коесузбу, кичи пейилдикке.
-Бийке? Жок, ал да жашабайт,кечиресиз.
-Кечирбейм, Бийке сенсиң да. Курбуң экөөң телефондун трубкасын койбой эле мени жамандап таштаганыңар эсиңердеби?
-Эсимде жок. А сиз эмнеге тыңшайсыз?
-Менби, кызык болду да....
Айтор, мына ушундай диалогуланды. Маанайым жакшы окшойт ошондо, көп сүйлөп жибергем. Кийин ал күнүгө чалчу адат таап алды, албай кутулам, же телефон чырдегенде кыздарга алдыртып “ал жашабайт” деп айттырам. 14-февраль. Айбектинтуулган күнү экен. Барышыбыз керек, группалашыбыз да. Эмигруппалаштар аз келгенсип анын классташтары, классташтарынын достору болуп чоң той берип жаткандай. Кафеде отурабыз, зериктим чынында.Улам бири тост сүйлөп, экинчиси сөз алып, бийлеп, айтор, кимгедир кызык өтүүдө. Берчү белекти берели деп кыздарбелегибизди тапшырдык. “Айбек, биз баралы” десек таптакыр, көнбөйт көгөрүп. Айла жок отуруп калдык, жаныбыздагы классташыбыбилбейм, бирөө тамеки тартып киргениненсыртка чыктым.
-Тамекинин түтүнүнөн качып чыктың го, чоң кыз?
-Ии.
-Дагы деле ыр-бийден качканадатың кала элекпи? деген суроо мени анын жүзүн үңүлө караганга түрттү.
-Стоп-стоп, үн тааныш, жүз тааныш эмес.
-Жүзүмдү деле тааныйсың. Жер тегерек! Менушул сөздү ким айтса да рахмат айтам,туптуура жер топтомолок!
- Демек, Диана деп чала берген, Ромеосуң!
-Дал өзү. Анан Айбектин классташынынбөлөсү, Алайга шеринеге барганда Бийке менен бийлеген жигиттиндал өзүмүн.
- Кеп бул жакта де. ОшентипАзат мени менен таанышты. Күндөр өтө берди. Азат кээде чалып абалымды сурачу болду, ментаптакыр чалбайм, СМС жазса Гүкүнүн урушу менен араң жооп берем, бирок кыска. Ал эми Айбек доспуз, доспуз депалып курулай кызганып, кимдендир коруп жүрөт дайыма. Китепканага жөнөдүм. Күнүнө бир сом төлөп кирчүбүз, ал жерге. Чет тилдер бөлүмүнө барып издеген китебимдитаап барып отурдум, окудум, жаздым. Акыры көздү аяп, кетмей болдум. Баса, унутуп кала жаздаган экем, юридикалыккитепти ташырышым керек эле, ошол бөлүмгө баш бактым. Китепти тапшырып паспортумду алып сыртты көздөй бет алдым, сыртка чыгарымменен телефон чырылдайт. Албай туруп сездим, Азат экенин.
-Шыпылдап шашып түшүп кеттиң, токто, сени көрдүм.
Ушунун жер тегереги күйгүзөт да. Азат өзү тууралуу аз айтат да, мен жөнүндө билгиси келе берет. Мен ачылгым келбейт ага. Узатыпкоеюн деген сунушун четке кактым, өзүм жолду билем деп. Маршруткага күтүп отурам, ал да отурат кетпей. Сен бара бер, өзүм кетем дегениме көнбөйт. Ошентип сен кет, мен кетболуп отуруп үйгө жетейин деп калдык. Мен үйгө жеттим, сен бара бер депбашка эле домго кирип кеттим. Мына сага кетпей турат да. Улам шыкалап коем,кетпей турат. Бир убакта Гүкүгө чалдым, “Азат кетпей жатат,эмне кылам?” деп. Ал болсо “кир, үйгө кеч кирди” дейт.
-Ошо үйдө болсом жакшы болбойт беле,алдап башка домго кирип кетип эми отурам подъезде, бир айласын тапчы. Бир убактаАзаттын телефону чырылдаганы угулду, сүйлөшүп ары басты окшойт. Гүкү чалды:
- Жан талашып чыга калбайтуруп тур, дагы беш мүнөт, аның күлүп сүйлөп жатат, биздин адрести билет окшойт шүмшүк. Мен барам экөөбүз чогуу келебиз, кайсы домдосуң айт!
Ошентип, жалган айтып,Азатты адаштырам деп жарым саат башка домдо отурганга туура келди. Чык, бас, эчким жок деп Гүкү күлгөндө чыктым. Үйгө барсам, СМС келди “домдон адашкан жоксуңбу, чоң кыз” деген.
-Айттым го, мунуң шүмшүк, сенин артыңдан аңдып жүрсө керек. Сен аны алдайм дейсиң, эх,-деп адатынча досум калды сүйлөнүп.
-Болду, ушуну менен жок кылыш керек, аны. Окуу жана окуу деп сүйлөнүп калдым...

#10 01 May 2012 - 15:11
Ушул чыгарма учун кирген элем суперге, дагы эле жазбаптыр((((((((((
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#11 03 May 2012 - 13:29
Ххх
Кубанычымда чек жок. Анткени достор, мен Москвага окууга жөнөп жатам. Көктөн тилегеним жерден табылып, даярдаган документтерим туура чыгыптыр. Окутуучум чакырып баарын түшүндүрдү. Ата-энем “бир гана окууну ойло, курсагың ток жүрсүн дайым” ушул сыяктуу сөздөрдү айтып калышты. Туура эки жумадан соң жолго камынам. Эч ким билбей эле койсун дедим, бирок түтпөдүм көрүнөт, курбума шыбырып койдум. Ал бир сыйра таарынып “бир жолу келгениңде айтсаң болмок” деп тултуңдап барып жазылды. Универге келсем, үймөлөктүшп дубал тактаны карап турушуптур, биздин курсташтар. Түз эле аудиторияга кирип кеттим. “Куттуктайм, сен өткөн турбайсыңбы, эми билимиңди Россияда улайт экенсиң да “ деди бир группалашым. Ошондо гана дубал гезитке жазылып турганымды билдим. “Ай, агай, ай айтпай эле коюнузчу” дегениме баары бир көнбөпсүз деп сүйлөндүм. Эми жетпеген жерге жетет тура бул сөз.
Таңкы саат 9да учушум керек деп будильникти саат 5:30га коюп жаттым. Уйку соонун ортосунда жатам, таң атып калса керек. Бир убакта телефонум ырдап баштады.Басып койдум, дагы чырылдайт. Анан эсиме түштү, бул будилниктеги ыр эмесг о... СМС келди. Таң атпай ким? Ушул суроо менен туруп телефонду карадым. Кайсы агент 007 жеткирди буга, менин кетеримди деп жинденип ачтым. Пустой СМС Азаттан. А байкуш адашып кетирип алган го, кийине баштадым. Аңгыча атам чалды, “кызым турдубу, биз сыртта турабыз, чыга кал” дейт.
Аэропорт. Майдын башталышы болгондуктан, жеңил кийингем, бир аз үшүп турдум. Суук, жылуураак эле кийинип албапсың” деп апам күйпөлөктөп жүрөт. “Эрте келип алыптырбыз, эх, таттуу уйкум” деп иним менин жиниме тийип баштады. - Чын эле суук го күн, костюмум сумкамдын түбүнө салдым эле... Аңгыча апам “машинада Миранын калың кофтасы бар эле, ошону кийип алсаң кантет” деген сунушту киргизди. Ой апа, алтын адамсыз дедим да ключту алган боюнча чуркадым сыртка. Сыртта салкын жер согуп, чачым бетимди жаап калды, ага деле карабай басып баратам. Ой басып баратып артымдан келаткан адамды деле байкабасам керек. Машинага мына жетерде оозумду жаап, кучактап калды карылуу бирөө. Бакырганга, ойлонго алым келбеди, шок абалдамын. Иним дейин десем ал түк минтип тамашалабайт. Ким? Айбек? Группалаштарбы, балким? Коркконумдан көзүмдү катуу жумуп алдым, жулкулдатууга алым да жок, бутум менен тыбырчылай баштадым. Көз ирмемге келбей далысына көтөрүп жөнөдү, көзүмдү ачсам кепкасы көрүнөт, тепкилеп колун тиштегилеп паникадамын. Кантип эч ким көрбөй калсын, бирөө жарым бар бекен? Эми кантем? Бир убакта жерге койду, кара машинанын эшиги ачылганын көрүп ого бетер жүрөгүм жарылды. Машинанын артына отургузганда гана оозума чылды.
-Акмак! Азат сенби? Мен сага кой эмесмин уктуңбу? Азыр кое бер, ажалыңдан мурун о дүйнөгө кетелекте!
-Ооба, мен! О дүйнөгө мага эрте, туурабы, Марат?!
-Коркок! Алсыз эркек гана ушундай жолго барат, ач эшикти, Маратсыңбы, Азатсыңбы, мага баары бир!
-Жинденбечи, Бийке. Сен маг ане айтпай кетип жатасың? Мен сага жамандык каалайт белем?! Неге үндөбөдүң?
-Сүйлөбө, мен ар кимге отчет бергидей сен кимсиң мага, кечигип жатам, ач!
-Кечигиш эмне болуп калыптыр, кеттик үйгө! Россияда окуп кыйратпай эле койчу, кара көзүм.
-Азат, жакшысы эшикти ач,болбосо.. .
-Билем, ата-энеңдер капа болуп барып кайра кызынын бактысын ойлоп туура түшүнөт мени, ошон үчүн биздин үйгө барабыз азыр! Ак көйнөк кийбей калат экем аттиң деп армандабай тур, ал күн да жакын, жаным!
-Менин жарым саат убактым бар, кое бер, өзүң тойлой бер!
Баятан бери мыйыгынан күлүп сөзүбүздү бөлбөй мышыкчасынан отурган бала сөзгө аралашты.
-О, аяш, кыздын барар жери күйөө! Кыз назданбаса болбой калбайбы, Азат! Балдарга чалсам укканы шок болуп жатат го, уйкудан көздү ачалбай жатканда кайдагы той дешип!
-Күлкүмдү кыстабачы, сен эле калдың эле, сага эмне жок, бар түш!
-Кой, антип катуу кетпе,аяшка!
Дагы сүйлөйүн дейин дегенде Азат токтотту аны.
-Чын, сен түшүп тур, биз экөөбүз сүйлөшүп алалы.
-Бактылуу болгула! деп анысы түштү.
-Бийке, мени туура түшүн, окусаң окуй бер каршы эмесмин, менин кулагымды ата-энем бир жылдан бери койбойт, качан келиндүү кыласың деп. Быйыл күздө, сөзсүз. Сүйлөшкөн кызым бар дегем...
-Сүйлөшкөн кызың болсо үйлөнө бер, Азат. Разве биз кыз-жигит белек э? Кана айтчы, сени канча жолу көрдүм? Мен сага бир жолу жакшы сөз айттымбы, повод бердимби, албетте, жок! Андыктан башымды оорутпа, ач эшикти мен кечигип жатам.
-Мен сага түшүндүрсөм, таптакыр сөзгө келгидей эмессиң дегенде менде чочулоо пайда болду чынында.
- Кел, экөөбүз мындай сүйлөшөлү, мен окууга кетем, а сен...
-Алдабачы, сага мындай жарашпайт, сен алдай албайсың!
-Азыр үйүңө апарганың менен мен эмес, өзүң уят болосуң! Баары бир отурбайм! Ишенип кой, алдыма асманды ташта, отурбайм!
-Ошондон коркуп жатам, бирок отурасың эле, ата-энемди көрсөң алардын кызы жок, сени...
-Жок дедимби жок, кечиктим,20 мүнөт өттү мени издеп жатышат, суранам, кое берчи мени!
Көзүм жашылдана түшкөнүнөн түтпөй кеттиби же билбейм Азат кепке келди.
-Анда мен да артыңдан барам, бир айдан кийин, сүйлөштүк, качмай жок, барарың менен телефонуңду бересиң мага, ок!
-Оа, оа!
Эшикти ачты, партменинен акча сууруп чыгып келатканда, терс бурула бердим.
-Токто, Бийке! Кадамымды катуулатып барып чуркадым, артымдан чуркап келип дагы так көтөрүп алды.
-Кое бер, дейм. Көргүм жок сени! Азыр өчүмдү алам сенден! Мейли самолет учмактан учсун,калсам калдым, сенден өчүмдү алам. – Папа, Эрик, папааа!..

#13 04 May 2012 - 00:01
Канаакей коп коптон жазынчы.....
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#14 04 May 2012 - 00:40
Чындыгында кызык экен.Уландысы качан?????
Адамга адам кымбат болуш керек....
#16 26 May 2012 - 11:54
Студенттик курак ,эн сонун убак.
Эх чиркин,сабак конулду бузат,
ар куну вечир,калп айтсам кечир. Эх студенттик кундор сонун отуп жатат гоо чиркин! быйыл биз коштошобуз студенттик кундор менен.

#19 26 May 2012 - 21:30
#20 01 June 2012 - 22:40
Авторду ала качып кеткен го аэропорттон,
озунун башынан откон окуяны жазса керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео